Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки

Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.

Озум коруп кубо болгон бир окуяны баяндап бергим келип турат. Иштен кайтып келаткам. Кочодо кошуналарымдын балдары ойноп жатышкан экен. Алды бешке, кичуулору уч-тортко жаны эле чыккан наристелер. Тойпондошуп деле татынакай болуп ойноп атышат. Бала кыял болгон учунбу, айтор алардын оюнун карап бир аз олтуруп калдым. Бала тили бал экени баарыга белгилуу го. Наристелердин таттуу чулдур создоруно эрксизден кулак салдым. Угуп турсам озбекче суйлоп атышат! Озбек телеси  ар куну корсотуп аткан корея теле сериалындагы каармандарды туурап атышыптыр. Балага  не, козу коруп конулуно жакканын жасай берет. Ошон учунбу анда ага анча деле конул бурган эмесмин. Кийинчерээк менин балдарым кантип атышты экен бул жаатта деп байкаштырып корсом, аларым деле озбек кыргызчаны тенме тен эле суйлоп калышыптыр. Тан калса да болот, тан калбаса да болот дечи буга. Айрыкча биздин туштукто, озбек эли менен аралаш жашайбыз. Жакшылык жамандыкта чогуу болобуз. Алака мамиле кылабыз алар менен. Куда соок болгондор бар дегендей. Тан калтырчу бир нерсе бар. Озбек балдар кыргызча анча эле так суйлой алышпайт. А биздин балдар озбекче акценти жок суйлойт экен! Корсо кундо озбек тилиндеги кызыктуу кинолорду, теле беруулорду корушуп озбек тили акырындап кулакка сине берет экен. Анан эмне кылышат, кыргызча балдар учун он минуттук рабаяттан башка жарытылуу  эч нерсе бербесе. Бул улуттук телевидениенин кечирилгис куноосу десе болот! Качан койсон саясат саясат. Балага саясатындын кызыгы барбы. Качан корсон эки уч саясатчы саймедирап отурганы отурган столду тегеректеп алышып. Жэ жарытып чечкен эч нерсеси жок анан эле кундо саясат. Ушинтип отуруп эне тил мейкиндигин башка тилдерге бастырып жибериптир КТР. Эми гезиттер кудайга шугур эне тилибизде чыгып атат. Алар колунан келишинче тил жаатында коп эле иштерди жасап атышат. Бирок гезит окуйбу наристе? Азыркы мезгилде китеп окуу да азайып калды. Ага заманбап маалымат булактары радио, тв, интернет дегендерден маалымат кабар алуунун онойлугу женилдиги таасир кылууда. Болбосо балдар учун аябай жакшы кызыктуу китептерди чыгарса болоор эле. Ушундай болгон сон КТР эне тилде балдарга арналган корсоотуулордун санын тез арада кобойтпосо кыргыз тилдин келечеги ото оор болуп турат. Бул кечиктирилгис  негизги багыты болушу керек улуттук Твнын. Олкодо идеологиялык экспансия журуп атканын атка минерлер тушунууго мезгил жетти! Кытыай терезесин корсотуу менен кытайды даназалоо, озбек тв каналдары озбекти даназалап, орусча твлар албетте орусту мактап атса, КТРда кыргызча беруулорго 20 пайыз убакыт берилип берилбей атса. Улуттук идеология анан кантип баш которо алат. Кантип онугот. Бугунку кундо башка улуттардын идеологиясына сугарылган балага, эртен мин жолу кыргыз жакшы деген менен майнап чыкпайт. Жашынан кулагына синген козу коргон нерселер идеалар гана жакшы болот ага. Бул албетте менин жеке пикирим. Ой пикирлер коментарийлер болсо жазып койсонуздар жакшы болот эле.

Мен-кыргызмын

Мен-кыргызмын, ошонума мактанам,
"Эмне?..." десе "жон эле..."деп актанам.
Момундугум, айколдугум жактырып,
Тенир Озу коргоп, бизди сактаган.
 
Байыркымын жана дагы жапжашмын,
Бабалардан калган тилек, максатмын.
Бата менен байыртадан когоруп,
Баатырларды канча жоого атказдым!
 
Кыргыз изин тапса болот капкайдан,
Кытайдан да, же тээ Саян, Алтайдан.
"Саймалуу таш" сайрап турат тили жок,
Кыргыз жолун, эл тарыхын кашкайган.
 
Учурунда жылдыз болуп жанганмын,
Узун элдин учуна да барганмын.
Кырылышып, душманды бут талкалап,
Кыска элдин кыйрында дан салганмын.
 
Тукум курут кылам деген коп чыккан,
Тууганымдан, озоктон да орт чыккан,
Бир туугандар бир-бирине кол салып,
Нечен ирет баш айрылып, коз чыккан.
 
Тунулушту, тугонсом да тутодум,
Турткон сайын, чапкан сайын кучодум.
Коз жетпеген мейкиндерде тоолордо,
Калды соогум, кылыч, найзам, тупогум.
 
Кабарын бар, Култегинден, Барсбектен,
Эркиндик деп нечен эрден баш кеткен.
Журт болгуча жыйып элди курама,
Жоо бетинде нечен шерлер жаш кеткен.
 
Эстегенде муун-жуунум зыркырап,
Эчен жерде Балбан болуп буркурап,
Элестери шейит кеткен эрлердин
Эл деп дале, тилейт бизге ынтымак.
 
Мезгил менен дарт айыгып, жуулуп,
Мекеним деп улам кайра туулуп.
Ала-Тоодо кенен жайып олтурам,
Ак боз уйдун керегесин, уугун
 
Ар буюму тегин эмес негедир
Башка элде жаралбаган деле бир
Ак калпагым, кемер куру кыргыздын
Ак боз уйу эмне деген шедевр.
 
Бир мыгы жок, жыгач, кок чий кийизден,
Боз уй баркын элим жакшы билишкен.
Бир жак чети"жердин тубу Желпиниш..."
Бабаларым бардык жерде тигишкен.
 
Боз уйуно сыйган аалам, жылдыз да,
Бар мунозу башкаларга бир нуска,
Элди болгон, жерди болгон чек ара
Болгон эмес боз уй менен кыргызда.
 
Кыргыз жашап табияттын койнунда,
Копко конуп олтурбаган ордунда.
Ала-Тоону мекендеген ак боз уй,
Кочкон нечен талаа-туздо, ойдунда.
 
Ал кундор бут айланышкан жомокко
Акыркысын сыйга тарткан конокко,
Ала-Тоодой пейли баарын танданткан,
Айколдугун,элим, асты жоготпо!
 
Кураманы жыйып, курап журт кылган.
Кураманы таптап-баптап куш кылган.
Улуу МАНАС куруп берип улуу журт,
Урпактарын ушул кунго туш кылган.
 
 
 
Уландысы бар
 
 
 
 
 
Жедигер Саалай Ыбырайым уулу
 
 
 
 
 
 
 

Метки: Кыргызстаным ыйлаба, сен биздин Энебизсин., Кыргыз тили -кылым карытып, таш устуно тамга баскан тил., Эмне учун нукура кыргыз тилинде

Zamirbek Dosmatov, 05-02-2011 06:47 (ссылка)

КЫРГЫЗ тилин онуктуруу учун ымыркай жаштардан башташ керек

КЫРГЫЗ тилин онуктуруу учун ымыркай жаштардан башташ керек. Жаштар учун адабият жетишпейт, балама жомок окуп берейн десем кыргызча жок. Ар бир адам озунон башташ керек. Мисалы мен Кореада иштешим учун корейче билишим керек эмнеге 30 жыл 50 жыл Кыргызстанда жашап алар кыргызча билиш бейт. Себеби муктаждык жок алтернатива озубуз беребиз орусча суйлойбуз кыргызстанда туруп.

Ата Журт

Ичтен сызып,тымызын жашын тамып,
Алыстабыз жетпей сага Ата Журт.
Мейли алыс,мейли колум жетпесин,
Сен жүрөктө,сен сезимде Ата Журт.

     Бүгүн жазам,бүгүн ырдайм сен үчүн,
     Ыйык мага жалгыз сенсин Ата Журт.
     Ооба билем,ооба сезем жашырбайм,
     Эмгек сага синирбедим Ата Журт.

Баркын билбей,жүргөн экем байкасам,
Кен Ала тоо кучагында Ата Журт.
Бүгүн сезем,бүгүн сыздайм жашырбайм,
Сен деп ырдап,сен деп кана Ата Журт.

Убакыт келди!

Котор Кыргыз башынды!
Мункуробо....
Бекем болгун
Таш сындуу!
Тупкулуусун! Унутпагын
Кылымдар ашкан жашынды.....
Кыргыз деп соккон
Журоктор кана? Барсынбы?
Убакыт келди!
Замандан алгын алчунду!
Европанын таштандысы
Каныбызга синип бара жатканда
Котор Кыргыз, бийик котор башынды......
Жоготпостон оз улутун, нарк-насилин
Ата-бабан канын токкон сен учун.....
Ойгон Кыргыз, оз жашооно баам сал
АТА-ЖУРТУН кайсы кундо мына бугун?
Ботон элден аралашкан салт-санааны
Тазалагын!
Сен,мен,ал..биз учообуз бириксек
Мына ушул-
Улут кайра жаралганы...

Кыргызымдын сонундары жана "сонундары"

Жан-жаныбарды жыргаткан,
Жайлоосу сонун кыргыздын.
Боло элек жатып чырдаткан,
Нааразы сөздү ырбаткан,
Шайлоосу ”сонун” кыргыздын.

Калпакты баштан түшүргөн
Аскасы сонун кыргыздын.
Бийиликте жүрсө бир башка,
Бийликтен түшсө ”ыр” башка,
Чиновник кийген бетине,
Маскасы ”сонун” кыргыздын.

Көк челген кыргыз тоолордун
Чокусу сонун кыргыздын.
ЖОЖго кирсе пара алган,
Семестр сайын дагы алган,
Диплому мазмунсуз,
Окуусу ”сонун” кыргыздын.

Дубанды бузган жарышта,
Аттары сонун кыргыздын.
Аралашма пиджин тил,
Кыргыз эмес, ”киргиз” тил,
Кайсы тилде белгисиз,
Каттары ”сонун” кыргыздын.

Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек,
Көлдөрү сонун кыргыздын.
Ажалы али жетпестен,
Же оору алып кетпестен,
Бирин-бири атышып,
Өлгөнү ”сонун” кыргыздын.

Акактай болуп таңынын
Атканы сонун кыргыздын.
Кыздары болсо денесин,
Уулдары энесин,
Чоңдору болсо өз жерин
Сатканы ”сонун” кыргыздын.

Көгөрүп көздү уялткан
Асманы сонун кыргыздын.
”Көчкүлө!..”-десе бөтөндөр,
Түшө калып ”көтөндөр”,
Өз жерин таштап сүрүлүп,
Качканы ”сонун” кыргыздын.

Эне тили бара-бара унутулуп калабы???

Салам!!! 
Мен биринчиден "Эне тилим, эне сутум-Кыргыз тилим эч унутулбайт " деген шериктештиктин катышуучуларына
ыраазылык билдирем. 
 
 
"Улут болсон, тилин менен улутсун"   деп бекеринен айтылган эмес болсо керек.
Байкасаныздар,  азыркы цивилизациянын  онугушуу менен эмнегедир "Кыргыз тили" онукпой жатат.
Маселен, Кыргызстан  озунчо эгемендуу мамлекет  а бирок, учурдагы кыргыз тили абдан эле жарды.
 Мамлекеттуулугу жок уйгурлар, цыгандар, курттор  жана башка улут тилин эч качан сатпайт, саткан да эмес.  
Ошондой эле турк тилдеринин катарына кирген бир канча улуттар озбек эли,
казак эли, дагы коптогон улуттардын окулдору  тилдерин эч качан бурмалабайт.   А  кой оозунан чоп албаган, момун кыргыздар болсо нукура
тилде суйлогондон уялышат.  
"Башка тилди жандай жакшы корсом да, эне тилин суйгондон мен жанылбайм" деп Алыкул Осмонов эне тилин даназаласа, азыркы муун анте албайт.  Анда  Эне тили бара-бара унутулуп калабы???  Кыргыз тилин кантип сактап калабыз???

Канткенде тилибиз унутулбайт, качан кыргыз тили онугот. Эгерде сиз кыргыз тилинин жок болуп,
унутулуп кетишине кайдыгер карабасаныз, пикиринизди жазып коюнуз....  
 



А А, 19-07-2009 17:10 (ссылка)

Эй манкурт!

Эй манкурт! Эне тилин унуткан....
Ойлон...ойгон! чыгып калба эл-журттан....
Кылымдардан келе жаткан эне тилди
Жарды дедин...эски дедин...мыйыгындан кулосун
Билсен эгер,тилге кошо
Оз эненди жээрип журосун!
Манасчылар жумалап
Акындары кундоп-тундоп
Ырын айткан эне тил
Жардыбы?
Кылымдардан жоголбой келаткан тил
Ушул кунго чейин жашап келген тил
Жардыбы?
Жок,билгин! Кемтиги жок эне тилдин!
Сен жардысын,жандуйнон сенин жарды!
Эне тилим чалкыган кен,
Карыткан кылымдарды!
Паспортунда кыргыз деп жазылуубу?
Журогун кыргыз деп сокпогон сон
Очуруп сал паспорттогу
Кыргыз деген жазууну!

Мен Кыргызмын. Корком тасма.

Сыймыктанам сени менен элимдин жети дубаны !!!


Мен быйыл алыстамын Кыргызымдан,коп болду ууртабадым кымызындан.
Сагындым салып ийчи жакындарым,
тоодогу жашыл арча бах! жытындан.

Сулайман Тоо, Ошоумдун ордосунда,
элим жашайт Пайгамбарым колдоосун да.
Сыйынып быйыл сага баралбадым,
бата берчи кербендердин жолдоосун да.

Жала-Абад жаштарына жайнаган,
жангак багы берекесин байлаган.
Жаш кунумдун бир узумун жонотчу,
ала келсин булбул кушун сайраган.

Баркы бийик , Баткенимдин оргу,
айгул гулу ааламдын бир болугу.
Барсан досум жула келчи бир узум,
кызыл орук толтурсунчу конулду.

Атагы чыгып даалайлар тушкон талашка,
Парижинди тенебеймин  Таласка.
Озундой Айкол намысты бекм кармаган,
кучундон бер деп айтамын атам Манаска.

Нарынымдын калкып жаткан дайрасы,
коралбастын сокур болсун айласы.
Бир кашык суу жибере кор булуттан,
мен ичкенде айыгат куса жарасы.

Кызылчасы кымбат турат Чуйумдун,
кызыл тоодой бышканын кор дуйумдун.
Ак кантындан сала келчи жердешим,
татсам деймин сагынычын уйумдун.

Туйо келчи бир ууч тоо кумунан,
жыттайын канып-канып моокумуман.
Айланайын Ата-Журтум белек кылчы,
мемиреген Ысык-Колдун шоокумунан.

Сатвалдиева. Музфира. Мамытовна. автор: Москва.18. 06 12.









Эне тилин унуткандар !!!

Эне тилин унуткандар
Чырылдаган иштин да чатышы бар,
чындыктын да чыгышы,батышы бар,
чытырмандын кудайы пил эле эмес
чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы баштаган башаты бар,
саяпкердин сактаган такасы бар,
ӨрӨӨндӨгу кенедей ӨзӨндун да
Өз тилинде чардаган бакасы бар

Кыргызмын дейсин мага
кыйшактап бийлеп туруп,
кыргызмын дейсин мага
тамекиндин тутунун уйлӨп туруп,
Кыргызмын дейсин мага
кыргызча аран суйлӨп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар
кылым кезген тарыхын унуткандар
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
каада-салтын кыргыздын унуткандар

Тил жоголбойт,
жоголсо,жоголот дил,
уулун дагы,
кызын да
жоголот бил!!!
Тил жоголбойт,
жоголсо айланасын
колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!!
Ысыгына,
суугуна тонбогондор,
ырысын жеп ыр-куунду кордогондор,
кыргыз эмес кыргызды тӨрткӨ бӨлуп
кылтындашып тулкудӨй жойлогондор!!!

Тил жоголбойт!
жоголсо,жоголот дил
тукумун да,
туурун да
жоголот бил!!
Тил жоголбойт ,
жоголсо айланасын
колу-бутсуз мунжуга тоголок бир........

Ким эле кыргыз, ким болду?!.

Ааламдардын Эгеси,
Мактоолор болсун Аллага,
Өмүргө мени жаратып,
Өнөрдү берди ал мага.
Оймок ооз, ийне тил,
Ыр коозун терип саймага.
Баатырлар өткөн акындан,
Баш ийбей манап, байга да.
Атылган октой сөзү үчүн,
Асылып кеткен даргага.
Камчысы кандуу хандарга,
Какшык сөз айткан каймана.
Бабалар баскан жол менен,
Баратам ээрчип жай гана.
Бурулбай байлык, мансаптай,
Булганыч аккан дайрага,
Калкыма тийсин көмөгүм.
Калк көргөн күндү көрөмүн,
Кайылмын кара жармага.

Акындык таза дил менен,
"Айтсын"-деп кызыл тил берген.
Ок жетпес жерге сөз жетет,
Ойлосом чыны тил- мерген.
Жебедей таамай кадалып,
Жеңилбес эрди тил жеңген.
Акыйкат айткан сөз үчүн,
Акынга болбойт жинденген.
Баа жеткис кеңеш калтырган,
Бабаларыбыз бир келген.
Баш кесет, бирок тил кеспейт,
Деген сөз калган кимдерден?
Бабанын сөзүн ким чанса,
"Маңкурт"-деп элим чин берген.

Таба албай туура бир жолду,
Тамтаңдап бастык миң жолду.
Баа жеткис баба мурастын,
Баарына салып кир колду.
Төрүндө бийлик талашып,
Төңкөрүш менен дүң болду.
Тайманбай чыккан кыйындар,
Тапанча тийип тим болду.
Калкым деген азайып,
Алкым деген миң болду.
Журтум деген азайып,
Кулкун деген миң болду.
Элим деген азайып,
Жемим деген миң болду.
"Манасын гана мактаган,
Мамлекетпи же индомбу"?
Деген, какшыгын угуп бирөөнүн,
Кайгырып көөнүм кир болду.
Кичине айтып өтөйүн,
Ким эле кыргыз, ким болду?!.

Төрүнө малың жайлаган,
Төрт түлүк семиз бактырып.
Ак боз үй тигип жанына,
Аттарга мамы кактырып,
Жолоочу өтсө жол менен,
Жоргочон жигит чаптырып.
Коюн союп коноктоп,
Кооздолгон үйгө жаткырып.
Аттанчу конок эртеси,
Ал үйгө тилеп жакшылык.
Ал азыр бизге мындай иш,
Аябай чоочун, жат кылык.
Далдаалап үйүн бекитип,
Дарбаза курат айланып.
Кол-бутун жутуп ийчүдөй,
Короодо дөбөт байланып.
Терезе, эшик ичинен,
Темир тор менен кармалып.
Кирген, чыккан кишинин,
Кийимине карап жайгарып.
Кайран кыргыз пейили,
Кай жакка кетти айдалып?

Карынын суусар тебетей,
Капталдан желге үлпүлдөп,
Санжыра айтса балдарга,
Санаты бүтпөй күн-түндөп.
Чаңкаса суусун кандырып,
Чаначта кымыз күрпүлдөп.
Тарыхтан айткан жаштарга,
Так билип, айта жүрсүн-деп,
Кылгырган угуп көз жашым,
Кытайга качкан үркүн-деп.
Көп уккан үчүн карыны,
Көкүрөгүмдө мүлкүм көп.
Ал азыр жаштар тыңсынып,
"Колхоз"-деп айтат карысын.
Унутуп элдик кааданы,
Улууга салып далысын.
Көйрөндөр көңдөй көкүрөк,
Көйнөктүн тап дейт жаңысын.
Баарысын жасайт ата-эне,
Бакыттай көрүп анысын,
Ойлобойт көбү эркелик,
Оң жолдон буруп салышын.
Аксакалдардан жок эмес,
Алпарбай дүкөн карызын.
Сакалдан арак чуурутуп,
Сактабай арын, намысын.
Кемпирин сабап үйүндө,
Келинге болуп абысын.
Балит сөз айтып олтурса,
Батасы кайдан жарысын,
Жоругу мындай кишинин,
Жолдойбу жаштар багытын?..

"Кырк чачы улуу кыздын"-деп,
Кымбат бул макал жакшы ырдан,
Кыз - деген назик, кызыл гүл,
Кырк үйдөн көрүп бактырган.
Ай нуруна чагылтып,
Ак бермет, шуру тактырган.
Көчкөндө аттын жакшысын,
Көркөмдөп жабуу жаптырган.
Саймалуу жоолук, такыя,
Салтанат менен бастырган.
Ак куудай келбет кылыгы,
Ак карлуу кышты жаз кылган.
Ал тургай сүрдүү хан Жантай,
Алсырап Мөөрдү жактырган.
Өткөн сон мезгил шамалдай,
Өзгөрдү кыздар таптаза.
Кумсарып өңү саргайган,
Куйгансып шорпо чачка да,
Бетине үйлөп түтүндү,
Беркиден жутуп аз гана,
Айбан да кылаар иш эмес,
Абийирин сатып акчага,
Кыргыздар үчүн бул адат,
Кылымда болбос, маскара.
Таяктын эки жагы бар,
Тартиптүү кыздар дагы бар,
Ыймандуу кыздар бар үчүн,
Ырыстуу элдин багы бар.
Бузулган жагын айтайын,
Бугум бар ичте жарылаар.
Качырат алар кутуңу,
Капканга түртөт бутуңу.
Ай өтпөй бойдон алдырат,
Азап ко, кыргыз тукуму.
Жазыксыз кайран наристе,
Жашоого болбойт укугу.
Топтошуп бийлик талашпай,
Токтотсок кантет ушуну?..

Эр жигит элдин четинде,
Эңишкен жоонун бетинде.
Аталар айткан бул макал,
Ар кимдин бардыр эсинде.
Далилдеп өткөн Чолпонбай,
Дзотту тоскон кезинде.
"Ордоңду душман басканча,
Ойгонбой үйдө жатканча,
Оронгон артык кепинге".
Ушундай баатыр сөздөрдү,
Улуулар куйган сезимге,
Тепсетпей баба арбагын,
Талатпай жоого мал-жанын.
Жесир таштап алганын,
Жетим таштап балдарын,
Уудан да ачуу намысты,
Учуна байлап найзанын.
Мекени үчүн кылычтын,
Мизине коюп кан-жанын.
Сыздаган бирок сынбаган,
Сыноосун тартып Алланын.
А бүгүн, үлбүрөп араң биликтер,
Үзүлгөн турат үмүттөр.
Алптардын жолун улантчу,
Азайып калды жигиттер.
Төрт туяк турчу такалуу,
Төгүлгөн этке күлүктөр.
Таш болуп булчуң тырышкан,
Тамтык жок кулак бырышкан.
Маңдайы тердеп иш кылбай,
Манжасын аяп турушкан.
Жетөө тегиз аттанып,
Жоо чаап келчү баштанып,
Жортуулга түндөп чыгышкан.
Сугалак иттей сук артат,
Сумканын көрсө домпогун.
Тыгылып маршрут ичинде,
Тытмалап элдин чөнтөгүн.
Кой десең баары жабылып,
Койгулап жатса келтегин.
Камкору болбой мекендин,
Канкору болду өлкөнүн.
Аларды салбай тартипке,
Айланды чоңдор артистке,
Бийликтин соруп эмчегин.

Абалкы кыргыз той берсе,
Айылдан майрам шаң чыгып.
Жети дубан кыргызга,
Жеткирип кабар айтылып.
Жебедей сызган, жел жетпес,
Жер чапчып күлүк алкынып.
Кырк жигит чаап көк бөрү,
Кызышып атка камчы уруп.
Устукан берип жаштарга,
Улуусу нуска калтырып.
Кылкыяк, комуз, чопо чоор,
Кылымдын куусу тартылып.
Таймашса төкмө акындар,
Таңдайга тили жанчылып.
Айтыштан жеңген мыктысы,
Ал тойго кылган жарчылык.
Ак бата алып той ээси,
Айлында болгон барчылык.
Азыр, Той берсе чоңдор бапырап,
Топ жылкы соёт тапырап.
Чертилген комуз күүсү жок,
Чет элден ырчы чакырат.
Чечинген жарым кийимчен,
Чет элче ырдап бакырат.

Тилдесе деле бүтүндөй,
Тилине көбү түшүнбөй.
"Бали"-дейт колдор шатырап.
Ак эмгек менен таппаган,
Арам дүйнө чачылат.
"Бөдөнөнүн" сүтү-деп,
Бөтөлкө далай ачылат.
Аялы душман көрүнүп,
Арстандай атылат.
Үркүтүп сабап балдарын,
Үйүнүн кутун качырат.
Биригип достор жүр дешип,
Бирин-бири кашылап.
Кыздар бар сауналарда,
Кызматын кылган асырап.
Арам акча көп болсо,
Азгырык ишке ким барбайт.
Азгырган шайтан кылыгы,
Адамды тургай жинди алдайт.
Ал жакта болгон жорукту,
Айтууга кызыл тил барбайт.

Акылмандар калтырган,
Айтайын элдик макалды.
"Көңүлүң сүйгөн уулуңа,
Көрсөтпө деген базарды".
Чанжырап сүйлөй берет-деп,
Чандыңбы кыргыз атаңды?
Акча деп күндү батырып,
Акча деп тостук азанды.
Акчага сатып жибердик,
Ак калпак, комуз, чапанды.
Карылар айткан кайран сөз,
Карытпай калды сапарды.
"Пулуң болсо, кулуңмун",
Деген сөзгө такалды.
Атасы он сом бербесе,
Мектепке барбайт баласы,
Аз акча берсең албайм-деп,
Сабакка бүгүн барбайм-деп.
Үйдө да базар карачы?
Ар бир кызмат орундун,
Атайын койгон баасы бар.
Акылдын тийбейт пайдасы,
Акчаң бар болсо сатып ал.
Беш айда иштеп кайрадан,
Бергенин үйгө ташып ал.
Баш ийбесең кубалайт,
"Базарком" деген башы бар…

КМШнын базары,
Кыргызстан - деп аталды.
Кыргызда ушул акыбал.
Байлыгың болбойт арачы,
Башбаккан ажал ойнуна.
Акчасын жыйнап өлгөндөр,
Ала жатпайт койнуна.
А көрө ыйман жыйнагын.
Акча, байлык ордуна,
Көрдө да бирге сен менен,
Көк тумар болуп мойнуңа.
Кулкундун кулу болбостон,
Кудайдын кулу болгула!
Алкымдын кулу болбостон,
Аллахтын кулу болгула!

Күлүктөрдөн жал кетти,
Жигиттерден ал кетти.
Аңыздагы дан кетти,
Адырдагы мал кетти.
Чөптү, гүлдү куйкалап,
Чегинен ашып жай кетти.
Багбанчыдан иш кетти,
Балбандардан күч кетти.
Каада-салт улуу мурастар,
Кайрылбай баары түз кетти.
Берекеси азайып,
Пейили тарып күз кетти.
Күүлөнүп бакыт куш кетти,
Күйөөсүз төрөп кыз кетти.
Төбөлдөр бийлик талашып,
Төрүбүздөн кут кетти.
Катуулап суук жылдан-жыл,
Калыбын бузуп кыш кетти.
Кесилип кыздан чач кетти,
Келинден ыйман наз кетти.
Келген конок сүйүлбөй,
Кемегеден аш кетти.
Мөндүрлөп көчкү сел менен,
Мээримин төкпөй жаз кетти.
Улуудан нуска кеп кетти,
Кичүүдөн акыл-эс кетти.
Алардын баарын сугунуп,
Ары жок арак жеп кетти.
Жемиштин баарын курт басты,
Жер бетинен ырк качты,
Батыштын сасык туманы,
Бардык элди чылк басты.
Жоболоңдуу иш жасап,
Жол бербесе да шарият,
Азайып бара жаткандай,
Адеп, намыс, ар, уят.
Татыксыз биздин пейилге,
Таарынып жатат табият.
Жок деген сайын адамдын,
Жоголуп пейли кичирет.
Пейлиң тар болсо дүйнө тар,
Пенделер жакшы түшүнөт.
Эл жаткан сайын битиреп,
Жер жаткан жокпу титиреп?..
Отурсам, турсам, бассам да,
Күнүгө кечте жатканда,
Эл журтка ыйман бергин-деп,
Эгемен тилейм жүз ирээт.
Тайлантка барып бир кезде,
Тайраңдабады ким гана?
Эл жери кеткен бузулуп,
Мекендеп шайтан, жин гана.
Жык толуп турист дүйнөдөн,
Жылаңач кыздар бийлеген.
Айтканга барбайт тил да ага,
Алланын түшүп каары,
Ал жерде болду "зилзала".
Пендеден канча кырылып,
Мекемелер жыгылып,
Мечиттер калды бир гана.
Кудайдын ошол белгиси,
Курдашым аны танбагын.
Башына келсе бир өлүм,
Байлыгың бербейт жардамын.
Ишенбей жатсаң өлүмгө,
Жети атаң кайда ардагым?
Бар болсун ыйман пейлибиз,
Башынан ушул арманым.
Өтүрүк эмес чынды айттым,
Өзөктө күйгөн муңду айттым,
Өзүң бил журтум калганын

Кыргызтаным ыйлаба,Сен биздин Энебизсин.

 
Кыргызстаным ыйлаба!!!Сен биздин Энебизсин,
Ыйыксын, улуусун, эч нерсеге тенелгизсин.
Кайгырба бул дуйнодо аз эмес,
Сен учун олом деген уул-кыздарын.



Кайгырба!Бир күн бизге да майрам келет,
Сени сыйлабай топурагыңды саткандарга,
Кудай-Таалам бир күн сөзсүз жаза берет,
Кайгырба!Бир күн бизге да майрам келет.

Кыргызды кыргыз уруп өлтурду аттиң арман,
Кыргызды кыргыз алдап, сатты далай,
Башчыбыз баш болуп,
Жан жөөкөрлөрү төш болуп,
Үй алып, чөнтөктөрүн толтуруп,
Кыргызстанды он тыйынга сатты далай.

Капаланба сүйүктүү Ата-Журтум Мекеним,
Сен бизге береериңди берген элең.
Келгиле Кыргызстандыктар чогулалы,
Бул абалдан Ата-Журтту куткаралы.!!!!!!!!!

   Афторун таппай жатам достор,билсенер жазып койосунарбы?

Метки: Кыргызстаным ыйлаба, сен биздин Энебизсин.

Аял.




Жалан жакшы,жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш корку, дунуйонун туткасы,
Уйдон куту, апакеси баландын.

Жаман дебей, жакшы дедим барысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, мин ката,
Кекээрлбей кечирип кой анысын.

Аял, аял.., айтар созум менин мин,
Сенсиз секунд жашай албайт корундум.
Элжиретип эркелеген назына
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Олум парс го окумуно конормун,
Кез жеткенде келбес жайга жонормун.
Ошондо да жыйып сонку кучумду,
Аял сени бир жалт карап олормун!




Сулуу тилим

Кымбаттан кыналышып буткон тилим
Кылымдан азиз энем куткон тилим
Торолуп бул дуйного коз ачканда
Жаралып жаным менен буткон тилим
 
 
Суйуктуу татынакай сулуу тилим
Мээримдуу журогумо жылуу тилим
Тамшанткан
Такылдаткан балдан ширин...

"Болсо дейм ар бир Кыргызда"

Кыраандай болгон кыргызым,
Ээнсиреп турган кезинде.
Азда болсо куч кубат,
Болсом дейм бугун элиме.

Куурабай жерим когорсун,
Кулун,бээ чуркап жайытта.
Тиз чогуп жерим обойун,
Айланып жамгыр тамчыга.

Боорсок,нан бышып казанда,
Токчулук жузун бурбасын.
Толойун барып кырманга,
Айланып буудай данына.

Суугун артып карашкан,
Бейиш дейм оскон жерими,
Суук коз тийип калбаска,
Коз мончок болом мен эми.

"Мен Кыргызмын"-деп айтчу,
Келечек муун балдарда.
Чоктой болуп тошундо,
Жансам дейм уул,кызында.

      Элиме болгон чын сезим,
      "Болсо дейм ар бир Кыргызда".

jamala ))), 03-11-2010 09:03 (ссылка)

Без заголовка

Эн тилим эне сутум.Эне тилин суйгон адам энесин бут Кыргыз элин суйуп жарытат.

Кылымдардан сакталган

Кылымдардан кыргыз тили сакталып
Келе жатат байыртадан баркталып
Элдин баркын кыргыз тили которуп
Турк элдердин улуту деп тандалып
 
Баатырыбыз Манас Бабам суйлогон
Ынтымакка, биримдикке ундогон
Жаман жакка барбагыла деп айтып
Бакай -Ата бата берип туздогон
 
Кыргыз тили туболукко жашасын
Тилди чанга ондосун оз катасын
Тилибизди унутпастан келелик
Чет элдер да оз тилиндей самашсын...
 

Жерим десек,элим десек биз баарыбыз

Жерим десек,элим десек биз баарыбыз
Мекен десек,олком десек жаш каарыбыз
Сага керек.мага керек кыргызстан
Сакташ керек,суйуш керек биз баарыбыз



Мекенди сактоо сенин парзын,менин парзым
Унутпастан сактап калуу  ата салтын
Тоолорубуз биздин кооз,бергим келбейт
Саткылачы беребиз десе да,миллион тонна алтын



Анан туура кээ бирлери баркын билбейт
Тоолор сатып,жерди сатып акча алсак дейт
Аларга эмне,акча деген биринчи орунда
Туулган жердин,Ала-Тоонун баркын билбейт


Азыр тууган сен кыргызсын,мен кыргызмын
Келечеги кыргызстандын колубузда
Сактап,барктап калайлычы олкобузду
Мындан дагы онуктуруп урпактарга



Куч бирдикте ата-бабам айткан экен
Биз кыргызбыз бийлике эч ишенбеш керек!
Манас атам согуш салган кытайларга
Урпагыбыз
мекенибиз сакташ керек!



Озун ойлон тоолор,жайлоо журогубуз
Ойлон бооз уй,кымыз ичкен кундорунуз
Куштар сайрап,сайда тунук суулар агып
КЫРГЫЗСТАНЫМ ЭЧ АЛМАШПАС ТУНОГУБУЗ

Метки: акын

Без заголовка

Ар бир адам уйдон тилин сыйласа, кочодон да сыйлай алат. Азыркы ата-энелер балдарынан апа же ата деген созду укулары келишпейт.Эгерде баласы апа деп койсо кары корунот имиш

Кыргыз тили калды суйлонбой!!!

Кыргыз тили кыргыз уйдо суйлонбой, 
Кыргыз тилин кыргыз калды уйронбой
Кыргыз тили паспорту жок кыргыздар
Оз уйундо ойгойлонуп жургондой
 
Кыргыз тили тордон орун таба албай
Босогодо унут калды адамдай
Орус тилин опузалап суйлосо
Ооз ачпай четтен келген жарандай
 
Байкуш тилди мынча неге кыйнадык
Сындасак да орусчалап сындадык
Кыргызстан мекеним деп ырдабай
"Киргизия общий дом"-деп ырдадык
 
 
Кыргызчалап суйлоп койсок бирообуз
"Орусчаны билбейт ко" деп кулобуз
Оо кыргызым эне тилди баалабай,
Эмнебизге кыйын болуп журобуз
 
Бут балакет окумоттон башталып,
Ураан ырын ГИМН дешип аткарып
Орусчалап ответ алып жатканда
Кыргыз тили босогодон баш багып
 
Тил жонундо биз башканы айтпайлы
......   тигилер коп "этиканы сактайлы"
Кыргыз тилин келечегин тагдырын,
Ойлончу окмот орус болуп жатпайбы.
 
Казак тили босогодон каратпайт
Башка тилдер ойсоктобойт тарактап
Кош тил дебей коншуларга окшоп биз
Кыргыз тилде жазсак неге жарашпайт
 
Кылымдардан кылымдарга узарып
Кыргыз тили жеткен бизге бул анык
Манас атам суйлоп келген бул тилди
Манкурт болбой сактайлычы сураныч
 
Рахман Разыков

настроение: Грустное

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу