Unsubscribe from irrelevant news
To unsubscribe from another user's news, click the settings icon in this post and select the necessary option.
Все
Guestbook
More
Инияткан Кыштообаева
понравилось
27 January 2017 at 7:24
Инияткан Кыштообаева
понравилось
6 October 2016 at 5:12
37 comments
Инияткан Кыштообаева
понравилось
29 September 2016 at 13:28
Бактыгул Чотурова
added a photo
photo-add-collage.html
Инияткан Кыштообаева
понравилось
29 September 2016 at 13:28
Бактыгул Чотурова
added a photo
photo-add-collage.html
Инияткан Кыштообаева
понравилось
29 September 2016 at 13:17
status.html
Урматтуу поэзия күйөрмандары, окурмандар, достор!
Сиздерди акын сиңдим Жыпара Исабаева экөөбүздүн бирге өтүүчү, Роза ОТУНБАЕВАнын "Демилгелер" фонду уюштуруп, демөөрчүлүк кылган "ЫРГА АЙЛАНГАН АЙЫМДАР"
аттуу поэзия кечебизге чакырабыз.
Ыр кече 29-сентябрда, саат 17.00дө Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтөт.
Кирүү - акысыз. Обондуу ырларыбыз да ырдалат. Кол тамга менен китептерибизди алсаңыздар да болот. Биздин ыр күйөрмандар, келиңиздер! Күтөбүз!
Сиздерди акын сиңдим Жыпара Исабаева экөөбүздүн бирге өтүүчү, Роза ОТУНБАЕВАнын "Демилгелер" фонду уюштуруп, демөөрчүлүк кылган "ЫРГА АЙЛАНГАН АЙЫМДАР"
аттуу поэзия кечебизге чакырабыз.
Ыр кече 29-сентябрда, саат 17.00дө Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтөт.
Кирүү - акысыз. Обондуу ырларыбыз да ырдалат. Кол тамга менен китептерибизди алсаңыздар да болот. Биздин ыр күйөрмандар, келиңиздер! Күтөбүз!
Эже куттуктайм! Барабыз буюрса! Жакшы өтүусүнө тилектешмин!!!
26 September 2016 at 19:59
НравитсяРахмат еже, буюрса барабыз. Ден соолукта аман журунуз!
28 September 2016 at 12:19
Нравится
Инияткан Кыштообаева
subscribed to 3 groups
30 June 2016 at 6:23
community-join.html
Инияткан Кыштообаева
понравилось
3 February 2016 at 5:23
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ТОКТОГУЛ ГЭС
Амансыңбы, атактуу Токтогул ГЭС,
Алыс жолдо сапардан токтодум кеч.
Жаштыгымдай төрүңө күлүп өтүп,
Жамгырыңа допумду тосконум эх!
Мелмилдеген сууңдай өмүр аккан,
Мезгил менен коштолуп алп канатчан.
Мени тоскон бир боорум, жаш достордон,
Көзүмдү кеч өпсө да, көңүл ак таң!
Жамгыр кышта не жаады сагынычтай,
Жадырадык агынан жарылып жай.
Дабышыңдай дуулдап ушул кечте,
Жакшы сөзгө болдук бейм баарыбыз бай.
Токтогул ГЭС – жашын көр миң кылымдын,
Тоо таянып эрке өскөн бир кызыңмын.
Атыңа чаң жолотпой сыймык кылам,
Дөөлөтүнүн бири деп кыргызымдын.
Жарыгың миң-миллион бурадарга, more…
Амансыңбы, атактуу Токтогул ГЭС,
Алыс жолдо сапардан токтодум кеч.
Жаштыгымдай төрүңө күлүп өтүп,
Жамгырыңа допумду тосконум эх!
Мелмилдеген сууңдай өмүр аккан,
Мезгил менен коштолуп алп канатчан.
Мени тоскон бир боорум, жаш достордон,
Көзүмдү кеч өпсө да, көңүл ак таң!
Жамгыр кышта не жаады сагынычтай,
Жадырадык агынан жарылып жай.
Дабышыңдай дуулдап ушул кечте,
Жакшы сөзгө болдук бейм баарыбыз бай.
Токтогул ГЭС – жашын көр миң кылымдын,
Тоо таянып эрке өскөн бир кызыңмын.
Атыңа чаң жолотпой сыймык кылам,
Дөөлөтүнүн бири деп кыргызымдын.
Жарыгың миң-миллион бурадарга, more…
ТАРАП КАЛАТ МЕН ШАРАПТЫН КЫЗЫ АККАЙЫНМЫНАГЫНЫЧЫМЭЖЕ ЫРЛАРЫНЫЗДЫ УККАНДА С
3 February 2016 at 16:22
Нравится
Инияткан Кыштообаева
понравилось
5 January 2016 at 9:41
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
БИЙИКТИК
... ушинтип койсом эле билбей калат
дейсиң көп сынап күлүп, күлбөй карап...
Билемин, сыр аяктай сыным бузбай,
Билмексен болуп коём атайылап.
Майдалык кандай жаман издеп айла,
Жылмаңдап жыла мактап пайда аларда.
Майдалап ийбейинчи өзүмдү деп,
Жообун бергим келбейт майда адамга.
Майдалар пастык менен аянышат.
Карматпай каяккадыр заман учат.
Жашоонун бийигинен жапысы көп,
Бирок да бийигине таянышат.
Турмуштун өзү ошондой, баса десең!
Теңирден ким бар дейсиң аша көсөм.
Бир келген өмүрү үчүн адамзаттын
Бийиктик майдаланбай жашаса экен!
... ушинтип койсом эле билбей калат
дейсиң көп сынап күлүп, күлбөй карап...
Билемин, сыр аяктай сыным бузбай,
Билмексен болуп коём атайылап.
Майдалык кандай жаман издеп айла,
Жылмаңдап жыла мактап пайда аларда.
Майдалап ийбейинчи өзүмдү деп,
Жообун бергим келбейт майда адамга.
Майдалар пастык менен аянышат.
Карматпай каяккадыр заман учат.
Жашоонун бийигинен жапысы көп,
Бирок да бийигине таянышат.
Турмуштун өзү ошондой, баса десең!
Теңирден ким бар дейсиң аша көсөм.
Бир келген өмүрү үчүн адамзаттын
Бийиктик майдаланбай жашаса экен!
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:23
status.html
БИЗДЕГИ ОКШОШТУКТАР
Сенин өңүң-
Азы калган өмүрдүн арманындай,
Менин өңүм-
Адашуудан бактынын зары бардай!
Сенин жолуң-
Буюктурган шамалдын изине окшош.
Менин жолум-
Тобокелдүү бактымдын мизине окшош!
Биздин күн да-
Эң эле кеч чыккандай булуттардан.
Биздин үн да-
Жүрөккө тумчуккандай туруп калган!
Сенин өңүң-
Азы калган өмүрдүн арманындай,
Менин өңүм-
Адашуудан бактынын зары бардай!
Сенин жолуң-
Буюктурган шамалдын изине окшош.
Менин жолум-
Тобокелдүү бактымдын мизине окшош!
Биздин күн да-
Эң эле кеч чыккандай булуттардан.
Биздин үн да-
Жүрөккө тумчуккандай туруп калган!
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:23
status.html
КЕЛАТАМ КЕМИП КАЛБАЙ
Жакшылык кыламын деп,
Жагымсыз угамын кеп.
Жаңы күн үмүт сунса,
Жашоо не сынагың көп?
Бар болду бекен мендей,
Балача ишенгендей.
Байкушча алданамын,
Ичимде ит өлгөндөй,
Канча ирет таарынамын,
Канча ирет жаңыламын...
Баары бир алдамчынын
Көрбөдүм жарыганын.
Бирде так, бирде алдай,
Бул турмуш татаал кандай?
Шүгүр деп айтаарым бул-
Келатам кемип калбай!
Жакшылык кыламын деп,
Жагымсыз угамын кеп.
Жаңы күн үмүт сунса,
Жашоо не сынагың көп?
Бар болду бекен мендей,
Балача ишенгендей.
Байкушча алданамын,
Ичимде ит өлгөндөй,
Канча ирет таарынамын,
Канча ирет жаңыламын...
Баары бир алдамчынын
Көрбөдүм жарыганын.
Бирде так, бирде алдай,
Бул турмуш татаал кандай?
Шүгүр деп айтаарым бул-
Келатам кемип калбай!
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:22
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Адамдар бирин - бири ыйлатпаса
Мезгилге тең жарышкан күндөр өтүп,
Жашоодо бирде жетпей, бирде жетип.
Бүгүн бар, эртең жогун билип турган,
Бул турмуш арттырды экен кимге кешик.
Андыктан арты өкүнүч, алды кызык,
Бүт өмүр көз ирмемде өтүп, учуп…
Бир күн бар тапканыңдын баарын таштап,
Кетесиң топуракка жуурулушуп.
Адамдар окшош баары туулганда,
Анан да өлгөндө окшош… угулганда…
Айлынан тирүүлүктүн узап жатып,
Соңку ирет солк эталбай жуулганда…
Жылаңач төрөлгөндөй адам жаны,
Жылаңач кетет дешет бирдей баары.
Жок болот бир кылк жуткан шилекейдей,
Дүйнөнүн кимге кору, кимге зары....
Мезгилге тең жарышкан күндөр өтүп,
Жашоодо бирде жетпей, бирде жетип.
Бүгүн бар, эртең жогун билип турган,
Бул турмуш арттырды экен кимге кешик.
Андыктан арты өкүнүч, алды кызык,
Бүт өмүр көз ирмемде өтүп, учуп…
Бир күн бар тапканыңдын баарын таштап,
Кетесиң топуракка жуурулушуп.
Адамдар окшош баары туулганда,
Анан да өлгөндө окшош… угулганда…
Айлынан тирүүлүктүн узап жатып,
Соңку ирет солк эталбай жуулганда…
Жылаңач төрөлгөндөй адам жаны,
Жылаңач кетет дешет бирдей баары.
Жок болот бир кылк жуткан шилекейдей,
Дүйнөнүн кимге кору, кимге зары....
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:20
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Мен бир акын...
Эмнегедир жагымсыздай кечээ күн,
Сен капарсыз жүрөрүңдү сезгемин.
Мен бир акын кыялдарга алданып,
Бала сымал күтө берген эртеңин.
Мен бир акын сырын катып жашаган,
Көөнүн оңой ачалбаган жат адам.
Алтын белек сандыгында саргайып,
Көктөн түшкөн ырын алтын атаган.
Мен бир акын сүйүп калган сүйбөстү,
Мерес тагдыр бешеңде бар деппи…
Кол жетпеген бактысынан келгенсип,
Коногундай күтүп алган таң, кечти.
Ушул тура уланмагы жашоонун,
Улам соңку күндөр бурап моторун.
Тирүүлүктө көрсөм дагы көп сонун,
Тим койбогон өзүң болдуң баш оорум.
Сүйүү деген акылы бар, эси жок,...
Эмнегедир жагымсыздай кечээ күн,
Сен капарсыз жүрөрүңдү сезгемин.
Мен бир акын кыялдарга алданып,
Бала сымал күтө берген эртеңин.
Мен бир акын сырын катып жашаган,
Көөнүн оңой ачалбаган жат адам.
Алтын белек сандыгында саргайып,
Көктөн түшкөн ырын алтын атаган.
Мен бир акын сүйүп калган сүйбөстү,
Мерес тагдыр бешеңде бар деппи…
Кол жетпеген бактысынан келгенсип,
Коногундай күтүп алган таң, кечти.
Ушул тура уланмагы жашоонун,
Улам соңку күндөр бурап моторун.
Тирүүлүктө көрсөм дагы көп сонун,
Тим койбогон өзүң болдуң баш оорум.
Сүйүү деген акылы бар, эси жок,...
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:20
status.html
Ыр
Бирөөчө эч сындырбай назарымды,
Бактымдай, жаздай жарпым жазаарыңды
билемин, ошон үчүн сүйөм сени,
Ыр-менин келтиресин жашагымды!
Бирөөчө эч сындырбай назарымды,
Бактымдай, жаздай жарпым жазаарыңды
билемин, ошон үчүн сүйөм сени,
Ыр-менин келтиресин жашагымды!
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:19
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
БАКТЫДАН БАКТЫСЫЗДЫК КОЛ ҮЗАЛБАЙ...
Экөөбүз пойуз жолдун рельсиндей,
Же бирге болалбаган күндөй, түндөй...
Бирикпес экенибиз билип туруп,
Күндөрдү күтөм эмне күмөнсүнбөй.
Жүрөгүм тил албастан атыңды атап,
Эмне үчүн экенине башым катат.
Канчалык намысыма түрттүрсөм да,
Өчөшүп, алыстыктар жакындатат.
Бул эмне, бешенеде тагдыр бекен,
Азапты жазмышым не жактырды экен?
Бактыдан бактысыздык кол үзалбай,
Чын чыгар биздейлерди аздыр десем.
Эгерде тагдыр болсоң неге алдадың,
Өзүмдү оор болду жеңе алмагым.
Мезгилден сурансам да башка жолду,
Мен сени такыр алыс көралбадым.
Экөөбүз пойуз жолдун рельсиндей,
Же бирге болалбаган күндөй, түндөй...
Бирикпес экенибиз билип туруп,
Күндөрдү күтөм эмне күмөнсүнбөй.
Жүрөгүм тил албастан атыңды атап,
Эмне үчүн экенине башым катат.
Канчалык намысыма түрттүрсөм да,
Өчөшүп, алыстыктар жакындатат.
Бул эмне, бешенеде тагдыр бекен,
Азапты жазмышым не жактырды экен?
Бактыдан бактысыздык кол үзалбай,
Чын чыгар биздейлерди аздыр десем.
Эгерде тагдыр болсоң неге алдадың,
Өзүмдү оор болду жеңе алмагым.
Мезгилден сурансам да башка жолду,
Мен сени такыр алыс көралбадым.
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:18
status.html
Жамгырда
Жолугам качан деп айтып,
Жомок кылбачы көп айтып.
Күндөрдү ээрчип өмүрдөй,
Кеталбай артка же кайтып...
Мен десең эгер, баамда,
Сүйүнөм жамгыр жаарда.
Тазартып дилим тамчылар,
Басканды сүйөм жаанда.
Жашоонун тилеп калганын,
Жаштай агызып арманын.
Табият менен тагдырдын,
Жуугансыйт кошо чаңдарын.
Окусаң сырым барактап,
Күлүктөй жолду шар аттап.
Жамгырды сүйөт акын деп,
Жамгырда келсең жарашмак.
Жолугам качан деп айтып,
Жомок кылбачы көп айтып.
Күндөрдү ээрчип өмүрдөй,
Кеталбай артка же кайтып...
Мен десең эгер, баамда,
Сүйүнөм жамгыр жаарда.
Тазартып дилим тамчылар,
Басканды сүйөм жаанда.
Жашоонун тилеп калганын,
Жаштай агызып арманын.
Табият менен тагдырдын,
Жуугансыйт кошо чаңдарын.
Окусаң сырым барактап,
Күлүктөй жолду шар аттап.
Жамгырды сүйөт акын деп,
Жамгырда келсең жарашмак.
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:17
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Кайра кайтып жаратылам
Сезимди айттың неге терең...
Мен тор жайган эмес элем,
Сен эмнеге түштүң билбейм,
Шамал ойнойт тереземен.
Торду оозанба суранамын,
Неге антти деп убарамын.
Керек болсо сезим үчүн,
Кереги жок убаданын.
Эркиндикти жакшы көрөм,
Ээндикти, жолду кенен,
анан дагы аёолорду.
Демек, торду неге өрөм?!
Жалынтчудай жакын басуу,
Жамгырга окшоп басылбачу,
“Коркунучтуу” бактымсыңбы,
Не болсо да чакырбачы.
Жалгыздыкта кала турам,
Ырлар менен таң атырам.
Кайрыктарды жазданам да,
Кайра кайтып жаратылам!
Сезимди айттың неге терең...
Мен тор жайган эмес элем,
Сен эмнеге түштүң билбейм,
Шамал ойнойт тереземен.
Торду оозанба суранамын,
Неге антти деп убарамын.
Керек болсо сезим үчүн,
Кереги жок убаданын.
Эркиндикти жакшы көрөм,
Ээндикти, жолду кенен,
анан дагы аёолорду.
Демек, торду неге өрөм?!
Жалынтчудай жакын басуу,
Жамгырга окшоп басылбачу,
“Коркунучтуу” бактымсыңбы,
Не болсо да чакырбачы.
Жалгыздыкта кала турам,
Ырлар менен таң атырам.
Кайрыктарды жазданам да,
Кайра кайтып жаратылам!
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:17
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Өзүбүздөн эмнени аянабыз?!
Максат менен үмүткө жетеленип,
Маңдайдагы буйруктун күнү жеңип.
Турмуш деген тутанган куурай болсо,
Өмүр өчөөр от тура түбү келип.
Түбөлүктүү түркүк жок тирүүлүктө,
Түшүналбай бирибиз-бирибизге.
Өлбөөчүдөй бирөөнү өкүнтөбүз,
Калкып учкан кайрымсыз күнүбүздө.
Сатып алгыс көңүлдү алтын берип
Саргайтабыз кез-кезде салкын келип.
Улгайууну тааныйбыз араң гана,
Уул, кыздан өмүрдүн артын көрүп.
Бактыбызга качан шар баралабыз,
Баркын билбей кылчактап каранабыз.
Өтөр- кетер дүйнөнү билип туруп.
Өзүбүздөн эмнени аянабыз?!
Максат менен үмүткө жетеленип,
Маңдайдагы буйруктун күнү жеңип.
Турмуш деген тутанган куурай болсо,
Өмүр өчөөр от тура түбү келип.
Түбөлүктүү түркүк жок тирүүлүктө,
Түшүналбай бирибиз-бирибизге.
Өлбөөчүдөй бирөөнү өкүнтөбүз,
Калкып учкан кайрымсыз күнүбүздө.
Сатып алгыс көңүлдү алтын берип
Саргайтабыз кез-кезде салкын келип.
Улгайууну тааныйбыз араң гана,
Уул, кыздан өмүрдүн артын көрүп.
Бактыбызга качан шар баралабыз,
Баркын билбей кылчактап каранабыз.
Өтөр- кетер дүйнөнү билип туруп.
Өзүбүздөн эмнени аянабыз?!
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:15
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Ишенем, жолугушат бактылуулар
Жадырап окшоштурам кыялдана,
Жаштыктын жашыл ыраң жазын сага.
Жамгырдын дабышынан шыбыр угам,
Сен келе жатасыңбы азыр мага.
Өмүрдүн азы калып күндү санай,
Өтсө да өкүндүрүп көбү далай.
Сезимге дүбүрт келет тынч алдырбай,
Сен келе жатасынбы мени карай.
Табышуу буйруганы сонун тура,
Тартылып табышмактуу ж үрөктү уга.
Серпилип токтоналбай карайм жолду,
Сен келе жатасыңбы жолугууга.
Жүргөндөй жүрөктө бир жактыруу бар,
Дүйнөдө ар адамдын тагдыры бар.
Күттүргөн күн жолундай чыгып келип,
Ишенем, жолугушат бактылуулар.
Жадырап окшоштурам кыялдана,
Жаштыктын жашыл ыраң жазын сага.
Жамгырдын дабышынан шыбыр угам,
Сен келе жатасыңбы азыр мага.
Өмүрдүн азы калып күндү санай,
Өтсө да өкүндүрүп көбү далай.
Сезимге дүбүрт келет тынч алдырбай,
Сен келе жатасынбы мени карай.
Табышуу буйруганы сонун тура,
Тартылып табышмактуу ж үрөктү уга.
Серпилип токтоналбай карайм жолду,
Сен келе жатасыңбы жолугууга.
Жүргөндөй жүрөктө бир жактыруу бар,
Дүйнөдө ар адамдын тагдыры бар.
Күттүргөн күн жолундай чыгып келип,
Ишенем, жолугушат бактылуулар.
Инияткан Кыштообаева
понравилось
19 November 2015 at 5:15
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Жаштыктын сүрөтү
Тааныйм деп ойлобой тагдыр жүгүн,
Табышмак-көтөрүп келгендигим-
Жаштыктын сүрөтү эске салып,
Мен сени көргөндөй болдум бүгүн.
Мен сени көргөндөй жанаа гана,
Тиктедим жылмайып ажарлана.
Азыркы сүрөтүң чоочун эле,
Бул сүрөт эбактан тааныш мага.
Кайрыгы жаңырып коңур үндүн,
Кайрылбас качанкы кездин гүлгүн
бир күнү миң күнгө алмашкыстай,
Билбеймин эмнеге эстеп жүрдүм.
Адамзат сезими жаралгандан,
Абалтан айтышат дүйнө жалган.
Өмүрдүн бүт күнү жашоо эмес,
Жашоо дейт күндөрдү эсте калган.
Жүрсөк да бет келип саламдашпай,
Жүрөктө бир сырды сараң катпай....
Тааныйм деп ойлобой тагдыр жүгүн,
Табышмак-көтөрүп келгендигим-
Жаштыктын сүрөтү эске салып,
Мен сени көргөндөй болдум бүгүн.
Мен сени көргөндөй жанаа гана,
Тиктедим жылмайып ажарлана.
Азыркы сүрөтүң чоочун эле,
Бул сүрөт эбактан тааныш мага.
Кайрыгы жаңырып коңур үндүн,
Кайрылбас качанкы кездин гүлгүн
бир күнү миң күнгө алмашкыстай,
Билбеймин эмнеге эстеп жүрдүм.
Адамзат сезими жаралгандан,
Абалтан айтышат дүйнө жалган.
Өмүрдүн бүт күнү жашоо эмес,
Жашоо дейт күндөрдү эсте калган.
Жүрсөк да бет келип саламдашпай,
Жүрөктө бир сырды сараң катпай....
Uploading
Error loading page. Retry in 15 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.
Other people named Инияткан Кыштообаева in My World