Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки
Z Z, 06-08-2010 17:39 (ссылка)

Ош: адегенде коопсуздук, газ кийин болот

Учурда Оштун тургундары бир топ кабаттуу үйлөргө газдын берилбей жаткандыгына нааразылыктарын билдиришүүдө. Алардын айтымында, көп кабаттуу үйдө жашагандар электр менен тиричилик өткөрүүдө көп кыйынчылыктарды тартышууда. Ал эми шаардын газ чарба башкармалыгы айрым кабаттуу үйлөргө газдын берилбей жатышын, тургундардын коопсуздугу менен түшүндүрүшүүдө.

Айылдан эс алып кайткан Акылбек шаарга келери менен газ көйгөйүнө кабылды. «Чай кайнатып, оокат кылуу электр менен болгон үчүн бир топ кыйынчылыктар жаралып жатат» дейт Акылбек Орозматов:

- Окуу ачылганга чейин батирлерди иретке келтирели деп каникулдан кайтып келдик. Келсек газ жок. Плиталарга чай кайнатып ичип жатабыз. Алар кечке үзүлө берет. Бир чай кайнатканга жетет, жетпесе дагы үзүлөт. Эртең эле студенттер окууга келгенде кандай болот билбейм. Газ качан берилет, ал жагы да азырынча белгисиз.

Акылбек өзү да Оштогу жогорку окуу жайынын биринде окугандыктан, айрыкча студенттерди ойлоп кабатырланууда. Бирок учурда шаар тургундарынын дээрлик көпчүлүгү көгүлтүр отунсуз күн өткөрүүдө. Шейит-Дөбө кичи районунун тургуну Азадохан Ганиева да ушул күнгө чейин маалелерге газ бериле электигине кейип жатканын айтат:

- Мен өзүм 2 топтогу майыпмын. Биздин мааледе газ жок, плита иштетип жатабыз. Кээде жарык өчүп калганда 4 балам ачка калууда. Мааледе качкындар бар, алардын газы эмес, акчасы да жок. Алар кантип жан багышат билбей жатабыз.

Ал эми шаардык газ чарба башкармалыгынын адистери коогалаңдан талкаланып калган Шейит-Дөбө, Фуркат, Черемушка кичи районундорунда газдын жоктугун ал жердеги газ түтүктөрүнүн жарактан чыккандыгы менен түшүндүрүштү. “Түтүктөрдүн баарын ордуна келтиргенде гана аталган райондордун тургундарына газ берилет” дейт башкармалыктын жетекчиси Мамат Аматов:

- Бизде Ош шаары боюнча 58 миң абонент бар. Учурда анын ичинен 50 миңдейи газды колдоно алышат. Башкача айтканда, 82% калк газ менен камсыз болуп турат. Азыр Черемушка, Фуркат, Шейит-Дөбө сыяктуу айрым райондордо газ берилбей турат. Анткени ал жерде үйлөр өрттөнгөндө түтүктөр жарылып, эсептегичтер ээрип калган.

Бирок Ош шаарында талкаланып калган турак жайлардан сырткары, башка райондордогу кабаттуу үйлөргө деле газ толук жете элек. Шаардык газ чарба башкармалыгы мунун себебин тургундардын коопсуздугу менен байланыштырууда. Шаардык газ башкармалыгын жетекчиси Мамат Аматов буларды айтат:

- Көп кабаттуу үйлөрдө учурда адамдар аз. Биздин адистер текшерип чыкканда, алардын 40-50 пайызы келише элек. Тополоң маалында кээ бирлер газ түтүктөрүн ачкан боюнча кетип калышкан. Анан газ чыгып кетсе, кошуналары жарык жандырып койсо жарылып кетиши мүмкүн. Ошол себептүү айрым кабаттуу үйлөргө газ бере элекпиз. Бирок тургундардын баары келди деп, үйдүн кварталдык комитети келип кепилдик берсе, биз газды токтоосуз кое беребиз.

Мындай чечимди калаа тургундары нааразылык менен кабыл алышууда. Оштогу кабаттуу үйлөрдүн биринин кварталдык комитети Калима Касымова айрым тургундардын жоктугунун айынан бардык жашоочулар газсыз калып жатканын айтат. Анын айтымында, учурда кабаттуу үйдөгүлөрдүн дээрлик 50% кайтып келе элек:

- Июндагы окуяларга байланыштуу тургундар Бишкекке, башка жакка кетип калышкан. Азыр баары кайтып келише элек. Эми ошолордун айынан бизге да газ бериле элек. Мына биздин № 32, кийинки №6-7-8-кабаттуу үйлөрдө да газы жок. Баары кыйналып отурушат.

Мындай нааразылыктарды алдын алуу үчүн газ башкармалыгы башка чараларды да ойлонуштурган. Маселен, «Кыргызгаздын» жетекчилигинин буйругу менен Ош шаарында жабыр тарткан тургундарга жардам иретинде бир айлык пайдаланылган сумманын туумдарын жокко чыгарышкан. Июнь айында башкармалык 6 млн. сом чогултуп, 3 млн. сом туум элдин чөнтөгүндө калган.

Деген менен шаардын тургундары мындай “марттыкты” көрбөгөнүн айтышууда. Ош кичирайонундагы №6 кабаттуу үйдүн жашоочусу Зулайка Алтымышова карыздарын толук төлөгөнүн “Азаттыкка” айтып берди:

- Май айынын жыйырма бешинде эле бизде газ токтоп калган. Эки ай газ жок болуп жатса да мага эсеп менен кагаз келиптир. Карызым 87 сом болсо, 157 сом болуп калыптыр. Текшерүүчү биз жокто ушинтип жазып таштап кетиптир. Эми дагы кошулат деп жатат. 3 күнгө чейин төлөбөсөң дагы кошулат экен.

Буга кошумча Зулайка Алтымышова эки айдан бери газ өчүрүлүп турса да, айрым батирлерге газдын эсептери тынбай келип жатканын билдирди. “Биз эч кандай газ иштетпесек деле текшерүүчүлөр өзүчнчө эле сумма чыгарып карызсыңар деп кетишүүдө” дейт шаар тургуну.

Серепчилердин айтымында, Ош шаарынын тургундары сентябрь айына барып толугу менен кайтып келиши ыктымал. Анын ичинде миңдеген студенттер да бар. Ошол себептүү шаардын бардык райондоруна сентябрь айларына жакын гана газдын толук жетиши күтүлүүдө.

Эрнист Нурматов

настроение: Обеспокоенное

Z Z, 06-08-2010 17:35 (ссылка)

Кооптондурган курултай кармоо менен аяктады

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов 5-августта Балыкчы шаарына кетип бараткан жеринен бир нече жакын адамдары менен колго түштү. Алар кетип бара жаткан унаалардан курал-жарак, ок дарылар табылган. У.Барктабасовго кылмыш иши козголуп, учурда сурак бере баштаганы маалымдалды. Ал эми анын тарапкерлери курултай учурунда бийликти тартып алуу, башаламандык уюштуруу пландалбаганын айтып жатышат.
У.Барктабасовго карата "массалык башаламандык уюштурду", "бийликти күч менен тартып алууга аракет кылды", "куралдарды мыйзамсыз алып жүрдү" деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду. Анын кармалышы жана алар уюштурган курултай боюнча президент Роза Отунбаева, Башкы прокурор Байтемир Ибраев жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 5-августта журналисттерге маалымат беришти.

Мамлекет башчысы Роза Отунбаева өлкө парламенттик шайлоону өткөрүү алдында турганда башаламандык уюштурууга, экинчи ирээт бийликти тартып алууга аракет кылган У.Барктабасовду кармоо туура чечим болду деп эсептейт. Ал коомчулукка тараган түрдүү имиштерди четке кагып, кооптонууга негиз жок экенин белгиледи. Буга чейин Бишкекте дагы бир толкун болуп кетиши ыктымал деген имиштер тараган болчу.

- Шайлоого баралы деп турабыз, шайлоо жакшы өтсүн. Эл азыр кандай болот деп бизден да сурап атат. Биз коопсуздукту камсыз кылабыз. Андан кам санабай эле койгула. Анын өзү кылмышкер экени боюнча бизде иштери бар. Бул экинчи жолу ушундай жолго барып атат. Беш жыл бир жерде жүрдү, бир жактан учуп келип эле анан “бийлик мага арналган, мен бийликти алышым керек, отуруп калышым керек” десе эле биз аны алып келишибиз керекпи? Бийликти күч менен тартып алам деген аракеттерине биз ушундай жооп бергенибиз туура деп эсептейм.

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасав 5-августта Бишекте өзү жана жактоочулары тарабынан уюштурулган курултайга Ысык-Көлдөн келе жатканда атайын аракеттердин
натыйжасында кармалды.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалыматы боюнча, У.Барктабасовду кармоого аталган кызматтын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. К.Дүйшөбаев аны менен бирге 27 адам кармалып, алардан курал-жарактар алынганын кошумчалады.

- 27 эң активдүү деген адамы кармалды, алардын 12си уюштуруучулары. Арасында Урмат Барктабасов да бар. Ысык-Ата - Санташ айылында тоонун этегинен жүгөрү талаасынан кармадык. Анын жактоочуларынан 8 даана курал алынды. Алар автоматтар, пистолет жана мергенчилик мылтыктары. Мындан сырткары аскердик граната, 200дөн ашуун ок-дары алынды.

5-августта түшкү саат бирлер чамасында Бишкек шаарындагы Горький аянтында чогулган Урмат Барктабасовдун 3000 чамалуу тарапкерлери жогорку бийлик өкүлдөрү отурган Жогорку Кеңештин имаратына келишкен. Алар Урмат Барктабасовдун Канттан Бишкекке киргизилишин талап кылышкан.

- Урматтын бул жакка келишине уруксат беришсин. Элдин атынан Урмат Барктабасов эл башы, премьер-министр болуп дайындалсын.

Мына ушундай талап менен чыккан курултайдын уюштуруучулары Р.Отунбаеванын эл алдына чыгышын, Убактылуу, техникалык өкмөт өкүлдөрүнүн кетишин талап кылышкан болчу.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев курултайга чогулгандарга акча таратылганын жана У.Барктабасовго каражат мындан үч күн мурда Бакиевдердин жакындарынан келгендигин белгиледи:

- Буга Курманбек Бакиевдин туугандарынын түзмө түз байланышы бар. Каражаттар ошол тараптан келген. Бизге анын кайсы жол менен келгенин, ким алып келгенин жана кантип таратылганы маалым. Биз азыр бул боюнча атайын иликтөө ишетрин жүргүзүп жатабыз. Анын бардыгы тергөө иштери учурунда ачыкка чыгат.

Буга чейин У.Барктабасовго карата Казакстандын тиешелүү органдары коррупциялык иштерге жана экономикалык кылмыштарга катышы бар деген шектенүү менен кылмыш ишин козголгону айтылган. Ошол себептүү ал кармалса Казакстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн экени белгиленген болчу. Кыргызстандын Башкы прокурору Байтемир Ибраев Казакстандан У.Барктабасовдун кармалышы боюнча гана сураган кагаз келгенин белгиледи. Анын белгилешинче, эми алар У.Барктабасовдун Казакстан жараны экенин тастыктаган баракча менен бирге, өткөрүп берүү боюнча катын жөнөтүшү керек.

- Бул маселе боюнча да казакстандык прокуратура менен талкуулайбыз. Азырынча бул маселе жок. Биздеги иштер боюнча Кыргызстанда да тергөө жүрүшү керек. Андан кийин гана каралышы кеерк. Анктени мурда тергөөчү алты жолу расмий түрдө чакырган, бирок У.Барктабасов келбей койгон.

Б.Ибраевдин айтымында, “Мекен Туу” партиясынын лидерине 2005-жылдагы Ак үйгө киргүүгө жасаган аракеттери үчүн кылмыш иши козголгон.

Ал эми У.Барктабасовдун тарапкерлери курултай учурунда башаламандык уюштуруу же бийликти тартып алуу пландалбаганын белгилеп жатышат. Алардын айрымдары партия лидеринин Казакстандын жараны деген маалыматка да ишенбейт. Урмат Барктабасов өзү так талашпай эле, элдин таламын талашып жатканын “Азаттыкка” 4-август күнү мындай деп билдирген:

- Биз элдин таламын талашып жатабыз, так талашкан жокпуз. Элдин каалоо-тилеги бар, аны эске алыш керек да. Элдин тынчы кетип, түштүктө, түндүктө болгон окуяларга кыжалат болуп турат. Эл бүгүнкү күндө калыстыкка, адилеттикке муктаж. Ушул маселелер орду-орду менен турса эле кырдаалдан чыгып кетебиз.

“Мекен Туу” партиясынын лидери кармалганга чейин анын жактоочулары өз талаптары аткарылышына катуу турушарын айтышкан. Эми алар кандай аракеттерди көрө турганыдыгын ачыкташа элек.

Канымгүл Элкеева

настроение: Взбешенное

Z Z, 04-08-2010 19:43 (ссылка)

“Кара баш аман болсун...”

Июнь айында болгон коогалаңда Ош шаардык жана областтар аралык бириккен клиникалык ооруканаларга жалпысынан 612 адам жабыр тартып кайрылып, алардын 419у жаткырылган. Жаракат алгандардын бардыгы акысыз медициналык дарылануудан өтүшүп чыгып кетишкен.

Учурда шаардык ооруканада бир адам жана областтар аралык бириккен клиникалык ооруканада 11 адам дарыланууда.

Кара-Суу районунун тургуну Жакып Нурбаевге коогалаң күндөрү уулун куткарам деп жүргөн жерде ок тийип калган. Учурда Ош шаардык ооруканасынын хирургиялык бөлүмүндө дарыланып жаткан убагы. Анын абалын сурап кепке тарттык.

- Сизге кайсы жерде жүргөндө ок тийип калды?

Жакып Нурбаев: Мага областтык ГАИнин жанында жүргөндө ок тийди. Ошол жактагы жатаканада жашаган уулумду куткарайын деп бардым эле. Кайтып келе жатканда атып жиберишти.

- Кайсы күнү эле, сизди ким ооруканага жеткирди?

Жакып Нурбаев: 12-июнь болчу. Ок тийгенден кийин өзүм туруп, облустук ГАИнин жанына чейин бардым. Ошол жерден тааныштар чыга калып, мени унаага салып ооруканага алып келишти.

- Эсиңизди жоготуп койбодуңузбу, азыр кантип калдыңыз?

Жакып Нурбаев: Эс учумду жоготконум жок. Бирок бир топ кыйналып калыпмын. Азыр жакшы болуп калдым. Дарыгерлер жакшы эле карап жатышат.

Анткен менен Нурбаевдин денесинде калган окту алуу үчүн эми дагы эки жолу операция болот. Ал үчүн дагы алты ай убакыт керек экенин айтат оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Саит Сатыбалдиев.

- Нурбаев тополоңдо балдарын издеп чыгыптыр. Ошол мезгилде ок тийип жамбашынан кирип, жоон ичегинин чыга бериш жерин айрып, ичинен чыгып кетиптир. Биз азыр ичегисин чыгарып койдук. Келгенде беш жолу наркоз берип, оор операция болгон. Эми дагы эки жолу операция болот. Бирок кийинки операция алты айдан кийин болушу керек.

Шаардык ооруканага коогалаң күндөрү жалпысынан 150 киши жаткырылган болсо, алардын 103нө амбулаториялык жардам көрсөтүлгөн. Келгендердин элүү төртүнө оор операциялар жасалып, он экисинин өмүрүн ак халатчандар сактай албай калышкан.

Ал эми Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 359 жабыр тарткан адам кайрылып, алардын 269у жаткырылган. Учурда он бири дарыланышууда. Алардын бири Нематов Хабибулла да кагылышууда төртүнчү кабаттан секирип кетип, эки бутун сындырып алган. «Азыр операциядан чыгып, аз болсо да өзүмө келе баштадым»,-дейт, Хабибулла биз менен болгон маегинде:

- Мен Ош кичирайонунда жашайт элем. 10-июнда биздин үйгө балдар кирип келишкен. Коркконубуздан төртүнчү кабаттан секирип кеттик. Менин эки бутум тең сыныптыр. Анан балдар ооруканасында жаттым. Кечээ операция болдум. Азыр абалым жакшы болуп калды.

Бейтаптын айтымында, тополоң учурунда дарыгерлердин арасында улутка бөлүү деген болгон эмес. Мындай пикирди Ош шаардык ооруканасынын директору Абдижалил Муратов да тастыктоодо:

- Бизде дарт баянында улуту деген пункт жок. Биз улутуна караган жокпуз. Бир палатада орусу деле, өзбеги деле, кыргызы деле аралашып жатышты. Мисалы, тополоңдо жаракат алып бизге түшкөндөрдүн 151 кыргыз, 102си өзбек улутунда болушту.

Бирок Муратовдун айтымында, июндагы окуяда оорукананын кемчилиги даана байкалып калган. Жабыр тарткандар көп болгондуктан, алардын баарын кабыл алууга оорукананын мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. Ошол себептүү ал учурда шаарга жаңы оорукананы куруу демилгесин көтөрүүдө:

-Коогалаң учурунда жабыр тарткандар абдан көп болду. Ошондо бизде орун жетишпей айрымдарын жерге да жаткырдык. Абдан тартыштык болду. Ошон үчүн бизге шаардык аймакта жаңы оорукана куруу мезгили келгенине көзүбүз жетти. Биз бул боюнча өкмөткө да билдирүү бердик.

Ошондой эле башкы дарыгер шаардык ооруканада рентген аппаратуралары, операциялык үстөлдөр, ультраүндүк дарттапма ж.б. жабдыктардын жетишсиздиги оорулууларды кароодо өз зыянын тийгизип жатканын белгиледи.

Эрнист Нурматов

настроение: Огорченное

Z Z, 03-08-2010 20:10 (ссылка)

Кадамжайда жаштар мушташа кетти

1-август түнү Баткен облусунун Кара-Дөбө айылындагы эс алуучу жайдан чыккан жаңжал улуттар аралык тирешүүгө айланып кетейин деди. Өз убагында күч кызматтарынын аракети жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында топтолгон 300дөн ашуун киши таратылып, азыр аймакта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Эки күн мурда Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын четинде кафеде эс алып отурган эки кишинин ортосунда жаңжал чыккан. Аны четтен байкап турган кимдир бирөө жакынкы айылдарга барып, 300дөй жаштарды топтоп келип тирешүү күчөгөн. Ошол замат эле Кадамжай райондук жана Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана кийинчирээк окуя болгон жерге атайын багыттагы кызматкерлери тартылып, топтолгондор таркатылып, таш тийген эки киши ооруканага жеткирилген.

Облустук тартип коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев учурда кырдаал туруктуу болгонун айтат:

- Натыйжада эки киши таштан жараат алып, бир аял, бир эркек киши Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилди. Ал жерге өзбек улутундагы 300дөн ашык жигит келип, ошол жерде тополоң кылып, таяктар менен турушту. Ошол жерге Кызыл-Кыядан мэр, аким, милиция кызматкерлери келип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин тарап кетишти. Бүгүнкү күндө саясий абал жакшы, биздин көзөмөлүбүздө турат.

Тирешүү болгон жерге жакын турган Кара-Дөбө айылынын тургуну Жалил азыр аймакта абал туруктуу экенин, болгону соода жайларында алкоголдук ичимдиктер сатылбай, күч кызматтары көбөйүп калганын айтты:

- Кечээ адамдар топтолуп, тополоң болот деп айтышты эле, бирок тынч. Өткөндө өзбек менен кыргызбы, же тажиктер мененби башаламандык болуп кеткен экен. Мушташ болот деген сөз болду. Бирок азыр тынч. Негизгиси дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин саттырбай койду.

Конфликтолог-серепчи Эсен Урмановдун айтымында, эки улут өкүлдөрүнүн ортосундагы майда тирешүүлөрдү, же чоң жаңжалдарды алдын алууда мамлекеттик деңгээлде алып барчу иштер көп. “Учурда улуттук тирешүүлөрдү алдын алуу маселеси алдыңкы орунга чыгышы керек” деп эсептейт серепчи:

- Эгерде биз жаңжалдарды алдын алабыз десек байланышты оңдошубуз керек. Биринчиден, азыр эки улуттун арасындагы маалымат ачык чыгып туруш керек, анан маалыматтар жашыруун болбой бири-бирине жетип туруш керек. Сабырдуулукту мектеп, университеттерде билим берүү аркылуу улуттук азчылыктарга үйрөтүшүбүз керек. Кыргызстанда жашап аткан улуттук азчылыктар дайыма “биз – кыргызстандыкпыз” деп туруш керек. Аналитиктер мамлекеттик аппаратта, милицияда жетпей турат. Эгерде ушундай күчтүү аналитиктер болгондо биз көп жаңжалдарды алдын алат элек.

Ошол күнкү окуяда топтолгондордун негизги бөлүгүн жаштар түзгөн. Билим берүү жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Жамалидин Эшенкулов аймакта жаштар өзү демилге көтөрүп, элдик кошундарды түзө баштады. Буга мамлекеттик бийлик колдоо көрсөтүп жатат:

- Эгерде биз жаштар ушинтип жүрө берсек орду толгус нерсени кайра толтуруу өтө кыйын болуп калат. Бүгүнкү күндө биз жер-жерлерде маселени чечпесек, кийин орду толгус жоготууга учурап калабыз. Кийин кыйын болуп калат деген ойду айтып атышат.

Облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишев облустук деңгээлде ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жатканын, майда пикир келишпестикти кимдир бирөөлөр чоң чырга айландыргысы келгенин айтат:

- Үч-Коргон айыл округунда болгон окуя боюнча тиешеси бар адамдар бүгүнкү күндө укук коргоо органдарында сурак берип атышат. Ошол жерде тартипти көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Жеңиш Айдаров

настроение: Раздраженное

Z Z, 02-08-2010 19:48 (ссылка)

Коогалаң бүткөнү менен жара калды

Этностор аралык кагылышуудан бери бир айдан ашык убакыт өтсө да анын кесепеттери ушул күнгө чейин унутула элек. Коогалаңдан калган өчөшүүлөрдүн айынан кээде эки улуттун өкүлдөрү чатакташып кеткен учурлар болууда. Ошондой эле Ош шаарынын айрым тургундары ар кандай имиштерден улам үйүнөн сыртка чыгуудан кооптонуп жатышканын айтышууда.

Ал эми аймактагы тартип коргоо органдары болсо шаарда абал туруктуу болгонун айтып, эл оозунда айтылып жаткан имиштерди жокко чыгарышууда.

Токтогул районунун тургуну, 54 жаштагы Дилбар Көчкөнова Алмаз аттуу уулун издөөдө. Анын уулу Ошто тополоң бүткөндөн кийин, элдешүү болуп жаткан күндөрү үйүнөн чыгып кетип, кайтып келбей калган:

- Менин балам Ошто иштечү. Балам тополоң бүткөндөн кийин президент Роза Отунбаева келип, бүгүн эскерүү күн, элдешүү күн деп, эки эл жарашып жатканда борбордук аянтка келген экен. Ошол жерден адамдар аны көрүшүптүр. Уруш убагында, көп катары өлүп калды, ок тийип калды десем да макул эле. Тынчтык күнү, элдешүү күнү уулумдун жоголуп кетишин эмне деп түшүндүрүп бере алышат?

Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бирок Дилбар апа уулунун жоголушун, өчөшүп калган өзбек улутундагылардын иши деп эсептейт. Деген менен жергиликтүү өзбек тургундары да кыргыздарга ушундай эле айыптарды тагууда.

Оштогу маалелердин биринин жашоочусу Юлдуз Рахимова ар түрдүү имиштерден улам өзбектер дале кооптонуп жатышканын айтат:

- Учурда кыргыздар менен өзбектердин арасында пикир келишпестиктер көп. Кээде өзбектерди кармап уруп кетишүүдө. Мени деле маселен, кыргыз аялдары түртүп, кекетип кеткен учурлар болуп жатат.

Мындай майда чатактардын жүз берип жатканын Ош коогалаңын иликтөө боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев да билдирүүдө. Анын айтымында, анча-мынча чыгып жаткан мындай окуялар тополоңду дагы чыгарууну көздөгөн чагымчыл күчтөрдүн аракети. Ага жол бербөө үчүн тартип коргоо органдарынын иштерин күчөтүү зарыл дейт Абдыганы Эркебаев:

- Бизге шаардын тургундары айтып беришти. Тилекке каршы, ушундай фактылар бар экен. Кечке маал, же болбосо таксиге салып белгисиз жактарга алып кетип жатышкан экен. Абдан өкүнүчтүү. Бирок, биринчиден, ар бир адам өзүнө сак болушу керек. Экинчиден, укук коргоо органдарынын иштерин күчөтүшүбүз керек.

Ошентип коогалаңдан бери бир айдан ашса да анын кесепеттери эмдигиче унутула элек. Байкоочулардын айтымында, азыр эки улут ынтымакка келди деген менен, өчөшүп калган адамдар ар түрдүү иштерге барышууда. «Ошол себептен эки элди жараштыруу иштерин дагы да болсо уланта берүү керек» дейт серепчи Кадырберди Байгазиев:

- Июндагы коогалаңда эки улуттун өкүлдөрүнөн тең бир топ адамдар өлүп кетти. Ошондуктан азыр эки тараптын тең ачуусу күч болуп турган учур. Эми бул элдин ачуусу жарым жыл, бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Ошол себептүү азыр да элди жараштыруу иштерин улантыш керек. Сыналгы, үналгыдан, гезит, журналдардан тынбай чыгып, идеологиялык иштерди күчөтүү керек. Буга өзбек да, кыргыз да, мамлекет да кам көрүш керек.

Ал эми укук коргоо органдары учурда эки улут ортосунда чатактар болуп жатат деген сөздөрдү жокко чыгарышууда. Алардын айтымында, этностор аралык кагылышууга тиешелүү арыздар менен тополоң аяктагандан бери эч ким кайрыла элек. “Июль айында шаар боюнча 1000ге жакын кылмыш иши козголсо, анын жарымынан көбү июндагы коогалаңда болгон уурулук, тоноочулук боюнча” деп билдирет шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү.

Анткен менен шаардыктар ар түрдүү имиштерден улам, дале болсо жалгыз жарым баскандан кооптонушууда. Кечки саат бештерден кийин көчөдө жүргөндөр учурда дээрлик жокко эсе. Ал эмес айрым шаар тургундары тополоңдон бери үйлөрүнөн чыга электигин айтышууда.

Эрнист Нурматов

настроение: Пессимистичное

Z Z, 31-07-2010 13:24 (ссылка)

Орусияга көчүп кетчүлөр көп

Ош менен Жалал-Абаддагы тополоңдон кийин Орусияга жер которуп жаткандардын катары арбууда. Миграция агымынын күчөшүнө Орусиянын быйыл 1-июлдан тарта иштөөгө келгендерди мамлекеттик каттоо шартын кыйла жеңилдеткени да шарт түзүүдө.

Кеткени көп - катталганы аз

Кыргызстандын Эмгек, жайгаштыруу жана миграция министрлигинин кыргыз жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаевдин маалымдашынча, Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны жыл бою 350 миң ашуун кишини түзөт. Алардын 38 миңи патент алып, мыйзамдуу иштөөгө өтүшкөн. Өлкөдөгү окуялар миграцияга да өз таасирин тийгизди.

- Ош, мына бул окуялардан кийин Орусияга кетип аткан адамдар көбөйдү. Чынын айтканда. Анткен себеби биз темир жол станциялар менен иштешебиз, анализ кылабыз. Авиакомпаниялардан маалымат алабыз. Анан ошол бираз көбөйүп атат акыркы учурда. Өзгөчө Ош, Жалал-Абад жактан Орусияга кеткен жарандарыбыз. Бирок менин айтаарым, бул массалык түрдө жүргөн жери жок. Көбөйүп атат, бирок баары массалык көчүп кетип жатат, деген маалымат жок.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлү Владимир Филипов да кийинки кездери көчүп кетчүлөр саны арбып баратканын ырастады.

- Азыр бизге кайрылгандар көбөйүүдө. Алар аркыл маселелер боюнча, көчүрүп кетүү программасы, документтерди тууралоо, башка кеп-кеңеш сурагандар. Бирөөлөр документтерин 2 жыл илгери, башкалары 5 жыл мурун тапшырышкан. Азыр алар документтерин тууралап жатышат.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова да Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалдардан кийин жер которуп көчүп кеткендер көбөйүп баратканын айтат.

- 18 миң 600 адам чыгып кеткен болсо, ошонун 10 миң 600 адамы өзбек улутундагылар. Мобу берилген маалымат самолет менен гана чыгып кеткендер. Ал эми транспорт, машина, поюз менен кеткендер да балким бардыр. Балким чек арадан мындай өтүп кетип аткандар бардыр. Чынында эле ушул окуядан кийин Кыргызстандан кеткендердин саны көбөйдү. Ошолордун басымдуу бөлүгү өзбек улутундагылар экени чын.

Конок койдон жоош

Кыргызстандын эмгек, жайгаштыруу жана миграция министрлигинин кыргыз жарандарын чет жерде ишке жайгаштыруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаевдин ырасташынча, антип аргасыздан жер которууга мажбур болгондорго көчүп барган жеринде мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшү керек.

- Бул боюнча аргасыз мигрант болгондорду колдоо жөнүндө жобо бар. Табигый кырсык, экологиялык апаат же массалык кагылыш, калаймандын айынан жашаган жери менен ишин таштап жер которууга мажбур болгондор келген жеринде аргасыз мигрант катары эсептелиниши керек. Биздин ички миграция жөнүндөгү мыйзамдын 12-беренесинде аргасыз мигрант болгондорго мамлекет жаңы жеринде бардык колдоого милдеттүү экени көрсөтүлгөн.

Анткен менен Орусияда азырынча аргасыз мигранттарга өзгөчө шарт түзгөн мыйзам жок. Агылып көчүп баргандардын текши баары патент алып, канча киреше тапканын тийиштүү мекемелерге кабарлап туршу керек. Анын түйшүгүнөн качкандар ортомчулардын кымбат кызматынан пайдаланышка аргасыз. Иштөөгө келгендердин 10% жетпегени гана патент алып, калганы жасалма документ менен эптеп жан багып келишет. Кыйла убакыт Москвада иштеп келген Талант аттуу жигиттин айтуусунда, мигранттардын көпчүлүгү патент, мыйзамдын эреже талаптарын билишпейт.

- Кымбат дагы турат документти жасаш. 10 рублге турат. Жаңы барганда алар ал акчаны таба калбайт да. Баргандан кийин тез эле 6 айга же бир жылга жасап беришет. Бизге ошондой кылып жасап беребиз дейт эле. Андан кийин 3 айга бир айга жасагандарын 10 миңден, 8 миңден жасайт.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлү жер которууну чечкендердин арасында жалаң эле Ош, Жалал-Абад кожолуктары эмес, Бишкек менен Чүй, Көл кылаасынан деле көптөгөн үй-бүлөлөр бар экенин кошумчалады.

Бекташ Шамшиев

настроение: Безжизненное

Z Z, 31-07-2010 13:22 (ссылка)

Р. Отунбаева түштүккө барды

Президент Роза Отунбаева Ош облусу боюнча иш сапарынын жүрүшүндө улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын лидерлери менен, ошондой эле массалык тополоң окуялардан катуу жапа чеккен айылдардын тургундары жолугушуп, алардын арыз-муңун укту. Мамлекет башчысы жолугушуу учурунда эл ынтымакташып кризистен чыгып кетпесе, Кыргызстанды Чеченстанга айлануу коркунучу күтүп турганын эскертти.

Президент Роза Отунбаева Ош шаарында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жана улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү менен жолугушкан учурда коопсуздук үчүн көрүлүп жаткан чаралар, тополоңдо жабыркагандарга жардам берүү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайды жакшыртуу жаатында бийликтин аракеттери туурасында маалымат берди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, коопсуздук маселелерине токтолгон Роза Отунбаева ЕККУнун түштүк аймагына киргизилчү куралсыз полиция тобун Кыргызстан каржылабай турганын, алар тартип коргоо кызматкерлерине кеңеш берип, абалга мониторинг жүргүзүү иши менен алектенерин белгиледи.

Ош шаарында жаштар менен болгон жолугушуу учурунда өлкө башчысы июнь айындагы түштүктөгү коогалаңды атайын комиссия иликтей баштаганын, бийликти бөлүүгө аракеттенген сырткы күчтөр дале бар экенин айтты:

“Азыр биригип парламенттик шайлоого жетпесек чайналып отуруп калабыз. Анда Кыргызстан Чеченстанга айлынып калышы ыктымал. Партизандык согушка бир кадам калды,”- деди Р.Отунбаева.

Өз кезегинде жаштар ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киришине каршы болгонун билдиришти. Жаштар кыймылынын лидери Сонун Жунусбаев жаштардын артында эч кандай саясий күч жок экенин, алар ЕККУ полиция күчтөрүнүн башка да өлкөлөргө киргизилген тажрыйбасынан чочулап жатышканын айтты.

Роза Отунбаева июнь айындагы коогалаңда жоголуп, дайыны чыкпай жаткандардын туугандары менен дагы жолугушту. Дайынсыз жоголгондордун туугандары тополоңдо каза болгондорду апрель окуяларында шейит кеткендер менен тең кароо өтүнүчүн билдиришти. Алар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө коммуналдык төлөм, айрым салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү, элдеги курал-жарактарды алуу, башаламандыкты уюштурган кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу, дайынсыз жоголгондор жана каза болгондордун жакындарына компенсация берүү талабын коюшту.

Роза Отунбаева өкмөттүн толук курамы Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундарын тынчсыздандырган бардык көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышкандыгын белгиледи.

Жолугушууга президенттен сырткары вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева, ички иштер министри Кубатбек Байболов, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова, саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов, башкы прокурор Байтемир Ибраев катышты.

Канымгүл Элкеева

настроение: Подавленное

Z Z, 29-07-2010 14:53 (ссылка)

Бир өлкө, бир тагдыр, бир эл

Июнь айында орун алган Ош окуяларынан кийин эки элди ынтымакка чакыруу аракетин көрүп, айрым жаштар уюмдары жана маданият ишмерлери биргеликте иш алып барышууда.

Мисалы, кыргыз ырчысы Гүлнур Сатылганова Кыргызстанда жашаган ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакырган ырга даярдык көрүп жатса, жаш пианист Азамат Сыдыков Ош шаарында классикалык музыканын кечесин өткөрүүнү пландаштырууда. Маданият улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө канчалык салым кошот?

Буга чейин айрым интернет баракчаларда жаш блогчулар элди ынтымакка чакырган тасмаларды чыгарышкан. “Бардыгыбыз бир улутпуз”, “Мындай окуялар кайталанбашы керек” деп чакырык ташатган жаштардын тасмаларын Facebook, Мой мир аттуу белгилүү сайттардан табууга болот.

Мындан сырткары жаш активисттер “Мен Кыргызстанга ынтымак каалайм” деген жазуусу бар футболкаларды да таратышууда. Аларды кийген жаштарды азыр Бишкектин көчөлөрүнөн көп көрүүгө болот.

Учурда Гүлнур Сатылганова “Жаңыруу” аттуу ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакырган ырдын үстүндө иштеп жатат. Ыр толук бүтпөгөндүктөн эч бир үналгы жана сыналгылардан жаңыра элек. Ырдын сөзү Кыялбек Урманбетов, обону Эркин Мээркановго таандык. Ырда ынтымакка чакырган саптар бар:

Акталып баатырлардын тамчы каны,
Жапжарык келечекке талпыналы.
Элим деп жалын отту кечели биз,
Канча бир улут
Катарга туруп,
Бөлүнбөй бүтүн болсун мекенибиз.
Жерим деп кадырына жетели биз...
Канча бир улут
Катарга туруп,
Бек болсун мекенибиз.


Ырдын идеясын “Демилге” кыймылынын мүчөлөрү ойлоп таап, Гүлнур Сатылгановага сунуш кылышкан. “Демилге” кыймылынын мүчөсү Улан Шабынов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бардыгыбыз Кыргызстан жаңырсын деп тилек коюп жатпайлыбы. Гүлнур Сатылгановага сунуштаганыбыздын себеби ал элге жакшы жеткире ырдап, элдин ой-пикирине таасир эте алат. Башында бул ырды кыргыз-өзбек биригип ырдап чыксын деп ойлогонбуз. Анан кайра Кыргызстанда жашаган ар улуттун өкүлдөрү чогулуп ырдаса, биримдик, достук, ынтымак жакшы чагылдырылат эле деп ойлодук. Анткени бардык улуттун өкүлдөрүнө таасир калтырышы керек. Бул ырдын үстүндө азыр иштеп жатышат.

Ырдын аткаруучусу Гүлнур Сатылганованын айтымында, искусство, музыка аркылуу адамдарга көп нерсени жеткирсе болот. Анткени музыка – бул өзгөчө тил:

- Элди, ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакырган ыр. Мындай учурда чыгармачыл адамдардын колунан эмне келет? Ынтымакка, достукка чакырган ырларды элге жеткирүү менен жардам бере алат экенбиз. “Сиз ырдаңыз” деген сунушту укканда абдан чоң жоопкерчиликти сездим. Ырдын сөзү даяр. Музыкасынын үстүнөн иштеп жатабыз.

Адистердин айтымында, бардык эле адамда интернетти колдонууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептүү маданияттын кайсы гана тармагы болбосун улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы чоң.

Жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдрасулованын айтымында, маданият аркылуу ынтымакка үндөгөн иш-чараларды жүргүзүүдө кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Анткени Кыргызстанда да болобу, Өзбекстанда болобу элге таасир эте алган чыгаан маданият ишмерлери аз санда:

- Мен азырынча көрө албай жатам, маданият аркылуу элди кантип ынтымакка чакыра алат? Бул оңой иш эмес. Анткени эки элде тең Чыңгыз Айтматов өңдүү элге таасир эте алган искусство адамдары аз. Ал эми бул иш-чараларды ар ким өз улутунда, кыргыз кыргызга, өзбек өзбекке чыгып сүйлөп өткөрө турган болсо анда эч кандай жыйынтык бербейт.

Ал эми укук коргоочу Изатулла Рахматуллаевдин айтымында, Ош жана Жалал-Абадда өзбектер башка, кыргыздар башка болуп бөлүнүп жашап жатышат. Аларды бириктирип турган азыр эч нерсе жок:

- Эки элди чогултуп ар кандай иш-чараларды өткөрүп турушса жакшы эле болмок. Эки элдин ортосунда жылуулук пайда болмок. Аларды бириктирип турган азыр эч нерсе жок калды. Базар да жок. Жок дегенде базар бар болсо эки эл бири-бирине көзү түшүп, мурдагы жашаган жакшы кездеги жакындык пайда болмок.

Эки элди ынтымакка чакыруу аракетин өз алдынча көрүп жүргөн жаштар бар. Алардын бири – Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков Ошто классикалык музыканын кечесин өткөрүүнү пландаштырууда. Анын ою боюнча, искусство, классикалык музыка – эки элди жараштырчу көпүрө. Себеби сөз менен айталбаган нерселерди музыка аркылуу берсе болот. Классикалык музканын тили бардыгына тааныш:

- Маданият байланышы бул бекем байланыш. Муну сел жууп кетпейт же болбосо эч кандай согуш алып кетпейт. Ошон үчүн бүгүнкү күнү маданият гана эки элди бириктирип, Оштогу абаны тазалайт деп ойлойм. Бул абдан маанилүү. Биз Бишкекте жашап, Ошто эмне болуп атканын билбей жатабыз. Мен чоң иш деле жасай албайм, үйлөрдү кура албайм, өтүп кеткен кишилерди кайтарып келе албайм. Бирок, мен ойлойм, искусствонун күчү абдан зор. Көп артисттер коркпостон Ошко барып элдин биримдиги үчүн ойнойм десе жакшы үлгү болмок. Ошко кыргыз, өзбек элинин аксакалдарын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чакырып, сабырдуулукка музыканын күчү менен чакырып, өзүмдүн кичинекей болсо да салымымды кошоюн дегем.

Эскерте кетсек, буга чейин да Кара-Суу, Сузакта, Ош жана Жалал-Абадда элдешүү жөрөлгөсү өткөн. Анда кыргыздар жана өзбектер элдешүүнүн каада-салтын жасап, бири-бирине чапан жаап, калпак жана топу кийгизип тарашкан эле. Ошондой эле ушул айдын башында жаш активисттер Кыргызстандын түштүгүнө барып, гүл отургузуп, “Биз Ошко тынчтыктын үрөөнүн себебиз” деген акцияны өткөрүшкөн.

Жаркын Аманова

настроение: Оптимистичное

Z Z, 29-07-2010 14:50 (ссылка)

Ош: “Бири кетти Эренге, бири кетти Тереңге”

Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь коогалаңынан кийин Оштон өлкөнүн башка аймактарына жана чет өлкөлөргө оогондордун саны арбыды.

Муну журт которгондор калаадагы ири базарлардын жабылышы, жумушсуздуктун күчөшү, ошондой эле коопсуздук маселесинин курч тургандыгы менен байланыштырып жатышат. Ошол эле учурда шаар жетекчилиги кабатырланууга негиз жоктугун билдирүүдө.

Ош шаардык миграция комитетинин билдиришинче, июндагы этникалык кагылышуудан кийин шаардан жыйырма миңдей адам Орусиянын Москва, Красноярск, Екатеринбург, Новосибирск калааларына иш таап, учуп кетишкен. Мындан тышкары унаа жалдап Бишкек аркылуу чет өлкөлөргө жылгандар да бар, бирок алардын так эсеби жок. Орун которгондордун басымдуу бөлүгүн өзбек улутундагылар экендиги маалымдалууда. Орусияга жол тарткандардын бири Рахима Ибрагимова буларды айтты:

- Эми бул жерде жашоо кыйындады. Көчөгө чыксаң эле уруп атышат. Ошондуктан бардыгы Оштон жылганга аракет кылышууда. Албетте мекендештерибиз чекесинен жаман дегенге ооз барбайт. Арасында жакшылары арбын. Ошентсе да өзбектердин аймакта жашоосунун келечеги жок өңдөнүп калды.

Ош шаарынын дагы бир жашоочусу Аксамаай Толкунбекова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп Казакстанга журт которуп жаткандыгын ачыктады:

- Кээ бир аймактар дале коркунучтуу. Киргенде атып, коркутуп аткан экен. Бейпилдикти камсыз этпегендиги үчүн биз бийликтегилерге нааразыбыз. Булар референдумдан кийин тигинин мэрин алмаштырсак, эртең муну которуштурсак деген болбогон жумуштар менен алектенишүүдө. Булардын максаты эптеп тууган-уруктарын жана жакындарын бийликке жайгаштыруу болуп калды өңдөнөт.

Аксамаай Толкунбекова жаңы бийлик эл камын жебестен мурдагы бийликтин жолуна түшүп, коррупциялаша баштагандыгын кошумчалады.

Айрым маектештерибиз Ош коогалаңында талкаланган же өрттөлгөн ири базарлардын жабылышы да жумушсуздукту күчөткөндүгүн, мунун айынан калктын калың катмары, айрыкча жаштар башка өлкөлөргө жумуш издеп көбүрөк агылышкандыгын белгилешти.

Ошто жашаган Чынара Балтабаеванын айтымында, массалык башаламандык учурунда өрттөнгөн борбордук базарда кеминде он-он беш миң киши эмгектенчү. Ушу тапта жергиликтүү бийлик аны биротоло жаап, бул жердеги соодагерлерди шаар чекесиндеги Батыш базарына мажбурлап көчүрүп жатышат.

- Бул жерде жыйырма жылдан бери оокат кылабыз. Ошончо жыл бою шаардын бюджетин үзгүлтүксүз толтуруп келдик. Эми эч ким менен кеңешип-таңашпастан бизди чилдей таратып жатышат. Менимче, ар жактарга бөлүштүрүшөт экен. Жаңы ордубузду эбак менчиктештирип алышыптыр. 11-июндагы коогалаңда товарларыбыз бүт таланып-тонолуп, өрттөлгөн. Баарыбыз банктарга карызбыз. Бизди эми Батыш кичи районундагы таптакыр шарты жок жайга көчкүлө дешүүдө. Ал жерде кантип отурабыз?

Кыдырып жүрүп шаардагы чакан базарлар демейдегидей эле иштеп жаткандыгын байкадык. Алардын бири – унаа тетиктерин саткан жайга баш бактык. Соода түйүнүнүн башчысы Равшан Мурзаманов буларды айтты:

- Чекесинен ачып жатабыз. Тетик базарынын 80 пайызы иштеп атат. Мурдагыдай четтен бөлүктөр түшө элек, бирок колдо бар болгону сатылууда. Наркын көтөргөн жокпуз. Тополоңго чейинки баасы калтырылды. Мисалы, ТИКО унаасынын дөңгөлөгүн адаттагыдай 1200-1300 сомдон, чоңураактарын жана жаңысын 3 миң сомдун тегерегинде сатып жатабыз.

Ош шарынын вице-мэри Абдырахман Жолдошалиев коомдук-саясий кырдаал турукташып бараткандыгын айтып, калаа тургундарынын дооматтарын четке какты:

- Ош шаарында расмий маалыматтарга таянсак, 260 миң, ал эми бейрасмий булактардын эсебинде 500-600 миң калк жашайт. Улуттук курамына үңүлсөк, кыргыздар элүү пайыздан ашыгыраагын, өзбектер кырк пайыздын тегерегин түзөт. Калгандары жергебизди байырлаган башка улуттун өкүлдөрү. Бүгүнкү күндө элибиз тынчтыкта жана биримдикте жашап жатышат. Массалык түрдө көчүп жаткан эч ким жок. Бирок биздин шаардын тургундары өзбектер жана кыргыздар Орусияга же Казакстанга жылда барып иштеп келишет. Азыр деле ошол процесс кайталанууда. Андан трагедия жана чуу жасоонун кажети жок. Туура, мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл сыртка агылгандар кичине көбүрөөк болушу ыктымал.

Абдырахман Жолдошалиев айрым дүйнөлүк бир катар уюмдар жана массалык массалык маалымат каражаттары оштук мигранттар туурасында апыртып жазып жатышкандыгына жердештери нааразы экендигин билдирди.

Алишер Токсонбаев

настроение: Апатичное

МАМЛЕКЕТ ЖОК БОЛБОСУН КУДАЙЫМ ОЗУ КОЛДОСУН

Урматуу окурман ушул текстти толугу менен окуп чыгып озунуздун
пикиринизди жазыныз, Бул ар бир Кыргыз жараанына тийешелуу, Алакандай
болгон Касиеттуу Кыргыз жерине коз тийдиби Ала-Тообуз канга бойолду,
Мамлекетибиз биздин жардамга муктаж болуп турган кербези, Биз Кыргыз
патриоттору мамлекетибиздин онуп осушуно оз салымыбызды кошуубуз керек
Келечек биздин колубузда ,Биз жаштар елибиздин жашоосуна кайдыгер
карабообуз зарыл, Бул кылым каарыткан Кыргызстаныбызда  Биздин
Ата-Бабаларыбыз жашап келди биз жашап жатабыз биздин небере
чеберелерибиз жашайт ,Бизден кийинки муундарыбыз жакшы жашоосу учун биз
аларга жакшынакай шарт тузуп беруубуз керек, Ата -Бабаларыбыз кылымдан
кылымга топтоп асырап биз урпактарына чогулткан бар байлыгыбызды 20
жылдын ичинде боксортуп бутушту , Бар кен байлыктарыбыздын оозурун чет
олколуктор коруп жатышат, Биз Кыргыз жаштары Манастын урпактары
Биргелешип Мамлекетибиздин казынасын толтурушубуз керек  тактап айтканда
келечек муундарыбыздын жакшы жашоосу учун шарт тузуп беруубуз керек, ар
бирибизде патриоттук сезим болуу керек, Мен Кыргызмын деген созду
сыймыктануу менен айтуубуз керек, БИЗ ЖАШТАР Мамлекетибизде чындык окум
суруусу учун курошушубуз керек,Егер биз баардык Кыргыз патриоттору
биргелешип иш кылсак АЛА-ТООбуз тез еле онугуп бутуна туруп кетет, Арбир
Кыргыз жараны Мамлекет мага емне кылып берди дебестен Мен мамлекетиме
Касиетуу Кыргыз жериме емне кылдым деген сурооду озубузго берип жашообуз
керек,Кыргыз деген атка татыктуу бол Кыргызым, ЭЙ Кыргыз атуулдары
мамлекеттин тагдыры сенин колунда, Мамлекеттин осуп онугуусуно сен гана
салым кошо аласын, Ата-Бабам енсеп келген егемендуу кыргыз жерин
козубуздун карегиндей сактообуз керек,Кагылайын калайык калк Кайсыл
жерге барбайлы Кайсыл жерде жашабайлы биздин мекенибиз КЫРГЫЗСТАН бул
касиеттуу бейиш сымал Ала-Тообузга кимдин гана конулу бурулбайт Мындай
кооз жерлерде кимдер гана жашагысы келбейт ААлам суктант Айланасы
монгусу кетпеген Ала-Тоо Ортосунда ЫССЫК - КОЛ деги айтсан тугонгус кооз
жерлер коп,Демек биз Бейиштин торундо туулганбыз Биз сыйктанышыбыз
керек , Ата-Бабаларыбыз биз урпактарына кантип откозуп берсе Бизда
кийинки муундарыбызга Мынданда жакшы кылып откозуп беришибиз керек ,
Кыргыз деген атты сактап калуу учун биздин Ата-Бабаларыбыз канын тогуп
жанын берип сактап келген ,Мына еми убакыт бизге келди Биз КЫРГЫЗ
патриот уул кыздары Биргелешип Мамлекеттуулугубузду сактап калайлы
чындык учун курошолу, Мамлекетке тушкон акчаны есептелуу адамдардын
чонтогуно тушурбостон Калайык калкка  тегиз пайдасы тийуусу учун
курошолу, Мен сага ишенем сен оз елиндин жашоосуна кайдыгер карай
албайсын себеби Кыргызстан сенин АТА МЕКЕНИН жана сен ал касиетуу жерде
туулуп остун , Мамлекет жаштардын колунда, Айта кетчуу нерсе ЕНЕ ТИЛИН
БИЛБЕГЕН ЕЛИН СУЙУП ЖАРЫТПАЙТ дейт емеспи Айланайын боордошторум биздин
мамлекеттик тилибиз Кыргыз тили болот ,Кыргыз тили нечен кылым каарыткан
тил, Бул тилде Манас атабыз Курманжан енебиз суйлоп келгент тил Биз
алардын урпактарыбыз демек бизда Кыргыз тилин Абайлап асырап Келерки
муундарыбызга откозуп беришибиз керек екендигин унутпашыбыз керек Бул
Мен Кыргызмын деген инсандын ар биринин милдети ,Биз акыркы учурда
Кыргыз деген атка так кетирип тилибизди унутуп динибизди алмаштырып Орус
же Озбек болоюн деп еле калдык, ылайм Кудайым анын бетин ары кылып
елибизге ыйман напси бере корсун, Кыргыз болуп туруп ене тилинде суйлой
албаган Кыгыздары турмушта коруп жатабыз,     МЕН Оруча же Озбекче такыр
суйлобош керек дегенден алысмынб Мен Кыргыз тилинин жок болуп
кетуусунон корком,Елибиз бактылуу жашамайынча Сен жана Мен еч качан
бактылуу жашай албайбыз, УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШ кел ушул убакыттан баштап
Мекенибизге оз салымыбызды кошо баштайлы келечек муундарыбызга кен ачык
жол ачып берели чындык учун курошолу,Мамлекетибиз жок болбосун кудайым
озу колдосун,///Киндик канын токкон жерден аянба/// Конул буруп
окуганынызга чон рахмат  Аллам ыраазы болсун , Урматым менен  Бектур
Кадыров

Z Z, 03-07-2010 17:04 (ссылка)

Роза Отунбаева президенттик кызматка киришти

3-июлда Бишкекте Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Роза Отунбаеванын кызматка киришүү салтанаты өттү. Жаңы президент эл алдында президенттик антын берип жатып, ага берилген бир жарым жыл ичинде акыйкат коомго чыйыр салууга, өлкөдө адилеттүү башкаруу системасын түптөөгө бүт кудурет-күчүн жумшай турганын билдирди.

Жаңы президенттин кызматка киришүү салтанаты Улуттук филармонияда өттү. БШКнын төрагасы Акылбек Сариев Роза Отунбаевага президенттик күбөлүгүн жана штандарт менен төш белгисин тапшырды. Роза Отунбаева Конституцияны кармап президенттик антын берди.

Андан кийин эл-журтка кайрылып сөз сүйлөп, ага берилген бир жарым жыл убакытта адилеттүү башкаруу системасын түптөө башкы милдет озуйпасы экенин жар салды.

- Биздин саясат - элдин социалдык мүдөөсүнө багыт алган саясат болушу керек. Ал үчүн – элдик бийлик элге гана иштеши зарыл! “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген көөнөргүс ылакап менин президенттик урааным болуп калат. Азыркы экономикалык, саясый , тарыхый жагдайды эске тутуу менен курулай кыялдардан алыс болуп, элге, жерге жакын сөздөрдү сүйлөйүн. Эртең асмандан айды алып берем, бүрсүгүнү майкөл-сүткөл кылам деп, орундалбай турган убадаларды бербейм. Мен , Исак кызы Роза Отунбаева, акыйкат коомго чыйыр салууну, өлкөдө адилеттүү башкаруу системасын түптөөнү бир жарым жыл ичинде аткара турган Президенттик озуйпам деп билемин. Ал озуйпамды орундатууга бүт кудурет-күчүмдү жумшамакчымын,-деп сүйлөдү мамлекет башчысы.

Роза Отунбаеванын инаугурациясы ашыкча шаан-шөкөткө бөлөнгөн жок, жупуну өттү. Өлкө калкынын Ош жана Жалал-Абаддагы жаңы эле тынчыган кан тополоңдогу адам курмандыктарына кабыргасы сөгүлүп турган кези. Түштүктөгү кырдаал али морт, эки чоң шаарда, бир катар райондордо коменданттык саат иштеп жатат. Убактылуу өкмөт тополоң окуялардын себептерин териштирип, кесепеттерин жоюнун үстүндө иш алып барууда.

27-июнда болгон референдумда элден колдоо тапкан Конституция боюнча Кыргызстанда президенттин бийлиги чектелип, негизги бийлик парламенттин колунда болот. Ошол референдумда Конституция менен кошо кабыл алынган Баш мыйзамды ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык Роза Отунбаева бир жарым жылга президент болуп шайланды. Ошон үчүн расмий аталышта ал өткөөл мезгилдин президенти деп айтылат.

Президент мыйзамдуулукка кепил болуп күзүндө парламенттик шайлоону таза жана акыйкат өткөрүп бериши керек. Шайлоодо утуп чыккан саясий күчтөр күзүндө жаңы өкмөт курап, мамлекет легитимдүү бийлик бутактарына ээ болушу керек. Президенттик шайлоо келерки жылы өтөт.

Ошондуктан Роза Отунбаеванын негизги милдети – шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыз кылып берүү,- дейт “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов:

- Жаңы шайланган президент Роза Отунбаева эки-үч айга техникалык өкмөттү түзүшү керек. Эң негизги милдет – алдыдагы парламенттик шайлоолорго коопсуздук жана башка шарттарды түзүп берүү. Албетте, Ош жана Жалал-Абадда үйлөрдү салыш керек, кышка даярданыш керек. Айыл чарбада бир топ иштер бар, ошонун баарын саясатташтырбастан технократ министрлерди дайындап, Кыргызстандын баарысы шайлоо менен алек бололу. Роза Отунбаевага мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Анткени ал элдик ишенимге ээ.

Роза Отунбаева Кыргызстанда эле эмес КМШ өлкөлөрүндө биринчи шайланган аял президент. Буга чейин эки мырза президенттен көңүлү калган кыргыз калкы чоң үмүт менен бул сапар аялдардын чыгаан ишмерине ишеним көргөзүп отурат дейт белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев. Анын айтымында, аялдардын акылмандык, жолбашчылык сапаттарын таануу, баалоо кыргыздын өзүнүн улуттук маданиятына, нарк-салтына шайкеш чечим болуп саналат:

- Бая "Манаста" айтылгандай, "үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, үйдө жүрсө от башы, сыртка чыкса топ башы" дегендей, кыраан Каныкей энебиздин сиңдиси - Розабыз - кыргыз эли үчүн кан-жанын берип, отко-сууга түшүп, иштеп берем деп антын берип отурат. Мурунку ажолорубуз анттарын аткарбай кетти. Эми үчүнчү президентибиз антына бекем туруп, асмандан түшкөн куттай кыргыз элине жакшылыгын берсин. Ылайым ушунубуз кут болсун!

настроение: Надеющееся

Z Z, 24-06-2010 11:27 (ссылка)

Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды

23-июнда Ош шаарында күч органдары жүргүзгөн тинтүү операциясы учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, өзбектердин маданий борборунун жетекчиси Жалалидин Салахутдиновго таандык “Ошкрастекст” ишканасынын кеңсесинен курал-жарак, ок-дарылар табылды. Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов “Азаттыкка” бул факты боюнча учурда тергөө амалдары башталып, иликтенип жатканын билдирди.

Республикалык өзбек маданий борборунун төрагасы Жалалиддин Салахутдинов курал-жарак табылган “ОшКрастекс” ишканасы анын өзүнө таандык экенин ырастап, бирок анын кеңсесине ок-дарыларды жана түрдүү курал-жактарды күч органдары атайылап таштап, чагым уюштуруп жатат деп “Азаттыкка” билдирди.

Эки күндөн бери Ош жана Жалал-Абад облустарында күч органдары шектүү жайларды текшерүү, тинтүү операциясын жүргүзүүдө. Бир күн мурда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы текшерүүнүн натыйжасында жыйырма чакты көзгө атар кармалганын, ошондой эле курал-жарактар, жардыргыч заттар, маңзаттар табылып жатканын билдирген. Оштун өзүнөн жардыргыч салынган 42 идиш табылган, ошондой эле жардыргыч заттары бар эки машина менен беш киши кармалган. Алар теракт жасоого аракет кылган деп шектелүүдө. Ош шаарында бүгүн жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө шектүү жайлардан 19 атуучу курал, башына мыктар кагылган таяктар, ок-дарылар алынды.

УКМКнын маалыматына караганда кармалган көзгө атарлардын жетөө чет элдиктер. Тергөө иштери жүрүп атканына байланыштуу укук коргоо органдары колго түшкөн көзгө атарлар кайсы мамлекеттин жарандары экендиктерин айтпай жатышат.

Укук коргоо органдары 11-13 июндагы тополоң күндөрү уюшкан топтор милиция бөлүмдөрүн, аскер бөлүктөрүн басып алып, жүздөгөн ок атуучу куралдарды тартып алышкан фактылар болгонун билдирүүдө. Азыр эми ошол куралдарды түшүндүрүү иштери менен дагы, айрым кооптуу жерлерди тазалоо-тинтүү жолдору менен кайтарып алуу аракеттери көрүлүүдө.

Экинчи жагынан коңшу өлкөгө өтө качкан адамдар кайра кайтып келе баштады. Кыргыз чек арачылары качкындар абдан көп болуп жаткандыктан, айрымдарын эч кандай документи жок эле өткөрүп жатышат. ВЛКСМ айылында чек ара постунда документи жок экенине карабастан качкындар өткөрүлүп жатканын бул жердеги чек ара аскерлеринин башчысы Бусурманкул Турганбаев "Кабар" агенттигине билдирген. Ошондуктан мындай көпчүлүктө учурдан пайдаланып, качкындардын кейпин кийген экстремисттик күчтөрдүн өлкөгө кирип кетиши ыктымал деген кооптонуулар айтылууда.

Ошол эле учурда облустагы айрым аймактарды куралсыздандыруу жана тартипке келтирүү операциялары учурунда, айрым жоокерлер адамдарды уруп-сабоо, кээде тоноого чейин барышканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Ош облусунун комендантынын орун басары Замирбек Молдошев «Азаттыкка» ушундай арыз-дооматтар болуп жатканын белгилеп, андай фактылардын үстүнөн прокуратура органдары иш алып барып жатканын билдирди.

Укук коргоочулар дагы атайын операциялар учурунда карапайым элге зордук-зомбулук көрсөтүү көрүнүштөрү болуп жатат деп күч органдарынын аракеттерин сынга алып жатышат.

настроение: Взбешенное

Z Z, 24-06-2010 11:26 (ссылка)

Кыргыз-өзбек жарашууда

Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырыспай Абдраимов кыргыз-өзбек чек арасындагы качкындардын абалын көрүп, алардын ой-пикирин угуп кайтты. Качкындардын алды кайтып келе баштады, калгандарынын дагы кайтуу ниети бар, бирок дагы эле коркуу сезими кете элек. Алар өлкөдө тынчтык орнотууну, чагымчыл күчтөргө бөгөт коюну, үй-жайы өрттөнүп талкалангандарга жардам көрсөтүүнү мамлекеттен талап кылышууда.

- Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сузак районуна караштуу Арык деген айылынан кайттым. Кыргызстандан ал жакка качып барып, кайткан адамдардын өзүнүн маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө төрт жарым миңге жакын адам кайтты. Ал эми качкындар менен маектешкенимде, алар Кыргызстан тарапта абал калыбына келип жатканын угуп, кечээ аларга облустук губернатор (Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов) баргандан кийин жакшы маанай түзүлгөндүгүн билдиришти.

Ошондой эле айрым качкындардын үйлөрүнүн өрттөлгөнүнө байланыштуу мамлекет аларга камкордук көрүп, андан тышкары Кыргызстанда тынчтыкты калыбына келтирсин, ошондой эле улуттар арасында эч кандай чыр-чатак болбосун, элдерди бөлүүгө ажырым салбасын деген талаптарын айтышты.

Ошол жерде турган Сузак районунун дарыгерлери өз жардамын кылып, дары-дармектерин берип турушат. Ал эми ошол эле чек арада эл аралык дарыгерлер уюму Өзбекстандан кайтып келаткан качкындарга дары-дармек менен суусундуктарды таркатып турушту.

Көпчүлүк адамдарды кайтарыш үчүн Жалал-Абад облустук бийлиги маршруттук таксилерди да уюштурган. Дал ушул сааттарда мен алган маалыматтар боюнча, кыргыз-өзбек чек арасынын Базар-Коргон районуна караштуу Сейди-Кум айылында райондун акими Кубатбек Артыковдун маалыматы боюнча, миңге жакын качкын турат, ал эми башка бейрасмий маалыматтар боюнча 3-4 миңге жакын качкындар болушу мүмкүн.

- Сиз качкындар менен жолугушуп сүйлөшүптүрсүз, кайра ушундай окуялар кайталанып кетет деген кооптонуу барбы?

- Качкындар дагы, башка адамдар дагы коопсуздугуна кабатырланууда. Анткени кандайдыр бир ар бир адамда коркуу сезими дагы эле үстөмдүк кылууда. Ошол коркууну жоготуш үчүн мамлекеттик уюмдар, коргоо уюмдары жакшынакай элди кайтарып, коопсуздугун камсыз кылсын деген ойлорун айтышты.

Буга чейин Базар-Коргон райондук акимчилиги менен элдик кошуундун өкүлдөрү Базар-Коргон районунда элдештирүү акциясын өткөрүштү. Анда кыргыз-өзбек улуттары 14 адамга ак калпак, ак чепкен кийгизишип, жакшынакай тамак берилип жараштыруу келишимине келишти.

Мындан ары ар кандай коопсуздуктарды келтирбеш үчүн, элдин кыжырын келтирбеш үчүн өткөн окуяларды кайра-кайра козгобой, унуталы дагы тынчтыкка карай өкүм сүрөлү, мындай жөрөлгөлөрдү ар бир айылда өткөрүп, көчө комитеттерин түзүү менен тынчтыкка гана үндөп, элди жакшылыкка үндөйлү деген ниеттер айтылды. Ошондой эле базаркоргондуктардын Кыргызстан калкына тынчтык сактап калууну үндөгөн кайрылуулары болду.

настроение: Оптимистичное

Z Z, 18-06-2010 16:43 (ссылка)

Ош окуялары: Күбөлөрдүн көз&#11

Кыргызстанда түштүктөгү соңку окуялар боюнча аза күтүү уланууда. “Азаттык” радиосу Оштогу тополоң башталган алгачкы сааттарда эмне болгону тууралуу жаатташкан эки тараптын тең өкүлдөрүнүн ойлорун уктурууну туура көрдү.

Акылбек (Ош районунун тургуну): “Мен тополоң башталган 10-июндун кечинде үйдө ДВДден кино көрүп отургам. Бир эле учурда түнкү 12:30дарга жакын мечиттен азан айтылып калды. Акыркы куптан намазы өтө эле кечикти дегенде саат 10дордо окулат, ошондуктан буга таң калдым. Андан ары өзбектер чогулуп, ызы-чууга түшүштү, шаардагы эки ири мечитке чогулууга чакырыктар айтылганын уктум. Анан түнкү саат бирлерде асманга салют атылды, шаарда фейерверктер жанды. Адамдар чуулдап кыйкырышкандары угулду, чабуул кое башташты. Менин бир агам өзбектердин районунда жашачу. Мен ага муну эскертейин деп, телефон чалдым. Ал: “Иним, биз уктай албай жатабыз. Биз жакта өзбектер көчөдө “Буродарлар, туриңлар!” деп кыйкырып жатышат. Бул жакта өзбектер ызы-чуу салып, тополоң башташты. Мен балдарымды тез арада айылдан башка жакка алып чыгып кетпесем, аларга коркунуч бар”, - деди. ХБКда Барпы атындагы мектеп бар. Ал ошол мектептин жанындагы жаңы курулган үйлөрдүн биринде жашачу. Андан ары Ош районундагы Жийдалик, Ешлар деген көчөдөн, “Сулайман-Ата” базары тараптан өзбектер келип, районду ээлеп калышты. Борбордогу кийим базарына чогулуп, музыка коюп, кыйкырып башташты. Бул жөнүндө мага ошол жерге жакын үйлөрдө жашаган карындашым айтты. Алар үн күчөткүчтөр менен сүйлөп: “Кыргыздар, башыңарды терезеден чыгарбагыла! Өлтүрүп салабыз!”, - деп кыйкырышкан экен”.

Гүлчехра (Ош районунун тургуну): “Мен ошол окуялар башталган түнү Ош районундагы атамдын үйүндө болчумун. Түнкү 12:00 чамасында көчөгө 200-300дөй жаш жигиттердин тобу чыгып: “Максим!, Максим!”, - деп кыйкырып жатышты. Ал жерде “семиэтажка” деген үй бар. Ошол аймактагы машинелерди, “Мухорам” деген дүкөндү өрттөштү. Ошонун жанында кыргыздардын “Мээрим” деген ресторанына тийишкен жок. “Мухорам” күнү-түнү иштеген азык-түлүк дүкөнү болчу. Анын айнек-терезелерин бир паста сындырып, өзбек балдарды өлтүрүүгө өтүштү. Курсактарына темир сайып, канын бетине шыбап жатышты. Түндө биз алардын бетине кан сүйкөп жатканын кайдан көрдүк? Ал жерде чоң-чоң машинелердин фараларын күйгүзүп коюшкан эле. Ошондон көрдүк”.

Дагы бир өзбек аксакалы окуя кантип башталганын 11-июнда түштөн кийин мындайча сүрөттөдү: “Кечээ кечинде саат 9:30дарда төрт өзбек менен кыргыз жаштары уруша кетишкен. Ошонун айынан чыккан улуттар аралык жаңжал азыр да уланып жатат. Шаарда өзбектерге тиешелүү көптөгөн мүлктөр өрттөлдү. Өлгөндөр бар, жаракат алгандар бар. Азыркы убактылуу өкмөт абалды толугу менен көзөмөлгө ала албай жатат”.

Турат, 20 жашта: “Менин оюмча, бул окуялар баары Кадыржан Батыровдун провокациясы менен болгон Жалал-Абаддагы уруштан башталды. Ал окуялардан кийин Оштогу өзбектер махалла-махалла болуп, чогула башташкан. “Эмнеге чогулуп жатасыңар?”, - десек, “Биз өзүбүздү коргошубуз керек”, - деп, өткөн-кеткен машинелерди токтотуп, айрым жерлерде кыргыздарды урушкан. Ал деле ошол бойдон токтоп калган эле. Кийин алар кайра чогулуп, Конституцияны талкуулап, мечиттерде жабык жыйындарын өткөрө башташты. Азыр биз Ак-Тилек айылынын үстүндөгү өзбек махалласына барып келдик. Ал жактан өзбектер там-жайларын таштап, качып кетишкен. Үйлөрдө куралдардан калган толтура ок, узун таяктардын учтарына байланган бычактар жатат. Булар алдын ала даярданганы билинип турат. Бир да кыргыз мындай уруш чыгып кетет деп күткөн эмес. Окуя башталган учурда түнкү 12:00 чамасында шаар боюнча асманга салюттар атылган. Ошондо алар чабуулду башташты. Кыргыздардын үч ресторанын да ошол түнү өрттөп жиберишти. Жатакана-мейманкаларга чабуул коюп, кыздарды зордукташкан. Анан эртеси күнү биз аларга чабуулга чыктык”.

(Күбөлөрдүн ысымдары өзгөртүлгөн - ред.)

Төрөкул Дооров

настроение: Безжизненное

Z Z, 18-06-2010 16:41 (ссылка)

Роза Отунбаева Ошто

Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева кандуу тополоңдон жабыркаган Ошко барып, ооруканаларды кыдырып, жабыр тарткандардын ал-абалы менен таанышты, арыз-муңун укту. Шаар тургундары убактылуу өкмөттүн жетекчисине барымтада жаткан адамдарды бошотуп алуу, өзбек маалелериндеги тосмолорду алуу, өзбектердин колундагы куралдарды жыйнап алуу, гумжардамды туура бөлүштүрүү жөнүндо талаптарды коюшту.

Кабарчыбыздын айтымында, борбордук аянтка чогулган үч жүзгө жүзгө жакын адамдар Роза Отунбаевага жолугуп, барымтада жаткан адамдарды бошотуп алууга чара көрүүнү, өзбек маалилериндеги тосмолорду алып салууну талап кылышты. Ошондой эле чогулгандар милиция жана аскер күчтөрү куралдардарды жалаң гана кыргыздардан жыйнап, өзбек тарапка кире албай жатканын айтышып, өзбектердин дагы колундагы куралдарды жыйнап алуу зарыл дешти.

Ошко келип жаткан гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө көп кемчиликтер болуп жатат деген нааразылык да айтылды. Чынында эле Ошко тонналаган азык-түлүк жеткирилип жаткан менен көп адамдарга жардам жетпей жатат деген нааразылыктар көп болуп жаткан.

Роза Отунбаева эки күндүн ичинде өзбектерден дагы курал-жарактар жыйналып, маалелердеги тосмолор алынат деп айтты. Тосмолорду өзбектер өз ыктыяры менен алып салбаса, анда аларды күч менен ачууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов билдирди.

- Өзбек маалелеринде кыргыз аскерлерине ишеним жок. Мен бүгүн өзбек айылдарында жашаган бир катар досторум менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Аларда бизди дагы атышат деген бир топ чочулоолор бар экен. Ошондуктан алар өрттөлгөн машине, кыйылган дарактар менен бекинишип, эч кимди киргизбей жатышат. Кыргыздарды барымтага алуу аракеттери байкалууда,-дейт кабарчыбыз Жанарбек Акаев.

Ош областынын коменданты Өмүрбек Суваналиев маалымат каражаттарына шаардагы кыргыздар жана өзбектер барымтадагы адамдарды өз ара алмашууга киришкенин билдирди. Канча адам барымтада жатканы жөнүндө эч ким так билбейт, процесс чаржайыт жүрүүдө.

настроение: Апатичное

Z Z, 18-06-2010 16:40 (ссылка)

Уусу күчтүү улут аралык жаңжал

Кыргызстанда өтө каргашалуу окуя орун алды. Улут аралык жаңжалда жүздөн ашык адам мерт болуп, жүздөгөн качкындар пайда болду. Туруктуулук камсыз болбогону үчүн атайын кызмат жана тартип коргоо органдары сынга алынууда. Сын канчалык негиздүү?

Адистер ар кандай конфликттер ичинен улут аралык жаңжалдын акыбетинин айтып бергистигин белгилеп келет. Дүйнө тарыхында мындай кагылышуулар аз эмес катталган.

Кыргызстанда эң ири улут аралык жаңжал 1990-жылы 4-июнда Ош жана Өзгөндө чыккан эле. Ал жаңжал СССРдин аскерлеринин жардамы менен бир нече күндүн ичинде басылган.

Кандуу окуя туура жыйырма жылдан кийин Ошто, Жалал-Абадда чыкты.

2009-жылы июль айынын башында Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу районунда уйгурлар менен кытайлардын ортосунда кагылышуу болуп, Бээжин бир нече күндүн ичинде жаңжалды араң баскан. Дүйнөдөгү экинчи ири мамлекет катары саналып келаткан Кытай үчүн да улут аралык жаңжалды басуу оңой болбогон.

Кытай аскерлери каршылашкан эки топтун ортосуна туруп, оттун тутанып кетүүсүнө жол берген эмес. Бирок кытай аскерлери кытайларга жан тартты деген айыптоолор орун алган.

Оштогу окуяларда дагы кыргыз аскерлери кыргыздарга жан тартты деген айыптоолор бар.

Убактылуу өкмөттүн түштүк боюнча өкүлү, коргоо министри Исмаил Исаков андай айыптоолорду четке кагат:

- Биринчиден, аскерлер жалпы Кыргызстандын элине кызмат кылат. Ошондуктан бир тараптуу деген сөздөргө эч бир негиз жок. Анын баары жалган. Себеби дегенде аскерлер, милиция кызматкерлери жана башка укук коргоо органдарынын баары тартипти орнотуу үчүн мыйзам чегинде бардык аракеттерди жасап жатышат.

Талдоочулардын баамында, өзбек кварталдарында турган куралдуу адамдар ал жерлерге эч кимди киргизбей аткылап, кээде адамдарды барымтага алууда. Маселен, Нариман айылына сүйлөшүү үчүн келген Кара-Суу райондук милициянын башчысы Кадыр Султанов жана анын шериги жырткычтык менен өлтүрүлгөн.

Оштогу жаңжал 10-июнда кечки саат ондордо башталган. Ошол кездеги Ош шаардык милициясынын башчысы Болот Нишановдун айтымында, кайсы бир казинодогу мушташтан кийин өзбек улутундагы жигиттер Ырысбай Абдыкадыров атындагы филармония, май куйуучу жай жана "Алай" мейманканасына жакын жердеги соода түйүндөрүн өрттөп жиберишкен:

- 10-июнь күнү саат 22:45те мага күзөт бөлүмүнөн телефон чалышып, "Алай" мейманканасынын алдына келишимди сурашты. Ал жерде өзбек улутундагы миңден ашуун жаран чогулуп, тополоң чыгарып жатышат деген маалымат келди. Анан мен орун басарларымды алып, ошол жерге чыктым. Барсам бир-бир жарым миңдей өзбек жигиттер топтолуп алыптыр. Аябай агресивдүү болуп алышкан. Мен сүйлөшкөнү бардым. Бирок кыргыз экенимди билип калып, өзбек жигиттер кол салышты. Бирөө бычагын көтөрүп жүгүрдү. Анан менин орун басарларым (өзбек) сиз алыс эле туруңуз, биз өзүбүз сүйлөшөбүз деди. Ошондо эки-үч саат сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок өзбек жигиттер кепке келбей, агрессивдүү боло беришти. Кыйкырып, өкүрүп, чабуул жасай беришти. Колдорунда арматура, союлдар, бычактар бар эле. Биз барганга чейин эле "Алай" мейнманканасынын тегерегиндеги имараттарды өрттөп жиберишкен. Биз студенттердин баарын чыгарып кеттик. Ошол күнү болгон окуяга кыргыз жигиттердин эч кандай тиешеси жок. Кечинде болгон окуяны угуп алып, анан чыгышты алар. Анан "Алай" мейманканасынын айланасында эмне күйгөн болсо, баарын өзбек жигиттер өрттөгөн.

Эртеси күнү 11-июнда кыргыз жаштары көчөгө чыккан.

Оштогу абал аябай чыңалуусуна жетип турган убакта Убактылуу өкмөт Россиядан аскерий жардам суроого аргасыз болду. Бирок милиционерлер жана аскерлер 14-июнда кырдаалды колуна алды. Буга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн түштүк боюнча өкүлү Исмаил Исаков Кыргызстан тынчтык орнотуучу күчтөргө муктаж эместигин билдирди.

Ошто имараттар өрттөлүп жатат, 11-июньЖамааттык коопсуздук келишими уюму да аскерий жардам эмес, материалдык-техникалык көмөк көрсөтүлөрүн билдирди. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов 16-июнда Москвада болуп келди. Бериле турган техникалык жардамдар тууралуу буларды маалымдады:

- Николай Бордюжа бизге маалымат берди. Ага ылайык тогуз даана тик учак бере турган болду. Алар Россия жана Казакстан тараптан берилет. Массалык башаламандыкты алдын алуу боюнча орус тараптан адистер келет.

“Азаттыктын” Оштогу кабарчыларынын билдирүүлөрүнө караганда, азыркы күнгө карай Ошто абал тынч. Бирок Нариман, Он-Адыр айылдары өздөрү-өздөрүн тосмолоп турушат. Жалал-Абадда да абал тынч. Сузак айылы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Айданбек Акмат уулу

настроение: Подавленное

Z Z, 10-06-2010 13:30 (ссылка)

Өзбек танкы кыргыз жаранынын унаасын тебелеп кетти

Баткендеги Сох анклавында турган cогуштук оор техникаларын Өзбекстан чыгарып бараткан учурда кыргыз жарандарына тиешелүү эки жеңил автоунаа талкаланып, төрт кыргыз жараны жаракат алганы белгилүү болду.

Сүрөттөр жана макаланын толук версиясы бул жакта:

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Взбешенное

Z Z, 10-06-2010 13:24 (ссылка)

Бакиевдердин дарегин бергендерге - 100 000 доллар

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экс-президент К.Бакиев менен жакын адамдарына кылмыш иш козгоп, издөө жарыялаган. Алардын кайсы жерде жүргөнүн кабарлагандарга 100 миң доллардан 20 миң долларга чейин сыйлык пул жарыяланган.

Акчасы турат, изделип жатат

Ички иштер министрлигинин Кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгынын Издөө тармагын жетектеген полковник Самат Бакеевдин айтуусунда, ички иштер кызматкерлерине көмөк көрсөткөндөргө айтылган акы толугу менен төлөнүп берилет. Ал акчадан салык да алынбайт. Азырынча качып жүргөндөрдүн дарек-дайнын айтып, күч кызматкерлерине жардам көрсөткөндөр чыга элек шекилдүү. Антпей тизмедегилердин бирди-жарымы кармалып калса сөзсүз жарыя кылынмак.

С.Бакеев тергөөчүлөргө өз эрки менен мурдагы Маммүлк министри Турсун Турдумамбетов гана келгенин, андан мурдараак мурдагы Коргоо министри камакка алынганын айтты.

- Сиз айтып атпайсызбы, эмне үчүн кармалган жок, деп. Бакиев Жаныбек Салиевичке 15-апрелден баштап расмий издөө жарыяланган. Эң негизги издөө иш-чараларынын баары жүрүп жатат. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын аймагында 36 кишиге издөө жарыяланган. Экс-президент К.Бакиевдин үй-бүлөсү жана анын тегерегиндеги кишилерге.

Курманбек Бакиев менен анын жанындагылардын дарегин билдиргендерге 100 миң доллар, мурдагы Коопсуздук кызмат жетекчиси М.Суталиновду таап бергендерге 50 миң, калгандарына 20 миңден доллар убада кылынган.

Апрель окуяларынан кийин жалаң эле бийлик ээлери изделбестен, элдин колуна түшүп калган курал-жарактарды кайтаруу маселеси да курч бойдон калууда. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Рахматулла Ахмедов эл тарабынан биртоп курал-жарак, ок-дары тапшырылганын, бул иш дагы улантылып жатканын белгиледи.

- Ички иштер органдарына 464 даана ок атуучу куралдар тапшырылган. Ошону менен бирге 37 миңден ашуун ок-дарылар тапшырылган. 55 даана жардыргыч заттар жана жардыруучу шаймандар тапшырылган.

Кармаганга каруу жетпей жатабы?

Күч кызмат өкүлдөрүнүн ырасташынча, издөө жарыялангандарды таап, кылмыш жообуна тартуу боюнча зарыл иштердин баары жасалууда. Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги, Интерпол аркылуу издөө жүргүзүлүүдө. Бирок да азырынча андай иштерден натыйжа көрүнө элек.

Айрым серепчилердин баамында, анын жыйынтыгы жакын арада чыгып калышы деле күмөн. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү бул иштин кашаң жылышынын себеби катары күч кызматтарда мурунку бийликке жан тарткандардын көпчүлүгү дагы эле жооптуу орундарды ээлеп отурушканын көрсөтүшөт. Аны экс-президенттин жакындарын кармап келүүгө Жалал-Абадга барган атайын отряддын жетекчиси А.Медетбековдун мисалында ырасташууда.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, экс-президенттин жакындарын кармап келүүгө тийиштүү кызмат өкүлдөрүнүн күчү жетпей жатат, деп айтыш кыйын.

- Акыл жетпейт деп айтсак болот. Профессионализм жетпей жатат. Ал акчаны сыйлык деп жарыялап койгону жетишсиз.

О.Молдалиев 2001-жылы АКШ өкмөтү Усама бин Ладенди кармап берүүгө оңор эмес акча убада кылышканын мисалга тартып, бирок ал эмдигиче колго түшпөй келатканын белгиледи. Анын үстүнө кылмышка шектүү делген мурунку бийлик ээлерин кармай турган күч кызматтарынын учурдагы абалын мыкты деп айтыш кыйын.

- Көпчүлүгү жаракат алган Талас окуясында, башка окуяларда. Көпчүлүгү эмгиче ооруканадан чыга элек. А буларды ким барып кармайт, деген маселе болбойбу? Анан булардын укугу белгисиз болуп атпайбы. Токмок жеп атса, ордуна эч кимди албай жатса. Бул маселени тез чечиш керек да. Сыйлык жарыялап койгондо кылмышкер өзү келип бербейт,- дейт Орозбек Молдалиев.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин да мурунку президенттин жакын адамдарына, жанында жүргөндөрдүн биртобуна кылмыш иштери ачылып, аягы мурункулардын байлыгын кийинкилердин бөлүп алышы менен жыйынтыкталган. Бул ирет коррупциялык схеманын андай ырааты бузулуп, мурдагы бийлик ээлеринен калган мүлктөр чыныгы ээлерине, андайлары болбосо мамлекет ээлигине кайтарылууда.

Бекташ Шамшиев

настроение: Внимательное

Z Z, 29-05-2010 16:56 (ссылка)

Студентке диплом гана керепи?

Кыргызстанда жогорку окуу жайын бүткөндөрдүн 70 пайызы жумушсуз калууда. Ага туура эмес кесип тандоо себеп болуп жатканы айтылууда.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 78 пайызы болсо эптеп окууга өтүүнү маанилүү деп эсептешет. Бул туурасында 28-майда Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасында айтылды.

Кыргызстан калкынын жарымынан ашыгы 25 жашка чыга электер. Бул курактагылардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзүп, учурда жогорку окуу жайларында билим алгандар чейрек миллионго жакын. Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасында белгиленгендей жогорку окуу жайларды аяктап, диплом алгандардын көбү жумушсуз калып жатышат. Бул көрүнүштүн негизги себеби университетте окугандардын туура эмес кесип тандаганы жана окуунун максаты диплом алуу гана болуп калганы саналууда.

Улуттук университеттин биринчи курсунун студенти Махмуд Ойтемиров билдиргендей, учурда Кыргызстанда диплом алуу үчүн гана окуган жаштар арбын:

- Диплом үчүн окуш керек деген адамдарды мен өзүмдүн жашоо турмушумда кездештирип эле жүрөм. Себеби чоң окуу жайда окуу жана акчасы көп окуу жайларда билим алуу бул азыркы заманда мода болуп калды десем болот. Жаштар авторитеттүү болгулары келип жатышат.

Улуттук баяндаманын алкагында Кыргызстандагы жаштардын маселелерин аныктап, өнүктүрүү багытында миңге жакын жаштар менен изилдөө жүргүзүлүп, натыйжада мектеп бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн диплом үчүн гана жогорку окуу жайга тапшыргандыгы келип чыккан.

Улуттук баяндаманын авторлорунун бири Айнура Сагынбаева жаштар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча төмөнкүлөрдү айтат:

- Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 78 пайызы жогорку окуу жайларга барабыз дешет. Эмне үчүн барасың десек, баары эле барып жатышпайбы, мен да ошол үчүн барам дейт. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин жумуш жок болуп жатпайбы десең, баары бир барам, үйдө отурганда эмне кылам деп жооп беришип, ошо дипломду эле эңсешет. Бирок биз изилдөө жүргүзүп жатканда ар бир региондон бир, экиден бала “мен жогорку окуу жайга барбайм. Анткени канча бала дипломдорун чөнтөгүнө салып алышып жумушсуз отурушат. Анын ордуна кесиптик окуу жайларга барууну каалайм» деп айткандар да болду.

Айнура Сагынбаева жогорку окуу жайды бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү жумуш таба албай кыйналганын белгилейт. Мындай көрүнүш өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин айтат.

БУУнун өнүктүрүү программасынын жардамы менен даярдалган баяндамадагы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ар бир төртүнчү мектеп бүтүрүүчү “Экономика жана башкаруу” адистигин тандашат. Мындан сырткары бүтүрүүчүлөр юрист адистигин да көбүрөөк тандай тургандыгы аныкталган. Баяндаманын авторлорунун бири Сүйүнбек Сырдыбаев бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо багыт берилиши керектигин айтат.

-Кептин баары эмнеде болуп жатат? Адистик багыт берүү керек. Бул жаштарга биздин абал кандай, кандай кесиптер керек, кесипти кандай тандоо керектигин түшүндүрүү абзел. Мисалы, бизде айыл жергесинде мал догдурлар жетишпейт.

“Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамада билим берүү тармагынан тышкары Кыргызстан жаштарынын активдүүлүк деңгээли да изилденген. Натыйжада өлкөдөгү жаштардын 18 пайызы гана активдүү жаштар экендиги келип чыккан.

Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын улуттук жакшы санаалаштык элчисине талапкер, ырчы Мирбек Атабеков жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн билим керектигин айтат:

- Жаштарга азыр эмне жетишпей жатат? Жаштарга билим жана маданият жетишпей жатат. Баңги зат өңдүү башка бир терс көрүнүштөргө багыт алышууда. Мен да бул жерге жөн келген жокмун. Ушул жаштыгыбызды жөндөн жөн кетирбей келечек үчүн, бир гана өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн өзүбүзчө аракеттерди кылышыбыз керек.

Ал эми "Сорос" фондусунун жаштар программасынын директору Улан Шабынов билдиргендей, жаштарды жандандыруу үчүн ар кыл түшүндүрүү иштери колго алынышы керек:

- Жаштарды жарандык коомго кантип туура катышып, өз салымын туура кошууну үйрөтүшүбүз керек. Тренингдерди өткөрүп, ал боюнча акцияларды өткөрүшүбүз керек.

Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасын даярдагандар жана жарандык коомдун мүчөлөрүнүн пикирлерине караганда, жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу учун агартуу иштери жүргүзүлүп, бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо көмөк көрсөтүлүшү абзел.

Кубат Касымбеков

настроение: Пессимистичное

Z Z, 21-05-2010 15:31 (ссылка)

Курманбек Бакиев: Кыргызстанга кайра барайын деген оюм жок

Учурда Беларустун баш калаасы - Минскиде жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев бүгүн "Азаттыктын" кечки түз обосунда суроолорго жооп берди. Экс-президент Убактылуу өкмөт азыр баарын эле Бакиевдерге шылтап жатат, мамлекетти башкаруу алардын колунан келбей жатат деп эсептейт.

Толугу менен бул жерден окуңуз:

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Паршивое

Z Z, 21-05-2010 15:28 (ссылка)

Максим жана Жаныш Бакиевдер кутумга беленденип жатабы?

Мурдагы президенттин Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган уулу Максим Бакиев менен бир тууганы Жаныш Бакиевдин телефон сүйлөшүүсү делген аудиотасма Интернетте жарыяланды. Анда ага-ини бийликти кайра кантип кайтарып алуунун жолдору боюнча пландарын талкуулайт.

Аудиотасма ким тарабынан жазылып алынганы азырынча белгисиз жана фоноскопиялык экспертизасыз добуштарды Бакиевдерге тиешелүү деп бир тараптуу ырастоо да мүмкүн эмес.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы интернеттеги аудиотасма боюнча азырынча комментарий бере албасын билдирди. Ал эми айрым адистер бул тымызын телефон сүйлөшүүсү чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары тарабынан тыңшалганын айтышууда.

Максим менен Жаныш Бакиевдин телефон сүйлөшүүсү делген бул орус тилиндеги аудиотасма интернетте англис тилине которулган тексти (субтитри) менен кошо жарыяланды.

Эгерде андагы үндөрдүн ээлерин чын эле мурдагы президенттин баласы менен иниси деп эсептесек, бул эки тууган бири-бири менне эки башка өлкөдөн сүйлөшүп жаткандай. Тасмадагы добуш ээлеринин бири телефону тыңшалуусунан кооптонгондугун жашырбайт.

- Алло тигиге (номурга) коңгуроо өтпөй жатат.
- Ошондойбу?
- Такыр чала албай койдум. Терип жатам, терим жатам, буга чалууну чечтим.
- Себеби ал тажиктердики болчу.
- Мен азыр жаңы номер алдым, муну аныктоого азырынча эч ким жетише элек.
- Менимче, ал жакта биздикилер такыр эле жок да, башкалар эле кызыкпаса.
- Жок, жок, мен бул жерде көбүнесе “Улуулардан” чоочуп жатам, алардын техникалык каражаты жетиштүү.

Андан ары Максим жана Жаныш Бакиевдер деп болжолдонгон эки инсан Кыргызстандагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кадырын кантип кетирүүнүн, бирин экинчисине кантип кайраштыруунун жолдору боюнча пикир алышат.

Максим Бакиевдики делген үн Орусия Бишкектеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бирин да жактабастыгы, алар сунуш кылып жаткан парламенттик системаны колдообой тургандыгы, учуру келгенде алар бири-бирин сатып кетээрине, атүгүл лидер деп эсептелгендердин ар бирине өз-өзүнчө акча берүү зарылдыгына токтолот.

Москва Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевди колдоону караштырып жаткандыгы тууралуу жоромол да айтылат.

"500 куралчан" менен беш жерге капыстан кол салуу

Аудиотасмада үнү жазылган эки инсан Бишкектеги бийликти күчтөп, курал менен тартып алуу үчүн мамлекеттик маанилүү беш обьектиге бир учурда кол салууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашат:

- Бир обьектиге 100дөн адам иштөөсү керек. Дароо кирип, чуу көтөрүүсү абзел. Ошондо күчү чачырап кетет. Түшүнүп жатасызбы, аларга азыр ким берилген болсо оболу бир жерге, андан соң экинчи, үчүнчү жерге чуркап барышат. Чынында эмне болгонун түшүнбөй калышат. Бирок алар мыкты жабдылуусу керек. Ар бирине мына сага 2-3 миң, жасап келгенден кийин дагы ушунчаны аласың деп айтуу керек. Муну капыстан ишке ашыруу зарыл.

- Идеяаң принцибинде жакшы эле. Бирок азыр зарыл болуп турган жалгыз нерсе – согушчандар.

- Анын үстүнө 500 эле киши жетиштүү. Бирок эгер муну кылсак, мен же сиз ошол жакка барып, бирөөбүз баарын жеринде башкаруубуз керек. Себеби муну жеринде жасоочу, башкара алуучу адамды мен көрбөй турам. Ким аларды жетектейт? Мен же сиз деп айтып жаткандыгым - бул чегине турган эч кандай жери калбаган адам болушу керек.

- Реалдуу кароо керек. Сен экөөбүздүн ал жакка жетишибиз кыйын болот. Тоолуу жолдор жана башкалар, эптеп өтүп бара алабыз, бирок?

- Жердеги операцияны Васильий Иванович жетектей алабы? Принцибинде ал буга даяр эле, тажрыйбасы жетет?

- Ооба. Менде да тиги жакта калгандар бар, аларды да кошуу керек.

- Канча адам? Менимче абдан берилгендери жана жашырынып жаткандарынан 20дай адам бар.

- Эгер биз бир нерселерди сатып, аларга берсек, төлөсөк. Алар бир катар иш чараларды уюштура алабы?

Максим жана Жаныш Бакиевдердики деген аудиотасманын бир бөлүгүндө мына ушундай алым–сабак жүрөт. Тасмада “бийликке Нариманыбы, башкасы келеби, адегенде ошол 500 куралчанга таянары” тууралуу да айтылат.

Жашыруун жазылган тасмалардын жарышы

Бул соңку күндөрү жашыруун жазылып алынган соң интернетке чыгарылган же коомчулукка угузулган аудиотасмалардын алгачкысы эле эмес.

Маселен, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, Бакинвдин тушунда президенттик администрацияны жетектеп да турган Үсөн Сыдыковдун мисалын алалык. Ага карата кылмыш ишин козгоого негиз берген бир канча телефон сүйлөшүүсүндөгү үн Үсөн Сыдыковдун үнүнө окшоп турат жана азыркы бийлик бул сүйлөшүү Башкы прокуратуранын санкциясы менен тымызын жазылганын жарыялаган.

Ал эми убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдердин үндөрүнө окшош сүйлөгөн кишилердин бир миллион доллардын тегерегиндеги акча тууралуу купуя телефон сүйлөшүүсүнүн жашыруун жазылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу 20-майда маалымдалды.

Кылмыш иши алардын телефондогу сүйлөшүүсүн тымызын тыңшаган белгисиз тарапка каршы ачылгандай.

Интернетке ошондой эле убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Алмаз Атамбаевдин үндөрүнө окшош сүйлөгөн кишилердин бажыканадагы кадр маселеси боюнча кайым айтышкан телефон сүйлөшүүсү да чыгып кеткен.

Үн ким тарабынан жазылгандыгы белгисиз.

Чет өлкөлөрдүн атайын кызматынын жардамыбы?

Ал эми Максим жана Жаныш Бакиевдердики делген телефон сүйлөшүү эгер чын эле аларга таандык болсо, ким тарабынан тымызын жазылган болушу мүмкүн?

Биз бул суроону Кыргызстандагы коопсуздук кызматтын ардагери, Коопсуздук кеңеш катчысынын мурдагы орун басары Алик Орозовго жолдодук:

- Муну Максим же Жаныш турган өлкөлөрдүн атайын кызматтары каттап, анан интернетке чыгарганы – биздин атайын кызматтарга жардам бергени, муну байкагыла, коркунучтуу нерсе бар, билгиле деген эскертүүсү.

Биздин атайын кызматтар муну жаза албайт. Четте болгондуктан, кандай кыйын техникасы болсо да мүмкүнчүлүгү жетпейт. Бул жерде атайы монтаж кылган чагымчылык жок. Алар ушинтип сүйлөшкөнүнө мен 100% пайыз ишенемин.

Алик Орозовдун жеке болжолунда, мисалы, Жаныш Бакиев оболу коңшу Тажикстанга чыгып кеткен, балким андан ары да башка жакка жер которгон болуусу мүмкүн:

- Мен мындай анализдеп көрсөм, Казакстанга, Өзбекстанга чыкса же Орусияга барса, Европага учуп кетсе кармалып калуусу мүмкүн. Ал эми Тажистанда өзүнүн баңги зат каналы бар. Наркобарондор менен сүйлөшүп, ошол жакка гана чыгып кетүүсү толук ыктымал. Алардан кийин балким башка жакка дагы чыгып кеткендир, Ооганстанга же Эмираттарга.

“Азаттык” үналгысы Максим жана Жаныш Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсү делген үн тасма боюнча кечээ (20-майда) мурдагы президенттин өзүнөн да сурады.

Ушул тапта Минскиде бозгунда жүргөн Курманбек Бакиев “Азаттыктын” кабарчысы Айнура Жекше кызы менен курган маегинде качып жүргөн бир туугандары жана балдары менен атайылап байланышпай жатканын айтып, бирок Кыргызстанга мамлекет башчы катары кайтуу ниети жоктугун баса белгиледи:

- Балдар өз ара сүйлөшүп, тигиндей-мындай аракет кылып атса, эми алардын мүмкүн ошондой ойлору бардыр, болгон болсо керек. Бирок мен буга өткөндө эле жооп бергем, андай оюм жок деп.

Курманбек Бакиев “Азаттыкка” курган бул маегинде өз жакындарын кан төкпөөгө “сөзсүз” чакырарын да кошумчалады.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев да Максим жана Жаныш Бакиевдердин ортосундагы телефон сүйлөшүү коңшу өлкөлөрдүн атайын кызматтары тарабынан жазылды деген ойдо.

Анын көз карашында Бакиевдердин жакындарынын максаты мурдагы президенттин эле өзүн кайра алып келүүгө барып такалбайт:

- Бул сөзсүз эле Бакиевди алып келип президенттик тактыга отургузуп коюш дегендик эмес.
Булар өздөрү келбесе да, өздөрүнүн таасириндеги адамдарды алып келип туруп, таасирин сактап калышта болуп жатат.
Анткени булардын каржылык ресурстары чоң. Каржы ресурсу менен бизге окшогон мамлекетти дестабилдештирип коюш оңой.
Бул жерден өздөрү айткандай 400-500 эмес, андан көп кишини деле жалдап алып койсо болот.

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү буга чейин Бакиевдердин өлкөдөн чыгарып кеткен акчалары каражолтой иштерге, ал түгүл терракттарга да пайдаланылышы мүмкүндүгүн айткан жайы бар.

20-майда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рысбек Быкын уулу “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маегинде бул мекеме Жаныш жана Максим Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсү деген аудиотасманын мазмунун азырынча комментарийлей албай турганын белгиледи.

Улан Эшматов

настроение: Безжизненное

Z Z, 14-05-2010 18:02 (ссылка)

"Сенин да бачагың чыгат, бириңди-бириң кыры

УТРК жана башка телеканалдар бүгүн "Жаңы Кыргызстан" партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун үнү делген телефон сүйлөшүүлөрүн эфирге чыгарды. Анда облустук акимчиликтерди ээлеп алуу, кайсы жерге кимди дайындоо тууралуу сөздөр болгон.

Толугу менен бул жерден окуңуз:

http://www.azattyk.org/cont...

Z Z, 11-05-2010 19:46 (ссылка)

Латын арибине атаандаштар пайда болду

6-майдан тарта интернет дүйнөсү өзгөрүүлөргө дуушар болду. Буга чейин маалымат желесиндеги сайттардын аты жалаң латын арибинде жазылып келген болсо, эми башка ариптерди да колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Маалымат желесиндеги сайттардын аталыштарын көзөмөл кылган ICANN (айкэн) уюмунун билдирүүлөрүнө ылайык интернеттин тарыхында биринчи болуп латын арибинен башка ариптер да домен аттар үчүн колдонула баштады. Мындай мүмкүнчүлүккө алгачкылардан болуп Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираты жана Египет ээ болушту. Эми бул өлкөлөр латын ариптерин колдонбой, сайттардын аттарын өз ариптеринде жаза алышат.

Араб арибинин сайттардын аталышында колдонулушунун негизги пайдасы, интернеттеги араб тилин билгендер арасында маалымат алмашууну тездеткени жана башка ариптерди билбеген кээ бир араб эли үчүн тилдик тоскоолдуктар азайтканы болуп саналат.

Компьютерлер кыйынчылык жаратышы мүмкүн

Латын арибинен башка ариптерди домен жазууда колдонуу ал ариптерди билгендер үчүн ылайыктуу болгонуна карабастан, көбүнчө латын арибине ылайыкташкан компьютерлер бул багытта кыйынчылык жаратышы мүмкүн дешет айрым адистер. Анткени компьютерде интернет баракчаларын ачып бере турган программалардын баары эле араб, кирилл тамгаларын тааныбайт. Натыйжада интернет тармагын жаңы ариптерге ылайык кайра иштеп чыгуу маселеси келип чыгат.

ICANN уюмунун маалыматтарына ылайык Араб өлкөлөрүнөн сырткары дагы 21 өлкө өз ариптеринде домен алуу үчүн кайрылууларын жасашкан. Маалымат желесиндеги кээ бир булактарда жазылгандай Орусияга РФ менен бүткөн кирилл домени берилген. Ал эми калган өлкөлөрдүн сунуштары учурда чечилүү алдында.

Кыргызстан кайсы арипти колдонушу керек?

Кыргызстанда учурда латын ариби менен гана домен аттар жазылып келет. Бирок кирилл ариби маалымат желесинде кеңири жайыла турган болсо кайсы арипке басым жасалышы керек деген суроо туулат.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде эмгектенген инженер-программалоочу Алтынбек Эрматов бул багытта мындай оюн билдирет:

-Анын зарылчылыгы деле жок. Сайт жасата тургандар домендердин кайсы арипте болоорун өздөрү чечишет. Ал эми интернет дүйнөсүндө ар түрдүү ариптердин колдонулушун, биринчиден, жетишкендик деп эсептейм. Анткени кайсы гана сайт болбосун өзүнүн кардарларына мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Тагыраак айтканда орусча болобу, арабча болобу, каалаган арипте домендик ат жазууга мүмкүнчүлүк берилип жатат. Мурда болсо мындай жетишкендик жок болчу. Натыйжада бул нерсе учурдагы негизги жетишкендиктердин бири.

Алтынбек Эрматов Кыргызстанда интернет тармагында латын арибинен башка арипти домендик аттарды жазууда колдонуунун эч кажети жоктугун белгилейт. Ал эми бул багытта интернет колдонуучулардын көз караштары кандай?

Нурзада: Менин оюмча бул нерсенин кереги деле жок. Анткени араб тилин билбегенден, же араб өлкөлөрүндө жашабагандан кийин биз үчүн маалымат чектелип калат деп ойлойм да. Балким алар үчүн жакшы, бирок башка дүйнөдөгү колдонуучулар үчүн пайдасы деле жок болуп калат.

Раушан: Интернетте латын тамгаларынан башка тамгалардын киргизилип жатышы менимче бул жакшы нерсе. Анткени бизге интернетке кирилл арибин киргизсе бизге деле пайдасы тиет деп ойлойм. Биз өзүбүз кирилл арибин колдонгонубуз үчүн карапайым калктар латын ариби менен интернетке кирүүдө кыйналышат.

Азамат: Менин оюмча интернетте өзүн жакшы билген ариптерди колдонуунун жакшы да, жаман да жагы бар. Мисалы, мен өзүм көнгөн ариптер аркылуу интернетке кирсем мага оңой болот. Бирок жаман жагы - ошол тилди билбегендер үчүн, мисалы, мен кытай тилин билбесем кытайча жазылган домендер колдонуум кыйын болуп калат. Ошондуктан домендик аттарды латын ариби менен да, өзүбүздүн арип менен да жазылганы туура болот.

Бул сурамжылоого катышкан көпчүлүк интернет колдонуучулар латын арибинен башка ариптердин сайттардын аталышында колдонулушунун жакшы да, жаман да жагы бар экенин жана кайсы бир арипти колдонуу ар кимдин өзүнүн тандоосу экенин белгилешет.

Кубат Касымбеков

настроение: Внимательное

Z Z, 11-05-2010 19:42 (ссылка)

ИИМ: Коомдук кырдаалды колдон чыгарбайбыз

Кыргызстан Апрель ыңкылабында курман болгон адамдардын кыркын өткөрүү иш чараларынын алдында турат. Ушул күндөрү кырдаал кайра курчуп кетиши мүмкүн деген чочулаган ой-пикирлер көбөйүүдө. Соңку кырдаал боюнча ИИМдин маалымат жана коомдук байланыш башкармасынын жетекчиси Рахматулло Ахмедов "Азаттыкка" маалымат берди.

- Алдыда 7-апрелде курман болгондорду эскерүү күнү деп эртең өткөнү турат. Мындан тышкары бүгүн эле бир-эки жерде нааразылык акциялары болду. Ушуга байланыштуу айрым жерлерде кооптонуучу жагдайлар түзүлүп атат деп бизге угармандарыбыз чалып атат. Азыр негизи коомдук-саясий кырдаал кандай Кыргызстанда?

- Өлкөбүздө коомдук кырдаал азыркы учурда стабилдүү. Толугу менен укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарын жана өзүн өзү башкаруу органдарынын көзөмөлүндө турат. Жакынкы күндөрдө Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратура тарабынан биргелешип түзүлгөн иштин негизинде өлкөбүз боюнча алдын ала оперативдик иликтөө иш чаралар жүргүзүлөт.

Бул иш чаралардын алгачкы багыттары биринчи иретте коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелерине, жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине багытталат. Андан тышкары элибиздин колуна мыйзамсыз түрдө түшүп калган курал жарактарды кайтарып алуу болуп эсептелет.

- Азыр ошол курал жарактарды кайтаруу жараяны кандай жүрүп атат?

- Бул жараян жакшы эле жүрүп атат. Бүгүнкү күнгө чейин 270тен ашуун ок атуучу куралдардын түрлүү маркадагылары келип түшкөн. Булардын ичинде пулемет, автомат, тапанчалар да бар, 23 миңден ашуун ок дарылар бар. Элибиздин ушунчалык түшүнгөнүнө ыраазылыгыбызды айтып кеткибиз келет.

Бир даана ок дары таап алса дагы ошону биз таап алдык деп өз эрки менен ыктыярдуу түрдө алып келип берген жарандарыбыз дагы бар. Бир топ партиялары менен 5-6дан, же болбосо 32 тапанчаны алып келип тапшырган жарандарыбыз да жок эмес, аларга дагы чоң рахматыбызды айтып кетебиз.

- Элдин колунда азыр канча курал бар, эсеби барбы?

- Кызматтык кызыкчылыктан улам биз мындай сандарды айтуу эрте деп эсептейбиз. Убактысы келгенде коомчулукка бул сандар, албетте, айтылат.

- Бүгүнкү күндө дагы бир окуя болуп кетүү ыктымалдыгы бар деп имиштер көп жүрүп атат да. Бул боюнча сиздерде кандай маалымат бар?

- Ким болбосун даярдалып аткан кылмыш жөнүндө так маалыматка ээ болсо, муну ушак түрүндө тараткандан көрө ички иштер органдарына, же прокуратура, же Улуттук коопсуздук кызматтарына билдирсе, туура болот.

- Ушундай окуялардын болтурбоонун кандай чараларын көрүп атат Ички иштер министрлиги?

- Жарандардын коопсуздугун бекемдөө максатында жана экстремисттик ой-пикирлерди жүргүзүп аткан кишилерди табуу максатында, элдин колунда мыйзамсыз түрдө саткалып жаткан курал жарактарды, жардыргычтарды алуу максатында 10-майдан 18-майга чейин өлкөбүз боюнча алдын ала оперативдик издөө иш чаралары жүргүзүлөт.

Бул иш чаралардын аты "Укуктук тартип" деп аталат. Иш чараларда жалпысынан алты жарым миңден ашуун Ички иштер органдарынын кызматкерлери, ички аскерлердин жоокерлери, эки миңден ашуун коомдук алдын алуу борборлордун, элдин кошуундардын жана башка коомдук бирикмелердин мүчөлөрү катышып, журтубузда коомдук коопсуздукту бекемдөөгө өз салымын кошуп беришет.

Маектешкен Бурулкан Сарыгулова

настроение: Усталое

Z Z, 05-05-2010 11:46 (ссылка)

Интернет – жашоо образы

Учурда радиону 50 миллион киши угат. Мындай аудиторияны чогултуу үчүн 38 жыл талап кылынган. Ал эми сыналгыга 13 жыл керек болсо, интернетке мындай аудиторияны чогултуу үчүн 4 гана жыл кеткен. Демек бүгүнкү күндө жаңы медианын орду кандай?

Universal McCann аттуу медиа компания 2009-жылы 29 өлкөдө интернет колдонуучулардын арасында атайын изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында, интернеттеги ар кандай социалдык тармактар жана блогдор адам турмушунда ойногон ролу эбегейсиз зор болгону аныкталган. Анда бул изилдөө берген кызыктуу фактылар:

1. Сыналгы берүүлөр өз салмагын жоготуп баратат деген коркунуч бар. Алсак, дүйнө жүзү боюнча калктын 59 пайызы орточо эсеп менен жума сайын бир жолу онлайн-видео көрүп турушат. Бул өңдүү көрүнүштөр, адистердин айтымында, интернет колдонуучулар үчүн жаңы медиа алардын жашоосунда эң керектүү тармак болгонун тастыктап жатат.

2. Алсак, Кытайда интернет колдонуучулардын 70 пайызынын жеке блогу бар. Ал эми Венгрияда интернет колдонуучулардын 76 пайызынын интернетте социалдык түйүндөрү бар. Ошондой эле Кытай – социалдык тармактагы медианы колдонуучулардын ичинен дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турат. Мисалы, Кытайда 42 миллиондон ашык блогчу бар. Бул тизмени толуктаган Америка Кошмо Штаттары 26 миллион блогчу менен экинчи орунда турат.

3. Электрондук кат-куржундарга караганда социалдык тармактар өтө кеңири жайылганын адистер айтып келишет. Буга мисал катары, кеңири белгилүү, профессионал ишкерлерди табуу жана ишкердик мамилени бекемдеген LinkedIn аттуу сайттын колдонуучуларынын саны бүгүнкү күндө 45 миллионго жетти.

4. Көпчүлүгүбүз маалымат издегенде “Википедиа” сайтына баш багат эмеспизби. Бул эркин, универсалдуу интернет-энциклопедияда 13 миллиондон ашык макала сакталган. Бул макалалар 260тан ашуун тилге которулган. Бир айда аталган энциклопедиянын аудиториясынын саны 60 миллиондон ашат. Эң кызыгы, эсептей келсек, эгерде адам “Википедияга” жазган 1 макаласы үчүн 1 доллар ала турган болсо бир сааттын ичинде ал адам 156 доллар тапмак.

Twitter — атайын микроблогдордон турат, микроблогдор колдонуучуларга кыска тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Шарттарынын бири – ал текст 160 символдон ашпашы керек.

Twitter’де эң эле көп окулган блогдордун авторлору белгилүү актер жана продюсер Эштон Катчер жана “Гремми” сыйлыгынын ээси, белгилүү ырчы Бритни Спирс. Алардын блогдорун окугандардын саны Австриянын калкынын санын басып өтөт. Ал эми Австриянын калкынын саны 8 миллиондон ашык.

Изилдөөлөр боюнча ушул жылдын апрель айынан тартып, Twitter’ди колдонуучулардын саны бир эле айда 20 миллионго өскөн.

Маалымат булагы - интернет тармагы

Ал эми жаштар үчүн интернеттин ролу кандай? Жаштар маалыматты көбүнчө кайдан алышат? Анда кезек “Азаттыктын” сурамжылоосуна катышкан жаштарда:

Айжамал: Маалыматтарды көбүнчө интернеттен алам. Анткени телевизор көргөнгө же радио укканга убакыт жок.

Камила: Интернетте жаңылыктарды бурмалабай айтышат. Ошон үчүн маалыматтарды интернеттен алам. Бош убактымдын баары интернетте өтөт.

Саадат: Интернетти күнүгө колдоном. Анткени сабактарым интернетсиз бүтпөйт.

Өнөрүң болсо - өргө чап

Дүйнөдөгү эң кары блогчу - 95 жаштагы Испаниянын тургуну Мария Амелия. Мария Амелиянын небереси анын туулган күнүнө блог тартуулаган. Ошол күнү 95 жашка толгон Мария Амелия блогго өзү жөнүндө маалымат киргизген. Эң кызыгы бир эле күндө анын миңден ашуун маектеши пайда болгон. Ошондон тартып Мария Амелия аларга тез убакытта жооп жазып туруу үчүн катчыны ишке алсамбы деп ойлонуп жатат.

Белгилүү Forbes журналы чыгарган жыйынтык боюнча эң бай блогчулар деп миллиардер Михаил Прохоров, алып баруучу Опра Уинфри, Google сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Брин, “Гарри Поттер” тууралуу китептин автору Жоан Роулинг табылган.

Дүйнөдөгү маркетологдордун 64 пайызы ар кандай рекламалык иш чараларды уюштурууда социалдык медианы жумасына 5 сааттан колдонушат.

Бир күндө дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен 900 миң блог пайда болуп турат. Ал эми азыркы тапта блогдордун саны 133 миллионго жетти.

Жогоруда айтылган бул фактылар интернеттин канчалык деңгээлде өсүп-өнүгүп жатканынан гана кабар бербестен, күнүмдүк турмушубузда да чоң роль ойноорун тастыктап келет.

Жаркын Аманова

настроение: Бодрое

Z Z, 05-05-2010 11:36 (ссылка)

Бапыратып эле Башмыйзам жазып жатырбыз, эй!

Бүгүн 5-Май Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган күн. Эгемен өлкөнүн Баш мыйзамы 1993-жылы кабыл алынгандан бери жети жолу өзгөртүлүп, эми дагы бир жолу орчундуу өзгөрүүнүн алдында турат. Апрел ыңкылабынан кийин оппозициялык күчтөр түзгөн Убактылуу өкмөт өлкөдө парламенттик башкарууну орнотуу максатын жар салып, кезектеги конституциялык реформанын бүткүл элдик талкуусун баштады.

ЕККУнун Бишкектеги борбору, Убактылуу өкмөт демилгеси менен 4-майда жаңы Конституция долбоору талкууланды. Алгачкы талкууга укукчу адистер, бейөкмөт уюм, саясий партия, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Конституциялар төөбастысы

Ушу тапта Кыргызстанда Конституция жазууга кызыккандар арбып, жумушчу топтун түйшүгү дагы көбөйгөнүн Убактылуу өкмөт башчыныны орунбасары Өмүрбек Текебаев маалым кылды.

- Орто билими бар адамдар да, жогорку билими бар адамдар да билим деңгээлине карабастан, Конституциянын долбоорлорун жазып алып келип атышат. Билесиз, 1993-жылы президент А.Акаев анан мен эле Конституция долбоорун киргизгем. Азыр 20 ашуун долбоор бар. Абдан көп сунуштар түшүп жатат. Биз баарын системалаштырып эске алганга, жок дегенде аларга жооп бергенге аракет кылып жатабыз.

Убактылуу өкмөт түзгөн жумушчу топ өлкөнүн Башмыйзамын орус тилинде даярдашкан. Ошол тилдеги долбоорду 40 миңден ашуун нускада өкмөттүк “Слово Кыргызстана” гезитинде жарыялоого каражат жагынан жардам беришкенин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысы элчи Эндрю Тесорьер белгилеп, Конституция долбоорунда эларалык уюмдардын пикир-сунуштары эсепке алынганын маалымдады.

- Конституциялык реформа жараяны ачык, кызыкдар тараптардын баарынын катышуусунда болушу өзгөчө маанилүү. Ага саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар, улуттук жана эларалык эксперттер, жөн-жай адамдар катышсын. Конституциялык өзгөрүүлөр карапайым калкка түшүнүктүү болушу абзел. Жарандар жасалып аткан реформаларга ишенгендей болушсун.

Эмкиси Ошто

Элчи Э.Тесорьер 7-майда ушундай эле талкуу Ошто, 13-майда эл аралык эксперттердин катышуусунда Бишкекте өтүшү болжолдонуп жатканын кабарлады. Жаңы Конституция долбоорунун талкуусунда бийлик бөлүштүрүлүшү, анын ичара тең салмактуулугун сактоо, аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтеринин эриш-аркак иштешине баш-көз болчу президенттин ыйгарым укуктарынын чектелиши кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Долбоорду даярдоочу жумушчу топтун мүчөсү Эркин Мамыров кыскартылгандан кийинки президенттин укуктары деле жетиштүү экенин ырастады.

- Анткени маанилүү маселелер президент аркылуу чечилет. Мисалы, президент Борбор шайлоо комиссиясынын 1/3 бөлүгүн сунуштайт. Эсеп палатасынын аудиторлорунун 1/3 сунуштайт. Коргоо министрин, Улуттук коопсуздук кызмат жетекчисин дайындоого укуктуу. Ошондой эле тышкы саясатты Жогорку Кеңеш чектеген багытта алып барат.

Мындан тышкары президент Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорлорун жаратпай коюу, парламентти таратуу укугуна ээ. Бирок бул укугун ал парламент бир жарым ай ичинде өкмөт түзүүгө макулдук бербеген чакта гана ишке ашыра алат.

Жаңыланчу Башмыйзамда президенттин бир мөөнөткө беш жылга гана шайланары биртоп суроолорду жаратты. Жумушчу топтун мүчөсү Гүлнара Искакова жаңы чектөөнүн кандайлыгын убакыт көрсөтөт, деген пикирде.

- Мунун туура-туура эместигин Латын Америка өлкөлөрүнүн тажрыйбасынан көрсө болот. Алар да баш бербес президенттердин тизгинин тартыш үчүн бир эле мөөнөттү чектешкен. Бул эмнеге алып келет? Президент кийинки мөөнөткө шайланбашын билип иштеп деле жарытпайт. Ошондон Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн көбү кайра эки мөөнөткө келишти.

А.Акаев менен К.Бакиев бийлигинен жүрөкзаада болгон Кыргызстан парламенттик башкарууга ык коюуда. Жаңы форманын кыргыз кыртышына байыралышы кандай болорун алдыдагы убакыт көрсөтөт. Бийликти күч менен алмаштырган сүрмөтоп көпчүлүк союл-баканын көтөрүп дагы чыкпаса болду.


Маалымат иретинде:

Кыргызстан эгемендик алып, өз алдынча мамлекет болгондон кийин 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин 12-чакырылышында жаңы Конституция кабыл алынган. Ал эми Кыргыз ССРинин 1978-жылы кабыл алынган Конституциясы өз күчүн жоготкон. Баш мыйзам кабыл алынган 17 жыл аралыгында жети жолу өзгөртүүгө дуушар болду.

настроение: Усталое

Кыргызымды кечирчи


Кыргызымды кечиргин
Кыргыздан кетип касиет,
Нарк бузула баштады...
Эсирип эссиз катындар,
Эркектерди жакалап,
Келтек- таяк ташка алды.

Эси жок эркек жаш балдар,
Таламай кылып оз элин,
Талкалап,тоноп жатышат...
Корунгондун тапканына коз артып,
Топтошуп кочо басышат...

Жендерин туруп желпилдеп,
Жер талашып журушот
Уйлорун орттоп бироонун,
Куйутуно кулушот...
Эл бузулду эсирип
Тийбесе экен калкыма
Бетпактардын кесири

Аттуу-нарктуу адамдар
Алар кайда, ааламда?
Атабыз маркум Чынгыздын,
Жоктугу турат сезилип...
Аттин ай, канча айтсак да,
Анча-мынча кыргыздын
Боктугу турат сезилип...

Манкурттукка белчеден,
Малынып бара жатабыз...
Малга окшоп бироо жем берсе,
Айдаган жакка басабыз.
Алакандай кыргыздын,
Келечегин ойлобой,
Пейлибизди сатабыз...
Айткылачы ээнбаштар
Кайда, кайда бара жатабыз...

Оо,айланайын кудайым!
Кыргызымды кечирчи...
Акыл-эстен айрыбай,
Шайтанын кууп кетирчи.
Тынччылык заман бере кор,
Караны- агым жене кор...
Кайгысын элдин кобойтпой,
Бактылуу кундор келе кор...

Оо,айланайын кудайым!
Озунду суйгон кулунмун.
Кыргызымды кечирчи,
Кулдук уруп сураймын...
Айланайын,КУДАЙЫМ!

(Алиман-Анарбубу)

Z Z, 15-04-2010 17:08 (ссылка)

Исмаил Исаков толук акталды

Аскер соту 15-апрелде Исмаил Исаковдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу карап, аны толугу менен актады. Убактылуу өкмөттө коопсуздук жана коргоо жагын жетектеп жаткан Исмаил Исаков “Азаттыктын” кабарчысы менен чакан маек куруп, анда Курманбек Бакиевдин жан-жөкөрлөрүн кармоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын, ал эми К.Бакиев өзү сот алдында жооп бериш керектигин билдирди.

“Азаттык”:- Исмаил мырза, бүгүн Аскердик сот кандай чечим чыгарды? Сот жараяны кандай өттү?

И. Исаков: - Эки күндөн бери биздин маселе каралып жатты. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча Аскердик сот экинчи инстанцияда карап, күбөлөрдү сурап бүттү. Өкүмдү азыр чыгарып, күнөөсү жоктугуна байланыштуу толук акталсын дешти.

“Азаттык”: - Судьялар мурдагылар эле болдубу?

И. Исаков: - Кылмыш жаза кодексинин негизинде өкүм чыгаргандар караш керек экен да, ошолор эле карашты. (Белгилүү болгондой Аскердик соттун судьясы Тилек Абдрашитов башында турган соттук коллегия Исмаил Исаковду сегиз жылга кескен өкүмдү 2010-жылы 11-февралда чыгарган. Андан кийин Исмаил Исаков Жаңы-Жердеги №19 абакка алып барып, отургузулган).

“Азаттык”: - Сиз азыркы кезде Убактылуу өкмөттө коопсуздук жагын жетектеп жатасыз, жалпы өлкөдөгү коопсуздук маселеси кандай болуп жатат? К.Бакиевге каршы атайын операция жүргүзүлөт деген да сөздөр болду эле. Азыр бул маселе кандай чечилип жатат?

И. Исаков: - Жалпы коопсуздукту айтсак, бүгүнкү күндө пайда болуп аткан ички окуялардын негизинде чындыгында кээ бир жерлерде кооптуу жагдайлар бар. Ал куралдардын тарап кетиши, азыркы Бакиевдин тегерегинде жүргөндөрдүн бардыгы куралданып алып, керек болсо өздөрүнүн коргонушу үчүн бардык чарага бара тургандыгы, алардын кээ бир жерлерге элдин жинин келтириш үчүн атайын жарыла турган заттарды коюшуп, жардырабыз деген аракеттери, албетте ушунун негизинде кооптуу жагдайлар бүгүнкү күндө бар. Бирок жалпысынан алып келсек, күндөн-күнгө туруктуулук орноп келатат. Чек арачылар өзүнүн милдеттерин так аткарып жатышат. Албетте кемчиликтер дагы көп. Ошондуктан өтө күчтүү коркунуч бүгүнкү күндө жок деп айтсак болот.

“Азаттык”: - Чек ара маселеси дегенде, азыр кошуна мамлекеттер менен чек арабыз жабык болуп жатат, Казакстан, Өзбекстан менен. Бул маселе кандай чечилет?

И. Исаков: - Бул маселелер эки тараптуу аракеттер менен чечилип жатат. Бир жагынан алганда, чек арадан текшерүүдөн кийин адамдар өтүп кетип атышпайбы. Ошондуктан мен ойлойм, азыркы ички жагдайды ордуна алып келгенден кийин бул маселе өзүнөн өзү эле жоюлуп, мурункудай эле катнаштар орнойт деген ишеним зор.

“Азаттык”: - Курманбек Бакиев маселеси кандай чечилет жакын арада?

И. Исаков: - Бул абалдан чыгууга биз убакытты бердик. Бирок ошого карабастан бүгүн (Бакиев) Ошко барыптыр. Кечээ Жалал-Абаддагы болгон окуя бардык биздин жарандарга маалым болду. Ошонун негизинде анын тегерегинде жүргөндөргө кылмыш иши козголуп, кармалсын деген прокурордун санкциясы бар. Атайын күчтөргө команда берилди. Аларды азыр дароо кармоо жөнүндө. Бул операция азыр ишке аша баштады. Ал негизи бүгүндөн тартып ишке кирди. Буга чейин биз карап турганбыз, себеби анын кол тийбестиги бар экен. Өзү бир чечимге келеби деген убакытты берип карап турдук эле. Бирок өзү чечим кабыл албагандыктан азыр чаралар катуу колдонуп, кармоого бардык буюруктар берилди.

“Азаттык”: - Бакиевдин өзүнө дагыбы?

И. Исаков: - Бакиевдин өзүнүн кол тийбестиги болгондуктан, жанындагы Калыевди (мурдагы коргоо министри), Жаныш Бакиев жана башкаларды кармоого буйрук берилди.

“Азаттык”:- Бакиевдин өзүнүн качып кетишине жол барбы же болбосо ага кандай чара көрүлөт, эмне болот ал киши?

И. Исаков: - Ал өзү чечим кабыл алыш керек. Албетте аны элдин алдына алып келип жазага тартышыбыз керек. Эл сураш керек эмне үчүн өз элиңди жаш жигиттерди, жаш кыздарды аттың деп. Ошого жараша өз жазасын алыш керек.

“Азаттык”: - Бакиевдин башка өлкөгө чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жокпу ?

И. Исаков: - Мен аны айта албайм, албетте мүмкүнчүлүк толуп атат. Себеби ким билет, илгерки Керенскийдей болуп аялдардын киймин кийип алып, Тажикстан тоолору аркылуу качып эле кетпесе, бардык жерлерге буйруктар берилген чыгарбагыла деген. Аны айтыш кыйын, убакыт азыр өтө тар болуп калды. Ошондуктан качып кетиш өтө оор го. Бирок кеткенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Себеби кээ бир жерлер толук корголо элек да, чек арачылар кээ бир жолдордо турушат, ал эми тоолордо жок да. Ошондуктан мүмкүн жанагыдай кийимдерди кийип бир жакка чыгып кетиши ыктымал.

“Азаттык”: - Демек кандай болгон күндө дагы аны кармап, сот жообуна тартуу жөнүндө буйрук болуптур да?

И. Исаков: - Ооба, толугу менен андай аракеттерибиз азыр жүрүп атат, эл дагы ошону талап кылып атат.

p.s. 15-апрелде болгон соттук жараянда күбө Мурзали Бөрүбаев уулу Руслан Исаковго эки бөлмөлүү квартира берилгенин Исмаил Исаков билбегенин айтты. Мурдагы соттук териштирүүлөрдө муну Исмаил Исаковго далилдөөгө аракет жасап, аны күбөлөр Б.Югай, К.Орузбаев тастыктаган эле.

настроение: Усталое

Без заголовка

Американын базасы биздин элге жакшылык алып келген жок. Курманбек Бакиев властан тушту эми жаны жакшы жашоо башталат деп суйундум эле. Жок азыркы власта ошол эле жолдо кетип атат бул жакшылыкка алып келбейт!!! Ким макул корот Американын базасын чыгарганы???

Жазбай кое албаймын ачуу чындыкты.

Урматтуу,Аскар Акаевич,"Кыргызстанды сыйлабай калды "-деп ар бирибиздин журогубуз  ооруйт.Бирок,адамга муноздуубу,же,кыргызга муноздуубу,бийликтин даамын татып,кийин бийликтен кол жууганда,бирин-бири жамандаганга отушот.Ушул элде жок мунозубуз соогубуз менен кошо кетет го.Жашырганда эмне,"улуу элбиз"-деп ураан которгон менен майдаланып баратабыз.Урук-тууган,уй-було,жердешчилик ооруудан айыга албайбыз.Себеби:  бала-чака,туугандарыбыз коп,озубузго келгенде "боорукербиз.Ошол озубуз бириккенде элди тузоорубузду унутуп коебуз.Мамлекет бийлигине келген бийлик башчыларыбыз(кечиресинер)нан жапкан кемпирче комочуно кул тарта башташат.Жоопкерчилик,эртенки элдин нааласы тушторуно да кирбей калабы.Таттуу токочко жеткен баладай,башы оорубагандын,башы ооруган менен иши жок дегендей.Мына,Аскар Акаевич убагында сиздин дагы башыныз башка нерселерге ооруп,элди ойлогонго убактыныз азыраак болуп калган.Уй-булонуздун кызыкчылыгы бийик болуп,уул-кызынызды эжекебиз(апчебиз)Майрам Дуйшоновнаны алпечтоо менен алек болуп калгансыз.Таластыктар айткандай жакшы куйоо бала болуп,кайын эжелериниздин,кайын журтунуздун кызыкчылыгы кобуроок ойлонтуп калган.Ошол убакта эле далай кыргыз оокат кылыш учун Орус,Казакка жалданып иштеп калышкан.Азыр эми Кыргыз элим учун олойун десе жан таттуу,кирейин десе жер катуу.  Орус элинин эч ким аткарбаган оор жумуштарында иштешип,жандары кейип,туулган жерине болгон сагынычтары сиздикинен да куч.Мурда эле Мекенибизден ыйык,улук нерсе  жок экенин эсинизге алып,журтунузду таштап,качып  кетпей,эл башына татыктуу бироого тапшырып кетпейт белениз.Андай уулдарыбыздан уучубуз куру эмес.Мыкты балдарыбыздын кобу саясат деген сасык ооруу менен оору  -бай, жон гана эмгектенип журушот.Азыркы бийлик башы,оппозициянын баары ошол эле саясат,бийликке жетуу деген ооруу менен айыкпас болуп ооруп калышкан.Мына,мамлекет башчыларыбыз элди мышык-чычкан ойнотсо,элибиз кимге ишенээрин билбей,ар жылчыктан жол издей беришет да,урматтуу Аскар Акаевич!Башын баштап,аягына"Кыргызстанды сыйлабай калды",-деп коп точка коюп жатасыз.Бир куну азыркы президентибиз Бакиев да ошентээр.Бирок,точка кое турган дагы уулдарыбыз чыгаар.Умуттун шооласы очпойт эмеспи.Аны жакшы билесиз.Бул кол жазманы жонокой элдин атынан Таластын бир сары кызы жазды.Окусаныз окуйсуз,окубасаныз баягыл эле менин суйуктуу,карапайым,кайран элим окуйт.Менин коркууга акым жок.Жазбай кое албаймын ачуу чындыкты,улуу урматтуу,Акаевдер жана Бакиевдер!!!   

                             (Алиман-Анарбубу)


Z Z, 05-04-2010 17:04 (ссылка)

Тез тамактануу ден соолукка зыян!

Батыш өлкөлөрүндө убакытты үнөмдөө максатында ойлоп табылган тамактар соңку жылдары кыргыз жаштарынын күнүмдүк тамактануучу каражатына айлангандай. Мисалы, учурда Кыргызстандын көптөгөн шаарларында гамбургер, шаурма даярдаган жайлардын саны кескин көбөйүп, өзгөчө студенттер бул тамактардын негизги кардары болуп калды.

Адамзат жыл санап замандын жаңы талаптарына көнүп, ага баш ийүүгө аргасыз. Бүгүнкү биз сөз кылчу тема бул – заманыбыздын дагы бир жаңылыгы фастфуд. Фастфуд кыргызчага “тез тамак” болуп которулат. Ага гамбургер, самса, шаурма жана ушуга окшогон жеңил тамактар кирет. Бул тамактардын жөнөкөй ашканалардан өзгөчөлүгү - жеңил тамак саткан жайларда кардар көпкө күтпөйт, тандаган тамагың бат эле даяр болот.

Анткен менен адистер студенттердин сүйүктүү тамагына айланган гамбургер, шаурманын ден соолукка зыяндуу жактары бар экенин белгилешет. Студенттер бейтапканасынын бөлүм башчысы, терапевт Гүлзада Оторова буларды айтты:

- Гамбургер сыяктуу нерселерди саткан тамактануу жайлары азыркы күндө көп ачылып баштабадыбы. Ошондуктан жаштар аны колдонот, бирок ошонун баары организмге терс таасирин тийгизет. Биринчи ирет мындай тамак ашказанга зыян. Өзгөчө студенттерге зыян, себеби алар ансыз деле начар тамактанышат.

Адистер жаштарга тез даярдалган тамактарды такай пайдаланбоону кеңеш беришет. Тамактын аты өзү айтып тургандай эле фастфуд өндүрүшү Батыш өлкөлөрүндө убакыттын аздыгына карап чыгарылган жана бул ыкманы убакытты үнөмдөөнүн бирден-бир ыкмасы деп билишкен. Акырындык менен мындай салт биздин жашообузда да орун алды.

Эмне үчүн көпчүлүк кыргыз жаштары тез даярдалган жеңил тамактар менен тамактанууну туура көрүшөт? Кыргыз Улуттук университетинин студенти Бекбол Жаныбаевди угуп көрөлү:

- Эл гамбургерлерди алып жегенинин себеби - биринчиден ал арзан. Жакшылап тамактанууга көп акча кетет. Анүстүнө азыр көп эле студенттердин акчасы жок, кыйналып жүрүшөт. Экинчиден, бул убактыңды үнөмдөйт – бат эле көчөдөн басып баратып эле, же бир жерге отура калып жей берсең болот.

Учурда борбор калаадагы ондогон тез бышкан тамактарды сунуштаган жайларда кардарлар үзүлбөйт. Ошого жараша анын түрлөрү да күн санап көбөйүүдө. Маселен, мындан беш жыл мурун Кыргызстанда гамбургер деген тамак пайда болсо, эми чизбургер, чиккен бургер айтор ондогон түрлөрү кошулду. Биз мындай фастфудду сунуштаган жайлардын бирине кайрылып, күнүмдүк кардарларынын санын сурадык:

- Бир күндө беш жүз, алты жүз адам келет. Анын үч жүзү, тактап айтканда жарымынан көбү студенттер. Бир күндө алтымыш-жетимиш килограмм эт сатып алабыз. Бул жактан ошого жараша май, туз, калемпир жана башка нерселерди өзүнүн нормасы менен кошобуз.

Жогорудагы айтылган сандар бир эле тез тамак жасап саткан жайдыкы. Мындай жайлар шаарларда жана шаарчаларда ондоп саналат. "Эгер бат тамактануу чын эле ден соолукка зыян болсо, анда бул маселени кантип чечүүгө болот?" деген суроо менен биз терапевт Гүлзада Оторовага кайрылдык:

- Биринчиден, бардык эле жогорку окуу жайлардын өздөрүнүн ашканасы бар. Ал жерлерде бүт санитардык эпидемиялык режимдери сакталат жана ар ким өзү каалаган тамагын тандап жесе болот. Көчөдөн кургак тамак жеп, аркасынан муздак суу же кола ичип койгонго караганда ысык тамак пайдалуу да. Өзүнүн ден соолугуна убакытты сөзсүз табыш керек. Азыркы учурда тамак ашка акча жок деп коюп, кийим-кечеге, телефондорго, жада калса түнкү клубдарга деле акчасын коротуп жатпайбы. Ошого кеткен акчаны туура тамактанууга коротсо жакшы болмок деп ойлойм.

Акыркы жылдары тамактануучу жайларга кадыресе атаандаш болуп калган тез тамак же англис тилинде фастфуд өндүрүшү алгач Америкада 1920-жылы пайда болгон. Дүйнө жүзүнө жайылган гамбургерлерди “Уайт Кэсл” аттуу компания биринчилерден болуп чыгара баштаган.

Азыр белгилүү “МакДональдс” компаниясы фастфуд индустриясындагы эң ири компания болуп саналат. Салыштырчу болсок, эгер 1956-жылы АКШда “МакДональдс” наамындагы он төрт ресторан болсо, азыр андай ресторандар жүз он тогуз өлкөдө ачылган жана саны отуз миңди түзөт.

“МакДональдстын” өндүрүшү Кыргызстанга жете элек болгону менен гамбургер, шаурма сыяктуу жеңил тамактар жаштардын көңүлүн өзүнө бурдура алды.

настроение: Тревожное

Z Z, 03-04-2010 10:58 (ссылка)

Микаэлди бычактап кетишти

31-мартта белгилүү ырчы, шоумен, алып баруучу Микаэлди өз үйүндө белгисиз бирөөлөр бычактап кетти. 1-апрелде аткаруучунун жакын тааныштары жана кесиптештери маалымат жыйынын өткөрүп, маркум ырчынын жакындарына көңүл айтышты. Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү Микаэлдин жаркын элесине арнап, жакынкы күндөрү эскерүү акциясын өткөрүү ниетин билдирип жатышат.

ИИМдин билдирүүсүндө 31-март күнү кечки саат жетиде Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгына Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде тартип бузуулар орун алып жатканы тууралуу телефондук арыздануулар түшкөн.

Окуя болгон жерде 25 жаштагы эл арасында Микаэл деген каймана ат менен таанымал белгилүү шоумен Мирлан Доутовдун сөөгү табылган.

Ички иштер министрлигинин Маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматулло Ахмедов ырчынын өлүмү боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө иштери башталганын “Азаттыкка” билдирди.

- Оперативдүү иликтөө тобу окуя болгон жерден Мирлан Доутов Бектуровичтин денесин тапкан. Алдын ала чогултулган маалыматтар боюнча ал ага карата көп урулган бычак жаракаттарынан улам каза тапкан. Бул факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана биологиялык экспертизалар дайындалды.

Айрым такталбаган маалыматтар боюнча Микаэлге көкүрөк, ич, жана жон тушуна жыйырмадан ашуун бычак сайылган. Бирок азырынча бул окуяны иликтөө-тергөө иши бүтмөйүн ИИМ тарабынан ашыкча комментарий берүүдөн баш тартып жатышат.

Эл арасында ырчынын өлүмү жеке жашоосуна байланыштуу болду деген божомолдор айтылууда.

Ырчынын продюсери Нурлан Мамакеев Микаэлди акыркы жолу Нооруз майрамында көргөнүн айтып, шакиртинин жеке жашоосу тууралуу эч кабары жок экендигин билдирди.

- Ал тууралуу менде маалымат такыр жок. Анын жеке жашоосун биз чынын айтканда билчү эмес экенбиз. Ким менен жүрчү эле? Ким менен дос эле? Сүйлөшкөн кызы бар же жок беле - ага да жооп бере албайбыз.

Маалымат жыйынына катышкан медиа-эксперт Назира Раимкулова Кыргызстанда шоу-бизнес өкүлдөрүнө карата зомбулук күч алганын билдирип, ырчылар коопсуздугу үчүн уюм түптөө демилгесин көтөрдү.

- Соңку кезде шоу-бизнес өкүлдөрүнө карата кол салуулар күчөп кетти. Ырчыларга карата ар кандай кысымдар көбөйүп атат. Айталы маалыматтык жактан басым көрсөтүү, ур-токмокко алып зомбулук алуу күчөдү. Мына, жакында эле Айчүрөк Иманалиева белгисиз адамдар тарабынан сабалды. Бирок ушул өлтүрүү чыгармачыл адамдардын кызыкчылыктарын коргой турган бир уюмду түзүүгө убакыт келгенин көрсөтүп жатат.

Микаэлдин устаты, шоувумэн, Ассол Молдокматова бул демилгени колдоого алып, өлкөдө чыгармачыл адамдар чындап эле коргоого муктаж болуп жаткандыгын белгиледи.

Анын билдирүүсүндө мындан эки жума мурда Бишкекте белгилүү модельер Олег Беда ур-токмокко алынган.

Маалымат жыйынында алып баруучу Ассол Молдокматова маркум ырчы Микаэлдин жаркын элесине арнап эскерүү кечесин өткөрүү сунушун киргизди.

- Ал дайым өзүнүн устаттарына ыраазычылыгын билдирип келчү. Бирок апасы ага өзгөчө колдоо көрсөтөөрүн көп айтаар эле. Мен түшүнгөндөн Микаэл карапайым эле үй-бүлөдөн эле. Андыктан бардык артисттер чогулуп, анын жаркын элеси үчүн эскерүү кечесин өткөрүп, үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп койсок болот эле.

настроение: Подавленное

Z Z, 31-03-2010 14:55 (ссылка)

Атай Өмүрзаков: Кыргызстандан кетпейм

Орусиянын Биринчи канал аттуу негизги сыналгы каналындагы “Даңазанын бир мүнөтү” (Минута славы) сыналгы берүүсүнүн катышуучусу Атай Өмүрзаков 29-мартта президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болду. Курманбек Бакиев Атай Өмүрзаковго эки бөлмөлүү батир убада кылды.

“Азаттык”: Жаңы конушуң менен куттуктайбыз. “Атай мыкты төрт катышуучунун арасына кирбей калды, өзгөрткүлө” деген да маселе чыкканын айтышууда. Ушул тууралуу айтып берсең?

Атай Өмүрзаков: Биринчи каналдын интернет барагында берүүнүн уюштуруучуларына “Атайды киргизгиле” деп жазып жатышат. Режиссер бул пикирлерди угуп көрүп, азыр оюндун шарттарын өзгөртүү керекпи деп ойлонууда.

“Азаттык”: Атай он мыкты катышуучулардын катарына кирген. Бирок төрт мыкты катышуучулардын катарына кошулбай калган. Анткени ошол финалга чыккандардын арасынан бирөө гана тандалган жана Атайды эмес, башка эгиз балдарды тандашкан эле. Эми болсо интернеттеги көрүүчүлөр “Атай мыкты, ошол болсун” деген сунуштарын киргизишүүдө. Сенин бийлериң эмне деп аталат? Стили кандай?

Атай Өмүрзаков: Он беш жаштан бери бийлейм. “Электр буги” деп аталат. Бирок мен бул стилге башка өзгөчө пластикалык кыймылдарды, образдарды, өзгөчө номерлерди кошуп жатам.

“Азаттык”: Он беш жашыңан эле баштадыңбы же ага чейин эле ийримдерге барчу белең?

Атай Өмүрзаков: Мен бийди кыздарга ылайыктуу деп анча жактыра берчү эмесмин. Бала бийлесе уят, кыздар эле бийлейт дечүмүн. Он төрт, он беш жаштарымда байкемдин бийлегенин видеодон көрүп калчумун. Аны жактырып өзүм да кызыгып кеттим. Өзүм да бийлеп, пластиканы чыгарып, машыгып кеткем.

“Азаттык”: “Даңазанын бир мүнөтү” берүүсүнө сенин тасмаңды ким жөнөттү. Ага кантип катышып калдың?

Атай Өмүрзаков: Ал идея өзүмдөн чыккан, эң башынан эле досторум берүүгө катышпайсыңбы деп айтып калышчу. Байланыштарын издеп, видео жиберсем болобу деп алар менен сүйлөшүп калдым. Анан ошентип эле тасманы жөнөтүп калдым, аны режиссер көрүп, абдан жактырып, тандап алды. Режиссер да ушундай образдарга кызыкчу экен. Жактырып калды.

“Азаттык”: Келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу инсандардын бирисиң. Эми алдыга койгон максаттарың кандай? Башка өлкөлөрдөн чакыруулар келдиби?

Атай Өмүрзаков: Албетте азыр чакыруулар көп келип атат. Максаттарым эң жакшы. Ири фестивалдарга чакыруулар келип атат. Жакында Москва шаарында бүткүл дүйнөлүк бий фестивалы болот, ошого чакыруу алдым. Андан кийин дүйнөлүк чемпионатка, Европадагы чемпионатка да чакырып атат. Учурда ошолорго даярданып атам.

“Азаттык”: Демек келечекте башка өлкөгө барып, ал жакта калып калышың мүмкүнбү?

Атай Өмүрзаков: Жок, калышым мүмкүн эмес. Мен Кыргызстандан кетким келбейт. Бирок жакшы сунуштар Кыргызстандан келбей жатат. Ошон үчүн иш боюнча балким барып калам, бирок азырынча эмес. Жарым жылдай, бир жылдай Кыргызстанда эле болом.

настроение: Радостное

Z Z, 10-03-2010 17:48 (ссылка)

“MGN Group” жетекчиси Е. Гуревич кызматтан кетти

Кыргызстанда ишмердүүлүк кылган “MGN Group” тобунун жетекчиси Евгений Гуревич бардык жетекчилик кызматтарын тапшырды. Анын мындай кадамга барышына Италия сотунун аны камоо жөнүндөгү чечими түрткү берди.

“MGN Group” тобуна маалыматтык кызмат көрсөткөн “Флэкси Комьюникейшнс” (Flexi Communications) компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов Евгений Гуревичтин журналисттерге жазган кайрылуусун бүгүн маалымат жыйынында окуп берди.

- 28-февралда Италия өкмөтү Италиянын каржы базарындагы менин ишмердүүлүгүмө байланыштуу мага күнөө коюп жатканы белгилүү болду. Мен коюлган күнөөлөрдүн бардыгын толугу менен четке кагып, сотто акыр аягына чейин ак экенимди далилдейм,-деп айтылат Е. Гуревичтин жарыяланган билдирүүсүндө.

Евгений Гуревич ошондой эле коргоочусу италиялык тиешелүү тараптар менен иштешип жатканын айтып, анын дарегине карата айтылган сындар, жарык көргөн маалыматтар кайсы бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгын жана амбициясын ишке ашыруу аракети катары баалады.

Ал түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 1-марттан тарта бардык жетекчилик кылган кызматтардан, анын ичинде “MGN Group” тобунун башкы директорлугунан да кеткенин билдирди.

Кайрылуунун соңунда Гуревич үй-бүлө, досторунан, кызматташтарынан түшүнбөстүктөн келип чыккан жагдай үчүн кечирим сураган.

Маалымат жыйынын өткөргөн “Флэкси Комьюникейшнс” компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов – эмне үчүн “MGN Group” тобунун жетекчиси Гуревич өзү жыйынга келбегенин, ал азыр кайда экендигин жана ага каршы италиялык сот коюп жаткан күнөө чынбы-жокпу деген суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын лидери Токтайым Үмөталиева Гуревичтин айланасындагы ызы-чуу "Кыргызстандагы бийлик эл аралык мафияда жүргөн таза эмес, ыплас адамдар менен иш жүргүзгөндүгүнүн белгиси",- деген пикирин айтты.

“MGN Group” компаниясы буга чейин Кыргызстандын Социалдык фондунун, Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү фондунун активдерин башкаруу укугуна ээ болуп келген. Ошондой эле Гуревич Кыргызстандын "Электр станциялар" жана "Манас" аба майданынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Бүгүн Өнүктүрүү фонду өз активдерин “MGN Group” компаниясына башкартуу жөнүндөгү келишимин бузгандыгы тууралуу маалымат таратты.

Маалымат жыйынын алып барып жаткан Вугар Халилов болсо “MGN Group” тобу Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн уланта береерин тастыктады:

- “MGN Group” адаттагы шартта иштеп жатат. Холдингдин ичинде эч кандай өзгөрүү болгон жок, бардык жетекчилер, кызматкерлер иш ордуларында өз жумуштарын аткарып жатышат. Мындан сырткары, бардык милдеттемелер, келишимдер өз убагында жана кечиктирүүсүз аткарылууда.

Ысымын атабоону өтүнгөн “MGN Group” компаниясынын өкүлү бүгүн түшкө чейин ишкананын кеңсесинде жыйын болуп, ага Евгений Гуревич өзү катышып, кызматтан кеткенин жарыя кылганын “Азаттыкка” билдирди.

Өткөн жумада бир катар чет элдик басылмалар италиялык сот 2003-2006-жылдарда "Телеком Италия" жана "Фаствеб" ишканаларынан 3 миллиардга чукул долларды алдоо жолу менен алып чыгып кеткен 55 уюшкан кылмыштуу топтун катарына Евгений Гуревичти дагы атаган.

Римдик судья Альдо Моргини (Aldo Morgigni) учурда Кыргызстанда ишмердүүлүк кылган, 33 жаштагы АКШ жараны Евгений Гуревичти кармоого өкүм чыгарган.

Гүлайым Ашакеева

настроение: Оживлённое

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу