Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки

Чай ичме чалдар,амалкой балдар калгандай...

Кыргыздын мыкты жигиттеринин кобу чет жактарга чыгып кетишип,Мекенибизде жалан эле чай ичме чалдар,же,ураан которуп,элди курмандыкка чалса дагы ,эптеп бийликке  жетуунун амалын коздогон гана амалкойлор калгандай сезилет.Ошол эле Атамбаев,Текебаев жана жармашып,жабышып бийликке жеткен "торолор".

Z Z, 25-03-2010 13:29 (ссылка)

Аскар Акаев: Дүйнө эли Кыргызстанды сыйлабай калды

23-мартта Орусияда убактылуу жашап аткан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев өлкөдөгү саясий кырдаал, Аксы окуясы, 24-март, 2005-жылдагы ыңкылап тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы менен маектешти.

“Азаттык”: 24-мартта Кыргызстанда бийлик алмашканга беш жыл толду. 2005-жылы Сиз президент болуп турганда ыңкылап орун алып, сиз бийликтен кеткенсиз. Ошол тарыхый окуяга азыр сиз кандай баа бересиз?

Аскар Акаев: Мен ошол эле 2005-жылы толук баа берип, 24-марттагы окуялар эмне менен бүтөөрүн да айткам. Тилекке каршы, ошол айткандарым болду. Мен биринчи эле күнү Кыргызстанда 24-марттагы окуя мамлекеттик төңкөрүш болгонун айткам. Ал күнү саясый авантюристтердин тобу жана оппозициянын экстремисттик лидерлери биригип, Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш уюштурушту. Эми анын жемишин кыргыз эли бүгүн көрүүдө.

Кыргызстан жаманбы-жакшыбы, иши кылып демократиялык жолдо өнүгүп келаткан. Бүгүн болсо демократиянын таш талканы чыкты. Демократия бүгүн Кыргызстанда жок. АКШнын улуу президенти Рузвельт демократиянын төрт белгисин атаган. Биринчиден, дин эркиндиги, экинчиден, сөз эркиндиги, үчүнчүдөн, коркуп-үркүтүүдөн эркин болуу, төртүнчүдөн жарды-жалчылыктан эркин болуу. Ушул эркиндиктерден азыр Кыргызстанда дин эркиндиги гана калган болуш керек. Сөз эркиндиги толук жоюлду. Кыргызстандын калкы коркуу сезими менен күн көрүүдө. Бардыгы сөз айткандан коркушат.

Мына, 17-мартта өткөн курултай, менимче, элдик курултай болду. Анын себеби ал жерде көз карандысыз адамдар, өкмөт менен бийликтен көз карандысыз адамдар чогулду. Ошол курултайдын койгон талабы, менимче, абдан туура. Мен ошонун ичинен эки чоң талабын баса айта кетет элем. Биринчи талабы - элди, кыргыз элин жалпы кайра демократиялык жолго бурушубуз керек деген талап коюп атышат. Муну абдан туура деп эсептейм. Бул эң негизги маселе, эң негизги талап. Себеби Кыргызстандын мунайы, газы жок. Кыргызстандын негизги байлыгы, ресурсу - бул Кыргызстандын адамдары.

Ал эми Кыргызстандын адамдарын натыйжалуу пайдаланыш үчүн аларга эркиндик керек. Сөз эркиндигин бериш керек. Демократия аркылуу жетиш керек. Демократия гана, эркиндик гана жолу менен элдин күчүн пайдаланып аткан Швейцария, Финляндия сыяктуу чакан мамлекеттерди карабайбызбы. Алар демократия аркылуу элинин таланты менен күчүн пайдаланып, өнүгүп дүркүрөп өсүп баратпайбы. Акыры келип бай мамлекеттерден болушту. Кыргызстан үчүн бир гана жол бар - ал ушул гана.

Эмне дегенде, Түркмөнбашы бийлегендей көгүлтүр отун жок. Түркмөндөргө кудай газды арбын бериптир, ошон үчүн андай учурда Түркмөнбашыдан жакшы бийликтин кереги жок. Ал эми Кыргызстан үчүн демократиядан башка альтернатива жок. Кыргыздар демократия жолуна кайра түшүү маселесин коюп атышат. Менимче, бул абдан туура. Экинчи талапты Бакиевге коюп атышпайбы, балдарын, инилерин бүт кызматтан алыш керек деп, себеби эл Бакиевдин өзүн шайлады да, үй-бүлөсүн шайлаган жок да.

Анан кийин мамлекеттеги бийлик-байлыктын баарын Бакиев инилери менен, балдары менен колуна топтоп алды. Бул деген Кокон кандыгына барабар, кыргыздардын Кокон кандыгына кайра түшкөнүнө барабар. Ошондуктан, менимче, курултай өзүнүн талаптарын абдан туура коюп олтурат.

Ал эми 23-марттагы курултай, менимче, бийликтин жанагыдай кандыкты эл колдоп берсе, анан парламент аркылуу Конституцияга бекитип койсок деген ою бар. Буга жол бербеш керек деп эсептейм. Себеби кыргыз элинин өзүнүн илгертен келе жаткан демократиялык салттары бар. Ошондон эч качан кетпеш керек. Жыйырма биринчи кылымда бүткүл дүйнө демократияга баратса, кыргыздар кайта феодализмге чегинесиңерби?

Ошон үчүн мен ойлойм, бүгүнкү курултайдын эч натыйжасы болбойт. Себеби бүгүнкү курултайга катышкан адамдардын баары тең күн тийген тоонун текеси, ошондуктан алар сөзсүз бийликти колдоп берет. Менимче элдин талабы биринчи курултайда негизинен туура айтылды. Эгер ошолор ишке ашырылса, анда Кыргызстандын келечеги бар, эгер алар ишке ашпаса анда Кыргызстанда келечек жок. Анда Кыргызстан кризистен чыкпайт деп ойлойм.

“Азаттык”: Мындан 8 жыл мурда, 17-мартта Аксыда кандуу окуяда сиздин канчалык деңгээлде жоопкерчилигиңиз бар?

Аскар Акаев: 17-марттагы Аксыдагы окуя ар дайым менин жүрөгүмдү оорутат. Мен президент болгондон кийин Кыргызстандагы бардык окуяларга жоопкерчиликтүү болгом. Мен аны 17-мартта да айткамын, андан мурун да айтып келгем, кийин да айтып жүрөм. Мен эч качан жоопкерчиликтен качкан эмесмин. Президент болгондон кийин өлкөдө орун алган бардык окуяга жоопкер болуу керек.

Мен сыртта сапар менен жүргөм. Николай Танаев ал кезде өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп иштечү. Келсем бир гана Танаев бар экен. “Николай Тимофеевич, добрый вечер” десем, “Аскар Акаевич, вечер не добрый” деди. Ал Аксыда кан төгүлүп, абал курчуп турганын айтты. Өкмөт башчыны издесем, “премьер-министр Курманбек Бакиев мындан эки күн мурун сизге кат жазып, “өтө чарчадым, эс алганы кеттим” деп Жалал-Абадда курортто жатат” деди.

Ошондо Танаевди баш кылып мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ага оппозициянын лидерлери да, жарандык коомдун өкүлдөрү да кирди. Комиссия жеринде иштеп, кылдаттык менен бардыгын талдап, өз чечимин чыгарган.

Ушул жерден белгилегим келет, аксылыктардын бири да ошол комиссия чыгарган чечимге каршы болгон эмес. Комиссиянын чечимин бардыгы туура табышкан. Коопсуздук кеңешинде ал комиссиянын материалдарынын, чечиминин негизинде түз эфирде Аксыдагы окуяны караганбыз. Ошондо Коопсуздук кеңеши анын бардыгын карап чыгып, өкмөт башчыны, президенттин администрациясынын жетекчисин жана губернаторду кызматтан кетирүү тууралуу чечим чыгарды. Булардын баары кызматтан алынган.

Мындан сырткары курал колдонуп, элге ок атууга буйрук берген офицерлердин иши сотко өттү. Алар сотто тиешелүү жазасын алышты.

Бирок арадан сегиз жыл өтсө да журналисттер, саясатчылар ушул окуяны көтөрүп келатышат. Эмне үчүн? Бул “атың чыкпаса жер өрттө” деген эле аракет. Аты унутулуп бараткан саясатчы, журналисттер Аксы окуясын көтөрөт. Мына, акыркы 5 жыл ичинде Кыргызстандын канча деген депутаттары атылып, канча журналисттин көзү тазаланды, канча журналисттин буту-колун сындырып сабап атышат? Эмне үчүн президент Бакиевдин жоопкерчилигин талап кылбайсыңар? Мен журналисттерге кайрылгым келет. Башкага калганда ар дайым баатырсыңар, же Кыргызстанда болуп аткан окуяларга Бакиевдин эч тийешеси жокпу?

Ошондуктан мен дагы бир жолу айткым келет, Аксы окуясына толук баа берилип, күнөөлүүлөрдүн бардыгы тийешелүү жазасын алышкан. Бул маселени көтөрүү – спекуляция! Менимче, бул баракты кыргыздар жабыш керек. Журналисттер жабышыңар керек. Элдин биримдигин, келечегин ойлосоңор, мындай маселелерди жабышыңар керек.

“Азаттык”: Бул күндөрү Кыргызстанда саясый кырдаал курчуду. Ортодо талаштуу кептин бири – Конституцияга өзгөртүү киргизүү. Ушуга сиз кандай карайсыз?

Аскар Акаев:Мен деле кыргыз элинин кулунумун. Кыргызстан менин Ата журтум, убактылуу Москва шаарында турсам да Кыргызстанда жашасам дегенде эки көзүм төрт. Ошондуктан кыргыз элинин абалы мени тынчсыздандырбай койбойт. Өтө тынчсыздандырат.

Кыргызстандын саясый, социалдык жана экономикалык абалы оор, жагдай азыр курчуп турган кез. Экономика жарга такалып турат. Былтыр банкрот болуудан сактап калды. Ошондуктан мындай дипломатия жакшылыкка алып келбейт. Тескерисинче, эми Кыргызстан коңшу-колоттон да чыга баштайт. Дүйнө ансыз деле Кыргызстанды эч баалабай калды.

Кыргызстанды мурда жакшы көрүп, “бул өлкөдө байыркы мамлекеттик үлгүсү бар, байыркы бийик жетишкендиктери бар эл экен” деп сыйлап, урматтап, кыргыздарды жакшы көрүп, Кыргызстанды “демократия аралчасы” деп аташкан. Бүгүн таптакыр башкача кеп. Мисалы, оппозиция лидерлеринин бири Алмаз Атамбаев Кыргызстанда кылмышкер бийлик орногонун айтты. Атамбаев жана Отунбаева кызматта турганда Бакиевди жерге-сууга тийгизбей мактап, “биздин революциялык демократыбыз, революциялык жетекчибиз” деп, аны Фидель Кастро менен да салыштырып жиберген.

Бүгүн өздөрү эңсеген бийликтен кетип, байлыгынан ажырагандан кийин кайра оппозицияга лидер болобуз дешүүдө. Ошол кылмыштуу күчтөрдүн жардамы менен төңкөрүш болду. Анан ал лидерлерди жоготушту. Себеби алар атаандаш болуп чыгышты. Бийлик талаша башташты. Ошондуктан лидерлерин жоготуп, бирок кылмыштуу топторду пайдаланып атышат. Кылмыштын күчү менен журналисттерди сабап атат. Атаандаш саясатчыларды кылмыштуу топтун колу менен өлтүрүп атышат. Ошондуктан дүйнөдө Кыргызстанды “кылмыштын аралчасы” деп атап калышты. “Мамлекет боло албаган” деген атка кондук.

Мындан беш жыл мурда Кыргызстан жөнүндө абдан жакшы ой-пикирлер болчу. Кыргызстан демократиялык жолдо бараткан мамлекет деген ой-пикир бар эле. Ошонун бардыгы жокко чыкты. Мен ойлойм, Кыргызстанга, кыргыз калкына моралдык сокку болду. Эми абройду оңдоп, Кыргызстандын жаманаттысын тазартуу үчүн ондогон жыл керек. Ошондуктан мени Кыргызстандагы азыркы абал тынсыздандырат.

Муса Мураталиев

настроение: Усталое

Z Z, 23-03-2010 16:02 (ссылка)

"Ак шумкардын" мүчөлөрүн кармап кетишти

"Ак шумкар" партиясы бүгүн Ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушуу өткөрүүнү көздөгөн эле. Улуттук филармониянын астына келген партиянын 20 чакты мүчөсүн милиция кармап кетти.

Ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушуу өткөрүп, аларга Курултайдын күн тартибине сунушталган талаптар жазылган кагаздарды берүү максаты менен партиянын мүчөлөрү Улуттук филармониянын алдына чогулушкан. Алар кагаздарын курултайдын айрым катышуучуларына бере баштаган учурда эле милиция келип, 20 чакты кишини машинага салып кеткен. Кармалган кишилердин арасында партиянын төрагасы Темир Сариев да бар.

Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрү Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Райондук ИИБинин подполковник Бектенбаев аттуу кызматкери баш болгон өкүлдөрү аларга кармалышынын себебин түшүндүрбөй туруп, түшүнүк кат жазууну мажбурлоодо.

“Ак шумкар” саясий партиясы бүгүн Ынтымак курултайынын катышуучулары менен Улуттук филармониянын алдында жолугушуп, өздөрүнүн курултайдын күн тартибинде киргизилүүсүн талап кылган маселелер жазылган кайрылуусун берүүнү көздөгөн.

Кармалгандардын арасында бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева да бар.
Анда курултайдын күн тартибинде беш маселе каралышын: Жаңы жылдан кийин сатылган “Түндүк электро” менен “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканаларынын менчикке сатылышы мыйзамсыз деп табылып, мамлекетке кайтарылуусун; электр энергиянын негизсиз көтөрүлгөн тарифи жана коммуналдык төлөмдөр калыбына келтирилүүсүн, электр энергиясын уурдап, сууну мыйзамсыз сатып жаткандар жоопко тартылуусун; президент өз алдында мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик мекемелерге дайындалган туугандарын кетирип, мыйзамсыз мекемелер: Борбордук агентчилик, мамлекеттик министрлик ж.б. жойсун; президент өзүнүн Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштыруучу Башмыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алуусун; мыйзамсыз соттолгон Исмаил Исаков менен Балыкчы окуясында соттолгондорду бошотуу, Петровка чатагы боюнча оппозициялык ишмерлердин сот процессин токтотуу талаптары жазылган.

настроение: Апатичное

Z Z, 22-03-2010 13:48 (ссылка)

Кулакчындын таасири

Акыркы убакта жаштар арасында кулакчын аркылуу музыка угуу адатка айланды. Дарыгерлердин айтымында, бул куралды күнүнө 3-4 сааттан, жогорку децибелде, узак убакыт бою колдонгон адам бара-бара укпай да калат. Кулакчын ден-соолукка терс таасирин тийгизип гана тим болбостон коомдо ар кандай жагымсыз окуяларды да пайда кылышы мүмкүн.

Акыркы убактарда кулакчындын (наушник) таасири айдоочуларга көбүрөөк тийип жаткансыйт. Анткени кулакчын тагынган жөө адамдар, айдоочуну унаасын дароо токтотуп үн белгини басууга аргасыз кылышууда.

Айдоочулар белгилегендей жолдун бир тарабынан экинчи тарабына өтүүдө кулакчын тагынган адамдар көбүнесе унаанын белгилерин укпай калышат.

Бишкектик айдоочу Нурлан Токтогулов унаа айдап жүргөндө кулакчындын үнүн катуу кылып, көчөдө баскан жаштардын айынан ыңгайсыз абалда калган учурлары көп болоорун айтат:

- Наушник тагып алып көчөдө баскандарга мен туура эмес эле көз караштамын. Мисалы, мен өзүм эки-үч жолу көргөм: светофордон өтүп баратып, кээ бирлери машиненин пипилдеткенин да укпай калышат... Бул нерсе аябай эле жолтоо болот.

Нурлан Токтогулов кулакчындын айынан жолдордо кырсык да болуп кетиши мүмкүн, андыктан жаштар көчөдө такпай эле жүрүшсө дейт. Айдоочунун сөздөрүнө Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуган Анара Кумарбекова да кошулат. Ал көчөдө кулакчындын үнүн катуу кылып угуунун натыйжасында кырсыкка кабылып калайын деген:

- Мен эртең менен университетке келе жаткам. Автобустун ичинде кулагыма кулакчынымдын үнүн катуу чыгарып тагып алгам. Унаадан түшүп деле кулагыман алган эмесмин. Анан жолдун экинчи бетине өтөйүн деп бир тарабымды карап экинчи тараптан келе жаткан машинаны көрбөй калыптырмын. Алдыма келип токтоп калды. Кичине эле калды мени уруп кетишине. Кулагыман кулаккабымды алсам, айдоочу мени сөгүп жатыптыр. Аны көрүп мен өзүм да калчылдап коркуп кеттим.

Бул окуядан кийин Анара көчөдө жүргөндө кулакчындын үнүн акырын кылып колдонгонго аракет кылат.

Кулакчын колдонууда мындай ыкманы адисттер да сунушташат. Үн өлчөөчү бирдик – децибел менен эсептегенде адамдын угуу сезими 10-16 децибелден жогорку үн толкундарын уга алат. Эки адамдын ортосундагы тынч маек орточо эсеп менен 30-40 децибелде ишке ашат. Эгерде адам кыйкырып сүйлөсө, анын үнү 60 децибелге барабар. Дарыгерлердин айтымында, булар адамдын угуу сезимине эч кандай зыян келтирбейт.

Бирок азыркы чөнтөк телефондор, mp3 ойноткучтар, кулакчын аркылуу 90-100 децибел үндү бергендиктен бул нерсе адамдын кулагына терс таасирин тийгизет. Бишкектеги Курулушчулар бейтапканасынын врач-сурдологу Салый Бейшенбаева кулакчындын таасири жөнүндө буларды айтат:

- Кулакчынды эрежесиз колдонуу адамдын угушуна зыян келтириши мүмкүн. Анткени адамдын ички кулагында жайгашкан кулак үлүлүнүн клеткалары чарчайт. Ал өз убагында кулактын үндөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан кулакчынды этияттык менен, тартип-эрежесин туура колдонуп угуу керек.

Бишкекте кулакчын саткан көпчүлүк сатуучулардын айтымында, туура кулакчынды тандоо менен да анын терс таасирлерин азайтууга болот. Борбор калаадагы "Беш-Сары" соода түйүнүндө уюлдук телефон жана кулакчын сатуучу болуп иштеген Максат жакшы кулакчын тандоодо мындай кеңештерди берет:

- Кулакчындын эки түрү болот эмеспи: бирөө кадимки жылма, экинчиси кулактын ичине кирип турган кулакчын. Кадимки жылма кулакчындар "туура" кулакчын болуп саналат. Анткени кулактын ичине чейин кирип турган кулакчын кулакка аба киргизбей, көп зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.

Адистер эң негизгиси кулакчынды көп убакыт колдонбоо керектигин айтышат. Аны маал-маалы менен колдонсо, кулакчындын терс таасирин жокко чыгаруу мүмкүн.

Кубат Касымбеков

настроение: Внимательное

Z Z, 17-03-2010 09:07 (ссылка)

Элдик Курултай

Бишкекте «Медиа-форум» комплексинин алдында оппозициялык күчтөрдүн Элдик курултайы саат 11.00 дө башталды. Аталган иш чарага беш миңдей адам чогулуп, “Үй-бүлөлүк башкарууга жол жок!”, “Исмаил Исаковго боштондук!”, “Бүлекбаев, Аргымбаев, Рыскуловго боштондук!”, “Гуревичти сотко!” “Азаттыкка азаттык!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушат.

11:00 Элдик Курултайды БЭКтин лидерлеринин бири Эмил Каптагаев ачты. Ал 2002-жылы 17-мартта Аксы районунун Бозпиек айылында адамдардын атылышын эскерип, ал окуяга тиешеси барлар жазасын албай отурганын белгиледи.

Чогулган элдин алдында БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев, лидерлер Роза Отунбаева, Эмил Каптагаев жана «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, орун басары Дүйшөн Чотонов ж.б. турушат.

11:25 Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы жана СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева курултайдагы сөзүндө бийликти кескин сынга алды. Ал президент К.Бакиев бийликти узурпациялап жатканын, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүп, өзүнүн баласын бийликке алып келгенин, күнөөсүз адамдарды куугунтуктап, камап жатканын белгиледи. Ал ошондой Евгений Гуревич жаңжалын айтып, Бакиевдин финансылык кеңешчиси Италия мафиясынын мүчөсү болуп чыкканын атады.

11:35 “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы өзүнүн сөзүндө президенттин саясатын кескин сынга алып, Кыргызстандын экономикасы бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына иштеп жатканын, өлкөдө мафиялык бийлик орногонун, аны таза күрөш менен жеңүүгө ишеничи бар экенин айтты.

11:50 Генерал Исмаил Исаковду эркиндикке чыгаруу боюнча Алайдагы комитеттин төрагасы Айтбай Жээналиев генерал Исаковдун ак жеринен камалып отурганын айтып, "ак адамды камаган бийлик - бийлик эмес" деп атады. Ал ошондой эле Исаковду бошотуу талабы менен акциялардын уюштуруучулары куугунтукка алынып жатканын белгиледи. Жээналиевдин айтымында, бул бийликти кетирмейин өлкөдө жакшылык болбойт. "Ал эми абакта отурган генерал Исмаил Исаковдун башынан тал чачы түшсө, ага Курманбек Бакиев жооп берет", - деди Жээналиев.

Курултай башталардын алдында Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” интервью берип, аталган курултайдын эки өзгөчөлүгүн белгиледи. Анын айтымында, курултай жөн эле тарап кетпейт, анын туруктуу органы түзүлөт. Экинчиден, бул акцияны Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүн баарынын бирдиктүү иш-аракети болуп саналат. Анткени курултайга оппозициядагы партиялардын, кыймылдардын жана ар кандай бирикмелердин баарынын өкүлдөрү катышып жатышат.

Курултай өтүп жаткан жерге жети боз үй тигилди. Бул өлкөнүн жети облусунун өкүлдөрүнө арналып тигилген боз үйлөр.

Иш чара болуп жаткан Шабдан баатыр көчөсүнүн жээгинде 10-15тен милиция кызматкерлери байкоо салып турат.

настроение: Внимательное

Z Z, 15-03-2010 17:01 (ссылка)

“Азаттыкты" обого чыгаргыла!

“Азаттыкты” коргоо кыймылы менен СДПК партиясы Бишкекте ЕККУнун борборунун жанында пикет өткөрүп, "Азаттыктын" үналгы программаларын обого чыгарууну кыргыз бийлигинен талап кылышты. Баш калаада жана айрым облустарда бийликтин жасаган кысымдарынан кийин «Азаттык» үналгысынын программалары чыкпай калганына коомчулук кабатыр болуп жатат.

Акциянын катышуучулары “Азаттыкка" – азаттык", “Руки прочь от правды”, “Азаттык обого чыксын”, “Баардыгынын оозун баса албайсың”,-деген жазуулары бар плакаттарды кармап чыгышты.

Акцияга Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Отунбаева, Ирина Карамушкина, “Ак шумкар” партиясынын лидери Т.Сариев,“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө.Текебаев жана башка саясатчылар, укук коргоочулар, “Азаттыктын” угарман жана окурман күйөрмандары, журналисттер катышты.

БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев 2005-жылы мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин "Азаттыкка маалымат айдыңында уттурдук",-дегенин эске салып, азыркы бийлик дагы мурдагы бийликтин каталарын кайталап, сөз эркиндигине кысым жасап жатканын белгиледи.

Баш калаада жана айрым облустарда «Азаттык» радиосунун программалары чыкпай калганына коомчулук кабатыр болуп, каршылык билдирип жатат.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилан Дарий пикетте тургандарга чыгып, ЕККУ "Азаттыктын" берүүлөрү кабылган тоскоолдуктар жөнүндө маселе каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, аталган эл аралык уюм Кыргызстанда “Азаттыктын” уктурулбай калышы, бир катар интернет сайттардын ачылбай жатышы боюнча кырдаалга байкоо салып турат.

Бул тууралуу билдирүү таратуу маселеси азыр ЕККУнун баш кеңсесинде каралууда. Л. Дарий “Азаттыктын” жетекчилиги менен кыргыз бийлиги бир пикирге келишет деген үмүтү бар экенин айтып, "Азаттыкты" уктурууну демократиянын талабы деп билдирди.

Жогорку Кеңештин СДП фракциясы бүгүн билдирүү таратып, “Азаттык” үналгысынын ободон чыгарылбай жатканына, “Фергана.ру”, “Центразия.ру”, “Аzattyk.kg”, “Белый парус”, “Живой журнал” интернет басылмалардын ачылбай жатканына тынчсыздануу билдирди.

"Азаттык” үналгысын ободон чыгарууну, жогорудагы интернет-басылмаларга бөгөт коюну, сөз эркиндигин жана басылмаларды “муунтканды” токтотууну бийликтен талап кылды.

“Кыргыз өкмөтү айрым учурда маалымат каражаттарынын эркиндигин жактыра бербейт,- дейт Эркин Европа/Азаттыктын президенти Жефри Гедмин соңку жасаган билдирүүсүндө. - Бул инцидент кыргыз өкмөтүнүн эркин, ар тараптуу, көз карандысыз маалымат алууга бөгөт коюу аракети. Тилекке каршы, Фридом Хаустун соңку “Дүйнөдөгү эркиндик” деген аталыштагы баяндамасында айтылгандай, абал терс жагына ооп баратат.”

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган адам укуктары боюнча жылдык баяндамада Кыргызстанда сөз жана басма сөз эркиндигин мыйзам кепилдеген менен өкмөт иш жүзүндө бул укуктарды журналисттерди коркутуу жана обого чыгуу укуктарын бузуу аркылуу басмырлап жатканы айтылат.

Эркин Европа/Азаттык тушуккан кыйынчылыктар Кыргызстанда азыр эле пайда боло калган жок. 2008-жылы Кыргызстандын мамлекеттик телерадио компаниясы (УТРК) “Азаттык” үналгысынын программаларын обого чыгарууну токтотуп, аны мазмуну “өтө негативдүү жана сынчыл” болгону менен байланыштырган.

Кийинчерээк УТРК кайра кызматташууну сунуштап, бирок “Азаттык” үналгысынын программаларын расмий бийлик тараптан алдын-ала жактыруудан өткөрүп туруу шартын койгон. Эркин Европа/Азаттык бул сунушту четке каккан.

Эркин Европа/Азаттыктын обого чыккан программалары Жоогазын ыңкылабынын беш жылдыгын утурлаган толкундоолор, нааразылык акциялары башталарына саналуу күндөр калганда токтотулду.

“Азаттыктын” сыналгы берүүлөрүн көрсөтүүнү “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы 10-мартта токтоткон, ал эми үналгы берүүлөрдү “Окей” радиосу 11-марттан, “Алмаз-Нарын” радиосу 12-марттан тарта уктурбай калышты. Ошол эле учурда Ош, Талас, Баткен, Токмок сыяктуу шаарларда жергиликтүү радиолор “Азаттыктын” берүүлөрүн уктурууну улантып жатышат.

настроение: Боевое

Z Z, 12-03-2010 11:50 (ссылка)

Бишкекте OK радиосу "Азаттыкты" уктурбай калды

11-мартта Бишкекте OK радиосу «Азаттыктын» кечки саат 18-00, 21деги жана бүгүнкү таңкы программаларын чыгарган жок. Соңку убакта «Азаттык» менен иштешип келген шерик башка теле жана радио компанияларга бийлик тарабынан кысым жасалып жатканы белгилүү.

10-мартта «Манас жаңырыгы» («Эхо Манаса») телекомпаниясы «Азаттыктын» телепрограммаларын берүүнү токтоткон болчу.

Ал эми Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” үналгыларынын жетекчилерине “Азаттыкты” ободон чыгарбоого бийлик тарабынан көрсөтмө болгону кабарланууда. Бул боюнча президенттин катчылыгы, басма сөз кызматы пикирин билдире элек.

настроение: Безжизненное

Z Z, 10-03-2010 17:51 (ссылка)

Нарындыктар бийликке бир жума убакыт берди

Нарын шаарында бүгүн кымбатчылыкка нааразы болгондор митингге чыгып, электр кубатына тарифтерди мурдагы калыбында калтыруу, тоо шартындагылар үчүн каралган социалдык жеңилдиктерди сактоо, пенсиянын көлөмүн жогорулатуу, тоо кендерин сатууну токтотуу жөнүндө талаптарды көтөрүштү. Ошондой эле президенттин уулу Максим Бакиевдин бир жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган үндөр жаңырды. Бул талаптар аткарылбаса анда эл мөөнөтсүз ири акцияларга чыга турганы эскертилди.

Митингдин катышуучулары Исмаил Исаковдун, Балыкчы, Петровка боюнча соттолгондордун бошотулушун талап кылышты. Эгерде бул талаптар 16-мартка чейин аткарылбаса, анда мөөнөтсүз ири митингдер башталаарын айтышты.

Нарындагы митингге Бишкектен СДПК фракциясынын башчысы Роза Отунбаева, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев, "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев барып катышты.

Митинг болуп жаткан жерде жергиликтүү бийлик башчылары жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы жүрүштү.

Митингди уюштуруучулар төрт миңге жакын адам чогулганын айтышууда. Байкоочулар өз кезегинде митингдеги элдин саны үч жарым миңге чукул деп айтып жатышат.

Нарында миңден ашуун адам катышкан биринчи митинг 24-февралда болуп, анда тарифтерди көтөрүүгө мораторий киргизүү, тоо шартындагы отун-сууга болгон жеңилдиктерди сактоо жөнүндө талаптар айтылган.

- Бул жерде биздин максатыбыз электр энергиясынын тарифин мурдагы калыбына - 70 тыйынга түшүрүү, 110 киловатт жеңилдигибизди кайра берүү, анан тоолуу аймактарда каралган 50 пайыздык жеңилдикти алып салбоо,-деп билдирген «Ата мекен» партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Адыл Эсенбеков "Азаттыкка".

Биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров 2-мартта Нарынга барып, нааразы болгондор менен жолуккандан кийин 5-мартка белгиленген митинг токтотулган болчу.

Биринчи вице-премьер өкмөттүк жыйында Нарындагы элдин социалдык-экономикалык турмушундагы кыйынчылыктар үчүн жетиштүү чараларды көргөн эмес деп бардык жоопкерчиликти облустук бийликке жүктөгөн.

Бирок ошондон кийин нарындыктар А.Жапаров Бишкекке алардын талаптары тууралуу туура эмес маалымат айтып барды деп нааразы болуп чыгышкан.

Адыл Эсенбеков мурдагы митингде губернатордун, шаар бийлигинин кызматтан чететтүү боюнча дагы талап коюлбаганын, бул жөнүндө биринчи вице-премьер туура эмес маалымат жеткиргенин билдирди:

- Биз эч кандай андай талап койгон эмеспиз. Аны туура эмес маалымат жеткирип, ошондой сөздү бурмалашкан. Биздин талабыбыз биринчи айткан талаптар болчу. Өткөндө А.Жапаров келип кайра баргандан кийин биз Нарын эли жеңилдик төлөм 200 сомду ала албай ыйлап, анан акыр-чикирди чыгара албай ыйлап, губернатор менен мэрди кетир деген талаптарды айткан сыяктуу болуп калыптырбыз. Биз эч качан андай айткан эмеспиз. Ал туура эмес жетилген экен.

Президент К. Бакиев 9-марттагы Жарлыгы менен Тынчтыкбек Чекиевди Нарын облустунун губернатору кызматынан бошотуп, анын ордуна Алмаз Акматалиевди дайындаган.

Жаңы губернатор чогулгандардын алдында чыгып сүйлөп, ал өзү деле жер сатууга каршы экенин, мындай көрүнүштөр тыйылаарын айтып убада берди.

Алмаз Акматалиев буга чейин Нарын районунун акими, Нарын областынын губернаторунун биринчи орун басары, Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келди. Жаңы губернатор облустагы нааразылык толкунун басуу аракеттерин көрүп баштады.

настроение: Внимательное

Z Z, 09-03-2010 15:37 (ссылка)

Аялдардын укугун ким коргойт?

Никеге турууда аялдардын укугунун бузулушу - көпчүлүк учурда жаш жубайлардын расмий нике каттоосунан өтпөгөндүгүнөн болуп жатат. Натыйжада аялдар же мүлктөн, же үй-бүлөдөн ажырап калууда.

Айгүлдү жолдошу ала качып кеткен. Бир жыл өтпөй ал күйөөсү менен ажырашып, азыр үйдө ата энесинин колунда жаш ымыркайы менен отурат. Айгүл күйөөсү менен көпчүлүк элеттик жаштардай эле мамлекеттик расмий каттоодон өтпөй, молдонун нике кыйуусу менен эле чектелишкен:

- Же тоюбуз өткөн жок, же башка болгон жок. Же үйдөн, же башкадан жокмун. Ата-энемдин жанында эмне кылаарымды билбей отурам. Жолдошум болсо башка аял алып алган. Баласын көргөнү да келбейт.

Мындай учурлар айрыкча айыл жерлеринде жана ала качып анан турмуш кургандардын арасында көп кездешет, деген пикирин Баткен шаарынын тургуну Айсалкын айтты:

- Көпчүлүк учурларда кыздарды ала качып кетишет. Күч менен эле молдону алып келип нике кыйып коюшат. Никени расмий каттоо керек болбой калат. Ошол маселе негизгиси экенин билиш керек да.

Соттон үмүтүн үзгөн аялдар

Жаштардын мамлекеттик каттоодон өтпөй ошону менен катар өз укуктарын билбей жаткандыгы бир көйгөй болсо, андан тышкары ар бир маселеде эле аялдарды күнөөлөй берүү көрүнүшү көп кездешет. Бала төрөбөсө, же жалаң кыз төрөлсө аял күнөөлүү болуп, сотто көпчүлүк маселе эркектердин пайдасына чечилип калууда, дейт коомдук ишмер Карамат Орозова.

- Аялдар өз укугун билип деле соттошкон учурда аялдардын пайдасына аз чечилип жатат. Мындан сырткары дагы бир маселе бар: жигит кыз менен сүйлөшүп жүрүп, кыздын боюнан бүтүп калганда жигит аны таштап Орусияга кетип калган учурлар да аз эмес. Балалуу болбостон ажырашып кетсе да аял күнөлүү, кыз көп төрөсө да аял күнөлүү, же жалаң уул бала төрөлсө да “сен кыз төрөбөйсүң, кете бер” дешет. Азыркыдай оор шартта аялдар нан бышырып сатабы же майда соода менен алектенеби - айтор балдарын ачка калтырбай багып жатышат. Анан ушунун кесепетинен аялдар үй-бүлөнү багам деп жүрүп балдарын тарбиялоого колу жетпей калып жатаны бизди өкүндүрөт.

Ал эми акыйкатчынын Баткендеги өкүлү Хаитали Айкыновдун айтымында, айрыкча ишкердик менен алектенген аялдар укуктук маселеде көп жабыркашат. Кала берсе сотко баруудан корккондору да бар:

-Үстөк акча же насыя алып ишкердик жүргүзгөндөрдүн дээрлигин аялдар түзөт. Бирөөдөн үстөгү менен акча алып, аны төлөй албай соттошуп, утүлүп калып жабыркагандар көп болуп жатат. Алар бизге кайрылат. Мунун негизги себеби - алардын укуктук маалыматтарынын жоктугу. Мамлекет тарабынан аялдарга укуктук билим берүү керек. Ушуну колго алуу зарыл болуп турат. Бизге кайрылып “сотко баргандан коркуп турам, аларга баргым жок” деп жатышат.

Жеңиш Айдаров

настроение: Тревожное

Z Z, 09-03-2010 15:34 (ссылка)

Курултайлар алдындагы кырдаал

17-мартка оппозиция Элдик курултайды, 23-мартка бийлик Ынтымак курултайын белгилеген. Бул иш чаралардын алдында Алай жүрүшү, Нарын митингиси жана Бишкекте жаштардын акциясы өтө турган болууда.

Бийликтин Конституциялык реформасы менен Максим Бакиевдин өтө жогорку кызматка келиши, электр энергиясына, жылуулукка, телефон байланышына тарифтердин көтөрүлүшү жана стратегиялык ишканалардын сатылышы калк ичинде нааразылыкты күчөттү.

Электр кубатына тарифтердин көтөрүлүшү Нарында ири митингдерди жаратты. 24-февралда Нарын шаарында бир миңден ашуун эл катышкан ири митинг болуп, эл электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы пикирлерин билдирди. Нарындыктар менен биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров жолугушуп келип, калктын нааразылыгына жергиликтүү бийлик күнөөлүү экенин 4-мартта президент менен жолугушууда билдирген.

Жапаровдун мындай маалыматы нарындыктардын нааразылыгын жаратып, алар 10-мартта Нарында кайрадан митингге чогулганы жатканын Бириккен Элдик кыймылдын лидери Топчубек Тургуналиев билдирди:

- 10-мартта электр кубатына бааларды мурунку калыбына келтирүү, жер маселеси, Жетим-Тоо, Аксай, Арпа тарап Кытайга өттү деген кабарды жергиликтүү эл былтыртан бери угуп, көтөрүп келатышпайбы. Менин оюмча ушул маселелер көтөрүлөт.

Топчубек Тургуналиев митингдин катышуучулар ошондой эле 17-мартка белгиленген Элдик курултайга делегаттарды шайлашы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Электр кубатына тарифердин көтөрүлүшү, саясий куугунтук жана стратегиялык ишканалардын сатылышы 17-мартка белгиленген Элдик курултайдын күн тартибиндеги негизги маселелерден болууда.

Ал эми бийлик тарабынан уюштурула турган Ынтымак курултайында талкуулана турган маселелер так аныктала элек. Бирок ага карабай курултайдын жер-жерлердеги делегаттары шайланган. Болгону президент тарабынан дайындала турган 150 делегаттын ысымдары атала элек.

Бийлик менен оппозициянын саясий күрөшүнүн күчөөсүнө Исмаил Исаковдун камалышы өзгөчө салым кошуп, түштүк региондо, тагыраак айтканда Алай районунда нааразычылыктын очогу түзүлдү.

Алайлыктар Исмаил Исаковдун камалышына каршылыгын билдирип, 6-мартта район борбору Гүлчөдө митинг өткөрүштү. Алар 15-мартка чейин митингиде коюлган талаптар аткарылбаса Ош шаарын карай жөө жүрүш акциясын баштаарын ачыкташты. Ал талаптар тууралуу жергиликтүү лидер Айтбай Жээналиев буларды билдирген:

- Биринчи, элдик генерал Исмаил Исаковду бошотуу президент Бакиевден талап кылынсын! Экинчи, өлкөнүн Конституциясын одоно түрдө бузуп, адам укуктарын тебелеп-тепсегендиги жана жалган жалаа жаап Исмаил Исаковду адилетсиз соттогондугу үчүн Бишкек гарнизондук жана республикалык Аскер сотунун судьялары жазалансын! Үчүнчүсү, тынчтык акциясынын катышуучуларынын жогорудагыдай талаптары 15-мартка чейин аткарылбаса, анда Алай эли Ош шаарын карай жөө жана атчан жүрүштү баштайбыз!


Бул арада Бишкекте жаштар телефон байланышы үчүн 60 тыйындын кошулуусуна нааразылык билдирип, 15-мартта митинг өткөрүүнү белгилеп жатышат.

Саясат таануучу Марс Сариев өлкөдөгү кырдаалга карата мындай баасын берди:

- Менин оюмча оппозиция бийликке кысым көрсөтүп жатат. Оппозиция өзүнүн позициясын, күчүн көрсөтүп, анан мунапыска барат деп ойлоймун. Оппозициялык лидерлердин сөзүнө караганда, алар Бакиевге каршы эмес. Бирок электр энергиясына тарифтерди түшүрүү жана президенттин жанындагы топторду ооздуктап, бир калыпка салсын деген талаптарды сезип жатам.

Бийлик электр энергиясына жана жылуулукка баалардын эселеп көбөйүшүнө калк ичинде нааразылык күчтүү экенин билүүдө. Ошого байланыштуу президент Бакиев уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке тарифтердин көтөрүлүшүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү тапшырганын ачыктады.

Бул арада калктын өлкөдөгү окуялар тууралуу альтернативдүү маалымат алышына тоскоолдук жасоо үчүн бардык жерде күч алууда. Маселен, Нарында “Азаттыктын” маалыматтарын тараткан “Алмаз” радиосунун зымдары уурдалып, эл “Азаттыкты” укпай калды. “Азаттыкты” угуу шыбагасынан Ноокат, Кадамжай, Араван райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары да кур калышты. Анткени Кызыл-Кыя шаарында “Рояль” радиосу “Азаттыктын” толкунун таратуудан баш тартты. Бул радионун кожоюну “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Каримов Алмазбек деген маалымат бар.

Ошентип Акаевдин доорундагы элге акыйкат маалымат жеткирбөө аракети кайрадан күч алды.

Айданбек Акмат уулу

настроение: Задумчивое

Z Z, 03-03-2010 17:31 (ссылка)

Темир тор: үмүттүү көздөр

8-Март – Жаз майрамы. Адатта бардык айымдар бул күнү жакын адамдарынан белек алып, аны өзгөчө шаң менен майрамдашат. Бул майрамды Кыргызстандагы абакта отурган айымдар кантип белгилешет?

Бишкектен 8 км алыстыкта, Степное айылында эңилчек баскан дубалдары менен имарат жайгашкан. Бул - №2 аялдардын жаза өтөө колониясы. Аталган колонияда 259 аял кармалат. Алардын көпчүлүгү уурулук, баңги заттарды таркатуу жана колдонуу, көз боемочулук үчүн отурушат. Арасында адам өлтүрүп колго түшкөндөр да жок эмес.

Абакта 18 жаштан 80 жашка чейинки аялдар бар. 8-март майрамын абакта отурган айымдар кантип белгилеп, бул күндөн эмне күтүшөт деп кызыкканымда, темир тордун артында отурган аялдардын көбү маек куруудан баш тартышты. Алардын оор үшкүрүгү, жалт карап, кайра жер караган көздөрү эч кимди кайдыгер калтырбаса керек.

Майрам күнү адатта айымдар гүл, же башка белек күткөнү менен, темир тордун артында отурган айымдардын каалоо-тилеги таптакыр башкача. Биз кепке тарткан Наргиза 18 жашта. Ал үчүн 8-март күнү ата-энесин көрүү – кыялындагы белек болмок:

- Ата-энемден белек күтөм. Өздөрүн эле көрсөм болду. Жигитимди талашып, кыздар менен мушташа кеткем. Жыйынтыгында бир кыздын башын таш менен жарып, бул жерде отурам. Ал кыз ооруканада жатат, мен бул жердемин. Отурганыма төрт айдын жүзү болду. Дагы 3 жыл отурам.

Абакта кармалган сулуулук

Жыл сайын аялдардын абагында 8-мартка карата ар кандай сынактар да өтүп турат. Мисалы, өткөн жылы Гүлмира Кулматова “2009-жылдын сулуусу” деп табылган. Темир тордун артында да аялзатына тийешелүү сапаттарды унутпаган Гүлмира сынакта өзгөчө кийим үчүн жеңишке жеткен:

- Бул сынакта бий, ырга болгон шыктуулук жана өз колубуз менен жасаган эмгектер бааланды. Мен 64 гезиттен көйнөк тиккем. Ар кандай жасалгалары жана баш кийими менен кошо курагам. Биринчи орунду алганым үчүн телевизор жана диплом менен сыйландым.

Түрмөнүн ичинде кийим тигүүчү цех бар. Кол чеберчилик абакканада отуруп акча табуунун жалгыз гана жолу. Бул жерде аялдар заказ менен кийим, мүшөк тигип, курак курашат. Бул тууралуу №2 жаза өтөө абагынын тигүү цехинин жетекчиси Талант Бокушев айтты:

- Ушул тапта №2 жаза өтөө абагындагы тигүү цехинде 110 аял иштейт. Алар 3 топко бөлүнүп иштешет. Эгерде заказдар көп болсо, эртең мененки саат 6га чейин да иштеген күндөр болот. Ар бир топто 30га жакын аял болот. Жумушка өздөрүнүн каалосу менен кирип, ишке алаардан мурда жөндөмдүүлүгүнө көңүл бурабыз. Ал эми жаш өзгөчөлүк бул жерде олуттуу деле ролду ойнобойт. Мисалы, пенсия курагындагыларды да кабыл ала беребиз. Көбүнчө мамлекеттик заказдарды кабыл алып, ар бир топ күнүнө 30-40ка жакын кийим тигет.

Биз кепке тарткан 24 жаштагы Миргүл Исмаил кызы цехте эки жылдан бери эмгектенет. Буга чейин кол өнөрчүлүгү тууралуу такыр түшүнүгү болбогон Миргүл, минтип тагдырдын буйругу менен цехте иштеп калды. Ал көпчүлүк айымдардай эле майрам күнү жыттуу гүлдү белекке алууну каалайт:

- Белекке гүл алганды жакшы көрөм. Былтыр бизге аябай керектүү болгон самын, тиш паста жана башка нерселерди белек кылышкан. Бизде ичимдик жок. Чай менен бири-бирибизге каалоо-тилектерди айтып, дасторкон үстүндө бирге отуруп гана көнүл ачабыз. Өзүм бул жерге бир тууган жездемди өлтүргөнүм үчүн камалып отурам. Буга чейин жездемдердин үйүндө жашачумун. Чынын айтсам, жездем ичип, күнүгө үйдө тынчтык жок эле. Балдар, кыздарын сабап, эжемди курулай эле тепкилей берчү. Аягында чыдабай кеттим окшойт. Кырсык деген каш кабактын ортосунда экен, ушундай болуп калды.

Бирөө үчүн – атыр, башкасы үчүн – мунапыс

18 жылга эркинен ажыратылган Айнура абакта беш жылдан бери отурат. 8-мартты ал да чыдамсыздык менен күтүп, бул майрамда эң чоң белек – мунапыс болгонун жашырган жок:

- 8-Мартта белек күткөнүм - мунапыс. Президент Курманбек Бакиевден ушуну сурайт элем. Эңсегеним эле боштондук. Чыгып алсам эле бардык ой-кыялым орундалган болот эле.

Биз менен маектешкен көпчүлүк аялдар, эркиндикте балдары калганын айтышып, алардын тагдырына тынчсызданып жатышкандыгын белгилешти. Көпчүлүк укук коргоо уюмдарынын баамында түрмөдөн чыккан адамга коомчулук терс мамиле жасап, аларды өз катарына кошпогондуктан, мурда соттолгондордун көбү айланып келип эле кайра түрмөгө түшүшөт.

Абактын темир эшиктери ачылып жатканда, айланага дагы бир ирээт көз чаптырып, бардык жагынан тор менен курчалган короону, ар кандай иш менен алек болуп жүргөн аялдарды көрүп, 8-март күнү алар куттуктоо сөздөрүн угуп, жылуу каалоо-тилектерге күбө болоор бекен деген ойлордун кучагында жолго чыктым.

Жаркын Аманова

настроение: Грустное

Z Z, 02-03-2010 15:45 (ссылка)

Оппозиция А. Жекшенкуловду чандыбы?

Биринчи май райсоту 1-мартта мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун иши боюнча өкүм чыгарышы күтүлгөн. Бирок түрк ишкерин өлтүргөн деп айыпталгандардын биринин адвокаты келбей калып, сот 3-мартка жылды.

Аликбек Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова бардык тагылып жаткан айыптарды жокко чыгарып, А.Жекшенкуловду актоону соттон суранмакчы.

Мурдагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу экс-министрдин тапанчасы менен түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген айыптын негизи жок экенин, андыктан аны алып салуу керектигин айтып, Кытай грантын максатсыз пайдаланды деген экинчи айып боюнча А.Жекшенкуловду шарттуу төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Мурдагы тышкы иштер министри, оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов өзүнө койулуп жаткан эки айыптар негизсиз экенин билдирип келет:

- Кытай тарап эч кандай жооп берген жок, мөөнөт болсо аяктап келе жаткан. Ошондуктан биз ал эшиктерди алмаштырууга аргасыз болдук. Картон кагазынан, 4 мм. калыңдыкта жасалган эшиктер мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган орган болгон Тышкы иштер министрлиги үчүн жарабайт эле. Бул министрликтин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган. Ал эшиктер бүгүнкү күндө да министрликтин кампасында жатат.

Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова саясатчыга коюлган бардык айыптарды алып салууну соттон өтүнгөнү жатат. Анын айтымында, айыптар боюнча далилдер толук келтирилген эмес. Адвокат түрк ишкерин өлтүргөн чыныгы кылмышкер табылган да, изделген да жок деген пикирде.

- Бүгүн сот өз өкүмүн чыгармак. Мен да даярданып келдим эле. Тилекке каршы, сот жараяны жылдырылып калды. Мен Жекшенкуловго тагылган бардык айыптар боюнча аны актоону сурайм. Бирок соттун чечиминен эч нерсе күткөн жокмун. Кудайдын өкүмүнөн эч нерсе күтпөгөндөй, азыр соттун өкүмү да ошондой болуп калды.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Ажыбай Калмаматов оппозиция лидерлеринин бири А.Жекшенкуловго карата сот иштери боюнча эч нерсе айта албай тургандыгын, бул бир гана соттун укугу экенин билдирди.

- Ар бирибиз өзүбүз билген намазыбызды окуп, билген ишибизди кылышыбыз керек. Азыр сот туура эмес кылды же туура соттоду деп өкүм чыгара албайм. Бул соттун гана укугу.

Деген менен коомчулук арасында А.Жекшенкуловдун бийлик менен сүйлөшүп алгандыгы, ошондуктан анын сотуна И.Исаковдун сотундагыдай оппозиция өкүлдөрүнүн катышпай жаткандыгы тууралуу кептер да айтылып келет. Саясий серепчи Марс Сарив да мындай көрүнүш таң калаарлык деген пикирде.

- Мен да оппозиция Жекшенкуловду коргобойт деп таң калып атам. Петровка, Балыкчы окуялары боюнча чуркап жүрүшөт. Жекшенкулов менен Кадырбековго көп кийилигишкен жок. Бул боюнча менде маалымат аз. Ошондуктан эч нерсе дей албайм.

Ал эми оппозициялык саясатчы, "Элдик кеңеш" кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаев бул соттун, бийликтин өз билги аракетинен улам гана дейт.

- Азыр биз барсак да, барбасак да бийлик эч нерсеге карабай өзү билгендей чечип калбадыбы. Ошондуктан эч ким барган жок.

А.Жекшенкулов министр кезинде Кытай грантын пайдаланууда кемчилик кетирген, сыйлыкка алган тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атылып өлтүрүлгөн деп айыпталууда.

Канымгүл Элкеева

настроение: Задумчивое

Z Z, 02-03-2010 15:41 (ссылка)

Х.Шаруев өмүр бою эркинен ажыратылды

1-мартта Сузак райондук соту кичинекей кызды зордуктаган Хамза Шаруевге карата чечимин чыгарды. Хамза Шаруев Кылмыш кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү боюнча айыптуу деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Соттун жүрүшүндө ал күнөөсүн мойундаган жок.

1-мартта Сузак райондук сотунун алдына чогулган Көк-Жаңгак шаарынын тургундары ачык сот өткөрүүнү, 20-январда сегиз жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган шаар тургуну Хамза Шаруевге эң жогорку жаза берүүнү талап кылып турушту.

Күбөлөрдүн бири Шаарбү Акматова ошол күнкү окуя алиге дейре көз алдынан кетпей турганын жана чиедей кыздын ошондогу абалын сөз менен айтууга мүмкүн эместигин белгилеп, Хамза Шаруев буга чейин жасаган кылмышы үчүн жеңил жаза алганына нааразы болду.

Райондук соттун төрагасы Жаныбек Бекназаров эл алдына чыгып, аларды кызуу кандуулукка алдырбай, сабырдуу болууга, сот адилетүүлүгүн орнотуу үчүн мыйзамды сыйлоого чакырды.

Көк-Жаңгак шаарынын башчысы Зикирбай Хайтахунов калаада учурда абал тынч экендигин билдирди. Шаарда катталган күрт улутундагы 39 үй-бүлөнүн (200гө жакын күрттүн) көпчүлүгү малы менен үйлөрүн сатып, жүк ташуучу контейнерлерге заказ берип коюшкан. Алардын турак-жайларын жергиликтүү тургундар сатып алышууда.

Зордукталган кыздын чоң апасы Мавлия Кулбашеванын айтымында, жабырлануучу тараптын Көк-Жаңгактан күрттөрдү кетирүү талабы орундалбай, 2-февралда болгон жыйындан да жыйынтык чыккан жок. Анын айтымында, талап аткарылбай, сот катуу жаза бербесе, кыздын туугандары күрттөрдөн өз алдынча өч алышы мүмкүн.

Кызууланган эненин талабы менен биз оюн сураган күрт улутундагы киши макул болгон жок. Аты-жөнүн атагысы келбеген бул адам күрттөр бул аймакка 1937-жылы көчүп келишкендигин, Көк-Жаңгактагы кыргыздар менен мамыр-жумур аралаш жашап жүргөндүгүн, өзүнүн көптөгөн көзү өткөн туугандары ушу калаанын мүрзөсүндө жаткандыгын белгилеп, буларды айтты:

- Хамза Шаруев өз кылмышына жараша мыйзамда каралгандай жазасын тартыш керек. Кечээ эле Көк-Жаңгактан 21 адам башы оогон жакка көчүп кетти. Баланын кылмышы үчүн атасы, атасыныкы үчүн уулу жооп бербейт.

Соттун жүрүшүндө Хамза Шаруев окуя болгон күнү, 20-январда ичимдик ичип, кара куурай чеккенден кийин 8 жаштагы кызды жолуктуруп, аны коркутуп, көпүрө алдына сүйрөп түшүп, арам оюн ишке ашырганы белгиленди.

Хамза Шаруев 2007-жылы аялды зордуктаганы үчүн Сузак райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган. Адвокаттын аппеляциялык арызынан кийин Жалал-Абад облустук соту анын жазасын эки жылга жеңилдетип, абакта тартип бузбаганы үчүн Шаруев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

Ырысбай Абдыраимов

настроение: Как выжатый лимон

Z Z, 23-02-2010 14:04 (ссылка)

Революция өз балдарын аябайт

Исмаил Исаковдун көрсөтмөлүү соттук териштирүүсү аягына чыгып, аскер сот коллегиясы гарнизондук сот өкүмүн күчүндө калтырды. Улам жогорулап бараткан сот бийлик тепкичтеринен ушундай чечимдер чыгарын айрым байкоочулар мурда эле болжолдоп келишкен.

Саясий куугунтукка кабылган укуктук маселе бийлик алмашкандан кийин ошол эле соттордун колу менен оңуна чечилерин 2005-жылы Ф. Кулов менен Т. Тургуналиевдин тажрыйбасы кашкайта далилдегени элдин эсинде. Кыязы, И. Исаковдун иши да ошондой тагдырга туш келет өңдөнүп калды.

Оңго кеткен жол, солго кеткен жол

Экинчи жылга кетип бараткан мурунку Коргоо министри, Коопсуздук кеңеш катчысы Исмаил Исаковдун кылмыш иштеринин кийинки соттук териштирүүсү кыйла эле ыкчам өттү. Аскер сот коллегиясы И. Исаков менен жактоочуларынын аларга ишеним көрсөтпөй, залдан чыгып кетишкенине карабастан, жалаң мамлекеттик айыптоочулар алдында 19-февралда Бишкек гарнизондук аскер сотунун Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратуу жөнүндөгү 11-январдагы өкүмүн күчүндө калтырды.

И. Исаковдун жактоочусу А. Бекназаров сот коллегиясы мыйзамды одоно бузуп, өтүнүчтөрдүн бир да бирөөн канааттандырбаганын ырастап, Конституциялык сотко кайрыла тургандыгын ырастоодо. Ушундай эле өтүнүч менен А. Бекназаров, Э. Каптагаев өткөн жылы Конституциялык сотко кайрылышкан. Конституциялык сот аны туура деп таап, 23-июнда Жазык процесстик кодекстин айрым беренелери Башмыйзамга кайчы келерин ырастаган. Бул ирет соттор Жогорку сот төрайымы Ж.Алиеванын катына негизденип, айыпталынуучу менен актоочулардын сотко ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү өтүнүчтөрүн четке кагышууда.

Ажырымдын чоо-жайы

Исмаил Исаков Бишкек гарнизондук соту 8 жылга эркинен ажыратып, ошол жерден камакка алуу өкүмүн чыгаргандан бери абакта. Аскер сот коллегиясы аны Бишкектеги №1 абак жайына которуу өкүмүн чыгарган. Ошентип мурунку президент А. Акаевдин бийлигин кулатууга колкабыш кылган И. Исаков К. Бакиевдин саясий системасынын “абийир туткунуна” айланууда. Эми анын боштондукка чыгышы Ф. Кулов менен Т. Тургуналиевге окшоп саясий режим алмашкандан кийин гана мүмкүн болот окшоп калды.

Аскер сот коллегиясынын Исмаил Исаковду башка утурумдук абак жайга которуусу кылмыш ишти териштирүү учурунда анын жактоочусу экөөнүн сот коллегиясынан мыйзам тартиптерин так сактоону талап кылып, улам-улам сотко ишеним көрсөтпөй коюшунан улам чыкты шекилдүү. Исмаил Исаков болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш иштер саясий буюртма экенин такай айтып келатат.

- Бийлик тарабынан колдонулган бул саясий иш-чаранын бири. Андан башка биз баа бере албайбыз. Себеп дегенде, мен билем жанагы күнөөлөрдүн бардыгы мыйзамга дагы, адамгерчиликке дагы жакпайт. Себеби анын бардыгы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, армиянын кадыр-баркын көтөрүү үчүн мыйзамдын чегинде болгон. Ошондуктан бүгүнкү Кыргызстанда болуп жаткан процесстердин баарын эл жакшы билип калды. Бул нака саясий куугунтук экенин түшүнүштү.

"Азаттык": - Сизге каршы козголгон ишти саясий себептен деп атасыз. Саясий себеп эмнеден улам чыкты? Кандай болгон күндө да сиз ушул бийликтин келишине 2005-жылдан бери салым кошуп, ошонун арасында жүрдүңүз эле. «Кара мышык» кайсы жерден өтүп кетти?

И. Исаков: - Бул жерде «кара мышык» эмнеден өтүп кетти? Биринчиси - менин өзүмдүн арыз жазып, бүгүнкү кадр, ички-тышкы саясатка каршылыгымды билдирип басып кеткеним. Экинчиси, бүгүнкү болуп жаткан кемчиликтердин бардыгын президенттин 2005-жылкы элдик революциянын активдүү катышуучусу катары, жетекчилеринин бири катары ошол ой-пикирлерди, элге берген убадалардын аткарылбагандыгын ачык айткандыгым. Үчүнчүсү, армияны реформа жасаганыбыз. Ошол жерде биз мыйзамга так жаздырып, Жогорку Кеңеш колду коюп өткөрүп берген, бирок президент кол койгон жок. Аскерлер саясий акцияларга, митингге, демонстрацияга катышпайт, деп ачык-айкын жазып койгонбуз. 2007-жылкы апрель айында мен кээ бир Ак үйдө отургандар сураганынан аларды кагып, кийлигиштирип койбогондуктан. Мына ошонун негизинде бүгүн өчөшүп, атайын ушундай адамдарды жоготпосок болбойт, деген арамза ойлор менен жасалган иштер.

«Азаттык»: - Соттон ишти калыс карайт, деген үмүтүңүз барбы?

И.Исаков: - Албетте, үмүт болуш керек. Үмүт бар. Себеби дегенде үмүттүн эки жагы бар. Биринчи жагы аскер соту. Мен ойлойм аскер сотунда элине ант берип, таза иштеп аракет кылгандар. Ошого үмүт бар. Бирок ошону менен бирге бүгүнкү бийликтин бардык машиналары иштеп атканда кээ бир соттор ошолорго көз каранды болуп калып, айткан буйруктарын, суроолорун же тапшырмаларын аткарып коебу деген да коркунуч бар. Ошондуктан эки жактуу болуп жатат да бүгүнкү күндө.

И. Исаковдун сотторго үмүт арткан бул маеги өткөн жылдын 10-март күнү жазылган.

Чын эле «кара мышык» качан өткөн?

Исмаил Исаковдун өзү президент Курманбек Бакиев менен пикир келишпестиктери 2008-жылдын 26-майында Коргоо министрлик кызматынан кетип, Коопсуздук кеңеш катчылыгына дайындалганга чейин дегеле болбогонун белгилеп келатат. Коопсуздук кеңеш катчысы катары энергетика тармагын текшерүү, анын эмнеликтен кризиске батып калышынын себеп-жөнүн иликтөө демилгеси президент К. Бакиевдин айланасындагы таасирдүү күчтөрдүн каршылыгына кабылып, ага улай күч кызматтарынын ишин бекем мыйзамдык негизге салуу аракети да мамлекет башчысынын колдоосуна ээ болбой калган соң көңүлү калып, баарына кол шилтеп баса бергенин ал өзү орусиялык «Фергана.ру» агенттигине берген маегинде да белгилеген.

«Коргоо министри кезимде мен көп нерселерден кабарсыз калып, жалаң аскер иштери менен гана алектенип, башка нерселерге кызыкканым деле жок,- дейт ал ошол орусча маегинде. – Мен президентке ишенчүмүн, оппозициянын билдирүүлөрүнө көңүл бурчу эмесмин. Кийин Коопсуздук кеңеш катчысы болуп калганда аптанын башында президенттин атынан кишилерди кабыл алып, алардын арыз-арманын уга баштадым. Аларды талдап көрүп, коюлган проблемаларды кантип чечүүнү президентке сунуш кылып турдум. Көп өтпөй энергетика тармагын текшерүүгө чыга баштадым. Бирок мага бул ишти жайына коюп башка маселелер менен алектенишимди сунуш кылышты. Андан соң прокуратура, ички иштер министрлигинин кемчиликтерин таап чыга баштадым. Мага эми «башка иштерди жасабайсызбы» деп айтышты. Аягында мен эч нерсени өзгөртө албасымды билдим да, өзүмдү өзүм жек көрүп ишти таштап кетип калдым».

Беш айга жетпеген Коопсуздук кеңеш катчысы саясат талаасында болуп турчу жашыруун-бүдөмүк саясий оюндарды, өз көмөчүнө кыргызча күл тартуунун натыйжасы кандай болорун аңдап, көнүмүш позициясын кескин өзгөртүүгө аргасыз болгон окшойт. Анысын аскер адамына таандык ачыктык менен 2005-жылдан бери үзөңгүлөш келаткан президент К. Бакиевге кызматтан кетүү тууралуу арыз каты деле айкындап турат.

«Кийинки кездери сиздин жаңыңызда өлкөсүнөн качып кеткен А. Акаев мырзанын «алгачылары» менен «ак шапкечендери» толуп алды. Мындан тышкары революцияга чейинки жана андан кийинки кездери элдин турмушун оңоо жөнүндөгү үмүттөр акталбай калды. Биз кайрадан артка кете баштадык, айрыкча энергетикада. Анан да сиздин кадр, ички-тышкы саясатыңызга макул эместигимди билдирем. Өлкөнү, анын Куралдуу күчтөрүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө жан аябай аракет кылган генералдар менен чыныгы патриоттор четке сүрүлүп калды. Булар К.Орузбаев, Б.Югай, А.Атамбаев, М.Ниязов, А.Мадумаров, Б.Асанов, М.Кайыпов, М.Абдылдаев дагы башка көп кишилер. Жекече башкаруу принциби жайыла баштады, сот, мыйзам сактоо органдарында коррупция күчөп баратат, паракорлук өсүүдө. Мунун баары кимдир бирөөлөрдүн эле чөнтөгүн кампайтпаса, эл кызыкчылыгына кайчы келет. Коопсуздук кеңеш катчысы кезимде билинип калган кемчиликтерди жоюуга колдон келген аракеттеримди жасадым. Бирок да иштеп аткан система андай кемчиликтерди жоюуга мүмкүндүк бербейт экен. Ошон үчүн мени кызматтан бошотуп коюуңузду өтүнөм».

И. Исаковдун антип өз ыктыяры менен эшикти катуу жаап чыгып кетиши өңгөдөн да 2005-жылдын 24-мартында окуянын арты кандай болорунан чочулап, андан соң оппозициянын кылкылдаган көпчүлүктү аянтка чыгарып «кетсинди» бакырып турган кездерден оңой-олтоң кутулуп чыккан азыркы бийлик эгедерлерине абыдан катуу тийген болуш керек.

Чынында да А. Акаевдин кебелгистей бекем турган бийлиги опоңой оонап каларын күтүшпөгөнүн айнектери талкаланып, ичи булганган Ак үйдүн жанындагы секичеде туруп Курманбек Бакиевдин өзү деле айткан.

- Эртең менен биз оюбузга деле келген эмес. Момундай болуп эл Акүйдү ээлеп алат деп. Ачык айтып коеюн сиздерге.

2005-жылкы март окуясынан аз өтпөй президент милдетин аткарып жаткан К. Бакиевдин жарлыгы менен Исмаил Исаков Кыргызстандын Коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 1999-жылкы Баткен коогалаңы тушунда бекем таканчык ала элек Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү капыстан басып кирген эларалык жанкечтилерге жакшылап туруштук бере албай турган чакта жетекчиликтин ишине ичи чыкпай Коргоо министринин орунбасарлык кызматынан кеткен И.Исаков бир жылдан кийин парламентке депутат болуп, катары калың оппозицияга өткөн.

2005-жылдын 26-майынан 2008-жылдын 26-майына чейин туптуура үч жыл коргоо министрлигин жетектеген И.Исаков кандай иштердин өтөлүнө чыкканын Балыкчыдагы 20636-аскердик бөлүктүн мурдагы зардалы Рахат Эгинбаев момундайча сыпаттайт.

- Колдон келишинче мамлекет алдында. Мына мен 24 жылдан бери аскерде жүрөм. Өмүр бою болгон күчүмдү, бардыгын армияга деп жумшагам. Эми мындан кийин тагдырды көрөбүз да. Башка эмнени жазса көрөбүз. Мен Кудайдын алдында, өзүмдүн алдымда тазамын. Бул ишке эч кандай тиешеси жок. Исмаил Исакович мыйзамдан ашык эч кандай буйрук берген жок. Исмаил Исакович көптөгөн нерселерди армияда жасады. Элдин баары билет. Кыргыз эли эле эмес, бүт жоокерлердин баары билет. Кылган эмгегин, армия үчүн жасаган патриоттук иштерин жакшы билебиз.

Партия, партия, партия

Исмаил Исаков Коопсуздук кеңеш катчысы кызматын таштап кетерге үч күн калганда бийликчил «Жаңы Кыргызстан» партиясынын башкатчысы болуп шайланган. Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков негиздеген агрардык партия жетекчилиги жаңылангандан аз өтпөй партиялаштар президенттик «Ак жол» партиясын сындап, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылат. Партия негиздөөчүсүнүн буямасын кетирген дагы осол иш «жаңыкыргызстандыктардын» бириккен оппозиция кыймылы менен макулдашууга келиши болду окшойт. Ишенген партия жетекчисинин апачык оппозициячыл саясатын биринчилерден болуп Үсөн Сыдыковдун өзү сындап, партия атынан антип сүйлөөгө, иш кылууга укук берилбегенин жарыялап жиберди. Исмаил Исаков оппозиция менен макулдашууну Үсөн Сыдыковдун уруксаты менен жасаганын гана айтып тим болду.

Үйдөн чыккан талаш

Ошол партиялык талаш күчөп турган 2008-жылдын аягында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Исмаил Исаковго каршы кылмыш ишин токууга киришет. Башкы прокуратура 2008-жылдын 23-майында Кыргызстандын аскер прокуратурасынын Бишкектин Тимирязев көчөсүндөгү 15-үйдүн 45-квартирасын И. Исаковдун уулу Русланга убактылуу берилишинде кылмыштын эч кандай белгилери жок деген токтомун жокко чыгарып, ишти кайрадан тергөөгө киришет. Жаңы тергөө тобу түзүлүп, алар 2008-жылы Коргоо министрлигинде атайын эсептеги акчалар кайда сарпталганын иликтеп, жарым миллион ашуун сом максатсыз жумшалганын таап чыгат. Балыкчыдагы аскер бөлүктөн техникалардын уурдалышы, бюджеттик акчалардын максатсыз пайдаланылышына байланышкан айыптардын баары соттук териштирүүлөрдө далилденбей, айыптын баары Руслан Исаковго убактылуу берилген 2 бөлмөлүү үйдүн айланасында гана калып, анын 8 жылга эркинен ажыратылышына, генерал-лейтенант аскердик наамынын алынып коюшуна ушул эки бөлмө үй негиз болуп берди.

А бирок соттук териштирүүлөр маалында эмнеликтен прокуратура жетекчилери ошол үйгө байланышкан иште эч кандай кылмыштын белгиси жок экендигин эки жыл ырастап, анан И.Исаков оппозиция катарына кошулгандан кийин кылмыш ишин ачып ийиш себеби ошентип ачылбай эле калды.

Исмаил Исаковдун жактоочусу Азимбек Бекназаровдун улам-улам билдирген өтүнүчтөрү жоопсуз калып, жыйынтыгы сотко келгендер менен жактоочулардын залдан чыгып кетишине алып келди. Өтүнүчтүн чоо-жайын Азимбек Бекназаров мындай түшүндүрөт.

- Эмне үчүн дегенде 2006-жылдын жай айынан баштап 2008-жылдын 23-майына чейин М. Бекбоевдин арызы президенттин көзөмөлүндө турган. Эки жыл бою. Булар бул факт боюнча текшерип, Исмаил Исаковдун аракетинде кылмыштын белгилери жок, деп иш козгоодон баш тартышкан. Президентке чейин беришкен. Иштин ичинде справкалар турат. Материал 122 беттен деп жүрүшөт. Бири-бирине жөнөтүп турган. Жогорку Кеңешке беришкен. Башкы прокурор Э.Сатыбалдиевге беришкен. Э.Сатыбалдиев өзү президентке билдирген. Мурдагы аскер прокурору Н.Турсункулов билдирген. Азыркы аскер прокурору М. Кошоев президенттик администрациядагы коргонуу жана укук бөлүмүнүн башчысы болуп ушул каттардын баарын алып президентке билдирип турган. Анан эмне үчүн 2009-жылдын башында эч ким арыз жазбаса деле ошол четке кагылган иш «тарс» этип эле кылмыш ишке айланып калды? Биз ошону Э.Сатыбалдиевден сурайлы дегенбиз.

Сотко күбө катары келип калса А. Бекназаров бергиси келген суроону Кыргызстандын башкы прокурору Нурлан Турсункуловго парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү беришти.

- Исмаил Исаковго байланышкан материал боюнча. Ал боюнча кезинде кылмыш иш ачылган эмес. Кийин ал ачылды. Албетте, прокуратура органдары тарабынан деле кемчиликтер кетет. Себеп дегенде мен өз баяндамамда айтып кеттим. Жалгыз эле ушул факт боюнча эмес, башка иштер боюнча деле кемчиликтер кетет. Прокуратура органынын же Ички иштер министрлигинин кызматкери тигил же бул маселе боюнча чечим кабыл алат. Ал жогорто отургандар тарабынан дагы иликтенет. Эгер чечим негизсиз болсо ал токтоосуз жокко чыгарылат.

Иш болсо кылмыш табылат

Н. Турсункулов кайсы бир кызматкердин кемчилиги катары сыпаттап жаткан иштин артында кандай максат-мүдөөлөр катылып жатканын А. Бекназаров мындайча чечмелейт.

- Убагында билесиңер, 2002-жылы менин да ушундай четке кагылган ишимди кайра козгошуп, 7 жылдан кийин Ж.Камчыбеков дегенди он жылга соттотуп туруп, анан «мына ушул кылмыш ишти жашырган А. Бекназаров экен» деп, мага кылмыш иш козгогон. Булар да ошондой болуп атпайбы. Исмаил Исаковду 8 жылга соттотту. Демек муну ким жашырып келген? Мурдагы Аскер прокурору Н.Турсункулов менен Башкы прокурор Э.Сатыбалдиев жашырып келген. Анда булар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жашырып жүрүшкөн деп, жоопко тартылыш керек. Же болбосо биз алардан сурайлы дедик эле. Эмне үчүн силер эки жыл бою текшерип кылмыш жок деп, чыгарып туруп, анан кайра кылмышка айланттыңар? Эмне себеп болду деген суроолорду берели дегенбиз.

Азимбек Бекназаров сот практикасында таң калтырчу дагы бир окуя мына ушул 2 бөлмө үй үчүн Коргоо министринин мурдагы орунбасары Б. Югайдын эки ирет соттолуп, бир ирет министрден сөгүш алганын маалымдап, «бир адамдын бир иш боюнча үч жолу жазаланат деген кыргыз сот адилеттигин шерменде кыла турган факт» экенин баса белгиледи.

Ушул эле ойду улап, Кыргызстандын социалдык-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев жүрүп жаткан соттор өлкөнүн укуктук негизин, укуктук өлкө болуу аракетин, аброюн кантип жок кылып жатканына токтолду.

- Сот мыйзамга баш ийбей эле бир үй-бүлөнүн командасын аткаруучу болуп калган. Эгер Кыргызстанда шайлоо болсо, мыйзам чегинде бийлик шайлоо жолу менен алмаштырылып турса албетте анда мыйзам чегинде андан чыгуу жолдору болмок. Бирок азыркы кырдаалда элибиз мыйзам чегинде кантип чыга алат, билбейм.

Исмаил Исаковдун жактоочулары ушул жылдын 13-январынан тарта саясий ачкалык жарыялап, Алайда көп эл катышкан жыйындар кыш чилдеде өтүүдө. Аскер сот коллегиясынын өкүмүнөн кийин бийлик менен оппозициянын тиреши дагы күчөп, Кыргызстандын укуктук өлкө болуу аракети эки жылдан бери кадыресе күчөп кеткен саясий өң-түстөгү кылмыш иштердин айынан тек кожокөрсүнгө айланып, калтыс саясий жагдайдан үмүтү үзүлгөндөрдүн көбү чет өлкөдөн баш калка издеп, же иш табыш амалында кетип жатышканы маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыялануда.

Бекташ Шамшиев

настроение: Никакое

Z Z, 18-02-2010 09:33 (ссылка)

Жаныш Бакиев элиталык аскердик бөлүк түзд&#

Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев “Арстан” аттуу өзгөчө аскердик бөлүк түздү. “Арстандын” негизги максаты - өлкөнүн жогорку жетекчилерин аскердик коргоого алуу болмокчу. Президент Курманбек Бакиев сунуштап аткан баш мыйзамдын жаңы редакциясында эки миңдей кызматкери бар Улуттук гвардия жоюлуп, анын милдеттери президенттин иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматына жүктөлүүдө.

Эми Жаныш Бакиев жетектеген ошол күзөт кызматы “Арстан” аттуу элиталык бөлүк түзүп, аскерлерин Улуттук гвардиянын “Пантера” аттуу мурдагы өзгөчө аскер бөлүгүнүн машыгуу базасында даярдамакчы. “Сый-урматым сага – Кыргызстан!” (Честь имею – Кыргызстан!) журналы жазганга караганда, “Арстан” ошондой эле башкы командачынын кеңири тапшырмаларын да аткармакчы.

Ошентип президенттен башка эч кимге баш ийбеген Мамлекеттик күзөт кызматы өзүнчө эле ири куралдуу күчкө айланып барат.

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун айтымында, негизи өзгөчө аскердик бөлүктөрү Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги сыяктуу күч органдарынын алдында түзүлүшү керек эле. Ал эми Кыргызстанда президенттин иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматынын күчтөндүрүлүп атканы, бийликтин 2005-жылдагыдай окуя болуп кетишинен чочулагандыктан улам болууда:

- Абал өтө курчуп кетсе генералдар өтө чечүүчү ролдорду ойноп калат. Бүт командачылык генералдарды гана угуп калат. Эгер генералдар “аскерлерди элге же бирөөлөргө каршы чыгарбагыла” деп өз-ара сүйлөшүп алышса, андай курчуп кеткен жагдайларда ак үй коргоосуз калышы мүмкүн. Ошондуктан атайын күчтөрдү бардыгын бир адамдын, ишенимдүү адамдын колуна топтоп аткан болуулары мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун пикиринде, 2005-жылы 24-мартта Ички иштер министрлиги менен мамлекеттик маанилүү жайларды кайтарып келген Улуттук гвардия өзүнүн алсыздыгын көрсөткөн. Андыктан Мамлекеттик күзөт кызматынын чыңалып атканы, анда атайын аскердик бөлүктүн пайда болуусу туура көрүнүш:

- Ар бир мамлекет өзүн сакташ үчүн күчтүү болушу керек. Жалгыз эле Ички иштер кызматын, Улуттук коопсуздук кызматын, Улуттук гвардияны эмес, бул жагын да карашы керек. Чет өлкөнү мындай коюп, өзүбүздөгү мисалдарга эле келелик. Мына, 2005-жылдын 24-мартында эмнелер гана болуп кетти... Ал дагы биздин Улуттук гвардиянын, Ички иштер министрлигинин жана коопсуздуктун начарлыгынан болду. Ошолордун бардыгы биздин ошондогу мамлекетибизди сактай албай калды. Ошол себептүү күзөт кызматын күчөтсөк туура эле болот болушу керек.

Президенттин Катчылыгынын кызматкерлери болсо “Арстан” аттуу жогорудагыдай элиталык аскердик бөлүктүн пайда болушу тууралуу маалыматтары жоктугун, күзөт кызматы аларга такыр маалымат бербеген өзгөчө орган экенин айтууда.

Белгилүү саясий серепчи Орозбек Молдалиевдин айтымында, Борбор Азияда эң эле жан сакчылары көп, абдан катуу кайтарылган президент – бул Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Бирок кийинки кездери Кыргызстандын президенти да коопсуздугуна көп көңүл бөлүп атканы байкалууда.

Ошондой эле талдоочунун пикиринде, соңку кездери өлкөдө биринчи ишти жазап алып, андан кийин гана аны мыйзамга тууралап коюу көрүнүшү пайда болду. “Арстан” аскер бөлүгү да ошого окшойт:

- Негизи бардык демократиялык мамлекеттерде коргонуу жана коопсуздук тармагын парламент көзөмөлдөйт. Бюджет ж.б. аркылуу аларды тескеп, “ушунча акча короткондун кереги барбы, дегеле жаңы нерселердин зарылчылыгы канча” деп аныкташат. Бул өзүнчө эле илим. Ар ким эле өзүнчө аныктап, түзө берсе анда ушундай мыйзам ченемдүү суроолор пайда болот. Элге да түшүнүксүз болуп калат. Эми мындай аскердик бөлүктөрдүн түзүлүшүн парламент деле бекитип бермек. Бирок аны кичине мыйзамдуу жолго салымыш болуп коюшса болмок.

Буга чейин айрым оппозиция өкүлдөрү Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин кол алдында аракеттеги 700 чамалуу адамы бар экенин, Улуттук гвардия кошулганда 3000 чамалуу кишини башкарып каларын айтып келишкен. Бирок аталган жашыруун кызматтын чынында канча куралдуу кишиси бар экени, бюджети канча экени белгисиз.

Илим Жанузаков

настроение: Циничное

Z Z, 16-02-2010 15:42 (ссылка)

Жашасын улуу сезимдер!

Соңку мезгилдерде айрыкча жаштар арасында 14-февраль кадыресе эле чоң майрамга айланды. Көптөрү жүрөктө катылган улуу сезимди дал ушул күндө чыгарууну пландашат. Анткен менен муну майрам катары эсептебегендер да жок эмес.

Бул ирет 14-февраль - Махабат күнүнө Эрлан өзү жактырган кызга өзгөчө белек камдады. Ал эч кимде жок болсун деп өз колу менен кызыл роза гүлүн жасаган. Эрлан бул күн жаштар арасында өз ордун таап калды деген ойдо. Анткени аны менен тең курбалдаштарынын дээрлик бардыгы Махабат күнүн чыдамсыздык менен күтүп, атайын даярдыктарды да көрүшөт.

- Муну менен кошо дагы белек даярдагам. Ал сыр бойдон калсын. 14-февралды Батыштан келген деп жактырышпайт. Эмнеге кыргыздар деле анын жакшы жагын алып калганга болбосун?

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Молдошева жолдошу Мирбек менен 4-курста окуп жүргөн кезинде таанышкан. Динара айым шайлоонун тартиптери боюнча республикалык сынакта команда түзүп барып биринчи орунду алат. Ал жерде Борбордук шайлоо комитетине иштөөгө чакырылып, дал ошол жерден түбөлүк жары Мирбекке жолуккан. Болочок жолдошунан 14-февралды арзуу катын алып, ал катты азыр да баалуу буюм катары сактап келет.

- Ал мага "мен сени сүйөм" деп эч качан айткан эмес. 14-февраль күнү мага кат берип, өз сезимин билдирген. Бул анын айымдарга жазган биринчи каты экен. Ар бир сөзүнөн эле толкундоолорун байкадым. Азыр ал катты баалуу буюм катары катып жүрөм. Анан 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Сөзсүз түрдө мага мен жактырган ак роза гүлүн белек кылат. Кандай болбосун чын жүрөктөн берилген белекти баалуу деп эсептейм.

Деген менен жаштар арасында бул күндү майрам катары тааныбагандар да бар. “Ак шумкар кут” жаштар кыймылынын мүчөсү Айбек Байымбетов 14-февралды Ыйык Валентин күнү деп белгиленишин кыргызга жат корунүш катары баалайт.

- 14-февраль - Сүйүү күнү деп аталышынын өзү эле күлкүнү келтирет, түшүнгөн кишиге. Эмне ушул эле күнү сүйүш керекпи деген да ой кетет. Андан сырткары эч бир тарбиялык мааниси жок. Бул биздин мүнөзүбүзгө, табиятыбызга жат нерсе. Керек болсо бизди буза турган нерсе катары кабыл алам. Ошондуктан бул күндү майрам деп эсептебейм деле.

Акын кыз Афина Бакирова да учурунда 14-февраль күнүн болочок жолдошу менен белгилеп, бири-бирине ыр арнап, майрамдап келсе, азыр Махабат күнү алардын баш кошкон күнү менен алмашкан. Афинанын айтымында, бул күн бири бирине көнүл бургусу келгендер үчүн жакшы шылтоо болуп берет.

- Жеке көз карашымда сүйүү күнүн бир күн менен чектегендин өзу туура эмес деп ойлойм. Ар бир күнү сүйүү болуп турган жакшы да. Биз баш кошкон күнүбүздү белгилеп, бири-бирибизге жакшы белектерди тартуулайбыз.

Жөнөкөй угулганы менен өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу түбөлүк жар табуу кадыресе эле татаал маселе. Ал эми тандап алган жарыңа өмүр бою жылуу сезимди жоготпой, жүрөгүңдү арнап жашоо, ортодогу бири-бирин сыйлоо, урматтоо, түшүнүү мамилелерин сактоо да өзүнчө бир чоң кеп. Эмесе, ошол улуу сезимдер эч качан өчпөсүн!

Канымгүл Элкеева

настроение: Влюбленное

Z Z, 16-02-2010 15:38 (ссылка)

Кыйналган эл, чечилбеген чек ара маселеси

Өзбекстандын чек ара кызматы кыргыз жарандарын өз аймагына үч айда бир гана жолу өтүүгө укуктуу деп чектөө киргизгени жергиликтүү калкты бушайманга салды. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде андай чектөө жокко чыгарылып, маселе жөнгө салынганын билдиришүүдө.

Өзбекстан өзүнүн ички мыйзамдарына таянып, 7-февралдан тарта кыргыз жарандарын мурдагыдай өз аймагына өтүүсүнө тыйуу салып, мындан ары кыргызстандыктар үч айда бир гана жолу Өзбекстанда кирүүгө укуктуу деп билдиришкен. Коңшу өлкөнүн мындай чечими тууган-уругу Өзбекстанда жашагандар жана чек арадан өтүп соода сатык менен тиричилик кылган кыргыз жарандарын оор абалда калтырды.

Буга чейин да чек арадан азап менен өтчүбүз деп даттанган Ош шаарынын тургуну Бахрам Саидов, эми ал жактагы туугандары менен катташуу токтоп калабы деп чочулап турган кези:

- Бир жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселеси абдан татаалдашып кетти. Бул көрүнүштөн бизге окшогон карапайымдар абдан кыйналып бүттүк. Чек арадан өтүү үчүн кагаздарды толтуруп, бир канча аскер адамдары текшеришет. Сааттап күтөбүз, кээ күндөрү өтө албай кайра келебиз. Токсонго чыккан абышка-кемпирлер да күтүп отурганын көрөсүң. Абдан кыйын.

Бахрам сыяктуу ондогон тургундар, Өзбекстандын бир жылда төрт жолу гана өтө аласыңар деген чечимине нааразы болуп “Азаттыкка” арызданышты. Бирок эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын сүйлөшүүсүнүн негизинде ал чектөө жокко чыгарылды, дейт Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкарыева:

- 13-февралда эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, анда өзбек чек арачылары үч айда бир жолу өтүү деген чектөө жойулганын билдиришти. Бул чектөөлөр Өзбекстандын “Дустлик” чек ара бекетинде болгон эле.

Абдыкарыева учурда кыргыз-өзбек чек ара бекеттери мурдагы калыпта иштеп баштаганын кошумчалады. Анткен менен аймактагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кыргыз жарандары Өзбекстан аймагына өтүүдө дале болсо чоң түйшүккө кабылып келишерин айтышат. Чек арадан өтүү көйгөйүнө өзүм да күбө болуудамын дейт “Тартип жана мыйзамдуулук” укук коргоо уюмунун жетекчиси Изатулло Рахматуллаев:

- Мага атайын адамдар даттанышканынан “Достук” чек ара бекетине бардым. Кыргызстандын бекетинде баары жакшы, болгону Өзбекстандын чек арачылары “бизге ушундай буйрук келди, эми үч айда бир гана жолу өтөсүңөр” деп айтышты. Албетте бул чек ара бекети ушундай ыкмага өтсө, анда карапайым калк абдан кыйналат. Чек арадан мыйзамсыз өтүү, коррупция күчөйт, жанагындай ок атышуу да болуп кетиши мүмкүн.

Жергиликтүү адистердин чек ара чырлары бул жылы да көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуусуна негиз бар деп эсептейт Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов. Анын пикиринде соңку кезде Өзбекстандын Кыргызстанга кыр көрсөтүүсү күчөп, кыргыз бийлиги бул жагдайдан билмексен болуп кутулууда.

- Кыргыз бийлиги билмексен, укмаксан болуп отура берсе бул маселе кийин курчуп кетиши мүмкүн. Өткөндө да чек арачыны атып, Өзбекстанга алып кирип кетишкен. Мына азыр да канчалаган проблемалар чыгып жатат. Өзбекстан тараптан Кыргызстанга агрессивдүү саясат болуп жатат.

Ниязов эки өлкө ортосунда уламдан-улам курчуп бараткан чек ара маселесин мамлекет башчылары ачык сүйлөшүү жолу аркылуу чеччү убак келгенин белгилейт.

2009-жылы бир канча ирет эки тараптуу сүйлөшүүлөр, келишимдер болгонуна карабай, 2010-жылдын башында эле кыргыз чек арачысына ок атмай, өтүүгө чектөө киргизмей сыяктуу кыргыз тарапты түйшөлткөн маселелер орун алды. Ал тургай чек ара бекетинде Өзбекстанга өтө албай алты саат кезек күткөн аял кан басымы жогорулап, каза тапкан окуя да жүз берген эле.

Жанарбек Акаев

настроение: Пессимистичное

Z Z, 12-02-2010 15:20 (ссылка)

Стратегиялык тармактарды кимдер колго алууда?

Тарифтердин көтөрүлүшүнөн кийин дароо сатыла баштаган мамлекеттик ири ишканалардын тагдыры көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Оппозиция өз кезегинде коррупциялык схемалар боюнча эл байлыгы таланып атканын, убагы келгенде буга тиешеси барлардын баары жазаланарын айтышууда.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева бул маселе боюнча премьер-министр Данияр Үсөновго кайрылып, кеч болуп кала электе отставкага кетүүгө чакырды.

Тарифтерди көтөрүү, мамлекеттик ири ишканаларды сатуу бир канча жыл мурда эле пландалып, акырындан иш ошого бараткан. Бийлик өкүлдөрү да, оппозиция да ушундай пикирлерди айтышат.

Албетте, мындай иштер кандай максатта жасалып аткандыгы боюнча эки тараптын пикирлери асман менен жердей.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, эгемен Кыргызстандын тарыхы мамлекеттин карамагындагы ишканалар начар иштей тургандыгын көргөздү. Анын үстүнө дүйнөлүк практикада деле жеке менчик ишканалар калкты сапаттуу тейлей турганын эбак далилдеген. Өкмөт мүчөлөрү дал ошол себептен мамлекеттик ири ишканалар жеке колго өтүшү керектигин айтып келатышат. Эми алар сөздөн ишке өтүштү. “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” сыяктуу мамлекеттик гигант компаниялар сатылып, кезекте “Ошэлектро”, “Жалалабадэлектро”, “Чыгышэлектро” компаниялары турат.

Ал эми каршы тараптын ырасташынча, жогоруда айтылгандар президенттин үй-бүлө мүчөлөрү менен аларга жакын топтордун коррупциялык схемаларынын ишке аша баштоосу. Оболу президент өз бийлигин катуу чыңдады. Андан соң президент өзү түзгөн “Ак жолдун” колу менен энергетика тармагынан “стратегиялык” деген макамды алып таштап, тармакты сатууга жол ачып алышты.

Өлкөнүн ири ишканаларын сатууну Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева, “элдик байлыкты тоноо” катары баалап, учуру келгенде буга тиешеси бар чиновниктердин бардыгы жазасын аларын айтат:

- “Түндүкэлектро” мисалы Алексей Ширшовдун “Чакан ГЭС” деген компаниясына 3 миллион долларга кетти деп атышат. Ошол А.Ширшовдун бир эле үйү 3 миллион доллар турат. “Түндүкэлектрого” кирсеңиз кассасындагы күнүмдүк пайдасы эле 30 миллион сомдой болсо керек. Анан кантип 3 эле миллионго кетип калат. Анан кантип эле ушунча арзан кетип калды. Бул деген Кыргызстандын элин тебелеп-тепсеп, бутун арчып атат деген эле сөз.

Р.Отунбаева: Премьер кеч болуп кала электе отставкага кетиши керек

Р.Отунбаева премьер-министр Данияр Үсөновго ачык кайрылып, кеч болуп кала электе токтоосуз отставкага кетүүгө чакырат. Ал өз сөзүндө айрым кызыктуу цифраларды келтирет.

Маселен, 2008-жылдын 29-октябрында мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов өкмөттүк жыйында отуруп, көз карандысыз аудитордук компания “Түндүкэлектронун” баштапкы баасын 137 миллион долларга баалаганын айткан. Баштапкы гана баасы ушунча бааланган ишкана бүгүн 3 миллион долларга “Чакан ГЭС” аттуу эл билбеген чакан ишканага сатылып кетти. Ошол эле маалда “Чакан ГЭСтин” экономикалык көрсөткүчтөрүн, жылдык кирешесин, кандай ийгиликтерге жетишкенин жана ал кимдерге таандык экенин эч ким билбейт.

Депутаттын маалыматында, “Кыргызтелекомдун” айрым филиалдары эле жүз миллиондогон долларга бааланышы керек эле. Ошондой эле аларда GSM жана CDMA стандарттарындагы уюлдук байланыш жыштыгы үчүн эки лицензиялары бар. “Булардын бирөөсү гана ачык аукциондо сатылса казынага эң аз дегенде 100 миллион доллар түшүрмөк”,- дейт Р.Отунбаева.

Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов болсо аталган эки компания сатылганын жарыялап жатып, “Кыргызтелеком” 40 миллион долларга Казакстан, Кыргызстан, Кипрдин компаниялары кирген юридикалык консорциумга сатылганын билдирген. “Түндүкэлектро” компаниясынын сатылышы боюнча ал буларды айткан:

- “Чакан ГЭС” сунуштаган инвестициянын көлөмү 73 миллион 900 миң долларды түздү. Мамлекеттик акиялар үчүн 3 миллион доллар сунушташты. 2010-жылдын 1-февралында конкурстук комиссиянын чечими боюнча “Түндүкэлектронун” мамлекеттик акциясын сатуу боюнча инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болуп “Чакан ГЭС” табылды.

“Чакан ГЭС” андан тышкары “Түндүкэлектронун” 3 миллиард 630 миллион сомдук карызын төлөө милдеттин алууда. Дал ошол карыздын көптүгүнөн улам анын акцияларынын наркы төмөндөгөн. Т.Турдумамбетовдун ырасташынча, “Түндүкэлектро” сыяктуу ишканалар сатылып атканы менен келишим боюнча тарифтерди өкмөт көзөмөлдөйт. Андыктан тынчсызданууга негиз жок.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү убактысы келгенде булардын бардыгы мамлекетке кайтарыларын, мамлекеттик ишканаларды сатууга тиешеси барлардын бардыгы жазаланарын айтышууда.

Илим Жанузаков

настроение: Безжизненное

Z Z, 12-02-2010 15:17 (ссылка)

Жаштар таштандыларга каршы!

Жаштар таштандылар менен күрөшүүнүн жаңы жолун ойлоп табышууда. Алар ыргытыла турган буюм-тайымдарга экинчи өмүр берүүнү үйрөнүп, шаарды таза кармоого чакырык ташташты.

Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбордун Кыргызстандагы филиалы мектеп окуучулары жана студенттер арасында “Таштандыга мүмкүнчүлүк бер!” деген аталышта сынак жарыялаган. Сынактын жеңүүчүлөрү 11-февралда аныкталды.

И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин лицейинини окуучусу Нурсултан Кубатбеков жана ал жетектеген “Эл-Эко” жаштардын кыймылы бул сынакта өздөрүнүн бир канча плакаттары менен жеңүүчү аталышты. Алар өздөрүнүн эмгектеринде тазалыкты колго албаса, шаар таштандынын “алдында” калышы ыктымал деген чочулоосун билдиришкен.

Сынактын жеңүүчүсү Нурсултан Кубатбеков буларды айтат:

- Бишкекке ким келбесин, туристтер болобу, айылдан келгендер болобу борбордук аянтка чогулушат. Аянты да кооздоп берди. Бул жерде эмне жесе эле, таштандыны ушул жерге таштап кетишет. Бул биздин, кыргыздын бетине таштагандай эле болот да. Келечекте бирден таштанды таштай берсек ушундай болуп, таштандыга көмүлүп калабыз деген көз карашты, ойду айткыбыз келген.

Жакын арада жаштардын “Эл-эко” кыймылы маалыматтык иш-чараны баштаганы турат. Алар дал ушул экологияны булгабай, таштандыларды тазалоо иштери боюнча бүт университеттерди кыдырып, маалымат таратышмакчы. Нурсултандын айтымында, алар бул ишти ыктыярчы катары жасап жатышат.

11-класстын окуучусу Айгерим Иманкулова пластикалык эшик, терезелердин кыркындыларынан органайзер жасаган. Ал бул оригиналдуу жана пайдалуу эмгеги үчүн таштандыга экинчи өмүр берүү сынагынан 3-орунга татыды.

Айгеримге бул идея агасынын иштеген жерине барганда пайда болгон. Айгеримдин агасы эшик-терезе жасаган фирмада иштейт:

- Мен эшик, терезелерден ашкан, кыркындылардан эле ушундай кагаз, калем, өчургүч сала турган буюм жасап койдум. Биз таштандыларды көчөгө ыргытабыз. Аны таштабай эле органайзер жасап, мектепке, иштеген жерге, окуган үстөлгө коюп койсо да болот.

Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбордун Кыргызстандагы филиалынын иликтөөсү боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда таштандылардын 1 пайызы гана кайра иштетилет, калганы шаардык таштандылар жайында өрттөлөт экен. Адистер бул ден соолукка терс таасирин тийгизерин, ошол себептен таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу зарылдыгын белгилеп келишет.

Сынакты уюштуруучуларынын бири, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис Ильязов Мирбек эгер улуулар да өспүрүмдөр сыяктуу ойлонсо анда шаар биртоп таза болмок деген ойдо.

- Таштанды дегенде чоң кишилердин көзүнө жагымсыз, жаман нерселер ойго келет эмеспи. Ал эми өспүрүмдөр жакшы буюмдарды жасап коюшкан.

Жалпысынан сынакка 150дөй эмгек келип түшкөн. Өзгөчө жана пайдалуу буюмдарды жасаган, плакаттарды тарткан жеңүүчүлөр 300 евро жана диплом алышты.

Арасынан өтө жөнөкөй, бирок пайдалуу бумдарды, алсак ошол эле желим бөтөлкөдөн, ширеңкенин кабыгынан, ваза, балдар үчүн оюнчуктар, сувенир, роботторду табууга болот.

Өспүрүмдөрдун колунан жаралган бул буюмдар бир чети үйдү кооздоп берсе, экинчиден таштандылардын аз болушуна шарт түзөт. Бирок сынактын “катылган” максаты - бул маселени мамлекет жетекчилерине балдардын көз карашы менен жеткирүү болгон. Ал эми өкмөт бул маселени кандай өңүттө чечерин убакыт көрсөтөт.

Сүрөт баянды бул жерден көрүңүздөр:

http://www.azattyk.org/cont...

Канымгүл Элкеева

настроение: Благодарное

Z Z, 09-02-2010 16:32 (ссылка)

Н.Медведева С.Мелникоффду сотко берүү ниетинде

АКШнын Маями шаарында жашаган фотосүрөтчү Н.Медведева анын Чеченстандагы согуш учурунда тарткан сүрөттөрүн өзүнүн сүрөтү катары көргөзмөлөрдө пайдаланып, бирок калем акысын төлөбөй койгон деп америкалык сүрөтчү С.Мелникоффду айыптоодо.

- Наталья айым, кесиптешиңиз фото-сүрөтчү Сергей Мельникофф Чечен согушу жөнүндө сизден сүрөттөрдү качан алды эле?

-2006-жылы журналист Анна Политковскаянын өлүмүнөн кийин «Коммерсант» басылмасы менин автордук укугумду бузуп, бул боюнча абдан узакка созулган соттук териштирүүлөр болду. Себеби “Коммерсанттын” директору америкалык болчу, ал менин сүрөттөрүмдү сатып, акчага өзү ээлик кылып мага бир тыйын дагы төлөгөн эмес.

Ошондуктан мен абдан ачуум келип, сүрөт архивимдин жарымын соттошуп жүрүп алып калгам. Архивдин бир бөлүгүн ошол редакция өрттөп жиберген. Мага Орусияда калуу коркунучтуу болуп калгандыктан, мен Америкага кетип калгам. Ал жерден кимдир бирөөнү таап, саргайып жаткан архивимди жарыкка алып чыгайын дедим. Себеби мен фото пленкаларга, адвокаттарга көп каражат жумшадым. Менин Чечен согушу жөнүндө тарткан сүрөттөрүмдөн башкалар пайда көрүшүп, мага бир тыйын да беришкен жок да.

Ошентип мен Америкадан Сергей Мелникофф менен таанышып, чечен согушу тууралуу сүрөттөрүмдүн пленкалары жөнүндө айттым. Ал мага көптөгөн кызыктуу сунуштарды убада кылды. Менин менеджерим болуп, көргөзмө уюштуруп, сүрөттөрүмдү сатаарын айтты. Мен аны сатып берет экен деп тарткан иштеримди, пленкаларымды бердим. Ал алары менен эле мени менен байланышпай калды.

- Бул боюнча документтештирип, эки тараптуу келишим түздүңөр беле?

- Түзүлгөн. Эгерде адам жеке менчикке ээлик кылганды начар билсе, укукка ээ болууну начар түшүнсө, мен негизинен мындай ээлик кылуу укугунан ажыратып коюуга кудуретим жетет. Муну менен тек гана алектениш керек. Анан ал адам берилген менчикке туура эмес ээлик кылып жатат деп далилдеш керек.

Бул жакта Америкада бул өңүттө такыр башкача экен. Ошондуктан мен буга байланыштуу далилдерди тапсам, аны полиция келет да алып кетет. Мен азыр ал каякка барып жатканы тууралуу жана менин сүрөттөрүмдөн пайда таап жатабы же жокпу маалыматым жок болуп турат. Мага Грузиядан телефон чалышып менин сүрөттөрүмдү көргөзмөгө коюшканын айтканда, чачым тик турду. Мына азыр Бишкектен чалып жатасыңар. Мага телефон чалып айтып жатышат, ал менин сүрөттөрүмдү жөн эле өзүнүн иши катары көрсөтүп жатыптыр.

- Сиз Чеченстанда кайсы жылдары болдуңуз жана ал сүрөттөрдү качан тарттыңыз эле?


-Мен ал жакта 1995-жылдан баштап 2004-жылга чейин дайыма барып, чечен тарапты да, Орусиянын аскер күчтөрү тууралуу да эки тарапты тең сүрөткө тарткам. Мен Хоттаб, Басаев, Масхадовду да сүрөткө тарткам. Буденовкадагы барымтага алган учурда да болгом.

- Кийинчирээк Сергей Мелникофф менен сүрөттөрүңүз тууралуу сүйлөштүңөрбү?

- Мен ага күзүндө телефон чалып Маями шаарына, ага жакын көчүп келип, жашап жатканымды билдирдим. Ал чочуп кетти. Ал бул жерде Форд Лудурдайвде жашап жаткан.

- Бул иш боюнча Сергей Мелникоффту сотко берүү ниетиңиз жокбу?

-Мен, биринчиден, далилдерди чогултушум керек. Бул иш боюнча ызы-чуу кылбай эле, акырын барып бул боюнча документтерди берип коюш керек. Эгерде адам менчикке карата кишиликтик мамиле кылбаса моралдык жана саясий зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы, Сергей мындай мамилеси менен менин жашоомо зыян келтирди деп эсептейм.

P.S. Ал эми Сергей Мелникофф Наталья Медведеванын койгон дооматтарында негиз жоктугун, ал уюштурган көргөзмө аркылуу Н.Медведева АКШда саясий качкын макамын алгандыгын, түзүлгөн келишимдерге ылайык, анын сүрөттөрү өзүнүн атында эле көргөзмөгө коюлуп жүргөнүн “Азаттыкка” билдирди.

Аманбек Жапаров

Z Z, 06-02-2010 12:23 (ссылка)

А.Мадумаров: Арабаны аттын алдына коюп алдык

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Адахан Мадумаров Кыргызстандагы саясий кырдаал, Конституцияга өзгөртүү киргизүү, бөлүштүргүч компанияларды сатуу, Исмаил Исаковдун камалышы жана башка маселелер боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - Адахан мырза, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткенден кийин кандай иштер менен алек болдуңуз?

А. Мадумаров: - Бул суроого мен көп жолу эле жооп бергенмин. Кудайга шүгүр, бала-чака бар. Китеп окуу менен үйдө эс алдым. Мен жөнүндө ар кандай сөздөрдү жазышты. Мени бир жерлерге жумушка орноштурушту, алышты. Бул эми түшүнүктүү нерсе.

“Азаттык”: - Ушу ишке жайлануу боюнча, сизди “Бета сторес” компаниясы менен келишим түзүп, ошол жерде иштеп жатат деп айтылган эле...

А. Мадумаров: - Менин маалыматым боюнча, ошол аты аталган компания жазган журналистти сотко берген.

“Азаттык”: - Демек бул чындыкка туура келбейт?

А. Мадумаров: - Тап-такыр.

“Азаттык”: - Адахан мырза, анда саясий темага келсек. Мынабу өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөрдү кандай баалап жатасыз? Өзүңүз кайсы багытта иш жүргүзөйүн деген ойдосуз?

А. Мадумаров: - Жагдайды кандай десек, ал Кыргызстанга таандык болуп келген жагдай. Реформа ал-бул деп айтып аткандардын баарын укуктук талаага киргизиш керек. Конституциянын чегинде иш жүргүзүш керек. Тилекке каршы, биз арабаны аттын алдына коюп алгандайбыз. Биринчи Конституцияга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин мамлекеттик түзүлүштү ошол Конституцияга ылайык келтириш керек эле. Тилекке каршы, бизде азыр Конституцияда жок мамлекеттик органдар түзүлүп калды. Эми ошону мыйзамдаштыруу аракеттери жүрүп жатат. Менимче бул туура эмес.

Мүмкүн өзүнүн оң жыйынтыгын бериши мүмкүн эле. Бирок ар кандай жакшы нерселерди мыйзамдын негизинде жүргүзүш керек.

Эми азыр Конституцияда жок мамлекеттик органдар чыгарган чечимдер кандай болот? Мен түшүнбөймүн...

Төрт жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган мыйзамчы катарында да, саясатчы катарында да жүрүп аткан иштерге түшүнбөй турам. Мүмкүн жакшы ойду, жакшы багытты тандап аткандыр. Бирок ошонун баарын мыйзам чегинде жасаш керек эле. Биринчи Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, андан кийин мамлекеттик структураларды түзүш керек эле.

“Азаттык”: - Демек өткөн жылы 20-октябрдагы президенттин сөзүнөн кийин орун алган өзгөрүүлөргө чейин Конституцияга өзгөртүү киргизилип, андан кийин тийиштүү иштер жүргүзүлүш керек эле?

А. Мадумаров: - Сөзсүз түрдө ошондой болуш керек эле. Мына азыр Мамлекеттик катчы деген Конституцияда жазылып турат, а Мамлекеттик катчы деген жок. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши деп жазылып турат, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жок. Конституцияда жок Мамлекеттик кеңешчи пайда болуп, ал иштеп жатат. Конституцияда жок Президенттин катчылыгы деген иштеп жатат. Кандайдыр бир чечимдерди кабыл алып жатат.

Өкмөттүн ишин кайталаган Борбордук өнүктүрүү агенттиги да Конституцияда жок. Бирок ал өкмөттүн финансы, чарбалык иштерин жүргүзүп, акча каражаттары бүт ошол жерге жыйналып жатат. Бул органдын мүмкүнчүлүктөрү, укуктары абдан эбегейсиз. Ал эми жоопкерчилиги эч бир жерде жазылган эмес.

“Азаттык”: - Бул борбордук агенттик парламент алдында да жооп бербейт...

А. Мадумаров: - Эч кимдин алдында жооп бербейт. Эч бир мыйзамда жок. Кайсы мыйзамдын, Конституциянын алдында жооп берет? Укуктарын карап отурсаңыз... Кагазга жазылбаган укуктары абдан чоң. Бирок эч бир жерде кымындай да жоопкерчилиги каралган эмес.

Бардык нерсе Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына ылайык жасалыш керек. Ар кандай кымын эткен мамлекеттик орган, бийлик дал ошол мыйзамдын негизинде куралыш керек. Анан мыйзамда жок нерселерди жасап алып, арабаны аттын алдына коюп алып чуркагандын кандай кажети бар.

“Азаттык”:- Адахан мырза, дал ушундай позицияңыз үчүн Ак үйгө жакпай калгандырсыз?...

А. Мадумаров: - Кээ бир маалымат каражаттары мына ушуну эми айтып жатабы дегендер бар. Мен муну 14 жыл бою какшап келгем. Азыр эски бийликти Нобель сыйлыгына чейин көтөргөндөрдүн баары төбөдө отурбайбы.

Эмнеси өзгөрдү? Мадумаровдун дарегине сын айткандар баягылар эле. Ошолор эле кыйкырып жатат.

Мен муну ошол жерде отурганда да айтканмын. Анан кандай жыйынтык чыкты дейт. Жыйынтык чыккандан бир белгиси ушул да, мен ал жерде жокмун. Ушул чоң жыйынтык да. Муну байкап турасыңар.

“Азаттык”: - Мамлекеттик кызматкердин этикасына жараша ошол жерде өз убагында айтылган нерсе ачыкка мүмкүн чыкпай калгандыр?

А. Мадумаров: - Мамлекеттик кызматкердин этикасы, биринчиден. Экинчиден, ар бир адамдын өзүнүн маданияты болот. Мен дагы айта турган көп нерселер бар... Бирок ал маданияттуу түрдө болуш керек. Сөзсүз эле Ала-Тоо аянтына чыгып, катуу үн чыгаргычтар менен айтуунун кажети жок. Жыйынтыгы жок кыйкырык чуунун кимге кереги бар.

“Азаттык”: - Адахан мырза, Исмаил Исаковду Бишкек гарнизондук соту сегиз жылга эркинен, генерал-лейтенанттык наамынан ажыратты. Азыр Исаков УКМКнын абагында отурат. Сиз бул соттук өкүмгө кандай баа берип жатасыз?

А. Мадумаров: - Мен өтө терс баа берем. Болгондо дагы эч кандай күнөөсү жок адамды отургузушту. Бул боюнча Кыргыз Республикасындагы бир аз-бир аз сабаттуу укук коргоочулар же тартип коргоо органдарынын кызматкерлери билип эле турушат.


Исмаил Исаков сот чечими чыгаар алдында. 11-январь, 2010-жыл.Бул туура эмес. Ошол батирди балаңа берип койдуң деп айыпташты. Ага Исмаил Исаковдун кандай тиешеси бар? Болгондо да өзү кызматта министр болуп отурганда кайра кайтарып берсе... Тескерисинче, миллиондогон зыяндарды келтиргендер жогору жакта отурушпайбы. Мен эми атын атабай эле коеюн. Алардын баары кыргыз элине белгилүү.

Мен башкы командачыга, президент Курманбек Бакиевге ишеним артам, эртеби-кечпи ак-карасын иликтеп чыккандан кийин, өзүнүн адилеттүү жыйынтыгын чыгарат. Ал Конституциянын кепили. Мен президент катары чыгарат деген жокмун, мен Конституциянын кепили катарында чыгарат деймин.

Тийиштүү кайрылуулар болуп жатат. Мен тараптан да кайрылуу болду.

Исмаил Исаков чөгөлөп калган кыргыз жоокерлерин тикелеп тургузуп, курсагын тойгузуп, кийимин кийгизип, казармаларын салып, офицерлерди үйлөргө киргизип койгон киши. Ага мынчалык кара ниеттик кылбаш керек. Бул өтө туура эмес. Исмаил Исаков, дагы бир жолу айтайын, кыргыз элинин мекен сүйүү боюнча эң алдыңкы мыкты инсаны, мыкты ишмери. Мен Исмаил Исаковдун ак экендигине кенедей да күмөнүм жок.

“Азаттык”: - Исмаил Исаков сөзү, саясаттагы позициясы, сиз айткан Конституциянын кепили деген кишиге жакпай, мына ошол үчүн учурда абакта отургандыр...

А. Мадумаров: - Эми, кандай десем, орустардын бир лакап сөзү бар го “падышаны вазирлер” жасайт деген. Азыр айлана-чөйрөдөгүлөрүн карап көрсөңүз, 2005-жылга чейин кайда эле ошол азаматтар? Алардын азыр да ошол жерде жүргөндүгү көп нерседен кабар берет. Бул азаматтар мурунку бийликти деле мактап-жактап, абдан туура кылып жатасыз, баарын жоготуш керек, тынчтыш керек дегендер. Азыр алар кайра эле ошол жерде отурушат.

Бери жактагы аналитикалык талдоо жүргүзүү жана башкаларды мен “пионерлерден үйү” деп атаймын. Ошол кириш-чыгыш документтерди жол-жобосу менен жасаганды билбегендер ошол жерге чогулуп алган.

Мамлекетти башкаруу бул өтө чоң илим. Өтө чоң илим. Менимче, бул жагынан да мезгили менен жыйынтыктар чыгып калат.

Жаштарды тарткан жакшы. Бирок ошол жаштар мамлекеттик түзүлүш эмне экендигин билсе, мамлекеттик тил эмне экендигин билсе, мамлекеттик каада-салт эмне экендигин билсе, мамлекеттин пайдубалы эмнеден куралаарын билсе, мамлекетте жашап аткан элдин көкүрөгүндө, аң-сезиминде, жүрөгүндө эмне бар экендигин билсе мен кош колдоп, колдоп берем. Бирок, тилекке каршы, гезиттен, кагаздан башканы билбегендердин баары ошол жерге жыйналып алып, президентке жардам берүүнүн ордуна зыян гана алып келип жатат. Аны күндөлүк турмуштан көрүп жатпайбызбы.

“Азаттык”:- Адахан мырза, Конституцияны өзгөртүү маселесине келсек. Азыр коомчулукта абдан талашты жараткан нерсе, президент ишин аткара албай калганда анын милдетин ким аткарат, ал кандай тандалат деген нерсе болуп жатат. Алгач президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешме тандайт деп, ага Конституциялык сот каршы болуп, Мамлекеттик кеңеш түзүлө турган болду. Сиздин оюңузча, бул маселе кандай чечилиш керек?

А. Мадумаров: - Бул маселе Конституцияда жазылгандай чечилиш керек. Мамлекеттик кеңеш жөнүндөгү органды мен Коопсуздук кеңеште иштеп турганда сунуш кылганмын. Бирок бул маселени (президенттин милдетин аткаруучуну тандоо) чечүү үчүн эмес, мамлекет алдындагы кандайдыр бир маселени ыкчам түрдө чечүү үчүн Мамлекеттик кеңеш керек. Кааласаңыздар, илгери партия мезгилиндей саясий бюро дегендей. Мына ошондой кеңеш түзүлүш керек деген кеңешимди бергенмин.

А президенттин милдетин ким аткаруусу - бул жети-сегиз киши чечип кое турган маселе эмес. Эгерде кандайдыр-бир жолдор менен айландырып, ороп, бир жеңишке жетишүүнүн жолу болгон болсо, менимче, ал азыркы Конституцияга карама-каршы келет.

“Азаттык”: - Адахан мырза, азыр экономика багытында да абдан чечүүчү учурлар болуп жатат. Кечээ күнү “Түндүкэлектро” сатылды деген кабар чыкты. Белгилей кете турган нерсе, “Түндүкэлектрону” сатып алганга үч компания катышты деп Мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров билдирген болчу. Алар Россиядан, Казакстандан келген жана бизден “Спецэнерго” деген компания деп атаган. Азыр болсо бир маалымат чыгып жатат, ал тендерге “Чакан ГЭС” деген компания да катышып, ал жеңди деген кабар айтылды. Бул эми чак түштө будамайлап, чөнтөккө салуу эмеспи?

А. Мадумаров: - Сиз айтып жаткан маселе - эч жакшылыкка алып барбай турган маселе. Бул жалпы кыргыз мамлекетинин байлыгы. Биз ага 14 жыл бою каршы чыгып келгенбиз. Мен Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда да өзүмдүн пикиримди кесе айтканмын. Улуттун байлыгы эч качан жеке менчиктин колуна тийбеш керек. Кыргызда, мусулманда жакшы сөз бар “эч качан жетим менен жесирдин акысын жебе” деген. Ошол эле компанияларда алардын да үлүшү бар. Алардын да чоң ата, чоң энелеринин акысы бар.

Эми ошолорду келе калып эле мойсоп, жанагы акылдуу улуттардын өкүлү болобу, башкасы болобу жутуп жатканы туура эмес. Бул туура эмес. Мунун баарын какшап айтып келатабыз. Мунун айынан азаптардын баарын чегишибиз да мүмкүн. Жабыр тартышыбыз мүмкүн.

Бирок чындык кысылып, тыгылып, ошол жерде чирип кетпейт. Бир күн болбосо бир күн жарк этип чыгат. Баары бир чыгат. Ошондуктан мен экөөбүздүн маегибиздин башында айткандай, ар бир жасалып жаткан иш мыйзамдын, Конституциянын талаасында жасалыш керек. Тилекке каршы андай болбой аткан болсо, Жогорку Кеңештин депутаттары бар, өкмөт мүчөлөрү бар, башка саясатчылар бар, алар да айтыш керек. Мен өзүмдүн кыргыз атуулу катары жеке пикиримди айттым. Дагы да билдире беремин.

“Азаттык”: - Адахан мырза, алдыдагы саясий максаттарыңыз, пландарыңыз кандай?

А. Мадумаров: - Биз экөөбүз бүгүн эле тааныш эмеспиз, көптөгөн жылдар бою таанышпыз. Дайым айтып келем, үмүтсүз жалгыз шайтан болот деп. Бул бир. Келечегибиздин кең экендигинен үмүтүм чоң. Мамлекетибиздин келечеги чоң. Өтө бай мамлекет болобуз деп айтып келгенбиз. Бирок, тилекке каршы, ошол байлыкты көрсөтүп баштаганда бутка чаап тургандардын саны көп болуп кеткендерди да көрүп жатабыз.

Менин бир урааным бар, билесиз да, “Каным, жаным жериме азык болсун, каруум элиме казык болсун” деген. Планым ушундай.

“Азаттык”: -Сизге чоң ырахмат, Адахан мырза.

настроение: Удивленное

Z Z, 04-02-2010 15:16 (ссылка)

Сүрөтчүнүн чуусу Раевди кызматтан алды

“Ак жол” фракциясы 3-фнвралда америкалык фотограф Сергей Мельникоффту колдогон Маданият агенттигинин жоопкерчилигин кароо сунушун өкмөткө жолдоп, ушул эле күнү президенттин буйругу менен агенттиктин башчысы кызматтан кетти.

Фотограф Сергей Мельникоффко байланыштуу маселени “Ак жол” фракциясынын отурумунда депутат Кубанычбек Исабеков көтөрүп чыкты:

- Сергей Мельникоффтун көргөзмөсүн Улуттук көркөм сүрөт музейинде өткөргөнү жатасыздар. Ал киши: “Орусия – кулдардын өлкөсү... Бүгүнкү мыкты орустар – өлгөн орустар...” – деп жазып атат. Орусия – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Орус мамлекети менен карама-каршылыкты күчөтөлү деп атасыңарбы?

Сергей Мельникофф тууралуу Маданият боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Султан Раев депутаттарга маалымат берди. Аны 2009-жылы 3-мартта академик Асылбек Айдаралиев чакырган. Сергей Мельникофф “Кыргыз жери” деген фото-альбом чыгарып, 11-февралда ошол китептин жүзачары жана сүрөт көргөзмөсү өтмөк.

Жыйында Сергей Мельникофф тууралуу жана аны менен иштешкендерге байланыштуу чуу чыгаруу орунсуз экендигин депутат Бегалы Наргозуев белгиледи:

- Мельникофф бул жерде он жылдан бери иштеп жүрөт. Жанагы сөздөрүн Кыргызстанга келип айткан эмес. Ошон үчүн биздин аткаминерлерди күнөөлөй бербесек. Ага Султан Акимовичтин кандай тиешеси бар? Көргөзмөнү болсо эл көрүш керек. Ал – искусство да.

Депутаттын сөзүнөн улам дем байлай түшкөн Маданият боюнча мамлекеттик агенттик деректири Султан Раев депутаттарга маалымат иретинде буларды кошумчалады:

- Биздин мамлекеттик тышкы иштер министрибиз деле, АКШдагы элчибиз деле билет да – бул кишинин кадыр-баркы кандай экенин. Интерполдон маалымат алдык – эч кандай кылмышка тиешеси жок экен.

Башкы маданиятчынын сөзүн депутат Айнура Кенжебаева актануу катары түшүнүптүр. Ал актангандын ордуна комиссия чечими чыкмайын бул чуулгандуу кишинин көргөзмөсүн да азырынча өткөрбөй, жарнамаларын да азырынча бербей туруу оң болорун айтты.

Ал эми жыйынды алпарып жаткан “Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов депутаттарга мындай сунуш менен кайрылды:

- Эч кандай комиссиясы жок эле бул көргөзмөнү алып салыш керек. Ошондуктан мен добушка коём – биздин өкмөт башчыбыз бул маселелерди так изилдеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартсын, Маданият агенттигинин жетекчилигинин жоопкерчилигин карасын.

Улугбек Ормоновдун сунушу 55 добуш менен кабыл алынды.

Америкалык белгилүү фотограф Сергей Мельникофф 1955-жылы туулган. Мындан 22 жыл мурда СССРден көчүп кеткен.

Биз учурда Кыргызстанда жүргөн ошол америкалык фотограф Сергей Мельникофф менен да байланышка чыктык. Ал Жогорку Кеңеш фракциясындагы талкуу менен толук кабардар экен:

- Мен так ошол маселе менен өзүбүздүн элчиге баратам. Парламенттеги кырдаал өтө эле таң калыштуу болуп атат. Парламент кыргыз жери жөнүндөгү америкалык сүрөтчүнүн көргөзмөсү тууралуу талкуу жүргүзгөндө – алар Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын алакасы жөнүндө талкуу жүргүзүп жаткандыгын унутпашы керек эле. Ал эми мен Орусияга кандайча карайм – ал менин жеке ишим.

Ал эми Президенттин катчылыгынын жооптуу кызматкери Султан Жумагулов Мельникоффтун Кыргызстанга келип калышын – мамлекеттик айрым органдардын туура саясат жүргүзө албагандыгы катары баалады.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясындагы талкуудан кийин Президент Курманбек Бакиев Маданият боюнча мамлекеттик агенттик деректири Султан Раевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрук чыгарды.

Кожогелди Култегин

Z Z, 04-02-2010 15:08 (ссылка)

Кыргызстандан жылына бир шаар калкы кетүүдө

Жыл сайын кырк миңден ашуун кыргыз жараны орус жарандыгын алып, Россияда байыр алып калууда. Бул өлкөдө жыл сайын бирден чакан шаардын калкы көчүп кетип жатканын билдирет.

Макала толугу менен бул жерде:

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Задумчивое

Z Z, 02-02-2010 13:47 (ссылка)

60 тыйындын артына катылган миллиондор

Кыргызстандын 4 миллион ашуун калкы уюлдук телефон байланышын пайдаланат. Алардын жыл бою сүйлөшүүлөрү 250 миллион ашуун долларды түзөт.

1-февралдан тарта байланыш кызматын көрсөтүү акысы дагы 60 тыйынга көтөрүлүп, экономикалык кризис тушунда иши өзгөчө жүрүшкөн компаниялардын капчыгын дагы кампайтканы турат.

60 тыйын деле чоң акча

Жылдан-жылга кирешеси арбып бараткан уюлдук байланыш компанияларынын 1-февралдан тарта кызмат акысын 60 тыйынга көтөрүшү артынан толгон-токой түкшүмөл суроолорду жаратты. Өткөн жылдын 30-декабрында мамлекеттик байланыш агенттиги “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун тармактары аркылуу байланышты камсыз кылуунун акысы 0,09 центтен ашпашын милдеттендирген буйругун чыгарган.

Агенттик директири К.Кыдыралиев 0,09 цент уюлдук байланыш операторлору кызматы үчүн мындан ашык баа коюшка укугу жок экенин ырастап, жеке менчик байланыш компаниялары бааны кандай көтөрүүнү өздөрү чечишке укуктуу экенин билдирүү менен тим болду.

Эмнеликтен кирешелүү уюлдук байланыш компаниялары бир күндө, бир убакка бааны 60 тыйынга кымбатташынын себеп-жөнү көпчүлүккө табышмак боюнча эле калды. Азырынча “Megacom” , “Beeline”, “Fonex” уюлдук байланыш компаниялары кызмат акыны 60 тыйынга көтөрүп, калган “Nex”, “Katel” баа көтөрүштү чечише элек. “Fonex” уюлдук компаниясынын кызматкери Сергей байланыш кызматына 1-февралдан тарта 60 тыйын кошулганын ырастады.

- Гезиттерде жазып жатышпайбы, ошондой болуп жатат. Кошуп бергенибиз үчүн 60 тыйын алабыз.

“Katel” уюлдук байланыш компаниясынын кызматкери Елена Евсюкова 60 тыйын азырынча кошула электигин маалымдады.

- Компания кошкону үчүн азырынча акча албайт. Кийин болуп калса кардарларды кабардар кылабыз. Азыр бардык компаниялар акча алып жатышат.

Ушундай эле позицияны “Nex” компаниясы да карманууда.

Акчанын артындагы кызыкчылык

Экономикалык кризис шартында деле иши жүрүшүп жаткан ийгиликтүү тармактын байланыш агенттигинин кезектеги буйругунун сыясы жакшы кургай электе чөнтөк телефон көтөргөндөрдүн нааразылыгын пайда кылган жаңы тарифтин артында кайсы таасирдүү күчтүн кызыкчылыгы баш багып турганын көпчүлүк боолголоп, анысын Интернет айдыңындагы пикир алышууларга жаадырууда.

Парламент депутаты, “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Бегаалы Наргозуевдун ырасташынча, уюлдук байланыш компаниялары экономикалык кызыкчылык үчүн ичара биримдикке келе алышты.

- Бирөөлөрүн алдаган, бирөөлөрүн коркуткан, бирөөлөрү менен болсо тил табышкан. Ушундай бир тариф орнотуп алсак баарыбызга пайдалуу дегендей кылып.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү депутат Дамира Ниязалиеванын эсебинде, 60 тыйындын арты менен күнүнө он жолу телефон чалган адам 6 сом, бир аптада 42 сом, айына 180 сомго кошумча чыгым болот.

- Эми ушул 180 сомду 4 миллион 100 кардарга, уюлдук байланышты колдонгондорго көбөйтсөңүз бир айда 17 миллион доллар түшүп жатат.

Антип орточо эсептин артынан чыга келген миллиондорду эсептеп чыгышка ашкан акылдын деле кереги жок. Каражат табуунун кыныгын ала баштагандар үчүн уюлдук байланыш компанияларынын укмуштуу акчасы эле эмес, жыл аягында дайынга чыкчу энергетикалык компаниялардын кирешеден алынчу салыгын эмитен ай сайын өндүрүп алуу маселесин башка бирөө эмес өкмөт башчынын өзү коюп олтурат.

Анын баары Өнүгүү фондуна, реалдуу экономиканы өнүктүрүүгө жумшалары байма-бай айтылууда. Өлкөнүн экономикалык стратегиясына жоопкер борбордук агенттик менен анын алдындагы фонддон азырынча дымактуу билдирүүлөр менен демилгелер эле чыгып, оңор эмес каражаттардын көбү күргүштөлүп ошол жакка бурулууда.

Бекташ Шамшиев

настроение: Озадаченное

Z Z, 02-02-2010 13:43 (ссылка)

АКШ: Четте жашаган кыргыздардын кыймылы түзүлд&#1

30-январда АКШда чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын башын бириктире турган кыймылдын уюштуруу жыйыны өттү. Анын максаты - Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү менен мыйзамдуулуктун сакталышына колдоо көрсөтүү жана өлкөдөгү үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө.

Кыймылдын негизги аракеттеринин бири - заманбап технологиялык каражаттар аркылуу Кыргызстандын ичинде жана сыртында кеңири маалымат жайылтуу болмокчу.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары өткөн жылдын этегинде Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмү жана оппозиция лидерлеринин бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун 8 жылга эркинен ажыратылып, камакка алынышына байланыштуу Кыргызстандагы жана четтеги өлкө жарандарына кайрылуу жолдошту.

Вашингтон шаарынын коомдук китепканаларынын биринде өткөн жаңы кыймылдын уюштуруу жыйынына АКШнын булуң-бурчунан келген отуздан ашуун кыргызстандыктар катышты.

- Жалпы эле мамлекетибиздеги саясий жана экономикалык абал азыркы күндө астрономиялык ылдамдуулук менен артка карай кетип атат. Экинчиси, оппозициялык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү менен Кыргызстандагы авторитеттүү лидерлердин бири Исмаил Исаковдун камалышы биздин ушул чогулушка түрткү берди, - дейт “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков.

Үч саатка созулган талкууда ар кандай ой-пикирлер, сунуштар каралып, жаңы уюшулган кыймылга - дүйнөлүк маалымат желеси аркылуу өлкө ичинде жана сыртында Кыргызстандагы чыныгы турмушту чагылдырып туруу милдети коюлду.

Кыймылдын уюштуруучуларынын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаков эң ириде Кыргызстандын сыртында жасалма жандооч аркылуу обого чыкчу сыналгы уюштуруп, анын тармактык бөлүктөрүн чоң кыргыз диаспоралары жайгашкан Түркия, Германия, Орусия, Британияда жана АКШда ачууну сунуштады.

- Биздин кыймылдын негизги куралы болгон маалымат технологиялары – интернет, радио каражаттары Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү үчүн дайыма жаңыртуунун, өркүндөтүүнүн үстүндө болушу керек. Бул көнүл борборундагы негизги маселеге айланат. Анткени ушул жол гана учурдагы анти-демократиялык жана кылмыштуу бийликтин эмне менен алектенип жатканын эл аралык коомго жеткирет.

Жыйынга Нью-Йорк шаарынан келген “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Уланбек Канатбеков жаңы кыймыл Кыргызстандагы кандайдыр бир өзгөрүүлөргө өбөлгө болооруна үмүттөнөөрүн мындайча билдирди:

- Азыркы режимди эч качан өзгөртө албайбыз, бирок кандай жол менен биз Кыргызстанга демократияны түртө алабыз, демократиянын туура өнүгүшүнө кандай салымыбызды кошо алабыз? Ушулар жөнүндө өз ой-пикирлерибизди айттык.

Ошол эле учурда алыскы чет өлкөдө түзүлгөн уюмдар өлкө ичине таасир тийгизе албастыгын айтып, муну жөн гана айрым адамдардын коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары баалаган пикирлер да жок эмес.

- Тажрыйба көрсөткөндөй, башка жерде түзүлүп, өз өлкөсүнө таасир эткен уюмдар өтө эле аз. Ал эми жанагы түстүү ыңкылаптарды мисалга алсак, чет өлкөдөн идея гана келиши мүмкүн, ал эми негизги кыймылдаткыч күч өлкөнүн ичинде болот”, - дейт Президенттин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун эксперти Икболжан Мирсаидов.

Мурдагы маалыматтарда жаңы кыймылдын уюштуруу жыйынына четте жашаган, тактап айтканда АКШда убактылуу башпаанектеп жүргөн саясий оппозициянын өкүлдөрүнүн катышаары да айтылган. Бирок бул чогулушка негизинен кыргызстандык жаштар катышканы жана жаңы кыймыл түзүү алардын демилгеси экени белгилүү болду.

Келечекте кыймыл жалаң гана саясий багытта иш алып барбастан, социалдык колдоо жана гуманитардык жаатта да долбоорлорду жүргүзүү пландары сунушталды.

Кыймылдын кийинки жыйыны европалык өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда февраль айында өтөөрү, ага Кыргызстандын АКШдагы элчилиги да чакыруу алаары маалымдалды.

Гүлайым Ашакеева

Z Z, 01-02-2010 16:05 (ссылка)

Оппозиция от алып келатабы?

Коомчулукта азыркы бийликке нааразы болгондор барган сайын көбөйүп баратканын айткан кыргыз оппозициясы жаз айларында ири иш-чаралар болушунан үмүттөнүүдө. Ал арада өлкө тышындагы кыргызстандыктар азыркы режимге каршы кыймылдарды уюштура башташты.

Мындан үч жыл мурдараак Бишкектин борбордук аянтына он миңдеген тарапкерлерин чыгарып, бийликти олуттуу саясий кадамдарды жасоого мажбурлай алчу күчкө ээ кыргыз оппозициясы кийинчерээк кыйла эле алдан тайып кеткен. Андай болушуна бир катар жүйөлүү себептер бар эле.

Маселен, жалпы оппозициянын башын бириктире алчу күчтүү лидер чыкпай койду. Бул арада оппозициянын дымагы күчтүү өкүлдөрү өз ара тирешип, аны бийлик өкүлдөрү усталык менен өз пайдасына колдонушту.

Айта кетсек, 2007-жылдын мартында оппозициядагы негизги лидерлердин бири Алмазбек Атамбаевге премьер-министрлик кызмат сунушталып, “Бакиев, кетсин!” деген ураандын баш каармандарынын бири бир заматта бийлик адамына айланган. А.Атамбаев кийинчерээк кайра оппозицияга өткөнү менен ошол кадамы үчүн дале сындарга кабылууда.

Былтыр январь айында Социал-демократтардын эң бай мүчөлөрүнүн бири, президент Курманбек Бакиевдин катаал сынчыларынан болгон Өмүрбек Бабановго биринчи вице-премьер-министрлик сунушталып, ал да бийлик тарапка өткөн.

Алардан тышкары Феликс Кулов, Өмүрбек Субаналиев сыяктуу көрүнүктүү саясатчылар да бийликтен оппозицияга, кайра бийликке өтө беришип, талдоочулар эл арасында оппозицияга болгон ишенич төмөндөп кеткенин айтышкан.

Акыркы үч жыл ичинде кыргыз оппозициясы бир катар акчалуу өкүлдөрүнөн да кол жууду. Социал-демократтардын айрым акчалуу мүчөлөрү бизнестеринин айынан саясий ишмердүүлүктөрүн ташташты. Бир катар оппозициялык саясатчылар чет өлкөлөргө баш калка сурап кетишти.

Жазында жанданууну күткөндөр...

Мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаковдун сегиз жылга эркинен ажыратылышы оппозицияны кыйла чыйралткандай болду. Бишкекте, Алайда кыйла адам дале ачкачылык акциясын улантып, чет мамлекеттердеги кыргыздар да Кыргызстандагы режимге каршы кыймылдарга бириге башташты.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүнкү күнү Кыргызстанда эле эмес чет мамлекеттерде да Курманбек Бакиевдин башкаруусуна каршы чыккан тилектештер бириге башташты. Чет мамлекеттерде кыргыз оппозициясын түзүү демилгелери АКШ, Европа өлкөлөрү, Орусия, Казакстан, Түркияда көтөрүлүүдө:

- Жалаң эле Кыргызстанда жашагандар эмес, чет өлкөдөгү кыргызстандыктар да кыймылдай башташты. Бизге ар кайсы өлкөлөрдөн чалып атышат. Эки жолу Вашингтондон чалышты. Ал жактагы саясатчылар, Равшан Жээнбеков, Руслан Исаковдор АКШда чет жердеги оппозициянын уюткусун түзүп атышат. Алар БЭК менен кеңешип иш жасап атышат. Европанын бардык өлкөлөрүндө кыргыздар бар. Швецияда Эдил Байсалов, Кубанычбек Кадыровдор аракет кылып атышат. Орусияда болсо Алайлыктар эле эмес көптөгөн башка кыргызстандыктар да ошол оппозициялык кыймыл боюнча аракет кылып атышат.

Ошондой эле Т. Тургуналиевдин пикиринде, чет жердеги кыргызстандыктардын бүгүнкү режимге каршы биригүүлөрү Кыргызстандагы оппозицияга чоң арка-жөлөк, дем болуп бермекчи.

Ал арада АКШнын борбору Вашингтон шаарында чет жердеги кыргызстандык оппозиция өкүлдөрүнүн алгачкы жыйыны болду. Жыйынды уюштуруучулардын бири Равшан Жээнбековдун айтымында, АКШда каттала турчу чет жердеги оппозициялык кыймылга дүйнөнүн башка жерлериндеги кыргызстандыктар да тартылмакчы.

Бийлик өкүлдөрү болсо соңку кездери Кыргызстандын экономикасында кыйла жылыштар болгонун, эл турмушу барган сайын жакшыруу үстүндө экендигин айтып, оппозицияны көпчүлүк эл колдобой турганын билдиришет.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин пикиринде, президенттин соңку реформалары жана Максим Бакиев баштаган жаштардын бийликке келиши көп нерседен үмүттөндүрөт. Ошол эле фракция мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков мындай дейт:

- Бизде алдыга жылган иштер көп. Мына, акыркы кездери Камбар-Атада жардыруу болуп, ГЭС курулуп атат. Кумтөрдө мурда он беш жылда берилчү акчаны он эсе көтөрүп, аны төлөй башташты. АКШ базасы 17 миллион төлөп келген болсо азыр 60 миллион доллар төлөп атат. Мунун бардыгы экономикалык өсүп-өнүгүү.

Мына, заводдор ачылып атат. Президентибиз кечээ эле Токмокко барып 2-3 завод ачып келди. Жалал-Абадда, Ошто заводдор ачылып атат. Жолдор курулуп атат. Мунун бардыгы фактылар. Ал эми жанагы нааразычылыктар боюнча, муну бир киши камалса эле аны саясатташтырып атышат. Ошолор жазында бир нерсе кылабыз деши мүмкүн. Бирок бүгүнкү күнү эл түшүнөт, эл билет. Алар мурдагыдай көтөрүлүп чыкпайт.

Айрым оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, эгер жаз айларында кырдаал курчуп кете турган болсо бийлик сыноодон өткөн технологияларын колдонуп, оппозиция өкүлдөрүн бийликке тартууга, аларды бөлүп-жарууга аракет кылат.

Т. Тургуналиевдин божомолунда, андай учурда парламентти таркатып, жаңы шайлоо белгилөө аркылуу айрым оппозициялык партиялар менен соодалашуу жүрүшү да ыктымал. Бирок эл толкуп кетсе, айрым оппозиция өкүлдөрүн сатып алуу да жардам бербейт дешет.

Илим Жанузаков

Z Z, 01-02-2010 16:02 (ссылка)

Студенттер – күжүрмөн күч!

29-январда “Ак кеме” мейманканасында республикалык студенттер кошуунунун төртүнчү жыйыны өттү. Анда 2009-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, уюмдун ишмердүүлүгү боюнча сөз козголду.

Нурбек Садыгалиев – Кыргыз Агрардык университетинин студенттик кошуунунун башчысы. Ал жай айында өз тобу менен Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна катышып, “Кыргызгидроспецстрой” ишканасында эмгектенди.

- Камбар-Ата-2 ГЭСнин курулушуна үч окуу жайдан студенттер бардык. Бир ай 20 күн эмгектенип, тиешелүү маянабызды алдык. Студенттик кошуундун балдары жатаканада ынтымакта жашап, эмгекк жана өз алдынчалыкка үйрөндүк. Ошол эле маалда өз кесибибиздин жакшы адиси болууга шарттар түзүлдү.

Кыргызстанда студенттик кошуун 2007-жылы демилгечи топ тарабынан кайрадан жанданып, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп түзүлгөн. Учурда өлкөдө 19 жогорку окуу жайдын курамынан турган 428 студенттик кошуун бар.

Бул уюмга сегиз миңден ашуун жаштар мүчө. Алар өткөн жылы курулуш, айыл-чарба, кызмат көрсөтүү жана башка тармактарда эмгектенип, 438 миллион сомдук ишти аткарышкан. Ошол эле маалда студенттердин орточо айлыгы 10 миң сомго барабар болгон.

2009-жыл өткөн студенттердин жыйынына өлкө башчысы Курманбек Бакиев катышып, бул уюмдагы жаштардын айлыгынан социлдык төлөмдөр алынбашы керек деп билдирип, бул жобону үч ай убакытта иштеп чыгуу тапшырмасын өкмөткө берген. Бирок арадан бир жылга чукул убакыт өтсө да, бул тапшырма аткарылган эмес.

Студенттик кошуундун демилгечи тобунун өкүлү Жумакадыр Акенеев бийлик тараптан колдоо жок экендигин билдирди.

- Кыргызстандагы окуу жайларда 200 миңге жакын студент билим алат. Биз бул жаштарды уюмубузга кошуп, тарбия көрсөтүп, патриоттук сезимге үндөсөк деген максаттабыз. Бул пландар ишке ашса Кыргызстан үчүн чоң иш болмок. 2009-жылы өз демилгебиз менен студенттерди иштеттик. Өкмөт тараптан эч кандай көңүл бурулган жок. Каражат жагынан да колдоого жеткен жокпуз. Бирок негизинен бийлик ишибизге каршы болгон жок.

Жаштарга – жардам, өлкөгө – ири долбоорлор

Республикалык студенттик кошуундун 4-жыйынына ар түрдүү окуу жайлардан алдыңкы иштерман жаштар чакырылган. Алардын он чактысына уюмдун жетекчилиги тарабынан ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Активдүүлүгүн көрсөткөн үч жогорку окуу жайга алтын тамгалар менен жазылган сертификаттар тапшырылды.

Иш-чарага катышкан коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Адахан Мадумаров мындай азем мейманканада эмес, жок дегенде драма театрында өтүшү зарыл болчу деп, бул уюмга эч кандай колдоо болбой жаткандыгына кейиди:

- Тилекке каршы, аткаминерлер түшүнбөй жатышат. Алар кайдыгер болушууда. Мен төрага кезимде депутаттарга Камбар-Атанын курулушу студенттик кошуундарга берилиши керектигин, бул жаштарга жакшы жашаан болорун айткам. Бирок эч ким көңүл бурган жок. Мен кесиптештериме дагы бир жолу кайрылып, бир жумалык айлыгыбызды студенттик кошуунга которолу дедим. Бул ирээт да тоскоолдуктарга ээ болдум. Негизи кандай бийлик болбосун жаштарга таазим этиши керек.

Жыйын соңунда Республикалык студенттер кошуунуна Жогорку Кеңештеги өкмөттүн мурдагы өкүлү, маркум Мурза Капаровдун ысымы ыйгарылды. Ал эми студенттер кошууну бул жылы өкмөттүн колдоосу менен катар чоң тапшырмаларды да күтүшүүдө.

Акан Иманов

настроение: Бодрое

Z Z, 28-01-2010 17:26 (ссылка)

Уюлдук байланыш тармагы кимдердин колунда?

Уюлдук байланыш компаниялары 1-февралдан тарта ар бир чалуунун баасын 60 тыйынга кымбаттатмакчы. Монополияга каршы саясат агенттиги буга байланыштуу азырынча эч нерсе айтпасын билдирүүдө.

Айрым талдоочулардын айтымында, уюлдук компаниялардын аркасында өтө таасирлүү адамдар турат.

Уюлдук байланыш - өтө кирешелүү бизнес

Уюлдук байланыш – Кыргызстандагы эң эле кирешелүү бизнестердин бири. 2009-жылдын жыйынтыгына караганда, өлкөдөгү капиталдык айлануусу боюнча алдыда турган эң ири 10 компаниянын катарына “Sky Mobile” жоопкерчилиги чектелген коому (Beeline) менен “Альфа Телеком” жабык акционердик коому (MegaCom) кирген. Тизме боюнча “Beeline” компаниясы үчүнчү орунда, “Кумтөр” менен менен “Газпром нефть Азия” компанияларына куйрук улаш келатат. Ал эми “MegaCom” компаниясы тизмеде бешинчи. Байланыш тармагынын бул эки гиганты капиталдык айлануусу боюнча “Кыргыз темир жолу”, “Түндүкэлектро”, “Кыргызгаз” сыяктуу лөктөрдөн эбак озуп кетишкен.

Ал эми мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү боюнча “Beeline” компаниясы “Кумтөрдөн” кийинки экинчи орунга чыгып, былтыркы жылы казынага 942 миллион 200 миң сом төгүшкөн.

Мурдагы президент А.Акаевдин тушунда да уюлдук байланыш өтө кирешелүү бизнес катары саналып, президенттин үй-бүлө мүчөлөрү бул тармакты көзөмөлдөй турганы айтылчу. Андай сөздөр азыркы президенттин тушунда деле айтылып келатат.

60 тыйындын аркасынан чыккан кулак...

Бирок Кыргызстандын шарттарында рынокту тескөө өтө эле оңой да. Анткени Кыргызстан кичинекей мамлекет. Анын экономикасын аз гана адамдын колуна алып коюу оңой.

Жакында эле Кыргызстандагы уюлдук компаниялар 1-февралдан тарта ар бир телефон чалуулардын баасын 60 тыйынга көтөрүшөрү жарыяланган. Социал-демократтар фракциясы муну бийлик менен бир ууч бизнесмендердин жең алдынан сүйлөшүүсү, элди каратып туруп тоноосу катары баалашты.

Айрым серепчилер өлкөдөгү ири уюлдук компанияларынын аркасында президенттин үй-бүлөсү турарын айтышат. Маселен, “MegaCom” деген ат менен белгилүү уюлдук операторунун көзөмөлдөөчү акциясы мурда орусиялык “БиМоКом Лтд” ЖЧКчында болчу. Былтыр күзүндө Орусиялык маалымат каражаттары президенттин уулу Максим Бакиев көзөмөлдөгөн “Альфа Телеком” компаниясы “БиМоКом Лтд” компаниясынан акцияларынын бардыгын тартып алганын жазып чыгышкан. “Sky Mobile” компаниясынын аркасында да бийликтеги өтө таасирлүү адамдар турушканы жазылган.

Бирок кечээ Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси М.Бакиев “24.kg” агенттигине интервью берип, ага байланыштуу айтылгандарды ушак, ойдон чыгарылган нерселер катары баалаган.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева уюлдук байланыштын кымбатташын, “алкымы чоң бийлик менен бир ууч бизнесмендердин жасаганы” катары баалады.

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, бул сыяктуу көрүнүштөр финансылык пирамида, көз боёмочулук болушу толук ыктымал:

- Аталган компаниялар башка эле адамдардыкы болушу мүмкүн. Бирок Кыргызстандын шарттарында рынокту тескөө өтө эле оңой да. Анткени Кыргызстан кичинекей мамлекет. Анын экономикасын аз гана адамдын колуна алып коюу оңой. Себеби рыноктук шарттарда уруксат берүү кагаздарын айрым гана адамдарга берип, калгандарынан алып таштаса эле рынок бир нече адамдардын колуна өтүп калат.

Ошол сыяктуу байланыш түйүнүндөгү компанияларды алсак, аларга деле шарттарды коюп койсо бааларды көтөрүүгө аргасыз болушат. “Мейли анда силер бааларды 60 тыйынга көтөрүп бергиле, биз силерге кирешенин баланча пайызын берип туралы” деп айтуулары мүмкүн. Мындай пирамидалар экономикасы ачык эмес өлкөлөрдө көп эле түзүлгөн.

Ал арада уюлдук компания өкүлдөрү кымбаттоонун келип чыгышына электрге, жылуулукка, ысык сууга болгон тарифтердин көтөрүлүшү себепчи болгонун, Байланыш агенттигинин 9 центтик чек тууралуу да буйругу ага түрткү бергенин айтышууда.

Улуттук байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, 60 тыйынга кымбаттатууну уюлдук компаниялар өздөрү коюп атышканын билдирди.


Монополияга каршы саясат агенттиги алсызбы?


“Кыргызтелекомдун” башкаруу кеңешинин төрагасы Марат Мамбеталиев да уюлдук компаниялары 60 тыйынга кымбаттатууну өздөрү чыгарышканын, ага Байланыш агенттигинин 9 центтик чек тууралуу буйругу таасирин тийгизбегенин айтты:

- “Кыргызтелеком” байланыш тармагында монополист болгондуктан аны Байланыш агенттиги көзөмөлдөп турат. Ошол себептүү биз тарифти көтөрүп жибербешибиз үчүн агенттик чек коюп койду.

Мына карап көрүңүз. Эгер сиз үй телефону аркылуу уюлдук операторго чыксаңыз, биз алардын тармагына чыгып, аларга акча төлөйбүз. Эгер сиз уюлдук телефондон үй телефонуна (“Кыргызтелеком”) чыксаңыз, анда сиз операторго төлөйсүз, алар бизге төлөйт. Өз ара эсеп-кысап жүрөт. Демек бул кымбаттатуу алардын ички иши.

- Уюлдук компания өкүлдөрү кымбаттатууга 9 центтик чек да себепчи болгонун айтып атышат.

- Жок. Бул эч кандай кымбаттоого таасирин тийгизе албайт. Бул алардын ички иши, тарифти өздөрү коюшат.

Талдоочулардын пикиринде, Монополияга каршы агенттиги монополист компанияларга бааларды негизсиз кымбаттатууга жол бербеши керек эле. Бирок мындай кымбаттатууга жогорку деңгээлде уруксат берилген болсо, агенттик эч нерсе кыла албайт дешет.

Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттиги азырынча бул маселеге комментарий бере албай тургандыгын билдирүүдө.

Аталган агенттиктин директорунун орун басары Назира Үсөналиева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин уюлдук операторлор Байланыш агенттигинин көзөмөлүндө болушканын, аларды көзөмөлдөө процесси агенттикке эми гана өтүп жатканын, андыктан азырынча бир нерсе айтуу эртелик кыларын билдирди:

- Азыр бул суроого толук жооп бере албайбыз. Анткени 4-декабрга чейин көзөмөл Байланыш агенттигинде болчу. Андан кийин бизге өттү. Бирок азыркы кезге чейин бардык архивдик документтер, иш кагаздары бизге берилип атат. Азыр кандайдыр бир жооп айтсак туура эмес болуп калат.

Уюлдук байланыштын кымбаттоосу андан мурдараак болгон электрге, жылуулукка жана ысык сууга болгон баалардын эселеп көтөрүлүшүн коштоодо. Экономисттер болсо мындай кымбаттатуулар рынок мыйзамдары боюнча калган бардык товарлардын, тейлөө кызматтарынын баасын да жогорулатарын айтышууда.

Илим Жанузаков

настроение: Мрачное

Z Z, 28-01-2010 17:23 (ссылка)

Кыргызстан Гаитиге кандай жардам берди?

Үстүбүздөгү жылдын 12-январында Гаитиде катуу жер титирөө болуп, андан 200 миңге жакын адам набыт болгону маалымдалууда. Гаитиликтерге дүйнөнүн көп өлкөлөрү жардам берип, белгилүү шоу-жылдыздары, маданият ишмерлери кайрымдуулук чараларын уюштурууда. Ал эми Кыргызстанда мындай иштер жүргүзүлгөн жок.

Толугу менен макаланы бул жерден окуңуз:

http://www.azattyk.org/cont...

Z Z, 16-01-2010 08:47 (ссылка)

Губернатор М. Бакиров: Жол тоскондор жазаланат!

Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Алайдын Сопу-Коргон айылында уруксатсыз нааразылык чара уюштургандарга жана Ош-Эркеч-Там жолун тоскондорго мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн билдирди.

- Мамасадык мырза, алайлык жердештеринин генерал Исмаил Исаковду абактан бошотуу жана актоо талабын президентке жеткирдиңиздер беле?

- Ал боюнча мамлекет башчысы түрдүү булактардан маалымат алып турат. Бул туурасында президенттик аппараттагы бидин кураторлорго да белгилүү. Мындан тышкары өлкө президентине облустагы коомдук-саясий кырдаал жөнүндө күн сайын маалымат берилет эмеспи. Мен ойлойм, андан башка тишелүү жетекчилер дагы болуп жаткан окуялар туурасында убагында кабардар кылынган.

- Эмне үчүн алайлыктардын кайрылуусу Курманбек Бакиевдин колуна тапшырылган жок? Дегеле Сопу-Коргондогу кырдаал туурасында өлкө башчысына өзүңүз байланашып айта алдыңызбы?

- Жок! Мен байланышып айта албадым. Курманбек Салиевичтин жасай турган иштери арбын, анын убактысына жараша өзүнүн программасы бар. Облустагы окуялардын бардыгын жеткирип турганга биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошентсе да, мен ишенем, президент Сопу-Коргондогу окуя туурасында билсе керек.

Эң орчундуусу: тергөөнүн жүрүшүнө жана соттун чечим кабыл алышына мамлекеттик органдардын, ошондой эле кайсыл кызматты аркалабасын айрым бир чиновиктин кийлигишкенге таптакыр акысы жок! Ушуга окшогон маселелер турмушта апелляциялык арыздын негизинде жайгарылат. Дагы бир ирет кайталасам ашыкчалык кылбас, мыйзам астында бардыгыбыз бирдейбиз. Ошон үчүн ар кандай кыймыл-аркет анын чегинде болушу абзел. Биздин талабыбыз да ушундай.

- Мамасадык мырза, губернатор катары айтсаңыз, кечээ түнү Ош-Эркеч-Там автожолун токсондордун күчтөп таратылышына кандай карайсыз?

- Албетте терс карайм. Себеби ар бир жаран чечимдерге каршылыгын билдирүүгө акылуу, бирок мунун бардыгы мыйзам талаасында болушу кажет. Эстесеңиздер, Исмаил Исаковдун тууган-уруктары кайрылганда, алардын өтүнүчүн жергиликтүү бийлик четке каккан жок. Канааттандырып, жерин, а түгүл күнүн тактап беришти. Алар 11-январда райборбор Гүлчө кыштагында митинг өткөрүп, каалаган ой-пикирин айтканга шарт жараттык. Ошентсе да, митингичилердин соттун өкүмүн уккандан кийинки аракеттери, мисалы, жол тособуз дегени натуура болду.

Ага улай ойдо жок жерден төрт боз үй тигип, стратегиялык маанидеги автожолдун боюна олтурушту. Болбосо, талаптарынын бардыгын укканбыз. Акыркы кадамдарына да көз жумуп, «Ош-Эркеч-Там трассасын жаппагыла, элдин турмуш-тиричилигине тоскоол этпегиле!» дедик. Ошого карабастан 14-январда мен алар менен жолукканда чектен ашкан талаптарды узатышты. А түгүл ультиматум кое башташты. Генерал Исаков темасы калып кетип, башка өңүттөгү көйгөйлөрдү козгоп, коркутканга өтүштү. Албетте, мунун бардагы акылга сыйбайт. Ошол жерде бул туурасында мен дагы, облус прокурору дагы айттык. Ош-Эркеч-Там автожолунун маанисин билип туруп мыйзамды атташты. Андыктан, кулак кагыш кылып коеюн, биз мындан ары ушундай теңирден тескери кадамдарга карата катаал чараларды көрөбүз.

- Сопу-Коргондогу нааразычылык акциясына катышкандар же анын уюштуруучулары, сиздин оюңузча, эртедир-кечтир жоопкерчиликке тартылбасына кепилдик барбы? Анткени, сиз кечээ алар менен жолугушканда «Жоруктарыңар мыйзамсыз. Андан көрө тынч тарагыла!» деп катуу эскертпедиңизби?

- Мындай сөздөр мага дейре райондун акими жана укук коргоо органдары тарабынан айтылган. Атүгүл Алайдын прокурору акциячыларга атайын эскертүү жасаган. Мен болгону аларды кайталадым. Ооба, мындан ары чоң-кичине мыйзам бузууларга жол бербейбиз. Ар кандай тетири жоруктар кечиктирилбестен жазаланат.

- 12-январдан бери Сопу-Коргондо боз үй тигип нааразычылык акциясында олтургандардын акыркы талаптары аткарылгыдайбы? Мисалы, Исмаил Исаковдун таламдаштарынын өкүлдөрүн президент Бакиевге жолуктуруу аракети?

- Президент Бакиевдин жарандарды кабыл алуу тартиби бар. Албетте, Кыргызстандын атуулдары Бишкекке барып арыздануусуна тоскоолдук жок. Ага чейин деле тиешелүү органдарга же жетекчилерге учурап, маселесин караттырса болот. Алайлыктарга «Мен сиздерди Курманбек Салиевич менен жолуктурам деп кепилдик бере албайм!» деп кесе билдирдим. Анткени, жарандардын даттануусун кабылдоо, кароо жана жооп кайтаруу боюнча атайын мыйзам бар. Баары ошондо кеңири камтылган. Биз ошонун тегерегинде иш алып барабыз. «Өлкө башчысына бар, барба, же учураштырам» деген укук менде жок.

- Айрым маалыматтарга караанда, алайлыктарды башка райондор да колдогону жатыптыр. Мындай шартта козголгоңдорго жана ар кандай талаптарды көтөргөндөргө облустук бийликтин мындан аркы мамилеси кандай болмокчу?

- Тынчсызданбагыла, бардыгы мыйзам алкагында болот. «Алайлыктарды Ош облусунун райондору колдоп атат. Башка жерлерде да чыгып жатыптыр» деген жалган маалымат. Абайлап карасаңар, массалык маалымат каражаттарында жалаң бир жактуу кабарлар жайылтылууда. Кайсыл аймакта кимди колдошпосун, ар бир кадамы укук нормасынын чегинде болушу абзел. Дагы бир ирет кайталаймын, соттун ишине кийлигишүүгө бир дагы инсандын, мамлекеттик кызматкердин же органдын акысы жок. Биринчи инстанциянын өкүмүнө канааттанбагандар кийинки тепкичтеги сотторго даттанып, маселеге чекит койдуртса болот. Ал эми жол тоскондор, курулай кыйкыргандар, коомдук тартипти бузгандар, иши кылып чектен чыккандар тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан сөзсүз жазаланууга тийиш.

Алишер Токсонбаев

Z Z, 12-01-2010 17:03 (ссылка)

Испандар жактырган алатоолук жеткинчек футболист

“Абдыш-ата” футбол клубунун 8 жашар оюнчусу Эрбол Атабаев Испаниянын “Реал” клубунун футбол Академиясынын сынагынын биринчи этабынан өттү.

Испандар жактырган жеткинчек футболист Эрбол

Жаңы жылдын алдында Кант шаарынын “Абдыш-ата” футбол клубунун сегиз жашар оюнчусу Эрбол Атабаев Испаниянын “Реал” клубунун Мадриддеги футбол Академиясынын сынагынын биринчи этабынан өтүп келди.

Жаш футболчунун атасы Канатбек Атабаевдин айтымында уулу экөө Испаниянын үч футбол клубуна арыз жолдоп, Эрболдун оюндары, чеберчилик, жөндөмү тууралуу тартылган даректүү тасмаларды калтырып, май айындагы экиничи сыноого чакыруу алып келишти.

Сегиз жашында эле өзүнөн 3-4 жаш уулу балдар менен тең ата ойноп жүргөн Эрбол Канатбек уулу топту жерге түшүрбөй 285 ирет элеп, адистердин көңүлүн бурган.

Жөндөмдүү жаш футболчунун өнөрү тууралуу тартылган видео тасма Европа жана Шериктеш өлкөлөрдүн 37 футбол клубуна жөнөтүлгөн. Жаш өспүрүмдүн жөндөмүн байкаган Түркия, Казакстан, Испания жана башка өлкөлөрдөгү футбол клубдарынан сунуштар, чакыруулар түшө баштаган.

Жаш футболчу Эрбол Атабаев Испания өлкөсү жакканын, беш жашынан бери футбол ойноп баштаганын, былтыр жылдын мыкты дүйнөлүк футболчусу аталган Лионель Мессинин өнөрүн бааларын “Азаттыкка” айтып берди.

“Абдыш ата” футбол клубуну менежери Азатбек Шайлдабековдун айтымында эки жүздөн ашуун жөндөмдүү балдар футбол менен машыгып, Эрболдон сырткары Киев шаарынын “Динамо” клубуна кабыл алынган өспүрүмдөр да бар.

Толугу менен бул жерден окуңуз:

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Радостное

Z Z, 12-01-2010 16:49 (ссылка)

Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды

Бишкек гарнизондук соту бүгүн мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүү жана аны сот залынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.


Ал эми мамлекеттик айыптоочулар сураган И. Исаковдун үй-мүлкүн конфискациялоо өтүнүчү канааттандырылган жок.

Ошентип президент Курманбек Бакиевдин ички, тышкы жана кадрдык саясатына макул эместигин билдирип, 2008-жылы октябрь айында Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткен Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү өткөн жылдан бери уланып, 11-январда минтип анын 8 жылга эркинен ажыратылышы менен соңуна чыкты.

11-январда түшкө чейин Исмаил Исаков соттогу акыркы сөзүн сүйлөгөн эле. Судья Серик Абиевге кайрылуудан баштаган сөзүндө Исаков алгач эле буларга токтолгон:

- Бүгүнкү сиз кабыл ала турган чечимиңизди коомчулук, жалпы кыргыз эли адилеттүүлүк болоор бекен деген үмүт менен күтүп жатса, Ак үйдүн жетинчи кабатында отурушуп “заказ” бергендер кыбаасы кана, бизге каршы чыккандар мына ушундай болот деп маашырланып отурушат. Түзүлгөн мына ушул кырдаал Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык - элдик бийликтин жоюлушун, анын ордуна үй-бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийликтин толугу менен орноп калганын айгинелейт.

Андан кийин Исмаил Исаков 2008-жылы Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кетүү себебине токтолуп, мына ошондо айтылган сыны, андан кийинки саясий ишмердүүлүгү үчүн соттолуп жатканын белгиледи. Ал коюлуп жаткан бардык айыптарды четке какты. Балыкчы аскердик бөлүгүндө техникалардын жоголушу боюнча жыл бою жаманатты кылып олтуруп, аягында прокуратура айыпты алууга аргасыз болгонун, калган коюлган күнөөлөр боюнча да айыбы жоктугун дагы бир жолу белгиледи.

Ошондой эле бийлик башындагылар үчүн генералдык наамы керек болсо, аны өткөрүп берүүгө даярдыгын айтты:

- Айыпталуучулар сизден мени 8 жылга эркимден ажыратууну жана башка жазаларды кошуп сурашты. Мен, 1969-жылдан бери, мына 40 жыл болуптур, кырк жыл маңдай терим менен, адилет, таза ишим менен тапкан байлыгым - генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда ушул байлыгым Бакиевдерге жетпей жатса керек. “Байлык, бийлик колдун кири”-деп бийлигин былтыр эле өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле, өз эрким менен генерал-лейтананттык наамды да өткөрүп берейин, - деген генерал Исаков генерал-лейтенанттык кош жылдыздуу белгини судьянын алдына койду.

Бирок адвокат Азимбек Бекназаров “Башкы аскердик судья Абышкаевдин таза эмес колу ага тийгенге акысы жок”,- деп генералдык белгини алып койду.

Өз сөзүн Исаков мындайча аяктады:

- Немис элинин гений акыны Вольфганг Гете “Эркиндик үчүн ким күн сайын күрөшсө, мына ошол гана ага татыктуу” болот деген экен. Ошондуктан биз эркиндик, адилеттүүлүк, Кыргыз элинин, мамлекетинин бакубаттуулугу үчүн күн сайын күрөшкө чыгышыбыз керек! Мына ошондо гана биз максатыбызга жетебиз!

Z Z, 12-01-2010 16:26 (ссылка)

Ош: Аттанды студент дааватка...

Ош аймагында ондогон студенттер кышкы эс алуу убагында шаар көчөлөрүн, айыл жерлерин кыдырып, дааватка чыгып жатышканына жергиликтүү бийлик кооптонуусун билдирүүдө. Бийлик өкүлдөрү студенттерди түрдүү диний агымдардан, радикалдуу кыймылдардан оолак кармоонун аракетин көрүүдө.

Соңку жылдары бул аймакта ар кандай диний араздашуулардын саны көбөйгөн менен динге берилип, намаз окуган жаш муундун катары суюлган жок. Тескерисинче, беш маал намаз окуп, ыйман жолуна түшкөн жаштардын саны улам артууда.

Оштогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти Нурлан азыр бешим намазын окуп бүтүп, өз курбалдаштары менен шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн эшигин каккылап, элди намаз окууга, ыймандуулукка чакырып, даават айтканы турат:

- Дааватка чыгаардан мурун анын максатын билиш керек. Алгач кантип даарат алуу керектигин үйрөнүү зарыл. Иншаллах, мен аларды билем. Ислам динин таркатуу өзү даават болгон да. Биздин Расулаллах пайгамбарыбыз өзү даават менен жашап өткөн.

“Азаттык”: Дааватка чыкканда сиздин окууңузга тоскоол болбойбу?

- Жок.

Ошто Нурлан сыяктуу эле шаар ичинде, же айыл кыдырып даават айткан студенттер ондоп саналат. Алар сабак учурунда жөн гана беш убак намаз окушчу болсо, узакка созулган каникул учурунда үч күнгө, он күнгө, айрымдары 40 күнгө башка райондорго чейин барып, даават айтууга аттанышат.

Максатбек - ошол студенттер менен чогуу даават айтып кыдырган жаштардын өкүлү:

- Жаштардын, студенттердин дааватка чыгып жатканы эң эле жакшы көрүнүш. Алланын ыраазычылыгы үчүн деп кандай иш кылсаң Алла акыбетин кайтарат. Ушуну биздин бийликтегилер билсе, Алладан коркуп жаман иштерди жасашмак эмес. Өздөрүн таза алып жүрүшмөк, кудайдан коркушмак. Жанагы коррупция деген да жоголмок.

Кооптонууга негиз барбы?

Анткен менен студенттердин дааватка карай агылышы, соңку учурда сакал өстүрүп, допу кийген жаштардын көбөйүшү, окуучулардын сабактан мечитке качып жатышы жергиликтүү бийликти кооптондуруп жатат. Алар бул жаатта мектеп окуучулары үчүн да тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Бирок ошого карабастан аймактагы диний кырдаал татаалдашууда дейт шаар бийлигинин өкүлү Курмантай Ташыбаев:

- Диний экстремизмге каршы шаардык ички иштер башкармалыгы, жергиликтүү бийлик, маалымат каражаттары чогуу аракеттенип күрөшкөнү менен абал жылдан-жылга татаалдашып жатканын мезгил көрсөтүп жатат. Жаштар сабактарын окубай жатышат. Болгону аларга туура түшүндүрмө бериш керек, ислам динине тыюу салган эч ким жок.

“Диний сабаттуулук болсо...”

Оштогу «Ак кызмат» аталыштагы патриот жаштардын кыймылын жетектеген Шайлообек Атазов, соңку кезде дааватка аттанган жаш муундун көпчүлүгү ислам дини, дегеле дин жаатында түшүнүктөрү тар экенине кабатыр. Жаштардын диний сабатсыздыгы башка максатты көздөгөн секталардын, радикал кыймылдарга азгырылып кетишине шарт түзүүдө дейт Атазов:

- Менин билишимче, шаарда ислам дининен башка дагы эки жүздөн ашуун секталар бар экен. Жаштардын диний түшүнүктөрү жок болгон үчүн, сабатсыз молдолордун натыйжасында жаш муун башка динге агылып жатат. Өз динин сатып жатат.

Жергиликтүү серепчилер чынында эле Ош аймагында диний кырдаал бийликтер кооптонгондой жагдайда экенин белгилешет. Маселен, азыр шаар жаштары үчүн ар кандай секталар тарабынан акысыз окуу курстары, спорт борборлору, бекер тамак-аштар тынымсыз уюштурулуп турат. Атүгүл студенттерди акысыз батирге жайгаштырып койгондор да бар дешет студенттердин өздөрү.

Анткен менен даават айтууга аттанган жаштар, студенттер алар эч кандай диний агымдарга тиешеси жок экендиктерин, баракча таратуу же башка максаттарды көздөшпөй, жөн гана элди ыймандуулукка чакырып келерин белгилешет.

Жанарбек Акаев, Ош

настроение: Задумчивое

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу