Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки
Z Z, 26-01-2011 13:22 (ссылка)

"Данисте": Чырдын башы жердеби?

"Азаттык" документалдуу радио баяндардын "Данисте" түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышта Ошто жер басып алгандар жөнүндө кеңири баяндалат.

Былтыр улуттар аралык кагылышты баштан кечирген Кыргызстандын түштүгүндө ноябрда “кыргыздар өзбектердин үлүш жерин басып алыптыр” деген кабар жамы журтту бир дүрбөлөңгө салган. Кандуу окуялардан беш ай өтүп-өтпөй жаңы уруш чыгып кетеби деп корккондор көп болду. Анткени 20 жыл мурдагы “Ош окуяларына” алып келген себептердин бири да жер басып алуу менен байланыштуу болгону эч кимдин деле жадынан чыга элек.

Толугу менен бул жерден окуңуз:

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Апатичное

Z Z, 26-01-2011 13:20 (ссылка)

Жашыруун сатылган торпедолор "дастаны"

Бишкектеги “Дастан” корпорациясы Иранга жашыруун сатылган торпедолор жөнүндө “Регнум” агенттиги тараткан маалыматты төгүнгө чыгарууда.

Бирок ошол эле учурда экинчи булактар бул заводдо жасалган торпедолорду сатып алууга Иран Акаев доорунда да, азыр да аракет кылып келатканын белгилешүүдө.

“Дастан” заводунун администрациясы өткөн жылы алар аркылуу “Шквал” деп аталган торпедолордун тетиктеринин бүтүндөй бир партиясы Иранга сатылганы жөнүндө “Регнум” агенттиги тараткан маалыматты жокко чыгарууда.

Заводдун директорунун милдетин аткаруучу Борис Удот “Дастан” корпорациясы мурда совет заманында гана деңиз ракеталары үчүн кичинекей бир тетигин чыгарып келгенин айтты.

- Биз кимге гана айткан жокпуз, кудайдан башкасынын баарына айттык. "Шквалды" чыгарууга жана аны сатууга да биздин эч качан, эч убакта тиешебиз болгон эмес жана болгубуз дагы келбейт,- деди Борис Удот.

“Дастан” заводу совет учурунан бери эле эл керектөөчү продукциядан сырткары деңиздик согуш куралдарын, анын ичинде “Шквал” деген аталыштагы деңиз торпедолорун чыгарып жүргөнү көп сөз болуп келаткан.

Борис Удоттун айтымында, завод Алматыдагы Киров атындагы завод менен бир системада кооперация түрүндө иштеп, “Шквал” торпедолорунун жарым кг турган бир тетигин чыгарып, жөнөтүп турчу экен. Алматыдагы завод торпедолорду Ысык-Көлдөгү аскер полигондоруна сыноого жиберчү.

90-жылдары Ысык-Көлгө сыноого жиберилген төрт торпедо азыркы учурда ошол жакта сакталып турат. Россиянын жана Кыргызстандын коргоо министрликтеринен эчен комиссия барып текшерип, сакталып турганын көрүп кетишкен. Алардын эскилиги жетип жараксыз болуп калса деле аны Россия эч кимге ыраа көрбөй, алып кетүүнүн камында жүрөт.

- Ал эми “Дастан” заводунда торпедолор үчүн тетик чыгаруу иши 90-жылдары эле токтотулган, - дейт Борис Удот. - Анткени “Шквал” ракеталары 1989-жылы СССР менен АКШнын ортосундагы келишим боюнча өзөктүк куралды алып жүрүүчү ракета катары кыскартууга туш келген. Ошондон бери эч жерде эч убакта эч ким тарабынан чыгарылган эмес.

“Шквал” деп аталган суу астында учуучу ракеталар 60-жылдары СССРде пайда болгон курал. Алар суу үстүндөгү жана суу астындагы аскер кемелеринде орнотулат. “Шквал” секундасына 100 метр ылдамдык менен учат. Эксперттер ылдамдыгы боюнча “Шквалга” жеткен курал дүйнөдө көп мезгил бою болгон эместигин белгилешет. “Шквалга” окшогон торпедо 2005-жылы гана Германияда жасалган экен. Аскер иштери боюнча адис Токтогул Какчекеев “Шквал” торпедолорунүн эки түрү бар экенин белгилейт. Бирөө жарым тонна болгон жөнөкөй жардыргыч менен жүрөт, экинчиси өзөктүк согуштук кубат менен иштейт.

Аталган торпедолордун биринчи үлгүлөрү 1964-жылы Кыргызстанда Ысык-Көлдө жашыруун аскер полигондорунда сыноодон өткөрүлгөн. Азыркы учурда бул суперкуралдын айрым техникалык чечилиштери, элементтери аскердик жашыруун сыр болуп саналат.

“Дастан” корпорациясы торпедолорду чыгаруу токтотулган деп жаткан менен Токтогул Какчекеев торпедолорду чыгаруу жана Иранга сатуу аракеттери Акаевдин доорунда болуп келгенин, ал түгүл АКШнын катуу реакциясын пайда кылганын билдирди. Көрсө Акаевдин тушунда Ирандан делегация келип, торпедолорду сатып алуу боюнча келишим түзүлүп, бирок аны америкалык элчи кийлигишип жатып токтоткон экен.

“Дастан” заводу 1956-жылы прибор чыгаруучу завод болуп түзүлгөн. 1993-жылы корпорация болуп кайра уюшулган. Анын 48 пайыз акциясын экс-президент К. Бакиевдин учурунда мамлекет аралык келишим боюнча Россияга сатуу жөнүндө чечим болгон. Бул заводдун акцияларынын ордуна Россия Кыргызстандын 180 млн доллар карызын кечип, андан сырткары эки миллиард доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит бермекчи болгон.

Бирок бул келишим аткарылган эмес. Анткени К. Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен анын табакташ досу Алексей Ширшов шылуундук менен "Дастандын" акциялардын контролдук пакетине ээлик кылып калган. Апрелде өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Улуттук коопсуздук кызматы А. Ширшовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. “Дастан” корпорациясынын акциялары Убактылуу өкмөттүн чечими менен жүз пайыз бүтүндөй мамлекетке алынган.

Башкы прокуратуранын уюштуруу инспектордук бөлүмүнүн прокурору Абжалов Санжар азыркы учурда бул иш боюнча Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Адистердин айтымында, “Дастан” заводу эл керектөөчү продукциядан сырткары аскердик курал чыгарууга дагы кабелтең кам-чому бар, Борбордук Азиядагы стратегиялык мааниси чоң жана кирешелүү завод. Ал жылына кыйналбай туруп эле эки миллион доллардан таза пайда таап келатат. 2011-жылы ал план боюнча төрт миллион доллар таза пайда табышы керек.

“Дастан” заводунун деңиздик согуш куралдарын чыгаруу боюнча жогорку квалификациялык кадрлары менен заманбап өндүрүштүк базасы бар экени анын интернет сайтында бадырайта жазылып турат. Ошондуктан Россия көзү кызарып, аны карыз ордуна алууга макул болгон. Анын үстүнө Иран бул завод менен кызматташтыкты колго алуу боюнча ушул күнгө чейин аракетин токтотпой келатат дешет.

настроение: Боевое

Z Z, 12-01-2011 14:07 (ссылка)

Ош коогасы: Улуттук комиссия тыянагын чыгарды

Улуттук комиссия этникалык кагылышууга жол берген күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик башчыларынын саясий жоопкерчилигин кароону сунуштады.

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Задумчивое

Z Z, 12-01-2011 14:05 (ссылка)

Рыспайдын ырлары - жан дүйнөнүн сырлары

Кыргыз музыкасына эбегейсиз зор салым кошкон көрүнүктүү обончу Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо 12-январда 70 жашка чыкмак.

Музыка таануучулар Абдыкадыровдун обондорундагы башкаларга окшобогон лирикалуу маанайды айтып бүтпөй келатышат.

Сүрөттөр жана ырлар бул жерде:

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Удовлетворенное

Первый кыргызский посол в Россию (1785)

Первый кыргызский посол в России (1785): Ч.3 Видео тасма
Видео репортаж с научной конференции
«Первому кыргызскому посольству в Россию – 225 лет». Часть III.
Выступления на конференции и экскурсия по музею ИВР РАН.
Санкт-Петербург, Россия. 27 октября 2010 г. (Т.Чоротегин. Радио
«Азаттык»).


http://www.azattyk.org/vide...

Метки: Радио «Азаттык», кыргыз, посол, Россия, 1785, ИВР РАН, Атаке

Z Z, 10-11-2010 09:14 (ссылка)

Көп улуттуу өлкөдө салт да көп

Дасторкондун жасалгасын карап, аны сыноо көрүнүшү Кыргызстанда жашаган башка улуттарда да бар.

Толугу менен бул жерде:

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Задумчивое

Z Z, 10-11-2010 09:12 (ссылка)

Депутаттарга күбөлүк тапшырылды

Аземдин алдында БШКнын төрагасы А.Сариев сөз сүйлөп, депутаттарга мандат тапшыруу иштери атайлап создуктурулбаганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Акылбек Сариев БШКнын ишинде тажрыйбасыздыктан улам мүчүлүштүктөр кетиши мүмкүн экенин айтып, аны туура түшүнүүгө чакырды. “Утулуп калган партиялардын сотторго тынбай арызданып жатканы өкүнүчтүү”,-деп билдирди А.Сариев.

Депутаттардын аксакалы, “Ата-Мекен” партиясынан депутат Ташболот Балтабаев Жогорку Кеңештин алгачкы отуруму бүгүн түшкү саат 2де башталарын маалымдады. Ага президент Роза Отунбаева катышат.

Ал арада кабарчыбыздын маалымдашынча, Жогорку Кеңеште депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшыруу аземине “Ата Журт” партиясынан 4-5 гана депутат катышты. Партия лидерлери дээрлик жок. Отурумга катышкандардын арасында Жылдыз Жолдошева жана мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева бар.

Ж. Жолдошева кечээ “Азаттыкка” партия ичинде айрым талапкерлерге кысым болуп жатканын, бирок мындай кысымдарга карабай депутаттыктан баш тартпай турганын айткан.

БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов бүгүн “Азаттыкка” курган маегинде соттук териштирүүлөргө байланыштуу депутаттарга күбөлүк өткөн аптада эмес, бүгүн тапшырылганын билдирди:

- Биз депутаттык мандатты өткөн аптада тапшырмак элек. Бирок “Мекен шейиттери” кыймылы жаңы парламенттин мүчөлөрүн каттоо жараянын токтотуу тууралуу өтүнүч менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган болчу. Аталган сот алардын арызын канааттандырган жок. Биздин маалыматтар боюнча алар Жогорку Сот бутактарына кайрылышкан жок. Мындан башка дагы бир катар соттук териштирүүлөр биздин пайдабызга чечилди. Азыр жүрүп жаткан сот процесстери шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизе албайт. Ошондуктан биз парламент депутаттарын каттап, аларга мандат тапшыра берүүнү чечтик.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгы боюнча 5 партия 5 пайыздык босогону багындырып, парламентке өткөн. Алар: "Ата Журт", КСДП, "Республика", "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" партиялары. Шайлоо жыйынтыгына ылайык, парламентте "Ата Журт" 28, КСДП 26, "Ар-намыс" 25, "Республика" 23, "Ата Мекен" 18 орунга ээ болду. Азырынча бул партиялар ортосунда коалиция түзүлө элек.

Быйыл кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык парламенттин курамы 120 депутаттан турат. Жогорку Кеңеш мурдагы Өкмөт үйүнө жайгашып, ошол жерде ишин жүргүзөрү кабарланган.

настроение: Внимательное

Z Z, 03-11-2010 15:05 (ссылка)

Той чыгымынын чыры, оту өчкөн коломто

Улуу муундун айрым өкүлдөрү кыргыздын салт-санаалары унуткарылып баратканын айтып, тынчсызданганы менен, өлкөнүн айрым аймактарында капчыкты каккан каада-салттар тескерисинче, жылдан-жылга күч алууда.

Оор экономикалык абалга карабастан Таласта ата-эне кызын турмушка узатып, же баласын үйлөндүргөндө бериле турган калың жана септин наркы жыл сайын көбөйүп, жаңыдан чоң турмушка аттанган жаш үй-бүлө үчүн кесепетин тийгизүүдө.

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун тургуну Асылай мындан эки ай мурда жолдошу менен ажырашып кетти. Эки жаш үстүбүздөгү жылдын жаз айларында эле баш кошуп, тойго 300дүн тегерегинде киши чакырган.

Кыргыздын каада салты менен баланын ата-энеси кыз тарапка болжол менен 200 миң сомдун тегерегинде нак акча алып барганда, Асылайдын ата-энеси да кымбат баалуу үй эмеректерин жаңы кудалардын үйүнө жеткирип берген.

Тойдон кийин сөз көбөйдү

“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, калың алып, кыз себи берилип бүткөндөн кийин жаңы келин Асылай кайын энесинин көзүнүн кареги менен тең айланып, күнүмдүк тиричилик башталат. Бирок көп узабай жаш үй-бүлөнүн көптөн үмүттөндүргөн келечегине балта чабылып, ортодо чыр ырбай баштайт. Асылай өзүн каада-салттардын курмандыгы болгонун айтат:

- Жолдошум деле түшүнүктүү, кайын атам деле түшүнүктүү. Барган жерим жакшы жер эле. Ушул кайын энемен эле кетти деп ойлойм, ал мага эрегишип, “себиң мындай келди, сенин алдыңа биз мындай түшүп бардык” деп көп басынтчы болду. Кийинки күндөрү мен чыдай албай калдым. Ажырашууга туура келди. Жолдошум ажырашкысы келген жок, бирок мен кайын энем менен жашай албай калдым.

Бул маселе боюнча Асылайдын кайын-журту менен байланышканыбызда алар келинин күнөөлөп, суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.

Бир караган адамга оор басырыктуу көрүнгөн, көп сүйлөбөгөн Асылайдын жолдошу Бакыт “ажырашууга эмне себеп болду?” деген сурообузга жер тиктеп, үшкүрүнүп, жубайынын чыдамсыздыгын белгиледи:

- Билбейм, мен ата-энемдин сөзүн угам. Асылай деле кичине ойлонуп койсо болмок.

“Кыз каадасы менен”

Талас районуна караштуу Көк-Ой айылынын тургуну Акинай Тилекматова Таласта калыңдын наркы башка аймактарга салыштырмалуу жогору болгонуна нааразы экенин айтып, тойдогу көнүмүш болуп калган чыгымдар чыр-чатактын башаты болгонун белгиледи:

- Той ээлери деле кийит жок деп чакыруунун астына жазып коюп жатышат. Бирок ага карабастан кийит алып барышат. Жок эле дегенде жоолуктун жакшысын алып барганда 500 сомдукту алып барасың да. Анын ордуна акчалай эле алып барсаң эки жаштын керек-жарагына тыгынчык болот эле.

Анткен менен кыргыздын салт-санаасына түшүнүү менен мамиле жасалышы керектигин айткандар да аз эмес. Талас облусунун губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Нусуп Бектенов өзү ата катары салттарды урматтарын жана Таластын кыздары үчүн калың кымбат болгонуна сыймыктанарын айтып, мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир кыргыз сый-урматын көрсөтүшү зарыл деп эсептейт:

- Мен “Таластын кыздары кымбат экен” дегенге сыймык менен карайм. Кыздары кымбат болсо ошондой кыздары бар. “Аш-тойлор кымбаттап кетти, мынча каражат кетет экен” дегендей өкмөттүк деңгээлде маселелер көтөрүлүп кетти. Бирок бул кыргыз элинин башынан келе жаткан салты. Ар бир адам өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша иш кылат да. Мисалы, 500дөн ашык катташың болсо аларга бир эле кой союп тоспойсуң да.

Нусуп Бектеновдун пикиринде, калың-септин кымбаттыгы эки жаштын мойнуна ошончолук жүктү артат.

Ысырапкорчулуктун да чеги болот

Талас облустук “Дабан” гезитинин башкы редактору Мира Сейдикеримова акыркы учурларда алардын редакциясына каада-салттардын айынан ажырашкан келиндер көп кайрыларын айтып, кыргыздын салттарын туура пайдалануу керектигин белгилейт:

- Бул боюнча көп келиндер кайрылып жатышат. Азыр тойлордо эле эмес, акыркы сапарга узатууну да шааң-шөкөткө айландырып жиберишти. Билинбей калды ашы кайсы, тою кайсы.

2005-жылы той-аштарда ысырапкорчулукту азайтуу тууралуу президенттин буйругу чыгып, бирок бул башталыш соңуна чыкпай калган. Ушул өңдүү эле буйрук облус башчысы тарабынан да үстүбүздөгү жылдын октябрь айында да чыккан. Бирок бул буйрукту аткаруу өтө кыйын болгонун облустук администрацияда Билим берүү, маданият, жаштар жана спорт саясаты боюнча бөлүм башчысы Асыл Мамырова мойнуна алып, муну жөнгө салуу үчүн тарбия бала бакчадан эле башталышы керектигин айтат:

- Чоң кызматта болобузбу же аябай бай жашайбызбы? Бул жашоого сергек көз караш менен карап, ысырапкорчулукка жол бербей түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк бардыгы бала бакчалардан башталса, адамдар акырындап түшүнөт эле.

Облусту эмес, Талас районун гана алганда 2009-жылдын жыйынтыгы менен былтыр 71 жаш үй-бүлө катталса, анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 37 үй-бүлө ажырашып кеткен. Алардын катарында 4 жыл жигити менен сүйлөшүп жүрүп, баш кошуп, бирок кыргыздын каада-салттарынын курмандыгы болгон биздин каарман Асылай да бар.

Уланбек Эсенгелди

настроение: Взбешенное

Z Z, 03-11-2010 15:00 (ссылка)

Жаңы Жогорку Кеңеш ишин эмнеден баштайт?

5-ноябрда депутаттар Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын алгачкы отурумуна чогулат. Учурда депутаттарды каттоо жана парламент отурумун уюштуруу иштери аяктап калды.

Бул жолку Жогорку Кеңештин курамы жаңы кабыл алынган Баш мыйзам боюнча 120 депутаттан турат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев депутаттарды каттоодо алардын мурда сот жоопкерчилигине тартылбагандыгын тастыктаган жана депутаттык кызматка туура келбеген ишмердүүлүгүн токтоткондугу боюнча тапшырган документтери текшерилип жаткандыгына токтолду:

- Каттоо иштери өзүнүн атайын эрежелери боюнча жүрүп жатат. Мисалы, буга чейин иштеген жеринен депутаттык иши менен шайкеш келбей турган кызмат ордуларын өткөрүп бергендигин тастыктаган документтеринин чын-бышыгы аныкталат. Ошондой эле шайлоонун алдында берилген соттолбогондугу боюнча маалымат экинчи ирет текшерилет. Мына ошондон кийин гана катталат. Анан мандат берилет. Учурда төш белгилер даяр. Күбөлүктөрү жасалып жатат.

Жогорку Кеңештин жаңы курамы мурдагы Ак үйдүн имаратынан орун алмакчы. 7-апрель окуясында жабыркаган имараттын ичи-тышы оңдолуп, парламент отурумун өткөрүүчү жыйындар залы жана депутаттык бөлмөлөр ылайыкташтырылып бүттү.

Аксакал ачат, президент сүйлөйт

Алгачкы отурумду Баш мыйзам боюнча аксакал депутат ачып, төрага шайланганга чейин жыйынды алып барат. Бул жолу отурумду “Ата Мекен” партиясынан депутат, 65 жаштагы Ташполот Балтабаев ачары күтүлүүдө.

Президенттин администрация башчысынын орун басары Сүйүнбек Касманбетов учурда уюштуруу иштери аяктап калгандыгын айтты:

- Жыйындар залы толук даяр болду. Азыр болсо депутаттардын демилгелүү тобу иштеп жатат. Алар иш тартибин уюштуруунун жол-жоболорун даярдоо менен алек болуп, макулдашууда. Аппараттын отуз пайызы кызмат ордуна келип, алар укуктук, техникалык жана уюштуруу иштерине көмөктөшүүдө. Алгачкы отурумду ачуунун тартиби да мыйзамда жазылган. Мурдатадан калыптанган салт боюнча иш башталат.

Жогорку Кеңештин алгачкы отурумунда депутаттардын ант берүү аземинен соң, президент Роза Отунбаеванын расмий кайрылуусуна орун берилет. Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаровдун айтымында, анда мамлекет башчысы өлкөнүн өнүгүү багыттарын аныктап, башкаруучу коалицияны түзүүнү партиялардын бирине сунуштайт:

- Парламент биринчи отурумуна чогулган кезде президент Роза Отунбаева мындан аркы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги шарттары боюнча өзүнүн көз карашын чагылдырган кайрылуу менен чыгат. Ошондой эле эреже боюнча президент башкаруучу коалицияны түзүү боюнча өзүнүн мандатын парламенттин отурумунун биринчи күнүндө партиялардын бирине ыйгарат.

Иш күтпөйт

Алгачкы отурумдарда Жогорку Кеңеш зарыл деп эсептелген жыйырмадан ашуун мыйзам долбоорун жана токтомдорду карайт. Анын ичинде өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо, парламенттин иштөө тартибин бекитүү маселелери биринчи орунда турат.

Конституциялык кеңешменин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарынбаев муну менен парламенттик багыттагы мамлекеттик курулуштун пайдубалы түптөлө тургандыгын белгиледи:

- Биринчилерден болуп парламенттин өзүнүн иштөө тартиби кабыл алынат. Мурда ал атайын мыйзам менен бекитилчү. Бул жолу Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде эле кабыл алынат. Андан кийинки эң маанилүү маселе өкмөт жөнүндөгү конституциялык мыйзамды кабыл алууда турат. Анткени өкмөт ошол мыйзамдын негизинде тез арада куралып иштеп башташы керек. Андан ары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кароо керек. Анткени жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы менен алардын бардыгы ага шайкеш келиши керек.

Жогорку Кеңештин иштөө тартибинин негизинде тармактар боюнча комитеттер түзүлүп, алардын саны аныкталат. Мындан сырткары депутаттардын партиялык же коалициялык биримдигинин айырмачылыктары боюнча парламенттик фракциялар түзүлөт.

Кубанычбек Жолдошев

настроение: Безжизненное

Z Z, 24-09-2010 14:43 (ссылка)

Жеки Чан качан кыргызча сүйлөйт?

Коңшулаш Казакстан менен Өзбекстан жылына жүздөгөн Голливуд тасмаларын өз тилдерине которуп, көрөрмандарга сунуш кылып келет. Ал эми биздин Кыргызстанда чет элдик тасмаларды которуу чоң көйгөй.

Голливуд тасмаларын кыргызстандык көрөрмандар да кызыгуу менен көрүшөт. Тасмадагы айрым сүйлөмдөр күнүмдүк жашоодо колдонулуп, акыры алар жергиликтүү тил менен жуурулушуп кетет. Ушундан улам мындай көрүнүш кыргыз тилине залакасын канчалык деңгээлде тийгизет? Мамлекеттик тил идеологиясы кайсы багытта болуп жатат? Эмне үчүн көптөгөн чет өлкөлүк тасмалар кыргызчага которулбайт?

Кептин баары каражаттабы?

Чет элдик тасмаларды кыргыз тилине которгон кыргызстандык адистер бул ишке жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын, каражат жетишсиздигин айтышат. Журналист Жаныбек Жанызак чет элдик тасмаларды которууга акча бөлүнбөшү керектигин айтат:

- Мен баарына какшап жүрөм, тасмаларды которууга мамлекет тарабынан акча бөлүнбөш керек. Себеби баары бир жакшы которулбайт, бүт кинолорду адабий тилге салышат. Ким көрсүн? Кызыксыз да. Же өнүгүү байкалбайт, жөн эле акча жеп отурушат. Азыр кимде компьютер болсо эле студия болуп жатпайбы. Эгер бизде каалагандар которуп, менеджер табып, өз товарын жарыяласа анда бул тармак кыйла жылмак. Анын артынан атаандаштык жаралып, кардарларда тандоо пайда мүмкүнчүлүгү болмок.

Бир топ жылдан бери тасма, мультфильмдерди кыргызча которуу менен алек болгон, “Дөөлөт” котормо студиясынын жетекчиси Орозбек Мусакеев каражат маселесине мындайча токтолду:

- Биз мамлекеттин камсыздоосундабыз. Бизге каражат бөлүнүшү керек. Азыр котормо студиясынын курамында үч эле адам иштейт. Мисалы, “Чыңгызхан” тасмасына которгонго уруксат алган соң аны которууга өзүнчө чакан топ киришти. Бул кинонун отуз бөлүмүн которуу үчүн жыйырма миң сом каражат бөлүндү. Бул кыйраткан деле акча эмес да. Ар бир кишиге 700-800 сомдон тийди. Бул студияда адамдар өз каалоосу менен гана иштеп жатышат. Ушунча тасманы которуу чоң мээнет.

Жоопкерчилик жүгү

Деген менен базарларда сатылып жаткан дисктерди үйүндө эле отуруп алып кыргыз тилине которуп, окуп койгондор да бар. Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Жыргалбек Ажиматов Голливуд тасмаларын өз күчү менен эле которуп, элге таратат.

- Мен кинолордун түп нускасын алдыртып которомун. Студенттик кезде биз жалаң эле орус жана өзбек тилинде көрчүбүз. "Эмнеге кыргызча тасмалар жок" деп капа болуп, анан ушундай идея жаралган. Азыр отузга жакын тасма жана мультфильмди котордум. Колумдан келишинче жалпак тилге салып, өзүмдүн үнүм менен эле окуп коем. Эл абдан жакшы кабыл алат. Бул акча табуунун жолу боло албайт, себеби бир тасманы үч күн которуп, сатсаң, ал бат эле башка дисктерге көчүрүлүп, таркалып кетет. Пайда көрүү мүмкүнчүлүгү такыр жок, хоббим деп айтсам болот.

Жыргалбектин дисктерин Бишкекте да тапса болот, болгон баасы 40-50 сом. Ким аны көчүрүп көбөйтүп, акча таап жатканы белгисиз. Бул көмүскөдөгү каракчалык бизнести эч ким көзөмөлдөбөйт.

Уруксат болуш керек

Мамлекеттик тил комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановго “азыр ар ким каалагандай эле которуп жатса, кантип көзөмөлдөйсүңөр?” деген суроо узаттык.

- Эми азыр базарга жол ачылбадыбы. Азыр ар бир гезиттин, кинонун көркөм топтун редакторлору бар. Алар көзөмөлдөшөт. Ал эми кинолорду көзөмөлдөө кыйын, алардын авторлорун табыш керек да.

Автордук укук маселесинин олуттуулугун каракчылыктын өсүшү менен бааласа болот. Бирок, мисалы, “Аватар” тасмасын которуу үчүн анын режиссеру Жеймс Камэрондон уруксат алыш керекпи? Кыргызпатенттин инспектордук бөлүмдүн башчысы Аскар Нажимудинов буларды айтат:

- Чоң студия которобу же болбосо жеке тараппы, сөзсүз автордон же укуктуу ээсинен уруксат алыш керек. Мисалы, Казакстанда Голливуддун өкүлчүлүгү бар, алар менен интернет аркылуу байланышып уруксат алса болот. Алар деле миллиондогон доллар сурабайт.

Мээрим Асанаалы

настроение: Боевое

Z Z, 23-10-2010 16:48 (ссылка)

Кыргыз деп күйгөн дагы бир эл акыны чым жамынды

Кыргыз эл акыны, залкар драматург Жалил Садыковду акыркы сапарга узатуу тажыясы Улуттук опера жана балет театрында болду.

Ага Бишкек шаарынын тургундары, мамлекеттик кызматкерлер, чыгармачыл интеллегенция катышты.

Макаланы жана сүрөттөрдү бул жерден көрсөүз болот:

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Грустное

Z Z, 23-10-2010 16:49 (ссылка)

К.Бакиевдин үйүн байырлагандар

7-апрелдеги окуядан кийин өрттөлүп, тонолуп кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү үйдү азыр 20дан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам байырлады.

Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйгө апрель айында мүмкүнчүлүгү чектелген 44 адам келген. Учурда алардын 24ү калган. Арасында үй-бүлөлүүлөрү, бойдоктору да бар. Тургундардын башкы максаты, тамды ондоп-түзөп, майыптарга реабилитациялык борбор ачуу болуп саналат.

Макаланы жана видеону бул жерден көрө аласыздар:

http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Боевое

Z Z, 12-10-2010 14:47 (ссылка)

“Бүтүн Кыргызстан" БШКга нааразы

"Бүтүн Кыргызстан" БШК беш пайыздык чекти кескин көбөйтүп жибергенине нааразы болуп, сотко кайрыла турган болду.

"Бүтүн Кыргызстан” партиясы 10-октябрдагы добуш берүүдө БШКнын маалыматы боюнча 145 миң 455 шайлоочунун добушун алып, БШК буга чейин белгилеген 5% босогодон өттү. Бирок ошол эле БШКнын сайтында “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 4.84% добушка ээ болду деген көрсөткүч турат.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган шайлоочулардын тизмесине 2 млн. 852 миң 751 жаран киргизилген. БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова 0.5% жана 5% тосмолор жөнүндө 10-октябрга чейин түшүндүрмө бергенде, партиялар 5% босогодон өтүш үчүн 142 миңге жакын добушка ээ болууга тийиштигин белгилеген. Бирок БШКнын төрагасы Акылбек Сариев кошумча тизмелерге байланыштуу 5% босого 150 миң добушка жакындап барганын 12-октябрда билдирди.

Партия лидери Адахан Мадумаров 5 пайыз чектин кескин көбөйүп кетишине байланыштуу азыр сотко документтер даярдалып жатканын белгиледи. Ал азыр аталган партиянын тарапкерлери нааразылык акцияларга даярданып жатышканын, бирок лидерлер аларды токтотууга аракет кылып турушканын айып, бирок бул акциялар көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымал экенин эскертти.

Эгерде талап мына ошондой болуп өзгөрсө, анда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламентке кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
Партиянын лидери Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө караганда, БШК саясий буйрутманы аткарып, анын партиясын парламентке киргизбөө үчүн кошумча тизмелерди ойлоп тапты.

Талдоочулардын баамында, “Бүтүн Кыргызстандын” мурда белгиленген 5% босогодон өткөнүн моюнга алуу- бул коалициялык өкмөт түзүүдө азыркы бийликке олуттуу кыйынчылыктарды алып келиши ыктымал. Анткени “Бүтүн Кыргызстан” “Ар-намыс” жана “Ата Журт” партиялары менен коалиция түзүп кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышы толук ыктымал.

“Оюн эрежеси” өзгөртүлүп, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын четтетилиш мүмкүндүгү партиянын тарапкерлерин нааразылык акцияларына чыгуусуна алып келди. Партия өкүлдөрү азыркы мезгилге карай Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында шайлоочулар чогулуп, өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирүүгө камданып, алардын айрымдары Ош-Бишкек жолун жабууну көздөп жатышканын билдирүүдө. Бул арада Ош шаарында партиянын миңге чукул тарапкери нааразылык акциясына чыкканы кабарланды.

Таш-Көмүр шаарынын мэри Мамадали Кулдышев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аймактагы тарапкерлеринин арасында Бишкек-Ош жолун тосуу боюнча сөз жүрүп жатканынан кабардар экенин, бирок жергиликтүү бийлик жол тосууга жол бербей, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасаарын бүгүн "Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, шаарда аталган партия 11,62 пайыз добуш алган жана мындай нааразылыкка негиз жок. Мэр азырынча шаарда кандайдыр бир адамдардын чогулуусу байкалбаганын кошумчалады. Аксы районун акими Кадыркул Өмүрбеков да "Бүтүн Кыргызстан" аймактан 14,49 пайыз добуш алганын, райондо партия тарапкерлери нааразы боло турган жагдай жоктугун айтты.

Президенттин маалымат катчысы “Бүтүн Кыргызстанга” байланыштуу маселе БШКга тийиштүү экенин билдирүүдө.

Айданбек Акмат уулу

настроение: Удивленное

Z Z, 12-10-2010 14:46 (ссылка)

Добуштарды эсептөө аяктады

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча беш партия Жогорку Кеңешке кирем деп турса, алардын катарына дагы бир партия жакындоодо.

Мамлекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасына Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү бардык шайлоо түйүндөрүнөн жыйынтыктар келип түшүп, ага ылайык “Ата Журт” партиясы 266 923 (8,88%) добуш алып биринчи орунга чыкты.

Андан соң Социал-демократиялык партиясы 241 528 шайлоочунун добушу топтоп, пайыздык катнашы 8,04% көрсөттү.

"Ар-намыс" партиясына 232 682 (7,74%) жаран добушун берип үчүнчү катарга чыгарды.

Төртүнчү орунга "Республика" 217 601 (7,24%) добушу менен чыкса, бешинчи орунга "Ата Мекен" партиясы илинди.

Бийликчил деп эсептелинген бул партия 168 218 (5,6%) добуш топтой алды.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы 145 455 добушка ээ болуп, пайыздык катнашы 4,84%га барабар болду.

Буга чейин айрым серепчилер үмүт артып келген "Ак шумкар" партиясы беш пайыздык көрсөткүчтөн кыйла эле алыс калып, шайлоочулардын 78 952 (2,63%) пайызынын гана добушун ала алды. Партиянын лидери Темир Сариев шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, айрым аймактарда мыйзам бузуулар болгону менен шайлоону тааный турганын билдирди.

Беш пайыздык босогодон беш гана партия өткөнү белгиленип жатканда, 11-октябрдын кечинде Ош облусунан жана чет өлкөлөрдөгү айрым шайлоо түйүндөрүнүн түшпөй жаткан болжолдуу жыйынтыктар келиши менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын айрым өкүлдөрү да партия беш пайыздык босогодон өтүшкөнүн айтып чыгышкан.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбеков аймактардан анык протоколдор келгенден кийин, кошумча тизме менен негизги тизмелер такталгандан кийин гана кайсы партиянын беш пайыздык босогодон так өткөнү белгилүү болоорун билдирди:

- Негизги жана кошумча тизменин санын билип, анан ошолордун санынан беш пайызды чыгарабыз. Биз негизги жана кошумча тизмени протоколдор шайлоо түйүндөрүнөн келмейинче, толук билбейбиз. Кошумча тизмелерди ар бир участок түзөт. Анан биз кошумча тизмеге канча адам киргенин билбейбиз. Кошумча тизме билинбегендиктен азырынча беш пайыздык босогону так биле албайбыз.

Ошону менен бирге эле жети облустан жана эки шаардан алуу керек болгон жарым пайыздык босогонун толук жыйынтыгы аймактардан протоколдор келгенден кийин гана белгилүү болмокчу.

Эки апта бар

Буга карабастан айрым серепчилер Жогорку Кеңештеги орундардын кандай бөлүнөрүн эсепке алууга киришти. Ага ылайык бир партиянын 30дан ашык мандатка ээ болушу кыйын болору айтылууда.

БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов "Азаттыкка" билдиргендей, расмий жыйынтык кодекске ылайык, эки жума ичинде жарыяланат. Ошондон кийин кайсы партиянын канча мандат алаары ачык болот:

- Бизге азыр түшкөн абдан көп кайрылуу бар. Мисалы, менин астымда онго жакын кат турат. Аларга жооп берип жатабыз. Жер-жерлерде протоколдорду алуу уланууда. Алар келгенден кийин биз арыздарды карап чыгышыбыз керек, биринчи. Ошондон кийин биз ошондон кийин жыйынтыгын чыгарабыз. Кодекстин негизинде эки жуманын ичинде чыгарылышы керек.

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө добуш бере турган 2 миллион 852ден ашуун шайлоочу болгон болсо, бул шайлоого алардын 56 пайызга жакыны, б.а. 1 679 538 жаран добуш берди. Алардын 11 миңге жакыны бардыгына каршы добуш беришти.

Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин жаңы шайланган курамы өзүнүн биринчи сессиясына шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулууга тийиш.

настроение: Взбешенное

Z Z, 09-10-2010 12:43 (ссылка)

Кара пиарлардын кармашы кайда алып барат?

Парламенттик шайлоо күнү жакындаган сайын саясий күчтөрдүн ортосунда бирин-бири каралоолор жана доомат коюу аракеттери күч алууда. Мындай көрүнүштөрдүн натыйжасы өлкөдөгү жалпы саясий кырдаалга таасир этип, чыңалууну жаратпайбы деген суроо коомчулукту түпөйүл кылууда.

“Ата Журт” партиясы Камчыбек Ташиев Лейлек районундагы шайлоочулар менен жолугушууда мурдагы президент Курманбек Бакиевди кайрадан алып келебиз деп айткан эмес деп эсептейт.

Атаандаштардын чабуулу, же айтылган сөз - атылган ок

Ошондой эле мындай иш алардын атаандаштары аркылуу партияны каралоо максатында жасалгандыгы белгиленди. Буга чейин Коомдук телеканалдан жана башка маалымат каражаттарынан Камчыбек Ташиевге түспөлдөш адамдын шайлоочулар менен жолугушуу учурунда жердешчилик сезимдерге ойногон сөздөрү көрсөтүлгөн.

Аталган партиянын шайлоо штабынын башчысы Садыр Жапаров аталган жолугушууну чагылдырган тасманын толук бөлүгүн камтыган далил материалдар сыналгыдан көрсөтүлө тургандыгын убада кылды:

- Бул материалды дасыккан журналист жана пародист монтаждаган. Мына көз каранды эмес эксперттин бүтүмү колубузда турат. Материал монтаждалып, Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшоштуруп жасалгандыгы жана аны тиешелүү каралоочу материалга киргизилгендиги аныкталып олтурат. Биз аны жарыялаган телеканалдардан сурасак, бул материалды интернеттен алдык дешти. Биз ошол жолугушууну чагылдырган түп нуска видеотасманы убакыт беришсе эртең сыналгыдан бүт өлкөгө көргөздүрөбүз.

Мындан улам “Мекен шейиттери” уюмунун мүчөлөрү 6-октябрь күнү “Ата Журт” партиясынын баш кеңсесинин алдына келишип, түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Алардын көпчүлүгү 7-апрелде аянтта окко учкан адамдардын жакындары болушкан. Өз ара келишпестиктин натыйжасында партиянын имаратынын ичине кирип барышкан адамдар, анын ичинен документтерин, үгүт кагаздарын алып чыгышып, өрттөп жиберишкен болчу.

“Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бул мезгилде укук коргоо органдары чагымчылдыкка жол берген деп айтыптады:

- Биздин кеңсеге кол салып жатышканда ошол жерде кырктан ашуун милиция кызматкери турушкан. Алар ошол жерде бейбашчылык аракеттер орун алган учурда бир дагы адамды токтотушкан эмес. Ошол эле учурда алар бир адамды да кармап, жаңжалды басууга аракет кылышкан эмес. Ошондуктан бул окуяга укук коргоо органдарынын кандайдыр бир деңгээлде катышы бар деп божомолдосо болот.

Анткен менен башкы прокурор Кубатбек Байболов “Ата Журт” партиясынын имараттынын алдында бейбашчылык кылган деп шектелген “Мекен шейиттери” уюмунун мүчөлөрүнө карата кылмыш иши козголгондугун белгиледи. Ошол эле учурда Кубатбек Байболов “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун түшүндүрмө бергиле деп келишкен мүчөлөрүнө карата аталган партиянын штаб башчысы Садыр Жапаровдун айткан жообу аларды козутуп жиберген деп эсептейт:

- Ал жерге ичи тызылдап, көкшүнү суубай турган 7-апрелде каза болгон адамдардын жакындары чогулгандыгы жана алардын ачууга алдырган аракеттери түшүнүктүү болсо керек. Бирок алар менен имараттын алдында жолугушкан Садыр Жапаровдун “силердин балдарыңарды убактылуу өкмөттөгүлөр аттырган, ошолорго барып жообун алып алгыла” деген олдоксон сөзү чогулгандарды кыжырлантып жиберген. Болбосо ал жерге баргандар башында түшүндүрмө берүүнү талап кылып турушкан экен.

“Шайлоону үзгүлтүккө учуратышат” деген сөз чындыкпы же ойдон чыгарылган оюнбу?

Мындан мурун шайлоого катышып жатышкан үч партияны каралаган гезит нускаларынын таркатылышы боюнча аталган партиялардын жетекчилери кайрылуу жасашкан. Анда кайсы бир партиянын пайдасы үчүн алдыда күтүлүп жаткан шайлоону үзгүлтүккө учуратуу жана аны февраль айына жылдыруу боюнча чагымчыл аракеттер даярдалып жаткандыгы айтылган.

“Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев орун алып жаткан чагымчыл аракеттер мына ошондой максаттар менен байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Биздин атаандаштар ар түрдүү чагымчыл аракеттерге барышып, өздөрүнүн саясий каршылаштарын каралап жатышат. Муну менен шайлоону үзгүлтүккө учуратуу же токтотуу аракеттери байкалып жатат. Биз шайлоону таза, мыйзамдын чегинде, акыйкат жана адилетүү өткөрүүгө милдеттүүбүз. “Ата Журт” партиясы ар кандай чагымчылдыкка алдырбайт жана элди көчөгө алып чыгууга барбайт.

Анткен менен расмий бийлик органдары мындай билдирүүлөр менен макул эмес. Алардын айтымында, шайлоого аттанып чыккан да, өтмө учурдун өкмөтүнүн курамы да, саясий күчтөрдүн да эч кимиси кандайдыр бир чагымдарды уюштуруу аркылуу шайлоону жылдырууга кызыкдар эмес.

Шайлоонун коопсуздугу камсызбы?

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов алдыдагы шайлоону коопсуз жагдайда жана өз учурунда өткөрүүгө толук шарттар бар деп эсептейт:

- Шайлоо мурдагыга караганда таза жана өз мөөнөтүндө өтөөрүнө менин үмүтүм чоң. Албетте жанагындай коркунучтар болбой койбойт. Анткени коңшулаш өлкөдө абал тынч эмес. Ошондой эле июнь айында болгон окуядан кийин кантип коркунуч жок деп айта алабыз. Бирок ошондой коркунучтардын алдын алууга бардык даярдыктарыбызды жасадык. Бөтөнчө укук коргоо жана күч органдарын тиешелүү техникалык жабдуулар жана адам ресрустары менен камсыздадык. Бардык аймактарда штабдарды түзүп, иштеп жатабыз.

Бир катар шайлоого катышып жатышкан саясий партиялар мындан мурунураак саясий өнөктүк учурунда бирин-бири каралоого жол бербөө жана шайлоону коопсуз өткөрүү демилгелери менен чыгышып, өз ара жигитчилик милдеттемелерди алышкан болчу.

Кубанычбек Жолдошев

настроение: Апатичное

Z Z, 09-10-2010 12:41 (ссылка)

Эл таза шайлоону күтөт

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар алдыдагы парламенттик шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдиришип, тууган-урукка, белек-бечкектерге азгырылбай, эл үчүн иштей турган партияга, татыктуу талапкерлерге добуш берүүгө үндөдү.

Ошентип алдыдагы парламенттик шайлоого 29 саясий партия катышууда. “Эл үнү” берүүбүзгө кайрылган угармандарыбыз өлкө жарандарын бул саясий өнөктүккө жигердүү катышууга үндөп, саясатчыларды жана бийлик өкүлдөрүн шайлоону тынч жана акыйкат өткөрүүсү зарылдыгын белгилешти.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан Жамгырчиев: Урматтуу мекендештер! Элибизде байыртадан бери ата-бабабыз айтып келаткан “бакыт тоголок” деген кеп бар. Бакытты өз убагында барктап, этияттап күтүп албаса ал “тоголонуп” кетери байыртадан эле белгилүү. Мына ошондуктан ошол бакытты кармап кала турган күн - 10-октябрь болуп жатат. Ал үчүн биз таза, ачык, акыйкат шайлоого барышыбыз керек. Адегенде калыстыкты туу тутуп, андан тайбашыбыз керек. Элдин эркиндиги үчүн, мекендин бүтүндүгү үчүн, элдин байлыгын талап-тоноого каршы ондогон жылдардан бери күрөшүп келген чыныгы элдик партияларды, элдик уулдарды колдого тийшпиз.

Жалал-Абад, Марипа: Азыр айрым саясатчылар, “партиянын лидерлери Орусияга каттап жатышат”,-деп сындап жатышпайбы. Эмне үчүн алар Орусия менен кызматташууга, мамиле түзүүгө болбойт? Эгерде катуу сындай берсе Орусия менен мамиле начарлашы мүмкүн. Биздин балдар Орусияда иштеп, ошолор багып жатпайбы. Менин оюмча Орусияга өтө эле басым жасай бергенибиз туура эмес.

Бишкек, Бейшебай Муратов: Алдыдагы парламенттик шайлоо мурда өтүп келген шайлоолордон көп жагы менен айырмаланат. Эң негизги өзгөчөлүгү шайлоого көп партиянын катышып жатканы. Мына ушундай шартта ар бир шайлоочунун талапкерди тандап алуудагы мүмкүнчүлүгү татаалданып кетери бышык. Өзгөчө бул кырдаалда саясий партиялардын программалары, тарыхы жана ошол партияга кирген талапкерлердин тизмесин жакшы билүү зарыл. Ошондуктан Кыргызстандын жарандары татыктуулардын татыктууларын гана тандап алуусу керек.

Бишкек, А.Абдувалиев: “Ата Журт” партиясынын кесесине кол салуу болуп, өрттөгөндө милициялар жөн эле карап турушту. Бул эмне бийликтин “ар бир партия өзүңөр милиция түзүп алгыла” деген мамилесиби? Мындай окуяга биз абдан таңданып турабыз.

"Азаттык": Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маселе боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, бейбаштык кылган адамдардын аты-жөнү такталып жаттканын билдирди. Аталган министрлик партиянын кеңсесин талкалап жатканда милиция кызматкерлери эч бир чара көрбөй карап турду деген “Ата Журт” партиясынын билдирүүсүн четке кагып, 6-октябрда “Ата Журт” партиясынын кеңсесине белгисиз адамдар кирип баргандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен милиция кызматкерлери ыкчам аракетте кеңсени курчоого алып, аны талкалатпай, өрттөн сактап калышканын айтышты.

Жалал-Абад облусунан Төрөкан Алимов: Июнь айында Ош, Жалал-Абад, Базар-Коргондо болгон тополоңду көргөн, билген билимдүү инсандар, аксакалдар, интеллигенция бул окуяны тергеп-иликтеп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардам беришибиз керек. Ошол күнү ким кайсы жерде болгон? Окуянын өрчүшүнө ким себепкер болгон? Кимдер чаң-тополоңду баштаган? Көргөн-билгениңер болсо чындыгын айтып тергөөгө көмөк көрсөтүү зарыл. Бул тарыхта кара так менен калуучу окуя тез арада иликтенип-тергелип бүтүп кылмышкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек.

“Эр айдоочу” укуктук уюмдун жетекчиси Качкын Булатов Бишкек шаарында жеке фирмаларга таандык төрт жарым миңден ашуун жүргүнчүлөрдү ташыган кичи бустар бар экендигин, алардын миңге чукулу эч кандай уруксат кагазы жок иштешерин билдирди.

- Биз жакында транспорт инспекциясынын өкүлү, МАИ кызматкери болуп Павлов көчөсүндө бир саатка жакын текшерүү жүргүзгөндө 5 унаанын жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берген документтери жок экен. 3 бустун айдоочусунун документтери толук эмес. Мен алган маалыматка караганда, шаарда жүргүнчүлөрдү ташыган миңден ашуун кичи автобустар уруксат кагазы жок эле иштеп, тапкан акчасын чиновниктер менен бөлүшөт деген кепти эшиттим. Бишкек шаарынын жаңыдан дайындалган вице-мэри Төрөбек Имашев “таза иштеп, коррупцияга жол бербейм”,-деди. Эгер ал чынында эле таза иштеп, мыйзамдуулукту талап кылса жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке фирмалардын иш аракетин иретке келтириши керек.

Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматы бул маселе боюнча шаар бийлиги иш жүргүзүп жатканын, жакын арада шаардагы жүк ташуучу транспорттор иретке келтирилерин билдирди.

Аманбек Жапаров

настроение: Надеющееся

Z Z, 24-09-2010 14:45 (ссылка)

Орусиянын Кыргызстандагы аскерий базалары бириктирилет

Кыргызстанда жайгашкан Орусиянын төрт аскерий жайы бирдиктүү аскердик түзүмгө биригет. Биргелешип кызматташуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүдө бул багыттагы талаштуу маселелер жөнгө салынганы айтылууда. Аскерий кызматташтык боюнча кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү азырынча толук аяктай элек.

Сүйлөшүүнүн алгачкы жыйынтыгы

Кыргызстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн жумушчу тобу Бишкекте үч күндөн бери кызматташуу келишиминин жаңы долбоорун карап жатышкан. 23-сентябрда анын алгычкы жыйынтыктары айтылып, түштөн кийин биргелешип кызматташуу, аскерий-техникалык жардам көрсөтүү боюнча протоколго кол коюлду.

Орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү коргоо министринин орун басары, генерал Асылбек Ормокоев жүргүзүп, анда эки тараптуу аскерий кызматташтыкты жаңыртуу, Орусиянын Кыргызстандагы төрт аскерий объектилери туурасындагы мурдагы келишимди өзгөртүү маселелери тууралуу сөз болгон. Алар: Канттагы аскердик аба базасы, Чалдовардагы байланыш түйүнү, Ысык-Көлдөгү торпедо сыноочу полигон жана Майлы-Суудагы сейсмологиялык станциясы.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов эки министрликтин ортосундагы буга чейин чечилбей келе жаткан айрым маселелер жөнгө салынганын, Кыргызстандын аймагында биргелешкен аскерий база түзүлүшү ыктымалдыгын белгиледи:

- Эки өлкөнүн министрликтеринин жумушчу тобу азыр биргелешип кызматташуу боюнча келишимди даярдап бүттүк. Негизинен айрым талаштуу маселелер жөнгө салынды жана эки министрликтин ортосундагы кызматташуу жана аскерий-техникалык жардам боюнча келишимге кол коюлат деген ишенич бар. Эгер биргелешкен база ачылса Орусиянын бул жакта жайгашкан аскерий базалары ошол биргелешкен базанын ичине кирет.

Мурда кабарларда эки тараптуу сүйлөшүү маалында Кыргызстандын Коргоо министрлиги Орусиянын аскер базалары үчүн ижара акысын 3-4 эсеге көбөйтүү маселесин көтөрөрү белгиленген. Ошондой эле кыргыз тарап Орусиядан ижара акынын ордуна аскерий техникалар, курал-жарак түрүндө жардам алууну көздөп жатканы айтылган. Коргоо министринин орун басары Асылбек Ормокоев азырынча сүйлөшүүлөр бул баскычка жете электигин билдирди:

- Азырынча каралган жок. Ал келечекте каралат. Азыр төрт база тууралуу карадык, ошол боюнча токтодук. Толук макулдашуу тууралуу айтсак, биз бул министрлик менен макулдашууну алабыз. Анан кийин март айларында караштырабыз.

Орусиянын коргоо министри келбей калды

Ошондой эле Кыргызстандын түштүгүнө аскерий окуу жана машыгуу борборун ачуу маселеси да бул ирет каралган жок. Мурдараак Орусиянын коргоо министри Кыргызстанга келгенде ушул маселе дагы козголору белгиленип жаткан. Бирок Кыргызстанга 25-сентябрда келиши күтүлүп жаткан Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков менен чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев келбей калды. Анын эртең Казакстанда өтө турган Шаңхай кызматташтык уюмунун антитеррордук машыгууларына катышуу үчүн кеткени айтылып, Кыргызстанга качан келери ачыкталган жок.

Орусия ишенбей жатабы?

Эксперттер арасында Орусия Кыргызстанда аскердик кубатын чыңдоо менен жалпы Борбор Азияда үстөмдүгүн орнотууга кызыкдар деген пикирлер да жок эмес. Анткен менен Орусиянын аскерий эксперти Владимир Карякин Кыргызстанда кырдаал турукташып, шайлоо өтүп, жаңы бийлик келмейинче эч бир база ачылбай тургандыгын белгилеген эле. Ал Бакиев бийлиги АКШ базасын чыгаруу убадасын берип Москваны алдап кеткенин, ошол себептүү Орусия жаңы бийликтин келишин күтөрүн белгилеген.

Ал эми “Альфа-Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков өлкөнүн түштүгүнө машыгуу борборун ачууга бир гана Орусия эмес, Кыргызстан да кызыкдар деп эсептейт. Анын пикиринде, ушундай борборго ШКУ жана ЖККУнун алкагында да, геосаясий жагынан алганда да Кыргызстан ыңгайлуу. Артур Медетбеков эгер Кыргызстан айрым бир шарттарды бузуп, туруктуу саясат жүргүзбөсө Орусия бул макулдашууну бузуп жибериши ыктымал деген ойдо:

- Борбор Азиядагы болуп жаткан эл аралык террордук, экстремисттик уюмдарга каршы чакан база болушу керек. "Акрамия", "Салафия" деген экстремисттик уюмдар чыгып элди дүрбөлөңгө түшүрүп, кээ бир жерлерде өлкөнүн тагдырын чечүүгө аракеттерин жасап жатышат. Эгер база ачууга каралган каражат өтө чоң сумма болсо, экинчиден, бул маселелерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн чоң кызматчылар чоң бөгөттөрдү коюп, башка мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөй турган болсо анда Орусия бул макулдашууну токтотуп коюшу ыктымал.

Орусиядан жумушчу топ Кыргызстанга 20-сентябрда келген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр дагы уланат. Анын кандай багытта, качан жана кайсы жерде болору азырынча белгисиз. Кыргыз-орус аскердик кызматташуу келишимдерине келерки жылдын март айына чейин кол коюлары айтылууда.

Канымгүл Элкеева

настроение: Внимательное

Z Z, 17-09-2010 15:52 (ссылка)

Курал чогултуу иштери ызы-чуу менен коштолду

Өзгөн шаарына караштуу Таштак конушунун айрым тургундарында курал-жарактын бир канча түрү бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Милициянын атайын даярдыктагы тобу аталган конушка барганда өзбек тектүү жергиликтүү тургундар чогулуп, “милиция бизге каршы күч колдонуп атат” деп ызы-чуу салган.

“Азаттыктын” буга байланыштуу суроолоруна Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Досмир Узбеков жооп берди.

- Досмир мырза, атайын операцияны кандай максатта жүргүздүңүздөр эле?

Досмир Узбеков: Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы өзүнө тиешелүү жумушту аткарып, элде болгон мыйзамсыз куралдарды чогултуу иштерин жүргүзүп атат. Ошол себептен кечээ Ош облусу боюнча башкаруу кызматкерлери атайын операция өткөргөн. Ошол операциянын жыйынтыгында бир топ куралдар алынды. Булар үйлөрүндө мыйзамсыз сакталган. Мисалы, Кара-Суу районунун тургуну Рахманбердиев Азимдин үйүнөн курал чыккан, Кара-Суунун тургуну Орунбаев Бахтиярдын үйүнөн 8 мылтыктын 200 ок дарысы чыккан. Андан башка 12-калибрдын ок дарылары, Өзгөн шаарынын тургуну Дилмухаммед деген жигиттин үйүнөн автомат, ок дарылары менен чыккан. Мындан тышкары снайпердик мылтык - МЦ-12 чыкты, бул бир топ алыстыктан таамай тиет.

- Канча адам кармалып, кандай айыптар тагылууда?

Досмир Узбеков: Табылган куралдар боюнча кылмыш иши ачылды. Ош облустук коопсуздук кызматтын башкармалыгы менен азыр тергөө иштери болуп атат. Кечээ Өзгөн шаарында жергиликтүү тургундар биздин операцияны туура эмес түшүнүп, бир жарым миңге чейин киши кечинде мэрия жана ички иштер бөлүмүнүн тегерегинде чогулган. Бирок биздин кызматкерлер жана Өзгөн шаарынын мэри маалыматты айтып бергенден кийин эл туура түшүнүп таркап кеткен.

- Өзгөндөгү операция маалында жергиликтүү калк тарабынан каршылык көрсөтүлгөнү жана элге ок атылганы айтылууда. Мунун канчалык чындыгы бар?

Досмир Узбеков: Кээ бир түшүнбөгөн тургундар каршы болду. Бирок биз жагынан эч кандай ок чыгарган эмеспиз.

Алишер Токсонбаев

настроение: Взбешенное

Z Z, 17-09-2010 15:50 (ссылка)

Ош: ач студент шайлоо алдында чоң күч

Бийлик парламенттик шайлоонун алдында студенттерди саясий оюндардан алыс кармоо максатында түштүктөгү жогорку окуу жайларында окуунун башталышын 18-октябрга жылдырганына карабастан учурда студенттер шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып жатканы байкалат.

Муну студенттер кошумча каражат табуу менен түшүндүрсө, айрымдары өлкөнүн келечегине салым кошуу анын түздөн-түз милдети экенин билдиришүүдө. Ошол эле учурда жергиликтүү серепчилер жакында боло турган шайлоого саясатчылар студенттерди мажбурлап добуш бердиртүү аракетин көрүшү мүмкүн экендигин ырасташууда.

Талгат Тайгараев парламенттик шайлоого аттанган бир саясий партиянын үгүт баракчаларын көчөдө жабыштырып жүрөт. Кечээ түнү да ал достору менен шаардагы тал-теректерге байракчаларды илип чыккан. Талгат өзү Оштогу жогорку окуу жайларынын биринде 4-курста окуйт. Эми минтип өзү мүчө болгон партия парламентке келсе өлкө оңолот деп ишенүүдө:

- Кыргызстанда парламенттик шайлоого 29 партия аттанып жатат. Бирок мен тандаган партия жалаң мекенчил адамдардан куралган. Анын 80 пайызы жаштар. Ушуга чейин өздөрүнүн иши менен таанылган адамдар тизмеге кирген. Келечек үчүн өзүмдүн салымымды кошоюн деп, ишенип ушул партияга кошулдум. Мүчө болгонума аз эле болду, бирок катырып иштеп жатабыз. Ал ишибиз үчүн бизге эч кандай айлык деле берилбейт, партияга ишенип гана жүрөм. Окууну жылдырса деле мен менен бул партияга кошо кирип иштеп жаткан студенттер көп.

Түштүктөгү жогорку окуу жайларында окуу 18-октябрга жылдырылганы менен көпчүлүк студенттер жылдагыдай эле партиялардын иштерине аралашып жүргөнүн дагы бир саясий партиянын жаштар канатынын мүчөсү Азамат да тастыктоодо. Ошондой эле ал студенттер партияларга акча табуу максатында кирип жатканын кыйытты. “Ал эмес, мен өзүм деле окуума акча табуу үчүн партияга кирдим” дейт 3-курстун студенти Азамат:

- Окууну 18-октябрга жылдырганы менен азыр студенттердин көпчүлүгү шаарда жүрүшөт. Колоктоп бош жүрбөй партияларга иштеп жатышат. Мен да көптөгөн досторум менен партияга кирип чогуу иштеп жатабыз. Бир ай аралыгында, ушул 10-октябрга чейин акча табууга бизге шарт түзүлдү. Жакшы иштесек 10 миңге жакын таап коюшубуз ыктымал. Эми ал өзүңдүн жөндөмүңө жараша. Эгер эпчил болуп, тааныш таап, тизме толтуруп жакшы иштесең андан деле көп акча таап коюшуң мүмкүн. Атын атабайм, бирок азыр кээ бир партиялар 50 тизмени толтурсаң 2000-2500 сомдон берип жатат.

Көнгөн адат калабы?

Талгат менен Азаматка окшоп партияларга мүчө болуп кирип, үгүт иштерине чуркап жүргөн студенттер учурда Ошто миңдеп саналат. Бирок аларды партияларга мажбурлап киргизүү жок экендигин калаа бийлиги билдирүүдө. Вице-мэр Абдырахман Жолдошалиев “Ош шаарында жайгашкан окуу жайлардын студенттери өздөрү каалаган партияларга кирип жатат” деп белгиледи “Азаттыкка” курган маегинде:

- Менин билишимче азыр шаардагы ЖОЖдордун студенттери сессияларын тапшырып, мамлекеттик экзамендери менен алек болуп жүрүшөт. Биринчиден, азыр жаштар андай иштерге барбайт. Анткени студенттердин бардыгы акыл эстүү, өз укуктарын билет. Экинчиден, ар бир жаран жашаган жеринен катталып, шайлоого жана шайланууга укугу бар. Ошол жерлерден эле кадимкидей шайлоого катышат. Ар ким өзү каалаган партиясын тандайт.

Шаардык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Саадат Маматалиева 10-октябрда боло турган шайлоодо студенттерди кайра-кайра киргизип кайсы бир партияга добуш бердиртүүгө жол берилбестигин айтууда. “Бул боюнча аймактагы жогорку окуу жай жетекчилери да алдын ала эскертүүлөрдү алган” деди ал:

- Ош жана Жалал-Абаддагы ЖОЖдордо окуу 18-октябрда болот деген билим берүү министринин атайын буйругу бар. Ал студенттерди шайлоого аралаштырбоо максатында болгон эле. Бирок ага карабастан студенттердин баары эле партияга кирип, ар кандай иштерди аткарып жатышат. Эгер ушул кетиште эртең, шайлоо күнү студенттерди шайлоого мажбурлап киргизүүгө жол берилбейт. Эгер окуу жайлардын жетекчилери административдик ресурстарды колдоно турган болсо, биз, шаардык шайлоо комиссиясы, чара көрөт. Шайлоо күнү студенттерди котолотуп, мажбурлап, же кайра-кайра киргизип добуш бердиртсе, жоопкерчиликке тартылат деп ишендирип кетем.

Деген менен жергиликтүү серепчилер 10-октябрда болчу парламенттик шайлоодо студенттерди мажбурлап, кайра-кайра добуш бердиртүү болот деп билдиришүүдө. Ал эмес Оштогу айрым жогорку окуу жайларынын жетекчилери азыртан эле кайсы бир саясий партиялар менен соодалашып коюшканын айтышууда.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле студенттер шайлоонун алдында жана анын учурунда чоң күч айланганы адатка айланган. Бийлик ар дайым студенттерди шайлоо жараянына тартып келген.

Эрнист Нурматов

настроение: Грустное

Z Z, 01-09-2010 17:56 (ссылка)

Беслан: мектептеги кыргынга алты жыл

1-сентябрда Түндүк Осетияда Беслан курмандыктарын эскерүү жыйыны өттү. Мындан 6 жыл мурда Бесландагы №1 мектепти террорчулар барымтага алган эле. Ошол коогалаңда барымтага түшкөндөрдөн 336 киши набыт болгон.

Бул күнү мектептин короосуна жүздөгөн адам келип, гүл коюшту. Аза күтүү кааданын башкы иш-чарасы 3-сентябрда, 6 жыл мурда террорчулар менен атайын жоокерлердин тирешүүсү кандуу кагылыш менен аяктаган күнү өтөт.

2004-жылы 1-сентябрда Беслан шаарындагы мектепти басып алган терррорчулар үч күн бою мектеп окуучулары менен ата-энелерин, бардыгы болуп 1200дөй кишини барымтада кармап турушкан. 3 күндөн кийин күч органдары барымтадагыларды бошотуу операциясын уюштуруп, мектепке чабуул жасап, террорчулар жок кылынган. Бирок андан 336 адам набыт болгон, алардын 186сы мектеп окуучулары эле.

Бесландыктар ушул күнгө чейин ошол коогалаңдын запкысын тартып келишет. Бийлик террордук чабуул тергелип бүттү деген тыянак чыгарганы менен, “Беслан энелери” комитети жана набыт болгондордун жакындары муну менен макул эмес. Алар кылмыш боюнча жыйынтык чыгарууда бийлик өзү бут тосконун ырастап келишет. “Беслан энелери” комитетинин төрайымы Аннета Гадиева буларды айтат:

- Сот отурумунда жападан жалгыз тирүү калган террорчу Кулаевдин иши боюнча өткөн тергөөдө жарыкка чыккан фактылар менен коогалаңды өз көзү менен көргөндөрдүн далилдери эске алынган жок. Биздин маалымат четке кагылып келет.

“Мемориал” укук коргоо коомунун адиси Александр Черкасовдун ырасташынча, буга окшогон кан жуткурган террордук чабуулдар иликтелгенде ага Федералдык коопсуздук кызматы аралашат. Ошондуктан териштирүүдө мамлекеттик түзүлүштөр окуянын чындыгында кандай нукта өнүккөнүнө караганда, ал түзүлүштөр өздөрү аткарган иш мыкты болгонун айгинелөөгө кызыктар:

- Бул кылмышты иликтөөгө алууда бир жагынан террорчулардын аракетин, экинчи жагынан күч органдардын аракетин талдоого алыш керек эле. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы деген түшүнүк жатат.

Ушул күнгө чейин Беслан окуясын башынан өткөргөн балдар менен ата-энелер психологиялык жана материалдык жардамга муктаж. Бийлик бир гана жолу жөлөк пул берген. Бирок ошону менен бирге бийлик бесландыктарга берилген башка жардамдарга бут тоскондой. Мисалы, ишкер Михаил Ходорковскийдин аракети менен Москва алдындагы Коралово кыштагында лицейде билим алып жаткан бесландык окуучулардын ата-энелери быйыл капилеттен эле киреше тапкан бүлө ирээтинде салык төлөө тууралуу кагаз алышкан. Кийин аны Түндүк Осетиянын бийлиги төлөп берүүгө аргасыз болгон.

Муса Мураталиев

настроение: Под впечатлением

Z Z, 01-09-2010 17:54 (ссылка)

Билим күнүн базарда тоскондор

Бүгүн окуу жылы башталганына карабай, айрым окуучулар билим майрамын базарларда тосуп жатышат. Алар үй-бүлөлүк шартына жана каражатка байланыштуу мектепке өз убагында бара албай, же окубай калгандар.

Көз карандысыз адистер быйыл окубаган балдардын саны 100 миңге жетиши ыктымалдыгын айтып жатат. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги жылдан жылга окубаган балдардын саны азайып жатканын белгилөөдө.

Бүгүн 1-сентябрь болгонуна карабай 9-класска көчкөн Чыңгыз мектепке барбай калды. Ал Ош базарынын четинде жашылча-жемиш сатып отурат. Өзүнүн айтымында, жайкы эс алуу убагында Баткендеги ата-энесине жана карындаштарына жардам берүү максатында Бишкекке келген. Иштеп тапкан акчасын айылга жөнөтүп, өзүнө да анча-мынча кийим кылат экен. Ал шартка жараша быйыл жаңы окуу жылынын башталышына бара албай калганын, бирок кечиксе да мектепке кайтарын айтат.

- Менин үч карындашым, бир эжем бар. Алар Лейлекте турушат. Аларга акча жөнөтүшүм керек. Мен Бишкекке үч айлык эс алуу учурунда келдим эле. Шартка жараша 1-сентябрда бара албай калдым. Буйурса кайра кетем. Окууну бүтүп, артист болгум келет.

3-класстын окуучусу Алтынай Токтогулдан келген. Ал өзүнүн жашы боюнча 8-класста окушу керек эле. Ал алдында турган таразаны көрсөтүп, кардарларды тартуунун аракетин көрүп жатат. Энеси оорукчан, анын үстүнө жети айлык бөбөгү болгондуктан негизги жумуш ушул кызга жүктөлгөн. Күнүмдүк тапкан акчасына нан алат, ашканын дептер, калем алганга аракет кылат экен. Ал окубай калган балдарды мектепке тартуу боюнча бейөкмөт уюмдардын биринин аркасы менен 10-мектепке киргизилген. Алтынай базарда иштегендиктен айрым учурда мектепке барбай да калчу. 1-сентярбь, Билим күнүн да ал адаттагыдай эле базарда тосту.

- Апам ооруйт. Жети айлык бир иним бар. Ал да ооруп, ийне сайдырып жатат. Мен иштеп тапкан акчама нан алам. Мектепке барганга да дептерлерди алыш керек, ага да акча керек да.

Базарда иштеп, мектепке өз убагында барбай калган балдардын көпчүлүгү жашоо-шартынын жоктугун белгилешет. Адистердин баамында, ушинтип айылдардан убактылуу иштөөгө келген мектеп жашындагы балдардын көбү мектепке кайра барбайт. Бишкектеги Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Анархан Султаналиева алгач балдар кызыгып, окууга барган шартта деле ар-кандай акча чогултуулардан улам мектепти таштап коюшарын белгиледи:

- Билим берүү акысыз деген менен акча чогултуулар уланып эле келатат. Мугалимдер менен сүйлөшсөң айлык аз деп даттанышат. Аларды да түшүнүш керек. Жашоо-шартынын жоктугунан да окубай калгандар бар.

Анархан айымдын айтымында, окубай калган балдар арасында эч жерде каттоодо турбагандары, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктору да арбын. Адистер балдардын окубай калганына күнүмдүк акчага кызыгып, балдарын мектепке жибербеген айрым ата-энелер да күнөөлүү деп эсептешет.

Балдардын окууга жакшы кызыкпай, мектепке барбай жатышынын каражаттан башка да себеби бар. Ал - өтүлгөн сабактардын балдар үчүн кызыксыздыгы. Бул тууралуу “Сапаттуу билим" долбоорунун жаңы конуштарда өткөргөн сурамжылоо, иликтөөсүндө белгилүү болгон. Аталган долбоордун директору Кеңешбек Сайназаровдун белгилешинче, жаңы конуштарда тогуз миңдей мектеп жашындагы бала болсо алардын айрымдары мектепке кантип баруунун жолдорун билбейт.

Канымгүл Элкеева

настроение: Безжизненное

Z Z, 30-08-2010 17:48 (ссылка)

Исхак Масалиев: Кызматка жабышкан жокмун

Өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал тууралуу Коммунисттик партиянын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Масалиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Сиз мүчөсү болгон парламент быйылкы жылдын бюджетин 13 млрд. сом таңсыктык менен кабыл алган. Азыркы кезде таңсыктын көлөмү 28 млрд. сомго жетип кетти. Алдыбызда эмне турат: дефолт, инфляция, мамлекеттин банкроттугубу?

Исхак Масалиев: Сөзсүз банкрот жөнүндө сөз кылышыбыз керек. Мамлекеттин экономикасы өзүн өзү актабай турган мезгил. Дефицит ошондон ашып кеткенден кийин дефолт болот. Ага байланыштуу инфляция процесстери жүрөт. Ансыз деле акыркы күндөрү коркунучтар пайда болду, мисалы, дан азыкка нарк кымбаттаган. Бул да чоң проблемаларга айланып кетет.

- Азыркы абалдан чыгуунун кандай жолдорун көрүп турасыз?

Исхак Масалиев: Бүгүн эки жолу болуп турат: биринчи кезекте мамлекеттик чыгашаларды кыскартуу зарыл, керек болсо эки эсеге. Ал үчүн бүт мамлекеттик кызматта иштеген инсандарга жана мамлекеттик кызматка кеткен чыгашаларды бир топ азайтыш керек. Ага өкмөт жооп берип кыскартыш керек. Жанагыдай дүңгүрөгөн тойлорду кылып, чоң айлыктарды, эс алганды токтотуш керек. Шартка жараша жашаш керек. Экинчиден, азыр тышкы саясаттын жыйынтыгында тышкы карыз алганга айла жок.

- Өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында мурунку бийлик Орусиянын 150 млн. доллар грантынын негизинде пенсияларды, айлык акыларды көтөргөн. Азыр эми казына аны көтөрө албай калчудай болуп турат. Буга ким жооптуу?

Исхак Масалиев: Ага өкмөт жооптуу, түз айтканда азыркы бийликте турган адамдар жооптуу. Ал эми жалпы бул абалга жана 7-апрелден кийин бийлик алмашуунун жыйынтыгында Кыргызстанда болгон оор, коогалаң окуялар бүт баары ушуга себепкер болуп атпайбы. Мамлекеттик ишкерлер, көп жарандар бүгүнкү күндө казынага салык төлөгөндөн алыс болуп турат.

- 13 млрд. таңсыктык болгон, анан кыска мөөнөттүн ичинде 15 миллиардга жетип кеткени негиздүүбү, жа башка сандар барбы?

Исхак Масалиев: Негиздүү эле. Акыркы 3 айда болуп аткан окуяларга коомдогу болуп аткан жооп деп эсептесе болот. Бюджет деген эмне? Бул киреше-чыгаша. Тышкы, же ички киреше болушу мүмкүн. Бүгүн салык инспекция менен бажы инспекция “толук жаап атабыз” деп рапорт берип атат. Бирок мен алыска кетпейм, менин кошунам базар менен тиричилик кылган, ал толугу менен банкрот болду. Анан кайдан киреше болгон мен билбейм. Менин оюмча, бул жерде кичине планды азайткандан кийин аткарып атат.

- Сизге байланыштуу кылмыш ишке келсек. Ал боюнча тергөө иши соңуна чыкканы кабарланды. Сизде кандай маалымат?

Исхак Масалиев: Биз кылмыш иши менен таанышып чыктык. Бирок тергөөчү бүгүнкү күнгө чейин сотко жөнөтө элек, мөөнөтү 13-августта бүткөнүнө карабай. Мыйзамда так жазылган: тергөө мөөнөттүн ичинде айыпкер таанышыш керек, бардык иш бүтүш керек. Бүгүн 30-август, ал иш бүгүнкү күнгө чейин СНБнын конторунда турат.

- Сиз ушул кылмыш ишке байланыштуу парламенттик шайлоого барбадыңызбы?

Исхак Масалиев: Бул шылтоо болду. Парламенттик шайлоого барбаганым, эгерде менин үстүмө иш козголуп, ал кандайдыр бир түрдө партияга таасир берип атса, ушундай учурда мен көрсөтмө жасадым, мен деле парламенттик төш белги үчүн күрөшкөн жерим жок, партиялык жетекчи кызматка жабышкан жерим жок, биздин партиябызга жаман таасир бербесин деген максат менен барбадым.

- Рахмат.

Айданбек Акмат уулу

настроение: Взбешенное

Z Z, 30-08-2010 17:46 (ссылка)

Камбар-Ата 2 ГЭСинин биринчи агрегаты иштеди

30-августта Камбар-Ата 2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киргизилди. ГЭСтин кубаттуулугу 360 МВт. Анын баардыгы үч агрегаты иштеши керек, ар бир агрегаттын кубаттуулугу 120 МВт. Аталган ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизүүгө байланыштуу өткөрүлгөн салтанатка президент Роза Отунбаева барып катышып, сөз сүйлөдү.

ГЭС куруучулардын поселогунда өткөн салтанаттуу митингде президент куруучуларга элдин жана өзүнүн атынан ыраазылык билдирип сөз сүйлөдү.

- Бул күн биздин атамекендик гидроэнергетиканын тарыхында бурулуш жана чечүүчү учур болуп саналат. Биринчи агрегаттын ишке кириши биздин республиканын эгемендик күнүн белгилөөнүн алдында элибизге өзгөчө кубанычтуу белек болуп саналат,-деди Р. Отунбаева.

Президент Р. Отунбаева өзүнүн сөзүндө Камбар-Ата 1 ГЭСи тууралуу да кеп козгоп, Өзбекстан тарап анын техникалык-экономикалык аныктамасын эл аралык экспертизадан өткөрүү керектигин айтып келатканын, аны Кыргызстан сөзсүз түрдө жасай турганын билдирди.

Иш-чарага энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү, ГЭСтин куруучулары катышты.

Камбар-Ата 2 ГЭСинин ишке киргизилген агрегаты экм жума сыноо режиминде иштеп, сыноодон өткөндөн кийин гана электр кубатын иштеп чыгара баштайт. ГЭСтин биринчи агрегаты жылына 500-600 млн киловат саат электр кубатын иштеп чыгышы керек. Камбар-Ата ГЭСин толук ишке киргизүү жылына 1,2 миллиард кубометр сууну үнөмдөгөнгө шарт түзөт.

настроение: Задумчивое

Z Z, 27-08-2010 13:02 (ссылка)

Байлык тартып алуунун таржымалы

Убактылуу өкмөт декрети менен отуздан ашуун объекттер мамлекет ээлигине өткөрүлүп, алардын айрымдары аукционго, калгандары конкурс жолу менен сатылганы турат. Жаңы бийликтин мурдагылардын энчисиндеги дүйнө-мүлктү тартып алышы мындан беш жыл илгерки элдик революциядан кийин да жасалган. Бийлик алмашкан сайын бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алуу Кыргызстанда көнүмүшкө айланууда.

Цемент заводдун сатылганы качан

Кант цемент заводунун 13,21% акциясынын айланасындагы талаш 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин эле чыккан жери жок. Бул ирет акциялар мамлекет ээлигине өткөрүлүп, мурда болсо талаштуу ишке тиешеси бар кишилерге кылмыш иштери ачылганын вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров мындан бир ай илгери эле жарыя кылган.

- Мамлекетке 298 миллион сом зыян келтиргендиги боюнча убагында кылмыш иш козгодук эле. Билесиздер, Данияр Үсөновдун көрсөтмөсү менен Чүй облустук соту бул ишти жаптыртып салган. Жазуу түрүндө көрсөтмөсү менен. Биз ушуну жаңы ачылган жагдайга байланыштуу Жогорку сотко бердик эле. Бирок, тилекке каршы, Жогорку сот жаңы ачылган жагдайга байланыштуу биздин сунушубузду канааттандырган жок.

Жогорку сот жообуна канааттанбаган өкмөт Мамлекеттик мүлк министрлигине Кант цемент заводу кантип менчиктештирилгенин кайрадан териштирип чыгуу тапшырмасын бергенин ошол эле А.Бекназаров маалымдаган. Анын айтуусунда, 1997-жылы завод менчиктештирилип жатканда казак инвесторлору убада кылган 18 миллион доллар инвестиция келген эмес.

Кант цемент заводуна ээ United Cement Group компаниясы кийинки 5 жылда ишканага 27 миллион доллар сарптап, республика казынасына 38 миллион доллар салык төлөгөнүн маалымдап, Жогорку сот тарабынан биротоло чекит коюлган ишти улам-улам козголош четтен келчү инвесторлорду чочулаткандан башкага жарабастыгын ырастаган билдирүү таратты.

“Аты жакшы акчабай, кагылайын...”

Айтса, Убактылуу өкмөт чечими менен мамлекет ээлигине айтылуу Азия Универсал банк да өткөн. Өлкөдөгү систем банкты каржылоого өкмөт башында 3 миллиард сом кыска мөөнөткө кредит бөлүүнү чечкен. Бирок да андай акча аягынан тартса башына жетпеген мамлекеттик бюджетте жок.

Мамлекеттик мүлк министрлиги Азия Универсал банкты эмдиги жылы сатыкка коюп, аны кайра эле жеке колго өткөрүүнү көздөөдө. Улуттук банктын төрага орунбасары Сүйөркул Абдыбаалы тегиндин айтуусунда:

- Азия Универсал банк өзүнүн активине салыштырып караганда ал Кыргызстандагы эң көп кредит берген банк эмес болчу. Үлүшүнө салып караганда. Анын 10 – 12 % кредит катары берилген. Калганынын баарысы чайкоочулук, тигил-булардын деңгээлинде иштеген акчалар болчу.

Улутташтырылган дүйнө-мүлк катарында “Альфа-Телеком” жабык акционердик коому, Бишкек арак заводу, “Петрол Групп”, “Пирамида” телерадиокомапниясы, “Чакан ГЭС” акционердик коому, “Манас” абамайданынын учактарга май куюу комплекси, биртоп кымбатба жеңил автоунаа, учак, кеме, Көл жээгиндеги көркөм эс алуу жайлары бар.

Менчик ээ ышкысы

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин да мурдагыларга тиешелүү делинген дүйнө-мүлктүн кыйласы а кездеги президенттин ишкер уулунун энчисине кеткен эле. Бул ирет деле мамлекет ээлигине өткөн мүлктүн текши баары арзанбаада кайсы бир таасирдүү күчтүн колуна өтүп кетпейт, деп эч ким кепилдик бере албайт. Жеке ишкер Закир Намазбековдун ырасташынча, бирөөнүн мүлкүн тартып алуу мыйзам чындап иштей баштаганда гана токтолушу мүмкүн. Ансыз мурдагынын мүлкүн кийинкиси өзүнө же мамлекет ээлигине өткөрүп алуусу токтолбойт.

- Азыркы бийликке аралашып жүргөн, бийликтин тегерегинде жүргөн адамдардын аң сезими түбү менен бузулган. Муну орнотуш үчүн Кыргызстанга дагы 15 – 20 жыл убакыт керек. Иштебей эле жеп-ичип көнүп калган. Бул өзү аябай оор маселе. Же катуу кол керек же убакыт керек. Менин оюм ушундай.

Апрелдеги бийлик алмашуусунан кийин Убактылуу өкмөт арзан баада жеке колго сатылып кеткен энергетикалык объекттерди мамлекет ээлигине кайтарып алды. Эми алардын сатылыш-коюлушу күздө шайланчу парламент түзгөн өкмөттүн үлүшүнө тиет окшоп калды.

Бекташ Шамшиев

настроение: Апатичное

Z Z, 27-08-2010 13:00 (ссылка)

Кыргызстанды Испанияда тааныткан кыргыз кызы

Кыргызстандык Анара Тешебаева Испанияда өткөн сулуулар сынагында биринчи орунду жеңип алды.

Орусия менен Испания биргеликте уюштурган сулуулардын сынагында бир гана тышкы сулуулук бааланбастан катышуучулардын кол өнөрчүлүк жөндөмдүүлүгү да бааланды. Сынактын жеңүүчүсү Анара Тешебаева башка өлкөдө төрөлүп чоңойсо да өз мекени - Кыргызстандын намысын коргоп, атын чыгарды.

- Испанияда өткөн сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болуп таанылып, баш байгеге ээ болгон экенсиң. Чын дилибизден куттуктайбыз. Бул сынак тууралуу кыскача айта кетсең. Кандай өңүттө өттү?

- Мен Орусиядан болсом да мени кыргызстандык деп тааныштырышты. Ал жактагылар Кыргызстан деген мамлекет бар экенин да жакшы билишпейт экен. Мен аларга колумдан келишинче Кыргызстан жөнүндө айтып берүүгө аракет жасадым. Сынакка 45-50гө жакын ар улуттун өкүлдөрү катышты. Сынакка Испаниянын белгилүү дизайнерлери катышып өздөрү жараткан, ойлоп тапкан кийимдеринин көргөзмөсү да болуп өттү. Өзүм тууралуу айтып өтсөм, МГУнун дизайнер жана технология факультетин аяктагам. Бул сынакта көп жылдан берки тигип жүргөн кийимдеримди көрсөттүм. Көпчүлүгү кыргыздын кийизинен жасалган жана кыргыз оюмдары түшүрүлгөн кийимдер. Калыстар тобун ушул оймо-чиймелер кызыктырды деп ойлойм.

-Бул сынакка кандайча катышып калдын? Кыргызстандын атынан чыкканын кыргыз элин абдан кубандырса керек... Сенде кандай сезимдер болду?

- Мени бул сынакка тааныштарым чакырып калышты. Буга чейин да көптөгөн сынактарга катышып келгем. Ал эми сынакка Кыргызстандын атынан чыкканымдын себеби өзүм башка өлкөдө жашасам да жүрөгүм Кыргызстан деп согот. Кыргызстанга чоң ата, чоң энемдикине барып турам. Мен ар дайым Кыргызстандын атын таанытууга даярмын. Анткени Кыргызстан мага көп нерсе берди, үйрөттү.

- Келечекте Кыргызстанга келейин деген ойлор барбы?

- Мен окуп жүргөндө мамлекеттик практиканы Кыргызстанда өттүм. Мага абдан жакты. Чоң мүмкүнчүлүктөр бар экен десем болот. Ал эми жакын арада барам деп айта албайм. А бирок мүмкүнчүлүктөр түзүлсө жок дебейм.

-Эмнеге кызыгасың? Деги эле келечектеги пландарың менен бөлүшө кетсең?

- Мен искусствого аябай кызыгам. Өзгөчө живописке кызыгам. Менин атам сүрөтчү болгондуктан мендеги талант атамдан берилген деп ойлойм. Жана бул кесипти аркалап калышыма да атамдын кошкон салымы чоң деп айтаар элем. Сүрөт тартканды, жаңы кийимдерди ойлоп таап тиккенди жакшы көрөм. Бул тармакта өзүмдү дагы да болсо сынагым келет.

Чынын айтсам бала кезимден бери кыялданып жүргөм тилегим бар. Ал өзүм ойлоп тапкан кийимдер сатылуучу дүкөнүм болушун каалайм жана аракет кылып жатам. Бул менин кичиней сырым эле. Сиздерге гана айтып жатам. Бул тилегимди ишке ашыруу үчүн албетте көп эмгектенүү жана изденүү керек. Азыркы тапта алды менен өз кесибим менен иштөө үчүн жумуш издеп жатам.

- Маегиңе чоң рахмат! Ийгилик сага!

Жаркын Аманова

настроение: Веселое

Z Z, 18-08-2010 13:28 (ссылка)

Иракта чоң террордук чабуул болду

Террордук чабуул бүгүн таңкы сааттарда Багдаддагы аскерге алуу борборунда болду. Расмий маалыматка караганда, кеминде 47 киши набыт болуп, жүздөн ашууну жараат алды. Иракта бир нече айдан бери коалициялык өкмөт куралбай, парламенттик шайлоодон бери зордук-зобундар көбөйгөн. Бирок бүгүнкү жардыруу соңку айлардагы эң кандуу окуя болуп калды.

Белине бомба байлап алган жанкечти ошол жерде аскер кызматына кириш үчүн документтерин тапшырганы кезекте топтолуп турган элдин арасына барып, өзүн-өзү жардырып жиберген. Бул жардыруу өлкөдөгү акыркы окуялардын ичинен эң катаалы жана кандуусу болуп калды.

Жардыруудан жарат алгандардын бири Салех Азиз Reuters маалымат агенттигине мындай деди.

«Биз Ал-Мидан деген жерде турган элек. Жардыруу так аскердик кызматкерлер бизди тизмеге киргизип аткан кезде болду», - деди ооруканада жаткан Салех Азиз.

Чабуулдан кийин АКШнын бир канча тик учактары ошол жерде айланып жүрдү. Ирактын аскерлери аянтты курчоого алып, окуяда жакындарын жоготкондордун жаалданган туугандарын өткөрбөй жатышты.

Ирактын аскер күчтөрүнүн расмий өкүлү, генерал-майор Кассим ал-Муссави бул трагедияга Ал-Кайиданы жооптуу деп айыптады.

Бул окуя Ирак үчүн өтө оор учурда болду. Анткени бул айдын соңунда Америка Кошмо Штаттары өздөрүнүн аскерлерин чыгарып кетип, өлкөдөгү коопсуздук масалелерин толугу менен Ирактын бийлигине өткөрүп бермек. Эми болсо жардыруу Ирактын саясий лидерлери коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз бере албай турганын көрсөттү. Беш ай мурун өткөн улуттук шайлоодон бери өлкөдө өкмөт да курала элек. Ички саясий проблемалар дагы эле көп.

Өлкөдөгү «Иракия» партиялык блоктун жетекчиси мурунку премьер-министр Айяд Алави азыркы премьер жана «Мыйзамдуулуктун өлкөсү» деп аталган бирикмесинин лидери Нури ал-Малики менен коалиция түзүүдөн баш таркан.

Мындан мурун теле-берүүнүн биринде Малики мырза «Иракия» блогун «улуттук уюм эмес, сунни бирикмеси» деп мүнөздөгөн. Ошондон бери «Иракия» андан кечирим сурасын деп талап кылууда.

АКШнын Ирактан чыгып кетиши дагы өзгөчө маанилүү фактор. 1-сентябрга жакын америкалык аскерлердин саны 50 миңге чейин азаят. Калган америкалык аскерлердин бири да мурункудай анти-террордук аракеттерге катышпайт. АКШ 2011-жылдын аягында аскерлерин толугу менен чыгарып кетмекчи.

Айрым серепчилер «акыркы террордук чабуул ушул эки окуя менен тыгыз байланышта» деп белгилейт. Анткени террорчулар өлкөдөгү туруксуз кырдаалды, жергиликтүү бийликтин чабалдыгын пайдаланып жатышат.

Ал эми АКШнын Коопсуздук министрлигинин жардамчысы Колин Кахл Вашингтондон «Рейтерс» менен курган маегинде «Ирактагы кырдаал жалпысынан алганда бир топ жакшырды» деп айтты. Анын айтымында, ал жактагы жети жылдык согуштун алкагында акыркы террордук чабуулдардын саны баары бир азайып эле калды.

Камилла Асыранкулова

настроение: Шокированное

Z Z, 18-08-2010 13:24 (ссылка)

Балдар коогалаң күндөрдү унута баштады

Июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуя балдардын психологиясына чоң таасирин тийгизди. Психологдордун айтымында, айрым коркуп калган балдар эмдигиче өздөрүнө келе элек болсо, кээлери ошол күндөрдү эстеп азыр да кыжаалат болушат. Бийлик өкүлдөрү бир нече бейөкмөт уюмдар менен биргеликте Ош жана Жалал-Абаддагы балдарга атайын эс алуу лагерлерин уюштуруп, психологиялык жардамдарды беришүүдө.

Аида Кара-Суу районунун Мады айылындагы Курманжан Датка мектебинде 7-класста окуйт. Ал учурда Ош шаарындагы атайын даярдалган лагерлердин биринде эс алууда. Оюндар менен алаксып, коогалаң күндөрдү эсинен чыгарып койгон Аида окуу башталаарын күтүп жаткан кези:

-Мага бул лагер абдан жакты. Бул жердеги балдардын баары менен жакшы мамиледемин. Көп досторду таптым. Бизге көп оюндарды уюштуруп берип жатышат, бир күнү кино, бир күнү дискотека коюп берип жатышат. Шарттары жакшы. Мектепти сагындым, досторумду сагындым. Азыр эле барып мектепке барып окугум келип жатат. Айрыкча, жакшы көргөн сабактарымды сагындым.

Бишкек Регионалдык изилдөө институту тарабынан уюштурулган бул лагерде учурда Аида менен кошо 90 бала эс алууда. Аларга жалаң психологдор гана сабак берип, сүрөт тарттырып, сууга чөмүлтүп көңүлдөрүн ачышууда. «:Жаман күндөрдү балдардын эстеринен чыгарыш үчүн аларга ар түрдүү сабактарды өтүп алаксытабыз»,- дейт психолог Санжар Алиев.

Санжар Алиев: Бул биздин сабак өткөн аудитория. Балдарды атайын пластилин менен иштетебиз. Мына маселен, бул нерселер балдардын «Менин шаарым» деген эмгектери.

Азаттык: Азыр бул жерде Ош шаарын жасашкан турбайбы ээ?

Санжар Алиев: Ооба, бул Ош шаары, парктар. Кечелектеги биздин Ош шаары, Кыргызстан мындай болот деп,ар бири өзүнүн салымын кошкусу келишет. Ошол келечектеги шаар тууралуу өзүнүн фантазиясын бизге ушул пластилин аркылуу чагылдырып берет.

Кепке кошулган 14 жаштагы Аксана бизге өзү пластилинден жасаган «Келечектеги Ош шаары» жөнүндө айтып берди:

-Булар кабаттуу үйлөр, бул сыналгы. Бул жолдордо машиналар, посттон өтүп кетип жатышат. Жолдордо машинелер жүргөндө мындай арчалар бийик болуп көлөкө түшүрүп турат. Арчаларды атайын көп кылып койдук. Анткени, арчалар көпкө чейин жашашат, алар эч качан өлбөйт.

Балдар жасаган макеттерде көбүнчөсүн танкалар, посттор, аскерлер кошо берилген. Ал эмес тарткан сүрөттөрү да кара, көк түстөр менен көбүрөөк боелуп, согушка тиешелүү предметтер тартылыптыр. Балдардын мындай фантазиясын башкы психолог Акчач Жолдошева, коогалаңда алардын психикалык жабыр тартканы менен байланыштырууда. «Бирок психологиялык кеңештерди алып, эс алышкандан кийин балдардын көңүлдөрү ачылып, сүрөттөрүндө ачык түстөрдү колдоно башташты» дейт психолог айым.

-Балдар сыртынан күлүп, ойноп, билдирбегени менен, дале болсо ичинде коркуу сезими турганын билдик да. Биз балдарга сүрөт тест менен байкаганыбызда, алар көбүнчөсүн кара, көк түстөр менен көп боешот. 10 күндүн ичинде биз балдарга атайын эралаксацияларды, көнүгүүлөрдү, музыка-терапияларды жүргүздүк. Анан дагы сүрөт тарттырып көргөнүбүздө, алар кызыл, сары сыяктуу ачык түстөрдү колдонуп, жагымдуу сүрөттөрдү тарта башташты.

Психологдун айтымында, айрым коркуп калган балдарды ата-энеси менен кошо алып келип, дарылоого туура келген. Анткени коогалаңда психикалык жактан оор жабыр тартып калган балдар көпчүлүккө аралашуудан чочуп калышкан дейт ал.

-Кийин биз экинчи-үчүнчү агымда энелерин кошуп алып жаттык. Анткени, абдан коркуп калган балдар, көпчүлүк менен кошулуудан чочуп калышыптыр,-дейт психолог Акчач Жолдошева.

Учурда балдарга психологиялык жардам берүү үчүн Ош шаарында бир нече лагерлер, атайын мектеп аянтчалары уюштурулууда. «Балдардын жан дүйнөсүн ордуна келтирүү үчүн, болгон аракетибизди көрүп жатабыз» дейт миграция жана жумушка орноштуруу министринин орун басары Нурила Жолдошева:

-Быйыл балдар үчүн, аябай көп лагерлер уюштурулду. Мектептеринин жанында да балдар аянтчасын түзүп, ал жерде көп нерсеге үйрөтүп жатабыз.

Нурила Жолдошеванын билдиришинче, Ош жана Жалал-Абад облустарында ЮНИСЕФ эл аралык уюму 45, CHILDREN коому 20 жана Бишкек регионалдык изилдөө институту 25 балдар аянтчасын уюштурушкан. Ал жерлерде учурда ар улуттун балдарына психологиялык тренингдер жана ар кандай оюндар өткөрүлүүдө.

Өз кезегинде вице-премьер министр Өктөмхан Абдуллаева балдарга мындан ары жардам берүү үчүн мектеп мугалимдерине жана ата-энелерге да психологиялык билим берилээрин билдирди. «Анткени, алар ар дайым балдардын жанында болушат» дейт Өктөмхан айым.

-4 бригада психологдорду түзүп, Ошко жибергенбиз. Ошол психологдор ата-энелерди дагы, мугалимдерди дагы үйрөтөт. Анткени, алар ар дайым балдарга жакын жүрүшөт. Балдарга дайым кеңеш берүүгө даяр турушу керек. Анан мен мына агартуу министрге дагы бир топ психологдорду даярдоо боюнча дагы тапшырма берип жатам.

Ошондой эле вице-премьер, сентябрдан баштап түштүктөгү мектептерге бирден психолог жумушка алынаарын кошумчалады.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 6 миң бала психологиялык реабилитациядан өткөн. Алардын бир жарым миңге жакыны Ысык-Көлгө барып келсе, калгандары аймактагы лагерлерде дарыланышууда.

Ошол эле мезгилде өзбек мектептеринин окуучулары үчүн мектептердин өзүндө ар кандай иш-чаралар уюштурулган. Анткени, алардын ата-энелери балдарын башка аймактарга жиберүүдөн чочулашкандыгы айтылууда.

Эрнист Нурматов

настроение: Оживлённое

Z Z, 13-08-2010 19:55 (ссылка)

Асмандаган баалар, кооптондурган кымбатчылык

Кыргызстанда бышыкчылык маалына карабай соңку апталарда дан азыктары жана суу май, кумшекердин баасы кескин өсүп кетти. Сатуучулардын айтымында, бир аптанын ичинде эле бир кап унга 300, бир кап кумшекердин үстүнө 250 сом кошулган. Ал эми бийлик өкүлдөрү өлкөдө азык-түлүк каатчылыгы болбой турганын ишендирип келишет.

Максуда Матанова Бишкектеги азык-түлүк продуктуларынын чордону Ош базарында нан сатып иштейт. Ал соңку кездерде ундун кымбатташы нандын баасына таасир тийгизгенин белгиледи.

- Ундар кымбаттаганы ачык эле билинди. Ундар кымбаттагандан тарта базардагы нандын баары бир сомго кымбаттады. Сатуучулар келип "эмнеге кымбаттаттың, бааны сен койдуң" деп айткадар да болуп атат.

Ош базарындагы ун сатуучулардын айтымында, соңку бир аптанын ичинде эле бир кап унга 300-350 сомдон кошулган. Мурда биринчи сорттогу бир килограмм ундун баасы 12-13 сом турса, азыр 18-19 сомго жетти. Сатуучу Орунбай Осмоналиев бааларды кескин көтөргөн ун өндүргөн ири ишканаларды текшерүүнү сунуштайт:

- Ундун баасы мурда 600 болсо, азыр 880 болду. Ар бир капка 300 сомдон кошуп коюшту. Килограммы 18 сом болуп калды. Ал эми жогорку сорттогу ун 1100 сом болду. Көтөрүлгөндүн себеби жок. Азыр буудай бышып атат, Кыргызстанда буудай көп эле. Бааны көтөргөн себеби эле ун өндүргөн комбинаттар. Аларды тиешелүү органдар текшерсе эле натыйжа берет деп ойлойм.

Кыргызстандагы ун өндүргөн ири “Акун” ишканасынын жетекчиси Чыныбай Акунов ундун кымбатташын дүйнөдөгү эң чоң буудай экспортоочулар болгон Орусия менен Казакстанга байланыштуу деп түшүндүрүүдө. Ошондой эле ал баалардын көтөрүлүшү дүйнөлүк рынокко да жараша болуп жатканын кошумчалады.

- Негизи бир эле себеп бар: 24 млн. буудайдын запасы бар деген Орусия буудайдын баасын токтото албай экспортоого чектөө койду. 7 млн. тонна буудай запасы бар деген Казакстан да бааны токтото албай жатат. Мына ушунун баары түздөн түз таасирин тийгизип жатат. Ал эми Кыргызстандын буудайы өзүбүздүн керектөөбүздү камсыз кылганга жетпейт.

Базарларда бир гана ун азыктары эмес, башка тамак-аш продуктуларынын да кымбаттаганын байкоого болот. Мисалы, суу майга болгон баа бир эле күндө 10-15 сомго кымбаттаганын сатуучулар белгилешүүдө. Алар баанын мындай кескин өскөнү мурда болгон эмес дешет:

- 305 сомдон алып жаткан майды азыр 320дан, 60тан алгандар жетимиштен келип атат. Ал эми кумшекердин мүшөгү кечээ эле 2100 болсо, азыр ага 250 сом кошулуп калыптыр. Бул бир күндө эле, мындай болчу эмес.

Анткен менен Айыл чарба министрлиги өлкөдө ундун баасы көп кымбаттабайт деп ишендирип келишет. Министр Маматшарип Турдукулов азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүп жатканын да белгилеген.

Ал эми айыл чарба жаатында адис, академик Жамин Акималиевдин баамында, өкмөт ушул тармакка көңүл бурмайын баалардын өсүшү азык-түлүк коопсуздугуна алып келиши ыктымал.

- 5 млн. элге былтыр 1 млн. 50 миң тонна буудай өндүрүп алсак, быйыл менин эсебим боюнча 750 миң тонна эле буудай болгону турат. Адис катары айтсам быйыл абдан аз болуп, нан боюнча тартыштык болот. Дыйкандарды карап, жардам берген адам жок. Айыл чарбасы боюнча саясат керек, өзүнчө программа зарыл. Антпесе жалгыз саясат, шайлоо менен элдин курсагын тойгуза албайбыз.

Адистер жакында Казакстандын түндүгүндө ири дан эгиндерин оруу иштери башталса, бул Кыргызстандагы асмандаган баалардын өсүшүн токтотот деп ниеттенүүдө. Анткен менен айрым сатуучулар ундарды баалар мындан да кымбаттаганда сатабыз деп кампаларга сактап жатканы айтылууда.

Канымгүл Элкеева

настроение: Взбешенное

Z Z, 13-08-2010 19:54 (ссылка)

Аскар Акаев кол тийбестиктен ажырады

Убактылуу өкмөт Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан декрет кабыл алганын жарыялады. Анда Аскар Акаев бийликте турганда элге каршы ок атууга жол бергени, жер сатканы жана мыйзамдуулуктан аша чаап, үй-бүлөлүк бийлик орноткону кол тийбестиктен ажыратууга себеп болгону айтылат.

Декретке Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева кол коюп, Башкы прокуратурага Аскар Акаевди Орусиядан Кыргызстанга алып келүү жана жоопко тартуу милдети жүктөлгөн.

Мындай декрет кабыл алынганы жарыяланар замат Аскар Акаев маалымат каражаттарына кыргыз бийлигинин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып чыгып, аны юридикалык күчү жок “сабатсыз жазылган грамота” катары сыпаттады.

"Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Муса Мураталиевге берген маегинде Аскар Акаев: "Бул декрет өзү мыйзамсыз, Конституцияга карама-каршы документ. Ошондуктан анын эч кандай күчү жок,"- деп айтты.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөнү 15 жыл башкарып, 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылапта бийлигин таштай качкан. Ошол күнү өлкөдөн чыгып кеткен Аскар Акаев ошондон бери Москвада. Андан кол тийбестик макамын алуу жана жоопко тартуу маселеси ошол март ыңкылабынан кийин дароо козголуп, бирок ишке ашпай келген. Бул маселе быйыл 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин кайра козголо баштаган.

Аскар Акаевден да кол тийбестик макамын алып салуу демилгесин 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров козгоп чыгып, бирок ал Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн каршылыгынан демилге ишке ашпай жатканын учурунда билдирген.

Убактылуу өкмөт буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевди да кол тийбестиктен ажыраткан. 7-апрелдеги элдик толкундоонун натыйжасында бийликтен чегинген Кыргызстандын экинчи президенти учурда Минскиде баш калкалоодо.

настроение: Внимательное

Z Z, 11-08-2010 19:36 (ссылка)

Коогалаң жарасы: шектүүлөр эркиндикте

Июнь айындагы коогалаң боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан 3700 кылмыш иши козголду. Анын ичинен этникалык араздашууга алып келген башаламандыктарды жана чагымды уюштуруу боюнча 26 кылмыш иши сот өндүрүшүнө жөнөтүлдү. Буга чейин этникалык кагылышууга шыкакчы болуп, аны уюштурууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын көпчүлүгү кармала элек.

Буга чейин кандуу калабанын чыгышына тиешеси бар деген шек менен экс-депутаттар Кадыржан Батыровго, Иномжан Абдрасуловго жана Жалолидин Салахудиновго кылмыш иштери козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча алардын этностор аралык араздашууга шыкакчы болгон жана курал-жарак камсыздаган аракеттери боюнча материалдар келип түшкөн.

Өкмөт башчысынын укук коргоо органдары боюнча орун басары Азимбек Бекназаров аталган адамдарга карата байланышкан тергөөнүн далилдери коопсуздук кеңешинин жабык жыйналышында талкуулангандыгына токтолду:

- Буга чейин расмий түрдө окуяга тиешеси бар өзбек диаспорасынын лидерлеринин аттарын атасак биз бир тараптуу болуп калабыз деп айта албай жаткан жагдайлар ал жерде айтылды. К. Батыровдун ролу, И. Абдрасуловдун аракети, Ж. Салахудиновдун аракети, Сабировдордун аракети, андан башка лидерлердин ошол окуялардагы орду боюнча далилдер талкууга алынды. Ошол эле учурда мамлекеттик бийлик органдарындагы жетекчилердин аракеттерине баа берилди. Коопсуздук кеңешинде кечээ бул маселе катуу каралды. “Ушуга чейин шектүү делген адамдарды кармай албайсыңарбы, анда кызматыңарды өткөрүп бергиле” дегенге чейин бардык.

Иликтөө иштеринин материалдарына караганда этникалык кагылышууларды уюштурду деп шектелген белгилүү адамдардын көпчүлүгү Кыргызстандын аймагынан ошол учурда эле чыгып кетишкен. Алардын иштеген мекемелерин жана турак жайларын тинтүү учурунда курал-жарактар жана ок дарылар табылган.

Укук коргоочу Изаттулла Рахматтуллаев Оштогу өзбек тектүү жарандардын көпчүлүгү араздашуунун чыгышына аттары аталган экс-депутаттардын тиешеси болгон деп айыптап жатышкандыгын белгиледи:

- Өзбек коомчулугунда болуп өткөн окуяларга себепчи катары Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдрасуловдун аттары көп аталып, алардын коогалаңга өтө чоң салымы бар деп эсептейт. Өзбек коомчулугунда азыр ушундай эки элди кагылыштырууга алып келгендерди бийлик таап, камап, катуу жазага тартсын деген талаптар айтылып жатат. Айрыкча башкасынан да негизги баштоочулар катары К. Батыров менен И. Абдрасуловду айтышып жатышат.

Буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Базар-Коргон аймактарындагы чагымчыл аракеттерди жана кагылышууларды уюштурууга, аткаруучу катары түздөн-түз тиешеси бар деп шектелген, үч жүзгө жакын адам кармалып, камакка алынган. Булардын көпчүлүгү этникалык касташууну жайылтуу, башаламандыктарды жана кагылышууларды уюштуруу беренелеринин негизинде айыпталышууда.

Азимбек Бекназаров чатакташкан экинчи тарапты козутууда бакиевчил күчтөрдүн орду чоң болгондугун айтып өттү:

- Санжар Бакиевдин элдин ичинде ачык чагымчылдык кылгандыгы бар. Мындан сырткары Бакиевдердин чөйрөсүнө аралашкан топтор да болгон. Алардын көпчүлүгү негизинен аткаруучулар. Жаңжалдын башаты катары Бакиевдердин Тейиттеги үйүнүн Кадыржан Батыровдор тарабынан өрттөлүшү болуп, ошол учкундан жалбырттап отуруп өрт чыгып кетпедиби.

Коогалаңдын кесепетинен расмий эсепке ылайык, үч жүздөн ашуун адам көз жумуп, эки миңге жакын адам жараат алган. Бирок президент Роза Отунбаева түштүккө сапары маалында набыт болгондордун саны мындан бир кыйла ашык болушу мүмкүн экендигин айткан.

Мындан сырткары Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Базар-Коргон районунда келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 3 миллиард 265 миллион сомду түзгөн.

Июнь айындагы Ош жана Жалал-Абад окуяларынын масштабынын чоңдугу алардын келип чыгуу себептеринин жана кесепеттеринин жыйынтыктарын чыгарууда кыйынчылыктарды жаратууда. Азимбек Бекназаров кылмыш иштеринин көлөмүнүн чоңдугу тергөө өндүрүшүнө таасир этип жаткандыгын белгиледи.

Кубанычбек Жолдошев

настроение: Взбешенное

Z Z, 11-08-2010 19:33 (ссылка)

Ошто ЕККУ полициясын киргизүүгө каршылык

Ош шаарынын борбордук аянтында үч жүзгө чукул адам чогулуп, ЕККУнун куралсыз полиция тобун түштүккө таптакыр жолотпоону бийликтен талап кылышты. Алар бул өтүнүч токтоосуз аткарылбаса, президент менен Өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз акцияларды башташаарын эскертишти.

Буга улай серепчилер тышкы күчтөр киргизилген маалда жергиликтүү жарандар дүйнөлүк уюмга каршылык көрсөтүп, тараптар өз ара кагылышып, акыры чоң чырга айланышы ыктымалдыгын белгилешүүдө.

Нааразылык акциясын уюштурган «Прогрессивдүү күчтөр альянсы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Алымбек Капаров жердештеринин талабын мындайча ачыктады:

- ЕККУнун полициясынын пайдасынан зыяны көп. Ошон үчүн президент Роза Отунбаевадан суранып, атүгүл элдин атынан ал кишиден катуу талап кылаар элек. Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полиция күчтөрүн бизге киргизбесин! Кыргыз жерин бөтөн адамдардын бутуна тебелетпесин! Кыргыз журтчулугун башка калктарга башкартпасын!

Акциянын катышуучулары бул өтүнүчтөрү токтоосуз аткарылбаса, президент менен өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз акцияларды башташарын эскертишти. Ошондой эле алар бүгүнтөн баштап ЕККУнун куралсыз полициясынын түштүккө киргизилишине каршы элден да кол чогултуп жатышкандыгын ачыкташты.

Буга дейре Оштун мэри Мелисбек Мырзакматов жана шаардык Кеңештин депутаттары ЕККУнун полиция күчтөрүн өлкөгө жолотпой тургандыгын билдиришкен. Бирок Ош облустук бийлиги азырынча бул боюнча пикирин айта элек.

Митингдин жүрүшүнө абай салган «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров акциянын айрым катышуучуларын улутчулдугу үчүн айыптап, ЕККУнун куралсыз полиция тобун киргизмейинче, өлкөдө тынччылык орнобой тургандыгын айкындады:

- Бизде мыйзам жок. Жалаң анархия үстөмдүк кылууда. Мындайча айтканда, ар ким билген намазын окуп атат. Кыргыздар өзбектерди күнөөлөп, а тескерисинче, өзбектер кыргыздарды айыптап, мамлекетте тынччылык болбой жатат. Менимче, Ош окуясынын чыныгы уюштуруучуларын таап, токтоосуз жазалоо зарыл. Кыргызстанда ошондой миссияны аткара турган азыр эч ким жок. Бишкектин күчү көп нерсеге жетпей калды. Оштогу жергиликтүү бийлик өз билгенин кылып атат. Андыктан, жумуриятыбызга ЕККУнун полиция күчтөрү кирип, мониторинг жүргүзүп, анан калыс корутунду чыгаруусу абзел. Анан ал бүтүмдү элге жайылтууга тийиш. Ошентип, өлкөдө акыйкатуулукту камсыз кылган орган калбагандан кийин эми алардын милдетин ЕККУ аркалоосу кажет.

Буга улай оштук серепчилер тышкы күчтөр киргизилген маалда жергиликтүү жарандар дүйнөлүк уюмга каршылык көрсөтүп, тараптар өз ара кагылышып, акыры чоң чырга айланышы ыктымалдыгын белгилешүүдө

Алишер Токсонбаев

настроение: Апатичное

Z Z, 06-08-2010 17:44 (ссылка)

“Колдо бар алтындын баркы жок”

Айнура Шаршембиева – көркөм гимнастика боюнча спорт чебери. Ал соңку алты жылдан бери Кыргызстанда өткөн бий сынактарында дайыма баш байгенин ээси болуп келатат. 17 жаштагы Айнура “башкы максатым өз өнөрүм аркылуу Кыргызстанды бүт дүйнөгө даңазаласам” деп тилек кылчу экен. Бирок каражаттын жоктугунан, эшик каккылап, демөөрчү издеген аракетинен майнап чыкпай, көптөгөн эл аралык бий сынактарына катыша албай калып катуу арданган.

Айнурага жакында Израилден чакыруу келип, эми ошол мамлекеттин атынан 2012-жылы өтчү Лондон олимпиадасына катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

- Сиз көркөм гимнастика боюнча Кыргызстанда бир топ ийгиликтерди жараттаңыз. Бирок жакында Кыргызстандан кетүү ниетиңиз бар турбайбы? Эмне үчүн?

- Кыргызстанда көркөм гимнастика өнүккөн эмес. Бирок ошого карабастан бул өнөргө кызыккан жаштардын саны арбын. Эң өкүнүчтүүсү, бийчилерге таптакыр колдоо жок. Чын эле эч ким колдобойт, көңүл бурбайт. Демөөрчү табыш абдан кыйын. Мисалы, мага ар кандай эл аралык сынактарга катышууга көп эле жолу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Барып катышу үчүн жадагалса жол акысына колдоо таппадым. Ошон үчүн ушундай чечимге келдим. Арга жок, Кыргызстандан кетүүгө мажбурмун.

- Кайсы өлкөлөргө чакыруулар бар?

-2008-жылы Израилдин Холон шаарындагы “Гран-При” аттуу таймашына катышып, отуз төрт өлкөнүн арасында он үчүнчү орунду ээлегем. Ошондон кийин мага Израилдин машыктыруучулары келишим менен иштөөнү сунуш кылышты. Алар мага бардык шарттарды түзүп беришет, бирок мен Израилдин атынан 2012-жылы Лондондо боло турган Олимпиадалык оюндарда чыгышым керек.

Мындан тышкары Африка өлкөлөрүнөн да сунуштар болгон. Ал жакта келечек бар десек болот. Маселен дүйнөлүк масштабдагы турнирлерге катышып, тажрыйба топтоп күчтүү гимнасткаларынын арасына кошула алам. Машыктыруучулар да абдан тажрыйбалуу, көптөгөн чемпиондорду тарбиялашкан.

- Сиздин айтканыңыздан улам Кыргызстанда гимнастикага жасалган мамиле кандай болду экен деп абдан кызыгып калдым. Чын эле таптакыр көңүл бурулбайбы?

- Көңүл бурбаганы чын. Биздин спорткомитет эмнегедир спорттун ушул түрүнө эч кандай көңүл бурбайт. Акыркы жолу мага 2008-жылы Киевге барганда гана бир эле жолу колдоо көрсөтүштү. Негизи Кыргызстанда колдоого ээ болгон гана спорт түрлөрү ийгиликке жетишип жатат, бизге колдоо аз, ошондуктан медалдар, ийгиликтер да аз.

- Бир жолу эл аралык таймашка катышып келүү үчүн канча каражат кетет? Демөөрчүүлөргө кайрылган учурларыңыз да көп эле болсо керек?

- Бир өлкөгө барып сынакка катышып келүүгө 2 миң, 3 миң долларга чейин каражат керек. Ар кандай демөөрчүүлөргө кайрылганда “кайра чалабыз”, “кечиресиз, азырынча колубуздан келбейт” дешет. Бирок кээде чын дили менен колдоп жооп кайтаргандар да кездешет.

- Спорттун бул түрүнө алгачкы кадамдарды жасап жатканда сиздин кыялдарыңыздын чеги эмне болчу эле?

-Көркөм гимнастикага мен он бир жашымда баргамын, бул спорт үчүн аябай кеч. Бирок бардык күчүмдү таштап, он эки жашымда эле Кыргызстандын абсолюттук чемпиону болдум.

Спорт дүйнөсүнө киргенден тартып мен Дүйнөлүк чемпионатка катышууну жана Азия оюндарында он күчтүү гимнасткаларынын катарына кирүүнү кыялданам. Бирок бул деңгээлге жетиш үчүн Олимпиадалык даярдоо борборунда көп убакыт машыгыш керек, ал жакка бир күн үчүн жүз доллар төлөйсүң. Мындай көп суммадагы каражат төлөп машыгуу менин колумдан келбейт.

2008-жылы Киевдеги Дүйнөлүк кубок таймашына катышып көргөм, мен үчүн бул биринчи чоң таймаш эле. Таймашта жарым финалга өтүп, 48 өлкөнүн гимнасткаларынын арасында алдыңкы жыйырманчы тизмеге илингем. Ошондо мага Орусиянын башкы машыктыруучусу Ирина Винер келип, мени Москвада орун алган Олимпиадалык даярдоо борборунда чакырган. Ал жакка дүйнөнүн эң күчтүү спортчулары гана чакырылат. Бирок каражат тартыштыгына байланыштуу баралбадым.

-Биз сизге көп ийгиликтерди каалайбыз. Эми Кыргызстанга кайтып келесизби?

- Албетте мен Кыргызстанда эле калгым келет. Маектин башында айтпадымбы, эгерде колдоо болуп, көркөм гимнастикага көңүл бурулса мен таптакыр кетмек эмесмин. Азыр да аргасыз кетип жатам. Бирок алар мага Израилде калууну да сунушташы мүмкүн, себеби алар Израилдин атын чыгарууга катуу аракет кылышат. Кандай болгондо ал жакта мен көп жылга калышыма туура келет.

Мээрим Асанаалы

настроение: Огорченное

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу