Студентке диплом гана керепи?
Кыргызстанда жогорку окуу жайын бүткөндөрдүн 70 пайызы жумушсуз калууда. Ага туура эмес кесип тандоо себеп болуп жатканы айтылууда.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 78 пайызы болсо эптеп окууга өтүүнү маанилүү деп эсептешет. Бул туурасында 28-майда Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасында айтылды.
Кыргызстан калкынын жарымынан ашыгы 25 жашка чыга электер. Бул курактагылардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзүп, учурда жогорку окуу жайларында билим алгандар чейрек миллионго жакын. Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасында белгиленгендей жогорку окуу жайларды аяктап, диплом алгандардын көбү жумушсуз калып жатышат. Бул көрүнүштүн негизги себеби университетте окугандардын туура эмес кесип тандаганы жана окуунун максаты диплом алуу гана болуп калганы саналууда.
Улуттук университеттин биринчи курсунун студенти Махмуд Ойтемиров билдиргендей, учурда Кыргызстанда диплом алуу үчүн гана окуган жаштар арбын:
- Диплом үчүн окуш керек деген адамдарды мен өзүмдүн жашоо турмушумда кездештирип эле жүрөм. Себеби чоң окуу жайда окуу жана акчасы көп окуу жайларда билим алуу бул азыркы заманда мода болуп калды десем болот. Жаштар авторитеттүү болгулары келип жатышат.
Улуттук баяндаманын алкагында Кыргызстандагы жаштардын маселелерин аныктап, өнүктүрүү багытында миңге жакын жаштар менен изилдөө жүргүзүлүп, натыйжада мектеп бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн диплом үчүн гана жогорку окуу жайга тапшыргандыгы келип чыккан.
Улуттук баяндаманын авторлорунун бири Айнура Сагынбаева жаштар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча төмөнкүлөрдү айтат:
- Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 78 пайызы жогорку окуу жайларга барабыз дешет. Эмне үчүн барасың десек, баары эле барып жатышпайбы, мен да ошол үчүн барам дейт. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин жумуш жок болуп жатпайбы десең, баары бир барам, үйдө отурганда эмне кылам деп жооп беришип, ошо дипломду эле эңсешет. Бирок биз изилдөө жүргүзүп жатканда ар бир региондон бир, экиден бала “мен жогорку окуу жайга барбайм. Анткени канча бала дипломдорун чөнтөгүнө салып алышып жумушсуз отурушат. Анын ордуна кесиптик окуу жайларга барууну каалайм» деп айткандар да болду.
Айнура Сагынбаева жогорку окуу жайды бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү жумуш таба албай кыйналганын белгилейт. Мындай көрүнүш өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин айтат.
БУУнун өнүктүрүү программасынын жардамы менен даярдалган баяндамадагы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ар бир төртүнчү мектеп бүтүрүүчү “Экономика жана башкаруу” адистигин тандашат. Мындан сырткары бүтүрүүчүлөр юрист адистигин да көбүрөөк тандай тургандыгы аныкталган. Баяндаманын авторлорунун бири Сүйүнбек Сырдыбаев бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо багыт берилиши керектигин айтат.
-Кептин баары эмнеде болуп жатат? Адистик багыт берүү керек. Бул жаштарга биздин абал кандай, кандай кесиптер керек, кесипти кандай тандоо керектигин түшүндүрүү абзел. Мисалы, бизде айыл жергесинде мал догдурлар жетишпейт.
“Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамада билим берүү тармагынан тышкары Кыргызстан жаштарынын активдүүлүк деңгээли да изилденген. Натыйжада өлкөдөгү жаштардын 18 пайызы гана активдүү жаштар экендиги келип чыккан.
Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын улуттук жакшы санаалаштык элчисине талапкер, ырчы Мирбек Атабеков жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн билим керектигин айтат:
- Жаштарга азыр эмне жетишпей жатат? Жаштарга билим жана маданият жетишпей жатат. Баңги зат өңдүү башка бир терс көрүнүштөргө багыт алышууда. Мен да бул жерге жөн келген жокмун. Ушул жаштыгыбызды жөндөн жөн кетирбей келечек үчүн, бир гана өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн өзүбүзчө аракеттерди кылышыбыз керек.
Ал эми "Сорос" фондусунун жаштар программасынын директору Улан Шабынов билдиргендей, жаштарды жандандыруу үчүн ар кыл түшүндүрүү иштери колго алынышы керек:
- Жаштарды жарандык коомго кантип туура катышып, өз салымын туура кошууну үйрөтүшүбүз керек. Тренингдерди өткөрүп, ал боюнча акцияларды өткөрүшүбүз керек.
Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасын даярдагандар жана жарандык коомдун мүчөлөрүнүн пикирлерине караганда, жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу учун агартуу иштери жүргүзүлүп, бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо көмөк көрсөтүлүшү абзел.
Кубат Касымбеков

настроение: Пессимистичное
Өзбек танкы кыргыз жаранынын унаасын тебелеп кетти
Баткендеги Сох анклавында турган cогуштук оор техникаларын Өзбекстан чыгарып бараткан учурда кыргыз жарандарына тиешелүү эки жеңил автоунаа талкаланып, төрт кыргыз жараны жаракат алганы белгилүү болду.
Сүрөттөр жана макаланын толук версиясы бул жакта:
http://www.azattyk.org/cont...

настроение: Взбешенное
Транспорт жана Коммуникациялар Министрине кат!

Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана Коммуникациялар Министри
Исаков Эркин Абдыкасыевич мырзага
Бириккен Кыргыз Атуулдары уюмунун жетекчиси
Исмаилов Жыргалбек Махаматаиповичтен
Сунуш кат
Урматтуу
Эркин Абдыкасыевич! Кыргызстандын келечегине арнап, алдыга койгон
пландарды ийгиликтүү аткаруу максатында жана жасала турган иштердин
эффективдүү болушу үчүн, биздин уюмдун иштеп чыккан долбоорлорун,
сиздер менен биргеликте ишке ашырууну сунуштайбыз!
Мамлекеттин экономикасынын, элдин ынтымагынын, билим жана маданият
деңгээлинин өсүшүндө - транспорт байланышы өтө чоң орунду ээлейт. Кыргызстандын эң орчундуу көйгөйүнүн бири: Өлкөнүн борбору менен аймактардагы шаарларын бир гана авто унаа жолдору байланыштырып турат (Учак менен каттоо кымбатыраак жана көлөмдүү, оор жүктөрдү ташууга мүмкүн эмес). Айрыкча,
мамлекетибиздин түндүк жагы менен түштүк жагын, бийик тоолуу аймактардан
өткөн татаал автожол гана байланыштырат. Ушул гана жол, өлкөнүн түндүк жана түштүк элдеринин катташуусуна мүмкүнчүлүк түзүп турат.
Бул нерсе жалпыга белгилүү болгондуктан, кээ бир ички жана сырткы
душмандарыбыз бул кемчилигибизден пайдаланып келишет. Ички душмандарыбыз
көздөгөн максатына жетпей калганда кээде жогоруда айтылган Бишкек-Ош жолубузду тосуп алып коркутуп, кээде түндүк-түштүк деп элди жарып-бөлүп маселе жаратышса, сырткы душмандарыбыз түштүктөгү шаарларыбызга көз артып келишет.Өлкөнүн баардык аймактары менен тыгыз транспорт байланышы болмоюнча мындай көрүнуштөр кайталана берет.
Нарында же Таласта туулуп-өскөн жараандарыбыздын көп болсо жүздөн бири гана Ошко, Жалалабадка же Баткенге барганына же болбосо тескерисинче Ошто туулуп-өскөн мекендештерибиздин жүздөн бири гана Нарынга же Таласка барганына кепилдик берүүгө болот. Көбүнчө жогоруда айтылган аймактардын өкүлдөрү борборубуз Бишкекте жолугушуп, бири биринин сүйлөгөн диалектин угуп таң калышат. Бул, билинбегени менен өтө орчундуу маселе. Биз буга тилекке каршы баа бербей келебиз. Ушунун айынан бизди бири бирибизге тукуруп, кайраштыруу өтө оңой...
Экономика тармагында да бул маселенин терс көрүнүштөрү көп - өлкөнүн
аймактарынын өз ара соода (товарооборот) жүргүзүүсү жокко эсе.Транспорт байланышынын начарлыгынын бардык кемчиликтерин эсептеп чыгуу мүмкүн эмес, себеби алар өтө эле көп.
Биз, "Бириккен Кыргыз Атуулдары" уюуму, жогоруда айтылып кеткен көйгөйлөрдү
жоюуну сунуш кылмакчыбыз: Бишкектен башталып, Чүй, Ысык-Көл, Нарын,
Жалалабад жана Ош облустарынын аймактары аркылуу өткөн темир жолун
курууну сунуштайбыз! Маршрут Бишкек-Ош темир жолу деп аталат жана жалаң
Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Кийинчерээк бул жолду Баткен облусун карай узатса да болот. Темир жолу негизги тоо системаларын айланып, деңиз деңгээлинен 500-2000 метр бийктикте өтө турган болуп курулат. Кыргызстандын тарыхында мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруу оңой эмес, бирок мүмкүн! Эл аралык уюмдарга жана бул темир жолдун курулушуна кызыкдар болгон чет өлкөлүк жеке жана мамлекеттик ишканаларга кайрылып каражат табууга болот.
Ушул долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында:
1. Тыгыз мамиледе болуп, өз ара катташуунун натыйжасында өлкөбүздүн ар
аймактарындагы элдерибиздин ынтымагы чыңдалат (Түндүк-түштүк маселеси
жоюлат);
2. Транспорт тармагында, поезд транспортун колдонуу менен сырттан кымбат
баада алып келинген күйүүчү майды колдонбой, өзүбүздөн чыккан электрэнергиясын колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;
3. Өлкөнүн аймактарындагы жаратылыш кен байлыктарын өздөштүрүүдө да аларды
башка аймактарга ташууда, экспорттоодо оңойчулук жаралат;
4. Өлкөнүн аймактарында өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда гуманитардык
жардамдарды, аскер бөлүктөрүн, оор техникаларды коопсуз жол аркылуу
транспортировка кылуу мүмкүнчүлүгү жаралат (Ош шаарында болуп өткөн окуялардан тыянак чыгаруу керек);
5. Аймактарда жашаган элдерибиздин өз ара соода жүргүзүүсүнө (товарооборот) шарт түзүлүт;
6. Бул темир жолу, өлкөбүздүн жаратылышы кооз аймактарын да басып өткөндүктөн, туризм тармагына да чоң салым кошулат;
7. Фергана өрөөнүндө жайгашкан аймактарыбыздан, Россия, Казакстан жана
башка мамлекеттерге мөмө-жемиштерди көп көлөмдө экспорттоого шарт түзүлөт;
8. Бул темир жолунун курулушунда жүздөгөн жараандарыбыз жумуш менен камсыз болот.
Урматтуу
Эркин Абдыкасыевич! Эгерде жогоруда айтылган долбоор боюнча биргеликте
иш алып барууну макул корсонуз, жолугуп биргеликте бул маселени
талкуулайлы жана мүмкүн болсо иш-чараларды уюштуруп бул долбоорду чогуу
ишке ашыралы!
Темир жол өтө турган жолдордун схемасын жана кошумча маалыматты биздин расмий сайттан көрүүгө болот: www.birkg.ru
Терен урматтоо менен «Бириккен Кыргыз Атуулдары» уюмунун жетекчиси
Исмаилов Жыргалбек Махаматаипович
«10» Февраль 2011-ж.

Метки: Бишкек-Ош темир жолу, Бириккен Кыргыз Атуулдары, транспорт министирлиги, кыргызстан
Тез тамактануу ден соолукка зыян!
Батыш өлкөлөрүндө убакытты үнөмдөө максатында ойлоп табылган тамактар соңку жылдары кыргыз жаштарынын күнүмдүк тамактануучу каражатына айлангандай. Мисалы, учурда Кыргызстандын көптөгөн шаарларында гамбургер, шаурма даярдаган жайлардын саны кескин көбөйүп, өзгөчө студенттер бул тамактардын негизги кардары болуп калды.
Адамзат жыл санап замандын жаңы талаптарына көнүп, ага баш ийүүгө аргасыз. Бүгүнкү биз сөз кылчу тема бул – заманыбыздын дагы бир жаңылыгы фастфуд. Фастфуд кыргызчага “тез тамак” болуп которулат. Ага гамбургер, самса, шаурма жана ушуга окшогон жеңил тамактар кирет. Бул тамактардын жөнөкөй ашканалардан өзгөчөлүгү - жеңил тамак саткан жайларда кардар көпкө күтпөйт, тандаган тамагың бат эле даяр болот.
Анткен менен адистер студенттердин сүйүктүү тамагына айланган гамбургер, шаурманын ден соолукка зыяндуу жактары бар экенин белгилешет. Студенттер бейтапканасынын бөлүм башчысы, терапевт Гүлзада Оторова буларды айтты:
- Гамбургер сыяктуу нерселерди саткан тамактануу жайлары азыркы күндө көп ачылып баштабадыбы. Ошондуктан жаштар аны колдонот, бирок ошонун баары организмге терс таасирин тийгизет. Биринчи ирет мындай тамак ашказанга зыян. Өзгөчө студенттерге зыян, себеби алар ансыз деле начар тамактанышат.
Адистер жаштарга тез даярдалган тамактарды такай пайдаланбоону кеңеш беришет. Тамактын аты өзү айтып тургандай эле фастфуд өндүрүшү Батыш өлкөлөрүндө убакыттын аздыгына карап чыгарылган жана бул ыкманы убакытты үнөмдөөнүн бирден-бир ыкмасы деп билишкен. Акырындык менен мындай салт биздин жашообузда да орун алды.
Эмне үчүн көпчүлүк кыргыз жаштары тез даярдалган жеңил тамактар менен тамактанууну туура көрүшөт? Кыргыз Улуттук университетинин студенти Бекбол Жаныбаевди угуп көрөлү:
- Эл гамбургерлерди алып жегенинин себеби - биринчиден ал арзан. Жакшылап тамактанууга көп акча кетет. Анүстүнө азыр көп эле студенттердин акчасы жок, кыйналып жүрүшөт. Экинчиден, бул убактыңды үнөмдөйт – бат эле көчөдөн басып баратып эле, же бир жерге отура калып жей берсең болот.
Учурда борбор калаадагы ондогон тез бышкан тамактарды сунуштаган жайларда кардарлар үзүлбөйт. Ошого жараша анын түрлөрү да күн санап көбөйүүдө. Маселен, мындан беш жыл мурун Кыргызстанда гамбургер деген тамак пайда болсо, эми чизбургер, чиккен бургер айтор ондогон түрлөрү кошулду. Биз мындай фастфудду сунуштаган жайлардын бирине кайрылып, күнүмдүк кардарларынын санын сурадык:
- Бир күндө беш жүз, алты жүз адам келет. Анын үч жүзү, тактап айтканда жарымынан көбү студенттер. Бир күндө алтымыш-жетимиш килограмм эт сатып алабыз. Бул жактан ошого жараша май, туз, калемпир жана башка нерселерди өзүнүн нормасы менен кошобуз.
Жогорудагы айтылган сандар бир эле тез тамак жасап саткан жайдыкы. Мындай жайлар шаарларда жана шаарчаларда ондоп саналат. "Эгер бат тамактануу чын эле ден соолукка зыян болсо, анда бул маселени кантип чечүүгө болот?" деген суроо менен биз терапевт Гүлзада Оторовага кайрылдык:
- Биринчиден, бардык эле жогорку окуу жайлардын өздөрүнүн ашканасы бар. Ал жерлерде бүт санитардык эпидемиялык режимдери сакталат жана ар ким өзү каалаган тамагын тандап жесе болот. Көчөдөн кургак тамак жеп, аркасынан муздак суу же кола ичип койгонго караганда ысык тамак пайдалуу да. Өзүнүн ден соолугуна убакытты сөзсүз табыш керек. Азыркы учурда тамак ашка акча жок деп коюп, кийим-кечеге, телефондорго, жада калса түнкү клубдарга деле акчасын коротуп жатпайбы. Ошого кеткен акчаны туура тамактанууга коротсо жакшы болмок деп ойлойм.
Акыркы жылдары тамактануучу жайларга кадыресе атаандаш болуп калган тез тамак же англис тилинде фастфуд өндүрүшү алгач Америкада 1920-жылы пайда болгон. Дүйнө жүзүнө жайылган гамбургерлерди “Уайт Кэсл” аттуу компания биринчилерден болуп чыгара баштаган.
Азыр белгилүү “МакДональдс” компаниясы фастфуд индустриясындагы эң ири компания болуп саналат. Салыштырчу болсок, эгер 1956-жылы АКШда “МакДональдс” наамындагы он төрт ресторан болсо, азыр андай ресторандар жүз он тогуз өлкөдө ачылган жана саны отуз миңди түзөт.
“МакДональдстын” өндүрүшү Кыргызстанга жете элек болгону менен гамбургер, шаурма сыяктуу жеңил тамактар жаштардын көңүлүн өзүнө бурдура алды.

настроение: Тревожное
Азис Курамаев,
13-03-2011 02:09
(ссылка)
БАБАНОВ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДУШМАНЫ
БАБАНОВ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН АТЫН САТЫП БИЗНЕС КЫЛЫП,КАРУПЦИАГА БАТЫП ЧЫГАЛБАЙ ТУРГАН КЕЗИ.БИЗ МЫНДАЙ АДАМДАРДЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДУШМАНЫ ДЕП ТААНЫП КЫРГЫЗТАНДАН КУБАЛАП ЧЫГЫШЫБЫЗ КЕРЕК
Р. Отунбаева түштүккө барды
Президент Роза Отунбаева Ош облусу боюнча иш сапарынын жүрүшүндө улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын лидерлери менен, ошондой эле массалык тополоң окуялардан катуу жапа чеккен айылдардын тургундары жолугушуп, алардын арыз-муңун укту. Мамлекет башчысы жолугушуу учурунда эл ынтымакташып кризистен чыгып кетпесе, Кыргызстанды Чеченстанга айлануу коркунучу күтүп турганын эскертти.
Президент Роза Отунбаева Ош шаарында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жана улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү менен жолугушкан учурда коопсуздук үчүн көрүлүп жаткан чаралар, тополоңдо жабыркагандарга жардам берүү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайды жакшыртуу жаатында бийликтин аракеттери туурасында маалымат берди.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, коопсуздук маселелерине токтолгон Роза Отунбаева ЕККУнун түштүк аймагына киргизилчү куралсыз полиция тобун Кыргызстан каржылабай турганын, алар тартип коргоо кызматкерлерине кеңеш берип, абалга мониторинг жүргүзүү иши менен алектенерин белгиледи.
Ош шаарында жаштар менен болгон жолугушуу учурунда өлкө башчысы июнь айындагы түштүктөгү коогалаңды атайын комиссия иликтей баштаганын, бийликти бөлүүгө аракеттенген сырткы күчтөр дале бар экенин айтты:
“Азыр биригип парламенттик шайлоого жетпесек чайналып отуруп калабыз. Анда Кыргызстан Чеченстанга айлынып калышы ыктымал. Партизандык согушка бир кадам калды,”- деди Р.Отунбаева.
Өз кезегинде жаштар ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киришине каршы болгонун билдиришти. Жаштар кыймылынын лидери Сонун Жунусбаев жаштардын артында эч кандай саясий күч жок экенин, алар ЕККУ полиция күчтөрүнүн башка да өлкөлөргө киргизилген тажрыйбасынан чочулап жатышканын айтты.
Роза Отунбаева июнь айындагы коогалаңда жоголуп, дайыны чыкпай жаткандардын туугандары менен дагы жолугушту. Дайынсыз жоголгондордун туугандары тополоңдо каза болгондорду апрель окуяларында шейит кеткендер менен тең кароо өтүнүчүн билдиришти. Алар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө коммуналдык төлөм, айрым салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү, элдеги курал-жарактарды алуу, башаламандыкты уюштурган кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу, дайынсыз жоголгондор жана каза болгондордун жакындарына компенсация берүү талабын коюшту.
Роза Отунбаева өкмөттүн толук курамы Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундарын тынчсыздандырган бардык көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышкандыгын белгиледи.
Жолугушууга президенттен сырткары вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева, ички иштер министри Кубатбек Байболов, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова, саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов, башкы прокурор Байтемир Ибраев катышты.
Канымгүл Элкеева

настроение: Подавленное
Көп улуттуу өлкөдө салт да көп
Дасторкондун жасалгасын карап, аны сыноо көрүнүшү Кыргызстанда жашаган башка улуттарда да бар.
Толугу менен бул жерде:
http://www.azattyk.org/cont...
Толугу менен бул жерде:
http://www.azattyk.org/cont...
настроение: Задумчивое
Депутаты намерены отправить в отставку главу Госкомиссии по дела
Депутаты намерены отправить в отставку главу Госкомиссии по делам религии
http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_muslim_reform/2315509.html

Ошто ЕККУ полициясын киргизүүгө каршылык
Ош шаарынын борбордук аянтында үч жүзгө чукул адам чогулуп, ЕККУнун куралсыз полиция тобун түштүккө таптакыр жолотпоону бийликтен талап кылышты. Алар бул өтүнүч токтоосуз аткарылбаса, президент менен Өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз акцияларды башташаарын эскертишти.
Буга улай серепчилер тышкы күчтөр киргизилген маалда жергиликтүү жарандар дүйнөлүк уюмга каршылык көрсөтүп, тараптар өз ара кагылышып, акыры чоң чырга айланышы ыктымалдыгын белгилешүүдө.
Нааразылык акциясын уюштурган «Прогрессивдүү күчтөр альянсы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Алымбек Капаров жердештеринин талабын мындайча ачыктады:
- ЕККУнун полициясынын пайдасынан зыяны көп. Ошон үчүн президент Роза Отунбаевадан суранып, атүгүл элдин атынан ал кишиден катуу талап кылаар элек. Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полиция күчтөрүн бизге киргизбесин! Кыргыз жерин бөтөн адамдардын бутуна тебелетпесин! Кыргыз журтчулугун башка калктарга башкартпасын!
Акциянын катышуучулары бул өтүнүчтөрү токтоосуз аткарылбаса, президент менен өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз акцияларды башташарын эскертишти. Ошондой эле алар бүгүнтөн баштап ЕККУнун куралсыз полициясынын түштүккө киргизилишине каршы элден да кол чогултуп жатышкандыгын ачыкташты.
Буга дейре Оштун мэри Мелисбек Мырзакматов жана шаардык Кеңештин депутаттары ЕККУнун полиция күчтөрүн өлкөгө жолотпой тургандыгын билдиришкен. Бирок Ош облустук бийлиги азырынча бул боюнча пикирин айта элек.
Митингдин жүрүшүнө абай салган «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров акциянын айрым катышуучуларын улутчулдугу үчүн айыптап, ЕККУнун куралсыз полиция тобун киргизмейинче, өлкөдө тынччылык орнобой тургандыгын айкындады:
- Бизде мыйзам жок. Жалаң анархия үстөмдүк кылууда. Мындайча айтканда, ар ким билген намазын окуп атат. Кыргыздар өзбектерди күнөөлөп, а тескерисинче, өзбектер кыргыздарды айыптап, мамлекетте тынччылык болбой жатат. Менимче, Ош окуясынын чыныгы уюштуруучуларын таап, токтоосуз жазалоо зарыл. Кыргызстанда ошондой миссияны аткара турган азыр эч ким жок. Бишкектин күчү көп нерсеге жетпей калды. Оштогу жергиликтүү бийлик өз билгенин кылып атат. Андыктан, жумуриятыбызга ЕККУнун полиция күчтөрү кирип, мониторинг жүргүзүп, анан калыс корутунду чыгаруусу абзел. Анан ал бүтүмдү элге жайылтууга тийиш. Ошентип, өлкөдө акыйкатуулукту камсыз кылган орган калбагандан кийин эми алардын милдетин ЕККУ аркалоосу кажет.
Буга улай оштук серепчилер тышкы күчтөр киргизилген маалда жергиликтүү жарандар дүйнөлүк уюмга каршылык көрсөтүп, тараптар өз ара кагылышып, акыры чоң чырга айланышы ыктымалдыгын белгилешүүдө
Алишер Токсонбаев

настроение: Апатичное
Без заголовка
урматту кабыл алуучулар силерден суранарым айыл жергесине да орус тилин кобурок уйротконго ундоп койгулачы Бишкек шаарына окууга келгенде тилден абдан эле кыйналат экен. Кыргыз тилин уйрото алышпайт экен чондор шаар жергесин айыл жергесин орус тилин уйротсонор онойго турат деп ойлойм . тилден абдан эле кыйналдым мен бул омурумдо кыргызстанда жашап журуп кыргыз- тилин баркын эч ким билбейт экен да ! ! !
Көлбаев Кыргызстанга кайттыбы же кайтарыштыбы?

Камчы Көлбаевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя.
Жарыяланган учуру: 07.10.2011
Кубанычбек Жолдошев
Кыргызстанда уюшкан кылмыш тобунун башчысы катары издөөгө алынган Камчы Көлбаев 8-октябрь күнү эртең менен Дубайдан учуп келерин анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.
Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Көлбаев депортацияланып келе жаткандыгын жана ал Бишкекке коноору менен камакка алынарын белгиледи.
Ал арада парламент депутаттары президенттик шайлоонун алдында кылмыш дүйнөсү кайрадан баш көтөрбөйбү деп кабатыр болушууда.
Эки ача билдирүү
Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаев үй-бүлөсү менен 8-октябрь күнү таңга маал Дубайдан Бишкекке келип коноорун анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.
Мурда уюшкан кылмыш тобун түзгөн деген негиз менен ички иштер органдары ага сыртынан айыбын угузуп, эл аралык издөө жарыялаган. Мындан мурда ал Бириккен Араб Эмираттарында камакка алынып, кайра койо берилгендиги айтылган болчу.
Икрамидин Айткулов Көлбаев өз эрки менен колго түшүп берип, тергөөнүн суроолоруна жооп бере тургандыгына токтолду:
- Бул жакта аны камакка алуу туурасында соттун санкциясы бар болгонуна карабастан учуп келе жатат. Көлбаев Эмиратка кеткенден кийин ага уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен сыртынан айыбы угузулуп, кармалса камакка алуу чечими чыгарылган болчу. Ал өзү жок учурда бул жакта ага карата козголгон кылмыш иши боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин мага телефон аркылуу айтты.
Буга чейин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен бир нече адам кармалган. Андан соң Кыргызстандын тартип коргоо органдары “Мыйзамдагы уурунун” өзүн өткөрүп берүү өтүнүчү менен Бириккен Араб Эмираттарына кайрылган болчу. Мына ушуга байланыштуу жакында Дубайдын полициясы Көлбаевди мекенине депортациялоо чечимин чыгаргандыгы айтылды.
Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Көлбаев учуп келээри менен камакка алынып, тергөө амалдары баштала тургандыгын айтты:
- Ким эле өзү түрмөгө түшүп бере калайын деп учуп келе калсын? Мурда ички иштер органдарынын берген материалдарынын негизинде Башкы прокуратура аны экстрадициялоо (кайтарып берүү) боюнча документтерди Бириккен Араб Эмиратына жөнөткөндүгү белгилүү. Мына ошого байланыштуу Көлбаев ал жактан депортацияланды. Ал тууралуу толук маалыматты аны кармагандан кийин гана билдиребиз.
Мелис Турганбаев
Бийлик өкүлдөрү уюшкан кылмыштуулуктун тамыры жулунгандыгын жана анын мындан ары саясатка таасири болбой тургандыгын айтып келишкен. Бирок парламентте депутаттар алдыдагы президенттик шайлоодо саясий күчтөр кайрадан кылмыш дүйнөсүн колдонушпайбы деген кооптонууларын айтышты.
Эл өкүлдөрү жакында абактан чыккан “Водолаз” деген каймана ат менен белгилүү Максат Абакировдун кайда жүргөндүгүнө кызыгышты.
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев ал милициянын толук көзөмөлүндө экендигин белгиледи:
- Ал жакында өзүнүн жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу абактан бошотулуп, Ысык-Көлдөгү үйүндө жүрөт. “Водолаз” биздин катуу көзөмөлдө. Ал жашаган жеринен ары-бери чыга албайт. Биздин кызматкерлер анын үйүнүн алдына чейин көзөмөл койушкан. Ошондуктан анын ар бир кыймылы чектелген.
Криминал курал-жарактары менен шайлоо участокторуна чейин барышып, каалаган чечимдерин чыгарткан учурлар боюнча протоколдор түзүлгөн.
Бирок Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев министрдин айткандарына ишенбей тургандыгын кыйытты. Анткени Максат Абакиров туурасында коомчулукта ар түрдүү сөздөр жүрүп жаткандыгын айткан Сапарбаев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш аягына чейин жүргүзүлүүгө тийиш экендигин белгиледи:
- Өткөн айда Караколдо жолугушуу өтүп, Абакиров Максат да ошол жерде болгон экен. Анда Ысык-Көл боюнча кароочу (смотрящий) дайындоо маселеси көтөрүлгөн деген маалыматтар бар. Сиз аны толук “көзөмөлдөп” жатабыз дегенге мен ишенбей жатам. Анткени биздин маалыматтарга караганда, ал айылынан сырткары жактарда деле ээн-эркин эле жүрөт экен. Мына ушул маселени өз көзөмөлүңүзгө алып койсоңуз.
Эскирбеген эскертүүлөр
Өткөн жылкы парламенттик шайлоодо кылмыш дүйнөсү кайсы бир саясий күчтөрдүн пайдасы үчүн иштегендиги айтылып жүрөт.
Академик Бектемир Мурзубраимов саясий максаттарга жетүү үчүн криминалды пайдалануу өнөкөтүн токтотууга убакыт жетти деп билдирди:
Максат Абакиров
- Өткөн парламенттик шайлоодо криминалдар кадимкидей үстөмдүк кылган жерлер аябай көп болду. Алар курал-жарактары менен шайлоо участокторуна чейин барышып, каалаган чечимдерин чыгарткан учурлар боюнча протоколдор түзүлгөн. Мына ошолорду кайра көтөрүп, мыйзамдын чегинде иш алып барыш керек.
Азыр деле элде коркунуч бар. Анткени мына ошол эле криминалдар кайра келип, же бирөөлөрдөн салам дубай айттырышып, “ойлоп койгула, кийин жашашыңар керек, анан дагы сүйлөшөбүз” деген сыяктуу эскертүүлөрдү берип жатышыптыр.
Шайлоо коопсуздугуна байланыштуу коомдук талкууларда кылмыш дүйнөсүнүн таасири дагы деле болсо коркунучтуу факторлордун бири катары аталууда. Андыктан жарандык коом кайсыл саясий күчтөргө таандык экендигине карабастан бардык уюшкан кылмыштуу топторду ооздуктоо талабын койгон болчу. ИИМдин маалыматына караганда, буга чейин Көлбаевдин, Батукаевдин жана Абакировдун уюшкан кылмыш топтору каттоого алынган.
Метки: кыргызстан, политика, криминал
Юбилей Шайлообека Дуйшеева
Шайлообеку Дуйшееву «дали» народного вслед за народным признанием
http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_duisheev_poem/2322749.html

Микаэлди бычактап кетишти
31-мартта белгилүү ырчы, шоумен, алып баруучу Микаэлди өз үйүндө белгисиз бирөөлөр бычактап кетти. 1-апрелде аткаруучунун жакын тааныштары жана кесиптештери маалымат жыйынын өткөрүп, маркум ырчынын жакындарына көңүл айтышты. Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү Микаэлдин жаркын элесине арнап, жакынкы күндөрү эскерүү акциясын өткөрүү ниетин билдирип жатышат.
ИИМдин билдирүүсүндө 31-март күнү кечки саат жетиде Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгына Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде тартип бузуулар орун алып жатканы тууралуу телефондук арыздануулар түшкөн.
Окуя болгон жерде 25 жаштагы эл арасында Микаэл деген каймана ат менен таанымал белгилүү шоумен Мирлан Доутовдун сөөгү табылган.
Ички иштер министрлигинин Маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматулло Ахмедов ырчынын өлүмү боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө иштери башталганын “Азаттыкка” билдирди.
- Оперативдүү иликтөө тобу окуя болгон жерден Мирлан Доутов Бектуровичтин денесин тапкан. Алдын ала чогултулган маалыматтар боюнча ал ага карата көп урулган бычак жаракаттарынан улам каза тапкан. Бул факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана биологиялык экспертизалар дайындалды.
Айрым такталбаган маалыматтар боюнча Микаэлге көкүрөк, ич, жана жон тушуна жыйырмадан ашуун бычак сайылган. Бирок азырынча бул окуяны иликтөө-тергөө иши бүтмөйүн ИИМ тарабынан ашыкча комментарий берүүдөн баш тартып жатышат.
Эл арасында ырчынын өлүмү жеке жашоосуна байланыштуу болду деген божомолдор айтылууда.
Ырчынын продюсери Нурлан Мамакеев Микаэлди акыркы жолу Нооруз майрамында көргөнүн айтып, шакиртинин жеке жашоосу тууралуу эч кабары жок экендигин билдирди.
- Ал тууралуу менде маалымат такыр жок. Анын жеке жашоосун биз чынын айтканда билчү эмес экенбиз. Ким менен жүрчү эле? Ким менен дос эле? Сүйлөшкөн кызы бар же жок беле - ага да жооп бере албайбыз.
Маалымат жыйынына катышкан медиа-эксперт Назира Раимкулова Кыргызстанда шоу-бизнес өкүлдөрүнө карата зомбулук күч алганын билдирип, ырчылар коопсуздугу үчүн уюм түптөө демилгесин көтөрдү.
- Соңку кезде шоу-бизнес өкүлдөрүнө карата кол салуулар күчөп кетти. Ырчыларга карата ар кандай кысымдар көбөйүп атат. Айталы маалыматтык жактан басым көрсөтүү, ур-токмокко алып зомбулук алуу күчөдү. Мына, жакында эле Айчүрөк Иманалиева белгисиз адамдар тарабынан сабалды. Бирок ушул өлтүрүү чыгармачыл адамдардын кызыкчылыктарын коргой турган бир уюмду түзүүгө убакыт келгенин көрсөтүп жатат.
Микаэлдин устаты, шоувумэн, Ассол Молдокматова бул демилгени колдоого алып, өлкөдө чыгармачыл адамдар чындап эле коргоого муктаж болуп жаткандыгын белгиледи.
Анын билдирүүсүндө мындан эки жума мурда Бишкекте белгилүү модельер Олег Беда ур-токмокко алынган.
Маалымат жыйынында алып баруучу Ассол Молдокматова маркум ырчы Микаэлдин жаркын элесине арнап эскерүү кечесин өткөрүү сунушун киргизди.
- Ал дайым өзүнүн устаттарына ыраазычылыгын билдирип келчү. Бирок апасы ага өзгөчө колдоо көрсөтөөрүн көп айтаар эле. Мен түшүнгөндөн Микаэл карапайым эле үй-бүлөдөн эле. Андыктан бардык артисттер чогулуп, анын жаркын элеси үчүн эскерүү кечесин өткөрүп, үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп койсок болот эле.

Нарындыктар бийликке бир жума убакыт берди
Нарын шаарында бүгүн кымбатчылыкка нааразы болгондор митингге чыгып, электр кубатына тарифтерди мурдагы калыбында калтыруу, тоо шартындагылар үчүн каралган социалдык жеңилдиктерди сактоо, пенсиянын көлөмүн жогорулатуу, тоо кендерин сатууну токтотуу жөнүндө талаптарды көтөрүштү. Ошондой эле президенттин уулу Максим Бакиевдин бир жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган үндөр жаңырды. Бул талаптар аткарылбаса анда эл мөөнөтсүз ири акцияларга чыга турганы эскертилди.
Митингдин катышуучулары Исмаил Исаковдун, Балыкчы, Петровка боюнча соттолгондордун бошотулушун талап кылышты. Эгерде бул талаптар 16-мартка чейин аткарылбаса, анда мөөнөтсүз ири митингдер башталаарын айтышты.
Нарындагы митингге Бишкектен СДПК фракциясынын башчысы Роза Отунбаева, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев, "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев барып катышты.
Митинг болуп жаткан жерде жергиликтүү бийлик башчылары жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы жүрүштү.
Митингди уюштуруучулар төрт миңге жакын адам чогулганын айтышууда. Байкоочулар өз кезегинде митингдеги элдин саны үч жарым миңге чукул деп айтып жатышат.
Нарында миңден ашуун адам катышкан биринчи митинг 24-февралда болуп, анда тарифтерди көтөрүүгө мораторий киргизүү, тоо шартындагы отун-сууга болгон жеңилдиктерди сактоо жөнүндө талаптар айтылган.
- Бул жерде биздин максатыбыз электр энергиясынын тарифин мурдагы калыбына - 70 тыйынга түшүрүү, 110 киловатт жеңилдигибизди кайра берүү, анан тоолуу аймактарда каралган 50 пайыздык жеңилдикти алып салбоо,-деп билдирген «Ата мекен» партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Адыл Эсенбеков "Азаттыкка".
Биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров 2-мартта Нарынга барып, нааразы болгондор менен жолуккандан кийин 5-мартка белгиленген митинг токтотулган болчу.
Биринчи вице-премьер өкмөттүк жыйында Нарындагы элдин социалдык-экономикалык турмушундагы кыйынчылыктар үчүн жетиштүү чараларды көргөн эмес деп бардык жоопкерчиликти облустук бийликке жүктөгөн.
Бирок ошондон кийин нарындыктар А.Жапаров Бишкекке алардын талаптары тууралуу туура эмес маалымат айтып барды деп нааразы болуп чыгышкан.
Адыл Эсенбеков мурдагы митингде губернатордун, шаар бийлигинин кызматтан чететтүү боюнча дагы талап коюлбаганын, бул жөнүндө биринчи вице-премьер туура эмес маалымат жеткиргенин билдирди:
- Биз эч кандай андай талап койгон эмеспиз. Аны туура эмес маалымат жеткирип, ошондой сөздү бурмалашкан. Биздин талабыбыз биринчи айткан талаптар болчу. Өткөндө А.Жапаров келип кайра баргандан кийин биз Нарын эли жеңилдик төлөм 200 сомду ала албай ыйлап, анан акыр-чикирди чыгара албай ыйлап, губернатор менен мэрди кетир деген талаптарды айткан сыяктуу болуп калыптырбыз. Биз эч качан андай айткан эмеспиз. Ал туура эмес жетилген экен.
Президент К. Бакиев 9-марттагы Жарлыгы менен Тынчтыкбек Чекиевди Нарын облустунун губернатору кызматынан бошотуп, анын ордуна Алмаз Акматалиевди дайындаган.
Жаңы губернатор чогулгандардын алдында чыгып сүйлөп, ал өзү деле жер сатууга каршы экенин, мындай көрүнүштөр тыйылаарын айтып убада берди.
Алмаз Акматалиев буга чейин Нарын районунун акими, Нарын областынын губернаторунун биринчи орун басары, Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келди. Жаңы губернатор облустагы нааразылык толкунун басуу аракеттерин көрүп баштады.

настроение: Внимательное
ИИМ: Коомдук кырдаалды колдон чыгарбайбыз
Кыргызстан Апрель ыңкылабында курман болгон адамдардын кыркын өткөрүү иш чараларынын алдында турат. Ушул күндөрү кырдаал кайра курчуп кетиши мүмкүн деген чочулаган ой-пикирлер көбөйүүдө. Соңку кырдаал боюнча ИИМдин маалымат жана коомдук байланыш башкармасынын жетекчиси Рахматулло Ахмедов "Азаттыкка" маалымат берди.
- Алдыда 7-апрелде курман болгондорду эскерүү күнү деп эртең өткөнү турат. Мындан тышкары бүгүн эле бир-эки жерде нааразылык акциялары болду. Ушуга байланыштуу айрым жерлерде кооптонуучу жагдайлар түзүлүп атат деп бизге угармандарыбыз чалып атат. Азыр негизи коомдук-саясий кырдаал кандай Кыргызстанда?
- Өлкөбүздө коомдук кырдаал азыркы учурда стабилдүү. Толугу менен укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарын жана өзүн өзү башкаруу органдарынын көзөмөлүндө турат. Жакынкы күндөрдө Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратура тарабынан биргелешип түзүлгөн иштин негизинде өлкөбүз боюнча алдын ала оперативдик иликтөө иш чаралар жүргүзүлөт.
Бул иш чаралардын алгачкы багыттары биринчи иретте коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелерине, жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине багытталат. Андан тышкары элибиздин колуна мыйзамсыз түрдө түшүп калган курал жарактарды кайтарып алуу болуп эсептелет.
- Азыр ошол курал жарактарды кайтаруу жараяны кандай жүрүп атат?
- Бул жараян жакшы эле жүрүп атат. Бүгүнкү күнгө чейин 270тен ашуун ок атуучу куралдардын түрлүү маркадагылары келип түшкөн. Булардын ичинде пулемет, автомат, тапанчалар да бар, 23 миңден ашуун ок дарылар бар. Элибиздин ушунчалык түшүнгөнүнө ыраазылыгыбызды айтып кеткибиз келет.
Бир даана ок дары таап алса дагы ошону биз таап алдык деп өз эрки менен ыктыярдуу түрдө алып келип берген жарандарыбыз дагы бар. Бир топ партиялары менен 5-6дан, же болбосо 32 тапанчаны алып келип тапшырган жарандарыбыз да жок эмес, аларга дагы чоң рахматыбызды айтып кетебиз.
- Элдин колунда азыр канча курал бар, эсеби барбы?
- Кызматтык кызыкчылыктан улам биз мындай сандарды айтуу эрте деп эсептейбиз. Убактысы келгенде коомчулукка бул сандар, албетте, айтылат.
- Бүгүнкү күндө дагы бир окуя болуп кетүү ыктымалдыгы бар деп имиштер көп жүрүп атат да. Бул боюнча сиздерде кандай маалымат бар?
- Ким болбосун даярдалып аткан кылмыш жөнүндө так маалыматка ээ болсо, муну ушак түрүндө тараткандан көрө ички иштер органдарына, же прокуратура, же Улуттук коопсуздук кызматтарына билдирсе, туура болот.
- Ушундай окуялардын болтурбоонун кандай чараларын көрүп атат Ички иштер министрлиги?
- Жарандардын коопсуздугун бекемдөө максатында жана экстремисттик ой-пикирлерди жүргүзүп аткан кишилерди табуу максатында, элдин колунда мыйзамсыз түрдө саткалып жаткан курал жарактарды, жардыргычтарды алуу максатында 10-майдан 18-майга чейин өлкөбүз боюнча алдын ала оперативдик издөө иш чаралары жүргүзүлөт.
Бул иш чаралардын аты "Укуктук тартип" деп аталат. Иш чараларда жалпысынан алты жарым миңден ашуун Ички иштер органдарынын кызматкерлери, ички аскерлердин жоокерлери, эки миңден ашуун коомдук алдын алуу борборлордун, элдин кошуундардын жана башка коомдук бирикмелердин мүчөлөрү катышып, журтубузда коомдук коопсуздукту бекемдөөгө өз салымын кошуп беришет.
Маектешкен Бурулкан Сарыгулова

настроение: Усталое
Ош: ач студент шайлоо алдында чоң күч
Бийлик парламенттик шайлоонун алдында студенттерди саясий оюндардан алыс кармоо максатында түштүктөгү жогорку окуу жайларында окуунун башталышын 18-октябрга жылдырганына карабастан учурда студенттер шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып жатканы байкалат.
Муну студенттер кошумча каражат табуу менен түшүндүрсө, айрымдары өлкөнүн келечегине салым кошуу анын түздөн-түз милдети экенин билдиришүүдө. Ошол эле учурда жергиликтүү серепчилер жакында боло турган шайлоого саясатчылар студенттерди мажбурлап добуш бердиртүү аракетин көрүшү мүмкүн экендигин ырасташууда.
Талгат Тайгараев парламенттик шайлоого аттанган бир саясий партиянын үгүт баракчаларын көчөдө жабыштырып жүрөт. Кечээ түнү да ал достору менен шаардагы тал-теректерге байракчаларды илип чыккан. Талгат өзү Оштогу жогорку окуу жайларынын биринде 4-курста окуйт. Эми минтип өзү мүчө болгон партия парламентке келсе өлкө оңолот деп ишенүүдө:
- Кыргызстанда парламенттик шайлоого 29 партия аттанып жатат. Бирок мен тандаган партия жалаң мекенчил адамдардан куралган. Анын 80 пайызы жаштар. Ушуга чейин өздөрүнүн иши менен таанылган адамдар тизмеге кирген. Келечек үчүн өзүмдүн салымымды кошоюн деп, ишенип ушул партияга кошулдум. Мүчө болгонума аз эле болду, бирок катырып иштеп жатабыз. Ал ишибиз үчүн бизге эч кандай айлык деле берилбейт, партияга ишенип гана жүрөм. Окууну жылдырса деле мен менен бул партияга кошо кирип иштеп жаткан студенттер көп.
Түштүктөгү жогорку окуу жайларында окуу 18-октябрга жылдырылганы менен көпчүлүк студенттер жылдагыдай эле партиялардын иштерине аралашып жүргөнүн дагы бир саясий партиянын жаштар канатынын мүчөсү Азамат да тастыктоодо. Ошондой эле ал студенттер партияларга акча табуу максатында кирип жатканын кыйытты. “Ал эмес, мен өзүм деле окуума акча табуу үчүн партияга кирдим” дейт 3-курстун студенти Азамат:
- Окууну 18-октябрга жылдырганы менен азыр студенттердин көпчүлүгү шаарда жүрүшөт. Колоктоп бош жүрбөй партияларга иштеп жатышат. Мен да көптөгөн досторум менен партияга кирип чогуу иштеп жатабыз. Бир ай аралыгында, ушул 10-октябрга чейин акча табууга бизге шарт түзүлдү. Жакшы иштесек 10 миңге жакын таап коюшубуз ыктымал. Эми ал өзүңдүн жөндөмүңө жараша. Эгер эпчил болуп, тааныш таап, тизме толтуруп жакшы иштесең андан деле көп акча таап коюшуң мүмкүн. Атын атабайм, бирок азыр кээ бир партиялар 50 тизмени толтурсаң 2000-2500 сомдон берип жатат.
Көнгөн адат калабы?
Талгат менен Азаматка окшоп партияларга мүчө болуп кирип, үгүт иштерине чуркап жүргөн студенттер учурда Ошто миңдеп саналат. Бирок аларды партияларга мажбурлап киргизүү жок экендигин калаа бийлиги билдирүүдө. Вице-мэр Абдырахман Жолдошалиев “Ош шаарында жайгашкан окуу жайлардын студенттери өздөрү каалаган партияларга кирип жатат” деп белгиледи “Азаттыкка” курган маегинде:
- Менин билишимче азыр шаардагы ЖОЖдордун студенттери сессияларын тапшырып, мамлекеттик экзамендери менен алек болуп жүрүшөт. Биринчиден, азыр жаштар андай иштерге барбайт. Анткени студенттердин бардыгы акыл эстүү, өз укуктарын билет. Экинчиден, ар бир жаран жашаган жеринен катталып, шайлоого жана шайланууга укугу бар. Ошол жерлерден эле кадимкидей шайлоого катышат. Ар ким өзү каалаган партиясын тандайт.
Шаардык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Саадат Маматалиева 10-октябрда боло турган шайлоодо студенттерди кайра-кайра киргизип кайсы бир партияга добуш бердиртүүгө жол берилбестигин айтууда. “Бул боюнча аймактагы жогорку окуу жай жетекчилери да алдын ала эскертүүлөрдү алган” деди ал:
- Ош жана Жалал-Абаддагы ЖОЖдордо окуу 18-октябрда болот деген билим берүү министринин атайын буйругу бар. Ал студенттерди шайлоого аралаштырбоо максатында болгон эле. Бирок ага карабастан студенттердин баары эле партияга кирип, ар кандай иштерди аткарып жатышат. Эгер ушул кетиште эртең, шайлоо күнү студенттерди шайлоого мажбурлап киргизүүгө жол берилбейт. Эгер окуу жайлардын жетекчилери административдик ресурстарды колдоно турган болсо, биз, шаардык шайлоо комиссиясы, чара көрөт. Шайлоо күнү студенттерди котолотуп, мажбурлап, же кайра-кайра киргизип добуш бердиртсе, жоопкерчиликке тартылат деп ишендирип кетем.
Деген менен жергиликтүү серепчилер 10-октябрда болчу парламенттик шайлоодо студенттерди мажбурлап, кайра-кайра добуш бердиртүү болот деп билдиришүүдө. Ал эмес Оштогу айрым жогорку окуу жайларынын жетекчилери азыртан эле кайсы бир саясий партиялар менен соодалашып коюшканын айтышууда.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле студенттер шайлоонун алдында жана анын учурунда чоң күч айланганы адатка айланган. Бийлик ар дайым студенттерди шайлоо жараянына тартып келген.
Эрнист Нурматов

настроение: Грустное
Кыргызские инспектора «достали» даже Нурсултана Назарбаева
Реформа МВД Кыргызстана должна начаться с кардинальных перемен его ГАИ компоненты – дорожно-патрульной службы. Общественное объединение «Ильбирс» призвало власти Кыргызстана изучить опыт реформирования этой структуры у Грузии.
http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_police_reform/2300696.html

Курултайлар алдындагы кырдаал
17-мартка оппозиция Элдик курултайды, 23-мартка бийлик Ынтымак курултайын белгилеген. Бул иш чаралардын алдында Алай жүрүшү, Нарын митингиси жана Бишкекте жаштардын акциясы өтө турган болууда.
Бийликтин Конституциялык реформасы менен Максим Бакиевдин өтө жогорку кызматка келиши, электр энергиясына, жылуулукка, телефон байланышына тарифтердин көтөрүлүшү жана стратегиялык ишканалардын сатылышы калк ичинде нааразылыкты күчөттү.
Электр кубатына тарифтердин көтөрүлүшү Нарында ири митингдерди жаратты. 24-февралда Нарын шаарында бир миңден ашуун эл катышкан ири митинг болуп, эл электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы пикирлерин билдирди. Нарындыктар менен биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров жолугушуп келип, калктын нааразылыгына жергиликтүү бийлик күнөөлүү экенин 4-мартта президент менен жолугушууда билдирген.
Жапаровдун мындай маалыматы нарындыктардын нааразылыгын жаратып, алар 10-мартта Нарында кайрадан митингге чогулганы жатканын Бириккен Элдик кыймылдын лидери Топчубек Тургуналиев билдирди:
- 10-мартта электр кубатына бааларды мурунку калыбына келтирүү, жер маселеси, Жетим-Тоо, Аксай, Арпа тарап Кытайга өттү деген кабарды жергиликтүү эл былтыртан бери угуп, көтөрүп келатышпайбы. Менин оюмча ушул маселелер көтөрүлөт.
Топчубек Тургуналиев митингдин катышуучулар ошондой эле 17-мартка белгиленген Элдик курултайга делегаттарды шайлашы мүмкүндүгүн кошумчалады.
Электр кубатына тарифердин көтөрүлүшү, саясий куугунтук жана стратегиялык ишканалардын сатылышы 17-мартка белгиленген Элдик курултайдын күн тартибиндеги негизги маселелерден болууда.
Ал эми бийлик тарабынан уюштурула турган Ынтымак курултайында талкуулана турган маселелер так аныктала элек. Бирок ага карабай курултайдын жер-жерлердеги делегаттары шайланган. Болгону президент тарабынан дайындала турган 150 делегаттын ысымдары атала элек.
Бийлик менен оппозициянын саясий күрөшүнүн күчөөсүнө Исмаил Исаковдун камалышы өзгөчө салым кошуп, түштүк региондо, тагыраак айтканда Алай районунда нааразычылыктын очогу түзүлдү.
Алайлыктар Исмаил Исаковдун камалышына каршылыгын билдирип, 6-мартта район борбору Гүлчөдө митинг өткөрүштү. Алар 15-мартка чейин митингиде коюлган талаптар аткарылбаса Ош шаарын карай жөө жүрүш акциясын баштаарын ачыкташты. Ал талаптар тууралуу жергиликтүү лидер Айтбай Жээналиев буларды билдирген:
- Биринчи, элдик генерал Исмаил Исаковду бошотуу президент Бакиевден талап кылынсын! Экинчи, өлкөнүн Конституциясын одоно түрдө бузуп, адам укуктарын тебелеп-тепсегендиги жана жалган жалаа жаап Исмаил Исаковду адилетсиз соттогондугу үчүн Бишкек гарнизондук жана республикалык Аскер сотунун судьялары жазалансын! Үчүнчүсү, тынчтык акциясынын катышуучуларынын жогорудагыдай талаптары 15-мартка чейин аткарылбаса, анда Алай эли Ош шаарын карай жөө жана атчан жүрүштү баштайбыз!
Бул арада Бишкекте жаштар телефон байланышы үчүн 60 тыйындын кошулуусуна нааразылык билдирип, 15-мартта митинг өткөрүүнү белгилеп жатышат.
Саясат таануучу Марс Сариев өлкөдөгү кырдаалга карата мындай баасын берди:
- Менин оюмча оппозиция бийликке кысым көрсөтүп жатат. Оппозиция өзүнүн позициясын, күчүн көрсөтүп, анан мунапыска барат деп ойлоймун. Оппозициялык лидерлердин сөзүнө караганда, алар Бакиевге каршы эмес. Бирок электр энергиясына тарифтерди түшүрүү жана президенттин жанындагы топторду ооздуктап, бир калыпка салсын деген талаптарды сезип жатам.
Бийлик электр энергиясына жана жылуулукка баалардын эселеп көбөйүшүнө калк ичинде нааразылык күчтүү экенин билүүдө. Ошого байланыштуу президент Бакиев уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке тарифтердин көтөрүлүшүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү тапшырганын ачыктады.
Бул арада калктын өлкөдөгү окуялар тууралуу альтернативдүү маалымат алышына тоскоолдук жасоо үчүн бардык жерде күч алууда. Маселен, Нарында “Азаттыктын” маалыматтарын тараткан “Алмаз” радиосунун зымдары уурдалып, эл “Азаттыкты” укпай калды. “Азаттыкты” угуу шыбагасынан Ноокат, Кадамжай, Араван райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары да кур калышты. Анткени Кызыл-Кыя шаарында “Рояль” радиосу “Азаттыктын” толкунун таратуудан баш тартты. Бул радионун кожоюну “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Каримов Алмазбек деген маалымат бар.
Ошентип Акаевдин доорундагы элге акыйкат маалымат жеткирбөө аракети кайрадан күч алды.
Айданбек Акмат уулу

13-03-2011 01:55
(ссылка)
Без заголовка
11 03 ДО ТАЛАС РАЙОНУНДАГЫ АРАЛ АЙЫЛЫНДА COPER GOLD АЛТЫН КАМПАНИЯСЫНЫН ЛАГЕРИН ЭЛ ОРТОП САЛЫШТЫ
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
23-июнда Ош шаарында күч органдары жүргүзгөн тинтүү операциясы учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, өзбектердин маданий борборунун жетекчиси Жалалидин Салахутдиновго таандык “Ошкрастекст” ишканасынын кеңсесинен курал-жарак, ок-дарылар табылды. Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов “Азаттыкка” бул факты боюнча учурда тергөө амалдары башталып, иликтенип жатканын билдирди.
Республикалык өзбек маданий борборунун төрагасы Жалалиддин Салахутдинов курал-жарак табылган “ОшКрастекс” ишканасы анын өзүнө таандык экенин ырастап, бирок анын кеңсесине ок-дарыларды жана түрдүү курал-жактарды күч органдары атайылап таштап, чагым уюштуруп жатат деп “Азаттыкка” билдирди.
Эки күндөн бери Ош жана Жалал-Абад облустарында күч органдары шектүү жайларды текшерүү, тинтүү операциясын жүргүзүүдө. Бир күн мурда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы текшерүүнүн натыйжасында жыйырма чакты көзгө атар кармалганын, ошондой эле курал-жарактар, жардыргыч заттар, маңзаттар табылып жатканын билдирген. Оштун өзүнөн жардыргыч салынган 42 идиш табылган, ошондой эле жардыргыч заттары бар эки машина менен беш киши кармалган. Алар теракт жасоого аракет кылган деп шектелүүдө. Ош шаарында бүгүн жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө шектүү жайлардан 19 атуучу курал, башына мыктар кагылган таяктар, ок-дарылар алынды.
УКМКнын маалыматына караганда кармалган көзгө атарлардын жетөө чет элдиктер. Тергөө иштери жүрүп атканына байланыштуу укук коргоо органдары колго түшкөн көзгө атарлар кайсы мамлекеттин жарандары экендиктерин айтпай жатышат.
Укук коргоо органдары 11-13 июндагы тополоң күндөрү уюшкан топтор милиция бөлүмдөрүн, аскер бөлүктөрүн басып алып, жүздөгөн ок атуучу куралдарды тартып алышкан фактылар болгонун билдирүүдө. Азыр эми ошол куралдарды түшүндүрүү иштери менен дагы, айрым кооптуу жерлерди тазалоо-тинтүү жолдору менен кайтарып алуу аракеттери көрүлүүдө.
Экинчи жагынан коңшу өлкөгө өтө качкан адамдар кайра кайтып келе баштады. Кыргыз чек арачылары качкындар абдан көп болуп жаткандыктан, айрымдарын эч кандай документи жок эле өткөрүп жатышат. ВЛКСМ айылында чек ара постунда документи жок экенине карабастан качкындар өткөрүлүп жатканын бул жердеги чек ара аскерлеринин башчысы Бусурманкул Турганбаев "Кабар" агенттигине билдирген. Ошондуктан мындай көпчүлүктө учурдан пайдаланып, качкындардын кейпин кийген экстремисттик күчтөрдүн өлкөгө кирип кетиши ыктымал деген кооптонуулар айтылууда.
Ошол эле учурда облустагы айрым аймактарды куралсыздандыруу жана тартипке келтирүү операциялары учурунда, айрым жоокерлер адамдарды уруп-сабоо, кээде тоноого чейин барышканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Ош облусунун комендантынын орун басары Замирбек Молдошев «Азаттыкка» ушундай арыз-дооматтар болуп жатканын белгилеп, андай фактылардын үстүнөн прокуратура органдары иш алып барып жатканын билдирди.
Укук коргоочулар дагы атайын операциялар учурунда карапайым элге зордук-зомбулук көрсөтүү көрүнүштөрү болуп жатат деп күч органдарынын аракеттерин сынга алып жатышат.

Фракция «Ата-Мекен» требует отставки Омурбека Бабанова

http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_tekebaev_babanov/2327012.html

Аскар Акаев кол тийбестиктен ажырады
Убактылуу өкмөт Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан декрет кабыл алганын жарыялады. Анда Аскар Акаев бийликте турганда элге каршы ок атууга жол бергени, жер сатканы жана мыйзамдуулуктан аша чаап, үй-бүлөлүк бийлик орноткону кол тийбестиктен ажыратууга себеп болгону айтылат.
Декретке Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева кол коюп, Башкы прокуратурага Аскар Акаевди Орусиядан Кыргызстанга алып келүү жана жоопко тартуу милдети жүктөлгөн.
Мындай декрет кабыл алынганы жарыяланар замат Аскар Акаев маалымат каражаттарына кыргыз бийлигинин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып чыгып, аны юридикалык күчү жок “сабатсыз жазылган грамота” катары сыпаттады.
"Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Муса Мураталиевге берген маегинде Аскар Акаев: "Бул декрет өзү мыйзамсыз, Конституцияга карама-каршы документ. Ошондуктан анын эч кандай күчү жок,"- деп айтты.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөнү 15 жыл башкарып, 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылапта бийлигин таштай качкан. Ошол күнү өлкөдөн чыгып кеткен Аскар Акаев ошондон бери Москвада. Андан кол тийбестик макамын алуу жана жоопко тартуу маселеси ошол март ыңкылабынан кийин дароо козголуп, бирок ишке ашпай келген. Бул маселе быйыл 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин кайра козголо баштаган.
Аскар Акаевден да кол тийбестик макамын алып салуу демилгесин 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров козгоп чыгып, бирок ал Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн каршылыгынан демилге ишке ашпай жатканын учурунда билдирген.
Убактылуу өкмөт буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевди да кол тийбестиктен ажыраткан. 7-апрелдеги элдик толкундоонун натыйжасында бийликтен чегинген Кыргызстандын экинчи президенти учурда Минскиде баш калкалоодо.

"Данисте": Чырдын башы жердеби?
"Азаттык" документалдуу радио баяндардын "Данисте" түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышта Ошто жер басып алгандар жөнүндө кеңири баяндалат.
Былтыр улуттар аралык кагылышты баштан кечирген Кыргызстандын түштүгүндө ноябрда “кыргыздар өзбектердин үлүш жерин басып алыптыр” деген кабар жамы журтту бир дүрбөлөңгө салган. Кандуу окуялардан беш ай өтүп-өтпөй жаңы уруш чыгып кетеби деп корккондор көп болду. Анткени 20 жыл мурдагы “Ош окуяларына” алып келген себептердин бири да жер басып алуу менен байланыштуу болгону эч кимдин деле жадынан чыга элек.
Толугу менен бул жерден окуңуз:

Эл уну!!!
Ала-Бука райондук
социалды онугуу башкармалыгынын башчысы Турдукулова Чынара айым жетекчи болуп
келгенден баштап колективде ынтымак кеткен.Ушакчылар кобойгон.Соц
кызматкерлерден квартал сайын 500 сомдон кем эмес акча алып турган.Жугору эгип
Байимбетова кыздарды чабыкка чакырган.Барбай коюшканда эки кундон кийин эле
атестация деп кыздарды чакырып алып Баимбетованы озуно кошуп отургузуп алып
даярдыксыз суроолорду берген.Кыздарды Баимбетова
чакырып 500 сомдон чогулткан.Ар кварталда Баимбетова озуно жаккан кыздарды отту
отчету деп калгандардын отчету туура эмес деп 500 с.дон алган.Каршы болгон
кыздарды начальникке айтып ыйлаткан.Кочодо байкабай калып учурашпай калган
кызматкерлерди кабинетине чакырып менин 40 амалым бар,бирин колдонсом бир кун
да бул жерде турбайсын деп тушунук кат жаздырган.Министерствого барам деп да
акча алып турган.Диплом алат деп Баимбетова Майрам ар биринен 500 сомдон алып
берип турган.Конкурска катышкан деп да акча.Баимбетова министр келет деп
телевизордун акчасын чогултабыз деп акча чогулткан.Текшеруу
келген,текшеруучулор келгенде бербегенбиз деп жазып бересинер деп Баимбетова
кыздарга бирме бир айтып чыккан.Текшеруучу келгенде начальник озу кошулуп
отуруп алган,коркуп эч ким ачык сайта алган эмес.Оюн айткан кызматкерлерди
куугунтуктап турган.Министр келгенде Баимбетова жердешин алып келип
суйлоткон.Мурунку кадрлар менин кадрларым деп чогулушта ачык эле айтып
турат.Диплому дал келбейт деп соц кызматкерлерге азылганы менен
кошоматкеч,жердештеринин дипломдору айтылбайт.Мисалы Баимбетова почтада иштен
айдалган.Эгерде 1000-2000 сомун болбосо пособие ала албайсын.Себеби ар делого
кол койгону учун акча алып турат.Мындайларды санай берсем...

Добуштарды эсептөө аяктады
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча беш партия Жогорку Кеңешке кирем деп турса, алардын катарына дагы бир партия жакындоодо.
Мамлекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасына Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү бардык шайлоо түйүндөрүнөн жыйынтыктар келип түшүп, ага ылайык “Ата Журт” партиясы 266 923 (8,88%) добуш алып биринчи орунга чыкты.
Андан соң Социал-демократиялык партиясы 241 528 шайлоочунун добушу топтоп, пайыздык катнашы 8,04% көрсөттү.
"Ар-намыс" партиясына 232 682 (7,74%) жаран добушун берип үчүнчү катарга чыгарды.
Төртүнчү орунга "Республика" 217 601 (7,24%) добушу менен чыкса, бешинчи орунга "Ата Мекен" партиясы илинди.
Бийликчил деп эсептелинген бул партия 168 218 (5,6%) добуш топтой алды.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы 145 455 добушка ээ болуп, пайыздык катнашы 4,84%га барабар болду.
Буга чейин айрым серепчилер үмүт артып келген "Ак шумкар" партиясы беш пайыздык көрсөткүчтөн кыйла эле алыс калып, шайлоочулардын 78 952 (2,63%) пайызынын гана добушун ала алды. Партиянын лидери Темир Сариев шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, айрым аймактарда мыйзам бузуулар болгону менен шайлоону тааный турганын билдирди.
Беш пайыздык босогодон беш гана партия өткөнү белгиленип жатканда, 11-октябрдын кечинде Ош облусунан жана чет өлкөлөрдөгү айрым шайлоо түйүндөрүнүн түшпөй жаткан болжолдуу жыйынтыктар келиши менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын айрым өкүлдөрү да партия беш пайыздык босогодон өтүшкөнүн айтып чыгышкан.
Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбеков аймактардан анык протоколдор келгенден кийин, кошумча тизме менен негизги тизмелер такталгандан кийин гана кайсы партиянын беш пайыздык босогодон так өткөнү белгилүү болоорун билдирди:
- Негизги жана кошумча тизменин санын билип, анан ошолордун санынан беш пайызды чыгарабыз. Биз негизги жана кошумча тизмени протоколдор шайлоо түйүндөрүнөн келмейинче, толук билбейбиз. Кошумча тизмелерди ар бир участок түзөт. Анан биз кошумча тизмеге канча адам киргенин билбейбиз. Кошумча тизме билинбегендиктен азырынча беш пайыздык босогону так биле албайбыз.
Ошону менен бирге эле жети облустан жана эки шаардан алуу керек болгон жарым пайыздык босогонун толук жыйынтыгы аймактардан протоколдор келгенден кийин гана белгилүү болмокчу.
Эки апта бар
Буга карабастан айрым серепчилер Жогорку Кеңештеги орундардын кандай бөлүнөрүн эсепке алууга киришти. Ага ылайык бир партиянын 30дан ашык мандатка ээ болушу кыйын болору айтылууда.
БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов "Азаттыкка" билдиргендей, расмий жыйынтык кодекске ылайык, эки жума ичинде жарыяланат. Ошондон кийин кайсы партиянын канча мандат алаары ачык болот:
- Бизге азыр түшкөн абдан көп кайрылуу бар. Мисалы, менин астымда онго жакын кат турат. Аларга жооп берип жатабыз. Жер-жерлерде протоколдорду алуу уланууда. Алар келгенден кийин биз арыздарды карап чыгышыбыз керек, биринчи. Ошондон кийин биз ошондон кийин жыйынтыгын чыгарабыз. Кодекстин негизинде эки жуманын ичинде чыгарылышы керек.
Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө добуш бере турган 2 миллион 852ден ашуун шайлоочу болгон болсо, бул шайлоого алардын 56 пайызга жакыны, б.а. 1 679 538 жаран добуш берди. Алардын 11 миңге жакыны бардыгына каршы добуш беришти.
Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин жаңы шайланган курамы өзүнүн биринчи сессиясына шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулууга тийиш.

Мелис Турганбаев: Раньше власть заигрывалась с криминалом
Участником он-лайн конференции на «Азаттыке» стал заместитель министра внутренних дел Кыргызстана Мелис Турганбаев. За два часа ему было задано 73 вопросов
http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_turganbaev_criminal/2318143.html

Темир тор: үмүттүү көздөр
8-Март – Жаз майрамы. Адатта бардык айымдар бул күнү жакын адамдарынан белек алып, аны өзгөчө шаң менен майрамдашат. Бул майрамды Кыргызстандагы абакта отурган айымдар кантип белгилешет?
Бишкектен 8 км алыстыкта, Степное айылында эңилчек баскан дубалдары менен имарат жайгашкан. Бул - №2 аялдардын жаза өтөө колониясы. Аталган колонияда 259 аял кармалат. Алардын көпчүлүгү уурулук, баңги заттарды таркатуу жана колдонуу, көз боемочулук үчүн отурушат. Арасында адам өлтүрүп колго түшкөндөр да жок эмес.
Абакта 18 жаштан 80 жашка чейинки аялдар бар. 8-март майрамын абакта отурган айымдар кантип белгилеп, бул күндөн эмне күтүшөт деп кызыкканымда, темир тордун артында отурган аялдардын көбү маек куруудан баш тартышты. Алардын оор үшкүрүгү, жалт карап, кайра жер караган көздөрү эч кимди кайдыгер калтырбаса керек.
Майрам күнү адатта айымдар гүл, же башка белек күткөнү менен, темир тордун артында отурган айымдардын каалоо-тилеги таптакыр башкача. Биз кепке тарткан Наргиза 18 жашта. Ал үчүн 8-март күнү ата-энесин көрүү – кыялындагы белек болмок:
- Ата-энемден белек күтөм. Өздөрүн эле көрсөм болду. Жигитимди талашып, кыздар менен мушташа кеткем. Жыйынтыгында бир кыздын башын таш менен жарып, бул жерде отурам. Ал кыз ооруканада жатат, мен бул жердемин. Отурганыма төрт айдын жүзү болду. Дагы 3 жыл отурам.
Абакта кармалган сулуулук
Жыл сайын аялдардын абагында 8-мартка карата ар кандай сынактар да өтүп турат. Мисалы, өткөн жылы Гүлмира Кулматова “2009-жылдын сулуусу” деп табылган. Темир тордун артында да аялзатына тийешелүү сапаттарды унутпаган Гүлмира сынакта өзгөчө кийим үчүн жеңишке жеткен:
- Бул сынакта бий, ырга болгон шыктуулук жана өз колубуз менен жасаган эмгектер бааланды. Мен 64 гезиттен көйнөк тиккем. Ар кандай жасалгалары жана баш кийими менен кошо курагам. Биринчи орунду алганым үчүн телевизор жана диплом менен сыйландым.
Түрмөнүн ичинде кийим тигүүчү цех бар. Кол чеберчилик абакканада отуруп акча табуунун жалгыз гана жолу. Бул жерде аялдар заказ менен кийим, мүшөк тигип, курак курашат. Бул тууралуу №2 жаза өтөө абагынын тигүү цехинин жетекчиси Талант Бокушев айтты:
- Ушул тапта №2 жаза өтөө абагындагы тигүү цехинде 110 аял иштейт. Алар 3 топко бөлүнүп иштешет. Эгерде заказдар көп болсо, эртең мененки саат 6га чейин да иштеген күндөр болот. Ар бир топто 30га жакын аял болот. Жумушка өздөрүнүн каалосу менен кирип, ишке алаардан мурда жөндөмдүүлүгүнө көңүл бурабыз. Ал эми жаш өзгөчөлүк бул жерде олуттуу деле ролду ойнобойт. Мисалы, пенсия курагындагыларды да кабыл ала беребиз. Көбүнчө мамлекеттик заказдарды кабыл алып, ар бир топ күнүнө 30-40ка жакын кийим тигет.
Биз кепке тарткан 24 жаштагы Миргүл Исмаил кызы цехте эки жылдан бери эмгектенет. Буга чейин кол өнөрчүлүгү тууралуу такыр түшүнүгү болбогон Миргүл, минтип тагдырдын буйругу менен цехте иштеп калды. Ал көпчүлүк айымдардай эле майрам күнү жыттуу гүлдү белекке алууну каалайт:
- Белекке гүл алганды жакшы көрөм. Былтыр бизге аябай керектүү болгон самын, тиш паста жана башка нерселерди белек кылышкан. Бизде ичимдик жок. Чай менен бири-бирибизге каалоо-тилектерди айтып, дасторкон үстүндө бирге отуруп гана көнүл ачабыз. Өзүм бул жерге бир тууган жездемди өлтүргөнүм үчүн камалып отурам. Буга чейин жездемдердин үйүндө жашачумун. Чынын айтсам, жездем ичип, күнүгө үйдө тынчтык жок эле. Балдар, кыздарын сабап, эжемди курулай эле тепкилей берчү. Аягында чыдабай кеттим окшойт. Кырсык деген каш кабактын ортосунда экен, ушундай болуп калды.
Бирөө үчүн – атыр, башкасы үчүн – мунапыс
18 жылга эркинен ажыратылган Айнура абакта беш жылдан бери отурат. 8-мартты ал да чыдамсыздык менен күтүп, бул майрамда эң чоң белек – мунапыс болгонун жашырган жок:
- 8-Мартта белек күткөнүм - мунапыс. Президент Курманбек Бакиевден ушуну сурайт элем. Эңсегеним эле боштондук. Чыгып алсам эле бардык ой-кыялым орундалган болот эле.
Биз менен маектешкен көпчүлүк аялдар, эркиндикте балдары калганын айтышып, алардын тагдырына тынчсызданып жатышкандыгын белгилешти. Көпчүлүк укук коргоо уюмдарынын баамында түрмөдөн чыккан адамга коомчулук терс мамиле жасап, аларды өз катарына кошпогондуктан, мурда соттолгондордун көбү айланып келип эле кайра түрмөгө түшүшөт.
Абактын темир эшиктери ачылып жатканда, айланага дагы бир ирээт көз чаптырып, бардык жагынан тор менен курчалган короону, ар кандай иш менен алек болуп жүргөн аялдарды көрүп, 8-март күнү алар куттуктоо сөздөрүн угуп, жылуу каалоо-тилектерге күбө болоор бекен деген ойлордун кучагында жолго чыктым.
Жаркын Аманова

Арабский кризис: Ливия. Бахрейн. Алжир. Йемен. 19 февраля.

http://www.azattyk.org/content/mideast_unrest_19_february_2011_azattyk_in_rus/2314525.html

Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды
Бишкек гарнизондук соту бүгүн мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүү жана аны сот залынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.
Ал эми мамлекеттик айыптоочулар сураган И. Исаковдун үй-мүлкүн конфискациялоо өтүнүчү канааттандырылган жок.
Ошентип президент Курманбек Бакиевдин ички, тышкы жана кадрдык саясатына макул эместигин билдирип, 2008-жылы октябрь айында Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткен Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү өткөн жылдан бери уланып, 11-январда минтип анын 8 жылга эркинен ажыратылышы менен соңуна чыкты.
11-январда түшкө чейин Исмаил Исаков соттогу акыркы сөзүн сүйлөгөн эле. Судья Серик Абиевге кайрылуудан баштаган сөзүндө Исаков алгач эле буларга токтолгон:
- Бүгүнкү сиз кабыл ала турган чечимиңизди коомчулук, жалпы кыргыз эли адилеттүүлүк болоор бекен деген үмүт менен күтүп жатса, Ак үйдүн жетинчи кабатында отурушуп “заказ” бергендер кыбаасы кана, бизге каршы чыккандар мына ушундай болот деп маашырланып отурушат. Түзүлгөн мына ушул кырдаал Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык - элдик бийликтин жоюлушун, анын ордуна үй-бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийликтин толугу менен орноп калганын айгинелейт.
Андан кийин Исмаил Исаков 2008-жылы Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кетүү себебине токтолуп, мына ошондо айтылган сыны, андан кийинки саясий ишмердүүлүгү үчүн соттолуп жатканын белгиледи. Ал коюлуп жаткан бардык айыптарды четке какты. Балыкчы аскердик бөлүгүндө техникалардын жоголушу боюнча жыл бою жаманатты кылып олтуруп, аягында прокуратура айыпты алууга аргасыз болгонун, калган коюлган күнөөлөр боюнча да айыбы жоктугун дагы бир жолу белгиледи.
Ошондой эле бийлик башындагылар үчүн генералдык наамы керек болсо, аны өткөрүп берүүгө даярдыгын айтты:
- Айыпталуучулар сизден мени 8 жылга эркимден ажыратууну жана башка жазаларды кошуп сурашты. Мен, 1969-жылдан бери, мына 40 жыл болуптур, кырк жыл маңдай терим менен, адилет, таза ишим менен тапкан байлыгым - генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда ушул байлыгым Бакиевдерге жетпей жатса керек. “Байлык, бийлик колдун кири”-деп бийлигин былтыр эле өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле, өз эрким менен генерал-лейтананттык наамды да өткөрүп берейин, - деген генерал Исаков генерал-лейтенанттык кош жылдыздуу белгини судьянын алдына койду.
Бирок адвокат Азимбек Бекназаров “Башкы аскердик судья Абышкаевдин таза эмес колу ага тийгенге акысы жок”,- деп генералдык белгини алып койду.
Өз сөзүн Исаков мындайча аяктады:
- Немис элинин гений акыны Вольфганг Гете “Эркиндик үчүн ким күн сайын күрөшсө, мына ошол гана ага татыктуу” болот деген экен. Ошондуктан биз эркиндик, адилеттүүлүк, Кыргыз элинин, мамлекетинин бакубаттуулугу үчүн күн сайын күрөшкө чыгышыбыз керек! Мына ошондо гана биз максатыбызга жетебиз!

(Алиман)Анарбубу Жумашова,
20-04-2010 19:55
(ссылка)
Кыргызымды кечирчи
Кыргызымды кечиргин
Кыргыздан кетип касиет,
Нарк бузула баштады...
Эсирип эссиз катындар,
Эркектерди жакалап,
Келтек- таяк ташка алды.
Эси жок эркек жаш балдар,
Таламай кылып оз элин,
Талкалап,тоноп жатышат...
Корунгондун тапканына коз артып,
Топтошуп кочо басышат...
Жендерин туруп желпилдеп,
Жер талашып журушот
Уйлорун орттоп бироонун,
Куйутуно кулушот...
Эл бузулду эсирип
Тийбесе экен калкыма
Бетпактардын кесири
Аттуу-нарктуу адамдар
Алар кайда, ааламда?
Атабыз маркум Чынгыздын,
Жоктугу турат сезилип...
Аттин ай, канча айтсак да,
Анча-мынча кыргыздын
Боктугу турат сезилип...
Манкурттукка белчеден,
Малынып бара жатабыз...
Малга окшоп бироо жем берсе,
Айдаган жакка басабыз.
Алакандай кыргыздын,
Келечегин ойлобой,
Пейлибизди сатабыз...
Айткылачы ээнбаштар
Кайда, кайда бара жатабыз...
Оо,айланайын кудайым!
Кыргызымды кечирчи...
Акыл-эстен айрыбай,
Шайтанын кууп кетирчи.
Тынччылык заман бере кор,
Караны- агым жене кор...
Кайгысын элдин кобойтпой,
Бактылуу кундор келе кор...
Оо,айланайын кудайым!
Озунду суйгон кулунмун.
Кыргызымды кечирчи,
Кулдук уруп сураймын...
Айланайын,КУДАЙЫМ!
(Алиман-Анарбубу)
В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу