Чолпонбек Абыкеев
was last seen 10 June at 14:25
68 лет
/
Бишкек, Киргизия (Кыргызстан)
Жашоо жыргаал кадырына жеткенге...
Unsubscribe from irrelevant news
To unsubscribe from another user's news, click the settings icon in this post and select the necessary option.
Все
Guestbook
More
Чолпонбек Абыкеев
installed 2 games
10 August 2016 at 15:22
app-install.html
Герои Магии
Играть
В этой игре вас ждет множество увлекательных сражений и знаменитых волшебных героев.
56 920
Чолпонбек Абыкеев
понравилось
13 January 2015 at 16:20
status.html
БИЗ КИМ БОЛУП КАЛЫПТЫРБЫЗ...
Тегизбиз деп ойлоптурбуз кечээ биз,
Кайдан тегиз болмок элек экөөбүз?..
Жер да тегиз эмес тура жашоого,
Биз да ошондой түркүн жолдон өтөбүз...
Телегейди тегиз дедик кече биз,
Тегиздикти качан күттүк экөөбүз?..
Эл да тегиз болалбаса дүйнөдө,
Биз да көңүл тынчыталбай өтөбүз...
Капа болуп, кайтканыңа сенде ой жок,
Кабагыма кар жааса да боройлоп...
Жерди тиктеп, элди карап... жазылдым,
Биз ким болуп калыптырбыз деп ойлоп.
Б.ЧОТУРОВА
Тегизбиз деп ойлоптурбуз кечээ биз,
Кайдан тегиз болмок элек экөөбүз?..
Жер да тегиз эмес тура жашоого,
Биз да ошондой түркүн жолдон өтөбүз...
Телегейди тегиз дедик кече биз,
Тегиздикти качан күттүк экөөбүз?..
Эл да тегиз болалбаса дүйнөдө,
Биз да көңүл тынчыталбай өтөбүз...
Капа болуп, кайтканыңа сенде ой жок,
Кабагыма кар жааса да боройлоп...
Жерди тиктеп, элди карап... жазылдым,
Биз ким болуп калыптырбыз деп ойлоп.
Б.ЧОТУРОВА
Чинар Калыбекова
Азаматсыз доске эжеке! Не деген ойлор...
11 January 2015 at 20:51
Нравится
Чолпонбек Абыкеев
понравилось
13 January 2015 at 16:20
status.html
АДАМДЫН ТАГДЫРЫ ДА ААЛАМГА ОКШОШ
Бул аалам кандай чексиз, купуялуу,
Сыры көп,катаал дагы, эң аялуу...
Адамдын тагдыры да ааламга окшош,
Бактылуу болот кээде, же жаралуу...
Ар адам жан дүйнөсү менен өтөт,
Акылга бербейт кээде сезим эсеп...
Өзүнө туура деген кези келсе,
Аттанып өз багытын баштап кетет...
Жашоодо көбү утулуп, азы утат,
Тагдыры буюругандар жолугушат.
Эртеси эскерүүгө айланса эгер,
Баары бир, бир тыз этип, жүрөк кысат...
Б.ЧОТУРОВА
Бул аалам кандай чексиз, купуялуу,
Сыры көп,катаал дагы, эң аялуу...
Адамдын тагдыры да ааламга окшош,
Бактылуу болот кээде, же жаралуу...
Ар адам жан дүйнөсү менен өтөт,
Акылга бербейт кээде сезим эсеп...
Өзүнө туура деген кези келсе,
Аттанып өз багытын баштап кетет...
Жашоодо көбү утулуп, азы утат,
Тагдыры буюругандар жолугушат.
Эртеси эскерүүгө айланса эгер,
Баары бир, бир тыз этип, жүрөк кысат...
Б.ЧОТУРОВА
Чолпонбек Абыкеев
понравилось
13 January 2015 at 16:20
status.html
КИМ БИЛЕТ?..
Ким билет, кимден кимдин шагы сынсын,
Турмушта көңүл калуу болот, ал чын.
Ээрчитип эртеңдерге жашоо берген,
Үмүттүн үзүлгөнүн ары кылсын!
Ким билет, кимдин кимди жарытаарын,
Жашоонун ичи салкын, сырты жалын,
Адамың аялуудай кымбат көргөн,
Арзыбай, кайдан билдиң карытаарын?!
Ким билет, таңдан улап күүгүм кечим,
Бактыны күтүү кыйын бүгүн дешим...
Турмушта көңүл калуу боло берет,
Жашатып турган үмүт үзүлбөсүн.
Б.ЧОТУРОВА
Ким билет, кимден кимдин шагы сынсын,
Турмушта көңүл калуу болот, ал чын.
Ээрчитип эртеңдерге жашоо берген,
Үмүттүн үзүлгөнүн ары кылсын!
Ким билет, кимдин кимди жарытаарын,
Жашоонун ичи салкын, сырты жалын,
Адамың аялуудай кымбат көргөн,
Арзыбай, кайдан билдиң карытаарын?!
Ким билет, таңдан улап күүгүм кечим,
Бактыны күтүү кыйын бүгүн дешим...
Турмушта көңүл калуу боло берет,
Жашатып турган үмүт үзүлбөсүн.
Б.ЧОТУРОВА
Чолпонбек Абыкеев
понравилось
13 January 2015 at 16:19
status.html
АДАМ ӨЗҮ КӨП ЖАҢЫЛАТ
Таарынычтар суудай акса,
Ойлор келет бир башка...
Пендедирбиз, биз ким элек,
Кудай кечирип жатса!
Адам өзү көп жаңылат,
Үмүт турат ары улап...
Жүрөгүнө жакын бирөө,
Жок болсо ким таарынат?
Сен таарынсаң өзүм жазам,
Болсо дагы көп катаң...
Таарынычтын кызыктыгы-
унуттурбайт эч качан!
Кечиримдүү Кудай дагы,
Терең билсек биз аны.
Таарынычтын арты таттуу,
Өмүргө окшош узагы...
б.чотурова
Таарынычтар суудай акса,
Ойлор келет бир башка...
Пендедирбиз, биз ким элек,
Кудай кечирип жатса!
Адам өзү көп жаңылат,
Үмүт турат ары улап...
Жүрөгүнө жакын бирөө,
Жок болсо ким таарынат?
Сен таарынсаң өзүм жазам,
Болсо дагы көп катаң...
Таарынычтын кызыктыгы-
унуттурбайт эч качан!
Кечиримдүү Кудай дагы,
Терең билсек биз аны.
Таарынычтын арты таттуу,
Өмүргө окшош узагы...
б.чотурова
Чолпонбек Абыкеев
понравилось
13 January 2015 at 16:19
status.html
КАРА ТИЗМЕ
Карабактын көргөндөй каргаларын,
Кабагыңды карыштап салба жаным.
Качандыр бир ойлонтот дебептирмин,
Кара тизме кимдерге арналарын.
Карабактын көргөндөй каргаларын,
Кайдан билдим кара ойго арбаларың,
Кара тизме “коңк” өчүп телефондо.
Качан минтип койгонсуң-таң каларым.
Кайыл кылып жок менен барга баарын,
Кандай эле кат жазган тамгаларың!
Капыс сени эстетти кара тизмең,
Карабактын көргөндөй каргаларын!
Карабактын көргөндөй каргаларын,
Кабагыңды карыштап салба жаным.
Качандыр бир ойлонтот дебептирмин,
Кара тизме кимдерге арналарын.
Карабактын көргөндөй каргаларын,
Кайдан билдим кара ойго арбаларың,
Кара тизме “коңк” өчүп телефондо.
Качан минтип койгонсуң-таң каларым.
Кайыл кылып жок менен барга баарын,
Кандай эле кат жазган тамгаларың!
Капыс сени эстетти кара тизмең,
Карабактын көргөндөй каргаларын!
Чолпонбек Абыкеев
понравилось
13 January 2015 at 16:18
status.html
БАШКА ЭЛЕ, БИЛСЕҢ БАШКАЛАР...
Башка эле, билсең башкалар,
Мен эмес элем ташка алаар...
Чийилип кара тизмеңде,
Не кылдым сага кас санаар?
Башка эле, билсең башкалар,
Бакытым дегем мактанаар.
Көңүлдүн сынган жеринде,
Көзүмдөн тамган жаш калаар...
Башка эле, билсең башкалар,
Актанчы... болсоң актанаар...
Өзүңө карап тон бычсаң,
Өзөгүң өрттөп от салаар.
Түбөлүк кетчү жак барар
күн келер бир күн аттанаар...
Катарым көптүн бири эмес,
башка эле, билсең башкалар
Башка эле, билсең башкалар,
Мен эмес элем ташка алаар...
Чийилип кара тизмеңде,
Не кылдым сага кас санаар?
Башка эле, билсең башкалар,
Бакытым дегем мактанаар.
Көңүлдүн сынган жеринде,
Көзүмдөн тамган жаш калаар...
Башка эле, билсең башкалар,
Актанчы... болсоң актанаар...
Өзүңө карап тон бычсаң,
Өзөгүң өрттөп от салаар.
Түбөлүк кетчү жак барар
күн келер бир күн аттанаар...
Катарым көптүн бири эмес,
башка эле, билсең башкалар
Чолпонбек Абыкеев
понравилось
18 December 2014 at 16:34
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
АЙ, МЕНИН ЖАМГЫРЫМ КАРГА АЙЛАНГАН
Каалабас карегим жанбай жарык,
Чакырган бир жерге барбай калып,
Кыялдуу жол четин аяп басам,
Кеч күздүн жамгыры карга айланып.
Кездерде таң атып, кеч кирбеген,
Сүйлөшкүм келбестен ким менен.
Мен дагы жамгырдан карга айланып
Оюм көп колумду жеткирбеген?!
Куланып жылаңач бутактардан,
Жамгырдын тамчысы сызат кардан.
Күлкүмдү табалбай бүктөмүнөн,
Күндөргө кылчаям узак калган...
Жалгызмын... күүгүм кеч көз байланган,
Күткөн жер кечиргин барбай калган...
А көрөк сени эстөө кандай жакшы,
Ай, менин жамгырым карга айланган!
Б.ЧОТУРОВА
Каалабас карегим жанбай жарык,
Чакырган бир жерге барбай калып,
Кыялдуу жол четин аяп басам,
Кеч күздүн жамгыры карга айланып.
Кездерде таң атып, кеч кирбеген,
Сүйлөшкүм келбестен ким менен.
Мен дагы жамгырдан карга айланып
Оюм көп колумду жеткирбеген?!
Куланып жылаңач бутактардан,
Жамгырдын тамчысы сызат кардан.
Күлкүмдү табалбай бүктөмүнөн,
Күндөргө кылчаям узак калган...
Жалгызмын... күүгүм кеч көз байланган,
Күткөн жер кечиргин барбай калган...
А көрөк сени эстөө кандай жакшы,
Ай, менин жамгырым карга айланган!
Б.ЧОТУРОВА
Uploading
Error loading page. Retry in 15 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.