Отписывайтесь от событий, которые не интересны
Чтобы отписаться от новостей другого пользователя, щелкните на значке настроек в этом событии и выберите нужный пункт.
Бактыгул Чотурова
добавила запись
28 июля 2014 в 14:09
user-post.html
САЛАМ, САЛАМ САГЫНЫЧТУУ ЫРЛАРДАН
Өмүр менен өрүлүшкөн жылдардан,
Өтөт-кетет кимге бакыт, кимге арман?!
Сагынычтуу жолугушсун адамдар,
Салам, салам жүрөктөгү ырлардан!
Абалтадан айтылган көп жыргалдан,
Адамзатты тазартууга ыр калган.
Унуталы бир аз турмуш түйшүгун,
Салам, салам жанга жагым ырлардан!
Көкүрөктө болсо дагы сыр калган,
Көрүшүүдөн сезим турар нурданган.
Саргайбасын санаа тартып көңүлдөр,
Салам, салам сагынычтуу ырлардан!
Түбөлүктүү эмес дүйнө бул жалган,
Түркүк болуп өлбөстүккө ким калган?!
Сагынычын жан-дүйнөнүн жазууга,
Салам, салам көңүлдөгү ырлардан!
Бактыгул Чотурова
Өмүр менен өрүлүшкөн жылдардан,
Өтөт-кетет кимге бакыт, кимге арман?!
Сагынычтуу жолугушсун адамдар,
Салам, салам жүрөктөгү ырлардан!
Абалтадан айтылган көп жыргалдан,
Адамзатты тазартууга ыр калган.
Унуталы бир аз турмуш түйшүгун,
Салам, салам жанга жагым ырлардан!
Көкүрөктө болсо дагы сыр калган,
Көрүшүүдөн сезим турар нурданган.
Саргайбасын санаа тартып көңүлдөр,
Салам, салам сагынычтуу ырлардан!
Түбөлүктүү эмес дүйнө бул жалган,
Түркүк болуп өлбөстүккө ким калган?!
Сагынычын жан-дүйнөнүн жазууга,
Салам, салам көңүлдөгү ырлардан!
Бактыгул Чотурова
Муратбек Андакулов
Рахмат рахмат ырларынызга.
28 июля 2014 в 16:19
Нравится