Unsubscribe from irrelevant news
To unsubscribe from another user's news, click the settings icon in this post and select the necessary option.
Все
Guestbook
More
Айнагул Чотурова
понравилось
5 January 2017 at 7:04
6 comments
Светлана Чепелева
5 January 2017 at 17:04
Нравится
Айнагул Чотурова
понравилось
5 January 2017 at 7:02
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ЖУРОГУМ СЕНИН АЛАКАНЫНДА КАЛГАНДАЙ
Журогум сенин алаканында калгандай,
Суйоорун тегин, сен аны мыкчып салгандай
кысылат белем, куушуруп келген ойлордон
ысылап денем, арынан тутот зарланбай.
Келбеси анык, келбесин кундор арабок,
Толгосу жабык, жолдорду биздин кара, бек.
Жерден ун чыкса, менден ун чыкпас сураба,
Коктон кун чыкса, сенден кун чыкпас мага деп!
Кузотом калгыс конулду кирпик жумулбай,
Туз экен жалгыз намыстын жолу бурулбай.
Сен эле дуйнон туголдой боло бербестир,
Дегеле суйгон жолдош жок мага ырымдай!
Журогум сенин алаканында калгандай,
Суйоорун тегин, сен аны мыкчып салгандай
кысылат белем, куушуруп келген ойлордон
ысылап денем, арынан тутот зарланбай.
Келбеси анык, келбесин кундор арабок,
Толгосу жабык, жолдорду биздин кара, бек.
Жерден ун чыкса, менден ун чыкпас сураба,
Коктон кун чыкса, сенден кун чыкпас мага деп!
Кузотом калгыс конулду кирпик жумулбай,
Туз экен жалгыз намыстын жолу бурулбай.
Сен эле дуйнон туголдой боло бербестир,
Дегеле суйгон жолдош жок мага ырымдай!
Айнагул Чотурова
понравилось
5 January 2017 at 7:02
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ДЕН СООЛУК СҮЙҮҮНҮН ДА БАЙЛЫГЫ ЭКЕН
Бекер сөз-айтып жүргөн, бал таттуу деп,
Адамга ишен айтса жан таттуу деп.
Ден соолук жаш-карынын жарашыгы,
Өмүрдү узартканы эң башкы кеп,
Ишенбей опурталдуу дөөлөтүңө,
Ишенүү оң жакшысы мээнетиңе.
Ден соолук керек ушул экөөнө тең,
Келтирген кемелиңе, келбетиңе.
Ден соолук сүйүүнүн да байлыгы экен,
Керексиң ким бирөөгө кымбат деген!
Жеңесиң, жеңилесиң турмуш-күрөш,
Жетесиң максаттарга нечен, нечен.
Ойлорум алыс кетет кээде менин,
Көргөндө ооруганын бирөөлөрдүн.
Башканы тапсаң болот эмгек менен,
А көрөк ден соолукту тилей бергин. more…
Бекер сөз-айтып жүргөн, бал таттуу деп,
Адамга ишен айтса жан таттуу деп.
Ден соолук жаш-карынын жарашыгы,
Өмүрдү узартканы эң башкы кеп,
Ишенбей опурталдуу дөөлөтүңө,
Ишенүү оң жакшысы мээнетиңе.
Ден соолук керек ушул экөөнө тең,
Келтирген кемелиңе, келбетиңе.
Ден соолук сүйүүнүн да байлыгы экен,
Керексиң ким бирөөгө кымбат деген!
Жеңесиң, жеңилесиң турмуш-күрөш,
Жетесиң максаттарга нечен, нечен.
Ойлорум алыс кетет кээде менин,
Көргөндө ооруганын бирөөлөрдүн.
Башканы тапсаң болот эмгек менен,
А көрөк ден соолукту тилей бергин. more…
Айнагул Чотурова
понравилось
5 January 2017 at 7:01
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Жумшак кар
Кыштын алды, жаады бүгүн жумшак кар,
Анын мендей жумшактыгын ким барктаар?!
Жан дүйнөмдү кыйнап суроо салышат,
Жаздыгымдын алдындагы ыр саптар.
Жумшактыкты ар ким көрөт ар кандай,
Ак кар мага аппак аткан таңдардай.
Бир күн келип, бир күн кетер өмүр деп,
Биз жашаган ушул дүйнө жалгандай.
Жалган болсо неге көңүл калтырып,
Каталыктан жумшак кардай жанчылып.
Кудай берген тирүүлүктү кор кылып,
Баалашпайбыз өзүбүздү бар туруп.
Менде дагы жумшактык бар ашыкча,
Ызалыкка ыйласам да жашыкча.
Тоодо өсүп, тоодон алгам мүнөздү,
Тосуп коём ким бирөөдөн таш учса. more…
Кыштын алды, жаады бүгүн жумшак кар,
Анын мендей жумшактыгын ким барктаар?!
Жан дүйнөмдү кыйнап суроо салышат,
Жаздыгымдын алдындагы ыр саптар.
Жумшактыкты ар ким көрөт ар кандай,
Ак кар мага аппак аткан таңдардай.
Бир күн келип, бир күн кетер өмүр деп,
Биз жашаган ушул дүйнө жалгандай.
Жалган болсо неге көңүл калтырып,
Каталыктан жумшак кардай жанчылып.
Кудай берген тирүүлүктү кор кылып,
Баалашпайбыз өзүбүздү бар туруп.
Менде дагы жумшактык бар ашыкча,
Ызалыкка ыйласам да жашыкча.
Тоодо өсүп, тоодон алгам мүнөздү,
Тосуп коём ким бирөөдөн таш учса. more…
Айнагул Чотурова
понравилось
5 January 2017 at 7:01
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Кайра кайтып жаратылам
Сезимди айттың неге терең...
Мен тор жайган эмес элем,
Сен эмнеге түштүң билбейм,
Шамал ойнойт тереземен.
Торду оозанба суранамын,
Неге антти деп убарамын.
Керек болсо сезим үчүн,
Кереги жок убаданын.
Эркиндикти жакшы көрөм,
Ээндикти, жолду кенен,
анан дагы аёолорду.
Демек, торду неге өрөм?!
Жалынтчудай жакын басуу,
Жамгырга окшоп басылбачу,
“Коркунучтуу” бактымсыңбы,
Не болсо да чакырбачы.
Жалгыздыкта кала турам,
Ырлар менен таң атырам.
Кайрыктарды жазданам да,
Кайра кайтып жаратылам!
Сезимди айттың неге терең...
Мен тор жайган эмес элем,
Сен эмнеге түштүң билбейм,
Шамал ойнойт тереземен.
Торду оозанба суранамын,
Неге антти деп убарамын.
Керек болсо сезим үчүн,
Кереги жок убаданын.
Эркиндикти жакшы көрөм,
Ээндикти, жолду кенен,
анан дагы аёолорду.
Демек, торду неге өрөм?!
Жалынтчудай жакын басуу,
Жамгырга окшоп басылбачу,
“Коркунучтуу” бактымсыңбы,
Не болсо да чакырбачы.
Жалгыздыкта кала турам,
Ырлар менен таң атырам.
Кайрыктарды жазданам да,
Кайра кайтып жаратылам!
Айнагул Чотурова
понравилось
5 January 2017 at 6:59
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Эмне жетсин...
Келип кетер өмүрдүн күчүн жеген,
Кең дүйнөнү барбы айтчу бүтүн деген.
Кемигенин көңүлдүн толтурарлык,
Кезигүүлөр учурайт күтүлбөгөн.
Жакшы жерге барганда карап кылдат,
Көрбөгөндү көрөсүң жагымдуураак.
Жакшы адамга жолугуп сүйлөшкөндө,
Укпаганды угасың жаның жыргап.
Бардык күнү жашоонун бирдей эмес,
Бардык адам калтырбаc гүлдөй элес.
Бирөөнү күн чыккандай тоскуң келсе,
Бирөөлөргө болосуң күлбөй мерес.
Миң, миң киши агылса канбазарда,
Саламынды берерсиң каалаганга.
Эсте калар күндөрдүн алды болор,
Эмне жетсин бир жүрөк баалаганга.
Келип кетер өмүрдүн күчүн жеген,
Кең дүйнөнү барбы айтчу бүтүн деген.
Кемигенин көңүлдүн толтурарлык,
Кезигүүлөр учурайт күтүлбөгөн.
Жакшы жерге барганда карап кылдат,
Көрбөгөндү көрөсүң жагымдуураак.
Жакшы адамга жолугуп сүйлөшкөндө,
Укпаганды угасың жаның жыргап.
Бардык күнү жашоонун бирдей эмес,
Бардык адам калтырбаc гүлдөй элес.
Бирөөнү күн чыккандай тоскуң келсе,
Бирөөлөргө болосуң күлбөй мерес.
Миң, миң киши агылса канбазарда,
Саламынды берерсиң каалаганга.
Эсте калар күндөрдүн алды болор,
Эмне жетсин бир жүрөк баалаганга.
Айнагул Чотурова
понравилось
29 December 2016 at 7:28
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
КУДАЙДЫН УРГАН КҮНҮН БИЛЕРИҢ ЧЫН...
Жарышып күндөн түшкөн күмүш жарык,
Нурдантып жүрөгүмө киришти алып.
Сезилип жалгыздыгым ошондо да,
Сен турдуң көңүлүмө бүлүк салып.
Мен неге унуталбай койдум сени,
Мезгилге десем дагы “Тойдумчу эми!”
Түгөлдөй албагандай жылдыздарды,
Түгөнбөй сен жөнүндө ойдун чеги.
Мейли сен мени унуткун, унуткунуң,
Сезбестен сезим неге тунуктугун.
Куш жемге алдангандай сөзгө алдандым,
Өзүмдү зирек сезип туруп мурун.
Сен менин сыңар өтүктүүдөй сынчым,
Мен эмес, баркың билбес алар тынчың.
Кудайдын берген күнүн билбей калсаң,
Кудайдын урган күнүн билериң чын.
Жарышып күндөн түшкөн күмүш жарык,
Нурдантып жүрөгүмө киришти алып.
Сезилип жалгыздыгым ошондо да,
Сен турдуң көңүлүмө бүлүк салып.
Мен неге унуталбай койдум сени,
Мезгилге десем дагы “Тойдумчу эми!”
Түгөлдөй албагандай жылдыздарды,
Түгөнбөй сен жөнүндө ойдун чеги.
Мейли сен мени унуткун, унуткунуң,
Сезбестен сезим неге тунуктугун.
Куш жемге алдангандай сөзгө алдандым,
Өзүмдү зирек сезип туруп мурун.
Сен менин сыңар өтүктүүдөй сынчым,
Мен эмес, баркың билбес алар тынчың.
Кудайдын берген күнүн билбей калсаң,
Кудайдын урган күнүн билериң чын.
Айнагул Чотурова
понравилось
29 December 2016 at 7:28
status.html
САРЫ ӨРҮКТӨР
Сапсары өрүктөрдү кургатылган,
Эмнеге апкелдим деп ойлобопмун.
Сырымды чечиш үчүн бир катылган,
Төгүлүп силер менен тойломокмун.
Токтодум күтүүсүздөн кыймылдсыздай,
Зыңкыйып сары өрүктөй ката тушуп.
Суз тарта тушту көөнүм алып-учпай,
Тиштерим өрүктөргө бата тушуп.
Эх, десең, мен силерди жан досторум,
Күлүңдөп күттүм эле жаздай болуп.
Бир сөздөн урап түшкөн жарга окшодум,
Черимди кете бердим жазбай толук,
кыштай тоңуп!
Сапсары өрүктөрдү кургатылган,
Эмнеге апкелдим деп ойлобопмун.
Сырымды чечиш үчүн бир катылган,
Төгүлүп силер менен тойломокмун.
Токтодум күтүүсүздөн кыймылдсыздай,
Зыңкыйып сары өрүктөй ката тушуп.
Суз тарта тушту көөнүм алып-учпай,
Тиштерим өрүктөргө бата тушуп.
Эх, десең, мен силерди жан досторум,
Күлүңдөп күттүм эле жаздай болуп.
Бир сөздөн урап түшкөн жарга окшодум,
Черимди кете бердим жазбай толук,
кыштай тоңуп!
Айнагул Чотурова
понравилось
29 December 2016 at 7:28
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ЕСЕНИНДЕЙ ЖҮРӨТ БИРӨӨ
ЫР ЖАЗЫП
Столумда Есениндин сүрөтү,
Күндө келип саламдашам таң менен.
Мени сүйгөн адамга окшош мүнөзү
Көрүнгөнсүп турганына тан берем...
Анын тунук көздөрүндө көгүлтүр
Россия чалкып жатат жана да
күн нуруна чагылышып не бир түр
Толуп турат бизди сүйгөн замана.
Энчи буйруп түбөлүктүү ырлардан,
Есениндей эскирбес не касиет?!
Даңазасы өлбөстүккө ким калган,
Бирок адам тагдырына баш иет.
Чындап келсе жазмыш буйруп бүтүмгө,
Сүйүүдөн да кутулмакчы ким качып.
Шаганесин бек кучактап түшүндө,
Есениндей жүрөт бирөө ыр жазып.
ЫР ЖАЗЫП
Столумда Есениндин сүрөтү,
Күндө келип саламдашам таң менен.
Мени сүйгөн адамга окшош мүнөзү
Көрүнгөнсүп турганына тан берем...
Анын тунук көздөрүндө көгүлтүр
Россия чалкып жатат жана да
күн нуруна чагылышып не бир түр
Толуп турат бизди сүйгөн замана.
Энчи буйруп түбөлүктүү ырлардан,
Есениндей эскирбес не касиет?!
Даңазасы өлбөстүккө ким калган,
Бирок адам тагдырына баш иет.
Чындап келсе жазмыш буйруп бүтүмгө,
Сүйүүдөн да кутулмакчы ким качып.
Шаганесин бек кучактап түшүндө,
Есениндей жүрөт бирөө ыр жазып.
Айнагул Чотурова
понравилось
29 December 2016 at 7:25
status.html
КЕЙҮҮ
Чыкты неге жигит алдыман,
Көрсөм болмок экен башка убак.
Мезгилинен мурда карыган,
Боздоп турду кайран жаш курак!
Карегинде аруу таң атпай,
Кунарсыз от араң бүлбүлдөп.
Кийимине кийген жарашпай,
Кирдеп турду кайран күлгүн кез!
Кетпей турдум биз аз толгонуп,
Сүйөт деп бул кимди ичимде.
Мастык бийлеп, жаштык кор болуп,
ыйлап турду анын жүзүндө.
Келе жатсам дагы элеңдеп...
«Каруу кетип, кылдың мажүрөө.
Кайран кезде жалын элем» деп,
Карылыгын жерийт да бирөө...
Чыкты неге жигит алдыман,
Көрсөм болмок экен башка убак.
Мезгилинен мурда карыган,
Боздоп турду кайран жаш курак!
Карегинде аруу таң атпай,
Кунарсыз от араң бүлбүлдөп.
Кийимине кийген жарашпай,
Кирдеп турду кайран күлгүн кез!
Кетпей турдум биз аз толгонуп,
Сүйөт деп бул кимди ичимде.
Мастык бийлеп, жаштык кор болуп,
ыйлап турду анын жүзүндө.
Келе жатсам дагы элеңдеп...
«Каруу кетип, кылдың мажүрөө.
Кайран кезде жалын элем» деп,
Карылыгын жерийт да бирөө...
Айнагул Чотурова
понравилось
29 December 2016 at 7:25
status.html
ӨКСҮК БУТАК
Өмүрдөй агып узактан,
Суу шары коштоп жел келет.
Тигинде чакан бутак тал,
Агымды санап термелет.
Жантайып турбай эңилип,
Неге өксүп калган жаш бутак?
Душмандай ага көрүнүп,
Тамырын жээктен таш тутат.
Айла жок сууну чапкылайт.
Асманга тике өсалбай.
Аны аяп суудан жаш кулайт,
Тагдырлар жокпу эх, андай!
Өмүрдөй агып узактан,
Суу шары коштоп жел келет.
Тигинде чакан бутак тал,
Агымды санап термелет.
Жантайып турбай эңилип,
Неге өксүп калган жаш бутак?
Душмандай ага көрүнүп,
Тамырын жээктен таш тутат.
Айла жок сууну чапкылайт.
Асманга тике өсалбай.
Аны аяп суудан жаш кулайт,
Тагдырлар жокпу эх, андай!
Айнагул Чотурова
понравилось
29 December 2016 at 7:24
status.html
БУРГАНАК
Элеп карды бурганак,
Эшикте кыш сурданат.
Тентек бороон чакырат
Тереземди тырмалап.
Чыксам колун булгалап,
Элесиңден нур жанат.
Кыш шамалы бастырбайт
Чачтарымды жулмалап.
Борошодон уурданат,
Көзүм жыргап, жыргал ах!
Өзүм калып ордумда,
Менден мурун ыр барат...
Тарс учуруп бурганак,
Таппай калдым миң карап.
Түпсүз ушул дүйнөдө
Түбөлүктүү ким калат?!
Элеп карды бурганак,
Эшикте кыш сурданат.
Тентек бороон чакырат
Тереземди тырмалап.
Чыксам колун булгалап,
Элесиңден нур жанат.
Кыш шамалы бастырбайт
Чачтарымды жулмалап.
Борошодон уурданат,
Көзүм жыргап, жыргал ах!
Өзүм калып ордумда,
Менден мурун ыр барат...
Тарс учуруп бурганак,
Таппай калдым миң карап.
Түпсүз ушул дүйнөдө
Түбөлүктүү ким калат?!
Айнагул Чотурова
понравилось
14 December 2016 at 13:49
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ТАГДЫР
Тагдырдан деп өзүбүздү сооротуп,
Көп нерсени колубуздан чыгарып,
Ийнебизди түшүргөндөй жоготуп,
Бешенеден жазуу күтүп турабыз.
Тагдырдан деп, өзүбүздү кубантып,
Жакшылыкка оттой күйүп, жанабыз,
Мойнубузга шыбагалуу жүк артып,
Бул жашоону неге сүйүп калабыз?
Жашоо бирок сүйүүлөрдөн жаралган,
Бизди сүйүп, өзүн кайра сүйдүрүп,
Жүрөктөргө кыттай болуп кадалган,
Тагдыр гана бир ыйлайт да, бир күлүп.
Чоочун үнгө оңой моюн бербеген,
Кээде айкөл, кээде мерез аягыс.
Биз тагдырды жасап алып кол менен,
Кайра неге алаканды жаябыз
Тагдырдан деп өзүбүздү сооротуп,
Көп нерсени колубуздан чыгарып,
Ийнебизди түшүргөндөй жоготуп,
Бешенеден жазуу күтүп турабыз.
Тагдырдан деп, өзүбүздү кубантып,
Жакшылыкка оттой күйүп, жанабыз,
Мойнубузга шыбагалуу жүк артып,
Бул жашоону неге сүйүп калабыз?
Жашоо бирок сүйүүлөрдөн жаралган,
Бизди сүйүп, өзүн кайра сүйдүрүп,
Жүрөктөргө кыттай болуп кадалган,
Тагдыр гана бир ыйлайт да, бир күлүп.
Чоочун үнгө оңой моюн бербеген,
Кээде айкөл, кээде мерез аягыс.
Биз тагдырды жасап алып кол менен,
Кайра неге алаканды жаябыз
Айнагул Чотурова
понравилось
14 December 2016 at 13:49
status.html
“ЭМНЕГЕ КөРүНБөЙСүң?” ДЕП СУРАЙСЫң
Тагдырдын бактысын же ыйлатканын,
Жүргөнүм билесиңби кыйнап жаным.
“Эмнеге көрүнбөйсүң?” деп сурайсың,
Көрбөдүм көрүнгөндөр “кыйратканын”.
Көрүнүп басып жүргөн күндөр менен,
Көрүнбөй көп иштерге илгерлеген-
Мээлеген бийик, таза максаттардын,
Мээнеттүү азаптарын кимдер жеген?!
Барында алтын өмүр, көөнүм бүтүн,
Эстээр деп иштеп жүрөм эртең үчүн.
Дыйкандай болуп алгам сөздү багып,
Көрүнбөй жүргөнүмдү өзүң түшүн.
Тагдырдын бактысын же ыйлатканын,
Жүргөнүм билесиңби кыйнап жаным.
“Эмнеге көрүнбөйсүң?” деп сурайсың,
Көрбөдүм көрүнгөндөр “кыйратканын”.
Көрүнүп басып жүргөн күндөр менен,
Көрүнбөй көп иштерге илгерлеген-
Мээлеген бийик, таза максаттардын,
Мээнеттүү азаптарын кимдер жеген?!
Барында алтын өмүр, көөнүм бүтүн,
Эстээр деп иштеп жүрөм эртең үчүн.
Дыйкандай болуп алгам сөздү багып,
Көрүнбөй жүргөнүмдү өзүң түшүн.
Айнагул Чотурова
понравилось
14 December 2016 at 13:37
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
СЕН БАРСЫҢ
Жазмыштын жолу далай кыстаганда,
Жанымды калем кылып учтаганда...
Сен барсың күндөй тиктеп күнү бою,
Сен барсың жылдыздуу түн уктаганда.
Кез келип сүйбөгөндө... сүйгөнүмдө,
Сезилип сезимимдин бир жеринде,
Сен барсың тынч албаган жүрөгүмдө,
Сен барсың көздөрүмдүн күлгөнүндө.
Бирөөгө таарынсам да кыйбаганда,
Өкүттөн өзүмө-өзүм сыйбаганда.
Сен барсың сылап өткөн жылуу желде,
Сен барсың ийним дирт деп ыйлаганда.
Бактымда, кубанчымда, кайгы-муңда,
Айлантып өмүрдө көп айды жылга,
Сен барсың өлбөстүктү ырдап калган,
Сен барсың музыканын кайрыгында.
Турмуштан утканым же сынганымда, more…
Жазмыштын жолу далай кыстаганда,
Жанымды калем кылып учтаганда...
Сен барсың күндөй тиктеп күнү бою,
Сен барсың жылдыздуу түн уктаганда.
Кез келип сүйбөгөндө... сүйгөнүмдө,
Сезилип сезимимдин бир жеринде,
Сен барсың тынч албаган жүрөгүмдө,
Сен барсың көздөрүмдүн күлгөнүндө.
Бирөөгө таарынсам да кыйбаганда,
Өкүттөн өзүмө-өзүм сыйбаганда.
Сен барсың сылап өткөн жылуу желде,
Сен барсың ийним дирт деп ыйлаганда.
Бактымда, кубанчымда, кайгы-муңда,
Айлантып өмүрдө көп айды жылга,
Сен барсың өлбөстүктү ырдап калган,
Сен барсың музыканын кайрыгында.
Турмуштан утканым же сынганымда, more…
Айнагул Чотурова
понравилось
14 December 2016 at 13:37
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
СҮЙҮҮ КЕЧИ
Көңүлдүн черин жазып,
Көздөрдөн сүйүү чачып.
Жол түшүп сүйгөндөгө,
Жолугуу кандай бакыт!
Кезигүү кандай бакыт!
Гүл кармап колдорума,
Бактылуу болгонума,
Мен сени көрүү үчүн,
Баратам жолдо мына!
Гүл кармап колдорума,
Баратам жолдо мына!
Күн болуп көрүнөсүң,
Нур болуп төгүлөсүң.
Керемет сезим берди,
Кезиккен ушул кечим,
Кечиккен ушул кечим...
Өмүр аз ойлоп көрсөң,
Өкүттө калба эртең.
Эритип жүрөгүмдү,
Эркелеп алчы эркем.
Өмүр аз ойлоп көрсөң,
Эркелеп алчы эркем!
Артылып колдор аста,
Арбалып махабатка,
Айланып бийлейличи,
Арманды таштап артка,
Айланып махабатка. more…
Көңүлдүн черин жазып,
Көздөрдөн сүйүү чачып.
Жол түшүп сүйгөндөгө,
Жолугуу кандай бакыт!
Кезигүү кандай бакыт!
Гүл кармап колдорума,
Бактылуу болгонума,
Мен сени көрүү үчүн,
Баратам жолдо мына!
Гүл кармап колдорума,
Баратам жолдо мына!
Күн болуп көрүнөсүң,
Нур болуп төгүлөсүң.
Керемет сезим берди,
Кезиккен ушул кечим,
Кечиккен ушул кечим...
Өмүр аз ойлоп көрсөң,
Өкүттө калба эртең.
Эритип жүрөгүмдү,
Эркелеп алчы эркем.
Өмүр аз ойлоп көрсөң,
Эркелеп алчы эркем!
Артылып колдор аста,
Арбалып махабатка,
Айланып бийлейличи,
Арманды таштап артка,
Айланып махабатка. more…
Айнагул Чотурова
понравилось
14 December 2016 at 13:37
status.html
БИР ЖҮРӨК
Аткан таңдан кирген кечтер сүрдүүрөөк,
Агат өмүр күндөрүмдү түрдүүлөп.
Кең болсо да келип-кетер бул дүйнө,
Кеңешчимден кейигеним ким билет?!
Кимдер гана катарымда бир жүрөт,
Кичирбеске кабагымдан күн күлөт.
Жашоо татаал, сыйынан да сыны көп,
Жалгыздыктан жабыркаарым ким билеи?!
Тагдыр бирок калчаса да кимди көп,
Табаар бакыт сезгенсиймин “Чынбы?” деп.
Жазды ээрчитип келаткансып мен жакка,
Жашагымды келтиргенсийт бир жүрөк!
Аткан таңдан кирген кечтер сүрдүүрөөк,
Агат өмүр күндөрүмдү түрдүүлөп.
Кең болсо да келип-кетер бул дүйнө,
Кеңешчимден кейигеним ким билет?!
Кимдер гана катарымда бир жүрөт,
Кичирбеске кабагымдан күн күлөт.
Жашоо татаал, сыйынан да сыны көп,
Жалгыздыктан жабыркаарым ким билеи?!
Тагдыр бирок калчаса да кимди көп,
Табаар бакыт сезгенсиймин “Чынбы?” деп.
Жазды ээрчитип келаткансып мен жакка,
Жашагымды келтиргенсийт бир жүрөк!
Айнагул Чотурова
понравилось
14 December 2016 at 13:36
status.html
БИЗ КИМ БОЛУП КАЛЫПТЫРБЫЗ...
Тегизбиз деп ойлоптурбуз кечээ биз,
Кайдан тегиз болмок элек экөөбүз?..
Жер да тегиз эмес тура жашоого,
Биз да ошондой түркүн жолдон өтөбүз...
Телегейди тегиз дедик кече биз,
Тегиздикти качан күттүк экөөбүз?..
Эл да тегиз болалбаса дүйнөдө,
Биз да көңүл тынчыталбай өтөбүз...
Капа болуп, кайтканыңа сенде ой жок,
Кабагыма кар жааса да боройлоп...
Жерди тиктеп, элди карап... жазылдым,
Биз ким болуп калыптырбыз деп ойлоп.
Тегизбиз деп ойлоптурбуз кечээ биз,
Кайдан тегиз болмок элек экөөбүз?..
Жер да тегиз эмес тура жашоого,
Биз да ошондой түркүн жолдон өтөбүз...
Телегейди тегиз дедик кече биз,
Тегиздикти качан күттүк экөөбүз?..
Эл да тегиз болалбаса дүйнөдө,
Биз да көңүл тынчыталбай өтөбүз...
Капа болуп, кайтканыңа сенде ой жок,
Кабагыма кар жааса да боройлоп...
Жерди тиктеп, элди карап... жазылдым,
Биз ким болуп калыптырбыз деп ойлоп.
Айнагул Чотурова
понравилось
14 December 2016 at 13:15
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ООРУТПА ЖҮРӨГҮҢДҮ
Жүрөгүм ооруду деп айта көрбө,
Бар беле өмүр өтсө кайта келме.
Жарыкты жалган дүйнө аташат не,
Билбейбиз чын дүйнөнү кайда, эмне?
Ажайып аалам менен аралашып,
Кыялдар максаттарга ала качып.
Көңүлдү көтөрүшүп тирүүлүктө,
Көздөрдү көздөр көргөн кандай бакыт!
Турмуштун тартпайт дейсиң ким азабын,
Амандык менен дөөлөт тура жаның.
Оор күн өткөн чакта эми бизден,
Оорутпа жүрөгүңдү суранамын!
Бактыны өмүр бою күтүп жүргөн,
Келеби, келбейби аны кимдер билген.
Бизди эми ошончодон жолуктурса,
Жүрөгүң багып башта ушул күндөн.
Жүрөгүм ооруду деп айта көрбө,
Бар беле өмүр өтсө кайта келме.
Жарыкты жалган дүйнө аташат не,
Билбейбиз чын дүйнөнү кайда, эмне?
Ажайып аалам менен аралашып,
Кыялдар максаттарга ала качып.
Көңүлдү көтөрүшүп тирүүлүктө,
Көздөрдү көздөр көргөн кандай бакыт!
Турмуштун тартпайт дейсиң ким азабын,
Амандык менен дөөлөт тура жаның.
Оор күн өткөн чакта эми бизден,
Оорутпа жүрөгүңдү суранамын!
Бактыны өмүр бою күтүп жүргөн,
Келеби, келбейби аны кимдер билген.
Бизди эми ошончодон жолуктурса,
Жүрөгүң багып башта ушул күндөн.
Uploading
Error loading page. Retry in 15 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.