Doolotbek Sydykov
was last seen 3 January at 17:02
42 года
/
Бишкек, Киргизия (Кыргызстан)
Unsubscribe from irrelevant news
To unsubscribe from another user's news, click the settings icon in this post and select the necessary option.
Все
Guestbook
More
Doolotbek Sydykov
subscribed to 5 groups
23 February 2016 at 13:44
community-join.html
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:51
status.html
СЕНИ ТҮШ КӨРГӨНДӨ
Ойлорум көбү келип күткөн менде,
Ойгонуп уйкум канып бүткөн ченде...
Тилеймин күбүрөнүп жакшылыкты,
Тирмийип тиктегенсип үнсүз бөлмө,
Сени түш көргөндө...
Саргайып сагынычка түтпөгөндө,
Салмактуу жүк тургансып бүт денемде
Олтуруп куш уйкудан чочуп кетип,
Атыңды атайм сыйкыр күч жеңгенде...
Сени түш көргөндө...
Кубанам жакшы түштөр туш келгенде,
Жашоо го көрксүз үмүт үзгөн жерде.
Пенденин пейилине берет дешет,
Жакшылык тилеп турам түш көргөндө,
Сени түш көргөндө...
Б.ЧОТУРОВА
Ойлорум көбү келип күткөн менде,
Ойгонуп уйкум канып бүткөн ченде...
Тилеймин күбүрөнүп жакшылыкты,
Тирмийип тиктегенсип үнсүз бөлмө,
Сени түш көргөндө...
Саргайып сагынычка түтпөгөндө,
Салмактуу жүк тургансып бүт денемде
Олтуруп куш уйкудан чочуп кетип,
Атыңды атайм сыйкыр күч жеңгенде...
Сени түш көргөндө...
Кубанам жакшы түштөр туш келгенде,
Жашоо го көрксүз үмүт үзгөн жерде.
Пенденин пейилине берет дешет,
Жакшылык тилеп турам түш көргөндө,
Сени түш көргөндө...
Б.ЧОТУРОВА
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:50
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
АДАМДАР БИРИН-БИРИ ЫЙЛАТПАСА
Мезгилге тең жарышкан күндөр өтүп,
Турмушта бирде жетпей, бирде жетип...
Бүгүн бар, эртең жогун билип туруп,
Бул жашоо арттырды экен кимге кешик?!
Андыктан арты өкүнүч, алды кызык,
Бүт өмүр көз ирмемден өтүп учуп,
Бир күн бар-тапканыңдын баарын таштап,
Кетесиң топуракка жуурулушуп.
Адамдар окшош дешет туулганда,
Анан да өлгөндө окшош угулганга,
Айлынан тирүүлүктүн узап жатып,
Соңку ирет солк эте албай жуулганда...
Жылаңач келген өңдүү адам жаны,
Жылаңач кетет дешет бирдей баары!
Жок болуп бир кылк жуткан шилекейдей,
Өмүрдүн кимге кору, кимге зары....
Мезгилге тең жарышкан күндөр өтүп,
Турмушта бирде жетпей, бирде жетип...
Бүгүн бар, эртең жогун билип туруп,
Бул жашоо арттырды экен кимге кешик?!
Андыктан арты өкүнүч, алды кызык,
Бүт өмүр көз ирмемден өтүп учуп,
Бир күн бар-тапканыңдын баарын таштап,
Кетесиң топуракка жуурулушуп.
Адамдар окшош дешет туулганда,
Анан да өлгөндө окшош угулганга,
Айлынан тирүүлүктүн узап жатып,
Соңку ирет солк эте албай жуулганда...
Жылаңач келген өңдүү адам жаны,
Жылаңач кетет дешет бирдей баары!
Жок болуп бир кылк жуткан шилекейдей,
Өмүрдүн кимге кору, кимге зары....
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:48
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
МЕН СЕНИ ЖОГОТУП АЛБАСАМ ДЕЙМ
Жүрөгүм өзүң дейт, арнасам бейм,
Мертинүү азабын ар качан жейм!
Мээнети көп жолдон бакыт сунбай,
Мен сени таарынтып албасам дейм!
Жылдардын жалынан кармасам бейм,
Жыгылуу азабын ар качан жейм...
Мейли эле өзүмдү аябасам,
Мен сени оорутуп албасам дейм!
Алгачкы адашуу каргашам бейм,
Армандын азабын ар качан жейм.
Мезгилден кечиккен тагдырыбыз...
Мен сени жоготуп албасам дейм!
Өзгөнүн чаңында калбасам дейм,
Өзүңсүз азапты ар качан жейм.
Өлүмдү көрүү бар акыр бир күн,
Өзүмдү бактыга арнасам бейм!
Б.ЧОТУРОВА
Жүрөгүм өзүң дейт, арнасам бейм,
Мертинүү азабын ар качан жейм!
Мээнети көп жолдон бакыт сунбай,
Мен сени таарынтып албасам дейм!
Жылдардын жалынан кармасам бейм,
Жыгылуу азабын ар качан жейм...
Мейли эле өзүмдү аябасам,
Мен сени оорутуп албасам дейм!
Алгачкы адашуу каргашам бейм,
Армандын азабын ар качан жейм.
Мезгилден кечиккен тагдырыбыз...
Мен сени жоготуп албасам дейм!
Өзгөнүн чаңында калбасам дейм,
Өзүңсүз азапты ар качан жейм.
Өлүмдү көрүү бар акыр бир күн,
Өзүмдү бактыга арнасам бейм!
Б.ЧОТУРОВА
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:47
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
АНСЫЗ ДЕЛЕ...
Арстандын билегин пил көтөрөт,
Ачуу, таттуу айтышты тил көтөрөт.
Алды жакты билбеске туулуп алып,
Айныймын деп тагдырдан ким көшөрөт?
Казанчыга мал кайгы кайсы ай, жылың,
Кара эчкиге жан кайгы кашайгырың...
Арзандатып өмүрдү кызганычтан,
Адам өзү кол менен жасайбы муң?!
Калкты чанып жамандап каргыш алган,
Кара жерди жамандап кайда барган?
Күмүш үндүн күнү бар токтой турган,
Күнүмдүккө берилген жашоо жалган.
Кара суунун каймагы муз эмеспи,
Казанда ашка даам берген туз эмеспи.
Түштүгүнө күн өмүр жорго минер,
Жашоо көркү бир келген биз эмеспи?!
Анда неге болбоско кайгырабыз,...
Арстандын билегин пил көтөрөт,
Ачуу, таттуу айтышты тил көтөрөт.
Алды жакты билбеске туулуп алып,
Айныймын деп тагдырдан ким көшөрөт?
Казанчыга мал кайгы кайсы ай, жылың,
Кара эчкиге жан кайгы кашайгырың...
Арзандатып өмүрдү кызганычтан,
Адам өзү кол менен жасайбы муң?!
Калкты чанып жамандап каргыш алган,
Кара жерди жамандап кайда барган?
Күмүш үндүн күнү бар токтой турган,
Күнүмдүккө берилген жашоо жалган.
Кара суунун каймагы муз эмеспи,
Казанда ашка даам берген туз эмеспи.
Түштүгүнө күн өмүр жорго минер,
Жашоо көркү бир келген биз эмеспи?!
Анда неге болбоско кайгырабыз,...
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:47
status.html
ҮМҮТ МЕНИ АЛДАДЫҢ
Аз өмүрдө арманым-
Айт, кереги барбы анын?!
Үйрүлгөнүң кубатка окшоп,
Үмүт мени алдадың!
Көп тиштедим бармагым...
Көлөкөмдөй калбадың.
Үстүңдү жаап кетсем... ачып...
Үмүт мени алдадың!
Отко, чокко кармадым,
Оюм бузуп каргадым.
Үзүлбөдүң күйгүзсөм да,
Үмүт мени алдадың!
Узак жолго арбадың,
Ушул беле жардамың?!
Үрсөм да иттей... сөөк салып...
Үмүт мени алдадың!
Түн ай, жылдыз камдадың,
Аппак атып таңдарың.
Сен экенсиң жашоо өзү,
Үмүт мени алдадың!
Б.ЧОТУРОВА
Аз өмүрдө арманым-
Айт, кереги барбы анын?!
Үйрүлгөнүң кубатка окшоп,
Үмүт мени алдадың!
Көп тиштедим бармагым...
Көлөкөмдөй калбадың.
Үстүңдү жаап кетсем... ачып...
Үмүт мени алдадың!
Отко, чокко кармадым,
Оюм бузуп каргадым.
Үзүлбөдүң күйгүзсөм да,
Үмүт мени алдадың!
Узак жолго арбадың,
Ушул беле жардамың?!
Үрсөм да иттей... сөөк салып...
Үмүт мени алдадың!
Түн ай, жылдыз камдадың,
Аппак атып таңдарың.
Сен экенсиң жашоо өзү,
Үмүт мени алдадың!
Б.ЧОТУРОВА
Ашыгам, шашылам баарына. Баардык тараптан биринчи болгум келет. Далбаластап к?т?п ж?рг?н практикама келдим. Маанай суз. Менин практикам Кыргызстан бажы биримдигине киргенине туш келди. Каалабаган... more
25 December 2014 at 22:07
Нравится
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:47
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ТҮШҮМДӨ
Түшүмдө капалуусуң... капа болдум,
Жээгинде чаңын кечип баса жолдун...
Мезгилге мык кага албай убарамын,
Мен дагы алмашалбай ката ордун.
Бирок да эстеп жүрүү кандай сонун,
Кетсем да кечиримдин албай колун.
Сезимди берген Кудай ичи кенен,
Сездирген тирүүлүктүн бары-жогун.
Тагдырдын тагдырлыгы ушу десең-
Бак консо жугат экен... жукпайт экен...
Көп киши унутулуп калган менен,
Бир киши жүрөгүңдөн чыкпайт экен.
Түшүмдө көп келчү эле жакшы белгим,
Азыр да көзүм тартат... тартат ээрдим...
Азаптын артынан бир жыргал келет,
Көзүңдөн бир жылт деген учкун көрдүм
Б.ЧОТУРОВА
Түшүмдө капалуусуң... капа болдум,
Жээгинде чаңын кечип баса жолдун...
Мезгилге мык кага албай убарамын,
Мен дагы алмашалбай ката ордун.
Бирок да эстеп жүрүү кандай сонун,
Кетсем да кечиримдин албай колун.
Сезимди берген Кудай ичи кенен,
Сездирген тирүүлүктүн бары-жогун.
Тагдырдын тагдырлыгы ушу десең-
Бак консо жугат экен... жукпайт экен...
Көп киши унутулуп калган менен,
Бир киши жүрөгүңдөн чыкпайт экен.
Түшүмдө көп келчү эле жакшы белгим,
Азыр да көзүм тартат... тартат ээрдим...
Азаптын артынан бир жыргал келет,
Көзүңдөн бир жылт деген учкун көрдүм
Б.ЧОТУРОВА
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:47
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
БАКТЫЛУУ КөРүНГөНүМ КУРУП КЕТСИН!
Сен мени бактылуу деп ойлойсуңбу,
Тоскоолдук тоголотту, койбой чынды...
Тагдырдын ташы кулап ортобузга,
Көлөкөң жүрөгүмдү толгой сынды.
Булуттар каптагандай күндүн артын
Буюгуп жол айрылыш буруп, ал чын...
Бирок да мен таарынтып алып сени,
Бактылуу жүргөндүгүм куруп калсын.
Үстүнөн карагансып туруп көктүн,
Мизине алдырып сен сынык кептин...
Ичимди ит жедирип, а сыртымдан,
Бактылуу көрүнгөнүм куруп кетсин!
Адамдар багын көрбөй жашайбы же?
Сүйүүнү сүйгөн кездер азайды не?!
Мен сенин таарынганың билип, айтпай-
бактылуу басып жүрсөм-кашайгыр де!
Б.ЧОТУРОВА
Сен мени бактылуу деп ойлойсуңбу,
Тоскоолдук тоголотту, койбой чынды...
Тагдырдын ташы кулап ортобузга,
Көлөкөң жүрөгүмдү толгой сынды.
Булуттар каптагандай күндүн артын
Буюгуп жол айрылыш буруп, ал чын...
Бирок да мен таарынтып алып сени,
Бактылуу жүргөндүгүм куруп калсын.
Үстүнөн карагансып туруп көктүн,
Мизине алдырып сен сынык кептин...
Ичимди ит жедирип, а сыртымдан,
Бактылуу көрүнгөнүм куруп кетсин!
Адамдар багын көрбөй жашайбы же?
Сүйүүнү сүйгөн кездер азайды не?!
Мен сенин таарынганың билип, айтпай-
бактылуу басып жүрсөм-кашайгыр де!
Б.ЧОТУРОВА
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:47
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
БАЛЫГЫМ
Өткөндү унтам десең баарын жеңил
Өзүң бил, биле турган маалың сенин.
Балыктай үн-сөзү жок жакын туруп,
Балким сен “таарынмактан таарын” дедиң...
Таарыныч-чакмак канттын чагымындай,
Быркырап эригенсийт агы турбай...
Таарыныч-тамагыма туруп калган,
Тартылат арык эттин чарымындай.
Балыгым, тилсиз сууда сүзүп жүргөн,
Сыйкырчы болсо сени түзүк билген,
Сыр кылып сурайт элем... салбырабай
санаалуу сагынычты үзүп күндөн.
Унчукпа, көрөм мейли муну туура,
Балыктын жаны сууда, күнү сууда...
Башканы билбесем да, бирок сени-
Өзүмдү көндүрө алам унутууга.
Б.ЧОТУРОВА
Өткөндү унтам десең баарын жеңил
Өзүң бил, биле турган маалың сенин.
Балыктай үн-сөзү жок жакын туруп,
Балким сен “таарынмактан таарын” дедиң...
Таарыныч-чакмак канттын чагымындай,
Быркырап эригенсийт агы турбай...
Таарыныч-тамагыма туруп калган,
Тартылат арык эттин чарымындай.
Балыгым, тилсиз сууда сүзүп жүргөн,
Сыйкырчы болсо сени түзүк билген,
Сыр кылып сурайт элем... салбырабай
санаалуу сагынычты үзүп күндөн.
Унчукпа, көрөм мейли муну туура,
Балыктын жаны сууда, күнү сууда...
Башканы билбесем да, бирок сени-
Өзүмдү көндүрө алам унутууга.
Б.ЧОТУРОВА
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:47
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
КУДАЙДЫН УРГАН КҮНҮН БИЛЕРИҢ ЧЫН...
Жарышып күндөн түшкөн күмүш жарык,
Нурдантып жүрөгүмө киришти алып.
Сезилип жалгыздыгым ошондо да,
Сен турдуң көңүлүмө бүлүк салып.
Мен неге унуталбай койдум сени,
Мезгилге десем дагы “Тойдумчу эми!”
Түгөлдөй албагандай жылдыздарды,
Түгөнбөй сен жөнүндө ойдун чеги.
Мейли сен мени унуткун, унуткунуң,
Сезбестен сезим неге тунуктугун.
Куш жемге алдангандай сөзгө алдандым,
Өзүмдү зирек сезип туруп мурун.
Сен менин сыңар өтүктүүдөй сынчым,
Мен эмес, баркың билбес алар тынчың.
Кудайдын берген күнүн билбей калсаң,
Кудайдын урган күнүн билериң чын.
Б.ЧОТУРОВА
Жарышып күндөн түшкөн күмүш жарык,
Нурдантып жүрөгүмө киришти алып.
Сезилип жалгыздыгым ошондо да,
Сен турдуң көңүлүмө бүлүк салып.
Мен неге унуталбай койдум сени,
Мезгилге десем дагы “Тойдумчу эми!”
Түгөлдөй албагандай жылдыздарды,
Түгөнбөй сен жөнүндө ойдун чеги.
Мейли сен мени унуткун, унуткунуң,
Сезбестен сезим неге тунуктугун.
Куш жемге алдангандай сөзгө алдандым,
Өзүмдү зирек сезип туруп мурун.
Сен менин сыңар өтүктүүдөй сынчым,
Мен эмес, баркың билбес алар тынчың.
Кудайдын берген күнүн билбей калсаң,
Кудайдын урган күнүн билериң чын.
Б.ЧОТУРОВА
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:47
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
СЕНИ КИМ ДЕСЕМ?
Көктө булутум-шамал айдаган,
Бөксө чайнегим-катуу кайнаган.
Балыгым десем барын айталбас...
Бакабалчыгым-сазда сайраган.
Торгоюм менин, тор деп кең асман,
Булбулум менин, тили тез каткан...
Бөлүнгөнү көп бөөдө тагдырдан,
Бөдөнөм менин бытпылдык айткан.
Тулпарым менин, сынган туягы,
Коёнум менин, коркок кулагы...
Жылуусу жогун билгеним менен,
Жыланым менин, уусу дары.
Сени ким десем, баарым экенсиң.
Бирде эң кымбат... бирде бекерсиң...
Өлүү дүйнөгө кадыр калтырдык...
Өкүнгөнүңдө эстеп өтөрсүң.
Б.ЧОТУРОВА
Көктө булутум-шамал айдаган,
Бөксө чайнегим-катуу кайнаган.
Балыгым десем барын айталбас...
Бакабалчыгым-сазда сайраган.
Торгоюм менин, тор деп кең асман,
Булбулум менин, тили тез каткан...
Бөлүнгөнү көп бөөдө тагдырдан,
Бөдөнөм менин бытпылдык айткан.
Тулпарым менин, сынган туягы,
Коёнум менин, коркок кулагы...
Жылуусу жогун билгеним менен,
Жыланым менин, уусу дары.
Сени ким десем, баарым экенсиң.
Бирде эң кымбат... бирде бекерсиң...
Өлүү дүйнөгө кадыр калтырдык...
Өкүнгөнүңдө эстеп өтөрсүң.
Б.ЧОТУРОВА
Doolotbek Sydykov
понравилось
16 December 2014 at 8:45
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ТААРЫНГАНЫМ ТААРЫНГАН
Тар жолунда жүргөндөйсүң кесирдин...
Табышмактуу алдооң үчүн эзилдим.
Күндөр эми күлө карап турса да,
Унуталбоо-азабымдыр өзүмдүн.
Сенчелик эч азгырбаган мени эч ким,
Сезимди ойноп ооштура берет ким?
Бактылууга бактысыз жол калтырып...
Сен бирөөнү сүйүп көргөн эмессиң!
Сен бирөөнү бактылуу да кылбайсың,
Себеби түк бир ордуңда турбайсың.
Түбөлүктү күнүмдүккө алмашып,
Сен өзүңдүн бактынды да уурдайсың.
Тааныбассың жат бекен же өз бекен,
Тайыз туруп, тереңдикти тепсесең.
Тишин тишке басып коюп бирөөнүн,
Өкүнүчтө жашаганын эстесең......
Тар жолунда жүргөндөйсүң кесирдин...
Табышмактуу алдооң үчүн эзилдим.
Күндөр эми күлө карап турса да,
Унуталбоо-азабымдыр өзүмдүн.
Сенчелик эч азгырбаган мени эч ким,
Сезимди ойноп ооштура берет ким?
Бактылууга бактысыз жол калтырып...
Сен бирөөнү сүйүп көргөн эмессиң!
Сен бирөөнү бактылуу да кылбайсың,
Себеби түк бир ордуңда турбайсың.
Түбөлүктү күнүмдүккө алмашып,
Сен өзүңдүн бактынды да уурдайсың.
Тааныбассың жат бекен же өз бекен,
Тайыз туруп, тереңдикти тепсесең.
Тишин тишке басып коюп бирөөнүн,
Өкүнүчтө жашаганын эстесең......
Doolotbek Sydykov
понравилось
10 November 2014 at 17:21
Эмилбек Чекиров
added a photo
photo-add-collage.html
Doolotbek Sydykov
понравилось
10 November 2014 at 17:20
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ЖАМАНДЫК МЕНЕН ЖАКШЫЛЫККА
Жакшыга жакшы болуп берем десең,
Жакшылык шарапаты жугат дешет.
Жаманга жакшы болуп берем десең,
Жамандык кесепети урат дешет.
Аттиң ай, бармак тиштеп турсаң дагы,
Жамандан кутулганга шүгүр кылгын.
Жашоонун токтобостур уланмагы,
Жакшыга жолукканга пикир кылгын.
Жакшынын марттыгы бар, колу ачык дейт,
Аттанып чыкса алыска жолу ачык дейт.
Алганын бералбаган куру алакан,
Жамандын качан болсо жону ачык дейт.
Унуткан жамандыкты даанышмандык,
Унуткан жакшылыкты манкуртчулук.
Көк сүттөй жамандыкты таанып калдым,
Каймактай жакшылыкты калпып туруп.
Б.ЧОТУРОВА
Жакшыга жакшы болуп берем десең,
Жакшылык шарапаты жугат дешет.
Жаманга жакшы болуп берем десең,
Жамандык кесепети урат дешет.
Аттиң ай, бармак тиштеп турсаң дагы,
Жамандан кутулганга шүгүр кылгын.
Жашоонун токтобостур уланмагы,
Жакшыга жолукканга пикир кылгын.
Жакшынын марттыгы бар, колу ачык дейт,
Аттанып чыкса алыска жолу ачык дейт.
Алганын бералбаган куру алакан,
Жамандын качан болсо жону ачык дейт.
Унуткан жамандыкты даанышмандык,
Унуткан жакшылыкты манкуртчулук.
Көк сүттөй жамандыкты таанып калдым,
Каймактай жакшылыкты калпып туруп.
Б.ЧОТУРОВА
Улуу сөздөр!! Кыргыздын дилинде жаралып, тилинен чыккан акылман сөздөр.Баракелде!!
23 November 2014 at 22:57
Нравится
Doolotbek Sydykov
понравилось
10 November 2014 at 17:20
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
СЕНДЕГИ ТАГДЫР-МЕНДЕГИ ТАГДЫР
Боздогом эсте, бозоргон кечте,
Кыйнаган жазмыш, ыйлагам көпкө.
Кеч калдык сүйүп, эсти алды күйүт,
Кейиткен кезге көңүлдү эзбе.
Мендеги тагдыр-сендеги тагдыр,
Сендеги тагдыр-мендеги тагдыр!
Көйгөйүн анын көрбөгөн аздыр,
Адашкан жолдор... бараткан жолдор,
Кайрылган канат, айрылган колдор.
Бешене жасап бергенби азап,
Бүтпөгөн санаа, түшпөгөн оң жол...
Мендеги тагдыр-сендеги тагдыр,
Сендеги тагдыр-мендеги тагдыр!...
Боздогом эсте, бозоргон кечте,
Кыйнаган жазмыш, ыйлагам көпкө.
Кеч калдык сүйүп, эсти алды күйүт,
Кейиткен кезге көңүлдү эзбе.
Мендеги тагдыр-сендеги тагдыр,
Сендеги тагдыр-мендеги тагдыр!
Көйгөйүн анын көрбөгөн аздыр,
Адашкан жолдор... бараткан жолдор,
Кайрылган канат, айрылган колдор.
Бешене жасап бергенби азап,
Бүтпөгөн санаа, түшпөгөн оң жол...
Мендеги тагдыр-сендеги тагдыр,
Сендеги тагдыр-мендеги тагдыр!...
Тагдыр, тагдыр. Тагдыр бул биздин каалоолорубузга жараткандын берген жообу деп ойлойм. Сиздин ыр саптарыңызга каршы эмесмин, өзүмчө ойго түштүм айып этпеңиз.
23 November 2014 at 22:52
Нравится
Doolotbek Sydykov
понравилось
10 November 2014 at 17:20
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
МЕН СЕНИ КАНДАЙ ГАНА КӨРГҮМ КЕЛГЕН...
Тагдырга келсин кайдан эсептешким,
Кейидим бир өкүттү сезет деп ким.
Бактылуу болгум келип жашасам да,
Билбестир алымды ушул кезекте эч ким.
Сени да кайрылалбас абал бийлеп,
Оозуң бош кыйылгандай араң сүйлөп...
Күлкүмдү ошол замат ороп кетти,
Күтүүнүн булуттары түрмөк, түрмөк.
Жолуккум келсе дагы кой дедим, кеч,
Таарынба, ичтен сызып тартынам көп.
Жабалбай жалгыздыктын каалгасын,
Жөн гана айтып жатам артыңан кеп.
Көтөрүп көңүлүмдү сергүү берген,
Эки, үч сап ыр токугам эргүүлөрдөн.
Бул күтүүм түшүм болуп калгай эле......
Тагдырга келсин кайдан эсептешким,
Кейидим бир өкүттү сезет деп ким.
Бактылуу болгум келип жашасам да,
Билбестир алымды ушул кезекте эч ким.
Сени да кайрылалбас абал бийлеп,
Оозуң бош кыйылгандай араң сүйлөп...
Күлкүмдү ошол замат ороп кетти,
Күтүүнүн булуттары түрмөк, түрмөк.
Жолуккум келсе дагы кой дедим, кеч,
Таарынба, ичтен сызып тартынам көп.
Жабалбай жалгыздыктын каалгасын,
Жөн гана айтып жатам артыңан кеп.
Көтөрүп көңүлүмдү сергүү берген,
Эки, үч сап ыр токугам эргүүлөрдөн.
Бул күтүүм түшүм болуп калгай эле......
Doolotbek Sydykov
понравилось
10 November 2014 at 17:20
status.html
КЕЗИНДЕ ТАГДЫР ЖЕҢДИРГЕН
Кезинде тагдыр жеңдирген,
Кечиккен күндү кем билгем...
Кайрылып мага келди не,
Кабарсыз жылдар сен жүргөн.
Канымда кошо жүгүргөн,
Жан-дүйнөм турат бүлүнгөн.
Кара суу ичип семирип,
Каякта жүргөм мурун мен?!
үшкүрүк албас бук жаза,
үстүмдүн оор жүк баса,
Куураган үмүт жетелеп,
Кулагым түрөм сырт жакка.
Турмуштан далай сыналгам,
Ыйлагам, кээде кубангам.
Бириккен жолго ишенбейм,
Бири кем дүйнө-бир арман.
Б.ЧОТУРОВА
Кезинде тагдыр жеңдирген,
Кечиккен күндү кем билгем...
Кайрылып мага келди не,
Кабарсыз жылдар сен жүргөн.
Канымда кошо жүгүргөн,
Жан-дүйнөм турат бүлүнгөн.
Кара суу ичип семирип,
Каякта жүргөм мурун мен?!
үшкүрүк албас бук жаза,
үстүмдүн оор жүк баса,
Куураган үмүт жетелеп,
Кулагым түрөм сырт жакка.
Турмуштан далай сыналгам,
Ыйлагам, кээде кубангам.
Бириккен жолго ишенбейм,
Бири кем дүйнө-бир арман.
Б.ЧОТУРОВА
Doolotbek Sydykov
понравилось
10 November 2014 at 17:20
status.html
БИЗДЕГИ ОКШОШТУКТАР*
Сенин өңүң-
Азы калган өмүрдүн арманындай,
Менин өңүм-
Адашуудан бактынын зары бардай!
Сенин жолуң-
Буюктурган шамалдын изине окшош.
Менин жолум-
Тобокелдүү бактымдын мизине окшош!
Биздин күн да-
Эң эле кеч чыккандай булуттардан.
Биздин үн да-
Жүрөккө тумчуккандай туруп калган!
Б.ЧОТУРОВА
Сенин өңүң-
Азы калган өмүрдүн арманындай,
Менин өңүм-
Адашуудан бактынын зары бардай!
Сенин жолуң-
Буюктурган шамалдын изине окшош.
Менин жолум-
Тобокелдүү бактымдын мизине окшош!
Биздин күн да-
Эң эле кеч чыккандай булуттардан.
Биздин үн да-
Жүрөккө тумчуккандай туруп калган!
Б.ЧОТУРОВА
Doolotbek Sydykov
понравилось
10 November 2014 at 17:19
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ЖАКШЫНАМ ДЕБЕҢИЗЧИ
Жакшынам дебеңизчи, арзыбасмын,
Жалгандан керек эмес жалдыраткым.
Баарына жумам дейсиз көзүңүздү,
Угуңуз, келбейт менин барды каткым.
Билемин, бийигиңиз дайым калыс,
Ошого кармайм сизден өзүмдү алыс.
Бирөөнү унуталбай жүрсөм анан,
Жашырбайм, аны сизден, таарынбаңыз.
Жашырсам жара болуп бир күн чыгар,
Муз тоңоор көңүл анан, тырс-тырс сынаар...
Кеч болуп актанууга алдыңызда,
Аргасыз кирпигимден жашым кулаар.
Сыйлоодон сиздей асыл залкарымды,
Айттым мен, аянбастан айтаарымды.
Калганы сөөгүм менен кошо кетер,
Карытып кечтеримди, таңдарымды......
Жакшынам дебеңизчи, арзыбасмын,
Жалгандан керек эмес жалдыраткым.
Баарына жумам дейсиз көзүңүздү,
Угуңуз, келбейт менин барды каткым.
Билемин, бийигиңиз дайым калыс,
Ошого кармайм сизден өзүмдү алыс.
Бирөөнү унуталбай жүрсөм анан,
Жашырбайм, аны сизден, таарынбаңыз.
Жашырсам жара болуп бир күн чыгар,
Муз тоңоор көңүл анан, тырс-тырс сынаар...
Кеч болуп актанууга алдыңызда,
Аргасыз кирпигимден жашым кулаар.
Сыйлоодон сиздей асыл залкарымды,
Айттым мен, аянбастан айтаарымды.
Калганы сөөгүм менен кошо кетер,
Карытып кечтеримди, таңдарымды......
Uploading
Error loading page. Retry in 15 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.