Айгуль Учбаева
Unsubscribe from irrelevant news
To unsubscribe from another user's news, click the settings icon in this post and select the necessary option.
Все
Guestbook
More
Дайырбек Мейманов
понравилось
8 July 2016 at 15:58
status.html
КИМ БИЛЕТ...
Ким билет, кимден кимдин шагы сынсын,
Турмушта көңүл калуу болот, ал чын.
Ээрчитип эртеңдерге жашоо берген,
Үмүттүн үзүлгөнүн ары кылсын!
Ким билет, кимдин кимди жарытаарын,
Жашоонун ичи салкын, сырты жалын,
Адамың аялуудай кымбат көргөн,
Арзыбай, кайдан билдиң карытаарын?!
Ким билет, таңдан улап күүгүм кечим,
Бактыны күтүү кыйын бүгүн дешим...
Турмушта көңүл калуу боло берет,
Жашатып турган үмүт үзүлбөсүн.
Ким билет, кимден кимдин шагы сынсын,
Турмушта көңүл калуу болот, ал чын.
Ээрчитип эртеңдерге жашоо берген,
Үмүттүн үзүлгөнүн ары кылсын!
Ким билет, кимдин кимди жарытаарын,
Жашоонун ичи салкын, сырты жалын,
Адамың аялуудай кымбат көргөн,
Арзыбай, кайдан билдиң карытаарын?!
Ким билет, таңдан улап күүгүм кечим,
Бактыны күтүү кыйын бүгүн дешим...
Турмушта көңүл калуу боло берет,
Жашатып турган үмүт үзүлбөсүн.
Дайырбек Мейманов
понравилось
8 July 2016 at 15:57
status.html
ТАШ БАКАМА
Оорубасын дейм ага жакпасам да,
Менде кайдан болмокчу башка санаа.
Тартынабы, жокпу же жини келип,
Таш жааса да баары бир таш бакама...
Жата берет жамынып... башта санаа...
Жамгырлары ырлардын каптаса да.
Таттуу уйкуда жылыткан 'каапыры' бар,
Таш жааса да баары бир ташбакама!
Толуп, толуп турса да артта санаа...
Касиет бар сезимде дартка дабаа...
Каттар жаап... танында тарс жыгылат...
Таш жааса да баары бир таш бакама!
Оорубасын дейм ага жакпасам да,
Менде кайдан болмокчу башка санаа.
Тартынабы, жокпу же жини келип,
Таш жааса да баары бир таш бакама...
Жата берет жамынып... башта санаа...
Жамгырлары ырлардын каптаса да.
Таттуу уйкуда жылыткан 'каапыры' бар,
Таш жааса да баары бир ташбакама!
Толуп, толуп турса да артта санаа...
Касиет бар сезимде дартка дабаа...
Каттар жаап... танында тарс жыгылат...
Таш жааса да баары бир таш бакама!
Дайырбек Мейманов
понравилось
8 July 2016 at 15:56
status.html
ЧЫН ТУРА...
Күмүш туяк күндөр күлүк жүгүргөн,
Өмүр бирге чуркап изи тилинген...
Эртеңкинин үмүтү бар болсо да,
Кечегини кайдан издейм бүгүн мен?!
Калсын мейли, калган көңүл жолдо ошо,
Кайылмын мен бөксө тагдыр толбосо...
Эңсөөсү көп тирүүлүккө жетеби,
Жүрөктө бир так калганы болбосо...
Бизсиз деле дүйнө турар кулпура,
Жашоо улам жаны көзгө умтула.
Биз уккандай тынымы жок өмүрдө,
Бүгүн көргөн-эртең жогу чын тура.
Күмүш туяк күндөр күлүк жүгүргөн,
Өмүр бирге чуркап изи тилинген...
Эртеңкинин үмүтү бар болсо да,
Кечегини кайдан издейм бүгүн мен?!
Калсын мейли, калган көңүл жолдо ошо,
Кайылмын мен бөксө тагдыр толбосо...
Эңсөөсү көп тирүүлүккө жетеби,
Жүрөктө бир так калганы болбосо...
Бизсиз деле дүйнө турар кулпура,
Жашоо улам жаны көзгө умтула.
Биз уккандай тынымы жок өмүрдө,
Бүгүн көргөн-эртең жогу чын тура.
Дайырбек Мейманов
понравилось
22 December 2014 at 15:50
Uploading
Error loading page. Retry in 15 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.