Все игры
Запись
Это спам

Тата Улан. "Алча"


Нравится

Вы не можете комментировать, т.к. не авторизованы.


ТАТА УЛАН      21-11-2009 21:42 (ссылка)
Re: Тата Улан. "Алча"
Алча ©
1 Сүйүү деген көлдүн жееги
Чоң жардын карды
Кыткылдаган жүрөгүмдү
Ойлондуруп салды
Жаңгак сымал таш жүрөктү
Бир заматта жарды
Күндү түнгө алмаштырып
Жокко салды барды
Кулагымда обон жарып
Шаңкылдаган күлкүң
Жаркылдаган елестериң
Көз алдымда түркүн
Кыялдантып ойго салды
Cенин айдай жүзүң
Күлгө жакын түзүлүшү
Эрке кызы күндүн
Ширин сөзүң балдай таттуу
Бүт жанымды калчап
Жан дүүйнөмдү суктандырып
Кыштын күнү алча
Сурма көздүү сулуу кыздар
Тегеректе канча
Бирок менин тандаганым
Он сегизде алча
Кайрыма:
Алчанын күл ачканы жазында жыттуу
Жайында кызарганда ширеси таттуу
Адамды суктандырат кыпкызыл алча
Жүрөктөө сөөгү калып жүргөндөр канча

2.Жигит болдум эр болдум
Баатырлыка ээ болдум
Токсон күндүн ичинде
Токсон жүрөк ичимде
Токсон жолу какканда
Буулукканым эсимде
Сени карай сөз таппай
Батынарчуу жер таппай
Сүрдөгөндө кызарып
Сөз сүйлөсөм муңарып
Сөйкөң өйкөп көзүмдү
Тик карабай өзүңдү
Ушунчалык сезимби
Токсон жүрөк эзилди
Сени өйлоп күндөр түндөр
Жыялбадым есимди
Сени ойлоп күндөр өттү
Мен сүйүүнү жамынган
Көкүрөктүү дүркүрөттү
Таза сезим жалындан
Сүйүү күчүн барктаялбай
Алдаганга жетиңби
Калпың чыгып үндөлүнүп
Талкалады сезимди
Анда сөздү бурганым
Намыстанып калганым
Тумчуктуруп сезимди
Бекем бурдум есимди
Эки жүздүү адамдай
Ойнотурдуң тажабай
Бул сапатың эң начар
Чөп салганга барабар

3.Жүрөгүмдү дүүйлүктүрүп
Чоң капага салды
Сенин кылган жооруктарың
Терең ойго малды
Неге таза сезимдерди
Чылайсың ылайга
Менин күндөй чындыгымды
Алмаштырып айга
Тунук сүйүү таптым
Хан олтурган таккты
Салыштырсам сениң сүйүүң
Сүйгөндөй курчакты
Неге мынча жактың
Негизгисин таптым
Кызыл алча кычкыл болот
Шимиртип азапты
Эу алча тойдум сага
Сулуулугу түк келишпес акылсызга
Сөз тапанча айла канча
Баарын кечтим бактылуу бол жеткин айга
Мөлмөлүм деп ырдабадым
Кайдасың деп кыйнабадым
Арманым деп ыйлабадым
Сүйөмүн деп жар салбадым
Бул жашоонун барактарын
Ырга салып таратамын
Бир пайдага жаратамын
Көкүрөктө ысык шамын
Реп сүйлөгөн касапчымын
Сөздү сөзгө бек кыпчыймын
Угармандарга ырчымын
Ырчыларга мен жарчымын
Суктанганым мен Кыргызмын
Маңкурт көңдөргө алсызмын
Өмүр сүрүп жүргөнүмө
Кудайыма миң ыразымын
2008