Все игры
Запись
Это спам

Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?


Нравится

Вы не можете комментировать, т.к. не авторизованы.


     10-10-2009 08:40 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Биздин тоболдор нукура кыргыз тилинде таамай суйлосо жаштар алардан улгу алып кыргыз тилинде пикир алышмак. Жакында эле Тажик мамлекетинин олко башчысы орус тилинин макамдыгын алып салууга кол койду, эми бир гана тажик тилинде иш кагаздары жургузулот. Ошол сыяктуу эле Кыргызстанда дагы орус тилинин макамдыгын алып салуу керек.
J.E.A J.E.A      10-10-2009 16:21 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Tuura aitasys.Gulshair men dagy koshulam kyrgys-tilin echkachan unutpailyyy .
     10-10-2009 16:40 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
salam dostor, Gulshaiir kandaisin, oba tuura aitasin menda koshulam bul nerse uchun bul jerde 1,2,3 ushul ele baa bar eken a men 5 koigum keldi ele 3 emes , 5 da emes, 10 bal koidum men (10)
Комментарий удален
     16-10-2009 15:42 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Blesinerbi dostor uluttuk kayra jaraluu jana mamlekttin onuguusu en birinchi tilden bashtalat ,jashtarga ulgu boluuchu bizdin atuu bashttuu atka minerleribiz ozdoru oruscha tantyp oltursa albette kuibogon jerin kul bolot eken
je oruscha jarytyp suiloy alyshpayt jeee kyrgyscha jarytyp bilishpeyt bashkacha aytkanda "CHALA MOLLO DIN BUZAR " degendey bizge emne jetishpeyt ? bolgonu bir az kuchtuu myizam anan da mamlekettin Kyrgyz tiline bolgon bir az koldoo jetpey kelet albette bul okunuchtuu
azyrky Kyrgyz jashtaryna aytaar elem ozgonun tilin suilop ozdorun madaniattu sezgenche oz tilindi jalchytyp bilse jakshy bolmok ele goooo deym da ataganat
     26-10-2009 09:17 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Саламатсынарбы туугандар!!! Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз деп мен дагы ойлоп байкаштырып корсом, кыргыз эли коптогон жылдар бою Орусиянын карамагында болуп келгендиктен ал кезде орус тилинде жакшы суйлогон адам интелигенттуу адам катары саналып элдин психологиясы ошого бурулуп калган жана орусча суйлосо эле кээ бир адамдар 21кылымдын маданияттуу адамы болуп калдым деп элестетишип билсе дагы билбесе дагы окшоштурушуп атышпайбы. Албетте бул нерсеге коптогон билим беруу органдарында дагы кыргыз тилине которулган билим булактарынын жетишсиздиги шылтоо болсо экинчиден дагы бир тилде эркин суйлойт экен деген мактаныч болсо керек. Ар бир улут оз тилин кадырлап, билдирип, остуруп жатканын коруп жаткан биз жана сиздер чогулуп аракет кылсак кайра эле мамлекеттик тилде суйлогонго умтулуп, орус жана корей дегендей башка улуттун окулдору дагы оз кызыкчылыктары учун баары бир уйронууго мажбур болушат. ошол учун жаштар чогулган жерде бир орус беш кыргыз болсо орус тилинде тушундурбой, бир кыргыз беш орус турган жерде да кыргыз жеринде кыргыз тилинде суйлогонго ундосок кичинекей кыргызстанда бат эле мамлекеттик тилди колдонгондордун саны арбый деп ишенем!
     28-10-2009 03:28 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
toboldor ozdoru kirgiz tilinde suyloy albayt jana kirgizcha suylogongo araket da kilishpayt.jogoruda eki suroo ten ayabay maaniluu.jashtar chindiginda oruscha suyloshkondo ozdorun madaniyattu sezishet,mindaycha aytkanda "bilimduu".a chondorubuz til emes, biylik jonunudo kuroshuudo(albette baari emes,menimche kobunchosu).
ghbjkn jbhjnkm      29-10-2009 05:32 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
emnesi bolso da KYRGIZ tilin unutpai jurolu dostor!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
     30-10-2009 11:24 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Бизде тилге болгон Муктаждык Жок Ошон учун Кыргыз тилде суйлогон Жаштар аз
     22-03-2010 14:21 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Salamatsynarby gulshaiyr.ushul nerseni ayabai tuura taapsyn.Bizdin jashtar ayabai ele orus tilin suiloso ozdorun madaniyattuu seshishet.Misaly Uzbek,Kazaktardy karasak oz tilin e4 nersege almashtyrbait.Kyrgyzdar dele oshondoi bolushsa emne bolot.rahmat saga
     22-03-2010 15:38 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
emne uchun degende alarga kyrgyzcha suilo dep uirotkon adam az /;
Санжарбек Аматов      22-03-2010 15:45 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
1. Эне тилинде суйлогондон уялышат.
2. Кыргыз тилин билишпейт, тушунушпойт, манкурттар.
3. Орусча суйлосо оздорун маданияттуу сезишет.
4. Биздин тоболдор кыргызча суйлобосо жаштар да суйлобойт

Анкетадагы бардык жооптор (кантип аташты билбедим) туура деп ойлойм. Мен болсо 4-жоопту тандадым.
Себеби ушул акбалдан чыгыштын бир гана жолу биз орнок алып келип жаткан тоболдорубуз кыргызча суйлошундо. Бул биринчиден, жана жалгыз!
Маселени чечууго жардам бере турган кадамдар ушундан келип чыгат деп ойлойм. Мисалы мамлекеттик колдоо алыш учун ошол эле бийликтегилердин жардамы керек. Кыргызча китептердин жетиштуу болушу учун ошол эле кыргыз тилинде суйлогон адамдар керек. Кыргыз тилинде суйлогондон уялбаш учун ким экенибизди унутпашыбыз керек. Ал дагы бизге тарбия бергендердин, орнок боло тургандардын колдорунда.

Учурда мен чет мамлекеттемин, жана ал жердин тилин жакшы эле оздоштуруп алдым. Бирок канчалык оздоштурсом дагы, оюмча, ал тил эне тили болгон адамдан дагы жакшы оздоштуро албайм!
Оз оюмду ачык айкын тушундурудоо дагы кыйынчылыктар болот (же ачык айкын айтып жатсан дагы, сен ката айтып жатасын, ошондуктан биз тушунбой жатабыз дегендер дагы болот, ошондо, кудай сакта дейсин жыга чабуудан.) :). Ал эми мындай учурду карап коройлучу, кыргыздар чогулуп бир маселени талкуулап жатышат, сен оюнду айтын, эч ким сага айтылган суйломдо мааниси жактан ката болду ошондуктан тушунбой жатабыз деп айта албайт. Айтса дагы сен толугу менен коргонууга укугун бар (эч кандай сертификат, же бир тил сынагы деген нерсе керек эмес, себеби кыргыз тили сенин эне тилин, создордун жазылышын билбесен дагы, оюнду тушундуро алат экенинде эч кимде шек жок). Дагы бир нерсе, эч кайсы маданиятту адам эне тилин билбеген адамды (толук мумкунчулугу болуп туруп уйронууго) сыйлабайт, озгочо чет мамлекеттин адамдары!

Менин оюмча Кыргыз тилинин оз жериндеги, оз элиндеги ордун, жерин табуу учун жогоруда айтылгандан башка томондогу кадамдар жасалышы керек:
1. Мамлекеттик колдоо
1.1. Мамлекеттик тил сынагы (орто мектептен баштап, президенттик постко чейин, мындай нерсе бардык чет олколордо бар, ал жерден бир окуу жайын бутуруш учун, созсуз турдо эн башта ал жердин тилин уйронуш керексин.). Ошондо коробуз кыргыз тилинде суйлоштон уялгандарды.
1.2. Ар бир орто мектепте, (англис тили негизги болсун, орус тили негизги болсун), кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактары эн негизги болуп эсептелсин.
... .

Дагы толтура нерсе.
kg kg      22-03-2010 16:06 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
АБДАН ТУУРА ЭНЕ-ТИЛИБИЗ,ЭНЕ-СYТYБYЗ!!!
Tynchtyk Bakiev      22-03-2010 16:48 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
тура . себеби бардык жерде докментик иштер ж/б иштердин баары орусча болуп жатат ошондон деп ойлойм
Ак Назар      22-03-2010 17:36 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Кыргыз тилибизде жакшы,сыпаа,чечен суйлогон адамдарды,Телерадиодон кобурок беруу керек ,тилибизди жаны кызыгарлык, адам суктанарлык денгелге которсок ,ошондо бул собол озунон озу чечилет деп ойлоймун.Эн негизи ар бир Кыргыз атуул тилибизди терен сыйлашыбыз керек.
замир эргешов      22-03-2010 18:09 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
азыркы жаштар орус тилинде суйлосок сабаттуубуз деп ойлоттур да. ар бир кыргыз эне тилин адабий тилде суйлош керек .эгерде орусча же озбекче казакча кошуп суйсок . тилибиз жоголот.тил жоголгондон кийин улуттубуз жоголот. анан балдарыбызга кайсы тилде кайсы улуттанбыз деп баш которуп айта алабыз.
     22-03-2010 18:20 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
мен баарыныздарга кошулам менин кошумча пикирим азыркы убакта ош жергесинде орус тили эмес озбек тилинде жаштар суйлошо баштады себеби озбекстандын телеберуулору жакшы корсотот кинолору балдарга арналган кызыктуу оюн-зооктору сериалдары ж.б.озбек тилинде ошондуктан эн биринчи кичинекей бобокторго кобуроок конул бурсак.Оштуктардын тили озбек тилине жакын коркунучтуусу барып барып озбекче суйлоп калышпаса?!
Zhumadyl Mamatzhanov      22-03-2010 20:14 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Эки жерди белгилей турган кылсанар болмок экен. Анткени, уялгандар да бар ошод эле убакта маданияттуу сезгендер да бар. Бул эки сыпатты (комплексти) тен алып жургондор аз эмес.
ERMEK ********      22-03-2010 20:38 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Any biz toboldordon dep shyltoolop ozubuz orus tilinde suiloibuz emne uchun kyrgyzcha suiloi albaibiz ozubuz jashtar suilosok kyrgyz tili bugunkudoi kungo kelbestir bizdin toboldordon ech paida jok kutpoi ele ozubuzdon bashtoobuz kerek biz jashtar mamlekettin kelechegibiz bizden kiyinkilerge ulgu boluubuz kerek dep oiloim.
Садир Жолдошали      25-03-2010 03:24 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Менимче олкобуздун экономикасынын начарлыгы каттуу таасир кылып атат. Мисалы экономикабыз кубаттуу болгондо, теле, радиолордон кыргызча беруулор кобуроок берилмек. Окуу куралдары сапаттуу болмок. Биздин айылдагы мектептин китептерин беш алты жыл мурун коргонум бар. Аябай эскирип жыртылып тытылып кетиптир коп китептер. Азыр кандай болуп калды экен билбейм. Мына ушундай майда барат нерселердин таасири билинбестен журуп ушундай чон проблемага айланып отурат. СССР дин убагында болсо орусча суйлогонго мажбур болчубуз. Иш кагаздары, магазиндерде товарлардын аттары баалары орусча болчу да. Ишке кирсен арыз орусча жазылат эле. Азыркы учурда башка тилдердин экспанциясы кучоп атат. Илимий техникалык терминдер да кун сайын жаны создорду кошуп атат. Телевидение да абдан таасир кылат экен. Айрыкча жаш балдарга. Жаш бала ар нерсени тез кабыл алат. Тилди да тез оздоштуруп алат. Биздин туштук тарапта озбекче аралаштырып суйлоп калдык. Себеби эртеден кечке озбекче беруулорду корушот. Озбекче кызыктуу кинолорду, сериалдарды, мультфильмдерди коп беришет. КТР болсо саясатты кобуроок корсотот. Анын устуно орусча беруулор коп. Мына ушунун баары келип тилибиздин онугушуно колдонулушуна зыянын тийгизип атат. Улуттук маданиятыбыз да ушунун натыйжасында аксап атат. Эгемен мамлекет болгондон кийин, мамлекеттик тил да эне тилибиз болуш керек! Мамлекет аркылуу корголушу керек! Айланып келип эле каражатка такалып, мамлекетте болсо акча тартыш болуп туюкка капталып эле келатабыз. Мен ойлойм ар кимибиз озубуз кыргызча суйлогонго аракет кылышыбыз керек. Тоболдор суйлобосо суйлобосун. Аларды суйлобойт экен дебей эле озубуз суйлой берели улуу МАНАСтын, БАКАЙдын, ОСМОНОВдун, АЙТМАТОВдун, КАЛЫГУЛдун, ТОКТОГУЛдун, ТОЛУБАЙдын, МУКАЙдын, ЖООМАРТтын,ТУГОЛБАЙдын, СУЙУНБАЙдын, РАЙКАНдын, МИДИНдин, КАСЫМААЛЫлардын, ТЫНЫСТАНОВдун, ЖУНАЙдын, РАЗАКОВдун, КУБАТБЕКтин, АНАТАЙдын, РАМИСтин, ШАЙЛООБЕКтин, сенин, менин КЫРГЫЗдын тилинде! Мен учун ЭНЕ тилимдей таттуу баалуу тил дуйнодо жок! Тилим чыкканда алгачкы жолу АПА деп кыргызча чыккан! Олгончо ошол тилде суйлоп отом!
Gulira Byimurzaeva      25-03-2010 06:57 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Азыркы заманга байланыштуу,орус тилин билбесен эч жергден жакшы жумуш таап иштеп кете албайсын ошон учун жаштар аз суйлошот. Буга биздин чондор жакшылап коз салышса абдан жакшы болот эле.
***Aitolkun ***      26-03-2010 12:44 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Биздин тоболдор суйлобосо, суйлобой эле коюшсун. Эмне биз алардан үлгү алып, сууга секиришсе, биз да секирмек белек??????Жаштар келгиле,үлгү алсак жакшы жактарынан үлгү алабыз!!!!!!!!!!!!!!!!
***Aitolkun ***      26-03-2010 12:45 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Биздин тоболдор суйлобосо, суйлобой эле коюшсун. Эмне биз алардан үлгү алып, сууга секиришсе, биз да секирмек белек??????Жаштар келгиле,үлгү алсак жакшы жактарынан үлгү алабыз!!!!!!!!!!!!!!!!
Нурсейит Мамрасулов      27-03-2010 16:06 (ссылка)
Re: Эмне учун нукура кыргыз тилинде суйлогон жаштар аз?
Эн орчундуу маселе козголгон.... Кыргыздын башына оор кундор келип турат азыр.... Албетте, тилибиздин ушул абалга келишине коптогон себептер бар. Биринчиден, бул жетимиш жылдык совет доорунун кесепети. Ал кезде саясат "улут" деген тушунукко каршы багытталчу. Экинчиден, баягы эле экономикабыз....мамлекетибиз Башмыйзамда коз карандысыз деп белгиленип турганы менен,иш жузундо коптогон доо-шаа мамлекеттерге коз каранды экендигинде. Учунчу себеп-алсыз бийлик, оз чонтогун ойлогон мыйзам чыгаруучу жана аны аткаруучу бийлик булактары. Албетте,куноону бироого оодарып таштоо баарынан оной,куноо жана келечек муундун алдындагы жоопкерчилик ар бир кыргыздын мойнунда! Бийлик мындай кылса тигиндей болмок деген болбогон соз. Ар бир кыргыз оз баласына нукура кыргыз наркы менен тарбия берсе гана.... Абалдан чыгуунун жолу-орус тилинин статусун алып салып,иш кагаздарын бутундой эне тилибизге которуу керек. Кыргызча окуу куралдарын кобойтуу керек, телеберуу,радиоуктурууларды оркундотуу керек. КТР мамлекеттик канал,андан умут кылуунун кажети жок. ЭлТРди мисал кылгым келет, мамлекеттин колдоосу жок эле улуттук кайра жаралуу багытында,баалуулуктарыбызды кайра башынан онуктуруп, улап кетуудо алкышка арзырлык кадамдарды таштап жатышат.





Комментарий удален
· 1 ·  2   Далее ›