Все игры
Запись
Это спам


Нравится

Вы не можете комментировать, т.к. не авторизованы.


Венера Мамбаева      30-04-2011 01:42 (ссылка)
Re:
Кыргызга кыргыз тили жарашпайбы?
Кыргызга кыргыз тили жарашпайбы?
Же кыргызча суйлогонду каалашпайбы?
Башка тилде суйлосо экен же Ата-Энеси
Атасы кыргыз,Апасы кыргыз карашпайбы?


Кыргыз тили моодадан калгандайбы?
Кыргыз тили унутулган армандайбы?
Кыргызмын деп Жылдызмын деп ТАРЫХЫМ чоон!
Мактансак,суйлосок эмне жалгандайбы?


Кыргыз тили сага керек,мага керек
Ата-Бабам суйлогон тил,суйлош керек!
Кыргызча апа деген соз айтканбыз
Кыргызча эле суйлоп атып олуш керек!


Жаштарда болот тилеги элибиздин
Жаштарда журот журогу элибиздин
Жаштарыбыз кай тилде суйлосо эгер
Жашоосу бурулат ошол жакта элибиздин


Билбе эмес,биле бергин жыйырма тил
Шол тилде иштеп акча сен таба бил
Унутпай ара-торо суйлоп тургун
Алгач айткан созун эсте,АЛ КЫРГЫЗ ТИЛ


Тил сакташ буйрук эмес ущуну билчи
Сакта деп да,сактата албайт уруп бизди
Озубуздун ким экенибизди барктабасак
Бир да эл,эч качан сыйлап койбойт бизди!


Башка тилде суйлош учун эн биринчи
Кыргызча соз курайсын которгону
Ошону жанындагы кыргыздарга
Кыргызча эле суйлосон он болбойбу?


Тарыхыбыз кылымдарга кеткен элбиз!
Таалайлуубуз Ала-тообуз суйгон элбиз!
Бир гана жоготпостон журсок болду
ЭНЕ ТИЛДИ,КЫРГЫЗ ТИЛДИ СУЙСОК БОЛДУ