Все игры
Запись
Это спам

Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.


Нравится

Вы не можете комментировать, т.к. не авторизованы.


Айтмырза Абылкасымов      25-10-2009 20:22 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Башка тилдердин басып алышы мыйза ченемдүү көрүнүш. Анткени, ар бир тил канатын жайгысы келип, улам сүйлөгөн адамдардын көбөйүшүнө кызыкдар. Ал, балким, ошол тил өзү эмес, ошол тилдин түпкүлүктүү өкүлдөрүнүн кызыкчылыгыдыр. Канткен менен да ал улам жаңы аймактарга жайылуусуна аракет кылат. Демек, эгерде кайсыл жерде жергиликтүү тил пассивдүү, орой айтканда шал абалында болсо, ошол жерге башка тилдин экспансиясы дейсиңерби, басып алуусу дейсиңерби, айтор, боло келген, боло берет.
Ошол сиз айтып жаткан КТРдеги эки-үч саятчы да ошол пайдасы жок, ишке ашпаган, маанисиз маектин жүрүшүндө таза кыргыз тилинде сүйлөшсө, ыраазы болбойт белек, чиркин!
     25-10-2009 20:45 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Эне тилим, узун сенин арманын,
Огой чыкты оз деп тапкан балдарын.
Озок ортойт ботон тилдин жанында,
Оз уулуна ШЫЛДЫН болуп калганын.
... Read More
Конул учун келбейт сени алдагым,
Сени билдим, бирок суйлой албадым.
Кун талабы - андан улам сени эмес ...
Тар чойромдун ТУШУНУГУН тандадым.

Акыл – жука, а бет болсо – ЭН КАЛЫН,
Эне тилим, таарына алсан сен таарын.
Урматынды атам Манас туу туткан,
Бурмаладым, бузуп алдым, булгадым.

Кечир, тилим, кечире алсан мен дайын,
Которууго НАМЫСЫНДЫН байрагын.
Сени билип, сени суйлоп, сени угуп,
Кадырына келет канат байлагым.

Жакшы жоруп ЖАРЫГЫНДЫН жанганын,
Олчой албай турам бакыт салмагын.
Башка тилге суйуум чексиз болсо да,
ЧЫН СУЙУУМДУ жалгыз сага арнадым.
КЫРГЫЗСКАЯ ДИАСПОРА      25-10-2009 20:57 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Кыргыз тили кыргыз үйдө сүлөнбөй,
Кыргыз тилин кыргыз калды үйрөнбөй.
Кыргыз тили паспорту жок кыргыздай,
өз үйүндө өгөйлөнүп жүргөндөй.

Кыргыз тили төрдөн оорун табалбай,
Босогодо унут калган адамдай.
Орсу тили опузалап сүйлөсө,
Ооз ачпайт четтен келген жарандай.

Байкуш тилди мынча неге кыйнадык,
Сындасак да орусчалап сындадык.
Кыргызстан мекеним деп ырдабай

«Киргизия - общий дом!» - деп ырдадык.

Кыргызчалап сүйлөп койсок бирөөбуз,
«Орусчаны билбейт го» деп күлөбүз.

О кыргызым, эне тилди баалабай,
Эмне бизге кыйын болуп жүрөбуз.

Бут балакет Окүмөттөн башталып,
Ураан ырын, Гимн дешип аткарып.
Орусчалап отчет алып жатканда,
Кыргыз тили босогодон башбагып.

Тил жөнүндө биз башканы айтпайлы,
... тигилер көп, «этиканы сактайлы»
Кыргыз тилдин келечегин, тагдырын,
Ойлончу өкмөт орус болуп жатпайбы.

Казак тилин босогодон каратпайт,
Башка тилдер өйсөктөбөйт тарактап.
Кош тил дебей, коншуларга окшоп биз,
Кыргыз тилде жазсак неге жарашпайт.

Кылымдардан кылымдарга узарып,
Кыргыз тили жеткен бизге, бул анык.
Манас атам сүйлөп келген бул тилди,
Манкурт болбой сактайлычы сураныч.

Рахман Разыков
Комментарий удален
     26-10-2009 13:04 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.



Kyrgyz tili Kyrgyzstandyn bolgon bulun burchunda,bardyk choyrodo(okuu jaylarda,ish kanalarda,aytoor but jerde)koldonulup,suylonuugo tiyish!!!!!!!!!!!!!!!

Тируучулук сезилбесе, Турмуш олду деп билем.
Тундо жаркып корунбосо, Жылдыз олду деп билем.
Кыргыз тили суйлонбосо, Кыргыз олду деп билем!
     26-10-2009 14:38 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Туура, мен дагы ошондой кылса деп ойлойм! КТР каналында жалгыз кана саясат жана жанылыктарды эле бере берет, мен кааларым коптогон кыргызча кинолорду, кызыктуу передачаларды сунуш кылышса...Баардыгы жакшы болот эле
Nazgul Kazakbaeva      26-10-2009 17:09 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Albette kyrgyz bolgondon kyin ene tilibizdi ech ubakta unutpaybyz jana unutpashybyz kerek.
     26-10-2009 17:12 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
сиз аиткан туура, минтип отурса жакында биздин КТР минтип аитат
"а дейбиз бу дейбиз баарыбир киргизче билбейбиз"
     27-10-2009 06:56 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Саламатсыздарбы Кыргыз Туугандар ?? Садыр агай сиз айтканыныз туура мындай корунуштор коп эле болуп атат М: 1..Сиз айткан Балдарга келсек Кара- Суу районунун Кызыл-Суу деген айыл бар Ош шаарынан аралыгы 72 км Ошол айылдын жашоочулары Жалан гана Озбекстандын теле каналдарын корушот себеп КТР сыяктуу Кыргыз тилдуу телелер жакшы корсойтпойт экен. Мындай корунуштогу айылдар коп эле.Бул жагына соз улуайын десем соз коп Калганы жана сиз айтмакчы ЖАШ БАЛА ЭМНЕНИ КОРСО ОШОНУ КЫЛАТ ДЕГЕН СОЗ.
ЖУМАНЖИ МАН СЕНИ ОЛДУРАМАН дегендей бул созду да мен жаш балдардан уккум
2.. Телеберуулорго келсек Ордолуу Ош шаарыбызда КЫРГЫЗ тилин Оксуткон,КЫРГЫЗ тилин тенине албаган, КЫРГЫЗ тыл мыйзамдарын сыйлабаган ОШ-ТВ,МЕZON-TV деген Озбек тилдуу каналдар бар. Мына ошол Мезон-тв жетекчиси БИЗДИ КЫРГЫЗ ТИЛДЕШТРУУДОН МАЙНАП ЧЫКПАЙТ ( Бул дегени созду терен тушунгон адамга Кыргыз тили Мыйзамынарга карабай биз Калаган тилде бере беребиз деген соз ) деген созун биздин атка минерлерда,жана биз тош какылып аткан Мамлеккеттин алдындагы ТИЛ коммиссиясы уккан чыгар аа Эмнеге аларга Буларды Мыйзам чегинде жоопко тартпайт
     27-10-2009 11:43 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Ассалому алейкум
Урматтуу элим менден сага ысык салам
Досторум досум менин , тууганым тууган элим
Бурганым конулум менин , саламым тезирээк жетсин
Менин да керегим тийсин дурус жактарымды билсин
Нукура кыргыз кыздын эмгектери да синирсин
Аталар батасын берсин , Энелер окунбой келсин
Кудайым ар дайым элимдин тилегин берип келсин
Жаш омурум менин , 13 жылдан бери
Убакыт текке кетпей ушундай денгелим эми
Кудайым кудая шугур , мээримдуу Ата Энем бар
Кочодо жетим оспогом , жетимиш онорум тар
Тарыхым озгочолонбойт баягы эле кыргызмын
Каяктагы Американец кыргызымындын кызымын
Кесибим мына ушу , онорумдун бир учу
Озгочо бир ниетим бар кыргыз тилин курчутуу
TILEKNUR OMORKULOV      29-10-2009 08:16 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Саламатсыздарбы урматтуу кыргыз журтум! Мен ойлочумун кыргыз тилин элдер унута баштаган окшойт деп, элдин кызыкчылыгы калбаган деп. Жок! Менин оюм тескерисинче болуп бара жатат. Оз тилибизди ыйык туткандар азда болсо бар экен. Рахмат сиздерге! Кыргыз тилин барктайлы-ыйык тутуп сактайлы. ЭНЕ ТИЛИМ МЫНА БИЗДЕН БАШТАЛАТ!!!.
     29-10-2009 10:14 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Саламатсыздарбы?

БИР БОЛСОК БЕКЕМ БОЛОБУЗ!!!

Биз кыргыз тилин башка тилдерге бастырсак дагы багынбайбыз. Эне тилинин жемишин сурай турган биздин келечектеги балапандар бар. Ар бир ата-эне оз наристесине кунуно 1 сааат болсо да нукура элинин макал-лакаптары менен тарбия таалим берип турушса кыргыз тилинин соз керемети эч качан унутулбайт.


Биздин жаш муундарыбызды биринчи кезекте бала бакчалардан "ЭНЕ ТИЛИНДЕ СУЙЛООГО УЙРОТУУ" абзел. Маселен, Бишкек шаарында 278 бала бакча бар болсо, алардын 4 гана кыргыз тилдуу бакча, калган 274ту орус тилдуу бакча. Жаш балапандардын балдай таттуу тилдери эне тилинде кубулжуп турса кыргыз элинин сыймыгы болоор эле...


     31-10-2009 17:48 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
20-jyldan beri kyrgyz til dep kakshap kelebiz ech kim oz tilinde suilogusu kelbeit .sadir ake aitkany en tuura bashka tilder basyp aldy emnege bizdin kyrgyz eli oz tilinde suiloboit bashkalardyn tiline koz karandy bolup jashagandy kaalashaby baary .kyrgyzstan respublikasy dep aitylat birok kurgyztanga okshoboit aty ele kyrgyzstan bolboso ar bir adam oz tilinde suilop koiso ele bolo turgan nerse oshonu bilip turup suiloshpoi jatyshat kyrgyz degen uluu eldi kyrgyz ozu jok kulup tyna turgan boldu akyry.
Комментарий удален
     06-03-2010 02:20 (ссылка)
Re: Кыргыз тилин башка тилдер басып алышты.
Садир сенин айткандарына кошулам. Мен озум бир окуяны айтып берейин.
Бишкекте Улуттук Гвардияда служба кылгам. Арабызда Беловодскийлик бир бала бар эле.(аты жонун жазба эле коёюн) ошол бала кыргызча тушнот эле бирок кыйналып акцент менен суйлойт эле. Ал бала озу кыргыз болчу. Ишенсене бир жарым жылда кыргызча тунук суйлоп калды. Уйундо орусча суйлошот экен булар атасы,апасы кыргыз болуп. азыр менин оюмча кайра унутуп калса керек.
Эмнеге Чуйлуктор орусча суйлошот. Кыргызча суйлосо уятпы алар учун??? Же мырк болуп калышабы???
Айтмак МЫРК боюнча. мектепте окуп жургондо эки класташым урушуп кетишкен. Эжеке келип эки кызды тизип эмне учун урушканын тушунуп. мындай жооп берген эле:
- кана балдар кимдин атасы же ата бабалары шаарда чонойгон??? кордунорбу эчкимдин? ата бабаларынар тоодо жашаган.