Все игры
Запись
Это спам

КЫРГЫЗСТАН жаштардын колунда!

настроение:Веселое

Нравится

Вы не можете комментировать, т.к. не авторизованы.


Жанарбек Келдибаевич      06-01-2011 16:27 (ссылка)
Re: КЫРГЫЗСТАН жаштардын колунда!
     10-01-2011 17:33 (ссылка)
Re: КЫРГЫЗСТАН жаштардын колунда!
Кыргызстан биздин колубузда эмес,а биздин мээбизде ойлонуп карашыбыз керек.
     10-01-2011 17:46 (ссылка)
Re: КЫРГЫЗСТАН жаштардын колунда!
клечек биздин колубузда
     13-01-2011 19:59 (ссылка)
Re: КЫРГЫЗСТАН жаштардын колунда!
КЫРГЫЗСТАН МЕНИН МЕКЕНИМ!!!!!!!!!!!!!!
J k      13-01-2011 20:08 (ссылка)
Re: КЫРГЫЗСТАН жаштардын колунда!
эмне КЫРГЫЗСТАН чалдардын колунда деп ойлодун беле!!!!!! КЫРГЫЗСТАН БИЗДИН КОЛУБУЗДА!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
Асель ЖУСУПБЕКОВА      19-01-2011 02:07 (ссылка)
Re: КЫРГЫЗСТАН жаштардын колунда!
кыргызстан в первую очередь азыр анын келечегине кызыкпаган адамдардын колунда и надо меры принимать
Жика Келдибаевна      03-02-2011 16:21 (ссылка)
Re: КЫРГЫЗСТАН жаштардын колунда!
Кыргызстанды Алла Таалам колдосун!
Adeli ^-^      19-02-2011 23:24 (ссылка)
Re: КЫРГЫЗСТАН жаштардын колунда!
Акыркы төрт жылдын жаңы жылын аргасыз ата мекенимден алыс жакта, башка өлкөлөрдө тостум. Ар бир жолу жүрөгүм канап, мекениме болгон сагынычым, сары санаам көкүрөк-көңүлүмдү эзип келди.
Ал эми ушул 2011-жылды өзүмдүн ыйык кыргыз жеримде, болгондо да Ысык –Көлдө тосуу шыбагасын берди Кудай.
Жолдомонун кымбаттыгына карабай Чолпон-Атадагы экинчи резиденцияга жолдомо алып, жакын адамдарым менен жөнөп кеттим. Бул күн 2010-жылдын 30-декабры болчу.
31-декабрда кечки саат онго чейин баары көңүлдөгүдөй өттү. Балээнин баары майрамдык кечеде башталды.
Кеченин алып баруучусу орус болгондуктан кече орусча башталды. Алып баруучу аялдын атын атабай, Валя деп коёюнчу. Валя кеченин катышуучуларына минтип кайрылды:
- Кана, жаңы жылдык балатынын көркүн ким аччу эле? Келгиле, чакыралы.
Залда отургандардын 85 пайызы кыргыздар эле. Баары бир ооздон:
- Дед мо-роз! Дед мороз!!! – деп кыйкырып жатышты. Ошол убакта мен Валянын көздөрүндөгү: “бечара кыргыздар! Кандай байкуш ээрчиме калксыңар? Жада калса ушул кечеңерде да кыргызча сүйлөй албай мени ээрчип жатасыңар!..” деген жазууну окудум.
Ушинтип ойлоду да Валя Дед мороздун кыргызчасын булар унутуп калса керек деген кыязда:
- Аяз ата!!! А-яз ата!!! – деп кыргызча кыйкырып көрдү. Бирок отурган кыргыздар “Аяз ата” деп бир-эки жолу чакырымыш болду да кайра эле “Дед морозго” өтүп кетишти.
Балким менин жан дүйнөмдүн жанчылып жатканын сезди бекен ошол убакта биздин арабызда, менин жанымда, мен көп жылдардан бери көрбөй калган көлдүн ээси пайда болду да:
- Көрдүңбү, кыргыздар кыргыз экенин унутуп калышкан, - деп башын чайкап, бат эле сумсайган боюнча көздөн кайым болду. Мен ушул тапта көлдүн ээси менен бир нече жылдар мурда жолукканымды, ошондогу күйүп-бышып айткан сөздөрүн эстедим. Ал убакта губернатор Сааданбеков болчу. Адылжан Жажанов деген журналист мен жөнүндө көрсөтүү даярдамай болуп, атайын чыгармачыл топ менен Караколго барганбыз. Ошондо көлдүн ээси жолугуп:
- Жакында Ысык-Көлгө уу төгүлүү коркунучу бар. Барскоон ууланат, ошону болтурбай алдын алып калууңар керек! – деген болчу. Кантип алдын алуу керек экендигин да айткан. Мен анын айткандарынын баарын Адылжанга айтып: “Ушундай аян алып жатам, теле аркылуу ушуну айталычы” десем, “жок, коюңузчу, аныңызга баары бир эч ким ишенбейт. Материалыбызды кыркып салышат. Болбойт” деп таптакыр ынанбай койгон эле да!
Көлдүн ээсинин ошондогу аянын ошол убакта элге жеткире албаганыма эми да бир катуу уялдым. Азыр да анын сумсайып чыгып кеткенине зээним кейип, канча ирет артынан чуркап чыгууга ниеттендим. Оозго салган тамагым кекиртегимден өтпөй, ары жутсам бери келип тутулгандан тутулуп, түнөргөндөн түнөрүп, кудум жакын адамдарымдан ажырап аза күтүп жаткандай күйүп, түтөп отуруп жаңы жыл тостум.
Саат он эки болду. Тосттор, каалоо-тилектер дагы деле орусча айтылып жатты. Ушу азыр сахнага чуркап барып, Валянын колунан микрофонду жулуп алып, элге азыр кыргыздын жеринде отурганын, баарынын кыргыз экенин эскертип, кыргызча каалоо-тилек айтып, кыргызча ырдагым келди. Тилекке каршы, жанымдагы жакындарым: “жаман көрүнүп эмне кыласың? Сени азыр эч ким укпайт” деп тыйып коюшту. Эне тарбиясын албай, эне мээримине көзүм каткан жаным, мени менен барган эжени энемдей сыйлаганым үчүн үн-сөзү жок отуруп калдым. Айлам түгөнүп, бакырып-өкүрүп ыйлагым келди. Көл ээсинин кайра дагы бир кайрылып келүүсүн күтүп жаттым. Айткандай эле ал кайра келди.
- Мына, кыргыздар ушундайлыгынан, мындан да башка толуп жаткан кенебестигинен, кайдыгерлигинен, ээрчимелигинен жакында алар көп нерсени жоготуу коркунучунда турат, - деди ал. – Түндүк менен түштүккө бөлүнүп, барды жок кылып, дагы бир жолу кан төгүлүп, дүйнө жүзүнө шерменде болуу азабы алдыда бар!
Андан аркысын угууга чыдамым жеткен жок! Өз тилин, дилин унутуп, кудум Чынгыз ага жазган маңкурт түспөлдөшүп калган адамдардын арасында андан ары отура албадым. Отурган жеримден туруп көл ээсинин артынан сыртка чыктым. Биз көпкө сырдаштык. Ошондон кийин бөлмөмө жетип, керебетиме куладым. А бирок кайдагы уйку? Түнү менен кыйналып чыктым. Таң атпай туруп, даарат алып, намаз окуп, кыргыз элим үчүн Кудайдан, көлдүн ээсинен кечирим сурадым.
Эс ала албасыма көзүм жетти. Бирге баргандардан кечирим сурап, аларды таштадым да машинамды айдап алып Бишкекке жөнөдүм. Жолдо келе жатып өзүмө өзүм суроо бердим: деги мен өзү киммин? Эмне эле болуп жатам? Же мени эч ким укпаса, түшүнбөсө эмне кылышым керек? Буга ички туюмум кайра: сен деген кыргызсың. Эл кыйналып турганда сен да ушундай кыйналганың мыйзам ченемдүү нерсе. Сен айт, айта бер, уга турган кишилер чыгат. Кыргыз элин, жерин сактап калыш керек. Же сага эртеңки күнү “мен кыйынмын” деген кыргыздын балдары бөтөн журттун батинкесин тазалап калганы жакшыбы?! Кыргыздын өз эл, өз жеринде кул болуп калышын каалайсыңбы?! Кааласаң, анда унчукпай отура бер. Сага берилген аян башкаларга берилсе да сезбей, сезе алган азчылыгы пендечилик кылып жатат. Тоолор айтат: “көчүп кетейинчи чыдабай калдым” деп. Суулар айтат: “Буулугуп кеттим, буркан-шаркан түшүп, сел болуп каптап кетейинчи” деп. “Байлык, бийлик үчүн жан талашкандардан тажадым. Бир-эки силкинип алайынчы” дейт Жер.
Өз оюмдан өзүм чочуп, машинемди жол боюна токтоттум. Таза абадан кере-кере дем алып, кайра жолумду уладым.


Туурасын айтам деп куугунтук жеп, бөтөн эл, бөтөн жерде мусаапыр болуп жүрдүм. Дагы куулсамчы же өлтүрүп коюшсачы?!”
“Дагы өзүмчүлдүгүң башталдыбы?! Сени Кудай сактап келген. Дагы сактайт. Коркок болбо!..”


***
“Кайда качасың? – деди кайра эле жан дүйнөмдөгү жаңырык. – Тоо көчүп элиңди басып калсачы? Суу ташып жериңди жууп кетсечи? Жер титиреп, көчкү урап, кыбыраган жандын бирин койбой кум-ташка, топуракка айлантып салсачы?!”
Коркуп кеттим! Катуу бир кыйкырып алып, машинемди кайра токтоттум.
“Анан эмне кылайын?! Кантип жардам берейин?! Эл үчүн жаралганымды билем! Элден башка менин эч кимим жок! А бирок мени эл укпасачы?! Ишенбесечи!? Туурасын айтам деп куугунтук жеп, бөтөн эл, бөтөн жерде мусаапыр болуп жүрдүм. Дагы куулсамчы же өлтүрүп коюшсачы?!”
“Дагы өзүмчүлдүгүң башталдыбы?! Сени Кудай сактап келген. Дагы сактайт. Коркок болбо!..”
Ооба, билем, азбы, көппү калган өмүрүмдү кыргыз эли үчүн жашайм. Элиме арнайм! Ырас, Кыргызстанда көп улуттуу эл жашайт. Аларды сыйлайм. Улутчул эмес, мекенчил болом! Элди түндүк-түштүк маселесин түп тамырынан жоюуга үндөйм! Түндүк да, түштүк да меники! Айланама мекенчил кыргыздарды чогултам! Мекенчилдик менен улутчулдуктун айырмасы асман менен жердей экенин түшүндүрөм.
Ооба, улутчул деп түштүктөн Баяманды өлтүрттүк. Рысбекти жоготтук түндүктөн. Эмне таптык? Мен билем, Баяман өлгөндө биздин оштук өзбек туугандар жылкы союп той беришкен. Муну кандай түшүнсө болот?
Азыркы чыгып жаткан мекенчил жигиттерибизди колдоштун ордуна “жаңжалды ырбатып жатат” деп жалаа жаап, аларды жоготкону жатабыз. Алар улутчул эмес, мекенчил экенин көрбөй жатабыз. Макул, мекенчил жигиттерибизди жок кылдык дейли, “сен мага тийбе, мен сага тийбейин” дегендер чыгып жерибизди кошуп туруп, элибизди сатып ийсечи?!
Ансыз да “бизге жардам берип жатат” деп башка өлкөлөрдөн жардам ала берип, балабыздын баласына чейин карызга кекиртектен баттык. Аны ким төлөйт? Ойлонгон адам барбы? Кудайдан коркуп, пендеден уялалычы! Келгилечи, мекендин келечегине кайдыгер боло албаган мекенчил атуулдарды чогулталы.
Бийлик, байлык бүгүн бар, эртең жок. бири-бирибизди кечирип, кечиримдүү бололучу!
Биз, кыргыздар башкаларга суктанганды, башкаларды ээрчигенди качан коёбуз деги?!

***
Мен Исхак Раззаков агабыздын атынан коом ачкам. Анын бир эле “сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген сөзү эмнени айтып турат? Бийлик деп, байлык деп эле умтула бербей өзүбүз аркылуу коомубузду бир тазартып албайлыбы?!
Мен дагы бир нерсени эскерте кетейин. Убагында Апсамат Масалиевден Аскар Акаев бийликти тартып алган эмес. Ал Москвада жүргөн жеринен эле Кудай буюруп, ойдо жок жерден президент болуп калган. Биздин Апсамат ака элди сыйлаган, өзүн сыйлаган адам эле. Бийлик үчүн эт-бетинен кетип, түштүктүн элин бетине кармап, уруш-жаңжал чыгарбай эле акырын тапшырып берип, басып кеткен. Ал кишини түндүк да, түштүк да колдочу. Сыйлачу. Мына ошол баркы менен калды.
Ооба, Акаев Кыргызстанды 15 жыл башкарды. Кааласак да, каалабасак да ал Кыргызстандын биринчи президенти катары тарыхта калды. Албетте, жакшы жактары көп эле болду. Бирок көргүбүз келбеди. Жаман гана жактарын айтып жатып, акыры кубалап чыктык. Тегерек-четиндегилер маалында ал кишинин жумшактыгын эбегейсиз пайдаланышты.
Биз жаман адамдын да жакшы жактары, жакшы адамдын да жаман жактары болоорун ойлободук. Кудайдан коркпой, уялбай туруп, анын ордун Бакиев акам тартып алды. Аягы эмне менен бүткөнүн менден жакшы билесиңер.
Убагында мен акама канча жолу мунун арты жакшылык менен бүтпөстүгүн кат аркылуу чырылдап-чыркырап жеткирип жаттым. Укпады. Укмак тургай акамдин кол астындагылар элүү жашымда мени өз элимден чыгып кеткенге аргасыз кылышты. Аларды Акаевдикинен да жаман тагдыр күтүп турганын байкашпады...
Өз элинен куулган кандай кыйын экенин мен билем жана аны душманыма да ыраа көрбөйм. “Бирөөгө ор казсаң – кең каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн” дегенди адам эч качан эсинен чыгарбашы керек.
Мына азыр элди ойлой турган убак келди. Анткени кыргыз эли жоголуу коркунучунда турабыз. “Кыргызстан Афганистандан да жаман болот” деп ушул күндү күтүп, дүйнө жүзү тамаша куруп, концерт көргөндөй карап турат.


– Түндүк менен түштүккө бөлүнүп, барды жок кылып, дагы бир жолу кан төгүлүп, дүйнө жүзүнө шерменде болуу азабы алдыда бар!
Андан аркысын угууга чыдамым жеткен жок!

***
Бийлик талашканды токтотуп, элди ойлобосок, эртең кеч болуп калат. Кантип? Ишти эмнеден баштообуз керек? Ооба, агайыңды жаман деп, тууганды кайдан табасың дегендей Акаевдин да, Бакиевдин да өзүбүздүн кыргыздын уулдары экенин, каныбыз бир экенин унутпашыбыз керек. Алар да улам картайып, төрүнөн көрү жакын болуп келатат. Жаман-жакшыбызды кечиришип, бир тилек, бир максатка баш ийип, бир ууч болуп биригип, бүгүнкү кыйынчылыктан кантип чыгуунун жолдорун ойлошубуз керек. “Көп түкүрсө көл болот”, “Жалгыз аттан чаң чыкпайт”, “Бөлүнгөндү бөрү жейт” дейт кыргыз.
Бири-бирибиздин жаман жагыбызды эмес, жакшы жагыбызды издегенди үйрөнсөк кана! Мен ойлойм, менин бир колум түндүк, бир колум түштүк деп. Адам эки колсуз жашай албайт. Кудайды карап, Кудайдан коркуп, барга каниет кылалы, эсибизге келели.
Күнөө бир-эки адамдан эле кетпейт. Кээде ошол бир-эки адамга жамынып алып, максатына жетиш үчүн акты кара кылып, оңду тескери буруп, кара өзгөйлүк кылган пенделер болот. Мисалы, ошол эле Акаевди алалы.
“Эң негизгиси элде тынчтык болсун. Элим качандыр бир менин жакшы жактарымды да эстейт” деп элин да, өзүн да Кудайга аманат кылып кете берди. Бакиев болсо ким бирөөлөргө алданып калды. Аны бетине кармап, элди атышты. Айтмакчы, Бакиевди түштүктүн эли кууп чыкты деген түшүнүк калп! Түштүктүн элинин арасында башка адамдар жүрдү.
Биздин эң жаман жагыбыз көрө албастык.
Кана эми, Акаев менен Бакиев жок, оңолбойлубу, бирикпейлиби. Кеткенибизди, өлгөнүбүздү, жүдөп турган элибизди бетке тутуп, жеке кызыкчылыгыбызды ойлобой, Кыргызстанды сактап калганга, элдин жашоо-турмушун жакшыртканга аракет кылбайлыбы!
Бул анын кишиси, бул мунун кишиси деп майдаланып, бөлүнүп-жарылуу качан токтойт?! Деги эле Акаев менен, Бакиев менен иштебеген адамды кайдан табабыз?! Күнөө издегибиз келсе ар бирибизден табылат. Ар бирибиз күнөөлүүбүз.

***
Өлүп гана көрдү көргөн жокмун. Андан башкасынын баарын көрдүм. Акыры “Кудайсыз кумурсканын буту сынбайт” дегенге толугу менен ынанып, толугу менен Кудай жолуна түштүм. Көп күнөөм үчүн Кудайдан кечирим сурап, айланамдагы адамдарды да ыйманга чакырууга өттүм. Мендеги өзүмчүлдүк, кекчилдик жоголду. Адам өзүн өзү тарбиялап, өзүн өзү тапмайын ары жакка, бери жакка урунуп жүрө берет экен. Ал канчалык кечиримдүү болсо, Кудай да аны кечирип колдойт экен.
Мен адамдарды биринчи кезекте бири-бирин кечире билүүгө чакырат элем. Эгерде кечиргенди билбесек, бири-бирибизден жардам сурайлы, намыстануунун кереги жок, үйрөнөлү. Бул дагы адам баласындагы чоң искусство, улуу маданият, касиет.
Ошондон кийин биргелешип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып туруп кыргыз элин ааламдашуунун ажыдаардай оозунан кантип сактап калабыз, кандай кылсак жок болуп кетпейбиз, балабыздын баласынын баласына чейин баткан карыздан кантип кутулуубуз керек, канткенде жашообуз оңолот, ушул үч маселе тууралуу ойлонолу.
Кадырман кыргыз калкым менин! Эгерде сен болбосоң хандын кимге кереги бар?..

Алмакан Бекова