Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки

Без заголовка

Кара-Кыр – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Терек жана Алайкуу сууларынын (Тардын оң куймалары) аралыгында кеңдик багытта 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 12 км. Орточо бийиктиги 3900–4100 м, эң бийик жери 4634 м (Кашка-Суу чокусу). Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү , капталдары тик,капчыгай, кокту-колоттору көп. Тоонун чыгыш бийик бөлүгү юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит, жапызыраак батышы бордун кызыл түстүү кумдук, алевролит, чопо жана акиташ тектеринен турат. Субальп жана альп шалбаалуу талаасы (2900–3100 мге чейин) жана гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары басымдуу. Жайыт.

Проект «Ту?ан жерім алтын бесігім»

Проголосуйте пожалуйста за наш проект «Ту?ан жерім алтын бесігім». ("Родная земля - моя золотая колыбель") Он расположен под номером 36. Будем вам премного благодарны. Вот ссылка:http://zhascamp.kz/contest/1

Кто есть Иисус?

от Марка 15:34 " В девятом часу возопил Иисус громким голосом: Элои! Элои! ламма савахфани? --что значит: Боже Мой! Боже Мой! для чего Ты Меня оставил?" Если Иисус - Бог, то к кому он тогда обращается?

от Марка 16:19 Итак Господь(по гречески "кириос" "господин"), после беседования с ними, вознесся на небо и воссел одесную (по правую сторону) Бога". - Отсюда я делаю вывод, что Иисус - не Бог. Здесь не написано: "одесную Отца" здесь именно написано: "одесную Бога"!!

Почему же Иисуса называют "сын Божий"
Сынами Божьими был назван еврейский народ:
"И в негодовании пренебрег сынов Своих и дочерей Своих"(Второзаконие 32:19)
Но сыны божьи по Библии - это не просто еврейский народ - сыны божии по Библии - это праведные люди.
Такой вывод мы можем сделать из стиха: "но они развратились пред ним - они не дети Его по порокам своим":(Второзаконие 32:5) Тоесть развратные люди не являются детьми Божьими по пятикнижью Моисея. Иисус был праведным человеком, поэтому его и называли "сыном Божьим".
Иисус же предрекает, что сынами божьими будут названы миротворрцы(творящие мир).(Евангелие от Матфея 5:9)
А Отец - это обращение не только Иисуса. И в пятикнижье Моисея мы находим: "Не он ли Отец твой - усвоил тебя, создал тебя и устроил тебя" (Второзаконие 32:6)

Когда же Иисус увидел, что обращение "сын Божий" может привести к обожествлению, он стал называть себя "Сын Человеческий"

И в заключение хочется сказать словами Иисуса:
"Господу Богу твоему поклоняйся и Ему одному служи" (Евангелие от Луки 4:8)
"Ибо и Сын Человеческий не для того пришел, чтобы Ему служили, но чтобы послужить"(Евангелие от Марка 10:45)



Тимур Джумагалиев


Источник:http://blogs.mail.ru/mail/timjum/1B90D80CA4A1868D.html

3-е Вдохновение Кораном.

СУРА 68 ЧАСТЬ ВТОРАЯ

(34) Истинно, набожным у Господа блаженные сады.

(35) Поступим ли Мы с Подчиненными как с теми, что грешны?
(36) Что с вами и каково суждение?
(37) Или у вас писание, а в нём учение
(38) Что вам, поистине, любое предпочтение?
(39) Или у вас Наши клятвы вплоть до Дня Предстояния о том, что вам – плод вашего суждения?
(40) Спроси их, кем будут клятвы подтверждены?
(41) Или у них – святые? Пускай же приведут своих святых, если правдивы они.
(42) В тот день, когда откроются все тайны, и призовут земной поклон вершить, они не смогут сделать преклонение –
(43) Опущены их взоры и их постиг позор, а ведь могли они пасть ниц, (когда спустилось повеление).
(44) Оставь Меня с теми, кто ложью считает этот рассказ – когда они не будут знать, их жизнь постигнет завершение –
(45) Я дам отсрочку им, ведь замыслы Мои прочны.
(46) Или ты просишь награды и у них от платы отягощение?
(47) Или, быть может, пишут они тайное откровение?
(48) Ты дотерпи! Господь решит! Не будь подобен спутнику кита. Вот он воззвал, когда его постигло заточение.
(49) И если б не Господня милость, то был бы выброшен он на пустырь, его постигло б унижение.
(50) Избрал его Господь и сделал человеком правоты.
(51) А те, кто отвергает, своими взорами тебя готовы опрокинуть, и, слушая Упоминание, говорят: «Его коснулось бесов проникновение»
(52) Но это - не что иное, как Упоминание для народов, (ниспосланное с Божьей высоты).


Тимур Джумагалиев - ответственный за перевод.


Источник: http://blogs.mail.ru/mail/timjum/62F437EA42AA03A5.html

Алымбек Аракеевке "Кылый коз иним сага кат..."



Жазып койдум катымды,
Алымбек иним озуно.

"О" дуйного шашкандар,
Айтаар менин кебим бар,
Ошол жакта менден да,
Чон атам бар, энем бар,

Кимин эгер жол тартсан,
Аманат деген парыз бар,
ушул жазган катымды
Алымбек деген иниме
Унутпастан айта бар.

Колдон келсе Алымбек
Озун деле тосуп ал.

Эки жыл отту билинбей,
ээрчишип жургон кезимдей.
Тушумдо сага жолуктум,
туболук жогун билинбей.

Акыр заман келгендей,
Жазылган тагдыр чекедей.
Жанаша журуп жанында,
Иним сенден айрылдым.
Чыркырап туруп ошондо,
Алымбек сенден айрылдым.
Оксугуп ыйлап кайгырдым.

Кайгыга кошо баткансып,
Ношорлоп булут жаткансып,
Волганын суусу толкундап,
Толкундар бутка урунат
Томсоруп конул айткансып.

Эстедим иним эстедим,
бир жургон кундун коп жерин.
Подвалда "миша" тагандын,
бир кыйла жерин эстедим.

Чынын айтсам Алыке,
Мамашарип тагана,
капа болгон жерим бар,

Он жыл берген мээнетти,
зайыбынын созуно,
майда-чуйдо кебине
алмаштырган жери бар.

Ото деле тан калба,
таганды мен да тушуном,
анткени менде да женен бар.

Акыркы жолу жолугуп,
"Аксакал" деп кайрылып.
Байкалбаптыр ошондо,
Башкача болуп айтканын.

Олтуруп чогуу чай ичпей,
шашылыш, "иш" деп кезикпей.
Алыке баркынды билбепмин,
туболук убакыт бергендей.

"Сендей адам болсун..." деп,
атан Токе мага тапшырган,
Ошондо Токен билбептир,
Жылдыз сынар кол жеткис,
Сен мандайыбызда жылт жанган.

Акыркы телефон чалганым,
суйлошконум эсимде,
Акырын суйлоп "кылый коз",
"Аксакал" деп мага кайрылып,
алыстан кепти издедин.

Ден соолугун сурап женендин,
Биймырза ининди эстедин.
Шар агым турмуш суусунда,
Коштошуу экенин сезбепмин.

Алп уйкун иним азыркы,
Туболук жакка кеткенин.
Тушумдой болуп сезилет,

Ал жакта жашоо бар болсо,
уйронуп иним калдынбы?
Ырга жакын жан элен,
Калем таап алдынбы?
Жаз кундор келип калган сон,
же Ыр китеп жазып салдынбы?

Алыке иним кечиргин,
"Кылый коз" деген созумо.
Ошондо деле айтчуумун,
козун бар кезде озуно.

Абдимиталип атам кетти эле,
Аны издеп таптынбы?
Аябай кичипейил жан элен,
Аны озум тосом деп,
Атайын мумкун шаштынбы?

Ата-Бейит жайында,
Айтматовдун жанында,
Эл Баатыры катары,
Эстелигин коюлуп
Жайынды таптын Алымбек.
Чуй жерине болонуп,
Таарыхта калдын Алымбек.

Мамашарип ЧОТОНОВ, Экономика илимдеринин кандидаты


Музыкалык чыгарманы кардар ылгашы кажет




























Жарыяланган учуру: 14.02.2012





Жакында Коомдук
телеканалдан «Түнгө карай» деген берүүнү көрүп калдым. Анда ар кыл
чыгармачыл инсандар  Маданият министрлигинин алдында түзүлгөн
көркөм-эксперттик кеңештин иш аракеттерин талкууга алышты. Бири «ушундай
кеңеш болгону туура, бүгүн ырчылар чаржайыт болуп кетти, аларды иретке
салуу зарыл» десе, экинчилери «жо-ок, мындай чектөө жакшы эмес, анткени
баягы коррупцияга жол ачып, чыгармачыл эркиндикке доо кетирет» деп каршы
чыгып жатышты.

                                            

Ошондон кийин мен дагы өз оюмду ортого салууну чечтим. Биз бүгүн базар
экономикасында жашап жатканыбызды эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Эгерде
биз артка сереп салып, чыгармачыл инсандарыбыздын эскерүүлөрүнө көңүл
баксак, тоталитардык режимдеги цензура кантип эркин ойго бөгөт койгонун,
далай таланттар идеологиялык тыюулардын аркасынан ачылбай кеткенин
билебиз. Дагы бир топ маданий ишмерлер эркине каршы, же өз эрки менен
коммунисттик бийликтин идеологиялык куралы болуп келгенин да жадыбыздан
чыгарбайлы.



Менимче, жаңыдан түзүлүп жаткан көркөм кеңеш кандай болуп калаар экен
деп суроо салууга акыбыз бар. Мен кеңештин курамына кирген инсандарга
доомат арткым келбейт, абройлуу чыгармачыл адамдар жүрөт. Тек гана
азыркы базар экономикасынын шартында маданий чыгарма да товарга айланып
калганына моюн сунууга туура келет.



Товарды кардар дейбизби, аларман дейбизби, ошолор аныкташы керек. Начар,
сапатсыз товарбы, ал өтпөйт. Эгерде бир инсан чаканы кашык менен
тарсылдатып ойногонду жактырып акча төлөп жатса, экинчи бирөө неге ага
чек коюшу керек? Анын сыңарындай, маселен, бирөөгө кызыл түс, дагы
бирине жашыл түс жагат, сен эмнеге жашылды (кызылды, караны ж.б.у.с.)
жакшы көрөсүң деп доомат арта албайбыз да, туурабы? 



Мына, жакында өткөн «Евразия жылдызы» деген долбоорго баарыбыз күбө
болбодукпу. Анын жеңүүчүсүн музыка ышкыбоздору СМС аркылуу добуш берүү
менен өздөрү аныктады. Кудайга шүгүр, тилине, жерине карабастан,
кыргызстандык Гүлжигитти көпчүлүк тандады. Бул да болсо биздеги буга
чейинки чыгармачылык эркиндиктин үзүрү болду деп ойлойм.



Иши кылса ырдын, музыканын жана аткаруучунун жакшы-жаманын,
кыйын-чабалын кардар гана аныкташы кажет. Азыкпы, кийимби, музыкалык
чыгармабы, спорттук мелдешпи - товарды тандаганды менин өз эркиме
койгула демекмин.



Мамашарип ЧОТОНОВ, Экономика илимдеринин кандидаты





Мелис Арыпбек "Алымбек Аракеевге!

Аракеев Алымбек Токтобекович

Алымбек деп сага ат коюп,

Ата-энең тилек кылышкан.

Ата Журтка тийсин деп пайдаң,

Алымбек атка ыйгарган.



Атактуу Алайкуу аймакта,

Атаң Токтобек директор Коо Чатта.

Абийирлүү болушуп айылда,

Апаң Бурмабүбү да мугалим.



Ак карлуу алыс аймактан,

Апрель айынын бешинде,

Атасы атайын аттанып,

Алымбегине келген Бишкеке.



Алымбеги ашкере активдүү,

Ата Мекен партиясынын мүчөсү.

Атасынын жүрөгү сездиби,

Айтор уулуна катуу эскертти.



Ар кандай акцияларга катышып,

Айланайын балам сен барба,

Арамы көп болот уулум саясатта,

Анчейин сабактан калып, чуркаба.



Атасынын сөзүн ал угуп,

А бирок, өзүнчө чечим чыгарды.

"Ата Журт кыйын абалда,

А мен эмнеге жатам коңулда".



Атасынын тилин ал албай,

Ал митинге жөнөдү калбай.

Атасы кооптонуп издеди,

Артынан барып табалбай.

Алайкуудан келген атасы,

Айланчыктап таппай жүгүрдү.

Аттиң ай арман, карачы,

Алымбекке ок тийип үзүлдү.



Ата-энеси зыркырап,

Азапка моюн сунушту.

Аргасыз, сыздап узатып,

Ата Бейитке сөөгүн коюшту.









Даярдаган

Мелис Арып-Бек

Алымбек Аракеев "Алайкуу"

Алайкуу

Улуусуң сен кымбат жерим Алайкуу,

Бийик тоодон агып түшөт далай суу.

Бадал, арча, токоюңа көз салып,

Баратамын ат үстүндө канаттуу.



Калемимди колго алдым аргасыз,

Ыр жазамын Алайкуу деп айласыз.

А мен эгер ыр жазбасам жериме,

Ыр дүйнөмдүн үйү калат каалгасыз

Алымбек Аракеев

Аракеев Алымбектин "Чычырканак суусу" деп аталган ыры.

Аракеев Алымбектин  "Чычырканак суусу" деп аталган ыры.




Төрөлүпмүн мен ноябрь айында,

Жөрмөлөпмүн мен саратан жайында.

Балалыгым бай турмушта өткөрдүм,

Алайкуумдун чычырканак сайында.



Чычырканак сайы укмуш керемет,

Чоң дайрага өзү эле теңелет.

Себеби ал буркан-шаркан түшкөндө,

Сайга батпай жээктерин жемелейт.



Бул сай өзү суунун болот башаты,

Тар дайранын оң тарапкы канаты.

Жээгинде чычырканак бой тиреп,

Жемишине эрдемсинет баласы.



Ошол жердин кулуну мен аталып,

Турган элем чоң атамдан бата алып.

Чоң түп терек суу боюна көрк берип,

Турат азыр үй алдында кайкайып.



Эчен эрен басып өткөн бул жерди,

Багынта албай келген экен бул элди.

Азыр мына Алайкуудай асыл жер,

Жаратканым жасагандай бул жерди

Кыргыз эли Алымбектей уулу менен сыймыктанат

Эскерүү



Кыргыз эли Алымбектей уулу менен сыймыктанат



Тарыхта 7-апрель кандуу күн болуп калары белгилүү, себеб,
2010-жыл 7-апрель күнү кыргыз жигиттеринин каны чачылып, кыргыз элинин
эртеңин ойлогон баатырларыбыз жанын аябай көкүрөгүн канкорлорго тосуп
беришти;

Кыргыз эл арасынан,

Чуу чыкты жүрөк сыккан.

Тоо койну толуп ыйга,

Топтолуп элдер ыкчам.

Каза болду 21 адам,

Кайгырсаң кайдан табам?

Бей күнөө кеткендерге,

Ыр арнап катты жазам.

Бул ырлар жүрөгү ар дайым кыргыз деп соккон патриот жигит Аракеев
Алымбектин ыйлап жазган ырлары эле. Бир канча жыл мурда Кара-Кулжа менен
Алайкуу жолунда бир автобус адам жол кырсыгына кабылып,21 адам курман
болгондо Алымбек ошол адамдарды жоктоп ыйлап жазган. Кайран жигит бардык
жамандык-жакшылыкты жүрөгүнөн өткөргөн ак көңүл баатыр эле.

Эр азамат жок болсо,элдин көркү келишпейт демекчи, Алымбек элибиздин,
Кара-Кулжалыктардын кайраттуу, намыстуу жигиттеринен болгон. Аракеев
Алымбек Токтобекович 1983 -жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна
караштуу Кызыл- Жар айыл өкмөтүнүн Коочаты айылында төрөлгөн. Атасы
Токуш агай, апасы Бурма эжеке алдыңкы мугалимдерден, Сагындык орто
мектебинде билим берүүнүн мыктылары. Алымбек кичинесинен дилгир, зирек,
ар кандай нерсеге жөндөмдүү, ырга шыктуу бала болуп чоңойгон. Анан калса
мугалим ата-энеси "кара курсак тойгузар- мал багар эмес, эл багар уул
болсун" деп тилеп, патриоттуулукка тарбиялаган. Ал өзү жаш болсо да
кичинесинен өзүнүн жүрөгүндөгү сезимдерин ырга айландырып жаза
билгендиги да аны жаман адаттардан сырт, китеп менен дос кылып туура
багыт берген үлгүлүү үй-бүлөдөгү традиция эле..

Төрөлүпмүн мен ноябрь айында,

Жөргөлөпмүн мен саратан жайында.

Балалыгым бай турмушта өткөрдүм,

Алайкуумдун чычырканак сайында.

Эчен эрен басып өткөн бул жерди,

Багынта албай келген экен бул элди.

Азыр мына Алайкуудай асыл жер,

Жаратканын жазса кандай бул жерди.

Алымбек көп кырдуу таланттын ээси эле. Анын бир китеп боло турган жакшы
ырлары, чыгармачылыгы жана өзүнөн кийинки муундарга үлгү болгудай
баатырдык эрдиги калды артында.

2010-жылы 7-апрель күнү Алымбек кыргыз элинин келечеги үчүн кайдыгер
карабаган баатыр жигиттердин алдыңкы сабында туу көтөрүп жүргөнүн
партиялаштары көп эскеришти. Балдарды ээрчите Ак үйдөгү ажыдаарларды
көздөй жөнөгөн кыргыздын баатыр жигитин лидерлерди терип аткан канкордун
огу токтоткон. Ошондо да көтөрүп жүргөн тууну таштабай кучактаган
бойдон жыгылган.

Аттиң дүйнө! Андан кийин Алымбектей 87 баатырды жоктогон "Жоктоо" ырлары муңканып жатты:

Азаматтардан айрылып,

Ала-Тоо батты санаага.

Туйлап турат жан дүйнө,

Туз куйгандай жарага.

Мүдөөсүнө кыргызым,

Жетсе деп өлүп кетишти.

Түшүнүгү кыргыздын,

Өссө деп өлүп кетишти.

Акылына акмактар,

Кирсе деп өлүп кетишти.

Жакшы жашоо кыргызга,

Башталса деп кетишти.

Жаман бийлик адатын,

Жаңы келчү бийлигин,

Таштаса деп кетишти.

Эл кайгырып турганда,

Эки-экиден бөлүнүп,

Сөгүшкөндү коёлу.

Эмитен бийлик талашып,

Бөлүшкөндү коёлу?

"Жакынынан айрылып,

Жан дүйнөлөр боздоду".

Алымбек кетти шейитке,

Арбагы болсун бейиште,

Алайкуулуктар эле эмес,

Кыргызды салды кейишке.

Алымбек баатырларча кыргыз элинин келечеги үчүн жанын берди. Мына,
билинбей бир жыл өтүп,жылдыгын белгилеп, Алымбектей 87 эл баатырын
эскерип турабыз.

Жаткан жериңер жайлуу болсун,топурагыңар торко болсун. Аракеев Алымбек
Токтобекович-биздин сыймыктуу баатырыбыз. Анын аты өзү окуган Сагындык
мектебинде,туулган жери Коо айылында эле эмес, бүткүл кыргыз элинин
жүрөгүндө түбөлүккө сактала бермекчи.

Алибеков Бектен Салибекович.

Эл агартуунун отличниги

Бишкек шаары

1-апрель, 2011-жыл







Алайкулук ыңкылапчылар

Нооруз күнү Ошто элдик бийлик орногонОш облусунун кара кулжа районунан көтөрүлгөн Алайкулук  ыңкылапчылар 2005-жылдын 21-мартында, Нооруз күнү, Ош облустук акимчилигин экинчи ирет басып алып, аймакта элдик бийлик орногондугун жарыя кылышкан. Ыңкылаптын жолбашчылары ырасташынча, эл эңсеген максат жүзөгө ашты, бирок бул пикирге баары эле макул эмес.




    Ыңкылапчылар жаңы бийлик үчүн добуш берүүдө. 21-март 2005-жыл

    ТЕКСТ КӨЛӨМҮ 
    Жарыяланган учуру: 21.03.2010



    Ыңкылаптын жолбашчылары ырасташынча, эл эңсеген максат жүзөгө ашты, бирок, кайчы пикирдегилердин оюнча,  тилекке каршы, ошондо коюлган талаптардын бири дагы ушу күнгө чейин аткарылган жок. 

    Окуя күбөлөрү эскеришинче, 2005-жылдын 21-мартында эртең менен Ош облустук жана шаардык бийлигинин жетекчилеринин катышуусунда Нооруз майрамы борбордук аянтта адаттагыдай белгиленип жаткан.

    - Жаз жадырап босогобузду аттады. Аны менен кошо Нооруз жергебизге баш бакты, - деди диктор музыканын коштоосунда. 

    Түштүк башкалаасындагы Алишер Навои сейил багынан чубаган жана аларга жолдон кошулган 10 миңге чукул кишинин алды саат 11.00 ченде борбордук аянтка жетип, салтанатты таңыркаган элди тарап кетүүгө чакырык таштаган. Дал ошол маалда, ыңкылапчылардын жолбашчыларынын баамында, ошо кездеги губернатор Кубанычек Жолдошев жана мэр Сатыбалды Чырмашев байкатпай качканга үлгүрүшкөн. 

    Акаев кетсин! 
    - Акаев кетсин!
    - Акаев кетсин
    ! – дешти нааразылык акциясынын катышуучулары бир ооздон. 


    Ошо кездеги “Агым” гезтинин түштүк аймагы боюнча кабарчысы Алишер Токсонбаев элдик курултайдын алдында бийлик элге каршы күч колдонууга ниеттенип жаткандыгын жарыялоодо.
    Ушинтип жаалданган миңдеген жарандар ойлонбостон туруп облустук акимчиликти карай чабуул жасаганда, имаратты курчаган куралчан жоокерлер, ошондой эле милиция кызматкерлери өз бетинче качып изин суутушкан. Мурда макулдашылгандай, аларды ыңкылапчылар сая кууп, кармаганга аракеттенген эмес. 

    Аз убакыт өтпөй ыңкылап жол башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Чотонов Ош облустук ички иштер башкармалыгы алар тарапка өткөндүгүн жар салган: 

    Ош облустук ички иштер башкармалыгы биз тарапка өттүк деп ачык айтышты. Шаардык милиция дагы ушул кадамды кайталап, элге баш ийсин. Жетекчилерин кууп чыгышсын. Жергиликтүү телеканалдан «Биз бийликтин саясий тапшырмаларын аткарбайбыз. Карапайым калкка каршы ок атпайбыз! Эч кимисин камабайбыз!» деп айтып, бирок анысын иш жүзүндө далилдешсин, ошондо гана аларга тийбейбиз.

    Ыңкылапчылар борбордук аянтта, 21-март, 2005-жыл
    Дагы бир нече мүнөттөн кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ошо кездеги бөлүм башчысы, полковник Эрмек Көчөров борбордук аянтка орнотулган трибунага көтөрүлүп, экинчи борбордун тартип сакчылары элдин жеңишин колдой тургандыгын ачыктаган: 

    - Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы кесиптештердин атынан сиздерге жеткирүүнү ылайык таптым. Биз ар дайым эл менен биргебиз. Кечээ Жалал-Абатка жөнөтүлгөн биздин балдар бириңиздерге да кол тийгизген жок, а түгүл каршы ок атпады

    Ошентип, 21-март күнү түшкө маал Ош облусундагы жана шаарындагы бардык бийлик ыңкылапчылардын колуна толук бойдон өткөн. Анвар Артыков Элдик Кеңештин төрагасы-губернатор, Мирадил Бакашев губернатордун орунбасарлык милдеттерин аркалоого киришкен. Ош шаарынын мэри вазийпасын аткаруу Ош облусунун азыркы губернатору Мамасадык Бакировго жүктөлгөн.

    Баса белгилей турган жагдай: аймак эли ошо күндөн 2005-жылдын 24-мартына чейин президенти жок эле жаңы бийлик менен жашаган. Оштогу ыңкылаптын штабын жетектеген Мырзабек Акматов Кыргызстандын түштүк борборунда жана Ош облусунда Бишкектегидей башаламандыкка жол коюшпагандыгын жылуу эскерди: 

    - Ош аймагында бир дагы адамдын мурда канаган эмес, бир дагы дүкөн тонолгон жок! 

    Ал эми ыңкылаптын активисттеринин бири, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеев санаалаштарынын мээнети кайтпай калгандыгына кыйла тызылдады: 

    Ыңкылапты кошоматка кой сойгондор гана пайдаланышты. Дагы эле баягы Аскар Акаедин убагында ичип-жегендер жыргап атышат. Төңкөрүш жүзөгө ашты, бирок талаптарынын бири дагы аткарылган жок.
     



    Мамашарип ЧОТОНОВ, экономика илимде

    Маданияттуу эл кедей болбойт







      • Live Journal





      ТЕКСТ КӨЛӨМҮ 
      Жарыяланган учуру: 12.03.2012

      Жакында бекитилген 2012-жылдын бюджетинен маданият тармагына 700 млн. чамалуу сом бөлүндү. Эгер мыйзамга таянсак, маданиятка бюджеттин үч пайызына чейин өлчөмдө каражат бөлүнөт деп көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, азыркы бөлүнгөн каражат бюджеттин бир пайызына да жетпейт. Андай болсо төмөнкү пайызды да көрсөтүп коюшса болмок. Бюджетти бычып жатканда маданияттын таламын талашкан депутаттар да болду. Маселен, депутат Эгемберди Эрматов агабыз аябай чыркырап, финансы министринен жок эле дегенде 1 млрд. 200 млн. сом бөлөлү деп суранып жатты, бирок андан майнап чыкпады. 

      Тарыхты карасак, маданияты бийик элдер бай жашайт. Демек, бул тармак коё турат деп жыл сайын акча аяй берсек, кедейчилигибиз ого бетер артат. Мынаке, мамлекет башчысы “Бизге жеткен ата салтын, мурасын, ыйык сактап урпактарга берели” дегендей ураан таштап жатат, эгер азыркыдай жүрүшүбуз улана берсе, албетте, урпактарга уят болорубуз анык. Экинчиден, Кыргызстанды байырлаган башка улуттардын да тилин, маданиятын, салтын жандандыралы деп улуу элдин учуна, кыска элдин кыйырына жар салып жибердик. Бул максат аткарылаары да арсар. Маданияттан тыйынды үнөмдөбөй эле койсок жакшы болмок.

      Эми туризм жөнүндө айта кетсем, аны маданият министрлигине кошуп, бир чети туура кылдык деп эсептеймин. Себеби туристтер келген эл-жердин салтына, үрп-адатына, маданиятына жана тарыхый мурастарына кызыгат эмеспи. Демек, сырттан келген саякатчыларды тейлөөдө, алардын программаларын түзүүдө сөзсүз түрдө маданият кызматкерлери иш алып барганы орундуу болот. Мындан ары туристтик келишимдерди жана программаларды түзүп, аларды башка мамлекеттерде реклама жасоодо кыргызстандык тарыхчылардын, маданият мекемелеринин жана ишмерлеринин ролу кескин өсөт.

      Эми туризмдин бюджетин эсептейли. Туризм маданият министрлигине кошулгандан кийин жок эле дегенде ошол бюджетке 25% кошулуш керек эле, тилекке каршы 7 млн. сом гана бөлүнгөн. Мынча каражат менен туризмди жандантам, көтөрөм деп үмүт этиш да кыйын. Албетте, казына жарды, таңкыс болуп жатат, бирок туризм бат эле өз кайтарымын берет эле. Бир жайда эле Ысык-Көлдөн, Сары-Челек, Арсланбап, дагы башкаларынан кыйла киреше түшмөк.

      Менин билишимче, экономиканы да, бизнести да маданияттуу, билимдүү адамдар көтөрөт. Кара күчтүн заманы өткөнү качан?

      Мамашарип ЧОТОНОВ, экономика илимдеринин кандидаты


      Алайкуудагы бир айыл


      Алайкуудагы бир айыл






        ТЕКСТ КӨЛӨМҮ 
        Эрнист Нурматов
        Жарыяланган учуру: 13.07.2011

        Кышкысын көчкүдөн жол жабылып, райондун жана облустун борборунан бир айлап карым-катыш үзүлүп калат. Жолдун катаалдыгынан, шарттын начардыгынан улам мында жаштардын карааны калбай калды дешет элеттиктер. 

        Кытай менен чектеш аймакта жайгашкан Алайкуу өрөөнүндөгүлөр борбор жакка күнүгө кыйынчылык менен катташат. Начар жолдо унаа лөкүлдөгөн сайын кудайлап жакаларын карманып кете беришет. Өңгүл-дөңгүл жолдо каттаган унаанын далайы талкаланып бүттү.



        Айдоочу Үмүт Маматалиев ылдый түшкөн сайын УАЗ машинесин устага көрсөтөт. “Жол тазалагычтардын иштебегендигинен улам ушундай болот”, - дейт ал:

        Ой-Тал айылынан нары деле тим эле Ошко баргандай болобуз.

        Белге чыккандан кийин бизди жол тазалагычтар такыр эле унутуп коюшат. Таштарды тебелеп кете берип, унаам заматта эле талкаланып калат. Жок дегенде 3 айда бир карап, тазалап турушса болмок.


        Айдоочулардын айтымында, Алайкууда турган жол сүргүч 2 унаа иштесе иштейт, иштебесе жок. Жылдын башынан бери болгону 5 км. жол тазаланган.


        Асан Какаев жубайы менен
        Райондук жол эксплуатациялык ишканасынын инженери Арстан Жалиевдин белгилешинче,каражаттын жетишсиздигинен улам жолду тез-тез тазалап турууга алардын мүмкүнчүлүгү жок:

        Күнүгө дей албайбыз, аптасына, же бир айда бир дей да албайбыз. Бирок жол жабылып калганда, же жер көчүп түшкөндө тазалап турабыз. Машине жүрүп турганга болот. Жүк ташыгыч машинелерибиз, жол тазалагыч машинелерибиз аз. Жетишпейт, же бошобой калат. Күйүүчү май болуп калса, эми жакындан баштап дагы бир сыйра тазалап чыгабыз. Жаман жерлерди түздөгөнгө аракет кылабыз.

        Чөнтөктө түнөбөгөн пенсия

        Мындан 2 жыл мурун Кара-Кулжа – Алайкуу жолунан автобус кырсыкка учурап, 19 киши каза болгон. Ошондон кийин бул жакка автобус аттуу такыр каттабайт. Анын ордуна УАЗ машинесин колдонушат. Жол акы болсо мурда 60 сом болсо, азыр 600 сомго чыккан.



        Алайкуу айыл округунун тургунуСатыбалды Кыдырмышевбуларды айтып берди:

        Унаалар миң каттаган күндө да өздөрүн актай албайт. Жапжаңы машине да 1 жылда талкаланып жок болот. Эптеп эле келип кетишет.

        Элдин тапкан-тышыганынын баары эле ушу техниканы оңдоп-түздөгөнгө кетет. Ошон үчүн жол кире кымбат. Райондун борборунан Алайкууну акыркы айылы Көк-Артка чейин 120 км. болсо, жол акы 600 сом. Ичпей-жебей барып келгениңде 1200 сом болот. 1 кг. жүк райборбордон 2 сом менен келет. Башкача айтканда 1 кап ун бул жерге 100 сом менен келет
        .


        Тамара Жусупбекова
        Жол акынын кымбаттыгы Алайкууда азык-түлүктүнда наркын абдан көтөрүп салган. Дүкөнчүлөр борбордон алган нерсесин мында эки эсе кымбат сатышат. Көкарттык 78 жаштагы аксакал Асан Какаев 4000 сом пенсиясы мында эч нерсеге жетпей калаарын айтат:

        Бул жерде азык-түлүк кымбат. Бир кап ун 1600 сом. 2-сорту 1300 сом. Картошка 35 сом, пияз 35 сом, сабиз 40 сом. Алган кичине пенсиябыз ушуга эле кетет. Эгер батага, тойго деп ылдыйга бир-эки түшүп келсек, пенсия толугу менен жок болот.  

        Элин сагынган элет

        Ал эми өрөөндүн Карагатты деген жерине болсо, машине түгүл адам да өтө албайт. АРИС куруп берген көпүрөнү суу алып кеткенден бери бул жактын балдары округ борборундагы мектепке бара албай калган. Карагаттылык тургун Тамара Жусупбекова:


        Үмүт Маматалиев
        АРИС коому куруп берген көпүрөнү суу алып кеткен. Оңдоп беребиз деген кишилер бири-бирине шылтап, жасаган киши жок. Азыр го каникул, бирок жазында балдарыбыз мектепке барбай эле калып атты. Суудан өтө албай калат.

        Дарыя киргенде чоң кишини агызып кете тургандай болот. Кечип өтөм деп 3 жигит, 1 келин агып кетти. Мектепке баратып 2 бала агып кетти. 


        Алайкуу өрөөнүндө 10 чакты айылда жалпысынан 25 миңден ашуун калк жашайт. Жашоо шарттын начардыгынан, жолдун алыстыгынан улам бул жактан борборду көздөй агылгандар көп. Кээ бири үйлөрүн сатып биротоло көчүп кетсе, жаштардын дээрлик көпчүлүгү ишсиздиктен кетишкен.



        “Минтип отурсак элетте эл калбай калат го” деп түтөйт алайкуулук Сатыбалды Кыдырмышев:

        -“Элет өнүкмөйүн өлкө өнүкпөйт” деп коёт элибизде. Элеттиктер мамлекеттин керегеси. Кереге болбосо боз үй тура албайт.

        Бийлик айыл жергесинде жашагандарга жакшылап көңүл бурбаса элдин тагдыры кыйындап баратат. Бизде ички миграция, тышкы миграция деген өсүп кетти. Айылда 50 жаштан жогоркулар барбыз, ага чейинкилер кеткен. Чалдар менен балдар эле калды дегендей. Жаштарга жумуш жок. Анан алар чет өлкөгө, же шаарга кетип атышат. Аларды алаксытып кала турган нерсе таппай калдык.


        Кышкысын 6 ай бою кар астында жаткан алайкуулуктар кээде 2 айлап деле борбор менен карым-катышсыз калат. Өздөрү айткандай шаардагысы шаарда, айылдагысы айылда жаз чыгарышат. Байкашымча, мындагылар бийликтин элден кабар алаарынан түңүлүп деле калышкандай.


        Алайкуу, кырка тоо

        Алайкуу, кырка тоо

        Алайкуу, кырка тоо - Түштүк-Батыш Теңиртоодо. Чыгышынан Фергана тоо тизмеги, батышынан Көксуунун алабы, түндүгүнөн Алайкуу өрөөнү, түштүгүнөн Карачал тоосу менен чектешет. Эркеч, Сабажарды, Туюккайыңды, Көлкайыңды, Айрыташ, Кыздар, Кемпир, Бооралбас жана Үчказык айрыктарынан турат. Узундугу 70 км, эң жазы жери 45 км. Орточо бийиктиги 4190 м, эң бийик жери 5300 м (Манастынээри чокусу).
        Рельефи татаал, тоо тармактары тектон. жаракалар менен бөлүнгөн. Тармактары батыш тарабында узун (15–20 км), чыгышында кыска (5–10 км), капталдары жазы жана айдөш. Негизинен палеозой менен бор мезгилиндеги акиташ теги, сланец, бир аз гранит, мрамор, конгломерат жана башкалар тектерден түзүлгөн. Азыркы мөңгүлөр Кыздар, Кашкасуу, Манастынээри, Ойбала, Эркеч, Акечки жана Көлкайыңды тоолорунда кездешет. Шалбаалуу талаа, токойлуу шалбаа, токой, субальп, альп шалбаасы, 3900 м бийиктиктен жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоолор жайкы жайыт.
        [оңдоо]


        Без заголовка

        7-апрель каармандары
        Аракеев Алымбек Токтобекович
        (1983-жыл, 21-ноябрь) 
        Алымбек Аракеев Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн Кызыл-Жар айыл округуна караштуу Коо-Чаты айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин студенти эле. Атасы Токтобек мектеп директору, окуу бөлүмүнүн башчысы, апасы Бурмабүбү да мектепте мугалим болуп эмгектенишет.
        2010-жылдын 5-апрелинде атасы алыстагы, ак карлуу Алайкуу өрөөнүнөн Бишкекке билимин өркүндөтүү курсуна келген. Алымбегинин ашкере активдүүлүгүнөн уламбы же ата жүрөгү алда нени сездиби, айтор уулуна катуу эскертип калды: "Уулум, саясий акцияларга катышпай эле койчу. Жүрөгү жалындаган уулу ал сөзгө анчалык деле ынабаптыр. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, анан да намыскөй баласы, көптөр көтөрүлүп, бийликке айбат көрсөтүп көчөгө чыккан чечүүчү кез келгенде, өзү катышпай, коңулда кала албаган кейиптенет.
        "Ооба, уулум намыскөй болучу. Орто мектепти бүтүргөн жылы Оштогу мамлекеттик университетке өтпөй калганда, намыстанып, үч күн көчөгө чыкпай калган болучу" дейт атасы. Анын үстүнө атасы физика сабагынан, апасы математикадан балдарга билим берип жатса, анан алардын уулу жогорку окуу жайдын физика-математика факультетине өтпөй калганы кандай! Кийинки жылы кайтадан жогорку окуу жайга, Кыргыз улуттук университетине, социология адистиги боюнча тапшырып, бюджеттик бөлүмгө өтүп кеткен.
        Бирок Алымбек журналист болууну самачу. Филологиялык багытта атайы билими болбогону менен, кыргыз жана дүйнөлүк адабият классиктерин кастарлап окугандыгы байкалат. Ата-энеси мурда Алымбегинин ыр жазып жүргөнүнө анчейин маани деле беришпесе, азыр ал жазып кеткен ыр саптардан уулунун эли-жерин, Мекенин канчалык кастарлаганын, дирилдеген ыр жандуу жүрөгү кантип какканын байкап жатышат. Алайкуулук айтылуу Кыргыз акыны Сооронбай Жусуевдин, Кожогелди Култегиндин ырларына баа берип өсүп-чоңойгон уландын топтогон ырларынан, ырас эле ал саптардын ээси ак карлуу Алайкуу өрөөнүн, жалпы эли- журтун жакшылап сыпаттап, көпчүлүккө кабардар кылганы байкалат.
        7-апрелде көтөрүлгөн элине каршы ырайымсыз бийликтин аткан огу Алымбектин жүрөк жагына тийип, өмүрүн кыйып кетээрде да, ал "Ата Мекен" партиясынын желегин желбиретип кучактап жыгылган бойдон жан бергенин көргөн кишилер айтып беришиптир.
        Алымбектин сөөгү, эли-жери үчүн курман болгон патриот уул катары "Ата-Бейитке" коюлган. 
        Алымбек Аракеевдин ыры 
        Алайкуу 
        Улуусуң сен кымбат жерим Алайкуу,
        Бийик тоодон агып түшөт далай суу.
        Бадал, арча, токоюңа көз салып,
        Баратамын ат үстүндө канаттуу.

        Калемимди колго алдым аргасыз,
        Ыр жазамын Алайкуу деп айласыз,
        А мен эгер ыр жазбасам жериме,
        Ыр дүйнөмдүн үйү калат каалгасыз...
        Ашыралиев Саламатбек Абдиевич
        (1963-жыл, 13-январь) 
        Ашыралиев Саламатбек 1963-жылы Талас шаарында туулган. Атасы Ашыралиев Абди 1933-жылы туулган. Апасы Нурила 1936-жылы туулган, ал кайтыш болуп кеткен. Бузурман, Таалайбек, Аманбек, Асел аттуу бир туугандары бар. Жубайы Роза жеке ишкерлик менен алектенет. Сүймөнкул, Марсель, Эрлан аттуу үч балалуу болушкан.
        Саламатбек Талас шаарындагы №1 мектепте 4- класска чейин окуган. 4-класстан кийин Жон-Арык айылына көчүп кетишип, мектепти ошол жакта бүтүрөт. Фрунзедеги №18 кесипчилик-техникалык окуу жайына байланыш адистиги боюнча билим алган. 1982-1984-жылдары Советтик Армиянын катарында Украинада кызмат өтөдү. Андан кийин Фрунзедеги милициянын эки жылдык мектебин бүтүрдү. Талас аймагынын байланыш тармагында иштеп жүрүп, 2005-жылы Чүй жергесине, Сокулук айылына көчүп барып, ижарада жашашты. Сокулукка келгени кийинки кездерде "Ак шумкар" партиясына мүчө болуп кирип, ошол партиянын мүчөлөрүнүн катарында 7-апрелде митингге эл катары чыккан болучу.
        Ала-Тоо аянтына чыккан КАМАЗ машинасынын борту сынып кеткенде, Саламатбектер ошол машинанын үстүндө болушчу. Мына ошентип ал шейит кетти.
        Саламатбектин иниси Бузурманкулдун айтуусунда, агасы үйдөгү балдардын улуусу болучу. Ал курулуш жагына кызыгып, ушу тармакта көп иштеди. Мигрант болуп, кайсы гана жерлерди кыдырбады: Россиянын Подмосковье, Казакстандын Чимкент, Астана шаарларында өзүнчө курулуш бригадасын топтоп алып, курулуштарда иштеп келип жүрдү. Подмосковьеден "Жигули" машинасын айдап келген. Каза болгондо ал машинанын али каттала элек документтери чөнтөгүнөн чыккан.
        Айылдагы атасынын тамы Саламатка берилген. Саламат атасынын тамын уулуна белек кылып, жакында ал тамды оңдоп-түзөп, уулу айылда жашайт деп турган чагы эле.
        Саламат кишинин көңүлүн калтырбаган, жайдары мүнөз жигит эле, -дейт иниси Бузурманкул.
        7-апрелде ал ич жагынан жаракат алып, шейит кетти.
        Саламатбектин сөөгү Талас областынын Жон-Арык айылына коюлду.

        "7-апрель каармандары" аттуу китептен 

        В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
        Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу