Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки
Askat MUKTAROV, 31-07-2013 14:31 (ссылка)

Мен кыргызмын!

Мен кыргызмын!

Мен кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен кыргызмын,баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен кыргызмын,асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм.
Кырчылдаган «Кыргыз» деген жакшы аттын!

Мен кыргызмын,түгөнөрдө түтөгөн!
Мен кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен кыргызмын,тарыхым бар,тилим бар.
Мезгилдердин ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен кыргызмын,жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап,улуу муң.
Кылымдарга улап кетер эл көчүн
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

Зайырбек Ажыматов

"Кутом-дебе,махабат".

Кутом-дебе,жолум карап сен бугун,
Кутом-дебе,бир озун деп умутум.
Куткон сайын сен озумду ардагым,
Ооруп чыгат сага шашып журогум.

Кутом-дебе,бат келчи деп шаштырып,
Кутом-дебе,калдымго деп заарыгып.
Кан айланат сага деген журокто,
Барам бир кун кетпедимго таарынып.

Кутом-дебе,мезгил санап,кун санап,
Кутом-дебе,келер жолум сен карап.
Табышмактуу бир кун барам жанына,
Мына мен-деп,кулумсуроп жай карап.

Кутом-дебе,махабатым озун деп,
Кутом-дебе,суйуун мага белен деп.
Кен ааламда мен да кезип журомун,
Суйуу гулун бир кун сага берем деп.

Кутом-дебе,кайдасын?-деп жай сурап,
Кутом-дебе,жаз кетирип жай улап.
Таппай келем кызыл гулум колумда,
Журогумдон дайынынды мен сурап.

                
                 Кыргыз бала.

Кыргызымдын кыздарына



Кыргызымдын кыздарына





Учалбай кокту карап канат кагып,
Улгайдын ата-энендин капасында.
Эркиндик сага келди карындашым,
Ээн бастын орустун бир калаасында.

Азгырык шайтан ээлеп акыл эсин,
Ансайын кокто учуп сен келесин.
Жок айтпайм, айта албайм, тилим барбайт,
Бул сулуу сатты- деп мен оз денесин.

Шумдугун турмуш сенин,сага наалат,
Азгырып нечен кызды жолдон алат,
Айсайын тилек кылып жол караган,
Ата-энеге боорум оорйут атаганат.

Кор турмуш бугун барда эртеси жок,
Козун ач карындашым бил кечи жок.
Кокто учуп,кокологон кукук сымал,
Болбочу мен суранам умуту жок.

                                       Кыргыз бала.

Мансапкор


Туулган жер.

Жер барбы айтчы озундой,
Кок асман,жайыт торундой.
Алыстан кумсап келемин,
Турасын бугун корунбой.

Алп буркут учуп шанкыган,
Аска зоо айтчы кимде бар.
Бейиштин жерин ээлеген,
Ыракмат сага бабалар.

Кыр кырдан тушкон булагын,
Ичкенде моокум кандырган.
Уч кыл комуз куу салса,
Кууно дене балкыган.

Ким айтар жерин жаман деп,
Жеримсиз жашай алам деп.
Журсомда кезип нечен жер,
Журогум согор саган деп.

Эстесем дале жанырат,
Сайрашы куштун тан менен,
Жыпар жыт анкып сергитткен,
Арчанын жыты кайда экен.

Азырда эстен кетпеген,
Тал чыбык ашып ат минген.
Жаштыгым калды эх чиркин,
Туулган жер билсен сен менен.

Тамшанып кээде каламын,
Кымызды чалса кулагым.
Бир ооз уртап алсам деп.
Азырда энсеп турамын.

Керемет соонун колум бар,
Суйкайган салкын торум бар.
Тенирим назар салган дейт,
Абшырдай жерим кимде бар.

Алыс кыл жаман коздордон,
Асыл кенч менин жеримди,
Асырагын тенир ар убак,
Ак журок Кыргыз элимди.

  "Кыргыз бала"

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу