Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки

Кадамжайдын кыргызча форуму

WWW.FORUM.KDM.KG - Урматтуу жердештер!
Кадамжайдын кыргызча форуму ачылды.
Форум толугу менен кыргыз тилинде десе да болот.
Форум 26-марттан толугу менен иштей баштады.
Форумга кирип тартынып жазбай тиктеп чыгып кетпей кичине кызыктуу кылып катышып кызытып туруунуздарды суранабыз.
Форумда Майлру же Вконтакте же Одноклассниктегиден да оной, эн башкысы ал биздин Кадамжай элиники!
Достор баарыныздарды форумда кутобуз!
Форумдун дареги дагы белгилей кетейин forum.kdm.kg
Форумда башкарып турган модераторлор керек кайрылыныздар, кимге кайрылуу форумда жазылган, кандай темаларды, кандай болумдорду ачуу боюнча кеп-кенештерди кутобуз.
Конул бурганыныздар учун чон ыраазычылыгызды билдиребиз!
Форум.КДМ.Кг (www.forum.kdm.kg)Равидин

Кадамжайга жук алып кетебиз ,...8 925 450 03 52 Ибрагим

жук жоноткондор болсо ушул номерге чалгыла 89254500352 (Ибрагим) машина Кадамжайга чейин барат !

IZAT Ibrakhimov, 14-06-2013 18:25 (ссылка)

16 июнь саат 10-00 метро Савеловская !!! Волейбол

16 июнь куну саат 10-00 метро Савеловская парк <Новослободскийде>  Волейбол боюнча турнир болуп отот 

Без заголовка

12-май жекшемби куну Кызыл-Булакчылар бардыгынарды Фонддун кезектеги чогулушуна чакырабыз. Мындан тышкары Кадамжай районунун Москвада иштеп журушкон эмгек мигранттарын арасында волейбол, футбол  оюндары откорулот. Дареги м. Савеловская 'Новослоболский парк' саат 10-00 го.  

Чогулуш

Урматтуу Москва жана Москва областында эмгектенип жатышкан Кызыл-Булак айылынын тургундары. 2013-жылдын 14-апрелинде Москва шаарындагы ВДНХ да Кызыл-Булакчылардын кезектеги чогулушу болот. Мен Кызыл-Булакчымын, мен мусулманмын, деп баш которуп жургон, билип туруп чогулушка катышпай жургон инсандар бир келип мен да бармын деп корунуп койгулачы силерден сураныч. Бир эки сааттык убактынарды аябай эл менен бир болгонунар туура болсо керек. Пул деп эле журо бербестен инсандык сезиминерди ойготуп, элинерди, жеринерди, эн башкысы Аллахты эсинерден чыгарбагыла. Чогулуш саат 12-00 до башталат 




Чогулуш

Урматтуу Москва жана Москва областында эмгектенип жатышкан Кызыл-Булак айылынын тургундары. 2013-жылдын 17-мартында Москва шаарындагы ВДНХ да Кызыл-Булакчылардын кезектеги чогулушу болот. Мен Кызыл-Булакчымын, мен мусулманмын, деп баш которуп жургон, билип туруп чогулушка катышпай жургон инсандар бир келип мен да бармын деп корунуп койгулачы силерден сураныч. Бир эки сааттык убактынарды аябай эл менен бир болгонунар туура болсо керек. Пул деп эле журо бербестен инсандык сезиминерди ойготуп, элинерди, жеринерди, эн башкысы Аллахты эсинерден чыгарбагыла. 

Чогулуш

Эртен 24-февраль куну ВДНХ да Кыргызстан павильонунда Кызыл-Булакчылардын чогулушу откорулот. саат 11-до. 

Мечитке жардам

Урматтуу Кызыл-Булакчылар!Жакында Кызыл-Булак айылынын борбордук мечитинде ремонт иштери башталат. Ошого келгиле баарыбыз биргеликте колубуздан келишинче жардам корсотолу. Биз, Москва шаарындагы Кызыл-Булакчылар уюшуп, жардам корсотууну чечтик. Сурап билуу учун Тажибаев Исабекке кайрылгыла. тел: 8926365457

Чогулуш

 Урматтуу Москвадагы Кызыл-Булак айылынын тургундары, 2012-жылдын 16-декабрында жекшемби куну саат 12-00 до Фонддун кезектеги чогулушу откорулот. Чогулуш Метро "Партизанская" да "Жалал-Абад" кафесинде болот. Баарыныздарды чакырабыз.  


Чогулуш

Урматтуу Кызыл-Булак айылынын тургундары  11-ноябрь жекшемби куну Москва шаарында "Котормо" Фондунун кезектеги чогулушу откорулот. Баарыныздарды чакырабыз.Дареги: Москва шаары, метро Проспект Мира, Екатеринский Парк саат 11-00 го.

Айт майрамы

Урматтуу жердештер, туугандар. "Котормо" Коомдук Фонду баардыгыныздарды эртенки Курбан Айт майрамыныздар менен куттуктайт. Аллах баарыбызга тынчтык, бейпилдик берсин. Дайым Аллах бизди коргоп, колдоп журсун. 



"Котормо" Коомдук Фондунун жетекчиси 
И.Тажибаев 
Москва шаары 
25-октябрь 2012-жыл

Без заголовка

Урматтуу айылдаштар 2012-жылдын 7-октябры жекшемби куну "Котормо" Фондунун кезектеги чогулушу откорулот. Дареги Москва шаары м.Проспект Мира "Екатеринский Парк". Ал жерде фондго тиешелуу маселелер суйлошулуп, футбол боюнча кичи турнир откорулот. Мен Кызыл-Булакчымын Тамашачымын деген эр жигиттер созсуз катышуусу зарыл. 

Без заголовка

Урматтуу Котормо айыл Окмотунун тургундары 9-сентябрь жекшемби куну Проспект Мирадагы Екатеринский паркта кезектеги чогулуш откорулот. Андан тышкары футбол оюну болот. Баарынарды чакырабыз.

31 август

Урматтуу жердештер баардыгыныздарды 31 август Эгемендуулук майрамыныздар менен куттуктайбыз. Сиздерге баардык жакшылыктар, бейпилдик, бакыт таалай, ишиниздерде чон чон ийгиликтерди каалайбыз. Ар дайым бар бололу, бир бололу. "Котормо" Фонду .

Биздин фонддун негизги максаттары.

Көтөрмө айылдык фондунун негизги максаттары:
1. Москва жана келечекте бүт эле Россияда эмгектенип жүрүшкөн айылдаштарды ынтымакка, биримдикке чакыруу максатында чогултуу;
2. Москва жана Москва областында эмгектенип жана окуп жатышкан айылдаштарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү;
3. Кокустук, кырсыктардан жапа чеккен жердештерибизге эң биринчи кезекте оперативдүү жардам көрсөтүү;
4. Москвадагы жаштардын, аял-кыздардын  орчундуу проблемаларын чечүүгө жардам көрсөтүү; 
5. Ошондой эле дагы Москва шаарындагы  жердештерибиздин жана келечекте айылыбыздагы бир топ социалдык маселелерди чечүүнү  пландаштырып жатабыз.

1. 2012-жылдын 9-майынан баштап бирин бири колдоо максатында «Көтөрмө» фонду түзүлдү. Көтөрмө Фонду Россияда эмгектенип жатышкан айылдаштарыбызга негизги таяна турган, колдоо көрсөтө турган уюм катары  түзүлдү.  Азыркы күндө фондго 102 киши мүчө болуп катталды.  Өзүңүздөргө белгилүү Кызыл-Булак жана Тамаша айылынан орто эсеп менен миңге жакын жердештерибиз Россиянын булуң бурчунда иштешип жүрүшөт. Биз бардыгыбыз бирөөнүн жеринде, бирөөнүн элинде үй-бүлөбүздү, бала- чакабызды багабыз деп иштеп жүрөбүз. Жат жер, жат эл дегендей ар кандай маселелер, көйгөйлөр башыбызда бар. Башыбызга түйшүк иш түшсө бараар жерди, издээр адамды таппай калышыбыз да мүмкүн.  Көтөрмө айыл өкмөтүндө туулуп өскөндөн кийин, мен ошол жердин кулунумун деп чын жүрөктөн атуулдук сезимин ойготуп, фондго мүчө болуу ар бирибиздин милдетибиз;

2. Башына оор иш түшкөн айылдаштарыбызга юридикалык, моралдык шартка ылайык материалдык колдоо көрсөтүү.  Жаштарга билим берүү маселери боюнча багыттоо; 

3. Өзүңүздөргө белгилүү адамдын башында ар кандай иштер бар. Кокустукка учурабайбыз деп эч кимибиз кепилдик бере албайбыз. Кудай өзү сактасын, кокустук болбосун. Жаман иштер, оруу сыркоолор болуп калган учурда тез аранын ичинде жардам берип, көмөктөшүү  биздин түздөн түз милдетибиз;  

4. Москвада жана бүт эле Россияда көйгөйдүн эң негизгисин айтсак- ичкилик. Ичкиликке берилген, жолдон адашкан  уул-кыздар бар. Ошол сыяктуу учурларды аныктап туура кеңеш берип жол көрсөтүү, моралдык жактан колдоо көрсөтүү фонддун негизги милдеттеринин бири;

5. Келечекте биздин алдыга койгон максаттарыбыздын эң негизгилери, айылыбыздагы  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жетим-жесирлерге  ар тараптуу колдоо көрсөтүү. Мындан тышкары мечиттерге, айылыбыздагы мектептерге колдон келишинче жардам берүү. Табийгый кырсыктардан жапа чеккен жерлерге (жол, көпүрө жана ушул сыяктуу) бизнестик долбоорлорду түзүү аркылуу жардам көрсөтүү, жана ушул сыяктуу майда көрүнгөн, бирок айыл тургундары үчүн маанилүү болгон көйгөйлөрдү айыл өкмөтү жана айыл тургундары менен биргеликте чечууго аракет кылуу;

Жогорку маселерди ишке ашыруу жана фондго колдоо көрсөтүү максатында Россияда жургон ар бир Көтөрмө айыл өкмөтүнүн тургуну ай сайын 200 рублдан кем эмес взнос берүү менен фондго мүчө боло алышат.

Фонддун уюштуруу иштери жана башка фондго тиешелүү ой пикирлер, сунуштар, колдоолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар:

Кадыров Ибрахым  - 89032421447, 89261371657

Тажибаев Исабек  - 89263654571

Турдали уулу Аслан -  89268982719

Акимбеков Эльдос  - 89263547366



Без заголовка

Эртен 12 август жекшемби куну саат 11 де метро ВДНХ да "Кыргызстан" павилионунун жанында Кызыл-Булак жана Тамаша айылдарынын тургундарынын кезектеги чогулушу откорулот. Баарыныздарды чогулушка чакырабыз.

"Котормо" фонду жонундо.

Ассалоому алейкум туугандар. Озунуздорго белгилуу "Котормо" фонду тузулуп, май айынан баштап иштеп келе жатат.
Фонддун жетекчиси Тажибаев Исабек Курбаналиевич. 
Туздон туз жардамчылары Акимбеков Элдос Осконбаевич жана Турдали уулу Аслан.
Взнос ар ай сайын 200 рубльдан. 
Азыркы кундо 101 адам фондго мучо болуп, фонддун иштерине активдуу катышышып келе жатышат. 
Ар ай сайын жердештер чогулуп ар турдуу маселелер боюнча чогулуш откорулот. 


Айта кетейин дегеним: Урматтуу жаштар айрыкча 1982-жылдан 1994-жылга чейинки инилер чакырылган чогулуштарга келип катышып койгулачы силерден сураныч.

Байланыш учун телефондор: 89263654571 Исабек, 89263547366 Элдос, 89263978004 Аслан.

Жук алып кетебиз.

Урматтуу айылдаштар 3-4 кундун ичинде Литвадан машина алып чыгышып Кызыл-Булакка чейин жук же кетуучулор болсо адам алып кетишет. Байланыш учун телефондор 89252699876 Баатыр Тажибаев. 

Без заголовка

АССАЛААМУ АЛАЙКУМ  котормо айыл окмотунун жаштары.ушул фондду ачканыныздар зор иш,еми мен да бир сунуш киргизсем дегенелем ушул фонд кимдин атында,егер ошол адам окуган болсо фонддун счетин биздерге да билдирип койсонуздар сураныч .менин угушум б-ча 200 рубльдан деп уктум кимге бериш керек.ишке байланыштуу чакырылган жерлерге  баралбай атабыз.аларды тушуносуздор баарыбыз еле иштейли деп келгенбиз.счет кимдин атында,и счетту бизге да кабарлап койюнуздар сураныч.ТУТКАН ОРОЗОНУЗДАР КАБЫЛ БОЛСУН. АССАЛААМУ АЛАЙКУМ ВА РАХМАТУЛЛАХИ ВА БАРАКАТУХУ.

Без заголовка

Дос рахмат. Жанылыктардан жазып тургула.

Орозо айы

Урматтуу Котормо айыл Окмотунун тургундары Сиздерди келе жаткан Орозо айыныздар менен куттуктайбыз. Ушул улуу Орозо айында Аллах бардыгыбызга тынчтык, бейпилдик берсин. Ар кимибиз ойлогон ой максатыбызга жетип бактылуу таалайлуу жашайлы. Ар дайым бар болгула бир болгула.

"Котормо" фонду. 2012-жыл 18-июль Москва.

Тамаша айылы

Урматтуу Тамаша айылынын Москвада бут эле Россияда иштеп жатышкан  уул кыздары биз да барбыз деп кабарынарды билдирип койгулачы. "Котормо" фондуга аз да болсо оз салымынарды кошуп койгулачы силерден сураныч.  

"Котормо" фонду жонундо маалымат.

2012 жылдын 9 майында Россия Федерациясынын Москва шаарында районубуздун Котормо айыл окмотунун эмгек мигранттарынын
коомдук фонду тузулду.   Фонддун аталышы "Котормо" фонду деп коюлуп, ага 20 дан ашуун жердештерибиз катышышты. Фонддун
негизги максаттары:
1. Москва жана келечекте бут эле Россияда эмгектенип журушкон айылдаштарды чогултуу.
2. Кокустук кырсыктардан жапа чеккен атуулдарга эн биринчи кезекте оперативдуу жардам корсотуу.
3. Эмгек мигранты катары мыйзамдуу документтерди алууга комок корсотуу. (келечекте)
4. Ошондой эле дагы Москва шаарындагы  жердештерибиздин жана келечекте айылыбыздагы бир топ социалдык маселелерди чечууну 
пландаштырып жатабыз.
Жалпысынан алганда Россияда иштеп журушкон айылдаштарыбыз ото эле коп. Алардын санын тактап, ким кайсы жерде иштеп журот, кандай 
иште иштейт жашоо тиричилиги шарты кандай, кандай проблемалары бар экендиги биз учун эн маанилуу экендигин эске алып ушул фондду 
тузууну туура деп чечтик. 
Азыркы кундо фонддун мучолору кун сайын кобойуп 100 дон ашуун аттулдарыбыз фондго мучо болуп жатышат.  Алардын катарында 
биздин айылдан Москвада иштеп журушкон аксакалдар катары  Жолдошов Мурадыл, Имаралиев Сапарали, Жороев Осмон,Кадыров Ибрахым, 
Урустомов Абдилат, Козубаев Акбар, Ташмурзаев Асылбек, Тамашадан Байматов Шарап, Нооман врач агабыз жана бир топ агаларыбыз бар. 
Булар фонддун аксакалдар кенешин тузушуп, бир топ уюштуруу иштерин алып барышат.  Фонддун негизги иштерин жургузуу азырынча уч кишиге 
жуктолуп алардын
 катарында  1. Тажибаев Исабек Курбаналиевич 
2. Акимбеков Элдос Осконбаевич 3. Турдали уулу Асландар бар. Мындан сырткары айыл боюнча участокторго болунуп ар бир участокко бирден 
экиден жооптуу кишилерди бекиткенбиз.

Буга ким туртку болду:
Озунуздорго белгилуу болгондой Москвадагы шартты билесинер. Иштоо жашоо кыйын. Кандай болсо да бироонун жери бироонун эли. Кечээ жакында 
урой учурган окуялар болуп кетти уч айылдашыбыз каза болду. Ошондой окуяларды коруп туруп 
ушул фондду уюштуруу маселеси ойго келди. Ошол ойду тен болушуу максатында 2012 жылдын 9-майында жердештерибизди, 
озубуздун жогоруда аты аталган аксакалдарыбызды топтоп ойду ортого салдык. Жердештерибиз баары колдошуп ушул фонд уюшту.
Айтып кеткендей эле фонддун пайдасы ото чон десем жанылышпайм. Себеби адам баласы эч бир нерседен застрахованный эмес. Кудайым 
озу сактасын, кокус бир башыбызга туйшук тушсо, барар жерди, дардынды айтар жерди таппай калышын мумкун. Ишибиз илгери болсо
биздин коптогон ой максаттырыз бар, тактап айтканда эн биринчи социалдык маселелер. Кудай ишибизди он жолунан берсе биздин 
фонд мындай маселерди оной эле чечип койот ойдомун. 
Кыйынчылыктар:
Фондду туздук, бирок мунун да озуно жараша кыйынчылыктары болот экен. Москва шаары ото чон. Жердештерибиз  Москванын жана Москва 
областынын бут булун бурчунда иштеп журушот. Алардын ар бирине жеткируу биздин парз деп эсептеймин. Азыркы кундо маалымат жеткируу 
боюнча бир топ иштерди жургузуп жатабыз. Ал иштерге бизде участоктор боюнча  жалпы 20 га жакын адамдар иштеп жатышат. Жалпысынан 
алганда бугунку кундо 80 пайызга жакын жердештерибизге маалымат жеткирилди. Бирок бул жерге иштегени келгенибизден кийин
копчулугу дем алышсыз  иштешкендиктен келип жолугуулары кыйын болуп жатат. 
Кудай буюрса маалыматты бут баарына жеткирсек кыйла иштерди алдыга сургон болобуз.

Айта кетсем Москвада буга окшогон кыргыз атуулдарынын оздорунчо айылдарынын фонддору ото коп экен. 5-6 жылдан бери иштеп жургон 
фонддор бар экен. Эми алардын жасаган иштерин уксан жон эле укмуш. Чакан мектеп салып берип жатабыз, мечиттерди ремонт, мектептерди ремонт, 
кочолорду ондоп жатышкан, спорт зал куруп жатышкан. Мындан сырткары эн орчундуу маселерге (кокустук, кырсыктарга, бээ бечараларга, 
кыйналгандарга) биринчи кезекте жардам корсотушот экен. Буга мисал катары эн коптон бери иштеп келаткан Ноокаттын Кайрагачынын 
фондун мисал кыла кетсек болот. Кудайым буюрса бизда ошол ойлогон ой максаттарыбызга жетебиз деген ойдобуз. 
Фондко мучо болуш ар бир  айылдаштарыбыздын жеке атуулдук милдети деп ойлойм. Ар биринин жеке патриоттук сезими ойгонсо тез эле туптонуп  
кетебиз дейм. Бул дуйного жаралгандан кийин ар бирибиз кичине болсо да озубуздун мусулмандык инсандык парзыбызды аткарышыбыз 
шарт. Куч бирдикте демекчи, баарыбыз бир болсок элибизге жерибизге ото чон пайдабыз тиет деген ойдомун.

Созумдун аягында айтайын дегеним, алыста эмгектенишип, жашап журушкон жердештерибизди биригууго чакырат кетет элем.
 Бир айылдык бир айыл окмотто жашагандан кийин келгиле чогуу бололу, бул бир кундук эки кундук иш эмес. Сезимибизди ойготуп, 
туура коз караш менен карап, инсандык парызыбызды жакшылык жолдорго жумшайлы.  
Бут элиме тынчылык, бейпилдик каалайм. Аллах озу сактасын, ишибизди жашоо турмушубузду, пейилибизди, ыйманыбызды ондосун.
 

 

жумушчу

Москвадагы бир фирмага 30-35 жаш курактагы аял жумушчу керек болуп жатат
Соц-пакет м-н камсыздалат. З\п 20-22.000 руб.
8 926 397 8004
8 926 898 2719
Аслан


В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу