Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки

Суйууго жеткен арманбы же жетпей калган арманбы?

Жакшы журосунорбу жаштар!!! жаш кыздын жаштарга узаткан суроосу мындай: 
 
Суйуу-деген колдон учкан когучкон
Коп кыз-жигит коз жаштарын тогушкон- дегендей ар бирибиз тунук, аруу махабаттын денизинде жургонбуз да
ушул таза, аруу махабатка жеткен жакшыбы? Же болбосо махабатка жетпей калып, бирок дагы деле таза суйууну  ыйык сактаганыбыз жакшыбы???Сиздердин пикириниздерди чыдамсыздык менен кутом...
 

Жашчылык...

Арыбаган каткырык
Айланайын жашчылык
Алып журот шамдагай
Шарабы жок мас кылып

Жашчылыкты жазгырып
Кытмыр мезгил шаштырып
Коштоп кетип баратат
Кылчактата бастырып

Жаштык-жалын,мезгил-ок
Отко жалын жармашкан
Санап атат бутасын
Секунд артта калбастан

Келчи кайра жашчылык !!!


Ырлар болуп бул жашоодо чачылам,
Ыр дуйномо бут ааламды батырам.
Ымыркайдай жаны гана коз жарган,
Ырлар менен мен кайрадан ачылам...

 
Жаштык келээр балалыкка мас кылып,
Жайнап гулдой жан дуйнонду шат кылып,
Ойноп кулгун туура баала омурду,
Шанга толсун аруу кулку карк кылып.

Ойноп кулдук кайда журсок шанга батып,
Бул дуйнонун ырахатын балын татып,
Эч кири жок периштедей бала чагым,
Калды артта мени менен кош айтышып  .......


"Кырсыктан каза тапкан кыз"

(Урматтуу окурман!  "Кырсыктан каза тапкан кыз" аттуу чакан чыгарма  2009-жылдын апрель айында жол кырсыгынан каза тапкан Асель деген кыздын жаркын элесине багышталмакчы. Ал 29-Июльда 21 гана жашка чыкмак. Бейишин болсун, жаткан жерин жайлуу болсун... ) 
 
 
Жалындап бур ачылган
Жаркырап жашап жаткан
Жай турмуш шаарында ал
Жарк этип, жайнап жанган
 
Бучур байлап момосун берсем деген
Бактылуу бул омурду сурсом деген
Бейпил жашоо доорунда журсом деген
Бирок, арман бул жашоонун жалганы
Бактылуу омур суро албады
Бур ачып эми-эми гулдойм десе
Боору таш ажал аны ээрчип алды
 
Ээрчип алды артынан алып тынды
Ээн баштык азапка салып тынды
Ээ жараткан не жараттын, алдын неге
Ээн талаага алып барып, жайдак кумга салдын неге
Ээрчишип жургон жерден
Экинчисин алдын неге
 
Айтчы неге...
Дагы омур бере албадын
Неге сен аябадын, алдадын
Жакшы коргон жарына жетет эле
Мээримдуу эне болуп журот эле
 
Элине, жерине, мекенине
Эмгегин эч аябай берет эле
Эмгегинин узурун корот эле
Ээрчип аны балдары журот эле
Эми бутту бирок, калат артында
Элеси унутулбайт эл алдында
 
Бутту, очту омур шамы
Бат эле батып кетти аткан таны
Бар болчу  бироо сени суйгон аппак тандай
Ажырап калды сенден ай арман ай...
Буркурап, боздоп калып калды
Адашып айлуу тундо сени таппай
 
Ал азыр аскадагы калган аркар
Армандан чыга албай жургон чыгаар
Ээндиреп, ээн талаада жалгыз калып
Урунарга тоо таппай аткан чыгаар
Кен ааламда эч жакка батпай аткан чыгаар
Ал эстейт кубаныч менен шаттыкта жургон кезин
Ал унутпайт баа жеткис бактылуу болгон кезин
 
Кандуу жол каккылады камчысын
Кайыштырды канаттардын жарчысын
Шашма жол ортосунан тайганбы?
Бир пендесин ажал алып, тынганбы?
 
Ай дуйно, дуйно
Калтырдын кайсы кунго
Суйуусуно жеткизбедин
Буга себеп кайсы куноо
 
Аттин турмуш жетпеди суйгонуно
Тобо кылат журогунун жургонуно
Туболук эстей журот сени дайым
Турмуштун кайыгынан агат дайым
 
Бейиштен берсин бейпил жайын
Куран окуп атына багыштайын
Куноосун кечире кор жаратканым
Кун артынан чубалып, мезгил отот
Мезгил менен адам дагы омур сурот
Кор болбой оокат отот адам барда
Адам барда сенин дагы атын  бар арасында
 
Табышмак дуйно сыры алдыбызда
Тартылуу кучу бар го арабызда
Табышмактуу, татаал тайкы жолдон
Тайгалансак дагы тайманбастан
Таалайды дагы деле издеп жургон адамбыз да... 
 
            
 
 

настроение: Грустное

Жаштык !!!


Кундор, айлар, жылдар отуп баратат
Бекерпоздук кундон кунго куч алат
Эх жаштыгым туура жолдо журомбу деп
Журогумду катуу кумон жаралайт

Алма багын алып дагы карасак
Жаш кезинде коп момону бере алат
Карыганда андай тушум албайсын
Мурдакыдай карап аны бакпайсын

Турмушумдун пайдубалын курасын
Эх жаштыгым!Кайда сапар алгансын?
Алаксыбай жаман ойго, азгырыкка
Туура жолдо баратамбы, таппайсын

Жаштыгым журучу эми туура жакка
Жалкоолуктан Кудайым озун сакта
Куч кубатка толуп турган кезде
Уктай берип,тошоктон турбай жатпа

Убакыт деген миздуу кылыч сымал
Жаш кезинде жанталашып кеспесен
Кесип салат аябастан бир озунду
Карабастан жалындаган козунду...

Жаштыгым, менин алтын жаштыгым!
Коргозулгон туура жолдо баскынын
Уят кылбай ата-энеге, элге-журтка
Эмкек менен алга карай шашкынын!!!

Советы:

Будь веселой- всегда!
Не грусти- никогда!
Будет трудно-крепись!
Будет ветер- не гнись!
Будет больно- не плачь!
Глаза в ладони- не прячь!
Если грозы- иди!
Если слезы- сотри!
Если страшно- держись!
И этой жизню- насладись!

настроение: Боевое

Балалык

Кымбатсын жерден эмес айдан тапкыс
Кымбатсын мин жалынсам бир кайрылгыс
Балалык бактылуулук бир озундо
Калган го аттин аны байкабаппыз

Кымбатсын балалык сен баарына
Кайрылып келсенчи жаш омурго
Мезгилдер шашса алга кете берсин
Балалык сен шашпачы бир аз кунго

Шашылба алдын туйшук,жолун татаал
Шарпылдапагымынды кууготуп ал
Гул ондуу назик гана ажарланган
Балалык туйшугу жок кандай жыргал

настроение: Скучающее

Турмуш деген

Турмуш эмне, учсуз, тупсуз денизби
Толкуй берчу толкунбу же тегизби
Оош-кыйыш же озгормо дуйнобу
Бироого бал, бироого уу жегизчу
 
Ал жактабы окумдук да негизги
Бироону бай бироони кедей дегизчу
Оксугу жок откорбойбу ал жакта
Ай, кун деген эки бирдей эгизди
 
Омур анда селкинчегин куулойбу
Караткандай кунгойун же тескейин
Кулагына куйсан дагы укпаган
Турмуш кээде тон моюнбу, дулойбу
 
Ал жактабы омур, олум жарашы
Ал жактабы максат кутуп карашуу
Же анан да туйунубу турмуштун
Пейилдердин кенейиши тарышы
 
Турмуш деген аяз берет жаз берет
Кулсон кулку, ыйлаганга жаш берет
Барын берет бироолорго бей эсеп
Бирок гана адамдарга омурду аз берет.
 

Мезгил менен

Жашайсын мезгил менен
Эртенин эч билбеген
Жаадырап тосуп аны
Эрте тан, кеч кун менен
 
Дениздей мелмилдеген
Терендик мезгил менен
Адамдар анда келет
Ар бири "менмин" деген
 
Мезгил ал сотпу башкы
Тескебей кары жашты
Эч кимден сурап койбой
Бир куну алар башты
 
Ар качан ал эсине
Сен мезгил кемесинде
Келесин, кээде урунуп
Доордун денесинде
 
Бул сенин ыйык парзын
Актай жур мезгил карзын
Бир келген меймандайсын
Анан жок азыр барсын...

Тазасы бардыр...

Качып кутулчу жер барбЫ?
Карангыда жарык болоор кун барбы?
Ата-эненин ак сутун актаган нерсе барбы?
Куноосу жок пенденин жазасы барбы?
Кымча бел кыздардын айтылбаган сыры бардыр
Суйуусуно суу сепкен таш боордун
Аттин кылчу заманы бардыр
Коздогон максатына жетпегендин
Таалайына жазылган бакыты бардыр
Жараткандын ар бир жандын башына
Себелеген ырысы бардыр
Себеленген ырыскынын баркын билбей
Бугун бар эртен жок
Бул жалган дуйнонун
Очоор шамы бардыр...

настроение: Грустное

Ырларым менин сырларым!!!

Ар дайым омурдо окунбос
Тагдырга таарынбас
Суйуудо озгорбос
Кайгыга багынбас
Жашоодо жанылбас
Орууга торолбос
Адамдардын:
Башчысы-Акыл
Бактысы-Суйуу
Жетекчиси-Таалай
Жолдошу-Кесип
Кароолчусу-Муноз
Кымбаттуусу-Ар-Намыс
Тазасы-Журок
Арылбасы-Арман
Жашоосу-Курош
Келечеги-Умут
Ошондуктан келечекке кенен кадам таштап,
Жети олчоп бир кесип,
Ийне менен кудук казып
Билим менен минди жыгып
Карынын созун капка салып
Улууну урматтап
Кичууну ызаттап
Асыл ойубуз
Ак созубуз
Адал ишибиз менен
Ыйманы-ыйык
Саламы-сылык
Турмушка бекем
Созго чечен
Жарк этип кулуп
Жаштыктын доорун суролу

Жаштар

"Жалгызымсын жыргалымсын
Жанып турган жылдызымсын
Жашоомдун жолооруп
Жабыркаган журогумдун
Жарымысын
Жоодураган жылуу сенин
Жамалын жан дуйномду
Жудотконун жашыра албас
Жазыгы жок жалындаган
Журогум" деген
Жакыныбызга жетип
Жакшы жарыбызга
Жанашалы...
Жылдыздуу жоодураган
Жузубуз жаз кунундой
Жадырап жагымдуу
Жакшы маанай 
Жан дуйнону жана
Журогубузду жылыткан
Жылуу сезимдердин
Жакшысын жашырбаган
Жаштыктын жалындаган
Жылдарында жалан
жыргап жашайлы...

настроение: Влюбленное

Жаш курак

"1" жаш-билинбеген мейкиндик,
Омур учун олчому жок бейпилдик.
 
 
  "10"жаш-турмушка умтулуу,
Тугонбогон тушунукко кол сунуу.
 

 
"20" жаш канатындай куштун,
Кайкып учса, жанат андан учкун.
 

 
"30" жаш-эл керегине жарап,
Момолоп турган дарак. 
 

 
"40" жаш-кылычтын мизи,
Кыйла жерге билинет кылган иши.
 

 
"50" жаш эртен менен чыккан кундой,
Жашыл арчага жарашып турган бурдой.
 

 
"60" жаш аста жылган айдай,
Айткан созу адамдарга жагат майдай.
 

 
"70"жаш-эмгектин коруп узурун,
Таткан кези омурдун жирин жузумун.
 

 
"80" жаш-сереси бийик чынар,
Айткан созу адамдар учун тумар.

настроение: Бодрое

Кут белгиси билик

Тируулордун баарынан  кудай улук
Бир озуно татыктуу урмат кылуу
 
Адамзатты жаратты жандан артык
Акыл, билим, онорду берди калпып
 
Ак пейил, тилди, ойду кошо берди
Жаркын жуз, жакшынакай келбет ондуу
 
Билим берди адамзат улуу болду
Окуу менен коп ачты сырдуу жолду
 
Кудайым акыл билим кимге берсе
Ак жолун ачып турар мин сан эсе
 
 
Окугандар акылдуу, улук болор,
Билимдууго тугонгус байлык толор
 
Билим тизгин-сурогон алга карай
Адамда максат-тилек ойду самай
 
Окуган жан озу корор жемишин
Тоскоолдук жок акыл-эстуу эр учун
 
 
Илим менен билимге копуро-тил
Коколоткон адамды тили деп бил.
 
Тил адамды бакытка болоп салат
Тил адамды шорлотот, башын алат
 
Кудай сага суйлооруно берди тил
Башын коргоп, создорунду тескей бил
 
Орундуу соз акыл-эстен от алат
Орунсуз соз ийининден баш алат
 
Маныз создон коро албадым пайдасын
Коп суйлосон чалынасын сен бачым
 
Коп суйлобо,  а корокчо так суйло
Тумон создун он мааниси так создо
 
Омур кыска, туулган сон олмок бар
Жакшы создор туболуктуу олбойт ал
 
Туболукко олбойм десен сен эгер
Ачык суйлоп ак ишинди улай бер
 
Буркобо кабагынды билерманым
Кечиргин, таппай айтсам создун дайнын
 
Байкагын соз айтаарда ойлоп суйло
Кордукту орой создон тартып журбо
 
Жанылбас адам барбы айтчы мага
Жанылган мин сан жанды айтам сага
 
Жок эмес кээде создон ката кетет
Тушунгон алат аны ондоп тузоп
 
 
Адам коп созду тактап суйлой билген
Мыктысын кокурокко таасын илген
 
Баарысын бул жашоодо билим табар
"Илим кокко чыгарат" деген соз бар
 
Киши коону тупсуз дениз ашынган
Билим-бермет эн тубуно катынган
 
Укмуштардын эн укмушу-билим, ой
Аны ээрчисен кокко учусын токтобой
 
 
Окуу-тундо алдындагы шам чырак
Билим алсан мандай ачык жаркырап
 
Окуу, билим коп нерсеге жеткирет
Бул экоонон урмат-сыйды коп корот
 
Данк байлыкка жеткирет илим деген
А билим байлык каткан казнага тен
 
Акыл, билим окшош болот кишенге
Тушсон эгер чыгамын деп ишенбе
 
Окуу болсо-билим учун жол  салат
Билим болсо иштин козун ал табат
 
Жакшыны алып, жараксызды коро алар
Керектууну керексизден боло алар
 
 
Бардык ишке зирек болгун барыктап
Ала билгин керегинди аныктап
 
 
Кек менен оч-эркек учун кемчилик
Экоо женсе качат сенден тенчилик
 
Ачуу душман, акыл дос адамга
Ачуулансан орой-осол сен анда
 
Адамдын адаштырар коп душманы
Аларга жакындаса бузан аны
 
Ожордук ушул дагы жаман сапат
Ожордон сыймык менен урмат качат
 
Дагы бир  жаман сапат-оройлугун
Бутундой чатак мунун жургон жери
 
Дагы бири-заар созун-конул калар
Жанындан адамдарды кууп салаар
 
Болсо эгер пендесинде мунун баары
Анда анын омур бою куураганы
 
Андайга тагдыр берээр жаза катаал,
Бузуктан адам четтеп алыс качаар!
 
Жакшы адам жылдар отсо карып койбойт
Мактоо менен жаманды тузоп болбойт
 
Жаштык отот коз ирмемде баалай бил
Кармасан да омур бутот билип жур
 
Жаштыгынды болбос ишке коротпо
Тобо кылып жаман ойду жолотпо
 
 
Адамга керек дайым баарукердик
Комок барда тоскоолдун баарын жендик
 
Суйгон сон баары сонун болуп чыгат
Коздорун кемчилигин корбой калат
 
 
Айныма бакыт озу: бир корсон жок
Бир которуп , бир кайра таштама шок
 
Айкол бол, бакыт деген айныма азап
Бугун турса жанындан , эртен качат
 
Ишенбе оз бактына болбо ынак
Эшиктен озу кирген, озу чыгат
 
Эгерде бийлигин куч , болсон да улук,
Кулаш бат коз ирмемде колдон чыгат
 
Шашкан иш чала болот ушул чындык
Шашылган буткон  иштен чыгар кырсык
 
Шашылбай моонотун кут, болбо чабал:
Баарынын кези келсе, жайын табаар!
 
Ак кызматтан артат сенин кешигин
Аракетчил ачат бакыт эшигин!
 
Шашып буткон иш дагы саз болобу?
Чала бышкан аш жесе аш болобу?
 
Шашмалык иш билбестин бир белгиси
Токтоолук-эстуу жандын зор мунозу
 
Ойлончу сага ызат-сый кимден келген
Атактуу бул даражан кайдан келген
 
Бактылуум доолотуно ишенбегин
Балээден алыс болуп журсом дегин
 
Аккан суу, жургон желдей-бакыт турбайт
Эч качан айлампасы анын тынбайт
 
Бакыт-куш озгорулмо, бапа болбойт,
Жылмышып учса жерге кайра конбойт
 
Кут менен табыштынбы бекем карма
Бакытты бага албасан кырсык анда
 
Башына бакыт консо баары болот
Каалаганын топ болуп, келет сага.
 
Шамалдай токтобостон омур отот
Кандай куч токтотууга аны жетет 
 
Бактым бар деп кубанба: келет-кетет
Доолот бар деп ынынба:толот-бутот
 
Бакыттын болсо корор бой-келбети
Канчалык коз кумары канмак дечи
 
Кетпес болуп калса эгер доолотун
Тунорбой жарык болуп турмак тунун
 
Ообо доолот кулук кийик жапайы,
Кармаган сон бекем байла сен аны.
 
Бек кармасан ал качалбайт эч жакка
Бир бошонсо кайра илинбейт тузакка
 
Кары созун айтылган капка сакта
Кары созу алтын го, сырын ачса
 
Кут бир келет-бакпасан кетип калат,
Бак бир конот-уйлосон очуп калат
 
 
Бакытка колун жетсе карма бакем
Бошотсон, сага экинчи келбейт ишен
 
Бактылуу оз бактысын баалай билсин
Ар кандай жаман иштен алыс журсун
 
Бакыт-шарты дайыма таза журуу
Чалынбастан кунуго омур суруу
 
Тобо кыл жаратканга момун адам
Жуз эсе пайда аласын сен андан
 
Шугур кылсан анда бирин он болот
Он болгон сон уйдо байлык мол болот
 
Кунду кор эч кемибей толуп турат
Жарык оту тугонбой куйуп турат
 
Кун нурун бардыгына бирдей тогот
Жакшыга жаманга да бирдей болот
 
Дайыма бирдей болсо, сырты, ичи
Анда ал адилеттуу ошол киши
 
Ал даяр журогун да сууруга
Жузум жарык болсун деп эл алдында
 
Билимдуунун создору суудай аккан
Жер ичип. шалбаа коктоп гулун ачкан
 
Билимдууну жакшы созу арыбайт
Булак суусу эч тартылбайт карыбайт
 
Билимдуу сазда сууга окшоп турат
Басканда-изин сууга толуп чыгат
 
Асмандагы кундо дайым батуу бар
Суйуу-куйуп, таттуусуна-ачуу бар
 
Агарса кара чачын олум жакын
Ансайын ардактагын жашоо баркын
 
Омур эмне, олум эмне ойлочу-
Кайдан келдим кайда барам болжочу?
 
Коркунучтуу эч нерсе жок ажалдан
Торолгон сон-олот экен ар адам
 
Байлыгына чиренбегин алданып
Ажал келсе, кунун бутту сен карып.
 
Дугурсуп которбогун сен башынды
Олгондо колдотоорсун коз жашынды
 
 
Келечекте болом десен таптаза
Эки дуйно куноо кылбай ак жаша
 
Дуйнодо ар нерсенин чеги болот
Тируу жан бул дуйного келген конок
 
Откондой кун, ай жылдар -омур отот
Откон кундор омурго эсеп койот.
 
Озунду отко салба байлык учун
Бироонун жибин алба, салба кучун
 
Баарын ук бирок шашпа тыянакка
Сырынды оз ичинде бекем сакта
 
Адамдын бар акылы мээде болот
Асыл нерсе ар дайым башка конот
 
Достук бар ажырагыс кудай суйгон
Омур бою кыйшайбай туура жургон
 
 
Эгер сен тенир кошкон болсон достон
Дос туйшугун тен котор. козголбостон
 
Досунду ар кыл шартта сынап коргун
Сындан откон досуна колду бергин
 
Достун коонун дааналап билем десен
Сынагын жаман кылык созун менен
 
Билгин келсе досундун чын конулун
Жакшы коргон буйумун сурап коргун
 
 
Ким ошондо кабагын буркобосо
Дал ошол анык досун туболукко
 
 
Дос-деген жакшылыкта, жамандыкта
Жолок болуп ар дайым даяр турса.
 
 
Жакын досун кас болсо оор болор
Мал-мулкунду алууга колун созоор
 
 
Досту табыш оной иш сактоо кыйын
Баштоо оной чатакты токтоо кыйын
 
 
Сен кимдин-ким экенин келсе билгин
Созу менен иштерин баалап коргун
 
 
Достор менен болгунун эриш-аркак
Катышкын алыш-бериш мамиле тап
 
 
Адам коону эн кымбат айнек идиш
Абайла зирек карма сындырба.
 
Конул сынса кайрадан болбойт мындай
Достук да, кубаныч да кетет турбай.
 
Чын досундун конулун ыйык сакта
Достук болбойт бир жолу конул калса
 
 
Издеген жан уктабайт коздойт дайым
Таппай калсан тагдырга таарынбагын
 
 
Изде тынбай жол узак, жолдон калба
Жетпеймин деп козголбой жатып алба
 
Жаштык кезим ойлосом ичим жалын
Кармай албай озунду качыргамын
 
 
Кайдасын асыл жаштык кайда калдын
Изинди каранынды коро албадым
 
Жаштык кайрат балалык оюндарым
Эми таппайм барында баалабадым
 
Соз чынынан бузулбайт баалай жургун
Калп-чынды, ак-караны айра билгин!
 
 
 
 
Жусуп.Баласагын "КУТТУУ БИЛИМ" дастаны.  

настроение: Признательное

Без заголовка

Жаштар журокту жыргаткан сырдай,
Жаштар журокту ырдаткан ырдай.
Жоодурайбыз аскадагы гул болуп,
Чолпон болуп асмандан жымындайбыз.
 
Салкын желдин жайдары танындайбыз
Саябандуу,момолуу багындайбыз
Акак таштай нурланган мин кубулуп
Ак булуттай пакиза кыялдайбыз.

Жаштык кез!

 Куч-кубат берип жаш жанга

Кун нурун тоодон чачканда

Жаздагы жаштык кыялдай

Жагалмай калкыйт асманда.

 

 

Жаз көркү бизге жаккан кез,

Жаз бизге сүйүү тапкан кез.

Жагалмай окшоп көктөгү

Жаныбыз канат каккан кез.

 

Жароокер, асыл адамдай

Жаз кетсе кетет жагалмай.

Калбайлы кайран жаштыкты

Жагалмай сындуу таба албай.

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу