Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки

Зимородок.


Ушул чыгарманы окуганыма көп жыл болду. Кечээ бир таанышымдыкына барсам терезесинин текчесинде ошол китеп жатыптыр. Ачып барактаганымда эле андагы окуя эсиме түшө баштады. Бала чакта окуган нерсенин элеси даана сакталат окшобойбу. Ооба, көп нерсе туштү эске...Мен да Зимородокко окшоп баатыр болгум келчү. Маратка окшоп максатынан кайтпаган өжөр, тайманбас, бирөөнүн адамгерчилигин унута албаган, шүүдүрүмдүн тамчысындай таза пейилдүү болгум келчү. Биз бала кезде окуган чыгармалардын баары негизинен окшош болчу. Патриотизмге чакырган чыгармалар эле. Өзүмдун кандай адам болгонум жөнүндө өзүм азыр жакшы билем. Азыр жакшы билип калдым. Өзүм жөнүндө сөз кылбай, Зимородок жөнүндө сүйлөп берейинчи деп турам. Бул Юрий Яковлев деген жазуучунун чыгармасы. Улуу Ата Мекендик Согуш, ошол согуштун адамдары жөнүндө, согуш тарбиялаган адамдар тууралуу жазылган кызыктуу чыгарма. Башталышы, партизан отряды бир оор тапшырманы аткарууда кыйынчылыкка туш келгенинен башталат. Бир темир жол өткөн көпүрөнү тез арада жардырыш керек болуп, отряддын командири кимди, кантип жөнөтөөрүн билбей атканда, бир жаш жигит
-Мен барам дейт. Командир;
-Кантип барасын? Эмне менен барасын? –деп сурайт.
-Самолет менен барып, парашют менен секирип түшөм. Бизде бир парашют бар, бирок мен парашютту чогултуп бүктөштү билбейм. Учкуч бүктөштү билет, ошол бүктөп берет.
-Сен парашюттан секиргенсинби?
-Беш жолу секиргем... Эми баарын сөзмө сөз жазып отурбай, Зимородоктун тапшырманы аткарыш үчүн калп айтканын, “кукурузник” менен түндөсү белгиленген жерге жеткенде учкучтан парашютту кантип ачышты сураганы жөнүндө айтсам окуянын чоо жайы түшүнүктүү болот. Ал партизан жигиттин атын да жакшылап билишкен эмес. Анын “Зимородок” деген гана лакап атын билишет. Зимородок парашюттан эч качан секирген эмес! Бирок ал ойлоп тапкан жол, тапшырманы аткаруу үчүн эң ыңгайлуу, оңой жана тез аткарылчу жол эле. Темир жол көпүрөсү жардырылса, фашистердин аскер күчү азаймак. Танктары, машиналары күйүүчү майы жок туруп калмак. Ок дары жана башка башкалары да азаймак. Тыл менен байланышы үзүлгөн душман алсырамак. Биздикилер ошентип жеңишке жетишмек да. Он сегиз жаштагы Зимородокту эч ким сен бар дебесе да, ошол тапшырманы аткаруунун жолун тапты. Зимородок парашют менен секирип жерге тушкөндө бутун кокустатып алат. Ошого да карабай темир жол көпүрөсүн жардырат. Фашистер көпүрөгө жакын кыштактын элин чогултуп алып, көпүрөнү ким жардырганын таап беришпесе алардын баарын атып салышаарын айтканда, Зимородок чыгып, көпүрөнү жардырганын айтып элди ажалдан сактап калат. Ошол бойдон анын тагдыры белгисиз болуп калат...
...Бирок жакшылык жерде калмак беле. Согуш бүткөндөн көп жыл өткөндөн кийин Марат деген окуучу бала Зимородокту издеп табат! Зимородок фашистер атып таштап кетишкенде да тирүү калган болот! Эгер Марат болбогондо Зимородок жөнүндө эч ким билбей калмак. Бир эле күндө эки жолу башын өлүмгө сайган Эр Зимородок эч нерсе болбогондой эле көпчүлүк катары жашап, иштеп жүрө берген. Мен эрдик жасадым деп эч кимге айткан эмес! Мүмкүн антүү оюна да келбегендир. Себеби ал ОШЕНТИШИ керек болчу! Себеби ал чыныгы адам эле! Ал үчүн бул жөн эле Эр жигиттик милдет болчу. Кан күйгөн алаамат согуш бүткөнүнө канча жыл өттү. Зимородок сыяктуу канча Эр азаматтардын аты чыкпай калды. Алар да кылган Эрдиктери жөнүндө айтышпады. Маратка окшогон, чыныгы адамдыкты, эрдикти, жакшылыкты унутпагандар дагы да андай окуялар жөнүндө азыр да изилдешип таап атышат. Дагы да мындай окуялардын канчасы табылаар... Мен ушундай болушуна ишенем.
Азырчы? Ушундай Эрдик жасай ала турган Зимородоктор барбы? Сен ошондой боло алаар белең? Суранам. Мага жооп бербей эле кой. Өзүңдөн, абийириңден сурап, ошолорго жооп берип көр.
...Элестетип көр. Азыр ошондой окуя болуп атканы жөнүндө. Он сегиздеги сен тааныган жигитти, мейли кошунанын уулубу же сенин уулуңбу, иниң же агаңбы? Же сен өзүңбү? Иши кылып “фашистин” көпүрөсүн жардырыш үчүн башын ажалга байлай алаар беле? Аны тим эле кой. Кандайдыр бир ал аткарууга милдеттүү эмес ишти аткарып койушун дайындап көрчү. Эмне дээр экен? Аткарабы? Аткарса да эптеп септеп коёт э. Аны деле мындай койолу. Башка улуттарды да тынч коюп, Айкөл Манас, Эр Табылды, Курманбек, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Курманжан, Алымбек датка, Жээренче, Кыдыр, Садыр акелер, Исхак, Абдыкадыр, Чынгыздар чыккан элдин эле баласын айталычы. Эл үчүн ажалга башын саймак турсун, милдетүү түрдө өтөй турган, болгону бир эле жылдык аскердик милдетинен качып атпайбы! Эхэ-э десеңчи... Салам айтмак турсун алик алабы?
Кырк төрт, кырк беш беш жыл мурун Зимородоктор четтен эле табылмак. Оо анда заман, түшүнүк ошондой болчу. Элдин баары патриот эле. Башкасын билбейм, мен өзүмдү Зимородок сезчүмүн. Кыялымда ошондой эрдик жасоого ылайык учурду чыдамсыздык менен күтөөр элем. 1979-жылы Советтик Армияга чакырылып жигиттик милдетимди аткарып жүргөнүмдө, Афганистанда революция болуп, биздин курбалдаштарды ошоякка жөнөтүп атышты. Мен да Афганистанга жөнөтүлүшүмдү сурап рапорт жазып штабга бардым. Барсам менден башка солдаттар да толтура экен. Мындай окуя көп жолу кайталанды. Канча жолу экенин толук эстей албайм. Кеминде он беш жолу жаздым окшойт. Баарында мендей эле жигиттер рапорт жазышып кайта-кайта бара беришкендерин өз көзүм менен көрдүм. Ошентип начальник штабды жадаттык окшойт, бир күнү плацка тизип алып бизди аякка жиберүугө болбосун, эрдикти ушул жерде эле көрсөтсө да болоорун түшүндүрүп, эгер мүмкүндүк болсо сөзсүз бизди жөнөтөөрүн айтып убада берип бизди жубаткан. Бактыга жарашабы же дагы башкабы билбейм, айтор мен Афганистанга барбай калдым. Ошол үчүн айтып атам, биздин курбалдаштардын ичинен Зимородоктор көп чыкмак! Азырчы эмне болду? Тааныбаган кыштактын элин сактап калуу үчүн ажалга бармак тургай, бир бечаранын акыркы нанын тартып алганды эрдик катары көргөндөр кайдан чыкты? Аскерден качканды эрдик сыяктуу көргөн түшүнүктү каяктан алышты азыркылар? Эми мындайлар көп болгону менен, али да болсо Зимородоктор бар! Мен ишенем! Чыныгы адам дайыма болгон жана боло да берет. Зимородоктор түгөнбөйт! Болгону алар жасаган эрдигин, жөн эле жасалчу көнүмүш иштей көрүшөт. Алар ушундай гана болуш керек дешет. Аларда адам жөнүндө арам ой жок! Алар баарыбызды бирдей жакшы көрүшөт! Метродо, автобус, тролейбус же трамвайда баратып, жолдон өтүп баратып андайларды көрүп калам. Ордуларын өзүнөн улууларга, майыптарга, балалууларга бошотуп беришип, колунан оор жүгүн ала коюп жардам беришкендерин көрүп жүрөгүм жылыйт. Жолдон картаң кемпир чалдарды колдон ала этиеттеп өткөрүп коюшкан кыз жигиттер кубантат. Аларды көргөн сайын Адамзаттын уучу жакшылыктан кур эмес экенине ишенем. Кудайга шүгүрлүк келтирем. Булар дагы бүгүнкү күндүн баатырлары, Зимородоктору! Цивилизация көп жакшы нерселерди берип аткан учуру. Бирок пенде анын баарын туура пайдалана албайт тура. Бул цивилизациялуу замандын турмушу акчага көбүрөөк баш ийдирип коёт экен. Ошол акча табуу үчүн”эрдик” кылгандар көбөйүп кетишти. Эл үчүн эмес, Мекен үчүн эмес акча үчүн! А чыныгы акча андай “эрдик” кылгандардын колунда турганды жаман көрө турганын билишпей, ар кандай тобокелдиктерге барып атышпайбы. Ошо акча табуу үчүн адал бешене тердетип иштеп жүргөн азаматтарды жакшы көрөм. Азыр Москвада курулуш аябай күч алып турган учур. Ошондой объектердин жанына өтүп баратып биздин балдарды көрүп калам. Тээ бийикте монтаж кылып жүрүшкөндөрүн көрүп, бир туруп аяп кетсем, бир туруп алар үчун сыймыктанам. Мен ушундай балдарды да азыркынын Зимородокторуна кошом. Булар уурулук кылышпайт, бирөөнүн колундагы нанын, кыздардын кулагындагы сөйкөсүн жула качышпайт. Дайыма коркунуч менен коюн колтук алыша иштеген адамдардын жан-дүйнөсүндө Жараткан менен жакындык сезими болот. Алардын эсинде Жараткан дайыма бирге жүрөт. Жараткан эсиңден чыкпаса гана жанагыдай эрдиктер өзүнөн өзү керек маалында ойгонот деп ойлойм. Мен буларды түнү бою уктабай олтуруп эмнеге жаздым экен деп атам, азыр таң атканда. Бул саптарды ким окумак эле, азыр балдар таптакыр мындай нерселерди окушпай калган, дегендей ойду бирөө кулагыма шыбырап аткансыйт. Бир оюм болсо, интернеттен жан-дүйнөндү аңтар-теңтер кылып ийген саптарды жазган балдар кыздарды көрбөй атасынбы дейт. Мына ошолор да азыркы замандын баатырлары, сен издеген Зимородоктору дейт. Мен да ушу ойго кошулуп турам. Демек, жакшылык көбөйө турган учур эми башталат десем туура болот! Ылайым эле жаңылбай калайын! Сага болсо жан-дүйнөнүн тазалыгын каалайм. Ийгилик жылоолоп жүрсүн деп тилейм! Бүгүн “шек” эртең менен “бек” болуп калыптыр. Бизде орозонун башталышына бир күн калганда ушинтип коюшат. Жыт чыгарылат ушул күнү. Кошуналар бир дасторкон четине чогулушуп, эртенки баштала турган Орозону, өткөндөргө Куран окушуп эскеришип тосушат. Ыйык Рамазан айынын келиши менен куттуктайм! Ушул улуу айда денени, эң башкысы жан дүйнөлөрдү тазалап алалычы. Зимородок боло албасак да, андан эрдиги, адамдыгы эч бир кем калышпаган Мараттай бололу.

Амвей деген эмне?

Бул жөнүндө билесинби?
Биз ар күнү кандайдыр бир буюмдарды сатып алабыз, ар кандай кызматтардан пайдаланабыз. Ошолордун ичинен бизге жагып калган нерселери жөнүндө сөзсуз жакындарыбызга, туугандарыбызга айтабыз, сунуштайбыз. Мисалы; бир магазинден алган мебель же башка үйгө керектүү буюм болобу, элпек жана сылык мамиле жасаган чач тарач, жакшы массажист же болбосо врачтын кызматы жөнундө айланабыздагы тааныштарыбызга айтабыз. Бирок аныбыздан биз эч качан акча албайбыз. Биз өзүбүз эч кандай акысыз эле кимдир бирөөлөрдүн бизнесин акысыз реклама кылып беребиз. Албетте ал бизнестин өнүгүп өсүшүнө жакындан жардам кылабыз. Бизге алар рекламабыз үчүн акы төлөмөк турсун, бизди билишпейт дагы. Себеби, биз өз ыктыярыбыз менен эле, бизге жаккан нерселерге, жакындарыбыз да жетсе экен, ошолор да сатып алышса экен деп гана айтабыз.
“AMWAY” компаниясы болсо бизге ошол биз акысыз жасап жүргөн “рекламабыз” үчүн төлөп берет.
Айталы өзүбузгө керектүү товарларды магазиндерден, базарлардан ар күнү сатып алабыз. Бул нерсе өмүр бою ушундай уланат. Себеби адамдардын баары “керектөөчү”. Төрөлгөн күндөн баштап бул дүйнөдөн өтүп кеткенче сөзсүз турмуш тиричилигине көптөгөн нерселерди, тамак-аш, кийим-кече, ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланат, керектейт. Бала болуп төрөлгөн минутадан баштап, акыркы сапарына жөнөгөнчө бир нерселерди керектейт! Баардык эле адам жакшы, жетиштүү жашаганды каалайт. Бирок ар ким ар башкача акча табат. Ар башкача иштейт. Кимдир бирөө өз ишин, өз бизнесин кылгысы келет, бирок ага керектүү сумма таппайт. Кимдир бирөө болсо тобокел кылгысы келбейт. А үчүнчү бирөө болсо “мындайдан” тажап бүткөн. Ал эми акча деген тиричилик өткөрүш үчүн дайыма керек. Канчалык жакшы жашагысы келсе ошончо көп суммада керек болот.
“AMWAY”дин бизнес модели кандай түзүлгөн жана кандайча өнүгөт?
Бизнес-бул адамдын түздөн-түз катышуусу менен киреше берүүчү иш. “AMWAY”дин бизнесинин иштешинде болсо, адам бир жолу баштап коюп, клиенттик база же топ тузүлгөндөн кийин, ал адамдын туздөн-туз кийлигишүүсүз эле улана берет!
Анда бул бизнестин иштөө принцибин карап көрөлү.
Бул бизнестин артыкчылыгы, тууралыгы, тазалыгы жөнүндө, мага окшоп суткалап айта берүүдөн чарчабагандар канчалык көп болсок да, бул бизнести “өлө” “пачагын чыгара”, “лохотрон”, “пирамида”, бул бизнесте жалаң гана аферистер иштей турганын сайрай тургандар да бар. Кимибизге ишенээрин билбей ортодо эки анжы болгондорго болсо сан жетпейт. Бул бизнести төмөнкүлөр менен чаташтырып түшүнбөш керек. 1)Сумкалап көтөрүп жүрүп сатуу, 2 )киреше көрүү үчүн адамдардан акча “саап алуу”.
“AMWAY”дин бизнеси, анысына да, мунусуна да кошулбайт! Анысына да, мунусуна да эч бир тиешеси жок! Бул - сунуш кылуу же сунуштоо бизнеси! Бул бизнестеги көрө турган пайда же ала турган киреше, жасалган сунушка жараша болуучу бизнес. Бул-компаниянын продукцияларын сунуштоо менен сатып алуучуларды, же башкача айтканда клиенттерди тартуу жана ошол клиенттердин сатып алуусунан түшкөн киреше үчүн сыйлык алуу. Болгону ушул эле! Сунуш кыл да-акыңды ал!

Без заголовка

Кечээ 18.05.2014 ж, Көк-Тонду айылынын фонду уюштурулду. 200 рублден биринчи жолку салымыбызды коштук. Айылдаштар бул жакшы иштин, мындан ары жакшы иштеп кетиши, ар бирибиздин айылыбызга, тууган уругубузга жана келечегибизге болгон чыныгы жүзүбүздү көрсөтүүбүзгө байланыштуу экенин унутпагыла. Баарыңарга Ак-пейил, Адал ырыскы, Чоң ийгиликтерди каалап, силерге ушул кубанычтуу кабарды сүйүнчүлөп атам! Кызыккандар: 8-929-963-41-69, 8-925-511-06-78, 8-926-871,28-51,8-926-726-59-76, 8-925-826-57-31 ушул номерлерге чалып байланышсаңар болот.

Ашар.

Ашар.
Эстеп кеттим бир күндү айылдагы.
Апамды турган тандыр жанындагы.
-Элден калбай эртерээк бар уулум, деп.
Ороп берген чоктой ыссык нанын дагы.
Ошондогу бир башкача таңды эстейм.
Көпчүлүктү каткырган шаңдуу кечке.
Аксакалдар баш болуп, сүрөө берип.
Ашардабыз тик бетте, арык өткөн.
Кетмен күрөк шаймандуу баары, баары.
Калбай келген айылда жашы, кары.
Арык бойлойт тынбастан, мурап Абам.
-Кененирээк чапкыла деп, бир аз дагы.
Улам күчөйт ашарчылар чамынышып.
Ашарды калган өңдүү сагынышып.
Атам жүрөт куйкум сөз күлкү баштап.
Күнгө күмүш сакалы чагылышып.
-Бир чындык бар балдарым, жарыкта бу.
-Өмүр агат суу менен арыктагы.
-Ким болсо да, чырайлуу чапса арыкты.
-Сулуу болот суу алган зайыптары.
Ошентип күлкү менен иш уланып.
Эчак өтүп кетиптир түш убагы.
Алыш жактан үн беришти карыялар.
-Бүттүк балдар, арыкка суу жыгалы.
Жарык чачып, баарынын жүз ыраңы.
Суу жөнөдү шаңдуу бир күү чыгарып.
Суу кечишип жыргашкан, балдарды көр.
Үстү башы ботала бүт чыланып.
Сүйүнүчтүү айылда бүгүн баары.
Суу себилип, сергилең үйдун алды.
Ашар менен бир жылга камсыз болуп.
Сууга тойот буйруса бүтүн жандуу.

“Ынтымакта ырыс”-деген накылыңдан.
Бир күн менен жыл баккан акылыңдан.
Ата Бабам! Ашарың жеткен бизге.
Кылымдардан кылымдарга ашып улам.
Андан бери жыл өтүп отуз ашуун.
Элүү төрттү таяп турат бүгүн жашым.
Эмнеликтен бириге албайт бүгүн Кыргыз?
Кыйналам жообуна жетпей башым.
Айылдаштар тарап кетип пул табууга.
Айылдагы арыктарды кум чаюуда.
А биз болсо жүрөбүз бириге албай.
Сулуу жерлер суусагандан сумсаюуда.
Турмуш деген күн сайын жаңырууда.
Бириккенге пул да, оңой табылууда.
Биз жакка келип кетсин ишенбеген.
Амвейде пул арыгы чабылууда.
Айылдашым! Дагы айтам угуп калгын!
Ашарга кел, катарга туруп калгын.
Акча арыгын чабалы Ашар кылып.
Азыраак сен да үйүңө буруп калгын.
2014-жыл.

Улуу Ата Мекендик Согушка катышышкан Аталар.

Участники Великой Отечественной Войны.


Эрдигинерге туболук таазим!
Бул инсандар биздин келечегибиз учун фашизм менен курошушкон.
1.Алыбаев Курманбек.
2.Алыкулов Төрөгул.
3.Абдалов Максыт.
4.Айтбаев Эргешали
5.Айдаров Жакып.
6.Абдылдаев Сейиткул.
7.Арзыкулов Балта.
8.Айдаралиев Мурат.
9.Абдраимов Нурали.
10.Алыбаев Токтогул.
11.Абдылдаев Абылкасым.
12.Абдылдаев айдаркул.
13.Акматов Акун.
14.Абдираимов Жумабай.
15.Абдираимов Сыргабай.
16.Арзыкулов Өмурбек.
17.Абдираимов Бакирдин.
18.Акматов Орунбай.
19.Азимбаев Латип.
20.Абдалов Абылкасым.
21.Арзыкулов Алимбек.
22.Базарбаев Жоробай.
23.Бекназаров Далбай.
24.Бердигулов Мавлянкул.
25.Базарбаев Боролдой.
26.Базаров Бегимкул.
27.Дыйканбаев Орунбай.
28.Жунусов Ороз.
29.Жаныбай Карыбек.
30.Жолупбеков Өскөнбай.
31.Жолдошов Сайпидин.
32.Жолдошов Канат.
33.Жакыпбеков Монду.
34.Маткалыков сулайман.
35.Мамытов Осмон.
36.Мусаев Айтбай.
37.Мундузбаев Тагай.
38.Мурзакулов Кенже.
39.Мамаев Акан.
40.Назаров Тешебай.
41.Нышанов Шакир.
42.Назаралиев Орунбай.
43.Назаркулов Турсунбек.
44.Назаркулов Насирдин.
45.Нарматов Топчубай.
46.Өмүрзаков Калбай.
47.Өмүрзаков Ажимат.
48.Орозбаев Шакир.
49.Орозов Мурзакарим.
50.Султанкулов Жапаркул.
51.Сагындыков Муса.
52.Султанкулов Пиримкул.
53.Токтосунов Сапар.
54.Токтосунов Бекжан.
55.Токтосунов Кайнаш.
56.Тагаев Далбай.
57.Тагаев Эрке.
58.Ташбаев Муса.
59.Турдуев Абдила.
60.Турдубаев Бөрубай.
61.Шайымкулов Кулуш.
62.Ысмайылов Түркмөн.
63.Ысмайылов Акмат.
64.Эшбаев Жумагул.
65.Саипов Кара.
66.Сулайманов Сали.
67.Саипов Чекир.
68.Саипов Абжапар.
69.Саипов Апсатар.
70.Саипов Баатыркул.
71.Садиров Калыкбек.
72.Субанов Жедигер.
73.Субанов Айдар.
74.Сатыбалдиев Садиримбек.
75.Үмөталиев Зулумбек.
76.Умаралиев Мусабай.
77.Үмөталиев Амир.
78.Тагаев Ибраим.
79.Тагаев Нарымбай.
80.Токтосунов Дүйшөнкул.
81.Тойгонбаев Анарбай.
82.Төрөгулов Кубатбек.
83.Токторбаев Бакир.
84.Жапаров Мавлянкул.
85.Жапаров Ибраим.
86.Жапаров Исраил.
87.Жусубалиев Жолдош.
88.Жолдошов Тажибай.
89.Жумабаев Нышан.
90.Жусубалиев Матмуса.
91.Жумабаев Кара.
92.Кыдырбаев Өсөркул.
93.Калмуратов Осмон.
94.Канназаров Акматкул.
95.Койчуманов Адиш.
96.Култаев Өсөр.
97.Карымшаков Токтогул.
98.Калыев Исраил.
99.Койчукулов Жүсүп.
100.Култаев Төрөбек.
101.Култемиров Маамыт.
102.Качканаков Калыгул.
103.Каратаев Максыт.
104.Каратаев Бекжан.
105.Молдомусаев Токтонали.
106.Мөндөев Тиллабай.
107.Маткалыков Исраил.
108.Маматалиев Исабай.







02:54
Т.Казаков. - Эстелик.








03:32
Краснознамённый Ансамбль - Священная Война

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Ой келди бир кызыктай.

-Өмүр ийри сызыктай.
Ой келди бир, кызыктай.
Бакыт деген барбы өзү?
Баары жүргөн тушукпай.
Бактысызбы бүт адам?
Баары бакыт кыдырат.
Уктабастан узун түн.
Ой учугун сыдырат.
Бакыт өзү эмне?
Кийсе ичсе болобу?
Башка конот дешет го.
Байлап алса болобу?
Каягында шол жолдун?
Кай жагында оң солдун?
Тапкан жыргап сүзөбу?
Балыгындай Соң-Көлдүн!

Кызык экен окуп кой.


Эмнеге адамзаттын 90% ти жакыр? Баардык ата-энелер балдарынын бай, ийгиликтүү, бактылуу болушу үчүн аракет кылышат. Жашообузду бир тынбай толкуп кайнап турган чоң мухит деп элестетеличи. Ал мухитте баарыбыз эңсген БАКЫТ, БАЙЛЫК, ДЕН-СООЛУК, ИЙГИЛИК, КУБАНЫЧ ЖАНА МЭЭРИМ жашаган жер бар. Биздин “Тагдыр”, “Бешене” деген кемелер ошол тынбаган бороон, шамалдан толкуп, ташып кайнап аткан мухитте сүзүп барат.
Сен деле көпчүлүк айткандай; -шамалга күч жетмек беле, же шамалды башкара албасаң дегиң келип турабы? Шамалды башкарууга болбойт дегениң туура дечи. Бирок кеменин парустары бар! Шамалга алың жетпесе, парусту башкарганга болот го. Эми ойлоп көр. Алдыда бара турган “жер”, алдыга коюлган Максатыбыз бар. Негизи ар бирибиздин тилегибиз ошол көздөгөн “жер” Максатыбызга эртерээк сүзүп жетүү. Эмнегедир 90% адам ошол көздөгөн, эңсеген “жерине” жетпейт? Жообу болсо өтө эле жөнөкөй. Ата-нелер балдарын ошол кайнаган мухитте кантип сүзүштү үйрөтүшөт. Чыдамкай болууну үйрөтүшөт. Ар кандай илимдерди шыкашып акыл эсин машыктырышат. Балдарынын мээсине мээнеткечтикти, чынчылдыкты, тоскоолдуктардан чыдамкайлык менен өтүүнү,
мухиттеги кайнаган коркунучтуу толкундарды жеңүүнү үйрөтүшөт. Эң башкы нерсени, кай жакты көздөй сүзүүнү үйрөтүшпөт! Өмүрдөгү Максат жана Таттуу Тилек, мухитте кантип сүзүштү билгенден артык, керегирээк! Каякка сүзүп бараарың – Бул Эң Башкы нерсе!
Кимдин сөздөрү экенин билбейм. Эң сонун айтыптыр!





настроение: бодрое
хочется: творить, петь
слушаю: разум

Метки: кызыктуу ой.

Далай Ламадан

Далай Ламадан баарынан да эмне таң калтыраарын сурашса;
-Киши. Ал биринчи акча табам деп ден-соолугун жоготот. Анан ден-соолук деп, акчасын жоготот.
Ден-соолук, келечек жөнүндө ушунчалык кам көрөт дейсин, ушу азыр рахаттанып жашаса болоорун эч качан сезбейт.
Этегинде ал, азыр да, келечекте да жакшы жашабайт.
Ал эч качан өлбөчүдөй болуп жашайт, өлөөрүндө болсо, эч качан жашабаганына өкүнөт –дептир.

Апама кат.

Жашоомдогу жалгыз сыйлаар ардагым.
Жаның кыйнаар билем барын арманың
Жаман уулуң көп санаага батырып.
Жайын айтпай кетирүудө дарманың.
Апакебай уулуң дале ошондой.
Максатынан жүрөт колу бошонбой.
Карыса да ыйлаактыгы кала элек.
Өзүңдү эстеп жашын төгөт нөшөрлөй.
Жакшы жагым арбып барат күнүгө.
Жок дегенде жүрчү ушума сүйүнө.
Жабылбаса жабылбастан турсунчу.
Көп караба бүтпөй турган үйүмө.
Иш бүтө элек пайдасы азыр тиерге.
Жаным сарптап жүргөн азыр биерде.
Рахмат дээр ким болсо да эртеге.
Мен эстелик куруп жүрөм силерге.
Эстелигим таш эмес да же бир зат.
Мүрзөлөргө коюп аткан башкалар.
Бүгүн көрөт, бирок эртең пайдасыз.
Эстен чыгып, жерден сүрүп ташталаар.
Жургөн менен чолоо тийбей барышка.
Жаным Апам сенден кабар алышка.
Койгон максат ушунчалык билип кой.
Мүмкүн барбайм, болгучакты абышка.
Башкалардай болсом деле жарашмак.
Кирпич үйдү суктанышып карашмак.
Анын деле кемчилигин табышып.
Ушакташмак, талкуулашмак, талашмак.
Бир боорлорум, кудуңдашып сүйүнмөк.
Той аш берсем кызматыма жүгүрмөк.
Чөнтөгүмөн турса сомдор чубалып.
Ары жоктор уялбастан жүгүнмөк.
Апакебай бир аз башка ойдомун.
Көбү билбес, көрүшө элек жолдомун.
Ишенээрим Ак сүтүндөй Ак Батаң.
Жаратканым билем толук колдоорун.

Ашар.

Ашар.
Эстеп кеттим бир күндү айылдагы.
Апамды турган тандыр жанындагы.
-Элден калбай эртерээк бар уулум, деп.
Ороп берген чоктой ыссык нанын дагы.
Ошондогу бир башкача таңды эстейм.
Көпчүлүктү каткырган шаңдуу кечке.
Аксакалдар баш болуп, сүрөө берип.
Ашардабыз тик бетте, арык өткөн.
Кетмен күрөк шаймандуу баары, баары.
Калбай келген айылда жашы, кары.
Арык бойлойт тынбастан, мурап Абам.
-Кененирээк чапкыла деп, бир аз дагы.
Улам күчөйт ашарчылар чамынышып.
Ашарды калган өңдүү сагынышып.
Атам жүрөт куйкум сөз күлкү баштап.
Күнгө күмүш сакалы чагылышып.
-Бир чындык бар балдарым, жарыкта бу.
-Өмүр агат суу менен арыктагы.
-Ким болсо да, чырайлуу чапса арыкты.
-Сулуу болот суу алган зайыптары.
Ошентип күлкү менен иш уланып.
Эчак өтүп кетиптир түш убагы.
Алыш жактан үн беришти карыялар.
-Бүттүк балдар, арыкка суу жыгалы.
Жарык чачып, баарынын жүз ыраңы.
Суу жөнөдү шаңдуу бир күү чыгарып.
Суу кечишип жыргашкан, балдарды көр.
Үстү башы ботала бүт чыланып.
Сүйүнүчтүү айылда бүгүн баары.
Суу себилип, сергилең үйдун алды.
Ашар менен бир жылга камсыз болуп.
Сууга тойот буйруса бүтүн жандуу.

“Ынтымакта ырыс”-деген накылыңдан.
Бир күн менен жыл баккан акылыңдан.
Ата Бабам! Ашарың жеткен бизге.
Кылымдардан кылымдарга ашып улам.
Андан бери жыл өтүп отуз ашуун.
Элүү төрттү таяп турат бүгүн жашым.
Эмнеликтен бириге албайт бүгүн Кыргыз?
Кыйналам жообуна жетпей башым.
Айылдаштар тарап кетип пул табууга.
Айылдагы арыктарды кум чаюуда.
А биз болсо жүрөбүз бириге албай.
Сулуу жерлер суусагандан сумсаюуда.
Турмуш деген күн сайын жаңырууда.
Бириккенге пул да, оңой табылууда.
Биз жакка келип кетсир ишенбеген.
Амвейде пул арыгы чабылууда.
Айылдашым! Дагы айтам угуп калгын!
Ашарга кел, катарга туруп калгын.
Акча арыгын чабалы Ашар кылып.
Азыраак сен да үйүңө буруп калгын.

Эмне деп чечесин?

Амвей деп угуп атасынар. Балким чакырып атышат. Балким Амвейден жакшы акчаларды алып калган жердештер жонундо угуп атасынар. Бирок барбай атасынар. Себеби эмнеде деп ойлосо болот. Москвага акча тапканы келдик да. Туурабы? Москвага кел дебесе деле, атугул ар кандай кыйынчылык коруп атсак деле, депортация кылып кууп атса деле болбой келип атабыз да. Туурабы? 
Ишке разрешение,  патент регистрация кундон кунго кымбаттап атат. Ар кандай жолдор менен бизден акча талап кылып алып атышат. Тил комиссиясы, мед комиссия, медкнижка, дактилоскопия ( манжалардын изи) налог ж,б толуп аткан нерселерге акча алып атышат. Ошондо ала турган акчабыздын суммасы канча? 1000$ орточо. Кобубуз жон эле элден кем корунуп калбайлы деп 40 000- 50 000 деп койобуз. 15 000-20 000 минден аран зорго иштеп атышат. Бир жакшы иш таап алсан эртен эле бир нерсе болуп иши жок отуруп калып атабыз. Туурабы?  Убагында айлык бербей кечиктирип, кээ бир жерлерде таптакыр эле бербей деле коюп атышат. 
Жакшы жакшы иштерде иштеп бутуна туруп калгандар деле коп. Базарларда жакшы таап атышат. Бирок базар деген нерселер жабылып атат. Жакында таптакыр жок болот. Бул замандын талабы. Акча табуунун жолун, иш, жумуш аркылуу эле тапса болот деп ойлойт экенбиз. Соода жакшы акча берет. Бирок адамдын баары соодага жондомдуу эмес. Амвей болсо акча табыштын эн оной жолу озу. Кара куч менен эмес акыл менен иштей турган иш. Силер мага караганда жашсынар. Куч кубаттуусунар. Озу " Акыл жаштан, асыл таштан" - дейт. Амвейге барбай аткандын бир эле себеби бар! Ошол нерсени билсе адамдын баары барат. Айрыкча кыргыздар! Себеби биз жаныны тез кабыл ала турган элбиз! Кээде жаныны пайда залалын жакшылап ойлобой туруп эле кабыл алып атабыз. Мисалы шаардын жашоо образын эле айталы. Орто азиялык элдерге эле салыштырып карап королу да. Кочодо озун алып журуш боюнча, кийинип жургону боюнча, эн башкысы иштеп аткан иштер боюнча алсак, кыргыздар оор кара жумуштарда, акчасы аз жумуштарда иштебей калдык. Двордо иштегендер, подъезд карагандардын ичинде кыргыз аз. Муну мен жакшы билем. Келгениме он жыл болуп атат. Мен деле дворник болуп иштегем. Акыркы жылы таксист болуп иштедим. Шаарды шаардын турмушун, кайсы улут эмне иш кылып атканын оз козум менен кордум. Таксист куну туну ар кандай адамдарды ташыйсын. Ар кандай темада суйлошосун. Ар кандай тагдырларды окуяларды коросун угасын. Мени суйунткон нерсе биздин балдар кыздардын осуп атканы. Жакшы кесип кызматтарда иштегендери. Баарынан компютьерди жакшы билип оздоштуруп аткандары. Муну силер деле коруп журосунор. Кыскасы кандай жаны нерсе жаралса да биз ошоердебиз. Терс корунуш да бар дечи. Мен ойлойм ал убактылуу эле. Махатма Ганди айтыптыр; -Адамзатка болгон ишеничти жоготуп албоо керек. Адамзат -бул чон мухит (океан). Бир эки тамчысы ылайкалангандан мухит озу ылайка болуп калбайт. Биз да ошондой чон, тарыхта изи калган, керек болсо дуйнону башкарган элбиз. Биздин Ата-Бабалар дуйнолук тарыхка, дуйнолук цивилизацияга, маданиятка зор салымдарын кошуп келишкен. Биздин каныбызда ошол жакшы сапаттар бар. Жана соз кылганымдай жаныны тез кабыл алышыбыздын себеби ошо, каныбызда, менталитетибизде. Ооба ошол учун башка элдерге караганда озгочолонуп турабыз. Созду узартпайын. Адамга ото чон мумкунчулукторду берип аткан амвейге эмне учун келбей атканындын себеби; -ошол мумкундукту толук коро албай атканында, амвей бизнести коруп билип жургон нерселердей кабыл алып атканында. Азыраак ой жугуртуп корсон эле баарын коросун. Мен кыска эле салыштыруу келтирейин. Бир нерсени кармап алыш учун аны коз менен корушун керек. Корбогон нерсени кантип кармап аласын! Адамдын акылы да так ушундай иштейт! Мисал учун (айылдашым учун жазып аткандыктан ушуларды келтирип атам); Орук короо жеп атканыны элестетип корчу! Жэ алча короо жэ ызырык жеп атканынды, кымыздык, ышкын жеп атканынды элестет! Эмне болду? Жазып атып курсак ачып кетти го чиркин!  Эмне учун ушундай болду?  Себеби сен ушулардын баарысын билесин. Организмде шарттуу рефлекс козголуп шилекей агып кетти. Омуру сен корбогон момо-жемиш жонундо соз болсо эч кандай реакция болбойт эле. Организм да эч кандай реакция кылбайт. Акча табуу да ушуга окшош эле нерсе. Болгону амвейде кантип жакшы акча тапса болоорун толук билбей турасын. Москвага биринчи келгенинде да ушундай эле болгон. Москва сен ойлогондон башкачараак болгон. Метро да татаал корунгон. Шаарды да азыркыга чейин жакшы билбей жургондор бар. Жашаган жерин анан иштеген жерин билишет. Откон жылы Кремльге алып барып келиниз дегенинен торт жигитти алып бардым. Кызыл аянтты, аяк-биякты корсотуп журсом бироосу сурайт; -Аба, москвасы каягында деп. Москва деген ушу -десем; А Россия каякта -деп атпайбы. Мен ойлойм сен андайлардан эмессин деп. Деги эле бул омур ото кызык нерселерге бай. Бир улуу адамдын айтканын уктум эле. -Омур бул, эки жагында коп болмолору бар аябай узун коридорго окшош деп. Сенин ишин ошол болмонун бир башынан кирип экинчи башына жетиш. Кааласан эки жакка бурулбай туптуз кете берсен болот. Кааласан ошол болмолорго кирип чыгып таанышып, жок дегенде бир эки болмосуно баш багып, эмнеси бар, эмнеси жок экенин билип алып анан барсан деле болот. Кандай болгондо да сен ошол коридордун бир башынан кирип экинчи башына кетип баратасын! Бирок бир эле жолу отосун ошо коридордон!  Акча табуунун жолу жэ мумкундук ар бир болмодо бар! Сен болсо бир эле болмого кирип коргонсун!  Ал болмодо, акча табыш учун созсуз иштеш керек деген гана нерсени кордун! Сени кайра -кайра чакырып атканым ал экинчи болмо. Болгону эле ошо. Эми озун чеч. Жараткан бир жолу берген омурдун коридорунан кантип отосун? ...

Ашар.

                      Ашар.
Эстеп кеттим бир кунду айылдагы,
Апамды, турган тандыр жанындагы.
-Элден калбай эртерээк бар уулум- деп, 
Ороп берген чоктой ыссык нанын дагы.
Ошондогу башкача танды эстейм, 
Копчулукту, каткырган шандуу кечке.
Аксакалдар дем берип, суроо берип,
Ашардабыз тик бетте, арык откон.
Кетмен курок шаймандуу баары- баары,
Айылда калбай келген, жашы кары.
Арык бойлойт тынбастан, мурап Абам, 
Кенеирээк казгыла деп - бир аз дагы.
Улам кучоп ашарчылар чамынышып,
Ашарды калган ондуу сагынышып.
Атам журот, куйкум соз кулку таштап, 
Кунго кумуш сакалы чагылышып.
-Бир чындык бар балдарым, жарыкта бу,
Омур агат суу менен арыктагы.
-Ким болсо да чырайлуу чапса арыкты, 
-Сулуу болот суу алган зайыптары.
Ошентип кулку менен иш уланып,
Эчаак отуп кетиптир туш убагы.
Алыш жактан аксакалдар добуш берет,
-Буттук балдар, арыкка эми суу жыгалы.
Жарык чачып баарынын жуз ыраны,
Суу жоноду шандуу бир куу чыгарып.
Суу кечишип жыргашты, чыт курсактар,
Усту башы ботала бут чыланып.
Суйунучтуу айылда бугун баары,
Суу себилип сергилен уйдун алды.
Ашар менен бир жылга камсыз кылдык,
Сууга тойот буйруса бутун жандуу.
"Ынтымакта ырыс" деген накылындан!
Бир кун мененжыл баккан акылындан!
Ата Бабам ашарын жеткен бизге,
Кылымдардан кылымдарга ашып улам.
Андан бери жыл отуп отуз ашуун,
Элуу ашып кетиптир менин жашым.
Эмнеликтен бирикпейт бугун Кыргыз?
Кыйналам жообуна жетпей башым.
Айылдаштар тарап кетип пул табууга, 
Арыктарды акырындап кум чайууда.
Кыйырга тарп кетип Кыргыз журту,
Ала Тоо ондон азыр сумсайууда.
Турмуш болсо кун сайын жанырууда,
Бириккенге пул оной табылууда.
Биз жакка келип кетсин ишенбеген,
"АМВЕЙ"де пул акчу арык чабылууда.
Айылдашым сага айтам, угуп калгын,
Кел ашарга, катарга туруп калгын.
"АМВЕЙ" чон канал казылууда,
Азыраак сен да уйуно буруп калгын.

Без заголовка

Сенин  атын ким?  Жашын  канчада экенин  билбейм. Бирок  сенин  бул  жашоодо ким  экенинди  жакшы  билем!  Сен  озун  дагы  ким  экендигинди  менчелик  билбейсин.  Ооба.  Чу  дегенден  эле  сага  оройлонойун  деген  болсом тободо  баарыбызды  коруп  турган  Зат  бар!  Ал  экообуз  корбогонду  коруп  билип  турат.  Биз  билбегенди  билип  турат.  Ошол  экообузду  жараткан Алланы  эске алып  туруп  айтып  атам,  сен  озундун  ким  экенинди  билбейсин.  Сен  азыр  кадимки  эле  кулсун.  Бироонун  оту  менен  кирип,  кулу  менен  чыккан  кулсун.  Бирок  сени Алла  Таала  эркин  жашоого,  сага  берилген  омурундун  ар  бир  коз  ирмемин  озун учун  жумшоого  жараткан.  Озун  ойлоп  кор,  эмне  кылып  откоруп  атасын  омурунду?  Иштеп  журом  дейсинби?  Туура.  Бала  чака  багып  атам  дейсинби?  Туура.  Ошо  кантип  иштеп  журосун,  бала  чаканы  кантип  багып  атам -деп  ойлондунбу?  Бир  жолу.  Мен  ойлойм,  сен  антип  ойлоно  алганын жок.  Сен  кантип  айлыгы  кобуроок  иш  тапсам- деп  ойлоносун.  Ошо  учу  тубу  корунбогон  айлыктын  артынан  кууп  Россияда  куурап  журосун.  Айлыгы  жакшы  иш  табылса,  айылда  эле  журмоксун.  Андай  эмеспи  же.  Туура,  жалгыз  эле  сен  эмес,  элдин  кобу  сен  экобуздой  болушуп  талаалап  журушот.  Ошолордун  онунан  тогузу  сендей  эле  ойлошот  жашоо  жонундо,  турмуш  тиричилик  жонундо.  Эптеп  эле  акча  тапсам  болду - дешет.  Акча  табуунун  бир  эле  жолу  бар,  алар учун.  Иштеш керек.  Болду.  Башка  жолу  жок.  Мейли  соодадабы,  мейли  медицинадабы,  мейли  билим  беруудобу  сен  акчага  гана  иштейсин.  Ишке бармай.  Иштен  келмей.  Кыргызстанда  болсон  деле  ушул  эле  корунуш.  Мал  кылам  десен,  ал  иштин  да  келечеги  тарайып  баратат.  Ушуну  туура  тушунуш  керек.  Бул  маселеге  кийинчерээк  токтолуп  кетебиз.  Азыр  болсо  сенин  ким  экенинди  аныктайбыз.  Эгер  сен,  китепти  жаап  салбаган  болсон.  Жаппадынбы.  Анда  кеттик.  Эгер  акырына  чейин  окуганга  эркин  жетсе,  сага  убада  берем,  сен  бул  жашоого  бекер  жеринен  келбегенинди,  омурунду  жакырчылыкта  откорууго  акын  жок  экенин  билесин.  Жашоондун  нугун  жакшы  тарапка,  Бактылуу  жана Бай,  Эркин жашоого  бурасын.  Эгер  сен  озун  жонундо  ойлонууга,  жашооно  туура  баа  берууго  эркин  жетсе  гана.   Себеби,  баары  сенин  гана  колунда  турат.  Кааласан  жомоктогудай  бай  болуп  жашайсын.  Кааласан  башына  тартсан,  бутуна  жетпеген,  бутуна  тартсан,  башына  жетпеген  турмушта  жашайсын.  Азыр,  каалабасан  да  ушу  экинчи  варианттагы  жетишпеген  тирилик  кыласын.  Чынында  жетишпеген  тирилик  откорууну эч  ким  каалабайт!  А  бирок  адамдардын  ондон  тогузу  жетишпеген  тиричилик  откорушот.   Суйлошо  келсен,  ошо  жашоосуна  ыраазы  болушат.  Мындан  башкача  жашоонун  толуп  аткан  мумкунчулуктору  бар  экенин  билишпейт.   Билгендери  болсо  андай  жашоо  учун  жакшылап  иштеш   керек  - дешет.  - А  азыр  иштебей  атасынбы? -десен;  -  Баары  эле  ушундай  иштеп  жашашат - дейт.  - А  байлар   каяктан  чыгып   атат -десен;  - Аларын  туура  эмес  жолдор  менен  байышат.  Азыр  "чондор"  гана байышат.  А  мен  "чон"   боло  албайм.   Дипломум жок.   "Чондор"  болсо  адамдардын  акысын  жеп  байышат.  Уурулук  менен  байышат.  Адал  эмгек  менен  байый  албайсын -дешет.  Сенчи?  Сен  деле  ушундай  эле  ойлойсун  да.  Туурабы?  Эгер  ушундай  ойлогон  болсон  анда   жанылышасын.   Мен  сага  миндеген  мисалдарды  келтире  алам,  эч  кандай  диплом,  сиплому  жок  эле  миндеген  адамдар  байышканы  жонундо.  Азыркы  мултимиллионерлердин  кобунун  эч  кандай  дипломдору  жок.  А  бирок  миллиондогон  доллар  байлыктардын  ээси.  Алыс  барбай  эле  бай кыргыздарды  айтайын,  кантип  эмне  кылып  байыгандарын.  Шоро  деген  фирманы  билесин.  Ачыма  саткан.  Бизде  максымды  ачыма  деп  койот.  Сенин  башына  ошо  аталадан  миллиондогон  акча  тапса  болот  деген  ой  келди  беле?  Жок.  Ал  ой  ошо  Шоронун  ээсинин  гана  башына  келген!   А  киши  атала  сата  баштаганда  кобубуз  шылдындап  турбадык  беле.  Бу  да  чындык.  Эмичи?   Кимге  кулобуз?   Кимди  шылдындайбыз?   Менин  "Тагдыр  кимдин  колунда"  деген  китебимде  мына  ушундай  коптогон  адамдар  жонундо  жазылган.  
"Акылсыздык менен колдонулган акчалар дайыма коркунучтуу.  Бирок туура пайдаланылган акчалар, цивилизациянын негизи". Н Хилл.
"Капитал акча гана эмес. Капитал -бул эн башкысы,  акчаларды  иштетуудо, жалпы журтка  керектуу, эффективдуу, озулоруно  да пайдалуу  жолдорду табышып жана иштеп чыгышкан жогорку уюшкандыктагы группалар". Н Хилл

Без заголовка

Бу  жашоодо  баарыбыз  кандайдыр  пайда  издейбиз.  Пайдалуу  иштерди  жасагыбыз  келет.  Жасап  эле  аткансыйбыз,  бирок  пайда  корунбойт.  Болсо  дагы  аз.  Билими  бары  деле  издейт,  жогу  деле  издейт.  Бир  парадокс  бар.  Билимдуулорго  караганда  билимсиздер  пайданы  кобуроок  корушот.  Эми  ойлоп  корчу,  эмне  учун  билимдуу  дегендер  пайданы  аз  корушот  да,  билимсиз  дегендер  пайданы  коп  корушот?  Жообун  таба  алдынбы?  Жок.  Таппайсын  дагы.  Дагы  бир  кызык  нерсе,  азыр  эмне  коп?  Жогорку  окуу  жайлары  коп!   Болуштуро  келсек  Кыргызстандын  ар  бир  районуна  бирден  экиден  университет  туура  келет.   Ачыгын  айтсам  мен  канча  университет  бар  экенин  билбейм.  Биздин   Жалал- Абадда  ого  эле  коп.  (Биздин  айылда  эле  жок  окшойт.)  Эгер  ошол  окуу  жайларда  пайда  табуунун  жолун  окутушканда  миллиондогон  мекендештер  казак  менен  оруска  жалданып  иштебей  эле  уйдо  тынч  тирилик  кылат  элек.  Финансы,  кредит  факултеттеринде  эмне  окутушат  озу?  Акыркы  убакта  кредит  алып  алып  толой  албай  качып  эле  жургон  адам.  Канчалаган  байкуштар  жашап  аткан  уйлорунон  айрылып  атышат.   Эономика  факултетиндечи?  Экономика  менин   тушунугумдо  финансыны  уномдуу  пайдаланууну  уйротсо  керек  эле.  Жэ  андай  эмеспи?   Андай  болсо ,  жайнаган  университеттердин   баарында  экономика  факултеттери  бар.  Жылына  канчалаган  экономистерди  даярдап  чыгарып  атышат.  Ошолор  эмнени  экономдоп  атышат? - деген  суроо   туулат.  Юристерди  айтсан.  Канча  юрист  бутуп  атат  жылына?  Ар  бир  жыйырманчы  кыргызстандык  юрист  болуп  калды  окшойт.  Мени  тан  калтырганы, Москвада  ушундай  юристер  бар  дейсин.  Полицияга тушуп  калса  оз  укугун  коргой  албай  жалдыраган.  Канча  юристер  депортация  болуп  кетип  атышат. Эгер  укугун  билсе  башкача  болот  эле.  Биринчиден  башка  олкодо  жургондо,  ошол  олконун  мыйзамдарына  баш  ийиш   керек.   Уйдогу  кылыгынды  кылба  бироонун  уйундо  дегенди  окутуп  коюшпайбы  дейм  да.  Акча  берип  журуп  кутулуп  чыгышат.  Ушундан  мындай  тиянак  чыгып  атат.  Пайда  корууну  же  акча  табуунун   жолун  эч  бир  окуу  жайында  окутпайт!   Анда  эмнеге  окутуп  атат?   Мен   айтам;  -Жалданып  иштегенди  гана  окутушат.   Чынында  Кыргызстанда  эле  эмес  бут  дуйнодо  ушул,  жалданып  иштегенди  гана  окутат.  Роберт  Киосаки  "Бай  атам,  кедей  атам"  деген  китебинде  жазат.  Бай  атам  айтат;  -Балам  бай  болсун  десен  жалпы  билим  берген  мектепке  жибербе.  Сага  ушу  китепти  кайта  кайта   Кайталап  окууну  сунуш  кылам.  Бутун  дуйнодо  адамдар  талашып  окуп  атышат.  Биздин  бактыбызга  кыргызчага  да  которулуптур.  Ошо  которгон  азаматка  рахмат!  

Без заголовка

Азыр каякты караба сунуш коп. Акча, мумкунчулукторду сунуштап атышат. Ошол сунуштардын кобу сетевой бизнес. Информация аябай коп. Бирок кыргыз тилинде жок. Мен озум Капар жана Бакыт Солпиевдердин кыргызчалашкан Р Киоссакинин "Бай ата, кедей ата"сынан башка китепти коро элекмин. Учурдан пайдаланып бул эки азаматка чон рахматымды айта кетейин. Айтайын дегеним мени ушул маселе аябай ойлонтуп жургон. Канткенде мекендештериме ушул мумкунчулук жонундо, "Адамзат тарыхындагы эн улуу  ачылыш"  сетевой маркетинг жонундо Эне тилибизде толугураак  маалымат жеткире алам-деп. Мына эми ошол тилегиме жетип олтурам. 2011-жылдан бери аз-аздан чиймелеп журуп чаканыраак эки китеп жазыпмын. Былтыр жылдын акырында жарыкка чыгардым. Озум сетевиктердин лидери Амвей менен  тен ата иштешип журом. Китептеримди эн биринчи озумдун партнерлорума, паралел группадагы эркин ишкерлерге тараттым.  Дуйнодо миндеген сетевик компаниялар бар. Мекендештеримдин кобу ошол компаниялар менен иштешип оз бизнестерин тикелеп куруп журушот. Ошондой мекендештерим учун ушул китептеримди сунуш кылам. 
Коптогон мекендештер бул сетевой маркетинг жонундо жакшылап биле албай жургону, алдамчыларга алданып калгандары бар. Ошол алданып калгандары сетевиктердин баарын бирдей коруп, баарын бирдей жамандап жургондору да ушундан улам болуп аткан мезгил. Китептеримде ушул сетевой маркетинг жонундо кыргыз тилинде кобуроок маалымат бергенге аракет кылдым. Албетте сетевой маркетингдин мумкунчулугу чексиз мухиттей, океандай. Баарын бир эки китепке батырып ийуу мумкун эмес. Силерге айтайын дегеним, китептерим жонундо мага жылуу пикирлерин айтышып атышат. Аларга чон Рахмат! Эгер сетевой маркетинг эмне экенин билгинер келсе менин китептеримди алып окуп коргуло демекчимин. Ал эми ушул бизнес менен иштеп жургон лидерлерге да оздорунун группаларын кенейтууго жардамы тиет. Эгер жашоонун нугун жакшы жакка чындап бургусу келип, ылайыктуу жол издеп жургондорго албетте чон жардам берээрине толук ишенем! Мекендештерим жашоолорун жакшылап алганга жардамым тие баштаганы учун Бактылуумун! Силерге да ушундай чыныгы Бакыт каалап - Садир Жолдошали.

Кенирини тар кылба.

 Мухаммад Алейхис Салам сахабалары менен намаз окуп бутуп, дуба кылаарда,  жаны эле мусулманчылыкты кабыл алган бир адамдын дуба кылып атканын угуп калат.  
 -Жараткан Алла, Мухаммад экообузго жакшылыктарынан  коп бер. Бизди бейишине киргиз - дегенин угат.  Анан ага айтат;  -Сен  кенирини тар кылдын дейт.  Ушул хадисти уккандан кийин коп ойлондум жана Пайгамбарыбыздын акылына, ой-чабытынын масштабына тен бердим.  Алла Таала адам баласы учун кен ааламды жаратып берди. Жандуу жансыздын баарын адамга берди. Бейишин тозогун кошо жаратты. А тиги байкуш экообузго эле бер деп атпайбы. Ал жакшылыктарын Жараткан баардык адамзатына берди го. Бир  шарт менен эгер мусулман болсон гана. Мусулман болуу озу оной эле. Аллага ыйман келтир, Мухаммаддин Пайгамбарлыгын тааны жана  Ал жасагандай жакшылык кыл айланандагыларга.  Бут адамзатка жаса, жакшылыкты.  Кенири бол!  Пайгамбарыбыз айтып атат; -Кенирини тар кылдын -деп. Сен дагы, азыр ошол жаны мусулман болгон адам сыяктуусун. Сен дагы тар кылып атасын. Ооба. Тууганым.  Айлана жакшылап коз чаптырчы. Не деген кооз зангыраган уйлор, укмуштай машиналар, Мерседес, Ламборджини, Порше, Бентли, Кадиллак, Ролс Ройс, санап отурбайын калганын озун толуктап кой. Кийим кеченин турун айтсан. Кафе ресторандар. (Ушуерде айта кетейин, мусулман баласына гана буйрулган адал тамактарды гана дасторконго койгон кафе ресторандар толтура!)  Курорт, санаторийлер, эс алуучу жайлар. Дуйнодогу кооз жерлерчи! Ошондой жерлер, ошондой уйлор, ошол айтылган машиналар адам учун! Сен учун! Сага кызмат кылууга даяр турган мейманкана отелдерчи! Торт,  беш жылдыздуу!  Апартаментер!  Сени ошол жерлерге жеткирууго супер лайнерлер, авиа,  дениз лайнерлери,  поездер бизнес класстагы  вагон-салондору, VIP каюталары менен даяр турушат.  VIP  болмолор менен салондор сенин туугандарынды,  бала -чакаларын менен омур шеригинди алда качандан бери зарыгып кутуп турушат!  Сени жердештерин алып келсе экен деп, ажайып жайлар,  салкын аралдар, европанын лыжа тееп эс алуучу жайлары, Индонезиянын тропикасы, Малайзия, Дубай,  ажылык парзын аткарганы келишинди Мекке-Медина да кутуп турат!  Ата-Эненди ажылыкка алып келет деп кутуп турат! Американын прериялары, байыркы маялардын кадам жайлары, Египеттин пирамидалары, россиянын тарыхый жерлери,турктордун, гректердин, италиялыктардын, испаниялыктардын курорттору да кутуп атышат. Ал эми озубуздун касиеттуу Ыссык-Кол сени  кутуп сагынып саргайып турат.  Сени сагынгандан, сени аягандан ыйлай берип, коз жаш менен ага берип суусу да азайып баратат!  Сары-Челек, Сон-Кол, Чатыр-Кол, Арстанбап-Аталар да сени кутуп журуп Арстанбаптын карт жангагындай карып баратышат. Ал эми банктардын кутконун айтпа! Сенин акчанды сактап бергени. Керек десен сенин акчанды иштетип кобойтуп берели дешип даяр турушат!  Сага бут жер бетиндеги жандуу жансыз нерселер кызмат кылууга даяр турушат! Билесинби эмне учун? Себеби Жараткан  Эген Алла Таала сени жаратканда аларды сен учун жараткан. Алла айтканын аткарган Зат!  Ал бейишти да сен учун жараткан. Тозокту да. Жер бети ошол бейиш менен тозоктун суроту деп тушуно бер. Же элеси деп тушун.  Эми мага жооп бер. Сен кенирини кен кылдынбы же тар кылдынбы?  Кен кылгандар ошо айтылган жерлерде журушот. Ошол жерлерде жашашат.  Ошол нерселердин баарын пайдаланып колдонушат. Сен болсо ошондой адамдарга кул катары иштеп атасын!  
"Имиш. ушак соз, текшерилип аныкталбаган фактыларды, пикирлерди негиз кылып жашагандарды аяйм. Алар оздорунун жаркын келечегинин эшигин оздору жаап алышкандар. Алардын эртени да бугункудой отот. Ошентип бут омуру отуп кетет".  В К  Хан.
Ушул адам айткандай сен дагы кениричилик келе турган эшикти бекем жаап,  жон жаппастан кулптап салгансын. Сага жакшы жол корсотсо ал жакка такыр баспайсын. Же айтпай атабы? Ой кел эле кел деп журуп тил тешилмей болду. Сен болсо кежирленип келбей атасын. А убакыт болсо кутпойт. Эртен эле карыйсын. Ордуна балан келет. Ал да сендей эле кимдир бироого жалданып иштейт. Сенде бир эле жол бар, озундун жашоонду, жакындарынын жашоосун кенири эркин жашоого бурганы. Ооба жалгыз жол! Бизге кел. Болбосо укум-тукумунду тар жолго, кулдукка алып барчы жолго саласын.  Алла Таала болсо сени жер устуно кожоюн кылып жараткан! 

Чакырганга келбеген...

"Чакырганга келбеген ымдаганга зар болот"
Ата-бабалардын акылына, айткан ар бир накыл кебине тен берем да. Айрыкча акыркы кундору. Кечээ семинарда болдум. Сага айтайын дегеним, сени аядым семинарда олтуруп. Озгочо сени анан барбай калган башка жердештерими, деги эле кечээ семинарды корбой калгандардын баарын, улутуна, тутунган динине карабай. Неге баарын айап атасын десен, айтаарым баарыбызды жараткан Кудайыбыз бир, жашаган Жерибиз, ичкен Суубуз, дем алган Абабыз, жылынган Кунубуз бир. Жашаган жашообуз, ойлогон ойубуз, каалаган максат тилегибиз да бир. "Чалканан кетпей" койо тур тууганым. Тээ Африкадагы негр журту, батыштагы ак расанын окулу, экообузго окшогон монголоид болобу, ташка сыйынган буддистпи, мусулман болобу жэ иудей христианин болобу баарыбыз тынччылыкты, ден-соолукту, байлыкты тилейбиз. Бала чаканын эли журттун аманчылыгын тилейбиз. Бактылуу болгубуз келет баарыбыздын. Адамзаттын баары ушуларды каалайбыз бири бирибизге. Туурабы? Бугун алтынчы кун. Мен бугун да семинарга барам. Сен кафеге жонойсун. Туулган кун менен жэ дагы башка жакшылыкты жууганы, майлаганы. Анан каалоолор айтыла баштайт. Сага тост келгенде эмне дейсин? Эмнени каалайсын? Ап балли! Дуйнодогу жети миллиарддан ашуун калктын баары эле сен айтканды айтып, сен каалаганды каалайт. Анан уйго кайтабыз. Сен ашказанды шыкайсын тамак-ашка "кембагалдын бир тойгону орто байыганы" болуп, а семинарга баргандар мумкун карды ач болот,  бирок мээсин акылга толтуруп, медээри тоюп кайтат! Журогуно мээрим, конулуно бейпилдик толуп кайтат!  Анан ошол адамдын журогуно Аалам бата турган, жер бетиндеги адамзатынын баарына жакшылык гана каалай турган, каалап гана тим болбостон, адамзаттын баарына Ааламдардын Ээсинен жакшылык гана тилей турган Мээр салып кайтат!  Сен журогун айланып суудан башка эч нерсе коргун келбей, кечээги каалоо айтып атканынды эстегенде кускун келип турат. Адамзатты айтпай эле кой, айылда калгандарынды да бир азга болсо да унуткун келип турат! Жок дегенде баш жазып алганча! Сага айланандагынын баары корксуз. Маанисиз.  А чынында сенин оюнда жакшылык кылуу. Сен да коп ойлонуп кыйналып журосун.  Жакынына, элине канткенде жакшылык жасасам деп. Жолун таппай жалгыз дарак токой болбогондой болуп журосун. Жалгыз таруу ботко болбойт болуп журосун. Ушинтип журсон качан кантип жасайсын? Качан бир ишин журушуп кеткендеби? Кафелеп журсон, кундоп тундоп агентте, скайпта, одноклассниктерде отурсан ишин онолобу? Жэ бизге кошулуп ынтымакташсанбы? Ойлонгон кишиге акча табуунун жолу коп экен. Туура жол менен, туура эмес жол менен. Туура эмес жол менен акча тапкандарды коруп атасынбы эмне болуп аткандарын? Алыс барбай эле Кыргызстаныбызды чарк имерип башкарган акелер эмне болду? Процентке акча берип аткандарды да коруп аткандырсын. Арам жол менен байыгандардычы? Уурулардычы? Орустар айтмакчы до поры, до времени болушту го кобу. Алыс барба айылды эле алып кор мисал учун. Жанылдым, жаздым деп тооба кылгандар аман калышты. А бирок жашоо бул дуйно менен тугонбойт! Ооба! Жашоо туболук! Жараткан Эгем сени мени туболук жашоого жараткан. Ал Зат  жалган айтпайт! Жалганды пенде баласы айтат. Семинарга Новосибирсктен бир жаш бала келиптир. Мектепти да жакшылап окуганга шарт болбой, он жашынан баштап казактын жеринде тамекиде иштептир. Эр жеткенде эл катары Россияга келет. Грузчик болуп иштейт. Анан насип кылып Амвейге кошулат. Кечээ признаниеси болду. Ыйлатты га отургандын кобун!  Ийгиликке кантип жеткен тарыхын айтканда. Башкасын билбейм мен баламдай коруп калдым. Семинарда катышкандар баары ордунан туруп кол чаап куттуктадык. Мен ошол жигиттин атасынан да улуу болсом керек. Менден жашы бир топ улуу кишилер да болду сакалдары жайкалган. Аерде канчалаган улуттар олтурушкан. Баары тик туруп кол чаап куттукташты! Аялдар ыйлап атышты! Канчалаган эркектер ичинде мен да бармын, буулугуп буулугуп барып коз жаштарды корсотпой аарчып турдук!  Азамат! Билесинби кимдин тарбиясын алган? Новосибирск дегенде эле тушундун да! Ооба Убайдииланин командасындагы жигит! Сен айылдашы болосун го. Сени андан мыкты, андан да чон ийгиликтерге жеткирет го келсен! Ооба!  Эгер келсен гана. Сен болсо башын ооруп аалам тарып суусап чанкап турасын. Мени деле кел эле кел деп журуп алып барышкан семинарга. Айрыкча Эрнис. Эми абдан ыраазы болуп атам ага. Кудай омурун узун, орушун жайык кылсын Эрнистин. Семинарга барсан, андагы ар улуттун окулдору, ар кандай курактагы адамдардын чын журогунон чыккан создорун угуп журогун жылып, аз аздан журогун, пейилин тазара баштайт экен. Кечээги эле койчу, кечээги эле дворник, грузчик, кечээги уборщица, посудомойщица болуп жургондор бугун акчага муктаж болбой, башкача айтсак финансылык жактан эркин болуп калышкадарын оз козун менен коруп, оз кулагын менен угуп, сенде да умуттун оту жанып, ошолордой болуп, кудай берген убактынды озун каалагандай пайдалана тургандай мумкундукко жетуунуну энсеп, кыялданып калат адам. Журоктон чыккан соз гана журокко жетет тура. Чеченстандан жашы алтымыш ашып калган бир аял суйлоду ошоерде. Неберелерим учун ушу бизнести куруп атам деп. Ыраазы болдум а кишинин созуно. Оорукчан экен озу да. Амвейдин витаминдерин ичип жакшы болуп атам дейт. Ал айтканына мен жуз процент кошулам. Себеби мен озум да журогум ооруп олуп калайын дегенде ушул Амвейдин витаминдерин ичип жакшы болгом. Эки жыл мурун ВДНХда журогум ооруп жыгылдым. Эстен танып калыпмын. Инфаркт деп койот экен. Кудай жалгап мен женил болупмун! Аллага мин мертебе шугур! Кыргызстандын павильонунда медцентрге алып барышты. Менин пешенеме аерде кардиолог болуп иштеген Толкун деген жигит бар экен, Алла омурун узун кылсын. Ошо жигит жардам берди. Кардиоцентрде, клиника имени Малышевада иштейт экен озу. Ошоерде аппаратка салып, ишим чатагыраак экенин айткан. Омур бою ичип журосуз деп дарыларды жазып берген. Андан кийин дагы алты жолу журогум ооруп жыгылдым. Улам кийинкиси  оорурак болуп бара берди. Жашагын келет адам, кобуроок омур сургун келет. Бирок саналуу кундорун калганын уксан абдан оор болот. Сага андай кундорду каалабайм тууганым. Айла кеткенде Бактыбекке бардым. Аппаратка тушкон кагаздарын ала бардым. Карап коруп витаминдерди жазып берди. Аялымын да канбасымы (давление) которулуп кыйналып журчу эле. Экообуз витаминдерди ичип баштадык. Аллага мин мертебе шугур! Бугун мен жашап атам! Эртенки кун жонундо коркпой калдым! Аялым да оорубайт азыр. Болбосо чонтокто дарысы жок алты кадам чыга албай калгам. Журогум ооруганынын себеби жанагы атын "очкурду" коп ичет элем да. Тамекини болсо "паровоздой" кылаарымы билесин. Бугун ошо оор кундордон оттум. Журогум оорубай калдым! Эки жакка чыкканда дарысы жок эле коркпой чыгып калдым. Ал дарылар эсимен да чыкты азыр уйдо да кармабай калдык. Жанагы чечен кемпирдин созун толукташ учун озумун башыман откоргон эн оор кундорум жонундо айтып атам. Семинарда Бакыт менен Атиргулдор суйлошту. Черкизовский спорт комплекстин залы толгон адам ордуларынан туруп кол чаап турушту го! Ал эми Убайдилла чыгып ийгиликтин сегиз элементи тууралуу тушундуруп айтканын укпай калганына, ооба, сенин укпай калганына армандамын! Мен ушунчалык сыймыктандым!  Убайдилла адамдардын журогуно ушундай бир умуттордун отун жакты дейсин! Соз менен жеткириш кыйын тууганым! Ушунчалык кол чаап кубаттап да куттуктап да атышты! Буйруса интернеттен коруп калсан ажеп эмес. Ооба сенин айылдаштарын дуйно элине бай бардар жашоонун, эркин жашоонун жана Бактылуу жашоонун жолун уйротуп, уйротуп эле эмес чын дилинен Алла Тааланын айтканындай каалап атканын оз козун менен коргонундо сен да мендей сыймыктанат элен. Сен болсо башын ооруп жатасын. Уч мин рубль сарптап акылына акыл кошуп кетпедин сен. Замандын берип турган жанылыгын, мумкундугун коруп кетпедин. Жакшы жашоо да ото чон билим экен! Бай жашоо да билим. Айтсан, айына беш жуз мин рубль алышты билсен алат белен? Ооба. Жэ кой дейт белен? Жэ сага жарым миллиондон айлык алган жарашпайт дейсинби? Жарашат! Ушундай гана жарашат дейсин! Бирок бай болууга эч жерде, эч качан, жана эч ким окутпайт сени!  Бизге кел. Бизди окутуп атат. Кечээги семинарда, ар жумада. Андай окууга Амвейде гана окутат! Жэ сени кечээ кафеде окуттубу? Иштеген жериндечи? Ай ким билет? Жок! Андай жерде сен омурду гана уурдатасын! Ден соолукту уурдатасын. Дуйнодо миллиардаган адамдар сендей болуп ден соолугун омурун уурдатышат. Мен элуу уч жыл омурумду уурдаткам! Ден соолукту уурдаткам! Мен деле кечээ сендей эле ойлончу элем.  Озун билесин, жыйырма жыл ашуун трактор айдадым лесхоздо. Арак ичкенден башка пайда таппадым. Туура айыл апанын азыноолак ишине жарап турдум. Андан кийин кызматка аралашып журдум. Лесник болдум, помлесничий болдум. Айыл окмотун башкардым азыраак. Бирок таза иштегенге аракет кылдым. Омурумдун кобун иш менен откоруп ийипмин. А тапкан эч нерсем жок. Туура сыйлык мыйлык берип турду дечи. Айлык деп журуп элуу уч жыл омурум кетиптир! Элуу уч жыл!  Билесинби айлыкка иштебей эле бир жолу жашап ото турган омурду сатыпмын! Ден соолукту сатыпмын айлыкка! Болгону ошо!  Амвей болсо ай сайын сыйлыгын берип атат адамдарга. Бонустарын берип атат. Чет мамлекетерге алып барып эс алдырып келип атат. Кечээ жакында эле Парижге алпарып келди. Азыраак мурун Дубайга алпарган. Андан мурун Турцияга, канчалаган саякат круихдерге алып барып атат. Акысыз! Уй булоо бала чакалары менен! Сен качан барасын чет мамлекетке деп сурасам бироодон -Аякта бышырып койуптурбу мага деди. Озу оюнда барбы чет олкого барып эс алыш десем. Баш оорутпай барчы ары деди. Туура аныкы. Ооба! Кайсы ырысына бармак эле. Тапканы сеникиндей эле кайда кеткенинин изи жок болуп атса. Сен деле мендей болуп омурунду айлыкка алмаштырып атасын азыр. Эгер тушунсон. Элуу учко сен деле чыгасын. Аман болсон. Эсин менен бол. Убакытынды откоруп ийбе. Откон убакыттын бир секунду да кайтпайт! Ар бир секундду пайдаланып кал. Ал сенин убакытын! Ал сенин омурун! Семинарга кел десе мен деле кежигем кер тартып барчы эмесмин. Окуном, бирок айла жок. Жашоо токтобойт. Цивилизация токтобойт. Заман, цивилизация жанылыгы сен экообуздун турмушубузга, жашообузга экообуздон сурабай эле кирип келе берет. Биз бала кезде Узун-Кочонун башында машине корунсо, кочодо болсок качат элек кырды коздой. Туура келип эле бизди тебелеп кетчудой болуп. Азырчы? Коркобу бироо? Мал коркпойт азыр. Он жыл мурун компютер жонундо эч нерсе билбейт элек. Эмичи? Тан атканча агентте отурасын. Интернетте отурасын.  Айылда атан менен, апан менен козмо коз тиктешип отуруп суйлошуп атасын каалаган маалында. Мына цивилизациянын жанылыгы деген ушу! Сага бироо компютерди зордоп берген жок го. Озун алдын да. Сотовый телефондучу? Аны деле озун сатып алдын! Озун!Амвей да азыр сенин эшигини каккылап турат тушунсон. Сен киргизбесен кошунаныкына кирет. Бактыбектин, Убайдилланин, Максаттын, Нургазынын, Мидиндин, Эрнистин, Бостондун, Нурбектин, Алдаярдын, Адинанын,  менин жана башка миндеген кыргыздардын уйуно кирди го азыр. Дуйно жузу боюнча канча миллиондогондордун уйуно миллиондогон акчаларды алып келди. Адамдын ону- тусуно, улутуна, тутунган динине, жаш курагына карабастан. Убайдилла экообуз суйлошуп отурганда бир айтканы бар.  Айлыбызга  нарындын дайрасындай акча агып келатат тушунгонго. Кимдир ошо дарыяга бутун салып ырахаттанып отурат. А кимдир бироо айланып качып отот.  Мына ошо айткан кунго да аз эле убакыт калды. Сен дагы ач эшигини! Сен дагы келечегин учун кам коруп кой. Сенин бала чакан да эртен сага окшоп иштебесин эзилип. Ач эшикти! Кызыр Алейхисалам тууралуу атан айткандыр. Таанылбай келет! Билинбей келет! -деп. Тушунуп атасынбы тууганым.  Сени Амвейге кел деп аткан адам ошол Кызыр Ата болуп журбосун. Угушумча уч эле жолу учурайт экен адамга. Уч эле жолу! Сени канча жолу кел дешти? ...

Айлыбызга агып келаткан акчадан неге качып атасынар?

Кечээ жакында бироо колунда эки балсы менен, бироо бир жарым жашар, экинчиси тогуз ондордо бар келди. Айылда торт баласын торт жерге туугандарына калтырып келиптир. Жыргаганына келбеди да байкуш. Кредит алышып проценти кобойуп, толой албай айласы куруп, уйун, эли журт тууган урукту таштап Москвага акча тапканы келди да. Аркасынан коп отпой куйоосу да келди. Азыр иш издеп атышат. Иш да табылаар дечи. А бирок карыздан кутула турган акча таба алышабы? Тапса канча убакта? 25-30 миндик айлык ала турган иш тапты дейли. Эсептеп королу. Канча расход кылат, канча ашырып топтойт? Экоонуку 60000 рубль болсун. Квартирага ар бирине 4000ден 12000, тамак ашына 10000, жол кире экооно 4000, телефонго 1000, дагы уйдо калгандарга минден эле жонотсун 4000 рубль. Баары болуп 35000 р. Кийим кече тууралуу айтпадык. Регистрация, разрешение канча болуп атат озунор эсептеп коргуло. Андан башка канчалаган билинбеген расходдор бар. "Тагалар" да "сындырып" турушат да, чынбы? Ооба! Эми озунун иштерин жонундо ойлон. Мумкун сенин ишин озун ойлогондой бодуп аткандыр? Ай ким бидет, андай болгондо уйго качан эле кетип калат элен да. Туурабы? Ооба тууганым. Тууган куйдуруп айтат, душман суйдуруп айтат. Сага катуу эле айткым келип турат. Келгенине канча болду? Бир озун, бир кудай, бир тууган уругун, бала чака, ата- энен билет.  Канча акча топтодун? Эмнелерди бутуро алдын? Эмнелер бутпой атат? Озун ойлогондой болуп баары бутуп атабы? Жэ ойдо жок иштер чыгып калып акчан ошого кетип калып атабы? Той аштар да жадаттыбы? Кошумча кошуп койбосон да болбойт да. Туурабы? Баарына жете турган акча таап атасынбы, жэ анча мынчасына коз жумуп коюп атасынбы? Бу жашоодо баары эле сендей болуп эле жашап атышат да, туурабы?  Бир караганда ошондой. Чынында андай эмес. Таптакыр андай эмес! Тууганым!  Айылдашым!  Айылдаштарды эле алып кор.  Кимдер сага окшоп тан атып атпай туруп ишке жоноп атат. А кимдер эч нерсе менен иши жок, саат канча болгону менен иши жок ишке кечиксем "олдум" деген ойуна да келбей ширин уйкуда жыргап уктап атышат!  Ооба тууганым! Сен уйкун канып канбай, кундун ыссык-суугуна карабай, анча мынча оору-сыркооно карабай ишке жонойсун кундо. Антпесен акча жок!  Ушу нерсе ар куну!  А сендей эле айылдашын сен ишке жоноп атканда, ал эле эмес сен обедке чыкканда да ширин уйкуда жатат. Ал айылдашын иштен кеч калсам начальник "олтурот", штраф салат, айлыкты кыскартат деп коркпойт. Ал озун уй-булоосун, келечегин акча менен камсыз кылып койду! Ооба!  Дал ошондой! Сен аларды жакшы билесин.  Ал айылдаштарын бугунку куну "рублевый" миллионерлер! Аркасынан ондогон айылдаштар куйрук улаш келе атышат.  Буйруса эртен бурсугуну дегендей миллиондорго жеткени калышты. Откондо Питерге барып келдим. Семинарга. Семинардын шылтоосу менен уулумду коро келейин деп. Максаттыкында мейман болдум. Ыраазы болдум. Жашоосу ушунчалык озгоруптур! Баягы сен тааныган Максат эмес! Мамилеси, баскан турганы, ойлогон ою жакшы. Ниети тилеги жакшы! Ошондон азыраак айтып берейин. Бара турган кунумду билет эле. Мени уулум тосуп алды. Метродо келе атсак Мидин чалып калды -Садир аке каяктасыз таппай атабыз деп. Эрнис экоо мени тосуп келишкен экен, кайсы вагондо экеними айтпапмын да аларга. Ошол учун мени таппай калышыптыр. Максат, -акем келатат,  барып тосуп келгиле деп Эрнис менен Мидинди жоноткон экен.  Максаттыкына жетейин деп калганыбызда аркабыздан жетип келишти. Мидин машинесине салып алып жеткирди.  Кучак жайып тосуп алышты Максат иним менен келиним Нуржан. Мен сага, уй ичин жеген ичкенин айтпайын, эртен менен мен уйронгон адатымча саат беште ойгонуп алдым. А алар болсо "шашылып" саат ондон откондо тура башташты. Ооба мин уккандан бир коргон. Ишенбесен Максаттыкына барып бир мейман болуп кел. Сени деле жадырап жайнап тосуп алып бир кун конок кылып жаткырат. Козун менен коросун. Жалган айтпаганыма ишенесин. Кийинки кундору башка досторумкунда болдум. Сапар досумкунда, Абдыкалил досумкунда болдум. Маматкул акеникинде конок болдум. Келиним Турдукан чакырып мейман кылды. Кимдикинде жатып турганымы айтайын дегеним жок, башка нерсе жонундо айтайын деп турам. Абдыкалаил досум да баласын машинеси менен жонотуп алдырды. Эртеси дем алыш болчу. Суйлошуп олтуруп тан атырып ийдик. Рахмат!  Квартирасындагы адамдар ишке бара тургандары тан эрте ишке жоноп атышты. Маматкул акем да Саматты машинеси менен жонотуп алдырды уйуно. Гулкумар женем экоо, келини Элиза болушуп аябай сыйлашты. Ыраазымын! Алардыкында да тан атып атпай ишке жоноп атышты. А Максаттыкында болсо ошо маалда бейкапар уктап атышты да! Байкап атасынбы? Максатты Амвейге кошкон Убайдилла. Аныкында ишке кеч калам деген соз болбойт. Андай соз да, ой да жашабайт! Убайдиллани бизнеске кошкон Бактыбек. Аныкында да ушу. Алар сен ишке шашып, азыраак, болгону беш-он минут кечиксен кыжаалат болуп кетип атканында алар Кудай-Таала берген убактысын ырахаттануу менен откоруп атышат. Акча жагын камсыз кылып алсан сен деле ошолордой болуп жашамаксын. Рахат менен жашайт элен!  Жэ андай эмеспи? Акчанын аздыгынан кредит алып атасын. Процентин толой албай канча азап тартып атасын? Канча уй булоо жок болду акчанын жоктугунан. Канча наристелер арсар жетим болушту? Канча жигиттер журот уйлонбой. Сурай келсен сыр бербейт тим эле! Эрте демиш болот жон эле! Озу отузду "урайын" деп калды. Эрте имиш! А "эстуулор" да коп. Кредит алып той кылып аткан. Туура заман жакшырып баратат. Жакшы иштеп жакшы акча таап аш-той берип дасторкон жайып эл журттан бата алып аткандар да арбын. Аларды азамат дейбиз. Ооба алар чыныгы азаматтар. Эми ошо азаматыбыз канчоо? Сен ошо азаматтардын ичинде барсынбы? Маселе ошондо. Болбосон анда сенде акча жок. 
      Бугунку жашап аткан заман жаны
       Жараша болуу керек адам дагы
       Жакшыбыз аз, жардыбыз арбыныраак
       Болгону ушул эле жаман жагы.
                      ( 2013)
Ар бир мезгил оз жанылыгы менен келет экен. Азыркы заман адамзаат тарыхындагы улуу жанылык алып келди. Ал биздин ата бабалар энсеген, кыйынчылык мезгилдерде ошондой кыйнчылыктардан чыгып келишкен ынтымактын заманы дагы бир жолу келди бактыбызга! Ушуну тушун тууганым. Кенири эркин жашап калган айылдаштарын ошону тушунгондор! Бактыбек, Убайдилла Максаттар ошол нерсени бизден мурдараак тушунуп калышыптыр. Ынтымак деген ырыска жеткирет деп ишенгендер. Алла-Таала бар экенине ишенгендер! Ооба тууганым. Алла айткандай адамдарга жакшылык кылгандар. Ошо жасаган жакшылыгы учун Алланын жакшылыгын коруп атышкандар. Соз курук болбосун. Булардын аркасынан ээрчиген жуздогон адамдар оздорун акча менен камсыз кылып калышты. Жуздогон адамдар сен ишке жоноп атканда, сен иштеп атканда уйкусу канганча уктаганга мумкунчулук алып калышты. Акча жок деген создон, соз эле эмес акчасыз калам деген ойдон да кутулуп калышты. Жуздогон адамдар  сен кундун ыссыгында тердеп кургап акча табам деп иштеп атканда, дуйнонун не деген керемет ажайып жерлеринде салкындап эс алып жургонго жетип калышты. Сен кыштын ызгаар суугунда иштеп жургондо, алар жер шарынын жылуу жактарында эс алууга кетишет. Келгенде эс алган кундору учун да акча алышат. Ооба. Бул чындык! Коз коргон чындык!   Оздору эле эмес бала чакасы менен дуйно кыдырып акысыз эс алып саякаттап журушот. Сенчи?  Озун эле айтчы. Ооба сен иштеп журосун. Атан, Энен, бала-чакан турмуштан кыйналбаса экен, карды ач калбаса экен, элден кем болбой жашаса экен деп жанынды аябай, ыссык-суук дебей, иштин оор женилине карабай акча берсе болду деп иштеп журосун. Сага рахмат дегенден башка соз айтпайм. Сен Азаматсын! Ооба. Бу да чындык. Эми айтчы, иштебей эс алган куну сага акча бере турган, акча толой турган "жинди" барбы? Албетте жок! Ишке чыкпай калсан да акча толомок турсун кочугуно "ылай шыбалат". -Эй аке, эмне деп башты оорутуп атасын дегин келип атабы?  Жэ Амвей "жиндиби" дегин келип турабы?  Жок. Башынды оорутайын дегеним жок. Билген нерсемди айтайын деп турам. Болгонун болгондой айтайын деп турам. Жашын канчада билбейм. Мен жаш кезде айылда ашар деген болот эле. Азыр деле бар. Анда болсо там салганда ашар кылчу эле адамдар. Паланча ашарга чакырып атат деп озунун ичин таштап ашарга барчы эле адамдар. Аял эркек, бала чака, кыз кыркын дебей келе берчи эле. Оюн кулку менен эле бироонун уйу бутуп калчы. Чоп чапканга азыр деле ашар кылып атасынар го. Ынтымак менен кандай иш болсо да тез бутот да. Чынбы? "Гениалдуу жаны нерсе, жакшы унутулган нерсе" деген соз бар. Соз кылайын деген нерсем да ошондой. 
          Бугун заман берип турат мумкундук
          Бир кун иштеп табаар пайдан мин кундук
          Бул бизнестин болгон эле сыры ушул
          Билсен болду эмне экенин бирминдик.
                         (ноябрь 2013)
Бактыбек, Убайдилла, Максаттар ошондой кылып бир эки уч жылдай иштеп коюшуп, ыраатын коруп атышат. Жашоолору жакшы, эч нерседен кеми жок. Кудай берген убакытын каалагандай пайдалана алышат. Баардык адам тилеген, каалаган нерсе ушул эмеспи. Каалаган убакта, каалаган жагына бара алсан, акча тугонот деп ойлонбой, каалагандай нерселерди сатып алуу мумкунчулугун болсо, Эркиндик эмне экенин билесин, Бакыт эмне экенин билесин. Ала турган акчан да кун откон сайын осуп бара берсе кандай жакшы! Сен озун айтчы, ушул айда жыйырма мин алдын, кийинки айда отуз, кийинки айда кырк, анан алтымыш жетимиш дегендей осуп, кобойуп бара берсе жакшы болот беле? Ошондой иш болсо кылат белен?  Же кылбайсынбы? Ушундай мумкундук болуп турса, сен терс аяктанып кылбай койсон, сен анда кимсин? Озун эле айта гой. Же башкачараак айталы. Сен тааныган адам козго корунуп эле турган жакшы нерсени эринчээктик кылыппы, же дагы бир себептер менен кылбай койду. Сен болсо билип турасын ошо адам кылса колунан келет ошо иш. Ал болсо "олуп" таптакыр кежигеси кер тартып кеженейлик кылып ошо мумкундукту пайдаланбай атат. Эмне дейт элен аны? Мисалы; уйунун жанынан арыкта суу агып атат. Ал болсо огородун сугарбай соолутуп, эки аттап барып суу буруп койбойт. Андан коро ал карта ойнойт, андан коро телевизор корот, андан коро агентте отурат. А огород болсо чанкап куурап турат. Сен ооба сен, эмне дейт элен аны.- Ар ким оз билгениндей жашайт да, десен анда сени мен айтам. Эмне деп айтам, же эмне дейин аны да озун айт. Мен айтаарымды айттым. Болгондо да унумдун баарынча кыйкырып айттым! Бирок сен кыргызсын! Атындан айланайын, сен Адамсын! Бирок Кыргызсын!
   Коконду жайдак атчан чапкан элбиз
   Каныкей, Курманжанды тапкан элбиз
   Буркутун да, атын да, кызын дагы
   Тоту куштай сылап сыйпап баккан элбиз
   Тунгуюктан туура жол тапкан кыргыз
    Чырак жакпай боз уйго жаккан жылдыз
     Кокодон алмайынча кор тирилик
     Кожомкулдун ташындай жаткан кыргыз
     Майда барат нерсени элебеген
     Жамбашка таш отсо да кенебеген
     Мурдуна араа, балта, балээ да отпос
     Байбы ханбы бучкакка тенебеген
Бирок кыргыз баатыр экенин, жол тапкыч экенин унутпа. Байып аткан айылдаштар деле кыргыздар. 
Жол табышты го алар. Сен да кааласан бай болосун. Эркин болосун. Ооба туганым.
 Кыргызсынар журогундо Манасы бар
Ала Тоосу, Ош, Нарын, Таласы бар
Эрте ойгонуп, эл менен кошулсанар
Эртен жарык жылдыздай жанасынар
         (ноябрь 2013)
Бактыбек, Убайдилла, Максаттар ошондой инсандар.  Сыймыктансан болот алар менен. Сен деле ошолордой боло аласын! Ооба! Мен ишенем! Сенин акылын бар. Сен жашсын! Мумкун улуусун менден. Анын мааниси жок. Башкысы таза, аруу тилек, ниет, каалоо! Калганын уйронсон болот. Кел бизге. Бизге дегеним, мен ошолор менен биргемин. Бактыбек, Убайдилла, Максаттар менен чогуумун. Чогуу бололу. Бар бол, тууганым бай бол! Сен бай болсон, мен бай болсом эл бай болот! А бай эл дайым бактылуу болот!

Без заголовка

Ассалому Алейкум азиз айылдаштарым! Коптон бери корунбой кетти бу киши деп аткандырсынар. Оооба, тиричилик кургур иштерди кобойтуп ийип бу инетке кирип чыкканга жок дегенде баш багып койгонго да кол тийбей журду. Буйруса эми дагы да баштаган жакшы ишти уланта беребиз. Озунор да кол кабыш кыла жургуло. Болбосо ушул ишти биринер жакшылап алып баргыла. Асыл таштан, акыл жаштан дегендей азыркы жаштар бизге караганда акыл эсинер кобуроок. Азыраак жалкоолугунар да бар дечи. (тамашалайм) Кантсе да башталган жакшы нерсени улантып кетиш силердин мойнунарда. Мен акырындап карып баратат окшойм. Ошого ушул коомчулуктун ишин биринерге откоруп берсем деген тилегим бар. Интернет аркылуу айылыбызды дуйного жакшылап таанытуу мумкунчулугун колдон чыгарбайлы. Жакшы суроттор, видео файлдар жэ жон эле ангемеби, озунордун журогунордон чыккан ырлар болсо да жаза бергиле. Айрыча откон АтаБабалар жонундо билген маалыматтарды киргизе бергиле. Жыйырма биринчи кылым информациянын кылымы экенин унутпагыла да, анын эмне экенин жакшылап андап тушунгонго аракет кылгыла. Орустар айтат "тот кто владеет информацией. тот правит миром". Эм дуйнону башкарыштан чочуласак да айыл жонундо дуйного маалымат таратуубуз созсуз керек. Анан дагы бир соз бар. "То что написано пером, не вырубиш топором". Мына жазуунун кучу ушундай. Ошол учуне жазып койгула жакшы нерселерди кылымдан кылымга калып калат! Анд эмесе баарынарга ийгилик каалайм.

93

KEL

настроение: Безжизненное
хочется: NICHEVOOO
слушаю: ATABEKOV

Метки: Махабат тууралуу баян.

Без заголовка

11.04.2012 14:28 Salamaleykumdar baarynarga........ pravda ayili keremet emespi sagyndym jazda baram kim men menen kettik... Anan uylonoyun degem kim tiet
 

настроение: Боевое

Дагы бир айылдашыбыз тууралуу жакшы кеп.

Азиз айылдаштарым көптөн бери силердин назарыңарга жаңы кабар жаза албай жүрөм. Бүгүн болсо ошондой жакшы шарт пайда болду. Биринчиси убакыт таптым. Экинчиси болсо силерге дагы бир айылдашыбыз жөнүндө айтып берейин деп турам. Ал Канназаров Таалай жана аялы Гүлсара. Жаш балдар аларды жакшы тааныбай деле калдыңар. Себеби Таалай мектепти бүтүргөндөн бери эле айылда көп болбой жүрөт. Таалай Акматкул  агайдын уулу болот.  Булардын улуусу Асилбек аке. Асилкан эже, Алмакан эже, Шарипа эже, Кадырбек, Адың, Абдыбек, Таалай, Совет, Союз. Биз кошуна жашаган үчүн булардын үй-бүлөөсүн жакшы билем. Акматкул агай атам менен, Сардал эже апам менен теңтуш болушчу. Биз Кадырбек экөөбүз теңтушпуз. Армияга да бир күндө чакырылып, бир  шаарда кызмат кылдык. Сөздүн кыскасы кудайы кошунабыз. Таалай жөнүндө айтып берейин дегенимдин себеби бар. Баарыңар билесиңер, азыр көптөгөн айылдаштар бизнес куруп жүрөбүз. Биз болсо Амвейдебиз. Бизге кошулбай жүргөнүңөр да көп. Ал эми ар кимдин  өзүнүн иши дечи. Айтайын дегеним, ар нерсенин башаты, себеби болот. Биздин айылдыктардын Амвейге кошулуп чоң бизнес куруп, чоң-чоң ийгиликтерге жетишип калышынын себепчиси ушу Таалай. Бакыт менен Атиргүлдүн спонсору ушу Таалай менен Гүлсара. Таалай менен Бакыт классташтар. Үйлөрү тийишип турган кудайы кошуналар. Ушулар аркылуу жакшы башталыш, жакшы ишке көптөгөн айылдаштар кирип өз бизнесибизди куруп атабыз. Албетте Бакыттын командасы өтө жогорку ийгиликтерди жаратып атат. Артынан көптөгөн айылдаштары эле эмес башка далай кыргызстандыктарды, башка улуттардын өкүлдөрүн жокчулуктун, аргасыздыктын торунан чыгуусуна жардам берип жүрөт. Мына ушундай асыл иштердин башталышын айылдашыбыз Таалай баштаптыр. Таалай Бакыт досун кошкон. Бакыт болсо Убайдилла, Максатты кошту. Мен азыр жогорку деңгээлдегилерди эле айтып атам. Алардан ылдыйкы деңгээлдеги айылдаштардын санынан адашып деле калдым. Ылайым эле бай, бак-дөөлөттүү айылдаштарым көбөйө берсин. Бакыттын, Таалайдын, Убайдилла, Максаттын катары улам арбый берсин деп тилек кылып жүрөм. Буларга куйрук улаш келатышкан айылдаштарыбызды да атай кетейин. Эрнис, Элиза,Нургазы, Бостон, Мидин, Жапаров Максат, Алдаяр, Нурбектер, Мирбектер. Мына ушундай башталышты биринчи баштаган ушу биздин айылдашыбыз Таалай.  Мына ушул иши үчүн рахмат айтсак жарашат. Рахмат сага Таалай!  

Ийгилик артынан ийгилик! Куттуктайм.

 
 Азиз айылдаштарым, өткөн жолу убада кылганымдай мына бүгүн дагы силерди жакшы кабарым менен кубантайын деп турам. Бул кубанычтуу окуя  март айынын жыйынтыгы менен  Убайдилла менен Гүлмира, Максат менен Нуржандар “Жемчуг” болушкан күнү  болгон.  Бир нерсеге кубансам, сүйүнсөм алды артыма карабай эле шашып кетме жайым бар. 31-март түнү булардын “Жемчуг” болушканын угуп алып калгандарын сураштырбай эле куттуктоо жаза койгон экем. Эми бир аз ошо шашмалыгым үчүн уялып атам. Себеби ал күнү дагы эки чоң окуя болгон экен биз үчүн. Нургазы “Алтын”, Мидин менен Бостондор  болсо “Күмүш” баскычтарды багынтышкан экен.  Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт дегендей бул азамат инилерим  Бакыт, Атиргүл, Убайдилла, Гүлмира, Максат, Нуржан,  Таалай, Гүлсара,Эрнис, Элиза, Бостондорго куйрук улаш баратышат. Азиздер айткылачы –ушундай ийгилик үстүнө ийгилик, кубаныч үстүнө кубаныч апта сайын, ай сайын жаралып турган ишти көрдүңөр беле? Мен көргөн эмесмин.  Ушу биздин Амвейге окшоп силерди да куттуктап сыйлап атабы иштеген жериңерде? Айлыгыңар да күндөн-күнгө чоңоюп атабы? Бир айлап эки айлап иштебей койсоңор деле иштеген ишкана мекемеңерде бешенеңерден сылап  -Ме айлыгыңы деп берип атабы?  Бизде болсо ошондой! Сен эрте келесинби, кеч келесинби же Кыргызстанга айлап-айлап кетип каласынбы  айлыгыңы ала бересин! Сени иштен “айдап ийчү азамат” жок бизде! Мына ушундай система Амвейде.
Дагы алдыда канчалаган жакшы кабарлар күтүп турат. Жакында кыздарыбыз чыгышат! Атиргүл, Гүлмира, Нуржан, Гүлсара, Элизалардай болушуп!  Азырынча аттарын айтпайм силерге.  Өзүм сүйүнчүлөйм. Өзүм кубантам силерди азиздерим.  Ушундай сонун ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүгүн берген  компанияга кошулуп калганым үчүн  Жаратканга миң мертебе шүгүр!  Спонсорлорума чын көңүлүмдөн рахмат айтам.

Азамат инилеримди куттуктайм!

“Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” дегендей, бу Убайдилла менен Максат мага баягыдай эле жакшы санаалаш инилерим. Бир өскөн, бир чоңойгон эле балдар. Адамдардан өзгөчө бир касиеттери деле билинбейт. Биз жашагандай  эле жашап, биз иштегендей эле иштеп жүрушөт. Бирок жасаган иштеринин резултаты,  башкаларыбыздын жасагандарыбыздан  айырмаланып көзгө даана көрүнүп турат. Мына бүгүн Убайдилла менен Гүлмира, Максат менен Нуржандардын  “Жемчуг” болушканынын урматына чоң бир салтанат болот. Жакшы санаалаштары, партнерлору куттуктайбыз буйруса.  Башкаңарды билбейм, мен абдан толкунданып турам. Азыр да ушул саптарды жазып атканымда ошондой кубанычтуу сезимдердин кучагындамын. Эхе-е... Анан дагы бир суроо өзүнөн өзү жаралат да.  Кана айткылачы, дагы кимиңердин урматыңарга ушундай салтанат болуп атат?  Кимиңерди зал толгон эл куттуктап, алакан чаап тосуп, ызаттап тосуп алат?  Кимиңерди кайсы бир компания жасаган ишиңердин жыйынтыгы боюнча кадырлап сыйлап атат?  Же айлыгыңарды көбөйтүп эркиндикке жеткирип атат? А булар кайсы кылган ишине ушундай ызат-сыйдын ээси болуп атышат болду экен деп, өзңөргө өзүңөр суроо берип көргүлөчү.  Мен айтсам, булар өзүнө окшогон жүздөгөн миңдеген  жердештерине  жашоо нугун башка тарапка, жакшы жагына бурууга жол көрсөтүп, ошого жардам берип атышканы үчүн! Амвей деген, адамга зор мүмкүнчүлүк бере турган  жакшы компания экенин  талбай түшүндүрүп  жүрүшкөндүгү үчүн!  Албетте оңой эч нерсе жок дечи.  Булардай даражага жетиш үчүн көп нерселерди үйрөнүш керек. Бул компания болсо ошонун баарын үйрөтөт. Спонсорлук линия деген ошондой система. Мисалы Убайдилла менен максаттын спонсору Бакыт. Буларды Бакыт үйрөттү. Ошо үйрөткөн мээнети үчүн компания ага “Изумруд” деген наам берди.  Бакытка компаниянын көрсөткөн ызаат-сыйы да абдан чоң!  Ал эми Бакытты болсо Таалай досу алып келген бул компанияга. Мен тизмектеп аткан тизме биздин айылдыктар боюнча гана. Атайын силерди  оңой түшүнсүн үчүн айтып атканым.  Убайдилла менен Максаттын аркасынан көптөгөн айылдаштарыбыз да эртең бүрсүгүнү ушулар жеткен ийгиликтерди багынтканы турушат.  Алар жөнүндө кийин сөзсүз жазам ушуерге.  Мына азиз айылдаштарым  катарыңарда эле жүрүшүп канчалаган жакшы иштерди жасап коюшту булар.  А жанына келсеңер силердей эле бу жарыкта өз ырыскысын терип жүрүшкөн пенделер. Мен болсо чын көнүл, таза пейилимен бүгүнкү ийгилиги менен куттуктайм. Жараткан бул инилериме жакшылыгын арбын берсин. Эл керегине, Журт керегине жарай беришсин. Жана өзүлөрүнө окшогон  Баатырларды тарбиялай беришсин. Бул инилеримин тапкан-туткандарына, өмүр-ырыскыларына Жараткан Эгем берекесин берсин демекчимин!

Ноорузунар менен!

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу