Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки
leimos K G, 20-05-2012 20:17 (ссылка)

Без заголовка

Балтабай агайдын бактысы
Жергиликтүү тарыхчы Гапыр Мадеминовдун китебине кирген 50дөн ашуун Лейлектин белдүү окумуштуу-илимпоздорубуздун бири Толбаев Балтабай агай 1933-жылы Булакбашы айлында кохозчунун үйбүлөсүндө туулган. Районубуздагы Токтогул атындагы мектеп-интернатты 1951-жылы алгачкылардан болуп бүтүрүп, ошол эле жылы Ленинабад шаарындагы С.М.Киров атындагы педагогикалык институттун "Физика жана математика" факультетине ийгиликтүү тапшырат. Студенттик жылдарда эле институттун көзгө басар угуучусу катары комсомол комитетинин катчысынын милдетин аткарган, Б.Толбаевдин өзгөчө зээндүүлүгү уюштуруучулук жөндөмдүү шыгы илимий ишке болгон иштаасы (дилгирлиги) менен ышкысы көзгө көрүнүп назарга илинип, ал окуусун аяктагандан кийин 1955-жылы Тажик ССРнин эл агартуу министрлигинин атайын жолдомосу менен өзүнүн сүйүктүү окуу жайында "Жогорку математика" кафедрасына окутуучулукка калтырылат.
Алгачкы эмгек чыйырына түшкөндөн бери 50 жыл ичинде Балтабай агай катардагы окутуучулуктан илимдин кандидаты даражасына жетип, эчен интелегенттүү илимпоз адамдар менен ийиндеш иштешип, Дүйшөнбү шаарындагы Ленин атындагы университетте ага окутуучу, кабыл алуу комиссиянын төрагасы, кайрадан Ленинабад мамлекеттик пединституттуна кайтып келип, 1997-жылга чейин "Алгебра жана сандар теориясы" кафедрасында доцент болуп иштеди. Бул жылдардын аралыгында агай жүздөгөн жаштарга, алардын ичинде кыргыз улан-кыздарга, татыктуу жана таасын билим берип, ондогон шакирттерди даярдады. Агай 20 дан ашуун илимий эмгектердин, монографиялардын, 10го жакын усулдук колдонмолордун автору болууга үлгүрдү. Гапыр Мадеминов менен биргеликте 1992-93 окуу жылдарында айтылуу Арка өрөөнүндө Лейлек жергесиндеги тунгуч "Кичи академияны" уюштурду.
"Ат айланып казыгын табат" дейт. Анын сыңарындай Балтабай агай да мындан 6 жыл мурда тактап айтканда, 1993-жылы "Ар ким үчүн туулган туру мисир" деп киндик каны таамп, кири жуулган Ата Журтуна кайтып келип, алгач Аркадагы "Кичи академияда" кийинчээрек мурдагы ОшМУнун филиалы азыркы Баткен Мамлекеттик Университетинин Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институтунда "Табияттаануу жана педагогика" факультетинде декан болуп үзүрлүү эмгектенип келет. 1999-жылы агайга көп жылдык ак эмгеги, илимде жасаган ийгиликтери эске алынып профессор наамы ыйгарылган.
Тажик Республикасынын билим берүү Министрлигинин Ардак Грамотасынын, ЛМПИ менен БатМУнун, Баткен областынын губернаторунун дипломдорунун жана бир катар баалуу сыйлыктарынын ээси. "Эмгек ардагери", Тажик жана Кыргыз Республикаларынын "Билим берүүсүнүн мыктысы". Профессор агайыбыз бүгүнкү күндө да карыдым деп кайгырбай, кабагым-кашым дебей, катарыбыздан калбай 21-кылымдын кадрларын даярдоодо өзүнүн жарым кылымдык илимий педагогикалык бай тажрыйбасын аянбай ак дилден эмгек өтөөдө. 
Балтабай Толбаев 3 уул, 6 кыздын сүйүктүү атасы. Учурда ардактуу агайыбыздын жарым кылымдык илимий-педагогикалык ишмерлигин белгилөө максатында жакында биздин окуу жайда илимий-усулдук семинар болуп өттү.

Ташполот Джурабаев 
БатМунун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институттунун кафедра башчысы, айылчарба илимдеринин кандидаты 

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу