Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки

Айколдун туулган кунунон)))))))))))


День медики.


Балдар



Кыргызымдын кыздарына



Кыргызымдын кыздарына





Учалбай кокту карап канат кагып,
Улгайдын ата-энендин капасында.
Эркиндик сага келди карындашым,
Ээн бастын орустун бир калаасында.

Азгырык шайтан ээлеп акыл эсин,
Ансайын кокто учуп сен келесин.
Жок айтпайм, айта албайм, тилим барбайт,
Бул сулуу сатты- деп мен оз денесин.

Шумдугун турмуш сенин,сага наалат,
Азгырып нечен кызды жолдон алат,
Айсайын тилек кылып жол караган,
Ата-энеге боорум оорйут атаганат.

Кор турмуш бугун барда эртеси жок,
Козун ач карындашым бил кечи жок.
Кокто учуп,кокологон кукук сымал,
Болбочу мен суранам умуту жок.

      Кыргыз бала.

Туулган жер.

Жер барбы айтчы озундой,
Кок асман,жайыт торундой.
Алыстан кумсап келемин,
Турасын бугун корунбой.

Алп буркут учуп шанкыган,
Аска зоо айтчы кимде бар.
Бейиштин жерин ээлеген,
Ыракмат сага бабалар.

Кыр кырдан тушкон булагын,
Ичкенде моокум кандырган.
Уч кыл комуз куу салса,
Кууно дене балкыган.

Ким айтар жерин жаман деп,
Жеримсиз жашай алам деп.
Журсомда кезип нечен жер,
Журогум согор саган деп.

Эстесем дале жанырат,
Сайрашы куштун тан менен,
Жыпар жыт анкып сергитткен,
Арчанын жыты кайда экен.

Азырда эстен кетпеген,
Тал чыбык ашып ат минген.
Жаштыгым калды эх чиркин,
Туулган жер билсен сен менен.

Тамшанып кээде каламын,
Кымызды чалса кулагым.
Бир ооз уртап алсам деп.
Азырда энсеп турамын.

Керемет соонун колум бар,
Суйкайган салкын торум бар.
Тенирим назар салган дейт,
Абшырдай жерим кимде бар.

Алыс кыл жаман коздордон,
Асыл кенч менин жеримди,
Асырагын тенир ар убак,
Ак журок Кыргыз элимди.

  "Кыргыз бала"

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу