mirlan toktoshev,
23-03-2012 14:52
(ссылка)
Кара-Кулжа р-н эли спикерден жолдорду ондоону суранып жатышат.
http://www.barakelde.org/ne...
Кара-Кулжа районунун эли спикерден жолдорду оңдоону суранып жатышат
22 март 2012, 17:22
Баракелде - А.Жээнбеков Кара-Кулжа райадминистрациясынын имаратында райондун эли менен жолугушуп жатат. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймактары боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.
Жолугушууда райондун эли спикерден Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу аймагындагы 39 чакырым аралыктагы жолду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, асфальттап берүүнү өтүнүштү.
Адистердин айтымында, аталган унаа жол 1974-1975-жылдары асфальтталган. Алар белгилегендей, бардык эле асфальт жолдор 15-20 жыл убакыттан кийин кайрадан асфальтталууга тийиш.
Ал эми жергиликтүү элдин айтымында, аталган унаа жолу 37 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө элек. Учурда жолдун абалы өтө начар.
Ошондой эле чогулган эл спикерге райондогу Ой-Тал айыл округунун аймагындагы жолдор жыл сайын көчкү, селдин айынан бузулуп, жол оңдоочу кубаттуу техникалардын эскилиги жеткендигин айтышып, андан жол оңдоочу техникаларды жана бульдозерлерди сатып алууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнүштү.
Мындан сырткары эл райондо 5 орто мектептин курулуш иштери 2005-жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен токтоп тургандыгын жана башка көптөгөн көйгөйлөрүн айтып, бул маселелерди чечүүнү тездетүүнү спикерден суранышты.
Кошумчалай кетсек, спикер А.Жээнбеков эртең, 23-мартта Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондорунун эли менен жолугушуп, райондордогу көйгөйлөр менен таанышат.
Баракелде сайтына катталып пикириниздерди калтыруунуздарды суранам.Кара-Кулжа району баарыбыз учун керек жердештер.
эльнура кудуева,
13-03-2011 08:46
(ссылка)
Сагынам туулган жерими
Биз мектепте окуп жургондо Кара Кулжа району мага чон шаар сезилчу мен окуган мектеп озунчо эле эн кучтуу эн кыйындар окуган мектеп болчу. Ал эми азыр айылда эч ким жок баары кучун акылын башка мамлекетке жумшап акча таап уй булосун багып келуудо.менин силерге береер суроом жердештер кара кулжабыз жакшы жакка озгоробу эч жакка кетпей балдары озундо калып иштешеби канткенде...
В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу