Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки
Akberdi SaparbekoFF, 21-12-2010 09:50 (ссылка)

Кыргыз тили Оспойт кыргыз кыргызчада суйлобосо!

Кыргыз тили осуп онбойт кыргыз тилде кыргыз суйлобосо,
Оз тилим деп бул тилине куйунбосо,
Мен мыктымын деп мактанып Кыргыз журот
Орус тилде катырып суйлоп кыргыздын карааны да корунбосо,
Бул тил калат улуу урмат чындык менен,
Сен кыргызсын, мен кыргызмын Кыргыз тилим тугонбосо!

настроение: Благодарное

Akberdi SaparbekoFF, 21-12-2010 09:46 (ссылка)

Без заголовка

Кыргыз улуту бул - биз,
Озунун байлыгы болуп турат бул кыргыз
Кыргыз десе калпак, комуз, кымыз Элестетем,
Кыргыз улуу улут унутпайбыз муну биз!

настроение: Благодарное

73 94, 15-12-2010 15:33 (ссылка)

Ойлон кыргыз ойгон кыргыз!!!

Р.Разыков.
Кыргыз тили кыргыз уйдо суйлонбой,
Кыргыз тилин кыргыз калды уйронбой,
кыргыз тили паспорту жок кыргыздай.
оз уйундо огойлонуп жургондой.
Кыргыз тили тордон орун таблбай,
босогодо унут калган адамдай.
башка тилдер опузалап суйлосо,
оозун ачпайт чет олколук жарандай.
Кыргызчалап суйлоп койсок бирообуз.
орусчаны билбейт го деп кулобуз,
оо кыргызым эне тилди баалабай.
эмнебизге кыйын болуп журобуз.
Буут балакет окумоттон башталып,
ураан ырын "Гимн" дешип аткарып.
оручалап отчет алып жатканда,
кыргыз тили босогодон баш багып.
Казак тилин босогодон каратпайт,
башка тилдер ойсоктобойт тарактап.
кош тил дешип кошуналарга окшоп биз,
эне тилде жазсак неге жарапайт.
Тил жонундо биз башканы айтпайлы,
башка элдер коп этиканы сактайлы.
кыргыз тилдин келечегин тагдырын,
ойлончу окмот орус болуп жатпайбы.

"Космополитизм-Кыргыз, казактын шору"

Мухтар Шаханов:
"Космополитизм-кыргыз, казактын шору"
Ноябрь айынын башында кыргыз эл акыны, коомдук ишмер Мухтар Шаханов Бишкек шаарында болду. Заман жөнүндө ой жүгүрткөн адам катары сыр чечишип маектешкен элек. Эмесе ошол дилмаекти сиздерге сунуштоону эп көрдүк.

Мухтар: Бул кез казак үчүн да кыргыз эли үчүн да өтө маанилүү учур. Мунун да жөндүү себеби бар, айталык казак калкынын алтымыш пайызга жакыны космополитке айланып кетти. Алар өз тилинде окуп да жаза да алышпайт. Ар кимдин ата-бабасы бар. Дал ошол ата-жотодон келе жаткан, көзгө көрүнбөгөн өзүнчө байланыш болот. Кимде-ким эне тилинде ойлогонду, сүйлөгөндү токтоткон кезинде бабадан келе жаткан байланыш чорт үзүлөт. Натыйжада, ошол адамдын тагдырына доо кетет экен. Мына биздин казакта не деген керемет адамдар болушту. Аларды атай кетсем, Мухтар Ауэзов, Сабит Муканов, Габит Мусирепов, Габиден Мустафин, Ильяс Есенберлиндер сыяктуу калем чеберлери. Мына ушул чыгаан адамдарыбыз ушул маселеге да жеткилең баа берише албады жана түшүнө алышпады. Ушул себептен балдарына баштан-аяк орусча тарбия беришти. Бул учурга булардын дээңгээли башка жолго түшө албай калышты. Мисалы, алар бул учурда аталары, чоң аталарына куран окутушпайт. Жогоруда мен сөзгө алган эне тилинде сүйлөбөө менен ойлонбогондуктун эң чоң кесепетин көп адамдар али түшүнө алыша элек. Аны түшүндүрүүгө жогоруда аттары аталган жазуучулардын да чама-чаркы жетпеди. Мына ушул учурда эне тилинде сүйлөбөө менен ойлобоонун чоң кесепети бар экенине байланыштуу бир жагдайга назар таштайлы. Казактын тээ көп кылымдардан келе жаткан тарыхында өз эне тилине, өз улутуна каршы чыккан казактар болушкан. Дал ошолордун баарынын кийинки тагдыры чоң кайгы менен бүткөн. Көрсө андай адамдарды кудайдын өзү катыгын берет экен. Куран Каримде улут да, анын эне тили да Кудайдын кудурети менен жаралганы айтылат. Бул учурда кимде ким улутка, тилге каршы болсо ал кудайга каршы деп айтсак болот. Андай адамдар эртедир-кечтир жазасын албай койбойт экен. Муну көп жолу далилдесек болот. Кезинде казактын Алибий Жангелдин деген революционери болгон. Ал казактын тилине, рухуна, улуттук сый-урматка каршы чыккан. Ал өзү христян динине өтүп аны менен эле кошо фамилиясын да Степанов деп алган. Ушул адамдын тагдыры кийин чоң кайгы менен аяктады. Ошондон соң казактардын эле ичинен улутка, тилге каршы чыгышкан адамдар болушту. Алардын баардыгынын тагдыры оор кайгы менен аяктады. Эгер кимде ким өзүнүн улутун, тилин урматтабаса аларды милдеттүү түрдө кудай жазалайт экен. Мына ушуга биздин көзүбүз толук жетти. Ошондой эле кыргыздардын ичинен да эне тилине, рух дүйнөсүнө кайдыгер карашкандар да кыйла арбын. Ал гана турсун кыргыз тилине каршы чыгышкандар да бар.
О. Тенти: Муну эң тура айтасыз. Мына ушу эне тилин чаңганы, танганы үчүн кыргыз мамлекетинин эки президенти тактыдан кулатылды. Мен бул оюмду тереңдетип отурбайын, анын ал жайын менден кем билбейсиз. Бул оору казктардын эле оорусу эмес, өзүңүзгө белгилүү дүйнөдө "Манас" сындуу теңдешсиз чыгарма менен Айтматов сыяктуу улуу уулду берген кыргыздын тилинин тагдыры жыргап кетти деп айтууга оозум барбайт. Жогоруда өзүңүз космополитизм оорусунан айыкмак турсун тереңдеп бара жатабыз. Бул чындык, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт" деген кыргыз сөзүн жакшы билесиз го?
Ш. Мухтар: Азыркы учурда демократтардан баш адашат. Мисалы, Казакстанда канчалаган партиялар менен демократиялык уюмдар бар, ошолордун дээрлик көпчүлүгү орусташып кетишкендер. Ошондой топтор кыргыздарда жетишээрлик бар. Ошондуктан кимде ким, ал канчалык даражадагы адам болсун, канча даражада демократ болсун эгер ал өзүн, азыр келечекке карай бет алган кыргыз тилине, улуттук рухуна жаны ачып аны коргоп, болушуп турбаса алардын баардыгы демократ эмес ага каршы деп айтаар элем. Ушул себептен мен алдыма төмөнкүдөй максат койдум. Күндөрдүн биринде бир жигит ырын алып келип калды. Карап окуп, баамымды чуркатсам жазгандары жакшы. Ырлары махабат, достук сыяктуу темеларга арналган экен. Кыскасы көңүлгө толду. Мен ара-чолодо ошол жигитке төмөнкүдөй суроо узаттым:
- Айланайын иним, казак элин билесиңби? Бул жөнүндө түшүнүгүң кандай? -десем:
- Мен саясатка байланышпайм, -деди. Анын бул жообунан соң жигитке:
- Анда сенин акындыгыңан калкка бир тыйын пайда жок. Эгер сен улутуңдун бул күндөгү көйгөлөрүнө кабатыр болбосоң, өзүң акынмын деп ыр жазып жатып жоюлуу коркунучунда турган тилиңе күйүп-бышпасаң акындыгындын бир тыйын да кереги жок. Негизинен саясаттан алысмын дешкендердин көпчүлүгү, өз улутуна күйбөгөн адамдар. Ушул себептен ким кандай партияда, ким кандай уюмдашууда болсун ал милдеттүү түрдө кыргыз тилинин, кыргыз улутунун бул күндөрдөгү чоң-чоң көйгөлөрүн чечүү иштерине барбаса анын акындыгынын да, жазуучулугунун да, эң мыкты ишмердигинин да тырмактай пайдасы жок. Ушул себептен улутка, элине жанын кейитпеген демократтын болгонунан болбогону артык.
О. Тенти: Сиз жогоруда Ч. Айтматовдун тили менен айтканда казактардын 60 пайыздан ашыгы маңкурт жагына айланып бара жатат деп айдан ачык, күндөн жарык билдирдиңиз. Бул оору бизде, кыргызда да андан ашса ашык кем эмес экендигин да жаап-жашырбай белгилеп өттүңүз. Деги ушул оорудан кутулуунун жолу барбы, же деги эле мүмкүн болбой бара жатабы? Айталык баарыбыз эле балдарыбызды орус мектептерден окутчу болдук. Менимче, негизги оорунун, кеселдин башаты ушунда келип жатат деген ойго канчалык даражада кошулаар элеңиз?
Ш. Мухтар: Бул оюңузга кошулбай коюуга болбойт, бүгүнкү күндө Казакстандагы бийлик башында негизинен казактар. Ошол казактардын 70-80 пайызы айрым жерлерде 90 пайызы космополит казактар. Демек, өзүнүн эне тилине күйбөйт, өз эне тилине кайдыгер. Бирок калган казактарга бийлик жүргүзүп келишет. Кыргызстанда да дал ошонун эле өзү. Бийликте отурушкандардын көпчүлүгү эне тилине үстүртөн мамиле кылышат. Мына ушунун өзү улуттук трагедиябыз деп гана бааласак болот. Канча жылдар совет доорунда орусташтыруу саясаты жүрдү. Ошол эле учурда тоталитардык бийлик өз бийлигин жасады. Азыр биз эгемен мамлекеттенбиз го? Ушундай шарт өзүнөн-өзү түзүлүп тургандан кийин эмне себептен улуттук тилибизди, улуттук рухубузду ордуна койбой келебиз? Мына ушуга кедергисин тийгизип жатышкандар башка улуттардын өкүлдөрү эмес, өзүбүздүн ичибизден чыгышкан космополиттер. Ал эми космополитизм деген эмне? Ал - аалам азаматы деген ойду туюндурат. Ал аалам азаматы кайдан чыкты? Мен ушул казактарды төрт түргө бөлөм. Биринчи топ өзүнүн элдик, улуттук мүдөөсүнө тамырын терең жибергендер. Булар өзүнүн тилине, рух байлыктырына чоң урмат менен карашкан адамдар. Бирок бийлик буларды душмандары катарында көрөт, экинчи топтогулардын жарымы казак, жарымы орус. Андай казактар эне тилин жакшы билишпейт, бирок бийлик тарабынан дурус көз караш болсо өзүнүн улуттук мүдөөсүнө бурула тургандар. Ал эми тескерисинче көз караш болсо анда ары орус болуп кете берет. Ал эми үчүнчү топ башынан багелегине чейин орус болуп калышкандар. Бул өтө кооптуу топ, алардын өң келбети гана казактар же өң-келбети гана кыргыздар! Булар жогоруда белгилегендей өтө кооптуу болгондуктан аларды казак же кыргызга буруу өтө кыйын иш. Жедеп кан-жаны менен берилип космополиттиктин чегине жетишкендер. Эми төртүнчү топтогулар казакча да, орусча да сайрап турушкандар. Булар өзүнүн улутун өзгөлөргө жыгып берүү, курман чалуу аркылуу аброй чогултушкандар. Мына мен азыркы учурда казак калкынын жарандарын төрткө болдум. Мына ушул сыяктуу көйгөй силерде да бар.
О. Тенти: Мен айтаар элем, эч кандай айырмасы жок. Ал гана турсун дагы бир аз тереңирээк го деп айтсам да болот.
Ш. Муктар: Айырма жок. Ошондуктан азыркы учурда өз улутуна бурулбаган адамдардын баардыгынан коркуубуз керек. Эгер алар демократ болушса, бийлик башына барышса ого бетер кооптуулукту туудурушу мүмкүн. Ушул себептен мүмкүнчүлүктүн болушунча өз улутунун көйгөйүнө, ар-намысына, рух дөөлөтүнө карай буруу керек.
О. Тенти: Мука, мына сиз менен болгонума эки-үч саатча өтүп калды. Мүмкүн буга чейин деле байкаган чыгарсыз, борборубуз дагы көрнөк-жарнактардын баардыгы эки тилде, орус, кыргыз тилдеринде жазылып турат. Мисалы: нан-хлеб, магазин-дүкөн деген жазууларды окуган сайын бир чети күлүп бул эмне кыргызча-орусча сөздүкпү деген ойго кетем. Биз өзүңүз сөз кылгандай Кыргыз Республикасы деген эгемен мамлекет, БУУнун мүчөсүбүз. Биз эмнеден коркуп, эмнеге минтип жагынуучулуктан башыбыз арылбай келгендигине таңым бар. Казак менен кыргызга караганда мен билгенден бул жагынаң өзбектер кыйла алдыга кетти. Алар миллионго жакын кыргызды да өзбек кылып жазып алышканынан азыноолак маалыматым бар. Мына ушул суроону да тереңдете кетсеңиз?
Ш. Мухтар: Сиз эң туура айтасыз, казак менен кыргыздарга караганда өзүлөрүнүн улуттук мүдөөлөрүн сактоо жагынан өзбектер алга чыгышты. Муну моюнга албай коюуга аргабыз жок. Өзбекстанда тек гана өзбек тили салтанат курат. Мисалы, Россияда кимде ким мамлекеттик тилде сүйлөбөсө кызматка алынбайт. Ал гана турсун үй-кызматчылыгына да орношо албайт. Ал эми Казакстан менен Кыргызстанда болсо мамлекеттик тилди билбесе да жогорулап чоң-чоң кызматтарга көтөрүлө берет. Ушул жагынан Казакстандын да, Кыргызстандын да жагдайы төмөн. Бул жагынан башка элдерге караганда космополитке көбүрөөк ооп кетүүдөбүз.
О. Тенти: Бул эмне себептен деген ойдосуз?
Ш. Мухтар: Мисалы, тамыры жок даракты кой, кичинекей чөптү да айта алабызбы? Бардык тириликтин тамыры бар, ошондой эле адамдарда да көзгө көрүнбөй турган тамырлар аркылуу жалгашкан. Ушул себептен ар ким өзүнүн тамырын унутпоосу керек. Демек, дагы-дагы айткым келет, өз тилинде сүйлөбөө, өз тилинде ойлобоонун өзү тамырды үзүлгөнгө, тамырсыздыкка барабар. Мисалы, жапондордо мына мындай жагдай өкүм сүрөт. Бала он эки жашка чыккыча тек гана эне тилинде тарбияланат. Он үч жашка чыккандан кийин гана башка тилдерди үйрөнүү башталат. Ал эми Казакстанда эки жашар балага үч тилди үйрөтүү аракетин көрүп казак, орус жана англис тилдери. Мында эки жашар баланын мээси айлангандан башка пайда берери чоң күмөн. Мына ушунун өзү космополитикке түздөн-түз жасалган кадам. Ушунун өзү педагогиканын эч кандай мыйзамына тура келбеген зордук гана!
Мына ушул жөнүндө айтып да жазып да келүүдөбүз. Бирок булардын баары кулагынын сыртынан гана кетүүдө. Дал ушундай саясат сиздерде да кеңири кулач жаюуда. Ошондуктан казак менен кыргыз башка улуттарга караганда кудукка карай тереңдеп баруудабыз. Ушундан улам казак менен кыргыздардын чоң тобу космополитке айланып кетип космополит башчылар көбөйүштү. Демек , коомубуздун ар бир тармагында иш жүргүзүп келишкен бийлик адамдары бар, дал ошолор жумурай-журтка дал ушундай саясат жүргүзүп келишүүдө. Ошондуктан азыркы кездеги эң биринчи жана башкы маселе өз улутунун тили менен рухуна терендеп тамырлабаса жана ага күйүп-бышпаса андай адамдар мыкты уул-кыздар, ошол улуттун өкүлдөрү эмес саткындар деп гана атообуз керек.
О. Тенти: Мука, сиздин эң сонун сөзүңүздөн улам, оюңузду бекемдей турган бир мисал келтирейин. Кыргызда Кусейин Карасаев деген тилчи окумуштууну сиз да жакшы билесиз. Ошол киши менен маегимдин биринде Кусейин атанын мындайча айтканы бар.
- Мени атам тилчи кылган. Көрсө эки-үч жашыман болбосо да беш- алты жашыман баштап кай жакка мейманга барса кошо ээрчитип жүрүптүр. "Мына бул сөздү, мына бул кепти ук, мындай отуруп баланча кишинин айткан-дегендерине кулак сал," -деп кайда жүрсө ээрчитип жүрүп 15-17 жашыма чейин бышырып салыптыр. Менин кыргыз тил боюнча устатым университеттин мугалими эмес, өз атам болуптур, -деп айткан эң сонун эстеп отурам. Мына бул сыяктуу турмуштук окуяларды илгери көп жерден кезиктирээр элек. Деги эле жогоруда өзүңүз айткан үч тилди кантип өздөштүрөт? Бул жагын алганда мүмкүнчүлүк деле жок да!?
Ш. Мухтар: Казакстандагы бийлик башындагылардын бир да бири уулун, кызын ал гана турсун небересин казак тилиндеги бала бакчаларга беришпейт. Ошондой эле казак тилдүү мектепке да беришпейт. Өткөн жылы бийлик иш кагаздарын казак тилине өткөрмөкчү болду. Болгондо да чукул убактын ичинде жүзөгө ашырышмакчы. Бул ишке мен баш болуп каршы чыктык. Ал гана турсун бул ишке байланыштуу ачкачылык жарыяламакчы болдук. Менин ушундай демилгемди акындар, жазуучулар жана башка тармактын өкүлдөрү колдошту. Натыйжада, баш-аягы төрт миң адам бизге кошулуп ачкачылык жарыялоого чыгышмак. Бул иш бийликтин үрөйүн учуруп, натыйжада биз жеңишке жеттик. Ушинтип эл биримдиги деген доктринадан Казакстандык улут дегенди толугу менен алдырып салдык. Акырында Казакстандын ар бир атуулу милдеттүү түрдө мамлекеттик тилди билүүсү керек дегенди киргиздик. Буга менимче президенттин өзү да колун койду. Ошондой болсо да аны башка жагынан айландырып ушуга да каршылык көрсөтүп жатышкан күчтөр четтен чыкты. Алар кимдер деген суроо туулушу мүмкүн? Алар деле болсо ошол эле президенттин айланасындагылардын көпчүлүгү элдик, улуттук ушул сыяктуу көйгөйгө каршы жумуш жасап жатышкандар. Бул күндөрдө мен Казакстандагы демократиялык козголоңду жетектейм. Бул козголушка элүүдөн ашык коомдук уюмдар, партиялар киришет. Ошол козголуш аркылуу биз Казакстандагы көп маселелерге түздөн-түз каршылык көрсөтүп жатабыз. Ушунун өзү бизге да пайдалуу. Эгер мен унчукпай койсом, өзүмө көп эле жакшылык болоорун билем. Бирок, антип отура берсек биз анда улутту, улут байлыгы тилди кантип сактап калабыз? Ушунун өзү андан башка да көптөгөн көгөйлөргө жол ачкан болобуз. Биз бүгүн ушундай суроолордун терегинде байланышып келүүдөбүз.
О. Тенти: Кыргызстанда беш жылда эки төңкөрүш болуп өттү. Мунун таасири албетте сиздерде жок эмес. Ушуга карата деги эле жеке атуулдарбы, жазуучулар болобу кандай абалда, кандай көз карашта?
Ш. Мухтар: Кудайга шүгүр, Кыргызстанда чындык дешкен адамдар бар. Мен бүтүндөй калкты экиге болуп карайм, биринчиси чындыкты жоготушпагандар, экинчиси чындыкты жоготушкандар деп. Ал эми Казакстанга кайрадан кайрыла турган болсом, элдин көпчүлүгү материалдык байлыктын артынан түшүп кетти, карын мүдөөсүнө ооп кетишти. Бул жагына келгенде мен кыргыз калкына, чындык үчүн болгон күрөшүнө чоң урмат менен караймын. Бирок, дагы да кайталып айткым келет, демократиялык күчтөрдүн баардыгы кыргыз улутунун мүдөөсүн жана кыргыз тилин биринчи орунга коюшу керек. Мунун жөндүү себеби азыркы учурда кыргыз тилинин абалы өтө оор. Анткени ушул мүүдөгө аралашып келе жаткан адамдардын биримин. Баардыгына белгилүү Кыргыз Республикасынын эл акынымын. Ушул себептен кыргыз тилине өзгөчө урмат менен карайм. Эгер биз кыргыз тилин ордуна коё албасак, кайра ордуна алып келүү өтө кыйын. Ушул себептен, азыркы учурдагы бирден бир башкы маселе кыргыз элинин рухун сактап калуу -зарылдын зарылы. Демек, аны менен катар кыргыз тилин сактап калуу керек. Ушундан улам баардык демократтык күчтөр ушунун айланасында топтолуу жана кызмат кылуулары шарт. Керек болсо материалдык (кекиртек, дүйнө) байлыктарын экинчи, үчүнчү эле эмес отузунчу, кыркынчы катарга артка сүрүшүбүз керек?! Карын мүдөөсүн бул күндөрдө биринчи катарга чыгарышыбыз бул катанын катасы. Эртедир- кечтир буга биз жооп берерибизди ойлошубуз керек. Мындан бир нече жыл илгээри Чыңгыз Айтматов экөөбүз Джорж Сорос менен жолукканбыз. Ошондо үчөөбүздүн ортобузда ушул туурасында чоң-чоң пикирлешүү болгон. Бул кезде байлар көбөйдү. Бул күндөрдө Казакстандын баардык байлыгын 30-40 адам бөлүп алышты. Кыргызстанда да ушуга жакын күч өз ишин жасап жатат. Ооба, капитализм өзүнүн кыйшык жактарын ушинтип көрсөтүп жатат. Бул жөнүндө ойлонууга туура келет. Мен орустун улуу окумуштуусу, Нобель сыйлыгынын ээси Андрей Сахаров менен көп-көп сырдашкан адаммын. Ал Желтоксон көтөрүлүшү жөнүндө менин жазган чыгармаларыма чоң баа берген адам. Ошол Сахаров менен маектерибиздин биринде ал: "Биз капитализмдин жакшы жактарын пайдаланалы жана социализмдин да баалуу жактарын иштеп чыгалы" -деген. Бирок Сахаровдун бул сыяктуу сөзүн ал кезде күлкүгө айландырышып, чогулган депутаттар жерди тээп каршылык көрсөтүшкөн эле. Бул да болсо атайын тапшырма менен уюштурулган нерсенин бири болгон. Ошондуктан Сахаровдун мындай пикири бул күндө өзүнүн күчүнөн тайган жок. Сөзсүз социализмдин да, капитализмдин да жакшы жактарын алуубуз керек! Мисалы, социлизмде калкты бекер окутуу, бекер медициналык жардамдар көрсөтүү сыяктуу толгон- токой жакшы жактарын ким тана алат!? Ал эми капитализмде да пайдаланчу жактары жок эмес. Ушуларды алып мамлекеттик жаңы ыңгайга көчүү керек. Бул күндөрдө биз кечирип жаткан капиталисттик багытыбыз көп-көп көйгөйлөрдү жаратууда.
Тенти Орокчиев.
http://www.presskg.com/

Кылымдардан сакталган

Кылымдардан кыргыз тили сакталып
Келе жатат байыртадан баркталып
Элдин баркын кыргыз тили которуп
Турк элдердин улуту деп тандалып
 
Баатырыбыз Манас Бабам суйлогон
Ынтымакка, биримдикке ундогон
Жаман жакка барбагыла деп айтып
Бакай -Ата бата берип туздогон
 
Кыргыз тили туболукко жашасын
Тилди чанга ондосун оз катасын
Тилибизди унутпастан келелик
Чет элдер да оз тилиндей самашсын...
 

Эне тилин сатпайлы

Кыргызым, кыргыз тилин барктагын
Тилинди ден-соолуктай сактагын
Кыргызсынбы? кыргызча билбейм деп айтпагын
Оз тилинди ботон элге сатпагын
 
Оома калкпыз, ооп кеткен бат эле
Ооп кетме каныбызда бар беле?
Суйлошот ботон тилди данкташып
Уялышат кыргызча суйлогондон эмнеге?
 
Ар бир улут оз тилине куйушот
Казак эли казак тилин суйушот
Ар бир улут оз тилинде суйлошот
Озбек эли озбек тилге ундошот
 
Кыргыз тилим, ыйыгымсын берекем
Мактагандан кыргыз тили кем бекен?
Кем болсо ушул кунго жетет беле?
Туу которуп Манас бабам келет беле?
 

"Болсо дейм ар бир Кыргызда"

Кыраандай болгон кыргызым,
Ээнсиреп турган кезинде.
Азда болсо куч кубат,
Болсом дейм бугун элиме.

Куурабай жерим когорсун,
Кулун,бээ чуркап жайытта.
Тиз чогуп жерим обойун,
Айланып жамгыр тамчыга.

Боорсок,нан бышып казанда,
Токчулук жузун бурбасын.
Толойун барып кырманга,
Айланып буудай данына.

Суугун артып карашкан,
Бейиш дейм оскон жерими,
Суук коз тийип калбаска,
Коз мончок болом мен эми.

"Мен Кыргызмын"-деп айтчу,
Келечек муун балдарда.
Чоктой болуп тошундо,
Жансам дейм уул,кызында.

      Элиме болгон чын сезим,
      "Болсо дейм ар бир Кыргызда".

jamala ))), 03-11-2010 09:03 (ссылка)

Без заголовка

Эн тилим эне сутум.Эне тилин суйгон адам энесин бут Кыргыз элин суйуп жарытат.

Без заголовка

Кыргыз дебейм кыргыз туруп кыргыз тилин билбегенди,Кыргыз дебейм кыргыз туруп кыргыз тилин суйбогонду,Кыргыз дебейм кыргыз болуп жаралган сон,Тундукмун,туштукмун деп болунгонду.

Ата Журт

Ичтен сызып,тымызын жашын тамып,
Алыстабыз жетпей сага Ата Журт.
Мейли алыс,мейли колум жетпесин,
Сен жүрөктө,сен сезимде Ата Журт.

     Бүгүн жазам,бүгүн ырдайм сен үчүн,
     Ыйык мага жалгыз сенсин Ата Журт.
     Ооба билем,ооба сезем жашырбайм,
     Эмгек сага синирбедим Ата Журт.

Баркын билбей,жүргөн экем байкасам,
Кен Ала тоо кучагында Ата Журт.
Бүгүн сезем,бүгүн сыздайм жашырбайм,
Сен деп ырдап,сен деп кана Ата Журт.

Айланайын кыргызым

Айланайын киргиз сен орсча суйлоп оруска жагынам дейсинби же озунду ашыкча маданияттуу сезесинби билбейм бирок сен орус учун ЧУРКА бойдон кала бересин.Еч убакта сен унутбашын керек сен КЫРГЫЗ болуп торолгонсун КЫРГЫЗ болуп олосун.Ананда бул жерлер учун жана Кыргыз тили учун сенин да менин да Ата-Бабаларыбыз канын жанын аяшбаган!

Түрткүнчүк тил түйшүгү.


Түрткүнчүк тил түйшүгү

23.09.2010
Илим Жанузаков
Бүгүн мамлекеттик тил күнү. Мындан туура жыйырма бир жыл мурда кыргыз тили мамлекеттик деген макам алган. Ошентсе да эгемендик алган жылдары тил саясатында чечкиндүүлүк байкалбагандай. Анткени ушул күнгө чейин мамлекеттин иш кагаздары ырасмий тилде айланып, кичинекей чиновниктен тарта президентке чейин ишмердүүлүгүн ырасмий тилде жүргүзүп келатышат.

СССРдин акыркы президенти М.Горбачевдун кайра куруу реформасынын эпкини менен саясий эркиндиктер пайда болуп, 1985-жылдан кийин Кыргызстанда да улуттук аң-сезим ойгоно баштаган. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши “Мамлекеттик тил тууралуу” мыйзамды кабыл алган. Мыйзамга ылайык кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болуп, аны өнүктүрүү жагдайлары жана мамлекеттик мекемелерде колдонулуш тартиби такталган.

Андан бери арадан жыйырма жылдан ашык мезгил өттү. Эки президент өлкөдөн кубаланып, кыйын кезеңде үчүнчүсү шайланды. Бирок бардык башкаруучулар тушунда саясий элита ишмердүүлүгүн орус тилинде жүргүзүп, ушу кезге чейин мамлекетте иш кагаздары орус тилинде гана айланууда.

Эмне себептен 20 жылдан бери тил саясатында чечкиндүүлүк байкалган жок? Тилге болгон мындай мамиленин кесепети кандай болду? Ушул сыяктуу тилге байланыштуу толгон-токой суроолор тил күнүн майрамдоо өзүнөн-өзү ортого чыгат.

Кыргыз тилин сүйлөөгө муктаждык жокпу?

Бишкекке келген кээ бир чет өлкөлүктөр оболу кыргызча үйрөнө баштап, бир аз өткөн соң орус тилине өтүп кетишет. Анын себебин элдин баары орусча сүйлөп атышканы, Бишкекте кыргызчадан көрө орусча билүү пайдалуу экендиги менен түшүндүрүшөт.

Педагогика илимдеринин кандидаты, “Заман Кыргызстан” гезитинин орун басар жетекчиси Абдыкерим Муратовдун пикиринде, Кыргызстанда саясий жана интеллектуалдык элита орус тилинде гана сүйлөп келаткандыктан, эне тилде сүйлөө муктаждыгы төмөндөп кеткен. Ошол себептүү азыркы тапта элет менен шаардын ажырымы тереңдеп кетти. Анткени орус тилдүүлөр элеттен келгендерди теңине албай, үстүртөн карашат, ал эми элеттиктер шаардыктарды тил билбегени үчүн кодулашат. Ушинтип отуруп эл арасында тилдик негиздеги жиктелүүлөр күч алууда. А.Муратовдун айтымында, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн саясий эрк жана чечкиндүүлүк керек:

- Албетте мыйзамдык жагын да күчтөндүрүш керек. Анан кандайдыр бир шарттарды койсо жакшы болот. Маселен мамлекеттик тилди билген, жаза алган гана киши бийликтин аркандай бутактарында отурууга, эл башкарууга укуктуу дегендей. Эгер ал мамлекеттик тилди билбесе, кайсы бир белгиленген мөөнөттө тилди үйрөнүп чыгууга тийиш. Эгер ал берилген убакытта мамлекеттик тилди үйрөнө албаса, андан ары ал мамлекеттик түзүмдө иштей албайт деген сыяктуу эрежелерди киргизиш керек.

Кыргыз тили борбор шаарда сүйлөнбөй атканына тил боюнча мыйзамдын начарлыгы да себепчи дешет. Анткени анда иш-кагаздары, мамлекеттик деңгээлдеги жыйындар кыргыз же орус тилинде болушу керектиги айтылган. Балээнин баары дал ошол “же” деген сөздө экенин айткан журналист Жаныбек Жанызак, мыйзамдагы бул жерди “жана” деген сөз менен алмаштырып салуу зарылдыгын айтат. Ошондо гана кыргызча билүү милдеттүү болуп, муктаждык да пайда болмок.

Муну менен катар коомчулукта “иш-кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү менен эле чектелбей, орус тилинен “ырасмий” деген макамды такыр эле алып, кыргызча билбегендерди мамлекеттик кызматка жолотпоо керек” деген пикирлерди таркаткандар да бар.

Тил саясаты кандай болуусу керек?

Тил саясатынын туура эместиги коомчулукта психологиялык ооруларды да пайда кылды дешет. Инсандык сапаттарды өнүктүрүү боюнча адис, Кыргыз билим берүү академиясынын Инновациялык билим берүү техникалары жана программалары секторунун башчысы Асылбек Жоодонбековдун пикиринде, айрым жетекчилер жыйындарда кыргызча сүйлөгөндөн кадимкидей уялышат. Анткени аларда “орусча сүйлөсөм акылдуу көрүнөм” деген өксүк комплекси бар. Ал эми мындай комплекс интеллигенциядан бат эле калың элге да сиңип кетти:


А.Жоодонбеков
- Дагы эле баягы күн карамалыгыбыздын кесепетинен Бишкекте кыргыз тили сүйлөнбөй атат. Маселен, айрым жетекчилер жыйындарды кыргызча алып баргандан уялат. Эмне себептен? Себеби аларда “Мен орусча билбегендей көрүнбөйүн, өзүмдү төмөн көрсөтпөйүн башкалардын көзүндө” деген сыяктуу комплекс бар. Меин пикирим кыргыз тилине көңүл бурулбагандын негизги себептеринин бири ушулар.

OIC компаниясынын камсыздандыруу боюнча башкы адиси Талант Кемеловдун айтымында, Бишкекте бел оорутуп, кол жоорутпаган жумушка орношуу үчүн сөзсүз түрдө орус тилин эркин сүйлөп, жаза билишиң керек. Ал эми дээрлик бардык ишканалар кыргыз тилин билүүнү талап кылышпайт. “Бишкектеги орус тилдүү бизнес чөйрөсүнө ушундай абал жагат. Биринчиден алар тил үйрөнүп баштарын оорутпайт, экинчиден атаандаштары азыраак болот”,- дейт Т.Кемелов.

Кыргыз тили мугалими Алтынбек Исмаиловдун ырасташынча, кала берсе кыргызчадан башка тилди билбеген тээ алыскы аймактар менен иштеген коомдук уюмдар да өз иштерин жалаң орус тилинде жүргүзүшкөнү таң калтырат. Ошол себептүү орусча билбестигинен улам түрткүнчүк болгондор кийин балдарын орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге берип, тил билбегендер саны шаар жеринде артып баратат.

Белгилүү жазуучу Бексултан Жакиевдин пикиринде, кылчактап Орусиянын көзүн караган доор дале бүтө элек. Андыктан өлкөдөгү бир дагы саясий күч тил жаатында өтө чечкиндүү кадамдарды жасабайт:

- Кыргыз тили мамлекеттик эле тил эмес, мамлекеттик жана ырасмий тил деп аталыш керек. Ырасмий деген сөздүн өзү беркинден жогору болуп кетет. Анткени күнүмдүк иште, башка мамлекеттин өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө ошол ырасмий тил алдыңкы орунга чыгып кетет. Ал эми мамлекеттик тил деген жанагы Англиянын королевасындай эле болуп калат. Ошондуктан азырынча мыйзамдарыбыз мобундай чабал болуп аткандан кийин, Орусияга көз каранды жагыбыз болуп аткандан кийин, эгер саясий төбөлдөр алардан коркуп атышкан болсо, жок дегенде кыргыз тилине мамлекеттик жана ырасмий деген макам бериш керек.

Ошентсе да тил жаатындагы мындан аркы саясат 10-октябрда шайланып келчү парламенттин колунда болот. Кокус Орусияны катуу жактап, Кремлди пир туткандар бийликке келе турган болсо, абал ушул бойдон кала бериши ыктымал. Ал эми ачык болбосо да батышка ыктап калган күчтөр келсе, тил жаатындагы саясат да өзгөрүшү мүмкүн. Кандай болгон күндө да, кайсыл багыт жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына туура келет деген принцип сакталса болгону.
www.azattyk.kg сайтынан алынды.

happy *, 21-09-2010 19:20 (ссылка)

Без заголовка

til til deibiz. bir jolu parada orus, kyrgyz gruppa  chogu bolup kaldy, bir orus bar eken, oshon uchun mugalim bul degen orus kyrgyzcha bilbeit, kyrgyzcha otkongo akym jok dep  sabakty oruscha otkon. buga ne deisiner. anan ushintip ata-enesi suiloboso balasy eki duinodo da suiloboit da! toodon kelip alyp eki sozdun bashyn kurai albai oruscha suiloshkondo kuiup ketem. ozgocho bishkekte kop suiloshot. meni kapa kylgay KG jashap turup biz oruscha uironushubuz kerek? emnege orustar kyrgyzcha uironboit????????????????????????????????? dostor kelgile oz ene tilibizde ele suiloibuz...

Манас жөнүндө Манастын тилинде сүйл&#.

Бүгүн Улуттук сыналгынын биринчи каналынан Мелис Карыбеков, алтайлык Акай Кине катышкан көрсөтүүнү азыраак көрүп калдым. Эми эмне дээримди да билбей турам чынында. Аты эле айтып турат улуттук деп, козгогон маселеси болсо улут жөнүндө, Рухубуздун туу чокусу, МАНАС жөнүндө. Сүйлөшкөн тили орусча. Кыргызча эле сүйлөшсө эмне болот эле дейм да. Манас эң биринчи кыргызга керек! Башка улуттарга Манастын баасы баркы “бир тыйын”. Албетте көкүрөгү таза, дүйнө таанымы жогору адамдардан башкасына. Ошондой болгондон кийин кыргызча эле сөз кылса абдан жакшы болот эле. Айкөлдүн арбагы да сүйүнүп калат эле. Нур үстүнө нур дегендей эле болмок. Ушинтип жүрө берсек Эне тилибиздин көргөн күнү не болот.
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт- деген ырда айтылгандай, эси жок эле эл болдук го.
Атаңдын көрү арман күн деген ушул окшойт

Без заголовка








Без заголовка

Kyrgyzmyn deisin maga
Kyishaktap suilop turup.
Kyrgyzmyn deisin maga
Tamekindin tutunun uilop turup
 
Kyrgyz emes Kyrgyzdy jydytkandar
Kylym kezgen taryhyn unutkandar.
Kyrgyz emes kyishaityp kalpak kiyip
Taryhyn Kyrgyzdyn kurutkandar!!!
 
Kyrgyz bolup Kyrgyz tilin bilbegendi sokkum kelet Kyrgyzchalap ashatyp!!!!!!!!!!

Кыргыз

Шордуу кыргыз....
Жылдызы жерге тушуп
Тугонгон кыргыз...
Кочо кезген селсаяк аракечтей
Жудогон кыргыз....
Кылымдардан келе жаткан
Наркын кайда?
Баш коюп акылманга ээрчип журчу
Салтын кайда?
Калпагынды бийик кийип туу туткан
Баркын кайда?
Замананын агымына шылтап коюп
Тонодун кыргыз болуп кыргызынды.....
Макул тоно...сындыр баарын,талкала
Бутоп ал ошо менен
Эки омурдо бутолбогон жыртыгынды!
Бутка туруп
Эгер байып кеткен болсон
Таазим этип жыгылайын...
Урайын кулдугумду!

настроение: Эххх....сыздады журок!

Метки: Шордуу кыргыз

Аман Токтогулов

Жазгы таңда
Тоодон түшкөн таштуу жолдо,
Фляг толо арабада.
Уйчу
айылдан май заводго,
Сүт ташыган мен бир бала.

Көк чымырап
көтөрөт баш,
Жер дем алат кенен-кенен.
Ура! Жашаң! Келатат жаз!
Мен
чыйылдап ырдап келем.

Балдар тосот көчө жактан,
Баарын салам
арабама.
Биз өтөбүз чоң кыштактан,
Бүт чуулдап обон сала.

Кат
жазсакпы же кыздарга,
Эмнегедир көңүл ташкын!
Дуу-дуу эткен
арабада,
Биз балдары келчү жаздын!

Дагы  ]

Метки: таш устуно тамга баскан тил. поэ

Жамаат боюнча сын-пикирлер жана сунуштар.

Саламатсыздарбы жамааттын жалпы катышуучулары. Жамаатты онуктуруу максатында ушул сурамжылоону жалпыныздарды сунуштоону туура кордум. Активдуулук менен катышып, жакшы талкууларды жарата алабыз деген умуттомун.

Аял.




Жалан жакшы,жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш корку, дунуйонун туткасы,
Уйдон куту, апакеси баландын.

Жаман дебей, жакшы дедим барысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, мин ката,
Кекээрлбей кечирип кой анысын.

Аял, аял.., айтар созум менин мин,
Сенсиз секунд жашай албайт корундум.
Элжиретип эркелеген назына
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Олум парс го окумуно конормун,
Кез жеткенде келбес жайга жонормун.
Ошондо да жыйып сонку кучумду,
Аял сени бир жалт карап олормун!




Тилибиз татым го дейм тандайга

Эни тилим көмөкөйдө сактаган,
Мен жашоодо сени менен мактанам.
Бул ааламда жалгыз бала бактысыз
Эне сүтүн, эне тилин татпаган.
Баарыбызды баш коштурган энебиз,
Байыртадан аздек кылып келебиз.
Бабалардын ыйык сөзүн эртенки
Муундарга мурас кылып беребиз
Эмнебиз эл жарыбасак андайга
Бир мурасты татым кылып тандайга
 
Өмүрбек Тиллебаев

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу