Бурулкан Карагулова
was last seen 19 February at 10:00
66 лет
*** Көзүңдү карегиме чөктүрөмүн, Сага эмес, эрке желге өптүрөмүн. Сен менин сүйөөрүмө сыймыктанып, Булутка
Unsubscribe from irrelevant news
To unsubscribe from another user's news, click the settings icon in this post and select the necessary option.
Все
Guestbook
More
Бурулкан Карагулова
wrote
status.html
***
Көзүңдү карегиме чөктүрөмүн,
Сага эмес, эрке желге өптүрөмүн.
Сен менин сүйөөрүмө сыймыктанып,
Булутка чыгып алып мөлтүрөдүң.
Жетелеп канча жылды келатабыз,
Толкунга урунабыз, согулабыз.
Убакыт бүтөт дебе, шашпа жаным,
Миң жылдан кийин деле жолугабыз.
БУ КАРА
Көзүңдү карегиме чөктүрөмүн,
Сага эмес, эрке желге өптүрөмүн.
Сен менин сүйөөрүмө сыймыктанып,
Булутка чыгып алып мөлтүрөдүң.
Жетелеп канча жылды келатабыз,
Толкунга урунабыз, согулабыз.
Убакыт бүтөт дебе, шашпа жаным,
Миң жылдан кийин деле жолугабыз.
БУ КАРА
Бурулкан Карагулова
added a note
user-post.html
***
Ишенбе, кайра таңдын атаарына,
Адашкам ак сүйүүңдү татарымда.
Сен үчүн Токтогулда асканы алып,
Көчүрүп келейинби катарыңа?...
Асканы сүзсөм эле кеткен турам,
Колумду сунсам эле жеткен турам.
Сен эле макул десең – бизди бөлгөн
тоолорун Токтогулдун жексен кылам.
Асканы сүзгөндө не, булуттары,
Жабылып жаап койду дарбазаңды.
Айрылып акынынан, азабынан,
Тоолор да башын салып, калып калды.
Сөз таппай тайсалдаба, кубантууга,
Калп эле көңүлүмдү жубатууга.
Акылым жеткен менен күчүм жетпейт,
Ортодо тоскоолдорду кулатууга.
БУ КАРА.
Ишенбе, кайра таңдын атаарына,
Адашкам ак сүйүүңдү татарымда.
Сен үчүн Токтогулда асканы алып,
Көчүрүп келейинби катарыңа?...
Асканы сүзсөм эле кеткен турам,
Колумду сунсам эле жеткен турам.
Сен эле макул десең – бизди бөлгөн
тоолорун Токтогулдун жексен кылам.
Асканы сүзгөндө не, булуттары,
Жабылып жаап койду дарбазаңды.
Айрылып акынынан, азабынан,
Тоолор да башын салып, калып калды.
Сөз таппай тайсалдаба, кубантууга,
Калп эле көңүлүмдү жубатууга.
Акылым жеткен менен күчүм жетпейт,
Ортодо тоскоолдорду кулатууга.
БУ КАРА.
Бурулкан Карагулова
wrote
status.html
Энелер өлбөгүлө, өлбөгүлө!
Дүйнөдө досторум көп, жалгыз койбос,
А бирок энекемдей досум болбос.
Ааламда сырдашым көп, курдашым көп,
А бирок, энекемдин орду толбос.
Эсепсиз алтының да, күмүшүң да,
Энең бар кездегидей бакыт болбос.
Асманда ай-күнүм да, жылдызым да,
Энекем чачканындай жарык болбос.
Өксүксүз узак жашты өрдөгүлө,
Өмүрдө эч жамандык көрбөгүлө.
Өбөлү бейиши бар таманыңдан,
Энелер! Өлбөгүлө, өлбөгүлө!
БУ КАРА.
Дүйнөдө досторум көп, жалгыз койбос,
А бирок энекемдей досум болбос.
Ааламда сырдашым көп, курдашым көп,
А бирок, энекемдин орду толбос.
Эсепсиз алтының да, күмүшүң да,
Энең бар кездегидей бакыт болбос.
Асманда ай-күнүм да, жылдызым да,
Энекем чачканындай жарык болбос.
Өксүксүз узак жашты өрдөгүлө,
Өмүрдө эч жамандык көрбөгүлө.
Өбөлү бейиши бар таманыңдан,
Энелер! Өлбөгүлө, өлбөгүлө!
БУ КАРА.
Бурулкан Карагулова
wrote
status.html
***
Жалжал көздөр жаныбызда болуп турсун,
Суук көздөрдөн кастарлап кооруп турсун.
Ыр жазалы келгиле, баарыбыздын,
Жүрөгүбүз сүйүү менен ооруп турсун.
БУКАРА.
Жалжал көздөр жаныбызда болуп турсун,
Суук көздөрдөн кастарлап кооруп турсун.
Ыр жазалы келгиле, баарыбыздын,
Жүрөгүбүз сүйүү менен ооруп турсун.
БУКАРА.
Бурулкан Карагулова
понравилось
18 June 2016 at 20:42
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Күндүн көзү бирөө дейт, качалбайсың,
Түндүн көзү түркүн дейт, ачалбайсың.
Күйгөн барда күлгөнүң өрттөөр ичиң,
Күн-Кудайдын кареги, каталбайсың!
Чындык жолу бирөө дейт, такалбайсың,
Калптын жолу катар дейт... ашалбайсың.
Жалган түбү курутар жаныңды жеп,
Күн- Кудайдын кареги, каталбайсың!
Адал ишти ок менен аталбайсың,
Арам ишти тынчытып жаталбайсың.
Арман сунуп, ичиңди ит жеп турса,
Күн-Кудайдын кареги, каталбайсың!
Эмгегиң жок-эргүүң жок, качан байсың?
Эки сөздүү- эч жерге баталбайсың.
Эки жүздүү адамдын арты кууш дейт,
Күн-Кудайдын кареги, каталбайсың!
Түндүн көзү түркүн дейт, ачалбайсың.
Күйгөн барда күлгөнүң өрттөөр ичиң,
Күн-Кудайдын кареги, каталбайсың!
Чындык жолу бирөө дейт, такалбайсың,
Калптын жолу катар дейт... ашалбайсың.
Жалган түбү курутар жаныңды жеп,
Күн- Кудайдын кареги, каталбайсың!
Адал ишти ок менен аталбайсың,
Арам ишти тынчытып жаталбайсың.
Арман сунуп, ичиңди ит жеп турса,
Күн-Кудайдын кареги, каталбайсың!
Эмгегиң жок-эргүүң жок, качан байсың?
Эки сөздүү- эч жерге баталбайсың.
Эки жүздүү адамдын арты кууш дейт,
Күн-Кудайдын кареги, каталбайсың!
Бурулкан Карагулова
понравилось
18 June 2016 at 20:42
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Курч канжардай өткөрүп сезимди жаш,
Улгайганда түшүрбө өзүңдү пас!
Калам деген жаш бойдон шайкелеңдик,
Күн-Кудайдын кареги, көзүңдү ач!
Жаш болбогон соң курак, демиңди бас,
Жаман ойдон азгырган кезинде кач.
Жашарам деп он жылга шылдың болбо,
Күн-Кудайдын кареги, көзүңдү ач!
Өздөй катар көргөнгө чериңди жаз,
Өрдөк жесең сыйында, байлагын каз.
Күлкүң менен ыраазы кылам дебе,
Күн-Кудайдын кареги, көзүңдү ач!
Таш урганды жеңүүгө-ургунуң аш,
Амандыгын тилегин алтындай баш!
Улуу-кичүү ичинде ордуңдү бил,
Күн-Кудайдын кареги, көзүңдү ач!
Улгайганда түшүрбө өзүңдү пас!
Калам деген жаш бойдон шайкелеңдик,
Күн-Кудайдын кареги, көзүңдү ач!
Жаш болбогон соң курак, демиңди бас,
Жаман ойдон азгырган кезинде кач.
Жашарам деп он жылга шылдың болбо,
Күн-Кудайдын кареги, көзүңдү ач!
Өздөй катар көргөнгө чериңди жаз,
Өрдөк жесең сыйында, байлагын каз.
Күлкүң менен ыраазы кылам дебе,
Күн-Кудайдын кареги, көзүңдү ач!
Таш урганды жеңүүгө-ургунуң аш,
Амандыгын тилегин алтындай баш!
Улуу-кичүү ичинде ордуңдү бил,
Күн-Кудайдын кареги, көзүңдү ач!
Бурулкан Карагулова
понравилось
18 June 2016 at 20:42
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Кара башың үчүн деп бакпа жанды,
Калтырбасын эч кимди башка жарды.
“Өсөөр өзүн сыйлайт” деп айткан чындык
Күн-Кудайдын кареги, сатпа адамды!
Кеп кылбагын күйөөрүн таппаганды,
Кеп кылбагын көзүн көл жаштаганды.
“Жары-Кудай жалгыздын” деген чындык,
Күн-Кудайдын кареги, сатпа адамды!
Жаман өздөн кач сырың жаппаганды,
Жаттан байка өтө көп мактаганды...
Күлгөңүңдүн артында билгениң бар...
Күн-Кудайдын кареги, сатпа адамды!
Таарынычтан ойлобой ташка алаарды,
Өзүңдөй бир аяп көр башкаларды.
Тууган өзү кетсе да, боору кетпейт,
Күн-Кудайдын кареги, сатпа адамды!
Калтырбасын эч кимди башка жарды.
“Өсөөр өзүн сыйлайт” деп айткан чындык
Күн-Кудайдын кареги, сатпа адамды!
Кеп кылбагын күйөөрүн таппаганды,
Кеп кылбагын көзүн көл жаштаганды.
“Жары-Кудай жалгыздын” деген чындык,
Күн-Кудайдын кареги, сатпа адамды!
Жаман өздөн кач сырың жаппаганды,
Жаттан байка өтө көп мактаганды...
Күлгөңүңдүн артында билгениң бар...
Күн-Кудайдын кареги, сатпа адамды!
Таарынычтан ойлобой ташка алаарды,
Өзүңдөй бир аяп көр башкаларды.
Тууган өзү кетсе да, боору кетпейт,
Күн-Кудайдын кареги, сатпа адамды!
Бурулкан Карагулова
понравилось
18 June 2016 at 20:42
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Жакшы адамды сындырып, кайгы салба,
Болоттурсуң алыска баргыс анда.
Калган көңүл-чыккан жан деп айткан эл,
Күн-Кудайдын кареги, каргыш алба!
Акыйкатты туу туткан калды чанда,
Акты бөлгөн карадан барбы, танда.
Кара жемсөө немеде калыстык жок,
Күн-Кудайдын кареги, каргыш алба!
Кайрылгандан айрылба намыс-арга,
Атаандаш да ак болсун жарышаарга
Алдабастан ачык чык душманга да,
Күн-Кудайдын кареги, каргыш алба!
Жамандыкка чөгөм деп башты салба,
Жакшылыкка көбөм деп жалгыз калба.
Сыр алдырбас ким экен мактанса да,
Күн-Кудайдын кареги, каргыш алба!
Болоттурсуң алыска баргыс анда.
Калган көңүл-чыккан жан деп айткан эл,
Күн-Кудайдын кареги, каргыш алба!
Акыйкатты туу туткан калды чанда,
Акты бөлгөн карадан барбы, танда.
Кара жемсөө немеде калыстык жок,
Күн-Кудайдын кареги, каргыш алба!
Кайрылгандан айрылба намыс-арга,
Атаандаш да ак болсун жарышаарга
Алдабастан ачык чык душманга да,
Күн-Кудайдын кареги, каргыш алба!
Жамандыкка чөгөм деп башты салба,
Жакшылыкка көбөм деп жалгыз калба.
Сыр алдырбас ким экен мактанса да,
Күн-Кудайдын кареги, каргыш алба!
Бурулкан Карагулова
понравилось
18 June 2016 at 20:41
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Укпаганы жаштыктын жаңылыштыр,
Карылыктын укпашы-каңырыштыр.
Мүдүрулбөс туяк жок дешсе дагы,
Күн-Кудайдын кареги, күнөөнү аз кыл!
Адамдан да шайтан бар, азгыраттыр,
Кесепети жакынга кас кылаттыр.
Алып сатар бир күнү намыс сатар,
Күн-Кудайдын кареги, күнөөнү аз кыл!
Жүрөгүңдүн айтканын гана жактыр,
Акылыңа кеңешип айла таптыр.
Турмуш деген тузакчы көрүнбөгөн,
Күн –Кудайдын кареги, күнөөнү аз кыл!
Байлык, бийлик канчаны мас кылаттыр,
Байкуштарды колдонуп жазгыраттыр.
Башы зордук-аягы кордук жаман...
Күн-Кудайдын кареги, күнөөнү аз кыл!
Карылыктын укпашы-каңырыштыр.
Мүдүрулбөс туяк жок дешсе дагы,
Күн-Кудайдын кареги, күнөөнү аз кыл!
Адамдан да шайтан бар, азгыраттыр,
Кесепети жакынга кас кылаттыр.
Алып сатар бир күнү намыс сатар,
Күн-Кудайдын кареги, күнөөнү аз кыл!
Жүрөгүңдүн айтканын гана жактыр,
Акылыңа кеңешип айла таптыр.
Турмуш деген тузакчы көрүнбөгөн,
Күн –Кудайдын кареги, күнөөнү аз кыл!
Байлык, бийлик канчаны мас кылаттыр,
Байкуштарды колдонуп жазгыраттыр.
Башы зордук-аягы кордук жаман...
Күн-Кудайдын кареги, күнөөнү аз кыл!
Бурулкан Карагулова
понравилось
18 June 2016 at 20:41
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Туулганда баары окшош адамдардын,
Айрый албай жылаңач келген жанын.
Айрымасы оо, кийин чыга келет,
Күн-Кудайдын кареги, көрөт баарын!
Чогу тапсыз жүрөктөн өчөт жалын,
Жаман уул жарытпай өтөт жанын.
Жакшы уулдун жарыгы элге тийет,
Күн-Кудайдын кареги, көрөт баарын!
Жакшы жигит айттырбай керек маалын,
Сырта мырза, үйдө кул демек маалым.
Жаман жигит сыртта кул, үйдө мырза,
Күн-Кудайдын кареги, көрөт баарын!
Атадан кем бала бар, делет “жарым”,
Атага тең-өчүрбөй келет шамын.
Артык бала атадан-элдин уулу,
Күн-Кудайдын кареги, көрөт баарын!
Айрый албай жылаңач келген жанын.
Айрымасы оо, кийин чыга келет,
Күн-Кудайдын кареги, көрөт баарын!
Чогу тапсыз жүрөктөн өчөт жалын,
Жаман уул жарытпай өтөт жанын.
Жакшы уулдун жарыгы элге тийет,
Күн-Кудайдын кареги, көрөт баарын!
Жакшы жигит айттырбай керек маалын,
Сырта мырза, үйдө кул демек маалым.
Жаман жигит сыртта кул, үйдө мырза,
Күн-Кудайдын кареги, көрөт баарын!
Атадан кем бала бар, делет “жарым”,
Атага тең-өчүрбөй келет шамын.
Артык бала атадан-элдин уулу,
Күн-Кудайдын кареги, көрөт баарын!
Бурулкан Карагулова
понравилось
18 June 2016 at 20:41
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
Милдетинин ыйыгын ким аткарат?!
Тагдыр билип өзү эле кулак кагат.
Таразаңдын ташынан уурдайм дебе,
Күн-Кудайдын кареги, турат карап!
Мезгил учуп, оюңа улап канат,
Менден алып кетсе да ыраак тарап...
Күлкүгө калп жүзүңдү алмаштырба,
Күн- Кудайдын кареги, турат карап!
Берсе дагы өмүрдү кынап, санап,
Бешенеде жазуудан ырасталат.
Бекинген из көрүнбөй калат дебе,
Күн-Кудайдын кареги, турат карап!
Калса дагы жүрөгүм бир аз канап,
Калпың кечип мага окшоп ким актамак?!
Күндөрүңдүн туягын булгабагын,
Күн –Кудайдын кареги, турат карап!
Тагдыр билип өзү эле кулак кагат.
Таразаңдын ташынан уурдайм дебе,
Күн-Кудайдын кареги, турат карап!
Мезгил учуп, оюңа улап канат,
Менден алып кетсе да ыраак тарап...
Күлкүгө калп жүзүңдү алмаштырба,
Күн- Кудайдын кареги, турат карап!
Берсе дагы өмүрдү кынап, санап,
Бешенеде жазуудан ырасталат.
Бекинген из көрүнбөй калат дебе,
Күн-Кудайдын кареги, турат карап!
Калса дагы жүрөгүм бир аз канап,
Калпың кечип мага окшоп ким актамак?!
Күндөрүңдүн туягын булгабагын,
Күн –Кудайдын кареги, турат карап!
Бурулкан Карагулова
понравилось
12 June 2016 at 5:47
community-post.html
Выходные в деревне
Тихие улочки. Тропки исхожены.
День утопает в закатных лучах.
Мамины блинчики (вкусные – боже мой!),
Папин, с любовью заваренный, чай.
В глиняной крынке букет колокольчиков:
Синий ажур на столе у окна,
Светом прошит от стеблей и до кончиков,
Каждая жилка на солнце видна.
Радость - какая-то детская, странная,
Нас охватив, рвётся вон из души.
Мы уплетаем блины со сметаною,
Хлюпаем чаем из кружек больших.
В вазочку собрана жимолость спелая.
В свежем варенье залипла пчела.
Мы ничегошеньки оба не делаем:
Пусть подождут и звонки, и дела,
И суета городская, и прочее – more…
Тихие улочки. Тропки исхожены.
День утопает в закатных лучах.
Мамины блинчики (вкусные – боже мой!),
Папин, с любовью заваренный, чай.
В глиняной крынке букет колокольчиков:
Синий ажур на столе у окна,
Светом прошит от стеблей и до кончиков,
Каждая жилка на солнце видна.
Радость - какая-то детская, странная,
Нас охватив, рвётся вон из души.
Мы уплетаем блины со сметаною,
Хлюпаем чаем из кружек больших.
В вазочку собрана жимолость спелая.
В свежем варенье залипла пчела.
Мы ничегошеньки оба не делаем:
Пусть подождут и звонки, и дела,
И суета городская, и прочее – more…
8 comments
Бурулкан Карагулова
понравилось
12 June 2016 at 5:44
community-post.html
Давай помолчим.
Мы так долго не виделись...
Какие прекрасные сумерки выдались!
И все позабылось,
Что помнить не хочется:
Обиды твои.
И мое одиночество.
Давай помолчим.
Мы так долго не виделись...
Ах, эти слова,
Будто листья опавшие.
И слезы -
На целую жизнь опоздавшие.
Не плачь.
У нас встреча с тобой, а не проводы.
Мы снова сегодня наивны
И молоды.
Давай помолчим.
Мы так долго не виделись...
Какие прекрасные cумерки выдались!
Андрей Дементьев.
Мы так долго не виделись...
Какие прекрасные сумерки выдались!
И все позабылось,
Что помнить не хочется:
Обиды твои.
И мое одиночество.
Давай помолчим.
Мы так долго не виделись...
Ах, эти слова,
Будто листья опавшие.
И слезы -
На целую жизнь опоздавшие.
Не плачь.
У нас встреча с тобой, а не проводы.
Мы снова сегодня наивны
И молоды.
Давай помолчим.
Мы так долго не виделись...
Какие прекрасные cумерки выдались!
Андрей Дементьев.
Бурулкан Карагулова
понравилось
4 June 2016 at 6:39
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
АЯБАЧЫ...
Корооңдун чачылган деп аяк-башы,
Сен мени аябачы... аябачы...
Анткени сүйбөс жанды сүйүп алып,
Мен көргөн аёолордун аягы ачуу...
Качкым бар, оттой күйүп-жанып турсаң,
“Кайда?!” деп ээрчибечи карыш жылсам.
Короомдун чачылганы кеп эместир,
Чачылган жандүйнөмө салыштырсаң...
Өзүмдү жыйнаган күн келген кезде,
Өзүнөн өзү гүлдөйт көргөн көзгө.
Унтулбас бирөө барын кантип айтам,
“Мен сени таптым!” дебе... жүрөк эзбе!
Жаңылуу бизден эле калбас азыр,
Бул дүйнө бир түс эмес, кызыл-тазыл.
Арзыбайм сезимиңе башканы ойлоп,
Мен үчүн бийигиңен түшпө такыр!
Эси жок cүйүү берген тагдыр ташы, more…
Корооңдун чачылган деп аяк-башы,
Сен мени аябачы... аябачы...
Анткени сүйбөс жанды сүйүп алып,
Мен көргөн аёолордун аягы ачуу...
Качкым бар, оттой күйүп-жанып турсаң,
“Кайда?!” деп ээрчибечи карыш жылсам.
Короомдун чачылганы кеп эместир,
Чачылган жандүйнөмө салыштырсаң...
Өзүмдү жыйнаган күн келген кезде,
Өзүнөн өзү гүлдөйт көргөн көзгө.
Унтулбас бирөө барын кантип айтам,
“Мен сени таптым!” дебе... жүрөк эзбе!
Жаңылуу бизден эле калбас азыр,
Бул дүйнө бир түс эмес, кызыл-тазыл.
Арзыбайм сезимиңе башканы ойлоп,
Мен үчүн бийигиңен түшпө такыр!
Эси жок cүйүү берген тагдыр ташы, more…
Бурулкан Карагулова
wrote
status.html
***
Аалам да сага баш ийип,
Көзүңдө түнөп жатат күн.
Көзүңдө гана таң атып,
Көзүңдө гана батат күн.
Шамал да сага ийилип,
Көкүлүң өбөт дилдиреп.
Ай дагы сунуп колдорун,
Сүйөрүн сени билдирет.
Толкун да токтоп согуусун,
Ооздорун ачып карашат.
Бутуңдан сүйүп кучактап,
Өөп алсак дешип самашат.
Мен дагы сени сүйөмүн,
Өртүндө калып көзүңдүн.
Бутуңа турам жыгылып,
Өлтүрүп салсаң, өзүң бил!
Аалам да сендик экенин,
Байкабай өтмөк экенмин.
Мен дагы сага баш ийип,
Сени эле сүйөм секетим!
БУКАРА.
Аалам да сага баш ийип,
Көзүңдө түнөп жатат күн.
Көзүңдө гана таң атып,
Көзүңдө гана батат күн.
Шамал да сага ийилип,
Көкүлүң өбөт дилдиреп.
Ай дагы сунуп колдорун,
Сүйөрүн сени билдирет.
Толкун да токтоп согуусун,
Ооздорун ачып карашат.
Бутуңдан сүйүп кучактап,
Өөп алсак дешип самашат.
Мен дагы сени сүйөмүн,
Өртүндө калып көзүңдүн.
Бутуңа турам жыгылып,
Өлтүрүп салсаң, өзүң бил!
Аалам да сендик экенин,
Байкабай өтмөк экенмин.
Мен дагы сага баш ийип,
Сени эле сүйөм секетим!
БУКАРА.
Бурулкан Карагулова
added a note
user-post.html
***
Турмуш жүгүн түрталбайбыз экөөлөп,
Сени сүйүп өмүр өтөт өнтөлөп.
Кандай кыйын, кандай оор бул сүйүү,
Көз жашты да көтөралган көтөрөт.
Жаштыгыңа жар башынан кулагам,
Токтоналбай узак жолго уланам.
Көздөрүңө күйүп эле жүрөйүн,
Арман ырын жаздырбачы, суранам!
Баралыңа баратасың, эс кирип,
Менин күнүм күңүрттөнөт кеч кирип.
Эки көзүн төшөп салып жолуңа,
А булбулуң ыйлап жүрөт эчкирип.
Сенден бөлөк, бир да жанды сүйбөймүн,
Ырдап берип, жүрөктөрүн тилбеймин.
Көздөрүңөн тегеренип кетейин,
Сенсиз кантип жашап жүргөм, билбеймин?!
БУКАРА.
Турмуш жүгүн түрталбайбыз экөөлөп,
Сени сүйүп өмүр өтөт өнтөлөп.
Кандай кыйын, кандай оор бул сүйүү,
Көз жашты да көтөралган көтөрөт.
Жаштыгыңа жар башынан кулагам,
Токтоналбай узак жолго уланам.
Көздөрүңө күйүп эле жүрөйүн,
Арман ырын жаздырбачы, суранам!
Баралыңа баратасың, эс кирип,
Менин күнүм күңүрттөнөт кеч кирип.
Эки көзүн төшөп салып жолуңа,
А булбулуң ыйлап жүрөт эчкирип.
Сенден бөлөк, бир да жанды сүйбөймүн,
Ырдап берип, жүрөктөрүн тилбеймин.
Көздөрүңөн тегеренип кетейин,
Сенсиз кантип жашап жүргөм, билбеймин?!
БУКАРА.
Бул жерге кыздар киргизген. Бирок, эч ким ыр окубайт экен биякта.
12 June 2016 at 5:52
Нравится
Uploading
Error loading page. Retry in 15 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.