Daniar Toichubekov
was last seen 7 June at 14:55
32 года
/
Бишкек, Киргизия (Кыргызстан)
Ээй эээй айталбайм сенин атынды,айланттын го менин башымды.
Unsubscribe from irrelevant news
To unsubscribe from another user's news, click the settings icon in this post and select the necessary option.
Все
Guestbook
More
Daniar Toichubekov
понравилось
14 October 2014 at 11:53
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
МЕН СИЗГЕ ТААРЫНДЫМ ЭРКЕЛЕП
Мен сизге таарындым эркелеп,
Жазууга жалынып келсе деп.
Сезимге айла жок деген чын,
Не дейин сагыныч жеңсе көп?!
Мен сизди эстедим назданып,
Сиз да эстеп тургандай баштанып.
Ыргыттым бир кезде ыйлаткан,
Ызалуу сезимди ташка алып.
Бир досум жашоону бил деди,
Чын күйүп сүйлөдү, күлбөдү...
“Сен сүйгөн адамды сүйбөстөн,
Өзүңдү сүйгөндү сүй”- деди.
Ойлосом, ал сиздей көрүндү,
Башка деп айталам же кимди?
Бирөөнү сүйгөмүн өлөөрчө,
Таптым деп тар жолдо теңимди...
Тең эмес экен ал, жаңылдым,
Өзүмдү жоготтум... табылдым...
Сиздеги жагымдуу илептен,...
Мен сизге таарындым эркелеп,
Жазууга жалынып келсе деп.
Сезимге айла жок деген чын,
Не дейин сагыныч жеңсе көп?!
Мен сизди эстедим назданып,
Сиз да эстеп тургандай баштанып.
Ыргыттым бир кезде ыйлаткан,
Ызалуу сезимди ташка алып.
Бир досум жашоону бил деди,
Чын күйүп сүйлөдү, күлбөдү...
“Сен сүйгөн адамды сүйбөстөн,
Өзүңдү сүйгөндү сүй”- деди.
Ойлосом, ал сиздей көрүндү,
Башка деп айталам же кимди?
Бирөөнү сүйгөмүн өлөөрчө,
Таптым деп тар жолдо теңимди...
Тең эмес экен ал, жаңылдым,
Өзүмдү жоготтум... табылдым...
Сиздеги жагымдуу илептен,...
Daniar Toichubekov
понравилось
14 October 2014 at 11:50
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
СЕНИ ЭСТӨӨГӨ...
Эми сүйүп, кереги жок сүрөөнүн,
Эмесиңе жалгыз менин күнөөлүүм.
Сени эстөөгө тоскоол болгон сыяктуу,
Көлөкөсү көрүнөт не бирөөнүн?..
Өмүр күнү өтпөйт экен бир кылка,
Жашыралбайм, мен үчүн бир чындык-баа!
Сени эстөөгө убакыт жок сыяктуу,
Көнсөм экен түйшүгү көп турмушка.
Үмүт жолу ары жалган, ары чын,
Ким тана алат мезгил деген калысын.
Сени эстөөгө тыйуу салган сыяктуу,
Бек кучактап, ыйлап турат намысым.
Өкүнүчкө тоздурбаган ким өңүн?!
Өзүмдү өзүм кайрак ташка бүлөдүм!
Сени эстөөгө тамчыларын так кылып,
Баарын кечип, канап турат жүрөгүм.
Б.ЧОТУРОВА
Эми сүйүп, кереги жок сүрөөнүн,
Эмесиңе жалгыз менин күнөөлүүм.
Сени эстөөгө тоскоол болгон сыяктуу,
Көлөкөсү көрүнөт не бирөөнүн?..
Өмүр күнү өтпөйт экен бир кылка,
Жашыралбайм, мен үчүн бир чындык-баа!
Сени эстөөгө убакыт жок сыяктуу,
Көнсөм экен түйшүгү көп турмушка.
Үмүт жолу ары жалган, ары чын,
Ким тана алат мезгил деген калысын.
Сени эстөөгө тыйуу салган сыяктуу,
Бек кучактап, ыйлап турат намысым.
Өкүнүчкө тоздурбаган ким өңүн?!
Өзүмдү өзүм кайрак ташка бүлөдүм!
Сени эстөөгө тамчыларын так кылып,
Баарын кечип, канап турат жүрөгүм.
Б.ЧОТУРОВА
Daniar Toichubekov
понравилось
6 October 2014 at 22:21
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ЖООБУ ЖОК СҮЙҮҮНҮ ЖАЗ ДЕЙСИҢБИ?
Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, сүйүктүү сиңдим
Жылдыз Мусабековага
Жообу жок сүйүүнү жаз... дейсиңби?
Андай нерсе бүлөп турар эркиңди...
Жообу эмес, такыр орду жок болсо,
Жарык жашоо кайдан берсин көркүңдү.
Чын айтасың, бирок, бар деп сүйүктүүм,
Бактылуудай болуп мен да жүрүпмүн.
Жооп алып келалбастан сүйүүдөн,
Жолдор жатат нурун өрүп үмүттүн.
Мен сыяктуу сезиминде сел жүрбөй,
Жообу жок... мени менен тең билбей.
Сүйүп жүрүү кандай жакшы бирөөнү,
Көр оокатка көкүрөктү жеңдирбей.
Жок дей албай жүрөгүңө түнөөнү,
Жол бир болуп, тагдыр башка-күнөөбү?...
Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, сүйүктүү сиңдим
Жылдыз Мусабековага
Жообу жок сүйүүнү жаз... дейсиңби?
Андай нерсе бүлөп турар эркиңди...
Жообу эмес, такыр орду жок болсо,
Жарык жашоо кайдан берсин көркүңдү.
Чын айтасың, бирок, бар деп сүйүктүүм,
Бактылуудай болуп мен да жүрүпмүн.
Жооп алып келалбастан сүйүүдөн,
Жолдор жатат нурун өрүп үмүттүн.
Мен сыяктуу сезиминде сел жүрбөй,
Жообу жок... мени менен тең билбей.
Сүйүп жүрүү кандай жакшы бирөөнү,
Көр оокатка көкүрөктү жеңдирбей.
Жок дей албай жүрөгүңө түнөөнү,
Жол бир болуп, тагдыр башка-күнөөбү?...
Daniar Toichubekov
понравилось
6 October 2014 at 11:39
status.html
СИЗ МЕНЕН...
Сиз менен сыр бөлүшүү ырахатын,
Мен азыр сөз жеткирип айталбасмын.
Жоготуу учурда эмес, кеч билинер,
Жолу бир кайрылгандан айрылбастын.
Сиз менен бирге олтуруу кандай сонун,
Эритип көңүлдө кыш калбай тоңун.
Бактылуу отум күйүп муз үстүндө,
Бүтөлүп өмүрдөгү бардай жогум.
Сиз менен коштошуу да убактынча,
Жагымдуу эртеңдери турат мынча.
Жан койбос бир ызаны унуттуруп,
Не деймин күзүмдү жаз кылып турса..
Б.ЧОТУРОВА
Сиз менен сыр бөлүшүү ырахатын,
Мен азыр сөз жеткирип айталбасмын.
Жоготуу учурда эмес, кеч билинер,
Жолу бир кайрылгандан айрылбастын.
Сиз менен бирге олтуруу кандай сонун,
Эритип көңүлдө кыш калбай тоңун.
Бактылуу отум күйүп муз үстүндө,
Бүтөлүп өмүрдөгү бардай жогум.
Сиз менен коштошуу да убактынча,
Жагымдуу эртеңдери турат мынча.
Жан койбос бир ызаны унуттуруп,
Не деймин күзүмдү жаз кылып турса..
Б.ЧОТУРОВА
Daniar Toichubekov
понравилось
28 September 2014 at 19:46
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
БИР ЭСТЕЙСИҢ...
Тартылып, күткөн сымал бир көк мейкин,
Табышмак сезим менден не кетпейсиң?!
Билгеним- эртеңди эмес бүгүндү ойлоп...
Сен мени кейигенде бир эстейсиң.
Кийгизип кай бирлердин сенек кейпин,
Кимден ким зарыл күндү керектейсиң...
Куржуну зыян тарткан дубанадай,
Сен мени арыганда бир эстейсиң.
Дегдеген максат үчүн күрөшпөйсүң...
Дептерге салып койгон сүрөттөйсүң.
Басынтса көртирликке теңдеп бирөө,
Сен мени, кадыр калса бир эстейсиң!
Өзүмдөн бийик койсом теңешпейсиң,
Өзүң бил, кош бол менин өзөк өртүм!
Айткысы келген дудук айталбастай,
Сен мени ыйлаганда бир эстейсиң......
Тартылып, күткөн сымал бир көк мейкин,
Табышмак сезим менден не кетпейсиң?!
Билгеним- эртеңди эмес бүгүндү ойлоп...
Сен мени кейигенде бир эстейсиң.
Кийгизип кай бирлердин сенек кейпин,
Кимден ким зарыл күндү керектейсиң...
Куржуну зыян тарткан дубанадай,
Сен мени арыганда бир эстейсиң.
Дегдеген максат үчүн күрөшпөйсүң...
Дептерге салып койгон сүрөттөйсүң.
Басынтса көртирликке теңдеп бирөө,
Сен мени, кадыр калса бир эстейсиң!
Өзүмдөн бийик койсом теңешпейсиң,
Өзүң бил, кош бол менин өзөк өртүм!
Айткысы келген дудук айталбастай,
Сен мени ыйлаганда бир эстейсиң......
Daniar Toichubekov
понравилось
22 September 2014 at 11:29
community-post.html
Атаке арак ичпей келген кунунуз болобу? Мен кичинекей кызмынго,эч нерсени коро элекмин.Жаштыгымды атамдын мээримине болонуп,жумуштан келсе кучактап жытынызды жыттап эркелегим келет.А сиз арак жынттанып ар бир создун башын бир айтып,апакемди урасыз.Ушул дагы суйуубу? Атаке кайгымды-капамды сезинизчи! Мен сиз менен ашып кетсе 10 же 15 жыл гана болом.Кыз конок - дегендей.Андан кийин турмушка чыгып оз жашоомду улантам.Ал жашоом дагы кандай болот Алла билет.
Мындай жаш кыздардын муну канча дегилечи...
Мындай жаш кыздардын муну канча дегилечи...
52 comments
Daniar Toichubekov
subscribed to the group
21 September 2014 at 20:49
community-join.html
Daniar Toichubekov
понравилось
21 September 2014 at 17:56
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ЖАКШЫ АДАМДАН АЖЫРООНУ КИМ БИЛЕТ...
Жайдак токум күлүктөй бир ой жүрөт...
Жакшы адамдан ажыроону ким билет.
Жашоо мага жарык бербей андайда,
Жан дүйнөмдү күүгүм тартып түн кирет.
Бир өмүрдө башка түшпөйт эмнелер,
Көп учурайт жакшылыкты тең көрөр.
Жабыр тартуу чоң сыноосу жашоонун,
Жакшы адамдар жамандыкта кең келер.
Жакшы адамдан ажыроочу мен белем?
Коркуп турам сизден, жооп бербеген...
Абайлабай алган болсом таарынтып-
жардылыгым, колдон жакшы иш келбеген.
Татаал жолдо, таш учурган тозоңдо,
Тааныбасам жакшыны акыл кошорго.
Отуз өлчөп, бир кескенди билбесем,...
Жайдак токум күлүктөй бир ой жүрөт...
Жакшы адамдан ажыроону ким билет.
Жашоо мага жарык бербей андайда,
Жан дүйнөмдү күүгүм тартып түн кирет.
Бир өмүрдө башка түшпөйт эмнелер,
Көп учурайт жакшылыкты тең көрөр.
Жабыр тартуу чоң сыноосу жашоонун,
Жакшы адамдар жамандыкта кең келер.
Жакшы адамдан ажыроочу мен белем?
Коркуп турам сизден, жооп бербеген...
Абайлабай алган болсом таарынтып-
жардылыгым, колдон жакшы иш келбеген.
Татаал жолдо, таш учурган тозоңдо,
Тааныбасам жакшыны акыл кошорго.
Отуз өлчөп, бир кескенди билбесем,...
Daniar Toichubekov
понравилось
21 September 2014 at 17:53
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
ТУРУКСУЗДУК ДУШМАНДАН ДА ЖАМАН ДАРТ
Жүргөнгө окшоп жүрөгүңдө толуп муң,
Тагдыр айдап, тар кечүүңдөн жолуктум.
Тайыздыктан бийикке өт деп кол сунуп,
Таздан тарак сурагандай болупмун.
Анткендигим, аз күн өтүп билинген,
Ишенимге тез өзгөрчү түрүң жөн...
Керегимде пайдасы бар иштерге,
Келгениңди билип кирдейм бүгүн мен.
Көп алмашып, дат бастырбай таразаң,
Бир адамдын бактысына жарасаң!
Бар нерсени кеч билерсиң өкүнүп,
Башкаларга мени кошпой карасаң.
Болсо болор сенде дагы билген нарк,
Учу бирге -утурумдук, таппас барк...
Түбү бирге-түбөлүк дейт, ойлонгун,
Туруксуздук душмандан да жаман дарт,...
Жүргөнгө окшоп жүрөгүңдө толуп муң,
Тагдыр айдап, тар кечүүңдөн жолуктум.
Тайыздыктан бийикке өт деп кол сунуп,
Таздан тарак сурагандай болупмун.
Анткендигим, аз күн өтүп билинген,
Ишенимге тез өзгөрчү түрүң жөн...
Керегимде пайдасы бар иштерге,
Келгениңди билип кирдейм бүгүн мен.
Көп алмашып, дат бастырбай таразаң,
Бир адамдын бактысына жарасаң!
Бар нерсени кеч билерсиң өкүнүп,
Башкаларга мени кошпой карасаң.
Болсо болор сенде дагы билген нарк,
Учу бирге -утурумдук, таппас барк...
Түбү бирге-түбөлүк дейт, ойлонгун,
Туруксуздук душмандан да жаман дарт,...
Daniar Toichubekov
понравилось
19 September 2014 at 16:23
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
СүЙүү БЕКЕН, УРМАТ БЕКЕН АЙТАЛБАЙМ...
“Ким оорутту жүрөгүңдү айт чынын,
Кандай неме баркын билбес бактынын?!
Аз өмүрдө кайра экинчи жаратпас,
Андан дароо айыгууга шашкының!”-
дегениңиз көңүлүмдү көтөрдү,
Айыктыргыч сиз окшойсуз десемби?!
Таанытпастан сени сүйгөн адамды,
Тагдыр деген ушунчалык өжөрбү.
Кабагымды карыш бырыш бастырып,
Карайм, карайм калайын деп жактырып.
Бирок, кызык, сиздей залкар жакшыдан,
Эмне турам билбейм боюм качтырып.
Сиз экөөбүз айтпасак да сөз менен,
Сүйлөшөбүз көрөр замат көз менен.
Сүйүү бекен, урмат бекен, айталбайм,
Ортобузда чоң ызаат бар өчпөгөн....
“Ким оорутту жүрөгүңдү айт чынын,
Кандай неме баркын билбес бактынын?!
Аз өмүрдө кайра экинчи жаратпас,
Андан дароо айыгууга шашкының!”-
дегениңиз көңүлүмдү көтөрдү,
Айыктыргыч сиз окшойсуз десемби?!
Таанытпастан сени сүйгөн адамды,
Тагдыр деген ушунчалык өжөрбү.
Кабагымды карыш бырыш бастырып,
Карайм, карайм калайын деп жактырып.
Бирок, кызык, сиздей залкар жакшыдан,
Эмне турам билбейм боюм качтырып.
Сиз экөөбүз айтпасак да сөз менен,
Сүйлөшөбүз көрөр замат көз менен.
Сүйүү бекен, урмат бекен, айталбайм,
Ортобузда чоң ызаат бар өчпөгөн....
Daniar Toichubekov
понравилось
11 September 2014 at 15:17
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
БИЗДИ СҮЙГӨН ЫР ТУРАТ
(Сашага)
Учурашкан таң көзүңдө,
Нурга айланып чачырап.
Каректериң көк асмандай,
Чексиздикке чакырат.
Жалбарыңкы сөзүң менен,
Булбул үнүн коштотуп.
Сенин тизең мен олтурган,
Чокуларга окшошуп.
Сен бар үчүн ушул азыр,
Тургансыймын бийикте.
Табышмактуу сезим жеңип,
Мажбур кылат сүйүшкө.
Күндүн алтын шооласындай,
Жалтылдаган чачтарың.
Маңдайымды желпип турду,
Баарын унтуп таштадым...
Таңкы гүлзар бактылуудай,
Жыпар жыттуу кулпурат.
Ар бир гүлдүн таажысында,
Бизди сүйгөн ыр турат.
Б.ЧОТУРОВА
(Сашага)
Учурашкан таң көзүңдө,
Нурга айланып чачырап.
Каректериң көк асмандай,
Чексиздикке чакырат.
Жалбарыңкы сөзүң менен,
Булбул үнүн коштотуп.
Сенин тизең мен олтурган,
Чокуларга окшошуп.
Сен бар үчүн ушул азыр,
Тургансыймын бийикте.
Табышмактуу сезим жеңип,
Мажбур кылат сүйүшкө.
Күндүн алтын шооласындай,
Жалтылдаган чачтарың.
Маңдайымды желпип турду,
Баарын унтуп таштадым...
Таңкы гүлзар бактылуудай,
Жыпар жыттуу кулпурат.
Ар бир гүлдүн таажысында,
Бизди сүйгөн ыр турат.
Б.ЧОТУРОВА
Daniar Toichubekov
понравилось
11 September 2014 at 15:15
Бактыгул Чотурова
added a note
user-post.html
СИЗ КӨП СЫРДЫ БИЛБЕЙСИЗ ДА МЕНДЕГИ
Таанышкандан табышчулар-биз эмес,
Таазим кылып турасыз не тизелеп?!
Капка батпас шибегедей тагдырым,
Катып алдым десем кимдер ишенет?
Сиз көп сырды билбейсиз да мендеги,
Болмок беле каалоолор бүт келмеги...
Чыдабассыз ырлар менен кеткенде,
Айландырып асман менен жер мени.
Ачык айтсам андан өткөн азап бар,
Маңдайдагы жазмыш жолун жасайт тар.
Мен бирөөнү унуталбай койбоюн,
Мээлешпесин орто чоң казаттар...
Андан көрө мойнума алсам бир чынды,
Сыйыңызга салбасам да сыртымды.
Тоону түртүп томук жеңип мендеги,
Тозгон көйнөк сымал көөнүм жыртылды.
Б.ЧОТУРОВА
Таанышкандан табышчулар-биз эмес,
Таазим кылып турасыз не тизелеп?!
Капка батпас шибегедей тагдырым,
Катып алдым десем кимдер ишенет?
Сиз көп сырды билбейсиз да мендеги,
Болмок беле каалоолор бүт келмеги...
Чыдабассыз ырлар менен кеткенде,
Айландырып асман менен жер мени.
Ачык айтсам андан өткөн азап бар,
Маңдайдагы жазмыш жолун жасайт тар.
Мен бирөөнү унуталбай койбоюн,
Мээлешпесин орто чоң казаттар...
Андан көрө мойнума алсам бир чынды,
Сыйыңызга салбасам да сыртымды.
Тоону түртүп томук жеңип мендеги,
Тозгон көйнөк сымал көөнүм жыртылды.
Б.ЧОТУРОВА
Uploading
Error loading page. Retry in 15 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.
Error loading page. Retry in 5 seconds.