Все игры
Обсуждения
Сортировать: по обновлениям | по дате | по рейтингу Отображать записи: Полный текст | Заголовки
Edil Adigine, 10-01-2014 20:47 (ссылка)

Саамалык

Ростовко бир акебиз келиптир. Жон келбей жакшы бир саамалыгы менен келиптир. "Улуу максат"  деп китеп чыгарып окурмандарга тартуулап журот. Акебиз Алайкунун кулуну, акын- Борумамат Кадыров. Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Эл аралык Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын, Интеллектуалдык менчиктин Буткул дуйнолук уюмунун алтын медалынын ээси Тологон Мамеевдин баш созу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, Кыргызстан Ленин комсомолу, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыкта жетишкен ийгиликтери учун" сыйлыктарынын лауреаты Маркабай Ааматовдун арноо ыры  менен жарык коргон китептин ичиндеги ырларды кунуго бирден болсо да ушул баракчага жазып турайын дедим. Анда эмес алгачкы беттен баштайлы

                           Мен кыргызмын.
Мен кыргызмын тоо койнунда торолгон,
Медер тутуп тоолоруна жолонгон.
Ата журтта  шумкар болуп сызамын,
Алга суроп андан алган коронгом.

Кайда барсам, кайсыл тилде суйлосом,
Унутпаймын, чыкпай журом ченемден.
Мен энеден кыргыз болуп туулгамын,
Олсом дагы  кыргыз бойдон олом мен.

Чынары эмес чырпыгымын кыргыздын,
Жыл-жулт эткен учкунумун жылдыздын.
Бабалардын жолун улап тагдырда
Ыр эстелик келип журот тургузгум!

Жарк-журк эткен чагылгандын отумун,
Сезимимде бийиктиги чокунун,
Алыкулдун жолун улап тагдырда,
Ырдан килем келип журот токугум

" Кудайдын берген бейиши"

Катылган сенде сыр терен,
Калдайган жайлоо кыр кенен.
Кадырына жетемби,
Кайрыгым, ушул ыр менен.

Кок жайык, кенен тектирсин,
Кадырын зорун ким билсин.
Кудайым берген бейиши,
Алай-Куум мумкун сендирсин.

Д.Акимжанов.

mirlan toktoshev, 23-03-2012 15:09 (ссылка)

Кара-Кулжа р-н эли спикерден жолдорду ондоону суранып жатышат.



http://www.barakelde.org/ne...

Кара-Кулжа районунун эли спикерден жолдорду оңдоону суранып жатышат
22 март 2012, 17:22

Баракелде - А.Жээнбеков Кара-Кулжа райадминистрациясынын имаратында райондун эли менен жолугушуп жатат. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймактары боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.

Жолугушууда райондун эли спикерден Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу аймагындагы 39 чакырым аралыктагы жолду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, асфальттап берүүнү өтүнүштү.

Адистердин айтымында, аталган унаа жол 1974-1975-жылдары асфальтталган. Алар белгилегендей, бардык эле асфальт жолдор 15-20 жыл убакыттан кийин кайрадан асфальтталууга тийиш.

Ал эми жергиликтүү элдин айтымында, аталган унаа жолу 37 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө элек. Учурда жолдун абалы өтө начар.

Ошондой эле чогулган эл спикерге райондогу Ой-Тал айыл округунун аймагындагы жолдор жыл сайын көчкү, селдин айынан бузулуп, жол оңдоочу кубаттуу техникалардын эскилиги жеткендигин айтышып, андан жол оңдоочу техникаларды жана бульдозерлерди сатып алууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнүштү.

Мындан сырткары эл райондо 5 орто мектептин курулуш иштери 2005-жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен токтоп тургандыгын жана башка көптөгөн көйгөйлөрүн айтып, бул маселелерди чечүүнү тездетүүнү спикерден суранышты.

Кошумчалай кетсек, спикер А.Жээнбеков эртең, 23-мартта Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондорунун эли менен жолугушуп, райондордогу көйгөйлөр менен таанышат.

Булак : Баракелде
Урматтуу жердештер качанкыга чейин бийликтен жалдырап суранып журо беребиз? Коом озгорду биз Кара-Кулжалыктар бийликтен суранбай талап кылалы.Акаев жана Бакиев убагында да ондолгон жок эми убакыт келип жетти!

Edil Adigine, 07-03-2012 10:18 (ссылка)

Майрамыныздар менен!

                  Майрамыныздар менен!
              Урматтуу энелер, апалар, эже-карындаштар!
    Сиздерди  
8-Март Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктайбыз! Ар дайым кайгы-кападан алыс болуп, аялзаттын корку омур жолун жарык кылып турсун. Жазды коштой келген майрамыныздар бул жылга жакшылыкты, ийгиликти ыроолосун. Жараткан сиздерден ден-соолукту, куч-кубатты аябасын. Аялдардын сулуулугу, чыдамкайлыгы бул жашоонун туркугу боло берсин!

Алайкуум



Алайкуум асыл жерим мөңгү каптап,
Жердесиң го бийик тоолуу жылдыз жандап.
Салыштырып башкаларга асылдыгың,
Сезип жатам бир өзүңдөн алыс жашап.

Көк кашка сууң мөлтүрөп абаң таза,
Ыйыктыгың жашыргансып тоо-аскаңа.
Тоо куштары сезим козгоп добуш чалат,
Үн салгандай алыстагы ашыгына.

Жан жаныбар бүт баардыгы тегиз оттоп,
Сезбегендей кайгы-капа алар жоктоп.
Тоо арасы Алайкуум ыйык жерим,
Жердесиң го асман тиреп бийик тоолоп.

Түнөк тапкан аркар-кулжа кийиктериң,
Көк мелжиген таза абалуу бийиктесиң.
Көңүл жыргап эс алууну эңсеттирген,
Бул жашоомдо бейиш төрүм сен белемсиң.

Канчалаган Эл уулдары бир өзүңдөн,
Оорун алды Эл ичинде улуу көчтөн.
Эли үчүн адал эмгек кылып келет,
Жаза баспай талыкпастан жүрүшүнөн.

Акының бар балпайган Сооронбайдай,
Канткенде мен тура алам аны жазбай.
Улуу көчтүн улап жолун келе жатат,
Кожокелди Култегиниң аны жандай.

Врачың бар академик Абытыңдай,
Жаш жазуучу талыкпаган Бекмырзадай.
Таланттарын жашыра албай иштеп келет,
Бул адамдар эли үчүн эч чарчабай.

Унутайын канткенде мен ырчыларды,
Обончу Исирадин,Жеңишбек,Акбаралы.
Мукам үндүү кайталангыс таланттарын,
Алайкуунун кооз таасири жаратканбы.

Баш көрүнүп жаш болсо да саясатта,
Эки Дүйшөн жаштары да бир куракта.
Жаңылыкты таркатып дүйнө элине
Бактыбегиң иштеп келет Азаттыкта.

Эң биринчи минстирлик тактысына,
Мен билгенден Алайкуудан байкашымча.
Маданият минстири болуп иштеп,
Эмгектенди бир кездерде Акун аба.

Жашап келем таасирленип агаларга,
Кеп кезеги келет дагы башкаларга.
Иштегиле элиң үчүн эч талыкпай,
Ийгиликти кенен каалайым жалпыңарга.

Бактылуумун Алайкууда жаралганга,
Мактанамын асыл жерим баарыңарга.
Бул жашоодо таазим этип даңазалап,
Ким мактанбайт туулган ыйык айылына.
25.08.06-ж.

Алайкунун татааал жолу

Edil Adigine, 10-04-2011 16:26 (ссылка)

Алайку жана басма соз

Бул болумда биздин ороон жонундо мезгилдуу басма создо, илимий-популярдык газета, журналдарда  жарык коргон макалаларга  орун берилет.

Алайкуу жана акын

Алайкуу жонундо



Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүнүн, өлкө менен Кытай мамлекетинин чегинде туруп, өлкөнүн гана эмес, облус менен райондук борборлорго да алыстыгы, жолунун, жашоо шартынын катаалдыгы менен аңызга айланган Алай-Куу – быйыл 85 жашка толуп, ала жаздан бери маалымат каражаттары адабиятка кошкон салымын, табылгаларын, жаратмандык чеберчилигин, адамдык сапатын, ашкере тактыгын, чыгармаларынын маани-маңызын, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери экенин урмат-сый менен айтып бүтпөй уланып келаткан Кыргыз Республикасынын Баатыры, акын Сооронбай Жусуевдин туулуп-өскөн жери. Менин жерим. Деги, Алай-Куубуз кандай жер, алгач аны Сокемдин «Алай-Куу» деген ыры аркылуу көз алдыбыздан бир өткөрүп алсак:

Көк асманда ак шумкарың шаңшыган,
Көк токойдо көп булбулуң таңшыган.
Кадырман жер, качан, кайда болбоюн,
Канат күүлөп дайым сага талпынам.

Ар жылгаңдан агып өтүп далай суу,
Ак канатын кагып өтүп далай куу.
Кылымдарга теңтайлашып тура бер,
Кымбат жерим, кыйбас жерим

Алай-Куу
Бул акындын туулган жери тууралуу жалгыз ыры эмес. Арналуу, түздөн-түз Алай-Куу аталышы катышкан чыгармаларын эле тизмелеп чыккан болсок, акындын туулуп-өскөн жери менен канчалык жакын жана канчалык даражада ардактаганынан учкай кабар берет. Бирок, биз жогоруда белгилегендей маанилүү жана шаанилүү маареке жылында акындын тагдырында жана чыгармаларындагы туулган жердин орду жөнүндө ойлорду жалпылап чыгууну эп көрдүк. Жусуевдин чыгармаларын жумгактай караганда бир бүтүнгө бириктирген негиз – тоо менен согуш темасы. Бул эки тема акын дүйнөсүнө камтылган түрдүүлүктү ча-чылтпай, чайпалтпай тепчип өтүп, үзүлбөй уланып, бири бирин толуктап келаткан эки уч, эки түс экен.

Бир ирет сүйлөшүп отуруп: “Сиз бала кезден акын болууну максат койдуңуз беле?” деп сураганыбызда, “Баары эле ошенте беришет. Жок, антип бала кезде акын болоюн деген эмесмин. Мен максат коюп, кесип тандачу маалда согуш башталды. Согушта акын болоюнду эмес, Жеңишти, эсен-аман эл-жерге жетүүнү ойлойсуң” деген эле. Бирок, фронтто жүргөн кезде эле ырлары жарык көргөнүн билебиз. Демек, ал ырлар эли-жерге, энесине, ынактарына болгон чыныгы сагынычтын илеби болгон экен деп ойлоого негиз бар. Эгер согушта жүрүп сагыныч каттарын, ырларын жазбаса, Сокебиз балким башка кесип ээси болмоктур. Бирок, ал кишидеги ушул адамдык салаваттуу турпат, тактык жана эмгекчилдик аны ошондо да көптүн катарынан сууруп чыгып, сап башына тургузмак деп ойлойбуз.

Улуу Ата Мекендик согуш ата-бала дегидей эки муун акындардын өмүр – чыгармачылыгынан ажыралгыс менчик темасы. Алардын улуу мууну сүт ооз балапандай жаш улан же жигит кезден фронтто жүрүп, согуштун азабы менен тозогун өз ийни менен көтөрүп, кан кечип, кайрат, эркин жетилткен муун. Экинчилери, ата жытын сагынып, эне сүтүнө кошо күтүү туюму менен оозангандар. Сооронбай Жусуев мына ушул биринчи муундун өкүлү.

Өнөр адамдарынын кимиси болбосун, жаратмандыктын кайсыл түрү менен шугулданбасын, анын чыгармаларында туулган жерге орун берилбей койбойт. Бирок, Баатыр акыныбыздын чыгармачылыгында туулган жер өзгөчө: бүткүл өнөрүнө өзөк, аны улам жаңы белестерге, бийиктерге шыктандырып, демин демеп турган кудуреттүү күч экен. Анан да акынды туулган жерди туу тутуп ырдоосунда баарыга эле белгилүү болбогон бир сыры барбы деп калдым.

Балалык бактылуу кездин бешиги болгон туулган жер – эне сымал, акын андан такыр алыстагысы келбейт, алыста болсо санаасы аны менен. Бул баарыбызга тааныш сезим:

Кадырман жер, качан, кайда болбоюн,
Канат күүлөп дайым сага талпынам…

Бардыгыбыз балалык өмүрдүн айлампасына кайра киргибиз келет. Акын үчүн анын бир мүмкүндүгү туулган жерде калгансыйт. Муну акын “Менин ырчы жүрөгүм Алай-Кууда” деген ырында “Алай-Куум бар – бул өмүрдө кайгым аз” –деп, карыбастыктын булагы туулган жерде деген ишенимде жашайт. Андыктан туулган жердин кубат-күчүнө ушунча таянган акын: ажал келсе “Асман челген Кара-Туума тоосуна чыгып кетсем, такыр алдан тайганда Кудамбес жайлоосунун абасынан кере жутсам, Кайыңдынын суусунан бир ууртасам, шумкар болуп кайкып учуп кетсем ажал таппай калаар беле?”, – деген “үмүткөр суроо” берип да көрөт. Туулган айылды турактап калбаган менен ал дайым көңүлүндө жүрөт. Ага “Акактай тунук асмандуу” айылына сөөлөт күтүп, сый-сыяпат көрүүдөн мурда булак суусун ичип, сайда сууларга кайырмак серпип, карагат терип эңсеген балалыгы менен кездешүүгө, кайрадан көңүл-дилин аруулоо, жашартуу үчүн келет (“Эч ким тү­шүнбөдү” деген ыр).

Ошентип, акындын чыгармачылыгында туулган жер деген бүтүндүктүн – бир жагы өмүр-жашоосунун башаты балалык болсо, экинчи жагы – улуу жаратылыш, аруу табият.

Алай-Куу акын абабыз тамшандыра сү­рөттөгөн ажайып кооздугу кимди болбосун көрсөм деп көксөткөн менен кези келгенде табияттын акылга сыйгыс, эске баш ийбеген кубулуштары, жашоонун экстремалдуу жагдайлары, катаал шарттары менен таңдандырган, адам эркин сынакка алган тоолуу аймак.

Райондук борборго чейинки капчыгай өр­дөгөн жалгыз жол жылда оңдосо жылда, айда оңдосо айда кайра оңдоону талап кылаары, кар көчкү, жер көчкүдөн, селден бузулуп жабылып кылышы, оор, узак кышы алайкуулуктарга көнүмүш. С. Жусуев туулган жергесинин ушундай опуртал жактарын жашырып жаппайт, “Алай-Куунун жээнине жооп” деген ырда жээндин Алай-Куунун шартында жашоонун оордугун айтып, башка ыңгайлуу жерге көч­пөйсүңөрбү дегенине Мекенин кандай болсо ошондой абалда кастарлап, баалап, сүйөөрү тууралуу бул жоопту берет:

“Жээним, сөздү айталы кекээр эмес,
Аны айтпасак баамың жетээр эмес.
Тегиз, семиз жерлер көп өзүң айткан,
Тегиз, семиз жер –бизге Мекен эмес”.

Акындын чыгармачылыгында туулган жер, Мекен ырлары, түпкүлүгүндө жалпы жаратылышты сүйүүгө жана сактоого арналып, анын орду толгус коромжулукка учурап, короп баратканына кабатырлана кагылган коңгуроосу да. Демек, С. Жусуев – эколог акын. “Кайыңды, Кайың-Талаа” деген ырында акын өзүнө гана таандык ар бир сөздүн маани-маңызын сезе жана туя билген парасаттуулук менен туулуп өскөн жери – Кайың-Талаа аталганы, Кайыңды же болбосо Кайындуу деген ат бекеринен берилбегенине негиздеп, жаратылыш бөксөрүүсүн сезип, бир кезде бул жерде кайың өскөнүн божомолдойт. Качандыр кайра кайыңдуу токойго айланып, арасында булбул таңшып турса деген каалоосун билдирет.

Акын туулган жерди даңазалап, табиятка боор толгогондон сырткары да көркү сонун, түйшүгү түмөн, жер шартында калыптанган адамдардын, элдин кулк-мүнөз өзгөчөлүгүн айтуу менен тоолук болуу – өзүнчө бир сапат-белги катары карайт. Бул – адамзат тарыхындагы байыртадан бери келе жаткан салттуу ойлом. Адамзат чыгармачылыгынын башатын түзгөн мифтерде да тоо – адам өзүнүн жана түпкү тек ата-бабанын маңызын, рух айкелин жайгаштыруучу, физикалык реалдуулуктан жогорку, даражалуу сакралдуу орун катары – балалыктын жана баатырдыктын бешиги эсептелет. Жусуевдин чыгармаларында ошондой тоо – Кара-Туума. Тоолуу жергеси Кудайдын назарындагы ыйык орун. Андыктан “Алай-Куу – айдыңында кут конгон жер, Алланын назарына туш болгон жер” дейт ал. Тоолуу Алай-Куу менен Ала-Тоо – Мекен түшүнүктөрүнүн катышын, бири аркылуу экинчисин такталып, баркталып келгенин, Мекен менен сыймыктануу, Мекендин демин сезүү ушул экөө аркылуу жаралганын, ушундай Мекендин акыны болгон үчүн ыраазылыгын ырга салат.

“Тоолуктар” деген ырында алардын адамдыкты бийик сактаган, бышык, март, меймандос, сөзгө кылдат, ачыктыгына, намыскөйлүгүнө басым коёт. Башка бир (“Алай-Куулук шоферлор”) ырында тоолуктардын кыргыз турмушунун көөнөдөн калган салтты сактап, улантуучулар гана эмес заманга ылайык техниканы башкарууну ыкчам өздөштүргөн, тоолук өткүр мүнөз менен “ ак булут, кийиктерди төмөнгө калтырып, рулду кылдат кармап, кыл чокуга чыгышып, ат мингенсип, аскалардан машиначан өтүшкөн” заманбап адамдар экенин айтат. Тоолуу Алай-Куунун атрибуттары эсептелген кымызы, шырдактары да акынга шык берет. Алай-Куунун кымызы – жөн гана азык эмес, табияттын таасирин сездирип, көңүл тазартып, жандилди жаңыртып, жашартып, азыктандырат, жашоо кумарын арттырчу касиетке ээ экенин айтат. “Алай-Куунун шырдактарын” көрүп “ийне менен ыр жазган” уздардын ырларынын ыргактарын угат.

Ошентип, С.Жусуев бүткүл чыгармачылыгында туулган жери – Алай-Кууну, ал аркылуу тоону, тоолуктарды ырдап келген тоочул акын бойдон калат. Ал ырбы, дастан же поэмабы, же ыр менен роман жазабы тоону, тоолуктарды, алардын нарк-санатын, меймандостугун, мүнөзүн зергердин асыл затындай каражат катары карманып, уруна билет.

Чынында акын “өрт кечип, суу кечип, өзүн өргө сүрөп, дыйкандай адал ак эмгектенбесе” чыгармалар өзүнөн өзү жарала коймок эмес. Кырчын кезде Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Мекенди коргоп ардагер болуу мезгил, шарттын чакырыгы болсо да, элдин купулуна толуп, казынасын байыткан, СССР деп аталган чоң аймакка тарап, көркөмдүгү таанылган чыгармаларды жаратуу, не деген эмгекти талап кылбады да, өз өнөрканасына не деген тажрыйбаны топтободу. Чеберчилигинин байманасы ташып, жашы өйдөлөгөн азыркы учурда чыгармачылыкта улам өрлөп иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүү. Мына булар тууралуу көп жазылып, көп айтылды. Анан да чыгармачыл инсандардан сейрек кездешүүчү Жусуевдик адамгерчилик менен тактык аңыз кепке айланды.

Жалпылай келгенде С.Жусуевдин чыгармаларында туулган жер менен эне экөөнү теңдешип, бири-бирин толуктап турган маани бар. Энесинин тоо жеринде таңсык эсептелген алманы шаардагы уулуна берип жибергени тууралуу ыры, бир эсе эненин мээримин, уулуна болгон сүйүүсүн билдирсе, экинчи жагынан эне киндик кан тамган эң кымбат жеринен да табылгысты уулуна сактап берип турган кут экенди түшүндүрөт. “Баары бар, бирок…” деген ырында азыр Алай-Кууда издегенинин баары бар экенин ,

“Баарын көрүп, баарын таанып айлымдын,
Балкып турат сезимиме ченем жок.
Азыр, бирок, көрсөм көңүл жылуучу,
Таяк кармап мени тосуп чыгуучу
Жалгыз гана бүкчүңдөгөн энем жок….” дейт.

Демек, эненин жоктугу менен көңүлдө туткан бейпил балалыгы, мекен, бүткүл дүйнө кемиди. Ал буга чейин дүйнөнүн кемдигин туйган жок беле? Анан капыстан бир суроо пайда болот. Акындын дүйнөсүндө атанын орду канчалык чагылдырылган?

Ушул жерде акындын туулган жер, тоо тууралуу көп жазышынын бир купуя сыры тууралуу өз жоромолумдун учун тапсамбы деп турам. Акындын ырында мечит жанында төрт терек түбүндө жарык дүйнөгө келгени тууралуу айтылат.

“Катарлаш өскөн көк тиреп,
Тагдырлаш, теңтуш төрт терек…
Болушуп мага туушкан,
Мээримин төгүп турушкан…
Кыялга шыкты көп берет,
Кымбат да, зарыл сөз берет.
Кыйбасым Кызыл-Жардагы
Кыркалай өскөн төрт терек.”

Дагы бир ырында:

“Алай-Куунун төрүндө төрөлгөмүн,
Ай күнүнүн нуруна бөлөнгөмүн.
Тар дайрасын бойлогон тар жол менен
Таалай издеп үмүттүү жөнөлгөнмүн”.

Эмне үчүн теректер тагдырлаш, туушкан, ал эмне болгон мечит? Таалай издеп жөнөгөнүндө эмне болгон тар жол менен чыккан, же кыргыз жеринде жолдор бүт эле бирдей эмеспи? Бул жөн салды эле каражаттарбы, же акын атайын бир маанини сыйдырды бекен? Балким, башкаларга мындай суроо коюу, ага жооп издөө кажетсиздей туюлар. Бирок, ырда сөз Жусу казынын мечити, анын жанында төрт терек тууралуу болуп жатканын, билгендер үчүн жөн жерден акын төрт теректи “тагдырлаш, туушкан” эсептебегенин, тар жолду ырга салбаганын сезет. Коммунисттик идеология күүсү күчүндө кезде “Сооронбай казынын баласы болгон” деген маалымат ал учурда баардык өмүр-баяндарда жазылгандай “кедей-дыйкандын” үй-бүлөсүндө туулбаган үчүн акын С.Жусуевге кыйла эле көлөкө түшүрмөк. Же, Жусуев “менин казы атам” элди агартып, сабатсыздыктан арылтуу үчүн мечит салдырып, жанына терек тиктирген деп ыр жазып сыймыктанып көрсүнчү! Советтик идеологдор акындын өзү эле эмес, жакындарына да атасы казы – эски замандын төбөлдөрүнөн дегенден башка да, динчил, динди таратуучу деп да өгөйсүнтүүгө бир илинчек тапмак. Бирок, акын идеологияга ынанып, ыктап атасын урматтабай, сыйлабай, сүйбөй, сыймыктанбай коюптурбу? Мына, Тар дайрасын бойлогон – тар жол! Кыраакы акын социалдык шартка ылайык ар тараптан салмактап туруп, ата атын ушул төрт терек аркылуу атап, атасына деген ичтеги урматтоону ушул мечит артында төрт терекке сыйдырып, өз дилиндегини чеберчилик менен ачыкка чыгара билген.

Биздин баамыбызда тоолорго акын бардык эр мүнөздүн: “сөөлөт күтүп, томкорулбас” (“Алай-Куу жолунда”), “башың нурга малынып жаркып турат… ак калпагың түшүрбөй кийип тургун” (“Кара-Туума”) сапаттарын ыйгарат. Ушундан улам Алай-Куу, туулган жер, Ата-Журт, тоолор тууралуу ырлары биринчи кезекте акын абанын атасына болгон аруу, купуя сезимдерин:

“Алай-Куу – аруу жерим мемиреген,
Алыста болсом мейли, диттен чыкпай
Ар качан бирге жашайм сени менен” деп сыйдырганбы деген ой кетет. Андыктан Алай-Куунун тоолору менен сууларын:

“Жалаң асыл таштардан куралышкан.
Алай-Куунун тоолору нечен катал
Алааматка кебелбей туралышкан.
. . . . . . . . . . . . . . . . . . .. . . . . . . . . .
Алай-Куунун суулары муңдуу, шайыр
Жаралгансып кайгыдан, кубанычтан”, – деп кабылдап, тоолор кандай шартта болсо да кебелбеген ата образы менен, муңдуу , шайыр суулар өзү жашаган мезгил менен билинбей ассоциациялашат. Акындын туулган жер тууралуу ырлары түпкүрүндө ата-энесине болгон акындын сезимдери менен жуурулушкандыктан бүтүндөй жаратылышты, анын кубулуштарын адамдаштыруу, адамга гана таандык акыл-эсти, эмоцияны ыйгарып кабылдоо анын чыгармаларына мүнөздүү көрүнүш. Туулган жерин сырт көрүнүшүнө караганда ички дил байлыгы менен маңыздуу адам сымал кабыл алат (“Алай-Куунун сырты жана ичи”). Алсак, “Алай-Куу – бейпил дүйнө” деген ырда “Түндөсү көктөгү ойчул айын көрүп” деп адатта кыргыз поэзиясында сулуулуктун белгиси катар карап келген Ай, бул жолу акыл-эс ыйгарылып ойчул болуп каралат. Дагы бир ырында Ай – адам сымалданып, б.а. жаңы келген келин сындуу айбыгып, жаркын нурун Кулдамбекке себет. “Эсимде” деген ырда “От гана жалгыз шаңданат”.

Совет мезгилден кийин системанын өзгөрүшүнө жараша көптөр ата-бабаларын, уруулаштарын өткөн замандын агартуучулары, лидерлери деп көтөрүп чыгып, көчө аттарын, мектеп аттарын менчиктеп кетишти. Бул учурда Сооронбай Жусуев: “Мен казынын уулу болгомун. Атам тигиндей эле, мындай эле”, – деп чыга калган жок. (Ушундай бир эле ишаарат жасаса, бул күндө Сокени өзү жазган Кара-Туума тоодой көрүп, кадырлаган Кара-Кулжанын эли жапырт колдоп жиберишмек. Баатыр акын анткен жок.) Андан көрө тынымсыз ак эмгеги менен атасынын атын атпай журтка таанытты, унутулгус ысымга айлантты. Бул анын ыйман-адебинен, өз ынанымын, заманын сыйлаганын, тез эле тескери айланып чыга келбеген, Совет мезгилинин жакшы жактарын танбаган позициясынын туруктуулугунан кабар берет.

Дагы бир баамдаганыбыз, “Кайыңды” деген ырда суунун артка акпастыгы менен балалыкка кайрылууга мүмкүн эместигин түшүнүп, Кайыңды суудан “көшүбөй, тымыбай тынчыбай” дайыма кыймылдуу жашоону үйрөнүп, “турмуш дайрасында дил көксөгөн жеңишке” жеткенин айтат. Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуевдеги айтып да, жазып да бүтпөй келаткан сапаттар ага жаратылыш менен адамдын биримдигинен, Алай-Куунун тоолору менен сууларынан өтүшкөн го дегибиз келет.

Калбүбү Сариева, акын, философия илимдеринин кандидаты,
“Кыргыз туусу”, 23.11.2010-ж.



маалымат булагы http://kmb3.kloop.kg

Edil Adigine, 07-04-2011 21:21 (ссылка)

Айылымдын арманы.

...Коп эле болсо керек э? Кандай болсо, айыл турмушу жакшырат? Тап-такыр чечилбей койгон, чечпей журушкон маселелер барбы, жаза бергиле.

Edil Adigine, 07-04-2011 21:15 (ссылка)

Жоокер.

Улуу Ата-Мекендик согушка кайсыл айылдан, канча жоокер барган, ким билет? Алардын канчасы аман-эсен кайтып келген? Ооган согушуна кимдер барган, кандай сыйлыктарга ээ болушкан? Баткенде сакалчандардын сазайын бергендер барбы? Мумкун болсо ар бир айылдын "тарыхчылары" ушул темада жазып берсениздер.

Edil Adigine, 07-04-2011 21:12 (ссылка)

Илимпоз.

Алайкунун орто мектептерин бутуруп, илимдин чон жолуна тушкон агайларга эжелерге арналат. Озунуздордун илиминиздердин темасын, багытын баяндап берсениздер болот.

Edil Adigine, 07-04-2011 21:09 (ссылка)

Азил-тамаша.

Достор, ар бир айылда жок дегенде бирден мамадааны, суйлоок,  азил-тамаша айтып ыр кошкон куудулдар, тамашакойлор бар. Бул темада ошол айылыныздардан чыккан куудулдардын жоруктарынан жаза берсениздер болот.

Edil Adigine, 05-04-2011 19:34 (ссылка)

Дуйно элдерин кыдырып.

Бул темабызда  алыскы жана жакынкы чет олколордо окуп, иштеп жатышкан же ал жакта болуп келген биздин улан-кыздардын баяндарына арналат. Урматтуу чет олколук Алайку жаштары коргон- билген кызыктуу окуяларды фактыларды, ал жактын турмушу. Элдин маданияты, менталитети тууралу билгениниздерди, коргонунуздорду биз менен болушо бериниздер.

Edil Adigine, 05-04-2011 19:23 (ссылка)

Биле жур...

Бул теманы биздин ороондун анызга айланган улуу инсандарына арнайбыз. Ошолордун бири катары мен Айти чечендин бир баянын келтирейин. Эл ичинде бул адам тууралуу ар кандай кептер айтылат.  Бул макала "Кыргыз Туусу" гезитинин 08.07.08 санына чыккан.



Атактуу Айти чечен

Эл арасында ушул күнгө чейин болжол менен 1836-37-жылдарда
Алайкуунун Сөөк аймагындагы Арабулак айылында жарыкка келген. Сакы уулу
Айтинин алдыда болчу нерсени алдын ала сезе билген олуя, жыл болжолун
аныктаган чы-гаан жайчылыгын баяндаган аңыз кептер айтылып келет.


Анын жайчылыгын, чукугандай сөз тапкан чечендигин далилдеген
материалдар Кыргыз улуттук илимдер Акедемиясынын Тил жана адабият
институтунун кол жазмалар фондусунда (Инв. 3023,15-16 беттер, Инв
5166, 111-112-беттер ) сакталып турат. Биздин редакция атактуу Айти
чечендин тобуна жети атадан барып кошулган каракулжалык жетимиш үч
жаштагы Алтынбай Онкеновдун оозунан жазылып алынган баянды өз
окурмандарына сунуш кылууну ылайык тапты.




Айти чечен жарыкка жаңы келгенде атасы Сакы "бала чоңойгондо
канаттуунун тилин түшүнсүн" деген ырым менен аны ымыркай кезде
сайсагызгандын эти менен оозанткан экен. Айти 7 жашка чыкканда атасынын
инисине кокустан эле "атам жакында өлөт экен" дейт. Ачуусу келген
агасы:

- Оозуңа таш!- деп баланы катуу кагат. Бирок, атасы бир жумага
жетип-жетпей дүйнөдөн кайтат. Ошентип, Айти агасынын колунда калат.



Айти он бирге чыккан. Бир күнү атасынын иниси базарга жөнөмөкчү болуп
калат. Анда алайкуулуктар Каракочкордон төмөн жакты Анжиан тарап деп
койчу экен. Айти агасынан "мени да базарга ала барыңыз" деп суранып
калат. 19- кылымда Өзгөндө чоң базар бар болчу дешет. Алайкуудан мал
айдагандар аерге төрт-беш күндө жетчү. Базарчылар үйдөн бир топ узап
кеткенде Айти атасынын инисине кайрылып:

- Сиз айдаган малыңыз абдан кымбат сатылат. Анан базардан бир казан алат экенсиз, - дейт.

- Ооба, жеңең "бир казан ала кел" деп суранып калды.

- Сиз сатып алган казан ушул жерге келгенде минген атыңыз тайгаланып казан сынып калат. Андан кийин жеңем дүйнөдөн өтөт.

- Кой, антпе!- деп урушуп коет, жол ортологондо "Ээ, бала да, оюна
эмне келсе айта берет да, мен да анын сөзүнө капа болуп" деп инисинин
сөзүнө анчейин көңүл бурбай, базарга барганда аны эсинен чыгарып
салат. Малы жакшы баа менен өтөт, базардан казан алат. Аны канжыгага
байлап, кайра жайлоого жөнөшөт. Ушунча узун жол басып татаал жолдордо,
кууш капчыгайларда тайгаланбаган ат үйгө жакын калганда мүдүрүлүп
кетип, артынган казан тең ортосунан сынып калат. Айти айткандай көп
узабай эле бир жумадан кийин аялы көз жумат. Агасы ошондо Айтинин тегин
бала эместигине түшүнүп, инисин аздектеп багып жүрөт.



Алайкуу Кытайдын Кызыл-Суусу менен чектеш эмеспи. Элдин бир топ малы
чегарадан өтүп ошол тарапка ашып кетет. Алайкуунун менмин деген
үчөө-төртөөсү чегарадан өтүп барса, аердегилер сураган малды бербей
куру кол кайтышат. Ошондо он сегизге жаңы чыккан Айти элге кайрылып:

- Аксакалдар, малды мен кайтарып келем,-дейт.

Айылдын аттуу- баштуулары:

- Айти, сен деген бетиңден түгүң түшө элек баласың. Кызылсуулуктар
малды сен тургай, аксакал, көксакалдарга да бербей коюшуптур, -дешет.

- Аксакалдар, мен эч кимге кайрылбай, түз эле алардын паашасы Осмонаалыга барам. Өзүмдүн мингеним алыс жолго жарабайт.

Мага Карабала саяпкердин чабдар атын камдатып, Балбак абамдын тебетейин бергиле.

Аксакалдар Айтинин кесе айткан сөзүнө ойлонуп калышат. Анткени,
Балбак баатыр абдан алибеттүү, дөө чалыш зор денелүү адам эле. Анын
кийген тебетейине эле эки ириктин териси араң жетчү. Кээси ишенсе, кээси
ишенбейт. Бир тобу "бул бала тегин эмес эле, мунун бир билгени
бар,барса барып келсин" дешип уруксат беришет. Айтиге чабдарды
токуттуруп, Балбак

баатырдын кийген тебетейин алдырышат. Айти Кытайдын чегине өтүп,
бүтүндөй Кашкарды бийлеген Осмонаалы паашанын ордосуна барып түшөт.

- Кашкардын Кызылсуусуна Алайкуудан баланча үйүр жылкы, ири мүйүздүү
мал, кой өттү. (Малдын санын атайын көбөйтүп айтат). Бирок, сиздин
адамдарыңыз бербей жатыптыр. Биздин Балбак деген баатырыбыз "Осмонаалы
паашанын адамдары малды берсе жакшылыкча берсин, антпейт экен, капа
болбосун, катуу келип, айылын чаап аламын" деп сизге жөнөттү. Мен ошону
айтканы келдим.

- Кеп-сөзгө келбей, дароо эле чаап алам деген Балбагың кандай неме? Аныңдын атын укпасам, өзүн көрбөсөм?!

Осмонаалы паашанын мыскылдаганын сезген Айти:

- Балбак баатырды көргүңүздөр келсе, өзү келгенде байкаарсыз. Башкасын
коюп, сизге анын кийген тебетейин көрсөтөйүн, - деп ала барган
тебетейди көрсөтөт дейт. Пааша мыскылдуу суроосун кайра узатат:

- Сен бала, калпты ченеп айткының, ушундай да чоң адам болчу беле?!

Жанатан бери баарын байкап турган Айти:

- Ишенбей турат окшойсуз, анда тебетейди жыттап көрүңүз,- дегенде
Осмонаалы пааша тебетейди мурдуна жакындатса чын эле тер жыттанып
турат.

"Чычкандай баланын ордомо түз кирип, эрдемсип сүйлөгөнү бекеринен эмес
тура. Баатырынын кийген тебетейи ушул болсо, кармаган союлу канча болду
экен?! Чын эле алп неме окшойт" Айти тигинин өңү өзгөрүлө түшкөнүн
байкап, аны чоочутмакка колуна кайра алган чоң чарадай болгон тебетейди
ары-бери тегеретип:

-Урматтуу пааша, Балбак баатырга не деп барайын?- дейт сынамакка.

- Кой, балам, атайын алыстан келген экенсиң, сураганыңды бердирейин, - дейт да, жасоолдорунун бирин чакыртып:

-Сен бул бала менен Кызылсууга барып, аердин бийлерине айтып кой, алайкуулуктарга малын кайтарып берсин,-деп дайындайт.

Кызылсуулуктар малдын баарын бербей, азыраак гана чогултат. Аны көргөн Айти:

- Мен бул аз малды албайм, берсеңер толук бергиле, бербесеңер Балбак баатырдын өзүнө айтып келем!- деп ат соорусун салат.

Айылга келгенде аксакалдар Айтиден:

- Кызылсуулуктар малды бербей коюштубу? - деп сурашат.

- Берди, бирок толук бербегендиктен албай койдум. Эми Балбак абам өзү барат.

Айтинин бул сөзүнө Балбак баатыр чоочуп кетет.

- Мен кантип барам?

- Жүрүңүз аба, мен жолдун уусун өздөштүрүп, алардын жүрөгүнүн суусун кантип алышты билип калдым, -дейт.

Балбак баатыр ат көтөргүс өтө зор адам болгондуктан чоң сары топозго
минип жарым ай жол жүрүп барган экен. Экөө Осмонаалы паашанын сарайына
жакындаганда анын кызматкерлери мурда келген жаш бала бирөөнү ээрчитип
келе жатканын айтышат.

"Өткөндө айткан баатыры келген окшойт, анысы кандай неме болду экен" деп
турнабай салып караса, Айти килейген топоз минген опол тоодой болгон
эбегейсиз чоң адамды ээрчитип келе жатыптыр. Осмонаалы паашанын жүрөгү
негедир "шуу" дей түшөт. Ошентсе да сыр билдирбеш үчүн хан каадасы менен
өзүнүн тактысында олтуруп, аларды күтүп турат. Алайкуудан келгендер
ордого киргенде Осмонаалы пааша олтурган тагынан кандай туруп
кеткенин сезбей, Балбак баатырдын алдына чуркап барып, шашканынан:

- Келиңиз, баатыр, келиңиз, такка отуруңуз,- деп жиберет. Чоң адамдын баамы анча-мынчага жете бербей, ак көңүл болот эмеспи.

- Ээ, тууганым, тагың өзүңө эле буйрусун!- дейт кайран киши. Ошондо
Айти чечен өзү чакан, жапалдаш бойлуу болсо да такка секирип чыгып
пааша белгилерин эки колуна кармап отуруп алат. Шарты боюча Айти хандык
өкүмдү жүргүзүүгө укуктуу болуп калат. Айти Осмонаалыга Алайкуудан
алып өткөн малдын баарын ашыгы менен чогулттурууга буйрук берет. Өкүм
эки болчу беле, Кызылсуудан айтылган эсептеги малдын чогултулгандыгы
тууралуу кабар келет. Балбак баатыр Айтиге айтып келет да тактан
түшүүнү суранат. Осмонаалы пааша өзүнүн кол алдындагыларга
алайкуулуктардын малын чек арага чейин жеткирип берүүгө, жылкы тургай,
чычкак улактын да мурдун канаттырбай, белден ашырып коюуга буйрук
берет. Ошентип, алайкуулуктар Айтинин акылы менен чегаранын ары жагына
өтүп кеткен үйүр-үйүр жылкыларын, жүздөгөн уй, топоздорун, миңдеген
койлорун кайра алган экен.



Айтинин олуялыгынын далили катары дагы бир уламыш. Алайкуунун белгилүү
бийлеринин бири Кашкар тарапка баратып, Айтини өзүнө кошуп алат. Жол
ортолоп, жолоочулар белге чыгып калганда шилбиде конуп олтурган
сагызгандар үн алышып сайрап калат.

Алдыда бараткан бий эрмектейин деген кыязда Айтиге тийишет:

- Ой, кара чунак, сени сагызгандын тилин билет дешет. Жанагы эки сагызгандын эмне дегенин айтчы.

Айтинин жообу кыска болду.

- Сагызгандын адаты эмеспи, караан көрүнсө эле шакылыктай берет, бий.

Бир топ жерге барганда бий баягы суроосун кайталады.

- Кара чунак, сагызган эмне дегенин айтчы.

Бийдин экинчи суроосу да

жоопсуз калат.

Үчүнчү жолу катуураак сурайт:

- Кулагына кум тыгылып калганбы, кара чунак, бир суроону үч кайталатып.

Алар менен бараткан бийдин баласы атасы үчүн намыстанып, Айтини кекээрледи:

- Бийдин айтканы эзели эки болбой тургандыгын билбейт окшойсуң, жообуңду абдан маалкатасың го, сен!

Ошондо Айти:

- Белде жолуккан сагызгандар "бул адамдар барчу жерине жетпей жолдо
Каракече деген жердеги суунун боюндагы бир байдын үйүнө конот. Үй ээси
буларга эки кулагы чунак кара кой соет, алдыда бараткан бий ошол
койдун этине какап, каза болот.

Бараткандар жолдон кайтып кайра биздин жаныбыздан өтөт" деп
айтышты,-дейт. Бийден мурда баласы бул сөзгө чычалап Айтиге опурулду.

- Ай, сен оозуңа карап сүйлө!

- Жакшы эле айтпайын дедим эле, эми өзүңөрдөн көргүлө ата-бала. Менин
бирөөдө аласам да, бересем да жок. Билип койгун, мен эч кимден эч
качан корккон жан эмесмин. Мен дайыма болгонду болгондой айтам.



Бирге бараткандар экөөнүн ортосуна түшүп, тыйып коюшту.

Каракечеге барганда күн кечтеп, жолоочулар суунун боюндагы бир байдын
үйүнө конушат. Союшка бата тилеген жигиттер койду боз үйдөн баш
бактырса анын эки кулагы тең мулук экен. Тамактангандан кийин баарына
төшөнчү-орун салынат. Эртең менен жаткан коноктордун баары (бийден
башкасы) төшөктөн турушат. Узак жолдо чарчап калган жолооочулар бийдин
этке какап, оо дүйнөгө узап кеткенини билбей калышкан экен. Кашкарга
бараткандар жолдон кайтып, бийдин сөөгүн жүктөп айылга кайра келе
жатканда баягы шилбиде конуп олтурган эки сагызган дагы сайрайт.
Алардын не деп сайраганын, не деп айтканын эч ким Айтиден суроого
даабай, ошол белден үн-сөзү жок өтүшкөн экен.



Малахан такка олтура элек ханзаада убагында үч көлдү ашып, Ойталдын
тушунан түшөт. Асран, Эгемберди, Ибраим, Чубак, Бердике сыяктуу
Алайкуунун бийлери чогулуп, аны коноктоп калышат. Келгендердин бири
аларга "Ханзаада сиздерден чымчык болсо кармап берүүсүн суранып
калыптыр. Ал сиздерге хан салыгынын көлөмүн азайтканга жардам берет
экен" деп айтышат. Ошол жерде олтурган бий, болуштардын баары, баштарын
өйдө көтөрө албай, жер чукулап туруп калышат. Анын үстүнө шумкардын
уясы өтө бийик жерде болгондуктан, адамдарды уяга жөнөтүш абдан
опурталдуу эле. Эки-үч кабат кыл арканды кабаттай эшип, зоока
бетиндеги кылычтын мизиндей болгон курч таштарга туш келип, аркан
кыйылып кетүү, уркуйган борчуктун ашташына аркандын кыпчылып калуу
коркунучу бар. Ушундай кокустуктан далай адамдар зоокадан күм-жам
болгон. Эгер кокустан зоокадан түшүп кетсе, бирөө-жарымдын убалына
калыш турган нерсе болчу.

Ханзааданын көңүлүнөн өтө албай, ошол жерде эч ким сүйлөй албай турганда Айти ордунан туруп, минтип айтат:

- Алайкуунун жакшылары, ушунчаңар биригип туруп, туура сөздү айтканга
жарабай турасыңар. Андан көрө ханзаадага болгон сөздү болгондой
айтканыбыз дурус го. Биздин чымчыктар уяларын жапыз жерге же бак
даракка салса мейли эле. Алайкуунун куштары өз уясын бийик, адам
алганга кыйын болгон аска-зоонун капталына салат. Ушул жерде чогулган
бий-болуштары "аны кармап беребиз деп адамдарыбызды набыт кылып,
бирөөлөрдүн канына забын болбойлу" деп айта албай турушат. Баш кесмек
бар, тил кесмек жок, ханзаада. Алайкуулуктардын айта турганы ушул.

Ошентип, Айти чечен бул жолу да Алайкуунун жакшыларын хандын казабынан куткарып кеткен экен.

Малахан Алайкуудан келе жатып Ойталга токтоп, ошол жерден куштун
балапанын карматып кетет. Күз мезгилинде хан салыгын топтогону
келгендер ойталдыктардан салыкты азайтпай-нетпей эле

баягы белгиленген өлчөмдө топтоп кетишет.



Айти чечен болжол менен 1898-жылы 61 мүчөлүндө ааламдан өткөндүгү
айтылат. Айти чечендин Молдобай, Төлөнбай, Салибай деген үч уулу
болгон. Молдобайдан Апызак, Төлөнбайдан Арымбек деген уул, Салибайдан
эки кыз бар экен. Төлөнбай революцияга чейин болуш болуп, кийин Совет
бийлиги мезгилинде өмүрү өткөнчө айылдык Кеңештин төрагасы болуп турган.
Азыркы учурда ушул экөөнөн жана Салибайдын кызынан тараган урпактар
Алайкууда, Бишкекте жашашат.

Маектешкен

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,

"Кыргыз Туусу"


Edil Adigine, 04-04-2011 22:49 (ссылка)

Урматтуу жердештер!

Урматтуу жердештер! Карап отурсам, Алайку жергесинин жердештер бирикмеси жок экен. Ошондуктан ачып койдум. Бирикменин эрежесин карап корсонуздор, баары жазылган. Ошондон карап билгениниздерди болушо бериниздер.

В этой группе, возможно, есть записи, доступные только её участникам.
Чтобы их читать, Вам нужно вступить в группу